HX7420/02 - Электр тиш щеткасы PHILIPS - Notice d'utilisation et mode d'emploi gratuit

Retrouvez gratuitement la notice de l'appareil HX7420/02 PHILIPS au format PDF.

Page 642
Assistant notice
Powered by ChatGPT
En attente de votre message
Informations produit

Marque : PHILIPS

Modèle : HX7420/02

Catégorie : Электр тиш щеткасы

Téléchargez la notice de votre Электр тиш щеткасы au format PDF gratuitement ! Retrouvez votre notice HX7420/02 - PHILIPS et reprennez votre appareil électronique en main. Sur cette page sont publiés tous les documents nécessaires à l'utilisation de votre appareil HX7420/02 de la marque PHILIPS.

MODE D'EMPLOI HX7420/02 PHILIPS

Киришүү Philips Sonicare түзмөктөрүнүн топтомуна кош келиңиз! Бул тиш щетка өңөрдү чыгарууда, тиштер агыраак болушуна жана тиш этинин сактыгын жакшыртууга жардам берет. Sonicare компаниясынын жумшак үн технологиясы менен клиникалык жактан иштелип чыккан жана далилденген өзгөчөлүктөрүнүн айкалышын колдонуу менен сиз ар дайым мыкты тазалап жатканыңызга ишенсеңиз болот. Кошумча колдоо жана өнүмдү каттоо төмөнкү даректе жеткиликтүү: www.philips.com/support

Маанилүү коопсуздук маалыматы Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонуңуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

Philips шайманынын түпнуска аксессуарларын же керек-жарактарын гана колдонуңуз. Эгер кошо келсе, түпнуска USB кабели менен USB кубат камсыздоо блогун гана колдонуңуз. Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлүктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз. USB кабели бузулган болсо, аны колдонбоңуз. Кубаттагычтарды жана жолдо алып жүрүүчү кубаттагыч кутусун суудан алыс кармаңыз. Адаптерлерди, кубаттагычтарды жана жолдо алып жүрүүчү кубаттагыч кутуларын тазалагандан кийин туташтыруу үчүн толук кургаганын текшериңиз. Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсө колдоно алышат. Балдар шайманды чоңдордун көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек. Балдар өнүм менен ойнобогонун камсыз кылуу үчүн балдарды карап туруу керек. Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз. Адаптерлерди жана кубаттагычтарды ачык абада же жылытылган беттердин жанында колдонбоңуз.

Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн арналган. Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну токтотуңуз. Щётканын башы 3 ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда алмаштырып туруңуз. Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн. Колдонуунун максималдуу бийиктиги 4500 метр.

Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо, ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге кайрылыңыз. 2 ай мурун оозуңузга же тиш этиңизге операция жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун тиш догдурга кайрылыңыз. Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын өндүрүүчүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз. Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо, аны колдонуудан мурун дарыгериңиз менен кеңешиңиз. Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк жана аны стоматологиялык клиникаларда же мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга болбойт.

Бул шайманда атайын билими бар адамдар чыгара ала турган батареялар колдонулат. Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонуңуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түрүнө карап, айырмаланышы мүмкүн. Philips шайманынын түпнуска аксессуарларын жана керек-жарактарын гана колдонуңуз. Шайманды жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаңыз. Эгерде шайман адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз. Шайманды жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбоңуз.

Шайманды же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга аракет кылбаңыз, батарейканы ысып кетүүдөн же уулуу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаңыз, ашыкча заряддабаңыз же ордулар менен алмаштырбаңыз. Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра иштетүү бөлүмүн караңыз. Philips HX6110, HYTCxx же коопсуздук жактан бекитилген адаптер менен гана кубаттаңыз: 4.75-5.25VDC, 1.5W. Өнүмдү 0 °C жана 40 °C ортосундагы температурада гана колдонуп жана сактаңыз. Батарейкалардын ачып салынгандан кийин кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробоңуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз. Бул аппаратта литий-иондук батарея бар. КАЙРА ИШТЕТИЛИШИ ЖЕ ТУУРА АРЫЛЫШЫ КЕРЕК.

Сактоо жана таранспорттоо шарттары Температура -20°C баштап +60°C чейин (-4 °F баштап 140 °F чейин).

Электрмагниттик талаалар (ЭМТ) Philips компаниясынын бул шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга жооп берет.

