PerfectCare 9000 PSG9040 - темир PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз PerfectCare 9000 PSG9040 PHILIPS PDF форматында.
| Бренд | Philips |
| Модель | PerfectCare 9000 PSG9040 |
| Продукт түрү | Буу үтүгү |
| Өлчөмдөр (болжол менен) | 30 x 15 x 15 cm |
| Салмагы (болжол менен) | 1.5 kg |
| Кубаттуулук керектөөсү | 2400 W |
| Суу бактын сыйымдуулугу | 300 ml |
| Үзгүлтүксүз буу чыгаруу | 50 г/мин чейин |
| Буу күчөтүү | 200 г/мин чейин |
| Таман түрү | OptimalGlide Pro |
| Температураны башкаруу | Автоматтык (OptimalTemp технологиясы) |
| Автоматтык өчүрүү | Ооба (көмөлсүз калганда) |
| Калдыктарга каршы / Тазалоо | Интеграцияланган калдыктарга каршы система |
| Шнур узундугу | 2.5 m |
| Коопсуздук өзгөчөлүктөрү | Автоматтык өчүрүү, жылуулук сактагыч |
| Керектүү шаймандар | Өлчөөчү чөйчөк, колдонуучунун нускамасы |
| Энергия классы | A |
| Кепилдик | 2 жыл (шарттарга жараша) |
| Техникалык тейлөө | 1-2 ай сайын тазалоо; таманды нымдуу чүпүрөк менен тазалоо |
Көп берилген суроолор - PerfectCare 9000 PSG9040 PHILIPS
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө PerfectCare 9000 PSG9040 PHILIPS
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз темир PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз PerfectCare 9000 PSG9040 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. PerfectCare 9000 PSG9040 бренддин PHILIPS.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ PerfectCare 9000 PSG9040 PHILIPS
Ескертпе: куралды су выдысын шешу түткасынан устап тасымалдамаңыз
Атмосфералык крысым: 85 - 109kPa
Ivadas
Сатып алганыңыз үчүн куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоону толук пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/welcome баракчасынан каттоодон өткөрүңүз. Шайманды колдонуудан мурда маанилүү маалымат камтылган буклетти жана колдонуучунун нускамасын кылдат окуп чыгыңыз. Эки документти тең келечекте кароо үчүн сактап коюңуз.
Өнүмдүн кыскача сүрөттөлүшү (Сүр. 8)
1 Буу жеткирүүчү шланг
2 Буу машасы
3 Интеллектуалдык автоматтык буу чыгаруу баскычы
4 Утук даяр жарыгы
5 Утук таманы
6 ActiveSense камерасы
7 Ytук түпкүчү
8 Бөгөттөөнү алып салуу баскычы
9 Толтуруу көзөнөгү
10 Алынуучу суу челеги
11 Буу жеткирүүчү шлангды сактоо бөлүгү
12 Электр шнурун сактоо бөлүгү
13 Ачакей менен электр шнуру
14 EASY DE-CALC сарпкапкагы
15 Жарык менен күйгүзүү/өчүрүү баскычы
