STEB 65 Quick - Пил METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз STEB 65 Quick METABO PDF форматында.
| Өзгөчөлүк | Толугураак |
|---|---|
| Пиланын түрү | Чурко кесүүчү пила |
| Күчү | 650 Вт |
| Жүк жок ылдамдык | 500 - 3 100 айлануу/мин |
| Агач кесүү мүмкүнчүлүгү | 65 мм |
| Металл кесүү мүмкүнчүлүгү | 10 мм |
| Жүрүш узундугу | 20 мм |
| Салмагы | 2,2 кг |
| Пычак алмаштыруу системасы | Quick |
| Коопсуздук жабдуулары | Кайра күйгүзүүгө каршы коргоо, пычак коргоосу |
| Колдонуу аймактары | Агач, пластик, металл кесүү |
| Кошумча жабдуулар | Пила пычактары, параллелдик багыттоочу |
| Техникалык тейлөө | Пычактардын абалын дайыма текшерип, чаң сүзгүсүн тазалоо |
| Кепилдик | 3 жыл |
Көп берилген суроолор - STEB 65 Quick METABO
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө STEB 65 Quick METABO
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз Пил PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз STEB 65 Quick - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. STEB 65 Quick бренддин METABO.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ STEB 65 Quick METABO
ку Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы 71
7.2 Максималды жүрістер санын реттеу
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу декларация
Биз толук жоопкерчилик менен билдиребиз: Ушул электр лобзиктери идентификациялык туру жана сериялык номери боюнча *1) директивалардын кучундегу талаптарынын баарына *2) жана нормаларына жооп берет *3). техникалык документтерге *4) – 3-беттен карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Электр шайманы түстүү металлдарды жана канылтыр болотту, жыгач жана ага окшогон материалдарды, пластмасс жана ага окшогон материалдарды кесүүге багытталган. Башка эч кандай максатта колдонууга жол берилбейт.
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик тартат.
Кокустук кырсыктарды болтурбоо учүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек.
3. Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери

Өзүнүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз!

КОНУЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо учүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз.

ЭСКЕРТУУ – Бул электр шайманы менен кошо келген техникалык коопсуздук боюнча бардык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана спецификацияларды окуп чыгыңыз. Нускамалардын баарын окубагандан электр соккусу, өрт чыгышы жана/ же олуттуу жаракат алуу келип чыгышы мумкун.
Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап койгула.
Электр шайманын сизден сатып алган адамга ушул документтери менен кошо берициз.
4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөчө эрежелер
Электр зымдарына жакын жерде иштеп жатканда, шайманды изоляцияланган жерлеринен гана кармаңыз. Инструменттин кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу инструменттин бөлүгү арқылуу электр инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуу күч берип, ал электр тогуна урундурушу мүмкүн.
Иштеп жаткан жерде электр, суу жана газ менен камсыздоо линиялары жок экендигин тактап алыңыз (мисалы, металл издегич менен).
Даярдалма материалды жакшылап бекитип, сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар менен.
Өтө кичине материалдарды кесүүгө аракет кылбаныз.
Кесип жатканда багыттоочу панель материалга тыкис жатышы керек.
Жумуштан тыныгуу учурунда электр шайманын ечүруп, араасы толук токтогуча колунузда кармап туруңуз. Араа титиреп жатканда эч качан арааны материалдан чыгарууга же электр лобзигин артка жылдырууга аракет кылбаныз – болбосо, тээп кетиши мүмкүн.
Араа материалга тийип турганда электр шайманын күйгүзүп же өчүрбөңүз. Кесип баштоодон мурун араанын жүрушу иштөө ылдамдығына жеткиче күте туруңуз.
Материалда турган арааны кайталап жүргүзгөндө, арааны борборлоштуруп, тиштери материалга тийбей турганын текшериңиз. Эгер араа кыпчылып калса, электр лобзигин кайра жүргүзгөндө араа тээп кетиши мүмкүн.