Радио жабдууларынын директивасы Ушуну менен Philips радио жабдык түрү (Bluetooth, NFC) менен камсыздалган электр тиш щеткалары 2014/53/EU Директивасынын негизги талаптарына ылайык келерин жарыялайт. - Тиешелүү өнүмдөрдөгү Bluetooth радио жыштыгынын интерфейси 2,4 GHz-те иштейт. - Bluetooth шайманынын максималдык чыгуу кубаты 3 dBm. - Тиешелүү өнүмдөрдөгү NFC радио жыштыгынын интерфейси 13,56 MHz-те иштейт. - Шаймандын чыгарган РЖ максималдык чыгуу кубаты 30,16 dBm. ЕБнын шайкештик декларациясынын толук тексти төмөндөгү интернет дарегинен көрсө аласыз: www.philips.com/support

Эскертме: Ар башка үлгүлөрдүн функциялары айырмаланышы мүмкүн. Айрым үлгүлөр Bluetooth же NFC менен жабдылбашы мүмкүн.

БУЛ КӨРСӨТМӨЛӨРДҮ САКТАП КОЮҢУЗ Өнүмдө төмөнкү символдор болушу мүмкүн:

Бул символ шайманды колдонуудан мурун пайдалануу боюнча нускамаларды окуп чыгуу керектигин билдирет.

Бул символ көрсөтүлгөн кубат булагын колдонуу керектигин билдирет.

Колдонуу багыты Sonicare электр тиш щеткалары тиштеги өңөрдөн жана тамак калдыктарынан арылууга жана тишке зыян келтирилишин азайтып, ооздун саламатын жакшыртып жана ошол деңгээлде кармоого арналган.

Philips Sonicare шайманыңыз (1-сүрөт) 1 2 3 4 5 6 7 8

Кармагыч Күйгүзүү/өчүрүү баскычы Интенсивдүүлүк индикатору Режим/интенсивдүүлүк баскычы Режим көрсөткүчү Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү Батарея көрсөткүчү Жарык шакекчеси Аксессуарлар:

646 Кыргызча 9 Щётка башынын капкагы 10 Смарт щётканын баш(тар)ы 11 BrushSync символу 12 USB заряддагыч (дубал адаптери кошулган жок) 13 Жолдо алып жүрүү кутучасы 14 Кубаттагычтын саякат кутусу 15 USB кабели Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.

Sonicare колдонмосу - Баштоо Sonicare колдонмосу тиш щеткаңыз менен жупташып, процесске көз салуу мүмкүнчүлүгүн берет. Тиш щеткаңызды Sonicare колдонмоңуздун аккаунтуна туташтыруу менен, төмөнкүлөрдү аткара аласыз: - Тишиңизди тазалоо процессин байкаңыз - Ооз көңдөйүңүздүн саламаттыгын жакшыртуу боюнча жеке кеңештерди жана сунуштарды алыңыз - Артыкчылыктардын толук катарын колдонуп жана жаңыртууларды үзгүлтүксүз алыңыз Колдонмо мобилдик телефондордун кеңири спектрине шайкеш келет. Sonicare колдонмосун пайдалануу үчүн: 1 Sonicare колдонмосун телефонуңузга жүктөп алыңыз. 2 Телефонуңузда Bluetooth күйгүзүлгөнүн текшериңиз. 3 Тиш щеткаңыздын активдүү (жанып турганын) экенин тактоо үчүн аны алыңыз. 4 Колдонмону ачып, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз. 5 Тиш шеткаңызды колдонмо менен жупташтырыңыз. 6 Колдонмо аркылуу аккаунт түзүңүз. Микропрограмманы жаңыртып, акыркы жакшыртууларга жана функцияларга кирүү мүмкүндүгүн алыңыз. 7 Колдонмого туташкан тиш щеткаңыз менен дайыма тазалап туруңуз. Тиш щеткасын колдонмо менен үзгүлтүксүз шайкештиргениңизде, ооз көңдөйүңүздүн саламаттыгын жакшыртууга жардам берүү үчүн жаңыртууларды аласыз. 8 Регулярдуу түрдө шайкештирип туруңуз. 9 Дайындар оптималдуу өткөрүлүп турушу үчүн телефонуңузду тиш щеткаңыздын жанына жакын кармаңыз. Кол менен мезгилдештирүү үчүн: Колдонмонун функцияларынан/мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу үчүн тиш щеткаңызды эки жума сайын колдонмо менен туташтырыңыз.

