Sonicare for Kids Connected HX6352 - тиш щеткасы PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Sonicare for Kids Connected HX6352 PHILIPS PDF форматында.
| Продукттун түрү | Балдар үчүн үн бурма электр тиш щёткасы |
| Бренд | Philips |
| Модель | Sonicare for Kids Connected HX6352 |
| Энергия менен камсыздоо | Кайра заряддалуучу литий-иондук батарея, HX6100 заряддагыч |
| Автономдуулук | 2 мүнөттүк 28 щёткалоого чейин (14 күн) |
| Заряддоо убактысы | Толук заряддоо үчүн болжол менен 24 саат |
| Щёткалоо режимдери | Төмөнкү режим (күчү кыскартылган) жана жогорку режим (толук күч) |
| Функциялар | KidPacer (4 зонанын таймери), KidTimer (бүтүү ыры), EasyStart (акырындык менен күчүн арттыруу) |
| Байланыш | Bluetooth (2,4 ГГц, 3 дБм) жана NFC (13,56 МГц, 30,16 дБм) моделге жараша |
| Мобилдик колдонмо | Sonicare for Kids (iOS жана Android) |
| Щётка баштары | Sonicare For Kids, 3 ай сайын алмаштырылышы керек |
| Коопсуздук | 8 жашка чейинки балдар чоңдордун көзөмөлүндө колдонуу; туруктуу кан агуу болсо колдонбоңуз |
| Техникалык тейлөө | Сабын нымдуу чүпүрөк менен тазалоо; ар бир колдонуудан кийин щётка башын чайкоо |
| Кепилдик | Эл аралык кепилдик (брошюраны караңыз) |
| Аксессуарлар | Щётка баштары, заряддоо негизи, чаптама, саякат чехлы (моделге жараша) |
| Кайра иштетүү | Кирет батарейканы кайра иштетүү керек; үй таштандылары менен ыргытпаңыз |
Көп берилген суроолор - Sonicare for Kids Connected HX6352 PHILIPS
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө Sonicare for Kids Connected HX6352 PHILIPS
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз тиш щеткасы PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Sonicare for Kids Connected HX6352 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Sonicare for Kids Connected HX6352 бренддин PHILIPS.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Sonicare for Kids Connected HX6352 PHILIPS
Сатып алуунуз менен куттуктайбыз жана Philips'ке кош келициз! Philips сунуштаган колдоо кызматын толугу менен пайдалануу үчүн өнүмүнүздү
www.philips.com/welcome сайтында каттаңыз.
Маанилүү коопсуздук маалыматы
Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонуңуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маанилүү маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
Эскертүүлөр
- Кубаттагычтарды суудан алыс кармаңыз.
- Тазалап, дубалдагы розеткага туташтыруудан мурун кубаттагыч толугу менен кургак экенин текшерициз.
- Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсө колдоно алышат. Балдар шайманды чондордун көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек.
- Балдар шайман менен ойнобошу керек.
- Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын же керек-жарактарын гана колдонунуз. Ђнүм менен берилген кубаттагычты гана колдонунуз.
- Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлүктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз. Шнуру бузулган болсо, кубаттагычты жаңысына алмаштырыңыз.
-
Кубаттагычтарды эшикте же жылытылган беттердин жанында колдонбонуз.
-Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз. -
Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн арналган.
- Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну токтотунуз. Щётканын башы 3 ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда алмаштырып туруңуз.
- Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
- Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо, ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге кайрылыңыз.
- 2 ай мурун оозунузга же тиш этицизге операция жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун тиш догдурга кайрылыңыз.
- Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын өндүрүүчүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз.
- Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо, аны колдонуудан мурун дарыгерициз менен кеңешиниз.
- Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк жана аны стоматологиялык клиникаларда же мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга болбойт.
Батареянын коопсуздук нускамалары
- Бул шайманда атайын билими бар адамдар чыгара ала турган батареялар колдонулат.
-
Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонунуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түрунө карап, айырмаланышы мүмкүн.
-
Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын жана керек-жарактарын гана колдонунуз. НХ6100 ажыратылуучу камсыздоо блогун гана колдонунуз.