16 Calc эскертүүсү
17 Максималдуу буу чыгаруу көрсөткүчү
18 Суунун көлөмү аз көрсөткүчү
Колдонууга даярдоо
Колдонула турган суунун түрү
Бул шайман кран суусу менен колдонууга иштелип чыккан. Бирок, суунун катуулугу жогору болгон аймакта жашасаңыз, кебээр бат эле чогулушу мүмкүн. Ошондуктан, шаймандын иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн, тузсuzдандырылган же диминералдаштырылган сууну (ошондой эле 50% тузсuzдандырылган же диминералдаштырылган сууга кадимки сууну кошуп колдонсо дагы болот) колдонуу сунушталат.
Эскертүү: Атыр суу, кургаткычтан сыгылган суу, уксус, крахмал, кебээр кетируүүу каражат, утүктөө каражаттары, химиялык жол менен тазаланган суу же башка химикаттарды колдонбонуз. Алар суунун тамчылашына, күрөң так калышына же шаймандын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Өнүмдү иштетүүгө даярдоо
Ар бир колдонууга чейин же 'суунун көлемү аз' көрсөткүчү күйгөндө суу челегин толтуруңуз. Суу челегин колдонуу учурунда каалаган убакта кайра толтура аласыз.
1 Суу челегин шаймандан чыгарып, MAX көрсөткүчүнө чейин суу менен толтурунуз.
2 Биринчи ылдыйкы бөлүгүн шайманга киргизүү менен суу челегин кайра шайманга салыңыз.
3 Суу челегинин үстүңкү бөлүгүн ордуна бекимейинче ('чык') түртүңүз.
Буу генераторун күйгүзүү үчүн, электр шнурунун ачакейин жерге туташтырылган розеткага сайып, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. 'Утук даяр' жарыгы токтобой күйгүче күтө туруңуз. Шайман даяр болгондо, кыска сигнал угасыз.
Эскертүү: Биринчи жолу колдонууда, шаймандын жакшы иштеши үчүн шайманды күйгүзүүгө чейин үтүктү үтүктөө тактасына коюуну сунуштайбыз.
Өнүмдүн түбүнөн үн чыгат, ал суунун буу чыгаруу үчүн тартылып чыгуусун билдирет.
Суунун көлөму аз көрсеткүчү
Суу челеги дээрлик бош болуп калганда, 'суунун көлөмү аз' көрсөткүчү күйөт. Суу челегин толтуруп, шайманды кайра ысытуу үчүн буу чыгаруу машасын басыңыз. 'Утук даяр' көрсөткүчү токтобой күйүп турса, буу менен үтуктөөнү уланта берсеңиз болот.
Шайманды колдонуу
Шайманда ActiveSense деп аталган үтуктөрдө дүйнөдө биринчи жолу иштелип чыккан, кездемени таануу технологиясы бар. Ал үтуккө киргизилген камера менен үтуктөө учурунда кездемелерди таануу жасалма интеллект менен иштейт жана туура келген температураны жана буунун көлөмүн автоматтык түрдө тууралайт. Ошондой эле үтукту үтуктөө тактасында күйүп кетүү коркунучусуз таштап кете аласыз.