Автоматтык түрдө мезгилдештирүү үчүн: Колдонмону жөндөө учурунда жайгашкан жерди аныктоого уруксат бериңиз. Жайгашкан жерди аныктоо уруксатын берүү менен, телефонуңуз тиш щеткаңыздын туташуу диапазонунда болгонун билет жана акыркы түшүнүктөрдү жана сунуштарды берүү үчүн колдонмого щетка дайындарыңызды жаңырта алат. Эскертме: Колдонмону пайдаланып жатканда телефонуңуздун Bluetooth'у күйгүзүлгөнүн текшериңиз, ошондо тиш щеткаңыз анын маалыматын колдонмого өткөрүп жана жаңырта алат. Эгер тазалоо маалыматыңыз эмне үчүн чогултуларын билгиңиз келсе, колдонмону жөндөө процессинде жеткиликтүү болгон Sonicare Купуялык билдирүүсүн карап чыгыңыз.

Колдонмонун функциялары Sonicare электр тиш щеткаңыз тазалоо көндүмүңүз жөнүндө маалымат берүүчү акылдуу сенсорлор менен жабдылган, анын ичинде: - Тиш тазалоонун күнүмдүк сеанстары - Ар бир тиш тазалоо сеансына сарпталган убакыт - Колдонулган тиш тазалоо басымы - Жекелештирилген кеңештер жана ишке ашырылуучу сунуштар - Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эстеткич (анык колдонуунун негизинде) Sonicare колдонмосу акылдуу сенсорлордон маалыматтарды чогултат жана убакыттын өтүшү менен тазалоо көндүмдөрүңүзгө көз салат.

Баштоо Щётканын башын тиркөө

1 Щётканын башын кылдары кармагычтын бети кайсы тарапты карап турса, ошол жакты карай тургандай кылып тууралаңыз.

2 Щетканын башын тутканын металл сабына карай такалгыча катуу басыңыз. Эскертме: Щётканын башы менен кармагычынын ортосунда бир аз боштуктун болушу нормалдуу көрүнүш.

Philips Sonicare тиш щёткаңызды колдонуу Эгер Sonicare тиш щёткаңызды биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, электрдик эмес тиш щётканы колдонгондогудан көбүрөөк дирилдөөнү сезүү нормалдуу көрүнүш. Биринчи жолу колдонуп жаткан адамдар көбүнчө аны катуу басышат. Акырын гана басып, тиш щёткаңызга өз алдынча тазалоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Шайманды туура иштетүү үчүн төмөнкү нускамаларды аткарыңыз. Жаңы Sonicare кубаттуу тиш щеткасына өтүүгө жардам берүү үчүн, биринчи 1-2 жумада төмөнкү жөндөөнү колдонуңуз, андан кийин жогорку жөндөөлөргө өтүңүз.

Щеткалоо боюнча нускамалар

1 Кылын суулап, тиш пастасын азыраак өлчөмдө сыгып алыңыз. 45°

2 Тиш щеткасынын кылдарын тиштерге кичинекей бурч менен (45 градус) жайгаштырыңыз. Кылдар тиш этинин сызыгына же бир аз астына жеткидей кылып акырын басыңыз.

Эскертме: Щетканын ортосу ар дайым тишиңизге тийип турушу керек.

3 Philips Sonicare шайманын күйгүзүү үчүн күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.

45° 4 Кылдарды тишке жана тиш этинин линиясына акырын коюңуз. Кылдар тиштердин ортосуна чейин жетиши үчүн, тишиңизди бир аз арткаалдыга багытталган кыймылдар менен щёткалаңыз. Мындай кыймылды щёткалоо цикли боюнча аткарыңыз. Эскертме: Кылдары бир аз жайылышы керек. Муну менен тишиңизди кол менен иштете турган тиш щёткасындай тазалабаңыз. Эскертме: Эгер сиз өтө катуу бассаңыз, саптагы дирилдөө өзгөрүп жана щетканын жообу кызгылт көк түстө күйүп, сизге эскертилет.

5 Алдыңкы тиштин ички беттерин тазалоо үчүн щётканын туткасын жарым тик кылып эңкейтип, ар бир тишке өйдө-ылдый кайчылаш кыймылдарды жасаңыз. 6 Щёткалоо циклин бүткөндөн кийин, кошумча убакыттын ичинде тиштин өңү өзгөрүп калган жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүрүп же күйгүзүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот. Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткаңызды бириктирүүчү кашаалар коюлган (щётканын баштары бириктирүүчү кашааларга колдонулганда

650 Кыргызча тезирээк эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба, коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз болот (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген болсо).

