WEQ 1400125 - майдалагыч METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз WEQ 1400125 METABO PDF форматында.
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз майдалагыч PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз WEQ 1400125 - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. WEQ 1400125 бренддин METABO.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ WEQ 1400125 METABO
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы Түрү жана сериялык номери аркылуу белгиленген бул жылмалоочу машина төмөнкүлөргө жооп берерин биз өзүбүздүн жеке жоопкерчилигибиз менен жарыялайбыз: *1), директиванын бардык жоболоруна *2) жана нормаларына *3). техникалык документтерге *4) – 3-беттен карагыла. Metabo фирмасынын түпнуска толуктоочу тетиктери менен жылмалоочу машинанын комплектиси жылмалоого, барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу станоктордо колдонууга, зымдуу щеткалар менен колдонууга жана металлды, бетонду, ташты жана ага окшогон материалдарды суу колдонбостон алмаздуу тегерек менен кесүүгө багытталган. Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик
Кокустук кырсыктарды болтурбоо үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек. Өзүңүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз! КӨҢҮЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо үчүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз. ЭСКЕРТҮҮ – Бул электр шайманы менен кошо келген техникалык коопсуздук боюнча бардык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана спецификацияларды окуп чыгыңыз. Нускамалардын баарын окубагандан электр соккусу, өрт чыгышы жана/ же олуттуу жаракат алуу келип чыгышы мүмкүн. Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап
Башкаларга электр инструментиңизди берүүдө, анын бардык бул документтери менен кошо
4.1 Жылмалоо учурунда, жылмалоочу
наждак кагазы, зым щёткалары же бөлүүчү түйүмдөрү менен иштөөдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр: a) Бул электрокаражат жылмалоо, жылмалоочу наждак кагазы, зым щёткалары же бөлүүчү түйүмдөрү менен иштөө же тешүү үчүн колдонулат. Каражат менен чогуу алган коопсуздук техникасы, нускамалар, көрүнүштөр жана маалыматтар боюнча бардык көрсөтмөлөрдү окуп чыгыңыз. Эгер сиз төмөндө көрсөтүлгөн коопсуздук эрежелерин сактабасаңыз электр тогу менен жабыркооңуз, оор жаракат алууңуз же өрт чыгуусу мүмкүн. b) Бул электр шайманы сайкалдоо үчүн багытталган. Электр шайманын максатынан башка багытта колдонуу кооптуу абалга же жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. c) Электр шайманын атайын иштелип чыкпаган жана анын өндүрүүчүсү тарабынан иштелип чыкпаган функция үчүн колдонбоңуз. Мындай кайра түзүү иш аракеттери башкарууну колдон чыгарууга же жеңил дене жаракаттарына алып келиши
d) Ушул каражаттын өндүрүүчүсү атайын сунуштабаган жана өндүрбөгөн коюлуучу бөлүктү колдонбоңуз. Андай толуктоочу тетиктер электр шайманына орнотулса да, коопсуз иштешине кепилдик бербейт. e) Инструменттин коюлучу бөлүгүнүнүн айлануу ылдамдыгы электр каражатында көрсөтүлгөн максималдуу ылдамдыктан кем болбошу керек. Инструменттин коюлучу бөлүгү көрсөтүлгөн ылдамдыктан тез айланса сынып же ыргып кетиши мүмкүн. f) Коюлуучу бөлүктүн сырткы диаметри жана калыңдыгы сиздин электр каражатыңыздын өлчөмүнө туура келиши керек. Ченем маалыматы туура эмес шаймандар жетишсиз майланган же толук көзөмөлдөнбөгөн болушу
g) Коюлуучу бөлүктүн бекемдөөчү бөлүгү электр каражаттын бекемдөөчү шаймандардын өлчөмүнө туура келиши керек. Электро шайманга сырттан коюлуучу бөлүк туура эмес орнотулса, ал бирдей эмес айланып, өтө катуу дирилдеп башкаруунун жоголушуна алып келиши мүмкүн. h) Бузулган коюлуучу каражаттарды колдонбоңуз. Ар бир колдонуу алдында жылмалоочу тегерек сыяктуу шаймандардан кетик жана жаракаларды, колодкалардан жаракаларды, жешилгендигин же желип бүткөндүгүн, зымдуу щеткалардан жумшарган же үзүлгөн зымдардын жоктугун текшерип алуу керек. Эгер элекр шайманы же иш шайманы кулап түшсө, анын зыянга учурабагындыгын текшерүү же бузулбаган шайманды колдонуу керек. Текшерүү жүргүзүлүп, иш шайманы ишке киргизилгенден кийин, операторду жана анын жанындагыларды
1. Шайкештиги тууралуу
2. Багыты боюнча колдонуу
3. Техникалык коопсуздуктун
4. Техникалык коопсуздук
боюнча өзгөчө эрежелерКЫРГЫЗЧАky
айланып жаткан иш шайманынан алыс кармап, шайманды бир мүнөт бою толук ылдамдыкта иштетүү зарыл. Жабыркаган коюлуучу бөлүктөр тестирлөө убагында сынып калышы мүмкүн.
i) Коргоочу жеке каражаттарын кийиңиз.