ActiveSense технологиясы сизге бардык үтуктөлө турчу кездемелерди каалаган тартипте, үтуктун температура жөндөөсүн тууралабастан эле үтуктөөгө мүмкүнчүлүк берет.
'Утук даяр' көрсеткүчү аныкталган кездеме түрунө жараша,керек болгон температура/буу деңгээлине ылайык (кадимки же күчөтүлгөн) туруктуу түрдө көк же ак болуп күйүшу мүмкүн.
Бул белги коюлган кездемелерди утуктөөгө болот (Сүр. 9), мисалы, чыт, пахта, полиэстер, жибек, жүн, вискоза жана жасалма жибек.
Эскертүү: Тегерегиндеги кездемени үтуктөөгө болсо дагы, кийимдердеги сүрөттөрдү үтуктөбөңүз.

Кээ бир назик кездемелер жана жасалгалар учүн (мис: замша, баркыт, металл сайта, жалтырактар), кийимге жакыныраак кылып буулоо сунушталат.
Бул белги коюлган кездемелерди үтуктөөгө болбойт (Сүр. 10). Бул кездемелерге спандекс же эластан сыяктуу синтетикалык кездемелер, спандекс кошулган кездемелер жана полиолефиндер кирет.

Утуктөө учурунда утукту утук тупкүчүне же утуктөөчу тактага узатасынан койсонуз болот. ActiveSense технологиясынын жардамы менен, утуктүн таманы утуктөөчу тактанын кабын күйгузбөйт (Сүр. 11).
Эскертүү: Утүктү көбүрөөк убакытка колдонбой коюп койгондо, бир аз буунун чыгышын байкашыңыз мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш, анткени бул үтүктүн таманы тыныгуу учурунда туура температурада экенин билдируү үчүн болгон системанын процессинин бир бөлүгү. Бул процесс учурунда, 'үтүк даяр' көрсөткүчү көк болуп күйүп турат.
Эскертүү: Утуктүн алдыңкы бөлүгүнө көп тийбегенге аракет кылыңыз, анткени ал ысыйт.

Интеллектуалдык автоматтык буу чыгаруу режими менен үтуктөө

Шайманда үтук кантип жана качан жылып жатканын билүүчү DynamiQ сенсордук технологиясынын жардамы менен иштеген интеллектуалдык автоматтык буулоо функциясыбар. Шайманды күйгүзгөндө, бул режим демейки шартта иштетилет (Сүр. 12). ActiveSense технологиясы менен биргеликте, үтук буу машасын колдонбостон эле сиздин кыймылдарга жана кездеменин түрунө жараша туура өлчөмдөгү бууну автоматтык түрдө чыгарат.

Интеллектуалдык автоматык буу режиминде, буу үтукту кыймылдатканыңызда автоматык түрдө чыгып, үтукту кыймылдатууну токтотсонуз, автоматык түрдө токтойт (Сур. 13). Ошондой эле бул режимде үтук кыймылдабай турганда бууну чыгаруу үчүн буу чыгаруу машасын бассаңыз болот.
Эскертүү: Сиздин коопсуздугунуз үчүн, интеллектуалдык автоматтык буу чыгаруу режиминде үтукту көтөргөндө буу токтойт.
Такта буу генераторунун көлөмүнө жана салмагына туура келерин текшериңиз.
Кол режиминде үтуктөө
Утуктөө учурунда интеллектуалдык автоматык буу чыгаруу режимин өчүргүп, буунун көлөмүн кол менен көзөмөлдөй аласыз.

- Интеллектуалдык автоматык буу чыгаруу режиминен чыгуу үчүн, интеллектуалдык автоматык буу чыгаруу баскычын басыңыз (Сүр. 14). Интеллектуалдык автоматык буу чыгаруу көрсөткүчү өчет. Утуктөөнү улантуу үчүн, буу чыгаруу машасын басышыңыз керек.
- Кол режиминде деле, ActiveSense технологиясы температура менен буунун көлөмүн ар кандай кездемелерге жараша автоматтык түрдө тууралайт, бирок бууну чыгаруу учүн буу чыгаруу машасын басышыңыз керек.

Көңүл бурунуз: Бууну эч качан адамдарга багыттабаңыз.
Эскертүү: Пахта, чыт жана джинсы сыяктуу катуу кездемелерди үтүктөөдө жакшы натыйжаларга жетүү үчүн, үтүктү кездемеге басып жатканда, буу чыгаруу машасын токтобой басып турунуз (Сүр. 15). Андан кийин, кездемени кургатуу үчүн, үтүктү бир эле жерде бир нече жолу буу чыгарбай жылдырыңыз.
Эскертүү: Жибек жана жалтырақай синтетикалықық кездемелерди үтүктөөдө эң жакшы натыйжаларға жетүү үчүн, үтүктөө учурунда буу чыгаруу машасын кое бербей басып туруу сунушталат.
Бууну көбөйтүү функциясы
Бууну көбөйтүү функциясы катуу бырыштарды жазууга арналган.
- Бууну көбөйтүү функциясын иштетүү үчүн буу машасын эки жолу тез- тезден басыңыз. Шайман 3 күчтүү буу агымын чыгарат (Сүр. 16).

Тигинен үтүктөө
Утуктөн ысып буу чыгат. Эч качан бирөө кийип турган кийимдеги бырышты утуктөп жазууга аракет кылбаңыз. Бууну өзүңүздүн же башкалардын колуна жакын багыттабаңыз.
Утук менен илинип турган кездемелердеги бырыштарды тигинен үтуктөп жаза аласыз.
1 Утукту тигинен кармап, буу машасын басып, кийимге утуктун таманын акырын тийгизициз (Сур. 17).
Эскертүү: Сиздин коопсуздугунуз үчүн, интеллектуалдык автоматтык буу чыгаруу режими тигинен үтуктоөдө жеткиликтүү эмес.