BrushPacer 2 1 3 4 6

Ооз көңдөйүңүздү жакшы щеткалоо үчү BrushPacer функциясынын жардамы менен оозду 6 бөлүккө бөлүңүз. BrushPacer щеткалоо убактысын 6 бирдей бөлүккө бөлүп, кийинки аймакка качан өтүү керек экенин көрсөтөт. Бөлүкчөлөр дирилдөөнүн кыска тыныгуусу менен көрсөтүлөт. Тиш щеткасы тишти тазалоо сессиясынын аягында автоматтык түрдө токтойт. Эскертме: Кошумча убакыт White же Gum Health режимдерин колдонгондо кошулушу мүмкүн.

Режимдер Электр тиш щеткаңызда 4 ке чейин түрдүү режим бар: Clean, Sensitive, White жана Gum Health. Сиз колдонгон акылдуу щетка башынын негизинде оптималдуу режим жана интенсивдүүлүк BrushSync технологиясы тарабынан автоматтык түрдө тандалат.

Режимди кол менен өзгөртүү үчүн тиш щеткасы өчүп турганда режим/интенсивдүүлүк баскычын басыңыз. Бардык щетка баштары ар бир режим менен иштейт.

Сезимтал тиштер жана бүйлөлөр үчүн өтө жумшак режим

Өңөрдү кетирүү жана тиш этин укалоо

Өңөрдү жана сырткы такты кетирүү

Сунушталга­ Жогорку н интенсивдү­ үлүк деңгээли

3 мүнөт жана 2 мүнөт жана 20 секунд 40 секунд

Андан кийин 7,8,9 жана 10-сегментт­ ин ар бирин 20 секунддай тазалаңыз.

Андан кийин 7 жана 8-сегменттин ар бирин 20 секунддай тазалаңыз. 7

Ургаалдыгы Интенсивдүүлүк жөндөөлөр

Электр тиш шеткаңыз үч түрдүү интенсивдүүлүк жөндөөлөрү менен кошо берилет. - Интенсивдүүлүгү жогору (үч жарык) - Орточо интенсивдүүлүк (эки жарык) - Интенсивдүүлүгү төмөн (бир жарык)

Эскертме: Мыкты натыйжаларга жетүү үчүн жогорку интенсивдүүлүктү сунуштайбыз.

×3 ×2 ×1 Каалаган интенсивдүүлүктү кол менен тандоо үчүн тиш щеткасы күйүп турганда режим/интенсивдүүлүк баскычын басып, параметрлер аркылуу өтүңүз. Интенсивдүүлүк параметрин тиш щеткасы күйүп турганда гана өзгөртүүгө болот.

BrushSync технологиясы

BrushSync технологиясы щетка баштарына микрочип аркылуу туткаңыз менен байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Щетка башынын астындагы белгиси щетка башы бул технология менен жабдылганын көрсөтүп турат. BrushSync технологиясы иштетет: - Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү - BrushSync режиминде жупташтыруу Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарынын кеңири тандоосун сунуштайт. Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарын карап көрүү үчүн www.philips.com/toothbrush-heads сайтына өтүңүз.

Басым сенсорунун жообу BrushPacer SmarTimer EasyStart Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү Щётканын башы режиминде жупташтыруу

Басым сенсорунун жообу Sonicare тиш щеткаңыз тишиңизди жана тиш этиңизди зыяндан коргоо үчүн щеткаңызда колдонгон басымыңызды өлчөйт.

Эгер катуураак бассаңыз, тутканын сигналы жана титирөөсү өзгөрүп, тутканын түбүндөгү индикатордун жарыгы басууну азайтканга чейин кызгылт көк болуп күйөт. Эскертме: Басым Сенсору өнүмүңүздө иштетилген бойдон келет. Бул функцияны өчүрүүгө («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү» ).

BrushPacer 2 1 3 4 6

BrushPacer - бул сизге оозуңузду 6 бөлүккө бөлүп, тегиз тазалоого жардам берген интервал таймери. Эскертме: Кошумча убакыт White же Gum Health режимдерин колдонгондо кошулушу мүмкүн.