-Өнүмдү 0 °С жана 40 °С ортосундагы температурада гана колдонуп жана сактаңыз. - Онумду жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаңыз.
- Эгерде өнүм адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.
-Өнүмдү жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбонуз. - Өнүмдү же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга аракет кылбаңыз, батарейканы ысып кетүүдөн же уулуу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаңыз, ашыкча заряддабаңыз же ордулар менен алмаштырбаңыз.
- Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра иштетүү бөлүмүн караңыз.
- Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык жардамды издениз.
Сактоо жана таранспорттоо шарттары
Радио жабдууларынын директивасы
Ушуну менен Philips радио жабдык түрү (Bluetooth, NFC) менен камсыздалган электр тиш щеткалары 2014/53/EU Директивасынын негизги талаптарына ылайык келерин жарыялайт.
- Тиешелүү өнүмдөрдөгү Bluetooth радио жыштыгынын интерфейси 2,4 GHz-те иштейт.
- Bluetooth шайманынын максимальдык чыгуу кубаты 3 dBm.
- Тиешелүү өнүмдөрдөгү NFC радио жыштыгынын интерфейси 13,56 MHz-те иштейт.
- Шаймандын чыгарган РЖ максимальдык чыгуу кубаты 30,16 dBm.
ЕБнын шайкештик декларациясынын толук тексти төмөндөгү интернет дарегинен көрсө аласыз:
Эскертме: Ар башка үлгүлөрдүн функциялары айырмаланышы мүмкүн. Айрым үлгүлөр Bluetooth же NFC менен жабдылбашы мүмкүн.
Колдонуу багыты
Sonicare for Kids электр тиш щеткалары тиштеги өңөрдөн жана тамак калдыктарынан четтетүү менен ооздун саламаттыгын жакшыртуу жана ошол деңгээлде кармоого арналган. Sonicare for Kids сериясынын электр тиш щеткалары жеке колдонууга арналган. Балдар чоң кишилердин көзөмөлү астында колдонушу керек.
Philips Sonicare шайманыңыз (1-сүрөт)
1 Кармагыч
2 Батарея көрсөткүчү
3 Күйгүзүү/өчүрүү баскычы
4 Чаптама панели
5 Режим жарыктары менен щёткалоо режиминин баскычы
Аксессуарлар:
6 Щётка башынын капкагы
7 Щётканын баш(тар)ы
8 Кубаттоо негизи
9 Чаптама
10 Жолдо алып жүрүү кутучасы
Эскертме: Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түрунө жараша айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, кээ бир үлгүлөр саякат кутусу менен кошо берилет же Bluetooth менен жабдылат.
Sonicare колдонмосу - Баштоо
Sonicare Kids Колдонмосун жуктөп алып, ден соолукка пайдалуу адаттарды түзүңүз. Колдонмо iOS жана Android (TM) смарт түзмөктөрүнүн кеңири спектрине шайкеш келет.
Эскертме: Эгер түзмөгүңүздө Bluetooth жок болсо, сиз Sonicare for Kids колдонмосун iOS жана Android (TM) смарт түзмөктөрүндө колдонуп, тишти щеткалоонузду онүктүрө бересиз.
Sonicare колдонмосун пайдалануу үчүн:
1 Sonicare for Kids колдонмосун мобилдик түзмөгүнүзгө жүктөп алыңыз.
2 Түзмөгүнүздө Bluetooth күйгүзүлгөнүн текшериңиз.
3 Колдонмону ачып, төменку кадамдарды аткарыңыз.
4 Тиш щёткаңызды колдонмо менен байланыштыруу үчүн күйгүзүү/өчүрүү же щёткалоо режиминин баскычын басуу менен тиш щётканы күйгүзүңүз.
Эскертме: Тиш щётканызды күйгүзгөндө, ал кубаттагычта турбаганын текшерициз.
5 Колдонмо аркылуу ата-эненин башкаруу тактасы үчүн Philips аккаунтун түзүңүз. Микропрограмманы жаңыртып, ақырқы жакшыртууларға жана функцияларға кируүү мүмкүндүгүн алыңыз.