Бууну көбүрөөк чыгаруу үчүн, МАХ жөндөөсүн колдонсонуз болот.
1 MAX көрсеткүчү ак болуп күйгүче күйгүзүү/өчүрүү баскычын 2 секунд басып турунуз (Сүр. 18).
Эскертүү: Мах жөндөөсүндө, шайман дайыма максимальдуу өлчөмдөгү бууну чыгарат, ал эми температура автоматтык түрдө туураланып турат.
2 Кубатты үнөмдөө үчүн, шайман 15 мүнөттөн кийин кадимки буу режимине кайтат.
3 MAX жөндөөсүн каалаган учурда дароо өчүрүү үчүн, MAX көрсөткүчү өчкүче күйгүзүү/өчүрүү баскычын басып, 2 секунд кармап туруңуз.

Автоматтык түрдө өчүү
- Кубаттуулукту үнөмдөө үчүн, эгер шайман 4-5 мүнөткө колдонулбаса, ал күтүү режимине өтөт. Күйгүзүү/өчүрүү баскычындагы көрсөткүч күйүп өчө баштайт (Сүр. 19).
- Шайманды кайра иштетүү үчүн, күйгүзүү/өчүрүү баскычын же буу машасын басыңыз. Шайман кайра ысый баштайт.
- Кутүү режимине өткөндөн кийин дагы 10 мүнөт колдонулбаса, шайман автоматтык түрдө өчөт. Күйгузүү/өчүрүү баскычындагы көрсөткүү чөчет.

EASY DE-CALC көрсөткүчү күйүп өчүп жана шайман үзгүлтуксүз сигнал бере баштаганда дароо EASY DE-CALC функциясын (Сүр. 20) аткаруу абдан маанилүү.
Болжол менен бир айдан кийин же 10 утуктөөдөн кийин EASY DE-CALC көрсөткүчү күйүп өчүп, шайман үзгүлтуксүз сигнал бере баштайт, бул шайманды кебээрден тазалоо керек дегенди билдирет. Утуктөөнү улантууга чейин EASY DE-CALC процедурасын аткарыңыз.

1 Ачакейди розеткадан суурунуз.
3 EASY DE-CALC сарпкапкагынын алдына чыны коюп, (900мл кем эмес сыйымдуулукка ээ) сарпкапкакты сааттын жебесине каршы бураңыз (Сүр. 21).

5 Шаймандан суу чыкпай калганда, EASY DE-CALC сарпкапкагын кайра салып, бекитүү учүн сааттын жебеси боюнча бураңыз (Сур. 23).
6 EASY DE-CALC процедурасын аткаргандан кийин дароо эле үтүгүнүзду колдоно берсеңиз болот.
Эскертүү: Эгер EASY DE-CALC процедурасын үтүктөгөндөн кийин дароо аткарам десеңиз, шайманды сууруп, процедураны аткарууга чейин жок дегенде эки saat муздаганча күтө турунуз.
МААНИЛУУ – Утуктүн таманын кебээрден тазалоо
Эгер EASY DE-CALC функциясын байма-бай колдонуп турбасаңыз, кебээрдин бөлүкчөлөру үтүктүн таманына чогулуп, үтүктөө учурунда күрөң тактар чыгышы мүмкүн. Бул учурда, үтүктүн таманындагы кебээрди төмендөгү процедураны аткарып, тазалай аласыз. Утүктүн таманын жакшылап тазалоо үчүн процедураны эки жолу кайталоону сунуштайбыз.
Күйүп калуу коркунучу болбош үчүн, шайманды сууруп, үтүктүн таманын кебээрден тазалоого чейин жок дегенде эки saat муздаганча күтө турунуз.(Сүр. 24).
4 EASY DE-CALC сарпкапкагынын алдына чыны коюп, (900мл кем эмес сыйымдуулукка ээ) сарпкапкакты сааттын жебесине каршы бураңыз (Сур. 25).
6 Шайманды EASY DE-CALC көзөнөгү өйдө карагандай кылып кармап, көзөнөккө 900мл түзсуздандырылган сууну куюңуз (Сүр. 27). Эскертүү: Шайманды энкейтип жатканда, ал оор экенин эске алыңыз.
7 EASY DE-CALC көзенөгүн өйдө каратып кармап, EASY DE-CALC сарпкапкагын кайра салып, бекитуү учүн сааттын жебеси боюнча бураңыз (Сүр. 28).