SmarTimer SmarTimer щёткалоо циклинин аягында тиш щёткасын автоматтык түрдө өчүрүү менен щёткалоо цикли бүткөнүн көрсөтөт. Тиш догдурлар күнүнө кеминде 2 жолу 2 мүнөттөн кем эмес убакыт жууну сунуштайт. Эскертме: Эгер щёткалоо циклин баштагандан кийин күйгүзүү/өчүрүү баскычын бассаңыз, тиш щёткасы тындырылат. Эгер күйгүзүү/өчүрүү баскычын 30 секунд бассаңыз, щеткалоо циклин бүтүрүү үчүн таймер кайра иштетилет. 30 секунд тындырылгандан кийин SmartTimer баштапкы абалга келтирилет.

EasyStart Бул Philips Sonicare модели EasyStart функциясы өчүрүлгөн бойдон берилет. EasyStart функциясы Philips Sonicare менен щёткалоого көнүүңүз үчүн алгачкы 14 щёткалоодо күчтү акырын жогорулатат. EasyStart функциясы бардык режимдер менен иштейт. *Жоопкерчиликтен баш тартуу Philips Sonicare тиш щёткасы клиникалык изилдөөлөрдө колдонулса, ал кармагычы толугу менен кубатталып, EasyStart функциясы өчүрүлгөн болуп жана ал жогорку интенсивдүүлүктө колдонулушу керек. EasyStart 'ты иштетүү үчүн («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү» ).

Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү Philips Sonicare щеткаңыз щетка башынын эскирүүсүн көзөмөлдөө үчүн BrushSync технологиясы менен камсыз кылынган. Эскертме: Бул функция BrushSync технологиясы менен жабдылган Philips Sonicare акылдуу щетка баштарында гана иштейт. 1 Жаңы акылдуу щетка башын биринчи жолу туташтырганыңызда, кармагыч сизде BrushSync технологиясы менен камсыздалган Philips щетка башын аныктап, щетка башынын эскирүүсүн көзөмөлдөй баштайт. 2 Убакыт өткөн сайын, сиз колдонгон басымдын жана щетка башын колдонгон жалпы убакыттын негизинде, тутка щетка башын алмаштыруу үчүн оптималдуу убакытты аныктоо үчүн щетка башынын эскиришине көз салат. Бул функция сизге тишиңизди эң мыкты тазалоого жана кам көрүүгө кепилдик берет.

3 Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эстеткич жарыгы сары болуп күйгөндө, аны алмаштырышыңыз керек болот. Эскертме: Бардык акылдуу щетка баштары щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциясы күйгүзүлгөн бойдон камсыздалат. Щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү өчүрүү үчүн 'Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү' бөлүмүн караңыз.

Щётканын башы режиминде жупташтыруу BrushSync технологиясы менен щетка баштары тутка менен байланышып, аны сунушталган режим жана интенсивдүүлүк менен автоматтык түрдө жупташтыруучу микрочип менен жабдылган. BrushSync технологиясы менен жабдылган көпчүлүк щетка баштары Clean режими автоматтык түрдө жупташат. Өзгөчө артыкчылыктары бар щетка баштары тиешелүү режим менен жупташат (болгондо), мисалдарга төмөнкүлөр кирет: - G3 Premium Gum Care: Gum Health режими - W3 Premium White же W DiamondClean (NAM) / W OptimalClean (ROW): White режими - S2 Sensitive: Sensitive режими. Эскертме: Эгер сунушталган параметрден режимди/интенсивдүүлүктү өзгөртүүнү тандасаңыз, щетка башы келечектеги тазалоо үчүн сиз тандаган параметрди эстеп калат.

Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү Тиш щеткаңыздын төмөнкү функцияларын күйгүзүп же өчүрсөңүз болот: - EasyStart - Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү - Басым сенсорунун жообу Эскертме: Щетка башын алмаштыруу эскертүүсү Sonicare акылдуу щетка баштары менен гана шайкеш келет. Алмаштыруу жөнүндө эстеткичти жандыруу же өчүрүү үчүн акылдуу щетканын башы тиш щеткасына тиркелиши керек. Туткадан: 1-кадам: Сапты кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда кармаңыз. 2-кадам: Күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё бербей басып туруңуз:

Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү

Басым сенсорунун жообу

1 сигнал жана андан кийин 2 сигнал

Муну менен бирге: Батареянын индикаторунун сол LED жарыгы 2 жолу жашыл болуп бүлбүлдөп, барган сайын катуулаган 3 сигналды уксаңыз, функция күйгүзүлгөн болот.