Колдонулган жабдууга жараша, бетти коргоочу беткап, көздү коргоо каражаттарын же коргоочу көз айнек кийүү керек. Керек учурларда чаңдан коргоочу беткап, коргоочу наушник, коргоочу мээлей же абразивдин жана материалдын майда бөлүкчөлөрү колдонуучудан алыс болушу үчүн атайы алжапкыч кийүү зарыл. Ар кандай жумуштун натыйжасында пайда болуп, ыргып жаткан сыныктардан көздү коргоо керек. Чаң беткабы же респиратор колдонуу учурунда пайда болгон чаңды чыпкалашы керек. Эгер машинаны колдонуучулар узак убакыт бою ызы-чууга дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу пайда болот. j) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш аймагына кирген адамдардын баары жеке коргоо каражаттарын кийиши керек. Даярдама материалдын бөлүкчөлөрү же сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан да жаракат алуу мүмкүн. k) Иш шайманы көрүнбөгөн электр өткөрүү линияларына же өзүнүн кубаттоочу шнуруна тийип кете турган жумуштарды жасап жатканда, электр шайманын корголгон туткасынан гана кармаңыз. Инструменттин кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу инструменттин бөлүгү аркылуу электр инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуу күч берип, ал электр тогуна урундурушу мүмкүн. l) Тармак кабелин айлануучу каражаттарданалыс кармаңыз. Шайманды башкаруу жоготулса, кубаттоо шнуру үзүлүп же оролуп калып, колуңуз менен айланып жаткан шайманды кармап алышыңыз мүмкүн. m) Коюлуучу бөлүк толук айланып бүткүчөктү электр шайманды эч качан койбоңуз. Айланып жаткан иш шайманы бир нерсеге тийип кетип, электр шайманын башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн. n) Электр каражаты иштеп турган учурда көтөрүп жүрбөңүз. Айланып жаткан иш шайманына кокус тийип кетсе, оператордун кийими оролуп калып, шайман оператордун денесин тешип кетүү коркунучу жаралат. o) Электр шайманынын аба айлануучу көзөнөгүн тез-тез тазалап туруңуз. Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска чаңды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе, электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн. p) Электр каражатын күйүүчү заттардын жанында колдонбоңуз. Учкундар материалдарды күйгүзүшү мүмкүн. q) Муздатуу үчүн суюк каражаттарды талап кылган коюлуучу бөлүктөрдү колдонбоңуз. Суу же башка муздатуучу суюктуктарды колдонуу электр соккусуна урунууга алып келиши мүмкүн.
4.2 Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы
боюнча тиешелүү нускамалар Жабылуу бул айланып жаткан жылмалоочу бөлүктүн жабылып калуусу, жылмалоо диски, жылмалоо табакча, зым щеткалары ж.б. сыяктуу, кысылып калуусунун натыйжасындагы күтүлбөгөн реакция болуп саналат. Бир нерсе такалып же туруп калса бөлүктүн иштөөсүнүн токтотуусуна алып келет. Натыйжада, башкарылбай калган электр шайманы бөгөттөлгөн чекиттен коюлма шаймандын айлануу багытына каршы ылдамдап айланат. Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчылып калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма материалга кирип турган чети бөгөттөлүп калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине себеп болушу мүмкүн. Андан соң, бөгөттөлгөн чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша жылмалама тегерек оператор тарапка же ага карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн. Жабылуу электр шайманды туура эмес колдонуудан улам жана/же иштөөнүн туура эмес шарттарынан улам келип чыгат. Төмөндө көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары аркылуу анын алдын алууга болот. a) Электр шайманын бекем кармоо керек жана оператор өз денеси менен колдорун тээп кетүүгө жол бербегидей абалда кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү учурундагы реакция моменттерин болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым кошумча туткасын да колдонуңуз. Оператор тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат. b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына жакын кармоого тыюу салынат. Тээп кеткенде шайман оператордун колуна тийип калышы мүмкүн. c) Шайман контролдон чыгып кеткен учурда жаракат алуудан абайлаңыз жана алыс туруңуз. Тетиктердин электр шайманына бекем орнотулушу шаймандын коопсуз иштешине кепилдик бербейт. d) Бурчтарды жана башка учтуу жерлерди жылмалоодо, кесүүдө өзгөчө сак болуңуз. Айланып жаткан бөлүк бурчтарга же башка учтуу нерселерге кармалып калып шаймандан чыгып ыргып кетиши мүмкүн. Бул башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет. e) Каражаттын сегменттелген, аралыгы 10 ммден көп болгон тиштүү лезвиесин даракты кесүү үчүн колонбоңуз. Мындай каражаттар негизинен контролдун жоголушуна алып келиши мүмкүн.КЫРГЫЗЧА ky
