METABO W 26230 MVT - майдалагыч

W 26230 MVT - майдалагыч METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз W 26230 MVT METABO PDF форматында.

📄 204 бет Кыргызча KY Жүктөө 💬 AI суроосу 10 суроолор ⚙️ Мүнөздөмөлөр
Notice METABO W 26230 MVT - page 146
Pick your language and provide your email: we'll send you a specifically translated version.
Продукттын түрү Бургулоочу (бурчтук тегирмен)
Бренд Metabo
Модель W 26230 MVT
Инструменттин макс. диаметри 230 мм
Коргоо классы II (кош изоляция)
Шпинделди бекитүү Ооба, баскыч менен
Коргоочу капот Куралсыз жөнгө салынат (тизе бекиткич)
Негизги тутуу Айланма, 2 позиция (ар бир тараптан 90°)
Кошумча тутуу Ооба, титирөөнү басаңдатуу менен (версияга жараша)
Тез бекитүүчү гайка Ооба (Quick, версияга жараша)
Стандарттык бекитүүчү гайка Ооба, тиштери бар ачкыч менен
Ишке киргизүү Ток булагына туташтыруу, RCD 30 мА коргоочу өчүргүч менен
Тазалоо Үзгүлтүксүз аба тешиктерин соруп туруңуз
Оңдоо иштери Квалификациялуу электрик тарабынан; Metabo запастык бөлүктөрү онлайн жеткиликтүү
Шайкеш келүүчү аксессуарлар Тегирмендер, кесүү тегирмендери, металл щеткалар, абразивдүү табактар ж.б.
Сунушталган коргоочу жабдыктар Коопсуздук көз айнеги, угууну коргоо, чаңга каршы маска, колкап
Ылайыктуу колдонуу Тегирмендөө, жылмалоо, щеткалоо, кесүү (суусуз)

Көп берилген суроолор - W 26230 MVT METABO

Metabo W 26230 MVT тегирменин кантип алмаштыруу керек?
Куралды өчүрүңүз. Шпинделди бекитүү баскычы (5) менен бекитиңиз. Бекитүүчү гайканы (Quick же стандарттык) тиштери бар ачкыч менен бошотуңуз. Тегирменди айлануу багытына ылайык алмаштырыңыз. Гайканы бекем бураңыз.
Коргоочу капотту кантип жөнгө салуу керек?
Тизе бекиткичти (16) ачыңыз. Капотту жабык аймак сизге каратылып тургандай кылып жайгаштырыңыз. Бекиткичти жабыңыз. Зарыл болсо, бекиткич ачык турганда бураманы (17) бурап, бекитүү күчүн жогорулатыңыз.
Quick бекитүүчү гайканы кантип колдонуу керек?
Тегирменди орноткондон кийин Quick гайкасын (1) шпинделге салыңыз. Шпинделди бекитиңиз. Гайканы кол менен саат жебеси боюнча каршылык чыкканча бураңыз. Бошотуу үчүн, шпинделди бекитип, саат жебесине каршы буруңуз. Эскертүү: инструменттин калыңдыгы 8 мм ден ашык болсо Quick гайкасын колдонбоңуз.
Тегирмен тыгылып калса эмне кылуу керек?
Дароо гашетканы (9) коё бериңиз. Машинаны бекем кармап, толук токтошун күтүңүз. Куралды өчүрүңүз. Тегирменди чыгарып, текшериңиз. Ишти кайра баштоодон мурун бөлүктүн жакшы бекитилгенин текшериңиз.
Тегирменди кантип тазалоо керек?
Куралды өчүрүңүз. Коргоочу көз айнек жана чаңга каршы маска кийиңиз. Алдыңкы жана арткы аба тешиктери аркылуу соруп же кургак аба менен үйлөп тазалаңыз. Ошондой эле тутуунун айлануу баскычын (10) үйлөп тазалаңыз.
Бул модель менен кандай аксессуарлар шайкеш келет?
Тек гана оригиналдуу Metabo аксессуарларын колдонуңуз. Шайкеш келет: тегирмендер, кесүү тегирмендери (металл, таш дубал, бетон), металл щеткалар, абразивдүү табактар ж.б. Көрсөтүлгөн өлчөмдөрдү жана максималдуу ылдамдыктарды сактаңыз.
Айланма негизги тутууну кантип колдонуу керек?
Баскычты (10) басыңыз. Негизги тутууну (11) 90° солго же оңго буруңуз. Баскычты коё бериңиз, ал ордуна кирсин. Иштөөдөн мурун анын жакшы бекитилгенин текшериңиз.
Машина ишке кирбесе эмне кылуу керек?
Электр менен камсыздоону текшериңиз. Коопсуздук кулпусу (8) иштетилбегенин текшериңиз. Эгер машина кайра ишке киргизүүгө каршы коргоого ээ болсо (WE моделдери), өчүргүчтү өчүрүп, андан соң күйгүзүңүз. Эгер көйгөй чечилбесе, ыйгарым укуктуу оңдоочуга кайрылыңыз.
Колдонуу учурунда кайра ыргытууларды кантип алдын алуу керек?
Машинаны эки кол менен бекем кармаңыз. Кошумча тутууну колдонуңуз. Тегирмендин бөлүккө тыгылып калышынан сактаныңыз. Акырын иштетип, күч колдонбоңуз. Кесүү үчүн, карама-каршы багытта иштеңиз.
Запастык бөлүктөрдү кайдан табууга жана куралды оңдотууга болот?
Запастык бөлүктөр www.metabo.com сайтында жеткиликтүү. Оңдоо иштери квалификациялуу электрик тарабынан жасалышы керек. Электр кабелин алмаштыруу үчүн, сатуудан кийинки кызматтан алынуучу атайын Metabo кабелин колдонуңуз.

Колдонуучулардын суроолору жөнүндө W 26230 MVT METABO

0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.

Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү

Электрондук почта жеке бойдон калат: бирөө сиздин суроого жооп бергенде сизди кабардар кылуу үчүн гана колдонулат.

Азырынча суроолор жок. Биринчи суроону сиз бериңиз.

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз майдалагыч PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз W 26230 MVT - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. W 26230 MVT бренддин METABO.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ W 26230 MVT METABO

ку Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы 146

10. Акаулыктарды жою

Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы

1. Шайкештиги тууралуу декларация

Туру жана сериялык номери аркылуу белгиленген бул жылмалоочу машина төменкүлөргө жооп берерин биз өзубүздүн жеке жоопкерчилигибиз менен жарыялайбыз: *1), директиванын бардык жоболоруна *2) жана нормаларына *3). техникалык документтерге *4) – 3-беттен карагыла.