ЖЕ Эгер батареянын сол индикаторунун LED жарыгы сары түстө 1 жолу бүлбүлдөп, барган сайын акырындаган 3 сигналды уксаңыз, анда бул функция өчүрүлгөн болот.

Кубаттоо жана батареянын абалы Philips Sonicare тиш щёткасы толук кубатталып турганда ар бири 2 мүнөткө созулган 42 щёткалоо сеансын (орточо) көрсөтүүгө арналган (күнүнө эки жолу колдонулганда 21 күн). 2 мүнөттүк щёткалоо сеансын бүткөндө, щетканы тындырганда же кубаттап жатканда, батарея көрсөткүчү анын абалын көрсөтүп турат. Эскертме: Биринчи жолу колдонгондон мурун батарея 24 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз.

658 Кыргызча Эскертме: Philips Sonicare тиш щеткаңызды саякат кутусуна кубаттоо 48 саатка чейин созулушу мүмкүн.

Кубатталууда Кубаттагычта кубаттоо 1 USB кубаттоо шнурун дубалдагы адаптерге тиркеп, дубалдагы адаптерди болсо дубалдагы электрдик розеткага сайыңыз.

2 Кармагычты кубаттагычтын үстүнө коюңуз. 3 Камтылган USB кабелин 5V DC кубат булагына туташтырыңыз. - Philips менен шайкеш кубаттагычтар же коопсуздук жактан бекитилген адаптер менен гана кубаттаңыз: 100 - 240V~; 50/60Hz; 3.5W жана чыгаруу параметрлери 5VDC; 2.5W. - UL тизмеленген же тастыкталган 1310 2-класстагы электр булагы (NAM гана) 4 Батарея индикатору жана жарык шакеги күйүп, тутка эки жолу сигнал берет жана туткадагы бардык жарыктар тутканын түбүнөн өйдө карай жаркырап күйөт. 5 Батарея индикаторунун өчүп-жанган жарыгы тиш щёткасынын кубатталып жатканын көрсөтөт. 6 Туткасы кубатталып жатканда жана батарея толук кубатталганда батарея индикаторунун LED жарыктары жашыл түстө күйүп баштайт. Батарея толгондон кийин, жашыл жарык 30 секунд күйүп, андан кийин өчөт.

Саякат кутусу менен кубаттоо

Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.

1 USB кабелди кубаттоочу саякат кутусуна сайыңыз. 2 Камтылган USB кабелин 5V DC кубат булагына туташтырыңыз. - Philips менен шайкеш кубаттагычтар же коопсуздук жактан бекитилген адаптер менен гана кубаттаңыз: 100 - 240V~; 50/60Hz; 3.5W жана чыгаруу параметрлери 5VDC; 2.5W. - UL тизмеленген же тастыкталган 1310 2-класстагы электр булагы (NAM гана). Маанилүү: Дубал адаптери аппараттын түбүндө белгиленген электрдик көрсөткүчтөр менен шайкеш жана коопсуз кошумча төмөнкү чыңалуу булагы болушу керек. 3 Тутканы кубаттоочу саякат кутусуна салыңыз. - Тутка кубаттоо үчүн туура коюлганын ырастоо үчүн саптан 2 кыска сигнал чыгат. - Батарея индикаторунун өчүп-жанган жарыгы тиш щёткасынын кубатталып жатканын көрсөтөт. 4 Саякат кутусу тиш щеткаңыз толук кубатталганга чейин кубаттайт. - Тутка толук кубатталгандан кийин, батареянын индикатору 30 секунд бою жашыл болуп күйүп, андан кийин өчөт. Эскертме: Кубаттоочу куту менен тутканы кубаттоо, кубаттагычка караганда көбүрөөк убакыт талап кылынышы мүмкүн.

Батареянын абалы Батареянын абалы (кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда кармаңыз) Туткасы кубаттагычка же кубаттоочу саякат кутусуна коюлганда, батареянын көрсөткүчү батареянын деңгээлин көрсөтөт. Батареянын абалы

Бүлбүлдөгөн LED жарыктарынын саны

Толгуча жашыл бөлүп, андан соң 30 секунд бою жашыл түстө күйүп, анан өчөт

Батареянын абалы (тутка кубаттагычка/кубаттоочу саякат кутусунда туташтырылбаган кезде) Тиш щеткасы ойго кезде, тутканын астындагы батарея индикатору батарея деңгээлин көрсөтөт.