4.3 Жылмалоо жана кесип жылмалоо
учурундагы коопсуздук техникасы боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: a) Бир гана сатып алган электр шайманы үчүн уруксат берилген жылмалоо машиналарын жана ушундай жылмалоо машиналары үчүн жасалган коргоо капкагын колдонуу керек. Электр шайманына арналбаган абразивдер жетиштүү түрдө тосулбагандыктан, кооптуу болушат. b) Чыканактуу жылмалоочу тегеректерди жылмалоочу катмары коргоочу каптаманын тегиздигинен ашпагыдай кылып орнотуу зарыл. Жылмалоочу диск туура эмес орнотулса (коргоочу капкагынын тегиздигинен чыгып турса) толук экрандана албайт. c) Коргоочу бөлүгү шайманга толугу менен туура коопсуз болуп орнотулушу керек, колдонуучуга жылмалоосу корпустун бөлүгү көрүнүп турушу керек. Коргоочу каптама операторду таштандыдан коргоого, абразивдүү материалдын жана кийимди күйгүзө турган учкундардын кокустан тийип кетишинен сактоого жардам берет. d) Жылмалоочу тегеректерди сунушталган жумуштарга гана колдонууга болот. Мисалы: жылмалоо дисктин каптал бетин эч качан жылмалабаңыз. Кесүүчү жылмалоо тегеректери материалды дисктин четинен жоготууга арналган. Бул жылмалоочу тегеректерге капталынан күч келтирилгенде алар сынып калышы мүмкүн. e) Тандалган жылмалоочу тегерекке туура өлчөмдөгү жана формадагы, бүтүн кыпчытма фланецтерди колдонуу керек. Чак келген фланецтер жылмалоочу тегеректи бекемдеп, кесүүчү жылмалоо тегерегинин сынып кетүү коркунучун азайтат. Кесүүчү тегеректер үчүн лезвиелер башка жылмалоочу тегеректердин фланецтеринен айырмаланышы
f) Күчтүүрөөк электр шаймандарында жешилген жылмалоочу тегеректерди колдонууга болбойт. Күчтүүрөөк электр шаймандарынын жылмалоочу тегеректери кичине электр шаймандарынын жогорку ылдамдыгына дайындалган эмес жана сынып калышы мүмкүн. g) Эки милдетти аткаруучу дисктерди колдонууда дайыма коргоочу чехолду да колдонуңуз. Коргоочу чехолду туура эмес колдонууда каалаган экрандаштырууну өткөрүп жиберүүсүнө жана оор жаракаттарды алып келиши мүмкүн.
4.4 Кесип жылмалоодогу коопсуздук
техникасы боюнча кошумча өзгөчө нускамалар: a) Кесүүчү дисктин бөгөттөлүшүн же ашыкча контакт басымынын алдын алуу сунушталат. Өтө терең кесүү сунушталбайт. Кесүүчү дискке ашыкча күч келтирилгенде, анын чыңалуусу көбөйүп, кыпчылууга же бөгөттөлүүгө ыктуу болуп калгандыктан, тээп кетүү же абразивдүү сынуу мүмкүнчүлүгү пайда
b) Айланып жаткан кесүүчү тегеректин алдына же артына жайгаштырууга болбойт. Эгер оператор кесүүчү дискти өзүнөн даярдалма материалды көздөй жылдырса, диски айланып жаткан электр шайманы тээп кеткенде операторду көздөй жылышы мүмкүн. c) Эгерде кесүүчү диск такалып калса же сиз иштөөсүн токтотсоңуз, диск айланып бүткүчөктү шайманды кыймылсыз колуңузда кармап туруңуз. Иштеп жаткан кесүүчү дөңгөлөктү эч качан чыгарууга аракет кылбаш керек. Болбосо, тээп кетиши мүмкүн. Кыпчылуунун себебин аныктап, жоюу
d) Электр шайманы даярдалма материалда турганда аны күйгүзүүгө болбойт. Кесүүнү улантуудан мурун лезвие толук ылдамдык алгыдай кылыш керек. Болбосо диск кыпчылып калып, даярдалма материалдан бошоп же тээп кетиши мүмкүн. e) Кесүүчү диск кысылып калгандыктан тээп кетүү коркунучун азайтуу үчүн пластина жана чоң даярдалма материалдарга тирөөч коюу керек. Ири даярдалма материалдар өз салмагынан улам ийилиши мүмкүн. Иштелип жаткан деталь дисктин эки жагына, кесүү сызыгына да, четки сызыктарга да, тең такалышы керек. f) Турган дубалдарда же башка көрүнбөгөн аймактарда тереңдетип кесүү учурунда өзгөчө кылдат болуу зарыл. Газ жана суу түтүктөрүн, электр зымдарын же башка объекттерди кесип жатканда сууланган кесүүчү диск тээп кетиши мүмкүн. g) Ийри кесүү жасабаңыз. Кесүүчү дискти тынымсыз жана өтө көп колдонуудан анын иштөөсү начарлап, туура эмес иштеп, жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
4.5 Жылмалоодогу коопсуздук техникасы
боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: a) Жылмалоочу листтердин өлчөмүн туура колдонуңуз жана өндүрүүчү көрсөткөндөй туура тандоо керек. Жылмалоочу лезвие жылмалоочу коргоочу пластинадан чыгып турса коллдонуучуга зыян алып келиши жана башка нерселерге , иштөөсүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.