6 Колдонмо автоматтык түрдө тиш щёткасы менен туташат. Эгер тиш щеткасы туташпаса, колдонмодо көрсөтүлгөн бузулууларды аныктап ондоо кадамдарын аткарыңыз.
Эскертме: Тиш щёткаңызды колдонууда аны мобилдик түзмөгүңүзгө жакын кармаңыз. Мобилдик түзмөгүңүз кургак жерде турганын текшериңиз.
Колдонмонун функциялары
Sonicare for Kids колдонмосунда төмөнкү функциялар бар:
- Баланын щёткалоо аракетине көз салуу МУМКУНЧУЛУГУ
- Ата-эненин башкаруу тактасы
- Баланын щёткалоо аракетин көрүү үчүн колдонулат.
- Бала колдонмосуз тазалаганда, сыйлыктарды берүү үчүн колдонулат.
- Щёткалоо жолун улантуу же ондоого кредит beryy yчүн колдонулат.
Баштоо
Сүйүктүү чаптаманы колдонуу

Sonicare For Kids алмаштырылуучу чаптамалар менен коштолот.
1 Сүйүктүү чаптамаңызды сапка колдонунуз.
Эскертме: Чаптамадагы оюктар саптын алдыңкы бөлүгүндөгү баскычтарга дал келерин текшериңиз. Сап таза болушу керек, ошондой эле чаптамалар толук жабышышы үчүн, ортосуна аба киргизбестен, сапка толугу менен басылып турушу керек.
Щётканын башын тиркөө

1 Щётканын башын кылдары кармагычтын бети кайсы тарапты карап турса, ошол жакты карай тургандай кылып тууралаңыз.
2 Щетканын башын тутканын металл сабына карай такалгыча катуу басыңыз.
Эскертме: Щётканын башы менен кармагычынын ортосунда бир аз боштуктун болушу нормалдуу көрүнүш.
Philips Sonicare for Kids тиш щёткаңызды колдонуу
Эзреп Sonicare for Kids тиш щёткаңызды биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, электрдик эмес тиш щётканы колдонгондогудан көбүрөөк дирилдөөнү сезүү нормалдуу көрунүш. Биринчи жолу колдонуп жаткан адамдар көбүнчө аны катуу басышат. Акырын гана
басып, тиш щёткаңызга өз алдынча тазалоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Шайманды туура иштетүү учүн төмөнкү нускамаларды аткарыңыз. Жаңы Sonicare for Kids тиш щёткасын пайдалануунңузга жардам берүү учүн EasyStart функциясы иштетилген болот. Philips Sonicare for Kids тиш щёткасы менен тазалоого көнүүңүзгө жардам берүү учүн бул функция щётканы алгачкы 14 жолу иштетүүңүздө кубатты ақырын жогорулатат.
Эскертме: 8 жашка чейинки балдар үчүн, тишти щеткалоо учурунда анын ата-энеси же эрезеге жеткен камкорчусу жардам бериши керек.
Щеткалоо боюнча нускамалар

1 Кылын суулап, тиш пастасын азыраак өлчөмдө сыгып алыңыз.
2 Тиш щеткасынын кылдарын тиштерге кичинекей бурч менен (45 градус) жайгаштырыңыз. Кылдар тиш этинин сызыгына же бир аз астына жеткидей кылып акырын басыңыз.
Эскертме: Щетканын ортосу ар дайым тишинизге тийип турушу керек.
3 Philips Sonicare шайманын күйгүзүү үчүн күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.

4 Кылдарды тишке жана тиш этинин линиясына акырын коюнуз. Кылдар тиштердин ортосуна чейин жетиши үчүн, тишиңизди бир аз арткаалдыга багытталган кыймылдар менен щёткалаңыз. Мындай кыймылды щёткалоо цикли боюнча аткарыңыз.
Эскертме: Кылдары бир аз жайылышы керек. Муну менен тишиңизди кол менен иштете турган тиш щёткасындай тазалабаңыз.