8 Шайманды кайра туруктуу, түз жерге коюңуз. Шайманды розеткага сайып, күйгүзүңүз (Сүр. 29).
9 Суу челегин толтуруңуз.
10 Шайман ысыгыча 5 мүнөт күтө туруңуз.
11 Утуктун кармагычынын устүндөгү интеллектуалдык автоматтык буу чыгаруу баскычын басуу аркылуу DynamiQ функциясын өчүруңүз.

12 Утукту калың кездемеге 3 мүнөткө чейин басып, буу чыгаруу машасын басып, кармап туруңуз (Сүр. 30).
Көңүл буруңуз: Утүктүн таманынан ысык, кир суу чыгат.
13 Суу чыкпай калганда үтукту жылдырууну токтотунуз.
14 Кебээрден тазалап буткөндөн кийин шайманды сууруп, жок дегенде эки saat муздатыңыз.
15 EASY DE-CALC сарпкапкагынын алдына чыны коюп, (900мл кем эмес сыйымдуулукка ээ) сарпкапкакты сааттын жебесине каршы бураңыз.
16 EASY DE-CALC сарпкапкагын алып салып, кебээр бөлүкчөлөру бар сууну чыныга агызып салыңыз.
17 Шаймандан суу чыкпай калганда, EASY DECALC-CALC сарпкапкагын кайра салып, бекитүү учүн сааттын жебеси боюнча бураңыз.
Сактоо

1 Шайманды өчүруүп, андан сон суурунуз.
2 Утукту утук тупкучкө коюңуз. Утукту тупкучкө бекем орнотуу үчүн ташуу кулпусун басыңыз.
3 Суу челегин чыгарып, бошотунуз.
4 Буу жеткируyyчу шлангды утуктун тубуне ороңуз.
5 Аны буу жеткирүүчү шлангды сактоо жайына көзөнөк аркылуу шлангды түртүп киргизиңиз (Сүр. 31).