LED жарыктарынын саны

Щёткалагандан кийин 3 жолу сигнал берет

Кочкул сары түстө бүлбүлдөйт

Щёткалагандан кийин 2 жолу сигнал берет

Кочкул сары түстө бүлбүлдөйт

Эскертме: Колдонулбай турганда энергияны үнөмдөө үчүн батареянын жарыгы өчөт. Эскертме: Батарея толугу менен бош болгондо, тиш щётка өчөт. Щетканы кубаттагычка жайгаштырып, кубаттаңыз. Эскертме: Батареяны ар дайым толук кубатталган бойдон кармап туруу үчүн, тиш щеткаңызды колдонбогондо кубаттагычта кармасаңыз болот.

Тазалоо Тиш щёткасынын кармагычы

1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин аймагын жана баскычтарды жылуу суу менен чайкаңыз. Туткадагы жана баскычтардын айланасындагы тиш пастасынын калдыктарын жумасына кеминде бир жолу, болбосо, ар бир колдонгондон кийин тазалап туруңуз.

Көңүл буруңуз: Металл валдын резина пломбасын курч нерселер менен түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн. 2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз. Эскертме: Ашыкча сууну чыгаруу үчүн кармагычты раковинага таптабаңыз. 3 Тутканы сүлгү же жумшак кездеме менен кургатыңыз.

1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын жана кылдарын чайкаңыз. 2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып, щётканын башынын байланышын кеминде аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап туруңуз. Саякат кабын зарылчылыкка жараша тез чайкап жана кургатып туруңуз. Кургак щетка башын гана колдонуңуз. Эскертме: Щетканын баш капкагы ташуу үчүн гана жана узак мөөнөттүү колдонуу үчүн арналган эмес.

Кубаттагыч 1 Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз. 2 Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз. 3 Кубаттагычты сүлгү же жумшак кездеме менен кургатыңыз.

Жолдо алып жүрүү кутучасы Жолдо алып жүрүү кутучаны тазалоо үчүн аны жылуу сууга чайкап, жөн коюп кургатыңыз.

Кубаттагычтын саякат кутусу 1 Тазалоодон мурун саякат кутусун сууруп алыңыз. 2 Кубаттагычтын жана саякат кутусунун бетин сүртүү үчүн нымдуу чүпүрөктү колдонуп, жөн коюп кургатыңыз.

Сактоо Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсоңуз, аны электр розеткасынан ажыратып, тазалап, түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.

алмаштыруу Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн Philips Sonicare щётка баштарын 3 ай сайын алмаштырып туруңуз. Philips Sonicare шайманынын алмаштырылуучу щётка баштарын гана колдонуңуз.

Үлгү номери көрсөтүлгөн жер Үлгү номерин (e.g.HX740x) Philips Sonicare туткасынын түбүнөн караңыз.

Мүчүлүштүктөрдү оңдоо (ROW) Бул бөлүмдө шайманды колдонууда көп туш болгон жалпы көйгөйлөр тууралуу айтылган. Төмөнкү маалымат маселени чечүүгө жардам бербесе, көп берилүүчү суроолорду көрүү үчүн www.philips.com/support сайтына өтүп, үлгүнүн номерин жазыңыз же өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз.

Щётканын башын толугу менен саптай албай жатам. Щётканын башы менен тутканын ортосунда бир аз боштук бар.

Бул боштук нормалдуу жана ал щетка башынын туура дирилдөөсү үчүн керек. Керектүү көлөмдөгү термелүүлөрдү түзүү үчүн щетка башы кыймылдай алышы керек.

Philips Sonicare тиш Щётканын башын щеткамдын тутканын корпусуна дирилдөөсү мурункуга өтө жакын. караганда азыраак.

Щетканын башын туткасынан чыгарып, аны темир валга кайра орнотуп, кичине боштук калтырыңыз. (1-2 мм).

Тиш щеткасы иштебейт.

Щетканын кармагычын кубаттагычта кубаттаңыз.

Мен тиш щеткамды кубаттадым, бирок ал бир аз эле иштейт.

Тиш щеткасынын туткасы кубаттагычка вертикалдуу жайгаштырылган эмес, натыйжада кубатталбайт.

Тутканы вертикалдуу түрдө кубаттагычтын түбүнө коюп, кубаттагычтын розеткага сайылганын текшериңиз.

