PHILIPS Uv Sanitizer HX6907 - категорияланбаган

Uv Sanitizer HX6907 - категорияланбаган PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Uv Sanitizer HX6907 PHILIPS PDF форматында.

📄 167 бет Кыргызча KY 💬 AI суроосу
Notice PHILIPS Uv Sanitizer HX6907 - page 128
Колдонмо жардамчысы
ChatGPT тарабынан иштетилет
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : PHILIPS

Модель : Uv Sanitizer HX6907

Категория : категорияланбаган

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз категорияланбаган PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Uv Sanitizer HX6907 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Uv Sanitizer HX6907 бренддин PHILIPS.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Uv Sanitizer HX6907 PHILIPS

Маанилүү коопсуздук маалыматы Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонуңуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маанилүү маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

- Санитайзерди суудан алыс кармаңыз. Шайманды ваннанын же раковинанын ичине түшүп кете турган жерге коюп же сактабаңыз. - Санитайзерди сууга же башка суюктукка салбаңыз. - Тазалап, дубалдагы розеткага туташтыруудан мурун санитайзер толугу менен кургак экенин текшериңиз. ЭСКЕРТҮҮЛӨР - Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсө колдоно алышат. Балдар шайманды чоңдордун көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек. - Балдар шайман менен ойнобошу керек. - Санитайзерди ар дайым балдардан алыс жерде сактаңыз. - Эшиги ачылып турганда УК лампасы күйө берсе, санитайзерди колдонууну токтотуңуз. УК нуру адамдын көзүнө жана терисине зыяндуу болушу мүмкүн. - Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлүктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз ('Кепилдик жана колдоо' seeKG). Шнуру бузулган болсо, кубаттагычты жана/же санитайзерди жаңысына алмаштырыңыз. - Санитайзерди эшикте же жылытылган беттердин жанында колдонбоңуз. - Зыянга учурап калбоо үчүн санитайзерди ар дайым түпнускасына алмаштырыңыз. - Philips Sonicare сунуштагандан башка щётка баштарын колдонбоңуз. - Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо, аны колдонуудан мурун дарыгериңиз менен кеңешиңиз. - Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк жана аны стоматологиялык клиникаларда же мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга болбойт.130

- Өнүмдү 0°C жана 40°C ортосундагы температурада гана заряддап, колдонуп жана сактаңыз. КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ - Санитайзерди коргоочу экраны менен гана иштетиңиз. - Санитайздердин УК жарык лампасы дезинфекциялоо учурунда же андан кийин ысык болот. Ысык болгон УК нурунун лампасына

- 3 УК тазалоо циклинде санитайзерди катары менен колдонгон болсоңуз, башка УК тазалоо мерчимин баштоодон мурун аны кеминде 30 мүнөткө өчүрүп коюңуз. - Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз. Электрмагниттик талаалар (ЭМТ) Philips компаниясынын бул Philips шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга жооп берет.

Сатып алууңуз менен куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоо кызматын толугу менен пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/welcome сайтында каттаңыз. Жалпы сүрөттөмөсү (1-сүрөт) 1 Күйгүзүү/өчүрүү баскычы 2 Эшиктин оюгу 3 Терезе 4 Sonicare power тиш щёткасынын кубаттагычы 5 Шнур Щеткаңыздын саптарын дезинфекциялоо Ар бир колдонуудан кийин УК санитайзер менен тиш сабыңызды тазалай

Эскертме: УК нуру адамдын көзүнө жана терисине зыяндуу болушу

Щеткалангандан кийин щётканын сабын чайкап, ашыкча сууну силкип салыңыз (3-сүрөт ). Эскертүү: Дезинфекциялоо учурунда саякат капкагын щётканын баш сабына койбоңуз.131

Манжаңызды санитайзердин эшигинин оюгуна салып, эшикти тартып ачыңыз (4-сүрөт ).

Щётканын сабын санитайзердеги 2 штифттин бирине кылдары жарык лампасына карап тургандай кылып коюңуз (5-сүрөт ). Эскертме: Санитайзерде Philips Sonicare чык этме щётка саптарын гана тазалаңыз. УК санитайзери бардык чык этме Sonicare щёткаларынын саптарына арналып жасалган.