2. Багыты боюнча колдонуу

Metabo фирмасынын тупнуска толуктоочу тетиктери менен бурчтуу жылмалагычтын комплектиси жылмалоого, барабандуу жылмалоочу станоктордо, чоюлган наждактуу жылмалоодо колдонууга, зымдуу щеткалар менен колдонууга жана металлды, бетонду, ташты жана ага окшогон материалдарды суу колдонбостон алмаздуу тегерек менен кесүүгө багытталган.

Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик тартат.

Кокустук кырсыктарды болтурбоо учүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек.

3. Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери

METABO W 26230 MVT - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 1

Өзүнүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз!

METABO W 26230 MVT - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 2

КОНУЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо учүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз.

METABO W 26230 MVT - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 3

ЭСКЕРТУУ – Бул электр шайманы менен кошо келген техникалык коопсуздук

боюнча бардык көрсетмөлөрдү, нускамаларды жана спецификацияларды окуп чыгыңыз. Нускамалардын баарын окубагандан электр соккусу, өрт чыгышы жана/ же олуттуу жаракат алуу келип чыгышы мүмкүн.

Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап коигула.

Башкаларга электр инструментиңизди берүүдө, анын бардык бул документтери менен кошо бериңиз.

4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөчө эрежелер

4.1 Жылмалоо учурунда, жылмалоочу наждак кагазы, зым щёткалары же белүүчү түйүмдөрү менен иштөөдөгү

коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жалпы көрсетмөлөр:

a) Бул электрокаражат жылмалоо, жылмалоочу наждак кагазы, зым щёткалары же бөлүүчү түйүмдөру менен иштөө же тешүү үчүн колдонулат. Каражат менен чогуу алган коопсуздук техникасы, нускамалар, көрүнүштөр жана маалыматтар боюнча бардык көрсетмөлөрдү окуп чыгыңыз. Эгер сиз темөндө көрсетүлгөн коопсуздук эрежелерин сактабасаңыз электр тогу менен жабыркоонуз, оор жаракат алуунуз же өрт чыгуусу мүмкүн.
b) Бул электр шайманы сайкалдоо учун багытталган. Электр шайманын максатынан башка багытта колдонуу кооптуу абалга же жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
с) Электр шайманын атайын иштелип чыкпаган жана анын өндүрүүүүсу тарабынан иштелип чыкпаган функция үчүн колдонбонуз. Мындай кайра түзүү иш аракеттери башкарууну колдон чыгарууга же жецил дене жаракаттарына алып келиши мүмкүн.
d) Ушул каражаттын өндүрүүчүсу атайын сунуштабаган жана өндүрбөгөн коюлуучу бөлукту колдонбонуз. Андай толуктоочу тетиктер электр шайманына орнотулса да, коопсуз иштешине кепилдик бербейт.
e) Инструменттин коюлучу бөлүгүнүнүн айлануу ылдамдыгы электр каражатында көрсөтүлгөн максимальдуу ылдамдыктан кем болбошу керек. Инструменттин коюлучу бөлүгү көрсөтүлгөн ылдамдыктан тез айланса сынып же ыргып кетиши мүмкүн.
f) Коюлуучу белуктүн сырткы диаметри жана калынддыгы сиздин электр каражатыңыздын өлчөмүне туура келиши керек. Ченем маалыматы туура эмес шаймандар жетишсиз майланган же толук көзөмөлдөнбегөн болушу мүмкүн.
g) Коюлуучу бөлуктүн бекемдөөчү бөлүгү электр каражаттын бекемдөөчү шаймандардын өлчөмүне туура келиши керек. Электро шайманга сырттан коюлуучу бөлук туура эмес орнотулса, ал бирдей эмес айланып, ете катуу дирилдеп башкаруунун жоголушуна алып келиши мүмкүн.
h) Бузулган коюлуучу каражаттарды колдонбонуз. Ар бир колдонуу алдында жылмалоочу тегерек сыяктуу шаймандардан кетик жана жаракаларды, колодкалардан жаракаларды, жешилгендигин же желип бүткөндүгүн, зымдуу щеткалардан жумшарган же үзүлгөн зымдардын жоктугун текшерип алуу керек. Эгер электр шайманы же иш шайманы кулап тушсе, анын зыянга учурабагындыгын текшерүү же бузулбаган шайманды колдонуу керек. Текшерүү жүргүзүлүп, иш шайманы ишке киргизилгенден кийин, операторду жана анын жанындагыларды

айланып жаткан иш шайманынан алыс кармап, шайманды бир мүнет бою толук ылдамдыкта иштетүү зарыл. Жабыркаган коюлууучу белуктер тестирлөө убагында сынып калышы мүмкүн.

i) Коргоочу жеке каражаттарын кийиңиз. Колдонулган жабдууга жараша, бетти коргоочу беткап, көзду коргоо каражаттарын же коргоочу көз айнек кийүү керек. Керек учурларда чандан коргоочу беткап, коргоочу наушник, коргоочу мээлей же абразивдин жана материалдын майда бөлүкчөлөрү колдонуучудан алыс болушу үчүн атайы алжапкыч кийүү зарыл. Ар кандай жумуштун натыйжасында пайда болуп, ыргып жаткан сыныктардан көзду коргоо керек. Чаң беткабы же респиратор колдонуу учурунда пайда болгон чанды чыпкалашы керек. Эгер машинаны колдонуучулар узак убакыт бою ызы-чууга дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу пайда болот.
j) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш аймагына кирген адамдардын баары жеке коргоо каражаттарын кийиши керек. Даярдама материалдын бөлүкчөлөру же сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан да жаракат алуу мүмкүн.
k) Иш шайманы көрунбөгөн электр өткөрүү линияларына же өзүнүн кубаттоочу шнуруна тийип кете турган жумуштарды жасап жатканда, электр шайманын корголгон туткасынан гана кармаңыз. Инструменттин кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу инструменттин бөлүгү арқылуу электр инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуу күч берип, ал электр тогуна урундурушу мүмкүн.
I) Тармак кабелин айлануучу каражаттарданалыс кармаңыз. Шайманды башкаруу жоготулса, кубаттоо шнуру үзүлүп же оролуп калып, колунуз менен айланып жаткан шайманды кармап алышыңыз мүмкүн.
m) Коюлуучу бөлүк толук айланып бүткүчөктү электр шайманды эч качан койбонуз. Айланып жаткан иш шайманы бир нерсеге тийип кетип, электр шайманын башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн.
n) Электр каражаты иштеп турган учурда кетөруп жүрбөнүз. Айланып жаткан иш шайманына кокус тийип кетсе, оператордун кийими оролуп калып, шайман оператордун денесин тешип кетүү коркунучу жаралат.
о) Электр шайманынын аба айлануучу көзөнөгүн тез-тез тазалап турунуз. Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска чаңды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе, электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн.
р) Электр каражатын куйүүчү заттардын жанында колдонбонуз. Учкундар материалдарды куйгүзүшү мүмкүн.
q) Муздатуу учүн суюк каражаттарды талап кылган коюлуучу бөлуктерду колдонбонуз. Суу же башка муздатуучу суюктуктарды