4.6 Зымдуу щеткалар менен иштөөдөгү
коопсуздук техникасы боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: a) Кадимки колдонууда зымдуу щетка зым үзүктөрүн жоготоруна көңүл буруу керек. Ашыкча кысуу басымынан улам зымдарга күч келтирбеш керек. Зымдын ыргыган кесиндилери жука кийимди жана / же терини көзөп өтүшү мүмкүн. b) Эгер коргоочу капкакты колдонуу сунушталса, коргоочу капкак менен зымдуу щетка бири-бирине тийбеши керек. Пластина түрүндөгү же чөйчөктүү щеткалардын контактКЫРГЫЗЧАky
басымынан жана борбордон качма күчтөн улам диаметри чоңойушу мүмкүн.
4.7 Коопсуздук боюнча кошумча
көрсөтмөлөр: ЭСКЕРТҮҮ – Ар дайым коргоочу көз айнек кийүү зарыл. Коргоочу кулак тыгындарын колдонуңуз. ЭСКЕРТҮҮ – Электрокуралды ар дайым эки колуңуз менен колдонуңуз. Жылмалоонун корогоочу чехолун башка кызматтар үчүн колдонбоңуз. Кесүүчү дисктерди колдонууда коопсуздук үчүн тиешелүү коргоочу бөлүктөрүн колдонуңуз. Сегменттелген кесүүчү тиштери 10 ммден чоң болгон тиштерди колдонбоңуз. Сегменттерди кесүү үчүн тескери бурчтагы тиштер гана колдонулушу керек. Байланышкан кесүүчү дисктерди алар күчөгөн убакта гана колдонуңуз. Ийкемдүү прокладкалар абразив менен берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды колдонуу керек. Шаймандын же аксессуардын маалыматына баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана соккудан сактоо керек! Коюлуучу бөлүктөр сөзсүз түрдө өндүрүүчү сунуштаган көрсөтмө боюнча сактоо жана текшерүүдөн өтүп туруу керек. Кесүүчү дисктерди эч качан кара жылмалоо үчүн же кабырчактарды алуу үчүн колдонбоңуз! Кесүүчү дисктин каптал тарабына күч келтирбөө
Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар менен. Ири даярдалма материалды талаптагыдай тиреп коюу керек. Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса, шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын көзөнөгүнө тийбеши керек. Иш шайманындагы сай шпинделдин узундугуна дал келгидей болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш шайманындагы сай шпинделдеги сайга дал келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы боюнча маалыматты 3-беттен жана 14. Техникалык маалымат бөлүмүнөн караңыз. Туура келген стационардык тузүлүштү колдонуу сунушталат. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максималдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек. Жылмалоочу машина агып чыкма токтон коргоочу автомат тарабынан өчүрүлгөндө, шайманды текшерип, тазалоо керек. «Тазалоо» 9. бөлүмүн караңыз. Сынган, тегерек эмес же титиреген шаймандарды колдонууга болбойт. Газ же суу түтүктөрүн, электр зымдарын жана көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан сактануу керек. Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө алдында вилканы розеткадан сууруш керек. Metabo S-automatic сактагыч муфтасы (WQ 1100-125, WEQ 1400-125 гана). Сактагыч муфтасы иштеп кетсе, шайманды дароо
Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт. Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт. Бул электр шайманы сайкалдоо үчүн багытталган эмес. Шайман максатына ылайыксыз колдонулса, кепилдиктин мөөнөтү бүтөт! Кыймылдаткыч ысып, электр шайманы болсо бузулуп калышы мүмкүн. Сайкалдоо үчүн биздин компаниянын бурчтуу сайкалдагычын колдонууну сунуштайбыз. Майда даярдалма материалды бекитип коюу керек. Мисалы, аларды тиск менен кыпчытуу
Фланц дисктерин эки түрдүү (кесүүчү жылмалоочу жана жылмалоочу) колдонсо, коргоочу капкактарын А жана С типтерине гана колдонууга болот. Бул бөлүмдү караңыз: 11. Коргоочу чехолун туура колдонуу: Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүнө жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсү мүмкүн. Туура эмес колдонуунун мисалдары: - А тибиндеги коргоочу бөлүктү колдонууда жылмалоочу же кесилүүчү нерселер, бири- бирине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ал болсо өз учурунда башкаруунун жоголушуна алып
- В тибиндеги коргоочу бөлүктү кесүүчү диск менен чогуу колдонууда от учкундары чыгуусу жана диск сынса анын сыныктары чачырашы