Колунузду кесилип жаткан жерге жакындатпаңыз жана иштеп жаткан араага тийбеңиз. Материалды астынан кармабаңыз.
Күкүмдөрдү жана ушу сыяктууларды тазалоодо инструмент өчүрүлгөн абалда гана болсун.
Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө алдында вилканы розеткадан сууруш керек.
Курч араадан жаракат алуу коркунучу бар. Иштеп буткөндөн кийин араа ете ысык болушу мүмкүн. Коргоочу мээлей кийиңиз.
ЭСКЕРТУУ - Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу станокторду колдонгондо, жылмалоодо, аралоода, кезөөдө жана башка жумуштарда пайда болгон айрым чаң түрлөрундө рак, тубаса кемтик жана репродуктивдүү функциянын башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык заттардын айрым мисалдары:
- коргошундуу боёктон чыккан коргошун,
- кирпичтен, цементтен жана башка тизуу материалдарынан чыккан минералдуу чаң жана
- химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан мышьяк жана хром.
Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч операторлор мындай жумушту канчалык көп аткарганына жараша айырмаланат. Бул химикаттардын таасирин азайтуу учүн жакшы аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо каражаттары, мисалы, микроскоптук бөлукчөлөрдү чыпкалоо учүн атайын иштелип чыккан чаңдан коргоочу беткаптар менен иштөө керек.
КЫРГЫЗЧАky
Бул башка материалдардын да чацына тиешелүү, мисалы, дарактын айрым түрлөрү (дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар, асбест. Башка кеңири тараган ооруларга аллергиялык реакциялар, дем алуу органдарынын оорулары кирет. Бөлүкчөлөрдү оператордун организмине киргизбеш керек.
Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин түру боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде белгиленген нускамаларды жана улуттук эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча эрежелерди) сактоо керек.
Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.
Иштин ар бир түруне ылайыктуу аксессуарларды колдонгула. Аны менен айлана-чөйрөге бөлүкчөлөр азыраак чандалат.
Чанды кетируу учун тийиштуу чаç соргучтарды колдонгула.
Чандын зыян таасирин төмөндөткулө:
- пайда болгон зыян бөлүкчөлөрдүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чанга багыттабагыла,
- аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула,
- Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чанды кайра көтөрөт.
- Коргоочу кийимди атайын чан соргуч менен тазалап же жууш керек. Уйлебе, чаппа жана щетка менен тазалаба.
5. Кыскача билдируу
2-бетти кара.
1 Арааны бекитүүчү кыпчытма тутка
2 Араанын тиреечу чыгырыгы
3 Араа (бир таянычтуу куйругу менен (Т-формасындагы куйрук))*
4 Багыттоо панелин тууралоочу винт
5 Багыттоо панели
6 Маятник жүрүшүн тууралагыч
7 Чамынды тосмосу *
8 Араанын кыпчытмасы
9 Араага кокустан тийип кетүүдөн коргоочу
темир
10 Коргоочу айнек
11 Жүрүү ылдамдыгын орнотуучу деңгөлөкчө
12 Которгуч
13 Узакка иштетүү режими үчүн бекитүүүчү баскыч
14 Тутка
15 Сордурма түтүк
16 Ачкычтар белуму
17 Алты бурчтуу ачкыч
18 Кесүү бурчун көрсөтүүчү цоколь
* комплектация жараша/ эксплуатация көлөмүнө кирбейт
6. Ишке киргизүү
Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган чыңалуусу жана жыштығы сиздин кубат жеткируүнүздүкүне туура келерин тактаңыз.
Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максимальдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек.
Шайманды араасыз жүргүзбөңүз.
Кандайдыр бир жөндөө, жабдууну алмаштыруу, техникалык тейлөө же тазалоо иштерин өткөрүүдөн мурун розеткадан вилканы сууруп коюңуз.
6.1 Чамындыдан коргоочу пластинаны орнотуу
Курч араадан жаракат алуу коркунучу бар. Чамынды тосмосун орнотуудан мурун (7) арааны чыгарып салыңыз.