колдонуу электр соккусуна урунууга алып келиши мүмкүн.

4.2 Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы боюнча тиешелүү нускамалар

Жабылуу бул айланып жаткан жылмалоочу бөлүктүн жабылып калуусу, жылмалоо диски, жылмалоо табакча, зым щеткалары ж.б. сыяктуу, кысылып калуусунун натыйжасындагы күтүлбөгөн реакция болуп каналат. Бир нерсе такалып же туруп калса бөлүктүн иштөөсүнүн токтотуусуна алып келет. Натыйжада, башкарылбай калган электр шайманы бөгөттелгөн чекиттен коюлма шаймандын айлануу багытына каршы ылдамдап айланат.

Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчылып калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма материалга кирип турган чети бөгөттөлүп калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине себеп болушу мүмкүн. Андан соң, бөгөттөлгөн чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша жылмалама тегерек оператор тарапка же ага карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн.

Жабылуу электр шайманды туура эмес колдонуудан улам жана/же иштеөнүн туура эмес шарттарынан улам келип чыгат. Темөндө көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары аркылуу анын алдын алууга болот.

а) Электр шайманын бекем кармоо керек жана оператор өз денеси менен колдорун тээп кетүүгө жол бербегидей абалда кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү учурундагы реакция моменттерин болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым кошумча туткасын да колдонунуз. Оператор тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат.
b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына жакын кармоого тыюу сальнат. Тээп кеткенде шайман оператордун колуна тийип калышы мүмкүн.
с) Шайман контролдон чыгып кеткен учурда жаракат алуудан абайлаңыз жана алыс турунуз. Тетиктердин электр шайманына бекем орнотулушу шаймандын коопсуз иштешине кепилдик бербейт.
d) Бурчтарды жана башка учтуу жерлерди жылмалоодо, кесүүдө өзгөчө сак болунуз. Айланып жаткан бөлук бурчтарга же башка учтуу нерселерге кармалып калып шаймандан чыгып ыргып кетиши мүмкүн. Бул башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет.
e) Каражаттын сегменттелген, аралыгы 10 ммден көп болгон тиштүү лезвиесин даракты кесүү үчүн колонбонуз. Мындай каражаттар негизинен контролдун жоголушуна алып келиши мүмкүн.

КЫРГЫЗЧАky

4.3 Жылмалоо жана кесип жылмалоо учурундагы коопсуздук техникасы боюнча өзгечө көрсетмөлөр:

а) Бир гана сатып алган электр шайманы учүн уруксат берилген жылмалоо машиналарын жана ушундай жылмалоо машиналары учүн жасалган коргоо капкагын колдонуу керек. Электр шайманына арналбаган абразивдер жетиштүү түрдө тосулбагандыктан, кооптуу болушат.

b) Чыканактуу жылмалоочу тегеректерди жылмалоочу катмары коргоочу каптаманын тегиздигинен ашпагыдай кылып орнотуу зарыл. Жылмалоочу диск туура эмес орнотулса (коргоочу капкагынын тегиздигинен чыгып турса) толук экрандана албайт.

с) Коргоочу бөлүгү шайманга толугу менен туура коопсуз болуп орнотулушу керек, колдонуучуга жылмалоосу корпустун бөлүгү көрүнүп турушу керек. Коргоочу каптама операторду таштандыдан коргоого, абразивдүү материалдын жана кийимди күйгүзө турган учкундардын кокустан тийип кетишинен сактоого жардам берет.

d) Жылмалоочу тегеректерди сунушталган жумуштарга гана колдонууга болот. Мисалы: жылмалоо дисктин капитал бетин эч качан жылмалабаңыз. Кесүүчү жылмалоо тегеректери материалды дисктин четинен жоготууга арналган. Бул жылмалоочу тегеректерге капиталынан күч келтирилгенде алар сынып калышы мүмкүн.

e) Тандалган жылмалоочу тегерекке туура өлчөмдөгү жана формадагы, бүтүн кыпчытма фланецтерди колдонуу керек. Чак келген фланецтер жылмалоочу тегеректи бекемдеп, кесүүчү жылмалоо тегерегинин сынып кетүү коркунучун азайтат. Кесүүчү тегеректер үчүн лезвиелер башка жылмалоочу тегеректердин фланецтеринен айырмаланышы мүмкүн.

f) Күчтүүрөөк электр шаймандарында жешилген жылмалоочу тегеректерди колдонууга болбойт. Күчтүүрөөк электр шаймандарынын жылмалоочу тегеректери кичине электр шаймандарынын жогорку вылдамдыгына дайындалган эмес жана сынып калышы мүмкүн.

g) Эки милдетти аткаруучу дисктерди колдонууда дайыма коргоочу чехолду да колдонунуз. Коргоочу чехолду туура эмес колдонууда каалаган экрандаштырууну өткерүп жиберүүсүне жана оор жаракаттарды алып келиши мүмкүн.