КЕПИЛДИКТЕГИ ЧЕКТӨӨЛӨР Кепилдик эмнени каптабайт: - Ооз тиркемелеринде, анын ичинде щетка баштары жана саптамалар. - Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн же тиш щётканын баштарын колдонуудан келип чыккан бузулуу. - Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген оңдоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу. - Кадимки эскирүү, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.

БОЖОМОЛДОНГОН КЕПИЛДИКТЕР БАРДЫК БОЖОМОЛДОНГОН КЕПИЛДИКТЕР, АНЫН ИЧИНДЕ САТЫККА ЖАНА БЕЛГИЛҮҮ БИР МАКСАТКА ЖАРАКТУУ КЕПИЛДИКТЕР ЖОГОРУДА КЕЛТИРИЛГЕН ТҮЗ КЕПИЛДИКТЕРДИН МӨӨНӨТҮ МЕНЕН ЧЕКТЕЛЕТ. АЙРЫМ ШТАТТАРДА БОЖОМОЛДОНГОН КЕПИЛДИКТЕРДИН МӨӨНӨТҮ ЧЕКТЕЛБЕЙТ.

КОРГОО КАРАЖАТТАРЫНЫН ЧЕКТЕЛИШИ PHILIPS ЖЕ АНЫН ТУУНДУ КОМПАНИЯЛАРЫ КЕПИЛДИКТИН, КЕЛИШИМДИН ЖЕ БАШКА ЮРИДИКАЛЫК НЕГИЗДЕРДИН АТАЙЫЛАП ЖЕ КОКУСТАН БУЗУЛУШУНАН КЕЛИП ЧЫККАН КЕСЕПЕТТЕРИ ҮЧҮН ЭЧ КАНДАЙ ЖАГДАЙДА ЖООПТУУ ЭМЕС. МЫНДАЙ ЗЫЯНДАРГА АМАНАТТАН ЖЕ КИРЕШЕДЕН КОЛ ЖУУП КАЛУУ; ПАЙДАДАН КОЛ ЖУУП КАЛУУ; АППАРАТТЫН БУЗУЛУШУ; ҮЧҮНЧҮ ТАРАПТАРДЫН ДООМАТТАРЫ, АНЫН ИЧИНДЕ СТОМАТОЛОГДОРДУН ЖАНА ТИШ ГИГИЕНАСЫН КАМСЫСЗДООЧУЛАРДЫН; АЛМАШТЫРЫЛУУЧУ ЖАБДУУНУН ЖЕ КЫЗМАТТАРДЫН БААСЫ КИРЕТ. АЙРЫМ ШТАТТАРДА КОКУС ЖЕ КЫЙЫР ЗЫЯНДЫ ЧЫГАРЫП САЛУУГА ЖЕ ЧЕКТӨӨГӨ ТЫЮУ САЛЫНАТ.

Кепилдик жана колдоо көрсөтүү (ROW) Маалымат же колдоо алгыңыз келсе, www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык кепилдик баракчасын окуңуз.

Кепилдиктеги чектөөлөр Кепилдик эмнени каптабайт: - Ооз тиркемелеринде, анын ичинде щетка баштары жана саптамалар. - Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн же тиш щётканын баштарын колдонуудан келип чыккан бузулуу. - Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген оңдоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу. - Кадимки эскирүү, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.

Бул символ электрикалык шаймандар менен батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытууга болбостугун билдирет. Электрдик жана электрондук шаймандарды жана батарейкаларды өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө чогултуңуз. Өнүмдү утилизациялоодо ага алдын ала орнотулган кайра кубатталуучу батареяны квалификациясы бар адис гана чыгарышы керек. Алдын ала орнотулган батареяларды чыгаруу нускамаларын philips.com/support бөлүмүнөн табасыз. Тиш щеткаңыздын үлгү номерин киргизүү жана товарды издөө үчүн Philips колдоо көрсөтүү бетиндеги издөө тилкесин колдонуңуз. Үлгү номери "HX" менен башталып (мисалы, HX123A) жана тиш щеткаңыздын түбүндө көрсөтүлгөн. Батареяны чыгаруу боюнча нускамалар товардын колдоо көрсөтүү бетиндеги Мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана оңдоо бөлүмүндө берилген. Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык жардамды издеңиз. Батарейкаларды колго алганыңызда, колуңуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.