- А, В, С тибиндеги коргоочу бөлүктү кирпич жана бетонду кесүүдө колдонууда өтө көп чаң чыгышы жана күчтүү кайра кайтуу күчү чыгышы мүмкүн. - А, В, С тибиндеги коргоочу бөлүктү, уруксат берилген калыңдыктан калың тазалоочу щетка менен колдонууда ал коргоочу бөлүк менен тийишип, зымдардын жарылуусуна алып келиши мүмкүн. Дайыма шайманга туура келүүчү коргоочу чехолду колдонуңуз. Бул бөлүмдү караңыз: 11. Чаңдын чыгышын азайтуу: ЭСКЕРТҮҮ - Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу станокторду колдонгондо, жылмалоодо, аралоода, көзөөдө жана башка жумуштарда пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса кемтик жана репродуктивдүү функциянын башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык заттардын айрым мисалдары: - коргошундуу боёктон чыккан коргошун,КЫРГЫЗЧА ky
- кирпичтен, цементтен жана башка тизүү материалдарынан чыккан минералдуу чаң
- химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан мышьяк жана хром. Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч операторлор мындай жумушту канчалык көп аткарганына жараша айырмаланат. Бул химикаттардын таасирин азайтуу үчүн жакшы аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо каражаттары, мисалы, микроскоптук бөлүкчөлөрдү чыпкалоо үчүн атайын иштелип чыккан чаңдан коргоочу беткаптар менен иштөө
Бул башка материалдардын да чаңына тиешелүү, мисалы, дарактын айрым түрлөрү (дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар, асбест. Башка кеңири тараган ооруларга аллергиялык реакциялар, дем алуу органдарынын оорулары кирет. Бөлүкчөлөрдү оператордун организмине киргизбеш керек. Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин түрү боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде белгиленген нускамаларды жана улуттук эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча эрежелерди) сактоо керек. Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек. Иштин ар бир түрүнө ылайыктуу аксессуарларды колдонгула. Аны менен айлана-чөйрөгө бөлүкчөлөр азыраак чаңдалат. Чаңды кетирүү үчүн тийиштүү чаң соргучтарды колдонгула. Чаңдын зыян таасирин төмөндөткүлө: - пайда болгон зыян бөлүкчөлөрдүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чаңга багыттабагыла, - аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула, - Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чаңды кайра көтөрөт. - Коргоочу кийимди атайын чаң соргуч менен тазалап же жууш керек. Үйлөбө, чаппа жана щетка менен тазалаба. 2-бетти кара. 1 M-Quick кыпчытуучу гайкасы * 2 Тирөөчү фланец * 3 Шпиндель 4 Шпинделди бөгөттөөчү баскыч 5 Өчүрүүчү / күйгүзүүчү сыдырма которгуч * 6 Тутка 7 Ылдамдыкты тууралоочу дөңгөлөк * 8 Басма которгуч * 9 Күйгүзүүнү бөгөттөгүч * 10 Көмөкчү тутка 11 Коргоочу капот 12 Эки бекитме көзөнөктүү гайка * 13 Эки көзөнөктүү ачкыч * 14 Кыпчытма гайка (шаймансыз) * 15 Кыпчытма гайканы (шаймансыз) кол менен тарттыруучу / бошотуучу кыпчытма * 16 Кыпчытма винт * 17 Кыпчытма шакекче * 18 Коргоочу каптаманы бекитүүчү рычаг
- моделге жараша / жеткирүү көлөмүнө кирбейт Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган чыңалуусу жана жыштыгы сиздин кубат жеткирүүңүздүкүнө туура келерин тактаңыз. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максималдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек.
6.1 Кошумча тутканы орнотуу
Кошумча тутка тагылган абалда гана иштөө (10) керек! Кошумча тутканы машинанын сол же оң жагына буроо.
6.2 Коргоочу каптаманы орнотуу
Коопсуздукту сактоо максатында каражатка туура келүүчү атайын чыгарылган коргоочу чехолду колдонуңуз! Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүнө жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсү мүмкүн. 11. Аксессуарлар бөлүмүн да караңыз! W 750-100, W 750-115, W 750-125, W 850-100, W 850-115, W 850-125, WP 850-115, WP 850-125, WEV 850-115, WEV 850-125, W 900-115, W 1100- 115, W 1100-125 : 2-бет, C сүрөтүн караңыз. - Коргоочу каптаманын кыпчытма шакекчеси (17) жетиштүү өлчөмдө кеңейгидей кылып кыпчытма винтти (16) бошотуңуз. - Коргоочу капотту (11) көрсөтүлгөн абалда
- Коргоочу капкакты жабык аймагы колдонуучуну карап тургудай кылып буруңуз. - Кыпчытма винтти (16) бекем бураңыз. Бекем отургандыгын текшериңиз: коргоочу капкак (11) тегеренбеши керек. WP 1100-115, WQ 1100-125, WEQ 1400-125: 2-бет, D сүрөтүн караңыз. - Рычагды (18) басып, кармап туруңуз. Коргоочу капотту (11) көрсөтүлгөн абалда орнотуңуз. - Рычагды коё берип, ал токтоп калгыча коргоочу капкакты бураңыз. - Рычагды тартып, коргоочу капкакты жабык аймагы колдонуучуну карап тургудай кылып
- Бекем отургандыгын текшериңиз: рычаг оюкка кирип, коргоочу капкак тегеренбеши керек.