Санитайзер тийиштүү чыңалуудагы розеткага туташтырылганын текшериңиз.

УК тазалоо мерчимин тандоо үчүн эшикти жаап, жашыл күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз (6-сүрөт ). - Терезеден жарык чыгып жатса, санитайзер иштеп жаткан болот. Эскертме: Эшик туура жабылган болсо гана санитайздерди күйгүзсөңүз

Эскертме: Дезинфекциялоо учурунда эшикти ачсаңыз, санитайзер токтоп калат. Эскертме: Дезинфекциялоо цикли 10 мүнөткө созулуп, андан соң автоматтык түрдө өчөт. Sonicare power тиш щёткаңызды кубаттоо Эскертме: Кубаттагычыңыз түбүндө кубаттоо тешиги бар Philips Sonicare тиш щёткалары менен гана иштейт (7-сүрөт ).

Кармагычты кубаттагычтын үстүнө коюңуз.

Кубаттоо индикатору жана статусу үчүн тиш щёткасынын колдонмосун

Эскертме: Тиш щёткаңыздын колдонмосунда Sonicare power тиш щёткасын кубаттоо нускамаларын жана кубаттоо убакыттарын караңыз. Санитайзерди тазалоо Эскертүү: Санитайзерди сууга салып же аны крандын астында чайкабаңыз. Эскертүү: УК жарык лампасы ысык болсо, санитайзерди тазалабаңыз. Оптималдуу натыйжага жетүү үчүн санитайзерди апта сайын тазалап туруу сунушталат.

Тамчы топтогучту сыртка тартыңыз (8-сүрөт ). Тамчы топтогучту чайкап, аны нымдуу кездеме менен тазалаңыз.

Ички беттеринин баарын нымдуу кездеме менен тазалаңыз.

УК жарык лампасынын алдындагы коргоочу экранды алып салыңыз. Экранды чыгаруу үчүн чык этмелердин жанындагы учтарын кармап, акырын басып, коргоочу экранды тартып чыгарыңыз (9-сүрөт ).

УК жарык лампасын чыгарыңыз. Жарык лампасын чыгаруу үчүн аны кармап, металл илмектеринен

Коргоочу экранын жана УК жарык лампасын нымдуу кездеме менен

УК жарык лампасын кайрадан киргизиңиз. Жарык лампасын кайрадан киргизүү үчүн жарык лампасынын түбүн металл илмекке тууралап, лампаны илмекке түртүңүз.

Коргоочу экранын кайрадан киргизиңиз. Экранды кайрадан киргизүү үчүн экрандагы штифттерди УК жарык лампасынын жанындагы чагылдырма беттеги оюкчаларга тууралаңыз. Экранды санитайзердеги оюкчаларга түз түртүңүз.

Тазалап, электр тармагына туташтыруудан мурун санитайзер толугу менен кургаганын текшериңиз.

Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсоңуз, аны электр розеткасынан ажыратып, тазалап, түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.

УК лампаларын Philips Sonicare кардарларды тейлөө кызматынын борборунан алмаштырууга болот. Жергиликтүү Philips кардарларды тейлөө борбору менен байланышуу үчүн www.philips.com/support cайтына баш багыңыз. Кепилдик жана колдоо Өнүм тууралуу маалымат алуу, колдоо кызматына кайрылуу жана колдонуучуга онлайн нускамаларды көрүү үчүн төмөнкү жерге өтүңүз: philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык кепилдик баракчасын

Эл аралык кепилдик шарттарына төмөнкүлөр кирбейт:133

- Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн колдонуудан келип чыккан бузулуу. - Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген оңдоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу. - Кадимки эскирүү, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү. - УК жарык лампасы. Кайра иштетүү - Санитайзердин УК жарык лампасында сымап бар. Колдонуудан чыккандан кийин УК жарык лампасын кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытпаңыз. Аны кайра иштетүү максатында чогултуучу расмий чекитке тапшырыңыз. - Электрдик жана электрондук өнүмдөрдү өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө чогултуңуз. Туура утилизациялоо айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна болгон терс таасиринин алдын алууга жардам берет.Македонски