4.4 Кесип жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча кошумча өзгөче нускамалар:

a) Кесүүчү дисктин бөгөттөлүшүн же ашыкча контакт басымынын алдын алуу сунушталат. Ћте терең кесүү сунушталбайт. Кесүүчү дискке ашыкча күч келтирилгенде, анын чыңалуусу көбөйүп, кыпчылууга же бөгөттөлүүге ыктуу болуп калгандыктан, тээп

кетүү же абразивдүү сынуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

b) Айланып жаткан кесүүчү тегеректин алдына же артына жайгаштырууга болбойт. Эгер оператор кесүүчү дискти өзүнөн даярдалма материалды көздөй жылдырса, диски айланып жаткан электр шайманы тээп кеткенде операторду көздөй жылышы мүмкүн.

с) Эгерде кесүүчү диск такалып калса же сиз иштөөсүн токтотсонуз, диск айланып бүткүчөктү шайманды кыймылсыз колунузда кармап туруңуз. Иштеп жаткан кесүүчү дөңгөлөктү эч качан чыгарууга аракет кылбаш керек. Болбосо, тээп кетиши мүмкүн. Кыпчылуунун себебин аныктап, жоюу зарыл.

d) Электр шайманы даярдалма материалда турганда аны күйгүзүүгө болбойт. Кесүүнү улантуудан мурун лезвие толук ылдамдык алгыдай кылыш керек. Болбосо диск кыпчылып калып, даярдалма материалдан бошоп же тээп кетиши мүмкүн.

e) Кесүүчү диск кысыллып калгандыктан тээп кетүү коркунучун азайтуу үчүн пластина жана чоң даярдалма материалдарга тирөөч коюу керек. Ири даярдалма материалдар өз салмагынан улам ииилиши мүмкүн. Иштелип жаткан деталь дисктин эки жагына, кесүү сызыгына да, четки сызыктарга да, тең такалышы керек.

f) Турган дубалдарда же башка көрунбөгөн аймактарда терендетип кесүү учурунда өзгөче кылдат болуу зарыл. Газ жана суу түтүктөрүн, электр зымдарын же башка объекттерди кесип жатканда сууланган кесүүчү диск тээп кетиши мүмкүн.

g) Ийри кесүү жасабаңыз. Кесүүчү дискти тынымсыз жана өтө көп колдонуудан анын иштөөсу начарлап, туура эмес иштеп, жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

4.5 Жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча өзгөче көрсетмелөр:

a) Жылмалоочу листтердин өлчөмүн туура колдонунуз жана өндүрүүчү көрсеткөндөй туура тандоо керек. Жылмалоочу лезвие жылмалоочу коргоочу пластинадан чыгып турса коллдонуучуга зыян алып келиши жана башка нерселерге , иштөөсүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.

4.6 Зымдуу щеткалар менен иштеөдөгү коопсуздук техникасы боюнча өзгөче көрсөтмөлөр:

а) Кадимки колдонууда зымдуу щетка зым узуктөрүн жоготоруна көңүл буруу керек. Ашыкча кысуу басымынан улам зымдарга күч келтирбеш керек. Зымдын ыргыган кесиндилери жука кийимди жана / же терини көзөп өтүшү мүмкүн.

b) Эгер коргоочу капкакты колдонуу сунушталса, коргоочу капкак менен зымдуу щетка бири-бирине тийбеши керек. Пластина түрундөгү же чөйчөктүү щеткалардын контакт

басымынан жана борбордон качма күчтөн улам диаметри чоңойушу мүмкүн.

4.7 Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр:

METABO W 26230 MVT - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 1

ЭСКЕРТУУ – Ар дайым коргоочу көз айнек кийүү зарыл.

METABO W 26230 MVT - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 2

Коргоочу кулак тыгындарын колдонунуз.

METABO W 26230 MVT - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 3

ЭСКЕРТУУ – Электрокуралды ар дайым эки колунуз менен колдонунуз.

METABO W 26230 MVT - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 4

Жылмалоонун корогоочу чехолун башка кызматтар үүн колдонбонуз. Кесүүчү дисктерди колдонууда коопсуздук үүн елүү коргоочу белуктерүн колдонунуз.

Сегменттелген кесүүчү тиштери 10 ммден чоң болгон тиштерди колдонбонуз. Сегменттерди кесүү үүүн тескери бурчтагы тиштер гана колдонулушу керек.

Байланышкан кесүүчү дисктерди алар күчөгөн убакта гана колдонунуз.

Ийкемдүү прокладкалар абразив менен берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды колдонуу керек.

Шаймандын же аксессуардын маалыматына баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана соккудан сактоо керек!

Коюлуучу бөлуктөр сөзсүз түрдө өндүрүүчү сунуштаган көрсөтмө боюнча сактоо жана текшерүүдөн өтүп туруу керек.

Кесүүчү дисктерди эч качан кара жылмалоо учүн же кабырчактарды алуу үчүн колдонбонуз! Кесүүчү дисктин капитал тарабына күч келтирбөө керек.

Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар менен. Ири даярдалма материалды талаптагыдай тиреп коюу керек.

Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса, шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын көзөнөгүне тийбеши керек. Иш шайманындагы сай шпинделдин узундугуна дал келгидей болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш шайманындагы сай шпинделдеги сайта дал келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы боюнча маалыматты 3-беттен жана 14. Техникалык маалымат бөлүмүнөн караңыз.

Туура келген стационардык тузүлүштү колдонуу сунушталат. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максимальдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек. Жылмалоочу машина агып чыкма токтон коргоочу автомат тарабынан өчүрулгөндө, шайманды текшерип, тазалоо керек. «Тазалоо» 9. бөлүмүн караңыз.

Сынган, тегерек эмес же титиреген шаймандарды колдонууга болбойт.

Газ же суу түтүктөрүн, электр зымдарын жана көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан сактануу керек.

Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө алдында вилканы розеткадан сууруш керек.

Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.

Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.

Шаймандын деталдары же коргоочу каражаттары жок болсо же бузулган болсо, аны куигүзбөңүз.

Жай жүргүзүүчү баскычтуу машиналар (типтүү тактасында "WE..." деп жазылган): Эгер жүргүзгөнде машина максимальдуу айлануу жыштыгына тез кетөрүлсө, демек электрондук блокто ката бар. Электрондук блоктун функцияларына тийиштүү техникалык коопсуздук боюнча башка көрсетмөлөр жок.

Электр шайманын дароо ондоого өткерүнүз (12. бөлүмүн караңыз).

Майда даярдалма материалды бекитип коюу керек. Мисалы, аларды тиск менен кыпчытуу керек.

Фланц дисктерин эки түрдүү (кесүүчү жылмалоочу жана жылмалоочу) колдонсо, коргоочу капкактарын А жана С типтерине гана колдонууга болот.