6. Ишке киргизүүКЫРГЫЗЧАky
Коргоочу капоттон кеминде 3,4 мм чыгып турган иш шаймандарын гана колдонуу керек. Кайра жабдуу иштеринин алдында: кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуу зарыл. Станокту өчүрүп, шпинделди токтотуу
Коопсуздукту камсыздоо максатында, кесүүчү жээктин калканын колдонуу сунушталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11.
7.1 Шпинделди бөгөттөө
- Шпинделди (4) бөгөттөө баскычын басып, шпинделди (3) бөгөттөө баскычы ордуна келмейинче шпинделди кол менен айлантыңыз.
7.2 Жылмалоочу дискти орнотуу
2-бет, A сүрөтүн караңыз. - Тирөөчү (2) фланецти шпинделге орнотуңуз. Фланец шпинделде айланбаса, туура орнотулду деп эсептелет. Төмөнкү үчүн гана: W ... -100: тирөөчү фланецти шпинделге эки штифттүү ачкыч менен кичинекей томпок (диаметри 16 мм) өйдө карагыдай кылып бураңыз. - Жылмалоочу дискти тирөөчү (2) фланецке орнотуңуз. Жылмалоочу тегерек тирөөчү фланецке тегиз отурушу керек.
7.3 M-Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/
бошотуу (комплектациясына жараша) M-Quick кыпчытма гайкасын (1) бекитүү: WQ1100-125, WEQ 1400-125 үчүн гана. Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы 7,1 мм ден калың болсо, М-Quick кыпчытма гайкасын колдонууга болбойт! Мындай учурда эки бетитме көзөнөктүү кыпчытма гайканы (12) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен (13)
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). - М-Quick кыпчытма гайкасын (1) 2 мүйүзчө 2 оюкка киргидей кылып шпинделге (3) орнотуңуз. Сүрөттү караңыз, 2-бетте. - М-Quick кыпчытма гайкасын саат жебеси боюнча кол менен бекитиңиз. - Жылмалоочу тегеректи күч менен саат жебеси боюнча айлантуу аркылуу М-Quick гайкасын
M-Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу: М-Quick кыпчытма гайкасы (1) орнотулган учурда гана шпинделди шпинделдил стопор баскычы (4) менен токтотууга уруксат
- Өчүргөндөн кийин шайман инерция боюнча кыймылдай берет. - Жылмалоочу тегерек толук токтогучу шпинделдин стопор баскычын (4) кыскача басып коюңуз. M-Quick кыпчытма гайкасы (1)
7.4 Эки бекитме көзөнөктүү гайканы
бекитүү/бошотуу (комплектациясына
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (12)
Эки бекитме көзөнөктүү гайканын 2 бети бири- биринен айырмаланат. Эки бекитме көзөнөктүү гайканы шпинделге төмөнкүдөй кылып бураңыз: 2-бет, B сүрөтүн караңыз. - X) Жука жылмалоочу тегеректер үчүн: Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (12) өйдө карап тургандыктан, жука жылмалоочу тегеректи бекем орнотууга болот. Y) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн: Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (12) төмөн карап тургандыктан, гайканы шпинделге бекем орнотууга болот. Z) Төмөнкү үчүн гана: W ... -100: Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу төмөн карап, түз бети өйдө карап турат. - Шпинделди бөгөттөңүз. Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (12) саат жебеси боюнча (13) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бошотуу: - Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (12) саат жебесине каршы (13) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен бурап чечиңиз.
7.5 Кыпчытма гайканы (ачкычсыз)
бекитүү/бошотуу (комплектацияга жараша) Кыпчытма гайканы (14) (шаймансыз) кол менен гана бекитиңиз! Иштөө үчүн скоба (15) ар дайым кыпчытма гайкага (1) тегиздиги боюнча отургузулушу
Кыпчытма гайканы (шаймансыз) (14) бекитиңиз: Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы 6 мм ден калың болсо, кыпчытма гайканы (шаймансыз) колдонууга болбойт! Мындай учурда эки бетитме көзөнөктүү кыпчытма гайканы (12) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен (13) колдонуңуз - Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). - Кыпчытма гайканын (15) скобасын жогору
- Кыпчытма гайканы (14) шпинделге (3) орнотуңуз. Сүрөттү караңыз, 2-бетте. - Кыпчытма гайканы (15) саат жебеси боюнча кол менен бекитиңиз. - Скобаны кайра (15) жогору ыргытыңыз. Кыпчытма гайканы (шаймансыз) (14)
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). - Кыпчытма гайканын (15) скобасын жогору
7. Жылмалоочу дискти орнотууКЫРГЫЗЧА ky
- Кыпчытма гайканы (14) саат жебесине каршы кол менен бурап чечиңиз.