5 Алдыңкы тиштин ички беттерин тазалоо үчүн щётканын туткасын жарым тик кылып эңкейтип, арбир тишке өйдө-ылдый кайчылаш кыймылдарды жасаңыз.
6 Щёткалоо циклин бүткөндөн кийин, кошумча убакыттын ичинде тиштин кошумча көңүл буруу керектелген жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүруүп же күйгүзүүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот.
Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткаңызды бириктируүүү кашаалар коюлган (щётканын баштары бириктируүүү кашааларга колдонулганда тезирээк эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба, коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз болот (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген болсо).
KidPacer

flowchart
graph TD
A["①"] --> B["②"]
B --> C["③"]
C --> D["④"]
D --> E["③"]
style A fill:#f9f,stroke:#333
style B fill:#f9f,stroke:#333
style C fill:#f9f,stroke:#333
style D fill:#f9f,stroke:#333
style E fill:#f9f,stroke:#333
Ооз көндөйүнүздү жакшы щеткалоо үчүн KidPacer функциясынын жардамы менен оозду 4 бөлүккө бөлүңүз. KidPacer щеткалоо убактысын 4 бирдей бөлүккө бөлүп, кийинки аймакка качан өтүү керек экенин көрсөтөт. Бөлүкчөлөр кыска мелодия менен көрсөтүлөт. Тиш щеткасы тишти тазалоо сессиясынын аягында автоматтык түрдө куттуктоочу мелодия менен токтойт.
Эскертме: Балаңызга тиш щеткасы куттуктоочу мелодия чыгып жана тиш щеткасы өчкүчө тишти щеткалоосун айтыңыз.
Режимдер
Төмөн режим Жогорку режим
| Артыкчылык Кичинекей балдардыүн чыкканына үйрөтүүжана аны менентааныштыруу үчүнкубаттуулуктуназайтылган режимиколдонулат. | Толук күчтөгү режимчонураак/көзкарандысыз адамдарүчүнарналган. | |
| Сунушталган щеткабашы | Sonicare for Kids Sonicтиш щёткасынын башы | Sonicare for Kids Sonicтиш щёткасынын башы |
| Жалпы тиштитазалоо убактысы | 2 мүнөт (KidTimer’дикөрүү) | 2 мүнөт |
| Кантип тиштитазалоо керек | ![]() | ![]() |
Функциялар
- KidPacer
- KidTimer
- EasyStart
KidPacer
KidPacer - бул балаңыздын оозун 4 бөлүкке бөлүп, тегиз тазалоого жардам берген интервал таймери.
KidTimer
- Алдын ала аныкталган щёткалоо убакытынын
аягында KidTimer куттуктоочу мелодияны ойнойт.
Мындан тышкары, щёткалоо цикли буткөндөн кийин KidTimer сапты автоматтык түрдө өчүрөт. - Жогорку режимде KidTimer 2 мүнөткө коюлат.
- Төмөнкү режимде KidTimer 1 мүнөткө коюлуп, бара-бара акырындан жогорулайт. Щёткалоо убакытынын акырындан жогорулашы кичинекей балдарга тиш догдурлар сунуштаган 2 мүнөттүк щёткалоо процессин аткарууга жардам берет.
Эскертме: Балаңызга тиш щеткасы куттуктоочу мелодия чыгып жана тиш щеткасы өчкүчө тишти щеткалоосун айтыңыз.
EasyStart
Бул Philips Sonicare модели EasyStart функциясы иштетилген бойдон берилет. EasyStart функциясы Philips Sonicare менен щёткалоого көнүүңүз үчүн алгачкы 14 щёткалоодо күчтү акырын жогорулатат.
Эскертме: EasyStart жүгүртүү циклинен туура өтүү үчүн биринчи 14 щёткалоонун ар биринин узактыгы 1 мүнөт болушу керек.
EasyStart'tы өчүрүүгө («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү»).
Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү
EasyStart функциясын иштетип же өчүрө аласыз:
1-кадам: Кармагычты кубаттагыч блогунун устүнө коюңуз.

Эгер 1 сигнал угулса, EasyStart функциясы өчүрүлгөнүн билдирет.