Бул белумду караңыз: 11.

Коргоочу чехолун туура колдонуу:

Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүнө жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсү мүмкүн. Туура эмес колдонуунун мисалдары:

- А тибиндеги коргоочу бөлүктү колдонууда жылмалоочу же кесилүүчү нерселер, бири- бирине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ал болсо өз учурунда башкаруунун жоголушуна алып келет.

- В тибиндеги коргоочу бөлукту кесүүчү диск менен чогуу колдонууда от учкундары чыгуусужана диск сынса анын сыныктары чачырашы мүмкүн.

- А, В, С тибиндеги коргоочу белукту кирпич жана бетонду кесүүдө колдонууда өте көп чаң чыгышы жана күчтүү кайра кайтуу күчү чыгышы мүмкүн.

- А, В, С тибиндеги коргоочу бөлүкту, уруксат берилген калындыктан калың тазалоочу щетка менен колдонууда ал коргоочу бөлүк менен тийишип, зымдардын жарылуусуна алып келиши мүмкүн.

Дайыма шайманга туура келүүчү коргоочу чехолду колдонунуз. Бул бөлүмдү караңыз: 11.

ЭСКЕРТУУ - Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу

станокторду колдонгондо, жылмалоодо, аралоода, кезөөдө жана башка жумуштарда пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса кемтик жана репродуктивдүү функциянын башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык заттардын айрым мисалдары:

- коргошундуу боёктон чыккан коргошун,

КЫРГЫЗЧАky

  • кирпичтен, цементтен жана башка тизуу материалдарынан чыккан минералдуу чаң жана
  • химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан мышьяк жана хром.

Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч операторлор мындай жумушту канчалык көп аткарганына жараша айырмаланат. Бул химикаттардын таасирин азайтуу учүн жакшы аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо каражаттары, мисалы, микроскоптук бөлүкчөлөрдү чыпкалоо учүн атайын иштелип чыккан чандан коргоочу беткаптар менен иштөө керек.

Бул башка материалдардын да чацына тиешелуу, мисалы, дарактын айрым түрлөру (дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар, асбест. Башка кеңири тараган ооруларга аллергиялык реакциялар, дем алуу органдарынын оорулары кирет. Бөлүкчөлөрдү оператордун организмине киргизбеш керек.

Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин түру боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде белгиленген нускамаларды жана улуттук эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча эрежелерди) сактоо керек.

Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.

Иштин ар бир түрунө ылайыктуу аксессуарларды колдонгула. Аны менен айлана-чөйреге бөлүкчөлөр азыраак чандалат.

Чанды кетируу учун тийиштүү чаң соргучтарды колдонгула.

Чандын зыян таасирин төмөндөткулө:

- пайда болгон зыян бөлукчөлөрдүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чаңга багыттабагыла,

- аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула,

- Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чанды кайра кетөрөт.

- Коргоочу кийимди атайын чан соргуч менен тазалап же жууш керек. Уйлебе, чаппа жана щетка менен тазалаба.

5. Кыскача билдируу

2-бетти кара.

1 Quick выпчытма гайкасы *

2 Тирөөчү фланец *

3 Ш пиндель

5 Шпинделди бөгөттөөчү баскыч

6 Электрондук сигналдык индикатор *

7 Т у т к а

8 Бөгөттөө (узак убакытка күйгүзүү үчүн керек болсо, кокустан күйгүзүп алуудан бөгөттөө)

10 Баскыч (негизги тутканы тууралоо үчүн)

11 Негизги тутка

12 Кошумча тутка / Титирөөнү басандатуучу кошумча тутка

13 Коргоочу капот

14 Кыпчытма гайка *

15 Эки көзөнөктүү ачкыч *

16 Сыдырма (коргоочу каптаманы шаймансыз тууралоо үчүн)

17 Винт (сыдырманы кысуу күчүн тууралоо үчүн)

* комплектация жараша/ эксплуатация көлөмүнө кирбейт

6. Ишке киргизүү

Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган чыналуусу жана жыштығы сиздин кубат жеткируүнүздүкүнө туура келерин тактаңыз.

Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максимальдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек.

Кесилиши кеминде 1,5 мм² болгон узартуучу кабелди колдонунуз. Узартуучу кабелдер шаймандын керектөөчү кубатына дал келиши керек (Техникалык маалымат бөлүмүн караңыз). Кабель барабанын колдонгондо кабелди толугу менен барабандан чечүү керек.

6.1 Кошумча тутканы орнотуу

Кошумча тутка тагылган абалда гана иштөө (12) керек! Кошумча тутканы сол жактагы, ортодогу же оң жактагы (муктаждыкка жараша) сайлуу көзөнеке аягына чейин кол менен бураңыз.

6.2 Коргоочу каптаманы орнотуу

METABO W 26230 MVT - Коргоочу каптаманы орнотуу - 1

Иштеп баштаганга чейин: коргоочу каптаманы орнотунуз.

Коопсуздукту сактоо максатында каражатка туура келүүчү атайын

чыгарылган коргоочу чехолду колдонунуз! Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүнө жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсу мүмкүн. 11. Аксессуарлар бөлүмүн да караңыз!

2-бет, F сүрөтүн караңыз.

  • Сыдырманы (16) ачыңыз. Коргоочу каптаманы (13) көрсөтүлгөн абалда орнотунуз.
  • Коргоочу капкакты жабык аймагы колдонуучуну карап тургудай кылып бурунуз.
  • Сыдырманы жабыңыз.
  • Керек болгон учурда, (сыдырма ачылып турганда) винтти бекитүү аркылуу (17) сыдырманын кыпчытуу күчүн көбөйтүңүз.

METABO W 26230 MVT - Коргоочу каптаманы орнотуу - 2

Коргоочу капоттон кеминде 3,4 мм чыгып турган иш шаймандарын гана колдонуу керек.

6.3 Негизги бурулма тутка

METABO W 26230 MVT - Негизги бурулма тутка - 1

Негизги тутка тагылган абалда гана иштөө (11) керек.

2-бет, С сүрөтүн караңыз.

  • Баскычты (10) басыңыз.
  • Эми негизги тутканы (11) эки тарапка тең 90° буруп, бекитсе болот.
  • Бекем отургандыгын текшерициз: негизги тутка (11) бекитилип, бурулбашы керек.