Контргайка бекем отурган болсо, (14) эки көзөнөккө ачкыч колдонсо болот.
8.1 Айлануу жыштыгын орнотуу (WEV 850-
115, WEV 850-125) Тууралоочу дөңгөлөктө (7) сунушталган ылдамдыкты коюңуз. (Кичине сан = төмөн ылдамдык, чоң сан = жогору ылдамдык) Кесүүчү жылмалоо машинасы-, сыйрыма жылмалоочу тегерек, чөйчөк түрүндөгү жылмалоочу тегерек, алмаздуу кесүүчү жылмалоо тегереги: жогору айлануу саны Щетка: орточо айлануу саны Табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек: төмөн жана орто айлануу саны
Сайкалдоо үчүн биздин компаниянын бурчтуу сайкалдагычын колдонууну сунуштайбыз.
Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң даярдалма материалга алып келүү керек. Машина кошумча чаң жана кырынды жута турган абалдын алдын алуу зарыл. Күйгүзүп жана өчүрүп жатканда машинаны чогулган чаңдан алыс коюу керек. Машинаны өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо гана шнурду сууруш керек. Кокустан жүргүзүп алуудан сактануу үчүн: вилка розеткада суурулуп кеткенде же электр кубатында бузулуу орун алганда машинаны өчүрүп коюу керек. Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина колдон бошотулганда да иштей берет. Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол менен туткасынан кармап, туруктуу абалга жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу
Сыдырма которгучтуу машина: Күйгүзүү: Сыдырма которгучту (5) алдыга жылдырыңыз. Тынымсыз иштетүү үчүн ал оюкка кирмейинче төмөн кыйшайтыш керек. Өчүрүү: Сыдырма которгучтун арткы учун (5) басып, коё бериңиз. Бекитилбес ажыраткычтуу шаймандар (автотоктоо функциясы): («WP...» деп белгиленген шаймандар) Күйгүзүү: Күйгүзүүнү бөгөттөгүчтү (9) жебе менен көрсөтүлгөн багытта жылдырып, которгуч (8) баскычын басыңыз. Өчүрүү: Которгуч (8) баскычын коё бериңиз.
Стандарттык жылмалоо жана наждак кагазы менен жылмалоо: Станокту орто күч менен басып, даярдалма материалдын үстүнкү бөлүгү өтө ысып кетпеши үчүн алдыга, артка жылдырыңыз. Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн 30° - 40?C бурч менен иштөө керек. Жылмалоочу тегерек менен кесүү: Жылмалоочу тегерек менен кесип жатканда ар дайым дисктин айланышына каршы (сүрөттү караңыз) иштөө керек. Болбосо, машинанын кесилген жерден көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат. Иштелип жаткан материалга ылайыкталган, орточо күч менен иштөө керек. Өтө кыйшайууга, ашыкча күч келтирүүгө жана машинаны чайкоого жол бербеңиз. Зымдуу щеткалар менен иштөө: Машинаны орточо күч менен басыңыз. Иштетип жатканда машинанын ичинде коштоочу чаң отуруп калышы мүмкүн. Бул электр шайманын муздатууну начарлатат. Ток өткөрүүчү чаң электр шайманынын коргоочу изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу коркунучун жаратышы мүмкүн. Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана арткы аба айлантуучу көзөнөктөр аркылуу чаңды тазалап же кургак аба менен үйлөтүп туруу керек. Коргоочу көз айнектерди кийип жана чаңдан коргоочу туура келген беткапты кийип шайманды ток булагын берүүчү чекиттен ажыратыңыз. Үйлөтүү учурунда жетиштүү сордуруучу аба камсыздалышы керек. Машина иштебейт. Кайталап күйгүзүүнү бөгөттөөчү түзмөк иштеп кетет. Машина күйгүзүлгөндө же кубаты өчүрүлгөндөн кийин кайра берилгенде шнурдун вилкасы сайылып турса, машина жүргүзүлбөйт. Машинаны өчүрүп, кайра күйгүзүңүз.
Күч келгенде айлануу жыштыгы азайат. Шайманга келтирилген күч өтө чоң!