ЖЕ
Эгер 2 сигнал угулса, EasyStart функциясы иштетилгенин билдирет.
З-кадам: Сигналды укканыңызда кубат баскычын коё бериңиз.
Эскертме: Easy-start функциясын баштапкы иштеп баштоо мезгилинен кийин колдонуу сунушталбайт
жана Sonicare'дин өңөрдү кетируүүдө натыйжалуулугун төмөндөтөт.
Кубаттоо жана батареянын абалы
Philips Sonicare for Kids тиш щёткасы толук кубатталып турганда ар бири 2 мүнөткө созулган 28 щёткалоо сеансын (кеминде) көрсөтүүгө арналган (күнүнө эки жолу колдонулганда 14 күн). 2 мүнөттүк щёткалоо сеансын бүткөндө, щетканы тындырганда же кубаттап жатканда, батарея көрсөткүчү анын абалын көрсөтүп турат.
Эскертме: Биринчи жолу колдонгондон мурун батарея 24 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз.
Кубаттагычта кубаттоо
1 Кубаттагычты электр розеткасына сайыңыз.
2 Кармагычты кубаттагычтын устүне коюңуз.
- Сап туура коюлганын ырастоо учүн саптан 2 кыска сигнал чыгат.
- Батарея индикаторунун өчүп-жанган жарыгы тиш щёткасынын кубатталып жатканын көрсөтөт.
- Сап кубаттагычта толук кубатталгандан кийин батареянын индикатору 10 секунд жашыл болуп күйүп, андан кийин өчөт.
Батареянын абалы
Батареянын абалы (кубаттагычка туташтырылган сап)
Туткасы кубаттагычка коюлганда, батареянын көрсөткүчү батареянын деңгээлин көрсөтөт.
Батареянын абалы Батарея көрсөткүчү
Кубатталууда Жашыл түсте бүлбүлдөйт.
Толук 10 секунд бою жашыл түстө
туруктуу күйүп, анан өчөт.
Батареянын абалы (кармагыч кубаттагычка жайгаштырылбай турганда)
Тиш щёткасы күйүп турганда, кубат баскычтарынын устүндөгү батарея индикатору батарея деңгээлин көрсөтөт.
Батареянын абалы Батарея көрсөткүчү Добушу
| Толук Жашыл түстө күйөт - | ||
| Төмөн Жашыл түстө | булбулдөйт | Щетка менен тазалагандан кийин туткадан 3 сигнал чыгат |
| Бош Жашыл түстө | булбулдөйт | Щетка менен тазалагандан кийин туткадан 2 топтом сигнал чыгат |
| Эскертме: Колдонулбай турганда энергияны үнөмдөө үчүн батареянын жарығы өчөт. | ||
| Эскертме: Батарея толугу менен бош болгондо, тиш щётка өчөт. Щетканы кубаттагычка жайгаштырып, кубаттаңыз. | ||
| Эскертме: Батареяны ар дайым толук кубатталган бойдон кармап туруу үчүн, тиш щеткаңызды колдонбогондо кубаттагычта кармасаңыз болот. | ||
Тазалоо
Тиш щёткасынын кармагычы

1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин аймагын жылуу суу менен чайкаңыз. Тиш пастасынын калдыктарын тазалаңыз.
Көңүл буруңуз: Металл валдын резина пломбасын курч нерселер менен түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн.
2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме менен аарчицыз.
Эскертме: Ашыкча сууну чыгаруу үчүн кармагычты раковинага таптабаңыз.
Щётканын башы

1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын жана кылдарын чайкаңыз.
2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып, щётканын башынын байланышын кеминде аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап туруңуз. Саякат кабын зарылчылыкка жараша тез чайкап туруңуз.
Кубаттагыч
1 Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз.
2 Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.
Жолдо алып жүрүү кутучасы
Жолдо алып жүрүү кутучанын ичин тазалоо үчүн аны жылуу сууга чайкап, нымдуу чүпөрөктү колдонунуз.
Сактоо
Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсонуз, аны электр розеткасынан ажыратып, тазалап, түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.