6.4 Электр тармагына туташтыруу

Тармактык штепсель розеткалары инерциялык эриме сактагычтар же линиялык коргоочу автоматтар менен корголушу керек.

Типтуу табагында "WE..." деп жазылган машиналар:

(жүргүзүүүү токту автоматтык түрдө чектегичи камтылган (жайдан жүргүзүү функциясы)).

Тармактык штепсель розеткалары инерциялык эриме сактагычтар же линиялык коргоочу автоматтар менен корголушу керек.

7. Жылмалоочу дискти орнотуу

METABO W 26230 MVT - Жылмалоочу дискти орнотуу - 1

Кайра жабдуу иштеринин алдында: кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуу

зарыл. Станокту өчүруп, шпинделди токтотуу керек.

METABO W 26230 MVT - Жылмалоочу дискти орнотуу - 2

Коопсуздукту камсыздоо максатында, кесүүчү жээктин калканын колдонуу

сунушталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11. караңыз).

7.1 Шпинделди бөгөттөө

METABO W 26230 MVT - Шпинделди бөгөттөө - 1

Шпинделди бөгөттөө баскычын (5)

шпиндель кыймылсыз турганда гана уга болот!

- Шпинделди бөгөттөө (5) баскычын басып, шпинделдин бөгөттөөчү баскычы бөгөттөлгөнү сезилмейинче (3) кол менен айлантыңыз.

7.2 Жылмалоочу дискти орнотуу

2-бет, D сүрөтүн караңыз.

W 2..., WE 2... деп белгиленген машиналар:

  • Тиреёчу (2) фланецти шпинделге орнотунуз. Фланец шпинделде айланбаса, туура орнотулду деп эсептелет.
  • Абразивдүү тегеректи D сүрөтүндө көрсетүлгөндөй, тирөөчү (2) фланецке орнотунуз.
    Жылмалоочу тегерек тирөечү фланецке тегиз отурушу керек.

W...A 2... деп белгиленген машиналар:

METABO W 26230 MVT - W...A 2... деп белгиленген машиналар: - 1

шпинделге катуу бекитилет. Башка бурчтуу

жылмалоочу машиналардан айырмаланып, кошумча тиреёчу фланец талап кылынбайт.

METABO W 26230 MVT - W...A 2... деп белгиленген машиналар: - 2

Автобалансирдин тирөөчү фланецинин (4), абразивдүү тегеректин жана (1) Quick

тирөөчү гайкасынын (14) же тирөөчү гайканын

бети таза болушу керек. Керек учурда аларды тазалоо зарыл.

- Абразивдүү тегеректи автобалансирдин тирөөчү (4) фланецине орнотунуз. Абразивдүү тегерек автобалансирдин тирөөчү фланецине тегиз отурушу керек.

7.3 Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша)

METABO W 26230 MVT - Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша) - 1

Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы 8 мм ден калың болсо, Quick кыпчытма

гайкасын колдонууга болбойт! Андан соң кыпчытма гайканы (14) эки көзөнөkke ачкыч менен (15) бекитүү керек

METABO W 26230 MVT - Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша) - 2

Бир гана мандемсиз Quick выпчытма гайкасын колдонунуз: жебе менен сыртки

шакекченин оюгу гана көрунушү керек (2-б., сүр. караңыз).

  • Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
  • Quick кыпчытма гайкасын (1) шпинделге (3) орнотунуз. Сүрөтту караңыз, 2-бетте.
  • Quick выпчытма гайкасын saat жебеси боюнча кол менен бекитициз.
  • Жылмалоочу тегеректи күч менен saat жебеси боюнча айлантуу аркылуу Quick выпчытма гайкасын бекитиңиз.

W...В... деп белгиленген машиналарда акыркы 180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек.

Quick выпчытма гайкасын (1) бошотуу:

  • Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
  • Quick кыпчытма гайканы (1) saat жебесине каршы бурап чечиңиз.

7.4 Кыпчытма гайканы бекитүү/бошотуу (комплектациясына жараша)

METABO W 26230 MVT - Кыпчытма гайканы бекитүү/бошотуу (комплектациясына жараша) - 1

Кыпчытма гайканын 2 бети бири-биринен айырмаланат. Контграйканы шпинделге төменкудей кылып бураңыз:

2-бет, Е сүрөтүн караңыз.

  • А) Жука жылмалоочу тегеректер учүн: Кыпчытма гайканын хомуту (14) өйде карап тургандыктан, жука жылмалоочу тегеректи бекем орнотууга болот.
    В) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн: Кыпчытма гайканын хомуту (14) төмен карап тургандыктан, кыпчытма гайканы шпинделге бекем орнотууга болот.

- Шпинделди бөгөттөңүз. Кыпчытма гайканы (14) саат жебеси боюнча (15) ачкыч менен эки көзөнөкке бекитиңиз.

W...В... деп белгиленген машиналарда акыркы 180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек.

Кыпчытма гайканы бошотунуз:

- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). Кыпчытма гайканы (14) saat жебесине каршы

КЫРГЫЗЧАky

(15) ачкыч менен бурап эки көзөнектөн чечиңиз.

8. Колдонуу

8.1 Күйгүзүү/Өчүрүү

METABO W 26230 MVT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 1

Машинаны ар дайым эки колдоп кармоо керек.

METABO W 26230 MVT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 2

Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң даярдалма материалга алып келүү керек.

METABO W 26230 MVT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 3

Кокустан жүргүзүп алуудан сактануу үчүн: вилка розеткада суурулуп кеткенде же электр кубатында бузулуу орун алганда машинаны өчүруп коюу керек.

METABO W 26230 MVT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 4

Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина колдон бошотулганда да иштей берет.

Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол менен туткасынан кармап, туруктуу абалга жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу керек.

METABO W 26230 MVT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 5

Чаң же сүрүндү шайманга сорулуп киришине жол бербеңиз. Машинаны өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо гана шнурду сууруш керек.

2-бет, А сүрөтүн караңыз.

Моменталдуу күйгүзүү:

Куйгузүү: Бөгөттөгүчтү (8) жебенин багытында жылдырып, которую баскычын (9) басыңыз.