Электр шайманын багыттоо панели өйде карагыдай кылып оодарыңыз. Чамынды тосмосун мандайке бетинен орнотуп жатканда төменку 2 пункту эске алуу зарыл:
• Тосмонун түз бети өйдө карап турушу керек.
- Шлиц артты көздөй (тармак кабелин көздөй) багытталуусу керек.
Коргоо панели орнотулган абалда иштеп жатканда, чамынды тосмосун коргоо панелине коюңуз.
6.2 Арааны орнотуу
Курч араадан жаракат алуу коркунучу бар. Иштеп буткөндөн кийин араа ете ысык болушу мүмкүн. Коргоочу мээлей кийиңиз.
Учурдагы (иштелип жаткан) материалды кесүүгө атайын даярдалган арааны гана колдонунуз.
- Зарылчылык болгондо коргоочу айнекти (10) өйде жылдырып коюнуз.
- Кыпчытма тутканы (1) токтоп калгыча алдыны кездей бурап, ошол абалда кармап турунуз.
- Арааны (3) аягына чейин салыңыз. Ошол эле учурда, араанын тиштери алдыны карап, араанын тирөөчу чыгырығынын (2) оюкчасына туура отурганын текшериңиз.
- Кыпчытма тутканы (1) койобериңиз. (Ал автоматтык түрдө баштапкы абалына буралат. Андан кийин араа жакшылап бекип калат).
6.3 Чаң кетируγγу аппарат менен кесүү
- Чаң соруучу түтүккө (15) тиешелүү чаң кетируүүчү аппаратты туташтырыңыз.
- Чаң кетируүнүн оптималдуу майнаптуулугун камсызддоо учүн коргоочу айнекти (10) төмен жылдырыңыз.
6.4 Чаң кетируүүүү аппаратсыз кесүүү
- Коргоочу айнекти (10) өйдө жылдырып коюп иштөө.
6.5 Кыйшык чиймени кесүү
Коргоочу айнекти (10) өйдө жылдырып коюңуз.
Чамынды тосмосун (7) чечип, сордуруучу шлангды ажыратыңыз. Кыйшык чиймелерди кесип жатканда бул тетиктерди колдонууга тыюу салынат.
- Шурупту (4) бошотуу.
- Багыттоо панелин (5) бураныз.
- Учурдагы бурчтун маанисин тиреечу плитанын цоколунан (18) эсептеөгө болот. Аркы бурчту бурч ченегич менен тууралаңыз.
- Винтти (4) кайрадан бураңыз.
6.6 Дубалга жакын жерде кесүү
Коргоочу айнекти (10), чамынды тосмосун (7), тегерек жана параллелдик багыттагычты чечициз. Дубалдарга жакын жерде кесип жатканда бул тетиктерди колдонууга тыюу салынат.
- Багыттоо панели (5) бир аз көтөрүлгүдөй кылып, винтти (4) бошотунуз.
- Багыттоо панелин (5) бир аз көтөрүп, ал токтоп калгыча артты көздөй жылдырыңыз.
- Винтти (4) кайрадан бураңыз.
7. Колдонуу
7.1 Маятник жүрүшүн орнотуу
Тутканын (6) жардамы менен керектүү маятник жүрүшүн орнотунуз.
"0" абалы = маятник жүрүшү өчүрүлгөн
Орнотуунун сунушталган маанилерин 3-беттен караңыз
Оптималдуу маанилер тажрыйбанын негизинде жакшы аныкталат.
7.2 Максималдуу жүрүш ылдамдыгын орнотуу
Дөңгөлекчөдө (11) максимальдуу жүруш ылдамдыгын коюңуз. Шайман иштеп жатканда да ылдамдыкты коюуга болот.
Орнотуунун сунушталган маанилерин 3-беттен караңыз
Оптималдуу маанилер тажрыйбанын негизинде жакшы аныкталат.
7.3 Күйгузүү/Өчүрүү, узак убакытка күйгузүү
Күйгүзүү:Которгучту (12) басыңыз.