алмаштыруу
Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн Philips Sonicare щётка баштарын 3 ай сайын алмаштырып туруңуз. Sonicare for Kids шайманынын алмаштырылуучу щётка баштарын гана колдонунуз.
Улгү номери көрсөтүлгөн жер
Улгу номерин (НХ63XX) Philips Sonicare кармагычынын түбүнөн караңыз.
Кепилдик жана колдоо
Маалымат же колдоо алгыңыз келсе, www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык кепилдик баракчасын окунуз.
Кепилдик эмнени каптабайт:
- Ооз тиркемелеринде, анын ичинде щетка баштары жана саптамалар.
- Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн же тиш щётканын баштарын колдонуудан келип чыккан бузулуу.
- Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген ондоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.
- Кадимки эскируу, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.
Кайра иштетүү

- Бул символ электрикалык өнүмдөр менен батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытууга болбостугун билдирет.
- Электрдик жана электрондук өнүмдөрдү жана батарейкаларды өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө чогултуңуз.
Шайманды утилизациялоодо ага алдын ала орнотулган кайра кубатталуучу батареяны квалификациясы бар адис гана чыгарышы керек. Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты толугу менен түгөнгөнүн текшерициз.
Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу
Шайманды утилизациялоодо ага алдын ала орнотулган кайра кубатталуучу батареяны квалификациясы барадис гана чыгарышы керек.
Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты толугу менен түгөнгөнүн текшериңиз.
Шайманды ачаарында куралдарды колго алганыңызда жана кайра заряддалуучу батарейканы жок кылганыңызда этият болунуз.
Көз, кол, манжаларыңызды жана сиз иштеп жаткан бетти коргонуз.
Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.
Батарейкалардын ачып салынгандан кийин кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.
Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу үчүн учу жалпак (стандарттуу) отвёртка керек. Төмөндө көрсөтүлгөн процедураны аткарганда негизги коопсуздук чараларын сактаңыз.
1 Кайра кубатталуучу батареянын кубатын толугу менен түгөтүү үчүн анын сабын кубаттагычтан чыгарып, Philips Sonicare for Kids шайманын күйгүзүп, ал токтогонго чейин иштете берициз. Philips Sonicare for Kids күйбөй калганга чейин ушул кадамды кайталаңыз.
2 Щётканын башын чыгарып, утилизациялаңыз.
3 Отвёртканы саптын түбүндөгү жылчыкка киргизип, ылдыйкы капкак менен саптын ортосунда боштук көрунгөнгө чейин сааттын жебесине каршы бураңыз.
4 Отвёртканы боштукка киргизип, ылдыйкы капкакты саптан чыгарыңыз.

5 Саптын ички компоненттерин бошотуу учүн сапты ылдый каратып, валды басыңыз.
6 Отвёртканы батарея туташууларынын жанындагы схема платасынын астында киргизип, туташууларды үзүү үчүн бураңыз. Схема платасын чыгарып, батареяны пластик ташыгычтан чыгарыңыз.
7 Экинчи металл батареянын тилчесин сындыруу учүн батареяны кармап, ички курамчалардан тартып алыңыз.
Көңүл буруңуз: Манжаларыңыз жаракат алып калбашы үчүн, батарея тилчелеринин учтуу кырларынан этият болунуз.
8 Батареяда калып калган кубаттан келип чыгуучу электрдик туташуунун алдын алуу үчүн батареянын тиймектерин тасма менен каптаңыз.
Эми кайра кубатталуучу батареяны кайра иштетүүгө болот, ал эми өнүмдүн калган бөлүгүн тийиштүү түрдө утилизациялоо керек.
Эскертме: Колдонуу мөөнөтү аяктаганда шайманды кадимки тиричилик таштандылары менен бирге ыргытпаңыз, аны кайра иштетүү үчүн расмий чогултууучу жайга тапшырыңыз. Муну менен сиз айлана-чөйрөнү сактоого жардам бересиз.
Вовед
Толык Жасыл болып жанады -
Төмен Жасыл болып
жыпылықтайды