Тынымсыз иштетүү (жабдылышына жараша):

Куйгузүү: Бөгөттөгүчтү (8) жебенин багытында жылдырып, которую баскычын (9) басып, кармап туруңуз. Эми машина күйгузүлду. Эми которую баскычын бөгөттөө учүн (8) бөгөттөгүчтү дагы бир жолу жебе боюнча (9) жылдырыңыз (тынымсыз иштетүү режими)

Өчүрүү: Которгуч баскычын (9) басып, кайра коё бериңиз.

W...В деп белгиленген машиналар:

Кыска моенөткө күйгүзүү (автотоктотуу функциясы менен):

2-бет, В сүрөтүн караңыз.

Куйгузүү: Которгуч баскычын (9) алдыга жылдырып, которуюте ейде карай (9) басыңыз.

Станокту орто күч менен басып, даярдалма материалдын устунку бөлүгү өтө ысып кетпеши учүн алдыга, артка жылдырыңыз.

Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн 30° - 40?С бурч менен иштөө керек.

Жылмалоочу тегерек менен кесүү:

METABO W 26230 MVT - Жылмалоочу тегерек менен кесүү: - 1

Жылмалоочу тегерек менен кесип жатканда ар дайым дисктин айланышына каршы (суретту караңыз) иштөө керек. Болбосо, машинанын кесилген жерден

кезөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат. Иштелипп жаткан материалга ылайыкталган, орточо күч менен иштөө керек. Ћтө кыйшайууга, ашыкча күч келтируүгө жана машинаны чайкоого жол бербеңиз.

Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу станоктор:

Станокту орто күч менен басып, даярдалма материалдын устүнку бөлүгү ете ысып кетпеши учүн алдыга, артка жылдырыңыз.

Зымдуу щеткалар менен иштөө:

Машинаны орточо куч менен басыңыз.

9. Тазалоо

Иштетип жатканда машинанын ичинде коштоочу чаң отурул калышы мүмкүн. Бул электр шайманын муздатууну начарлатат. Ток өткөрүүчү чаң электр шайманынын коргоочу изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу коркунучун жаратышы мүмкүн.

Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана арткы аба айлантуучу көзөнөктөр аркылуу чанды тазалап же кургак аба менен үйлөтүүп туруу керек. Коргоочу көз айнектерди кийип жана чандан коргоочу туура келген беткапты кийип шайманды ток булагын берүүчү чекиттен ажыратыңыз. Уйлөтүүү учурунда жетиштүү сордуруучу аба камсыздалышы керек.

Тутканы (10) тууралоочу баскыч: Зарыл болсо, баскычтын кирин тазалаңыз же кургап аба менен үлөтүңүз (басылган абалында, негизги тутканын 3 абалында тең). Ал үчүн электр шайманын электр булагынан ажыратып, коргоочу көз айнек жана респиратор кийүү зарыл.

10. Мүчүлүштүктөрдү оңдоо

Типтуу табагында "WE..." деп жазылган машиналар:

  • Ашыкча жуктөн коргоо: электрондук сигнал индикатору (6) күйуп, куч.келгенде айлануу жыштыгы КАДИМКИДЕЙ азайат. Кыймылдаткычтагы ашыкча температура! Шайман муздагыча жана электрондук сигнал индикатору өчкуче, аны куру жүруште иштетиңиз.
  • Ашыкча жуктен коргоо: электрондук сигнал индикатору (6) күйуп, күч келгенде айлануу жыштыгы КИЧИНЕ азайат. Электр шайманына ашыкча күч келген. Электрондук сигнал индикатору өчкуче, темөн күч менен иштей бериңиз.
  • Электрондук авариялык өчүрүү: Электрондук сигнал индикатору (6) күйүп, машина өзүнөн-өзү ӨЧУП калат. Эгер учурдагы өсүү ылдамдыгы етө жогору болсо (мисалы, күтүүсүздөн токтоп же тээп кеткенде)

машина өчүрулөт. Өчүруү баскычын басып, жабдыкты өчүруү (9). Мындан кийин аны кайра күйгүзүп, кадимки режимде иштей бериш керек. Кийинкиде блокко түшүрбөөгө аракеттенгиле. Бул бөлүмдү караңыз: 4.2.

  • Кайталап жүргүзүүдөн коргоо: электрондук сигнал индикатору (6) БУЛЬУЛДӨЙТ жана электр шайманы иштебей калат. Кайталап күйгүзүүнү бөгөттөөчү түзмөк иштеп кетет. Машина күйгүзүлгөндө же кубаты өчүруүлгөндөн кийин кайра берилгенде шнурдун вилкасы сайылып турса, машина жүргүзүлбөйт. Машинаны өчүруүп, кайра күигүзүңүз.
  • Куйгүзгөндө электр шайманы жогорку айлануу жыштыгына өтө тез жетет, б.а. жүргүзүү тогунун автоматтык чектегичи (жайдан күйгүзүү функциясы) иштебей калат. Электрондук блокто ката бар; электрондук блоктун функцияларына тийиштүү техникалык коопсуздук боюнча башка көрсөтмөлөр жок. Электр шайманын дароо ондоого өткөрүңүз (12. бөлүмүн караңыз).

- Куйгузүү процесстеринде чыңалуу кыска мөөнөткө түшүп калат. Тармактын параметрлери ынгайсыз болсо, башка аспаптар бузулуп калышы мүмкүн. Тармактын толук тоскоолдугу 0,2 Омго жетпесе, бузлууу дээрлик орун албайт.

11. Аксессуарлар

Metabo фирмасынан чыккан тупнуска тетиктерди гана колдонуу сунушталат.

Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мунөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула.

Аксессуарларды бекем орнотунуз. Электр шайманын кармагычта иштетип жатканда: электр шайманын бекем орнотунуз. Башкарууну жоготуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

4-бетти карагыла.

METABO W 26230 MVT - Аксессуарлар - 1

Жумушчу элементке туура келүүчү коюлуучу бөлуктү жана көрсетүлген рочу чехолду колдонунуз 5-бетти гыла. (Суреттер мисал боло алат).