6 Электр шнурун кошо берилген жабыштыргыч менен ороп, электр шнурун сактоо жайына киргизициз (Сур. 32).
7 Утукту кармагычынан бир кол менен кармап көтөрүүгө болот.
Эскертүү: Шайманды суу челегин чыгаруу туткасынан кармап көтөрбөңүз
Эскертүү: эгер ActiveSense камерасынын тегерегинде кебээр/ кездеменин калдыктары чогулуп калса, аны кездеме түтүкчө же ошого окшош нерсе менен тазалаңыз.
Мүчүлүштүктөрдү жоюу
Бул бөлүм сиз шайманды иштетүүдө туш болгон жалпы көйгөйлөрдү камтыйт. Эгер көйгөйду төмөндөгү маалымат менен чече албасаңыз, www.philips.com/support баракчасынан көп берилүүчү суроолорду караңыз же өз өлкөңүздөгү Кардарларды Тейлөө Борборуна кайрылыңыз.
Көйгөй Болжолдуу себеп Көйгөйду чечүү
| Утуктөө учурунда тактанын кабы суу болуп же кийимде суу тамчылары калып жатат. | Узакка созулган үтуктөөдөн кийин тактанын кабында буу тер болуп калып калган. | Эгер тактанын кабы эскирип калган болсо, аны алмаштырыңыз. Ошондой эле үтуктөөчү тактанын кабынын астына кошумча бир катмар кийиз кошуп кое аласыз, ал үтуктөө тактасындагы конденсаттын пайда болушун алдын алат. Кийизди кездемелер дукөнүнөн сатып алсаңыз болот. |
| Утуктөөчү тактаңыздын кабы шаймандын бууну көп чыгаруусуна дал келбеши мүмкүн. | Утуктөөчү тактанын кабынын астына кошумча бир катмар кийиз салыңыз, ал үтуктөөчү тактада конденсаттын пайда болушун алдын алат. Кийизди кездемелер дукөнүнөн сатып алсаңыз болот. | |
| Автоматтык буу чыгаруурежими көп убакытка чейин колдонулду. | Автоматтык буу чыгаруу режимин өчүруүп, керек болгон кезде бууну чыгаруу үчүн кол машасын колдонунуз. | |
| Утуктөө учурунда үтуктө конденсат пайда болуп жатат. | Автоматтык/Max буурежими көп убакытка чейин колдонулган. | Автоматтык/Max буу режимин өчүруүп, керек болгон кезде бууну чыгаруу үчүн кол машасын колдонунуз. |
| Буу үтуктөө тактасынан чагылдырылып, үтуккө сууболуп агып жатат. | Бууну сицирип алуучу тактаны/такта кабын колдонунуз. | |
| Утуктүн таманынан суу тамчылары чыгып жатат. | Шлангдагы буу муздап, сууга айланып кеткен. Бул үтуктүнтаманынан суу тамчыларынын чыгышына алып келет. | Бууну бир нече секунд кийимден алыс кармаңыз. |
| Утук тыныгууда тургандатаманынан буучыгып жатат. | Утук көбүрөөк убакытка колдонулбай туруп калган, ошондуктан ал тыныгуу убагында таманы тууратемпературада экенин текшерүү учүн тууралап жатат. Бул кадимки көрүнүш | Утук тыныгууда турганда буу көп убакытка чейин чыга берсе, шайманды өчүруүп, ачакейди розеткадан суурунуз. Philips кардарларды тейлөө борборунакайрылыңыз. |
| EASY DE-CALCсарпкапкагынан буу жана/же суучыгып жатат. | EASY DE-CALC сарпкапкагытуура бекитилген эмес. | Шайманды өчүруүп, 2 саатка муздатып коюнуз. EASY DE-CALC сарпкапкагын чыгарып, аны кайра шайманга жакшылап бекитиңиз. Эскертүү: Сарпкапкакты чыгарганда суу агып кетиши мүмкүн. |
| EASY DE-CALC сарпкапкагынын резинадан жасалган тыгыздагыч шакеги эскирген. | Жаңы EASY DE-CALC сарпкапкак алуу үчүн, Philips кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз. |
208 КЫРГЫЗЧА
| Көйгөй Болжолдуу себеп Көйгөйду чечүү | ||
| Утуктүн таманынан кир суу жана кир нерселер чыгып жатат же таманы кир. | Суудагы кир нерселер же химиялык заттар буу түтүгүндө жана/же үтуктүн таманында чогулуп калган. | Утуктүн таманын ным чүпүрөк менен тазалаңыз. |