10. Мүчүлүштүктөрдү оңдоо
(жабдылышына жараша)
Шайман муздагыча, аны куру жүрүштө
Metabo фирмасынан чыккан түпнуска тетиктерди гана колдонуу сунушталат. 4-бетти карагыла. Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мүнөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула. Жумушчу элементке туура келүүчү коюлуучу бөлүктү жана көрсөтүлгөн коргоочу чехолду колдонуңуз 4-бетти карагыла. (Сүрөттөр мисал боло алат). Иш тапшырмасы: 1 = Үстүңкү бети менен жылмалоо 2 = Бөлүүчү түйүмдөр 3 = Тешиктерди кесүү 4 = Зым щеткалары 5 = Наждак кагазынын жылмалоосу Коюлуучу бөлүктөр:
1.1 = Кара жылмалоочу диск
1.2 = Жылмалоочу идиш (керамикалык)
1.3 = Жылмалоочу алмаз идиши “Кирпич/Бетон”
2.1 = Кесүүчү диск “Металл”
2.4 = Эки милдетти аткаруучу диск (аралаш
жылмалоочу жана кесүүчү жылмалоочу
4.2 = Идиш үчүн щетка
5.1 = пластиналык жылмалоочу табакча
5.2 = Жылмалоочу листтер үчүн жылмалоочу
Жазылган коргоочу чехол:
Бөлүүчү коргоочу бөлүк/ коргоочу бөлүктү күйгүзүү, коргоочу капкакты бөлүү үчүн колдонулган кыпчыгыч В тиби = жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк С тиби = жылмалоо жана (аралаш) бөлүүчү жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк D тиби = идишти жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк Е тиби = үстүнкү бетин жылмалоочу соруп алуучу коргоочу бөлүк F тиби = соруп алуучу электр тогун өчүрүүчү коргоочу бөлүк Башка аксессуарлар: (www.metabo.com караңыз) A Эки бекитме көзөнөктүү гайка (12) B M-Quick кыпчытма гайкасы (1) C Кыпчытма гайка (шаймансыз) (14) D Тарта турган калпактар клиби Аксессуарлар боюнча комплекстүү программа www.metabo.com сайтында же тиешелүү каталогдо камтылган. Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлөө устаканаларында гана жүргүзүлүшү керек! Бузулган тармак кабелин түпнуска Metabo кабели менен гана алмаштыруу керек. Аны Metabo тейлөө борборунан сатып алууга болот. Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо үчүн Metabo өкүлчүлүгүнө кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар. Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жүктөп аласыздар. Жылмалоо ишин жүргүзгөндө пайда болгон чаңда кирдетүүчү заттар камтылышы мүмкүн: аларды тиричилик таштандысы катары утилизациялоого болбойт. Аларды коркунучтуу таштандыларды топтоо түйүндөрүнө өткөрүү
Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла. Таңгактоочу материалдар муниципалдык эрежелерге ылайык алардын маркировкасына ылайык жок кылынууга тийиш. Кошумча маалыматты www.metabo.com тейлөө жаатынан таба аласыз. ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук жана электр куралдары боюнча 2012/19/EC Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чөйрөгө зыян келтирбегендей кылып ыргытыш керек. Деталдардын сүрөттөлүшүн 3-беттен карагыла. Техникалык прогресске байланыштуу өзгөрүүлөрдү алдын ала карагыла. Ø =иш шайманынын максималдуу
max,1 =эки бекитме көзөнөктүү гайка колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы (12)
max,2 =М-Quick кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы (1)
max,3 =кыпчытма гайка колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы (ачкычсыз) (14)
max,4 =сүрүүчү тегерек/кесүүчү тегерек:
13. Айлана-чөйрөнү коргоо
14. Техникалык шарттарыКЫРГЫЗЧА ky
иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы
max,5 =табакча щёткаларынын максималдуу
M =Жүгүртмө сай l =жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички
- =куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (максималдуу айлануу жыштыгы)
- =куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (туураланат)
=Номиналдуу керектелүүчү кубат
=Чыгуучу кубат m =Тармак кабелисиз салмагы Өлчөөнүн мааниси EN 62841 стандартка ылайык аныкталат. II класстагы жабдык ~ Өзгөрмө ток Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен берилген (учурдагы стандарттарга ылайык).
Бул маанилер электр инструменттин калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмөн болушу мүмкүн. Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмөн фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын. Аянты чоң беттерди, жука листтерди же бир аз дирилдеп турган нерселерди жылмалаганда үндүн көрсөтүлгөндөн дагы көп чыгышына (15 дБ га чейин) себеп болушу мүмкүн. Мындай нерселер үндүн ашыкча чыгуусунан тиешелүү чаралар менен корголуусу керек. Мисалы, чоң ийилчээк демпфирлене турган килемчелер. Ошондой эле ызы-чуу таасиринин коркунучун баалоо жана угуунун ылайыктуу коргоону тандоодо үндүн жогорулашы каралышы керек. Дирилдөөнүн жалпы өлчөмү (үч багыттын вектордук суммасы) EN 62841 ылайык аныкталган:
h, SG = дирилдөө чыгышынын өлчөмү (үстүнкү катмарды жылмалоо)
h, DS = дирилдөө чыгышынын өлчөмү (табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек менен жылмалоо)
h,SG/DS = каталык коэффициенти (дирилдөө) Ызы чуунун деңгээли
= акустикалык кубаттулук
= Аныксыздык Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула!УКРАЇНСЬКАuk
Notice-Facile