Өчүрүү:Которгучту (12) койобериңиз.
Узак убакытка күйгүзүү: Узак убакытка күйгүзүү учүн которую (12) токтоткуч баскычы (13) менен бекитип койсо болот. Өчүрүү учүн токтоткучту (12) кайра басыңыз.

Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина колдон бошотулганда да иштей берет.
Ошондуктан, электр шайманды ар дайым эки
колдоп, туткасынан бекем кармап, өзүңүз бекем туруп, жумушка гана көңүл буруңуз.
8. Тазалоо, техникалык тейлөө
Ошону менен бирге кыймылдаткычтын корпусундагы аба айлануучу көзөнектөрдү чаң соргуч менен тазалоо керек.
Араанын кыпчыткычын кысылган аба менен байма-бай кылдат тазалап туруңуз.
Зарылчылык болсо, араанын (2) тиреёчу чыгырыгынын артындагы аба айлануучу көзөнөктөрдү тазалаңыз.
Араанын (2) тирөөчү чыгырыгына маал-маалы менен май тамызып туруңуз.
9. Кенештер жана сунуштар
Оюп киргизүү
Жука жана жумшак материалдарды кесип жатканда арааны материалга алдын ала көзөнөк тешпестен оюп киргизүүгө болот. Кыска арааларды гана колдонунуз. 0° бурчун жөндөгөндө гана.
2-беттеги сүрөттү караңыз. Тууралоо туткасын (6) «0» абалына коюңуз (маятник жүрүшү өчүрулөт) Электр лобзигинин багыттоо панелинин (5) маңдайкы жээгин материалды каратып коюңуз. Электр лобзигин жакшылап кармап, жайдан төмен карай жылдырыңыз Кесип алғандан кийин маятник кыймылдоо режимин күйгүзсө болот.
Калыңыраак материалдарды кесип жатканда адегенде көзөнөк тешип алып, ошол жерге арааны салуу керек.
10. Аксессуарлар
Metabo фирмасынан чыккан тупнуска тетиктерди гана колдонуу сунушталат.
Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мунөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула.
Аксессуарларды бекем орнотунуз. Электр шайманын кармагычта иштетип жатканда: электр шайманын бекем орнотунуз. Башкарууну жоготуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
4-бетти карагыла.
А Тегерек жана параллелдүү багыттагыч
В Коргоочу (материалдын назик катмарын чийилип калуудан сактайт)
10.1 Тегерек жана параллелдүү багыттагычты орнотуу
∅ 100 мм баштап ∅ 360 мм чейин тегеректерди кесүү жана жээгине параллелдүү (жээктен эң көп дегенде 210 мм аралыкта) кесүүлөрдү аткаруу үчүн.
КЫРГЫЗЧАky
Тегерек багыттагычты орнотуу (Сүр. I караңыз)
- Тегерек жана параллелдүү багыттагычтын тирөөчүн капталынан багыттоо панелине салыңыз (борборлоштуруучу учун (с) темөн каратып).
- Керектүү радиусту (d) коюнуз.
- Винтти (b) бураңыз.
Параллелдүү багыттагычты орнотуу (Сүр. II караңыз)
- Тегерек жана праллелдүү багыттагычтын тирөөчүн капиталынан багыттоо панелине салыңыз
(борборлоштуруучу учун (с) төмөн каратып). - Жээктен керектүү аралыкты коюңуз (е)
- Винтти (b) бураңыз.
Араа огунан четтеп кетүүсүн минималдаштыруу үчүн өтө катуу арааларды колдонууну сунуштайбыз: 6.23694, 6.23679, 6.23685
Аксессуарлардын толук жыйнактарын www.metabo.com сайтынан же каталогдон карагыла.
11. Ремонт

Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлөө устаканаларында жүргүзүлүшү керек!
Бузулган тармак кабелин тупнуска Metabo кабели менен гана алмаштыруу керек. Аны Metabo тейлее борборунан сатып алууга болот.
Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо учун Metabo өкүлчүлүгүнө кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар.
Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жуктөп аласыздар.
12. Айлана-чөйрөнү коргоо
Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла.

ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук
жана электр куралдары боюнча 2012/19/ЕС Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чөйрөге зыян келтирбегендей қылып ыргытыш керек.
13. Техникалык шарттары
Деталдардын сүрөттөлүшүн 3-беттен карагыла. Техникалык прогресске байланыштуу өзгөрүүлөрдү алдын ала карагыла.
M =айландыруу учуру
T_1 = Материалдын максималдуу калындыгы (жыгач)
T_2 = Материалдын максималдуу калындыгы (түстүү металл)
T_3 =Материалдын максимальдуу калынддығы (каңылтыр болот) n_0 =Өз алдынча иштеп жаткандагы жүрүш ылдамдығы P_1 =Номиналдуу керектелүүчү кубат P_2 =Чыгуучу кубат m =Тармак кабелисиз салмагы Өлчөөнүн мааниси EN 62841 стандартка ылайық аныкталат.
□ II класстагы жабдык
\~ Θзгөрмө ток
Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен берилген (учурдагы стандарттарга ылайык).
Калдыктар Бул маанил
калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмөн болушу мүмкүн. Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмөн фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын.
Дирилдөөнүн жалпы өлчөму (уч багыттын вектордук суммасы) EN 62841 ылайык аныкталган:
a_h,CM =титирео мааниси (каңылтыр металлды кесүү)
a_h,CM =титирео мааниси (жыгачты кесүү) K_h, = Аныксыздык (дирилдөө)
Ызы чуунун деңгээли:
L_pA = акустикалык басым
L_WA = акустикалык кубаттулук
K_pA, K_WA = АНЫКСЫЗДЫК
Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула!
EAC
Алуучу үчүн маалымат:
Шайкештик тастыктамасы: № ЕАЭС N RU C-DE.ГБ09.В.00165/20, жарамдуулук мөөнөтү 23.03.2020-ж. баштап 22.03.2025-ж. чейин, өнүмдү тастыктоочу "Независимая экспертиза" Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан берилген; Жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги) жана иш жүргүзүү ордунун дареги: 115280, Россия, Москва шаары, Ленинская Слобода көчөсү 19, 2-кабат, бөлмөлөр: 21ш8, 21ш9, 21ш10, 21ш11; Телефон: +7 (495) 722-61-68; Электрондук почта дареги: info@n-exp.ru; Аккредитация аттестаты № РОСС RU.0001.11ГБ09, 09.09.2014-ж. берилген.
Шайкештик декларациясы: № ЕАЭС N RU Д-DE.ГБ09.В.00361/20, жарамдуулук мөөнөтү 06.03.2020-ж. баштап 26.02.2025-ж. чейин, өнүмдү тастыктоочу "Независимая экспертиза"
Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан катталган; Жайгашкан жери (юридикалык жактын дареги) жана иш жүргүзүү ордунун дареги: 115280, Россия, Москва шаары, Ленинская Слобода кечесү 19, 2-кабат, белмөлөр: 21ш8, 21ш9, 21ш10, 21ш11; Телефон: +7 (495) 722-61-68; Электрондук почта дареги: info@n-exp.ru; Аккредитация аттестаты № РОСС RU.0001.11ГБ09, 09.09.2014-ж. берилген.
Өндүруүлгөн өлкө: Кытай
Өндүрүүчү: "Metabowerke GmbH", Metaboallee 1, D-72622 Nuertingen, Германия
Россиядагы импорттоочу: ООО "Метабо Евразия"
Өндүруүлгөн күнү шаймандын маалымат тактасында аа/жжжж форматында көрсетүлгөн
Буюмдун колдонуу меөнөтү 7 жыл. Өндүрулгөндөн кийин 5 жыл сакталса, алдын ала текшерип көрмөйүнче, иштетүү сунушталбайт
ЖеңилКолдонмо