| Шаймандын ичине өтө көп кебээр жана минералдык заттар чогулуп калган. | Шайманды кебээрден тез-тезден тазалап турунуз (‘Маанилүү - EASY DE-CALC’ жана ‘Маанилүү -утуктүн таманын кебээрден тазалоо’ бөлүмүн караңыз). | |
| Утук кийимге жалтырак же үтуктүн тагын калтырып жатат. | Утуктөлө турган жер түз эмес болчу, мисалы, сиз кийимдин тигишинин же бүктөлгөн жерлеринин үстүнөн үтуктөп жаткансыз. | ActiveSense бардык үтуктөөгө боло турган кийимдер үчүн коопсуз болуп CANALAT. Жалтырак же үтуктүн тагы биротоло калып калбайт, алар сиз кийиймди жууганда кетет. Тигиштерди же бүктөлгөн жерлерди үтуктөбөңүз же үтуктөлө турган жерге тактар калып калбаш үчүн пахта кездемесин салып койсонуз болот. |
| Шайман буу чыгарбай жатат. | Суу челегинде суу жетишсиз. (‘суунун көлөму аз көрсөткүчү’ күйүп өчөт). | Суу челегин толтурунуз (‘Шайманды колдонуу’ бөлүмүндөгү ‘Шайманды иштетүүгө даярдоо’ бөлүмүн караңыз). |
| Шайман буу чыгаруу үчүн жетишерлик түрдө ысык эмес. | 'Утук даяр’ көрсөткүчү үзгүлтуксүз күйгөнгө чейин күтө турунуз. | |
| Автоматтык түрдө буу чыгаруу режими өчүк жана сиз буу машасын баскан эмессиз. | Буу машасын басып, үтуктөп жатканда басып турунуз же автоматтык буу чыгаруу режими күйүп турганын текшериңиз. | |
| Суу челеги шайманга туура салынган эмес. | Суу челегин кайра шайманга бекемдеп салыңыз (‘чык’). | |
| Шайман күйгүзүлгөн эмес. Шайманды күйгүзүү үчүн ачакейди розеткага сайып, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. | ||
| Easy De-calc көрсөткүчү күйүк. Шайманды кебээрден тазалаңыз (‘МААНИЛЛУУ - EASY DE-CALC’ бөлүмүн караңыз). | ||
| Шайман өчту. Күйгүзүү/өчүрүү баскычындагы көрсөткүч күйүп өчөт. | Шайман 4-5 мүнөткө колдонулбаса, автоматтык түрдө өчүрүү функциасы иштейт. | Шайманды күйгүзүү үчүн күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз. |
| Шайман өчүп калды. | Электр ачакейи розеткага жакшы туташкан эмес. | Бул жогорку кубаттуулуктагы өнүм. Ачакей розеткага жакшы сайылганын текшериңиз. Узартуучу шнур же адаптер колдонуу сунушталбайт. |
Көйгөй Болжолдуу себеп Көйгөйду чечүү
Мен үтуктөп жатканда 'үтук даяр' көрсөткүчү бирде көк, бирде ак болуп күйүп жатат.
Утук даяр' көрсөткүчү үтук жибек, полиэстер сыяктуу айрым кездемелер үчүн оптималдуу экенин көрсөтүү үчүн көк болуп күйөт. Утук даяр көрсөткүчү ак болуп күйгөндө, ал пахта, чыт, джинсы сыяктуу кездемелердин башка түрлөрунө көбүрөөк температура/буу чыгарып жатканын билдирет.
Бул кадимки көрунуш ActiveSense технологиясы менен, үтүк даяр көрсеткүчү үтуктүн температура/буу абалын билдируүү үчүн автоматтык түрдө көк же ак болуп өзгөруүп турат.
Буу генератору
Өндүрүүчү: "ДАП Б.В.", Нидерланд, Драхтен, 9206АД, Туссендиепен 4 а
Россия аймагына жана Бажы биримдигине импорттоочу: ЖЧК
"ФИЛИПС-үй учүн техника", Россия Федерациясы, 123022 Москва ш., Сергей Макеев көч., 13-үй, 5-кабат, XVII жай, 31-бөлмө, телефон номери +7 495 961-1111
PSG9040, PSG9050: 2500-3100W, 220-240V, 50-60Hz
Уй тиричилигине керектөө үчүн
I класстагы жабдык
Индонезияда жасалган
Сактоо шарты, иштетүү
Температура: +0°C - +35°C
Тийиштүү нымдуулугу: 20% - 95%
Атмосфералык басым: 85 - 109kPa