Иш тапшырмасы:

1 = Устүңкү бети менен жылмалоо
2 = Бөлүүүү түйүмдөр
3 = Тешиктерди кесүү
4 = 3ым щеткалары
5 = Наждак кагазынын жылмалоосу

Коюлуучу белуктөр:

1.1 = Кара жылмалоочу диск
1.2 = Жылмалоочу идиш (керамикалык)
2.1 = Кесүүчү диск "Металл"
2.2 = Кесүүчү диск "Кирпич/Бетон"
2.3 = Кесүүчү алмаз диски "кирпич/Бетон"
2.4 = Эки милдетти аткаруучу диск (аралаш жылмалоочу жана кесүүчү жылмалоочу диск)
3.1 = Алмаз бургулоосу

4.1 = Тегерек щетка
4.2 = Идиш үчүн щетка
5.1 = пластиналык жылмалоочу табакча
5.2 = Жылмалоочу листтер үчүн жылмалоочу табакча

Жазылган коргоочу чехол:

А тиби = Бөлүүчү коргоочу бөлүк

В тиби = жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк

С тиби = жылмалоо жана (аралаш) бөлүүчү жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк

D тиби = идишти жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк

F тиби = соруп алуучу электр тогун өчүрүүүүү коргоочу бөлүк

Башка аксессуарлар: (www.metabo.com караңыз)

А Металл кесүү үчүн тирөөч
В Кыпчытма гайка (14)
С Quick тиреечу гайка (1)

Аксессуарлардын толук ассортиментин www.metabo.com сайтынан же башкы каталогдон караңыз.

12. Ремонт

METABO W 26230 MVT - Ремонт - 1

Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлөө устаканаларында жүргүзүлүшү керек!

Бузулган тармак кабелин тупнуска Metabo кабели менен гана алмаштыруу керек. Аны Metabo тейлее борборунан сатып алууга болот.

W...В... деп белгиленген машиналарда щеткалар топтомун алмаштырып жатканда, тормоз каптатмаларын да алмаштыруу керек.

Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо учүн Metabo өкүлчүлүгүне кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар.

Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жуктөп аласыздар.

13. Айлана-чөйрөнү коргоо

Пайда болгон жылмалоо чацында зыян заттар камтылышы мүмкүн болгондуктан, аны талаптагыдай утилизациялоо керек.

Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла.

METABO W 26230 MVT - Айлана-чөйрөнү коргоо - 1

ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук

жана электр куралдары боюнча 2012/19/ЕС Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чөйрегө зыян келтирбегендей қылып ыргытыш керек.

14. Техникалык шарттары

Деталдардын сүрөттөлүшүн 3-беттен карагыла. Техникалык прогресске байланыштуу өзгөруүлөрдү алдын ала карагыла.

D_max =иш шайманынын уруксат берилген максималдуу диаметри

t_max,1 =n кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калындыгы (14)

t_max,2 =Quick кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калындыгы (1)

t_max,3 =сүрүүчү тегерек/кесүүчү тегерек: иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калындыгы

t_max,4 =табакча щёткаларынын максималдуу калынддығы

M =Жүгүртмө сай

I = жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички сайы

n_0 =куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (максималдуу айлануу жыштыгы)

P_1 =Номиналдуу керектелүүчү кубат

P_2 =Чыгуучу кубат

m^- =Тармак кабелисиз салмагы

Өлчөөнүн мааниси EN 60745 стандартка ылайык аныкталат.

□ II класстагы жабдык

\~ Θзгөрмө ток

Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен berилген (учурдагы стандарттарга ылайык).

Калдыктар

Бул маанилер электр инструменттин калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмөн болушу мүмкүн. Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмөн фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын.

Aянты чоң беттерди, жука листтерди же бир аз дирилдеп турган нерселерди

жылмалаганда үндүн көрсетүлгөндөн дагы көп чыгышына (15 дБ га чейин) себеп болушу мүмкүн. Мындай нерселер үндүн ашыкча чыгуусунан тиешелүү чаралар менен корголуусу керек. Мисалы, чоң ийилчээк демпфирлене турган килемчелер. Ошондой эле ызы-чуу таасиринин коркунучун баалоо жана угуунун ылайыктуу коргоону тандоодо үндүн жогорулашы каралышы керек.

Дирилдөөнүн жалпы өлчөму (уч багыттын вектордук суммасы) EN 60745 ылайык аныкталган:

a_h, SG =дирилдөөнүн эмиссиялык көрсеткүчү (үстүнкү катмарды жылмалоо)

a_h, DS =Чайкалуунун эмиссиялык көрсеткүчү (табак түрундөгү жылмалоочу тегерек менен жылмалоо)

K_h,SG/DS = каталык коэффициенти (дирилдөө)

Ызы чуунун деңгээли:

L_pA = акустикалык басым

L_WA = акустикалык кубаттулук

K_pA, K_WA = Аныксыздык

METABO W 26230 MVT - Техникалык шарттары - 1

Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула!

METABO W 26230 MVT - Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула! - 1

Алуучу үчүн маалымат:

Шайкештик тастыктамасы:

Шайкештик тастыктамасы: № ТС RU С-DE.БЛ08.В.00909, жарактуу мөөнөтү 26.10.2017-ж. баштап 25.10.2022-ж. чейин, «ИВАНОВО-СЕРТИФИКАТ» ООО «Ивановский Фонд Сертификации» өнүмдү тастыктоо органы тарабынан берилген; Дареги(юр. жана факт боюнча): 153032, Россия Федерациясы, Иванов обл., Иваново ш., Станкостроителей көч., 1; тел. (4932)77-34-67; факс (4932)77-34-67; E-mail: ivfs@mail.ru; Аккредитация аттестаты № RA.RU.11БЛ08, 24.03.16-ж., Федералдык аккредитация кызматы тарабынан берилген

Өндүруүлгөн өлкө: Германия

Өндүрүүчү: "Metabowerke GmbH", Metaboallee 1, D-72622 Nuertingen, Германия

Россиядагы импорттоочу:

Өндүрулгөн күнү шаймандын энтамгасында көрсөтүлгөн 10 орундуу сериялык номеринде шифрленген. 1-сан жылын билдирет, мисалы, «4» саны буюмдун 2014-жылы өндүрулгөнүн билдирет. 2 жана 3-сандары өндүрулгөн жылдагы айды билдирет, мисалы, «05» - май

Буюмдун колдонуу мөөнөтү 7 жыл.

Өндүруүлгөндөн кийин 5 жыл сакталса, алдын ала текшербестен ишке киргизүү сунушталбайт (даярдалган күнүн этикеткадан караңыз).

Мазмун Баштыкка кирүү үчүн чыкылдатыңыз
Колдонмо жардамчысы
Anthropic тарабынан колдоого алынат
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : METABO

Модель : W 26230 MVT

Категория : майдалагыч