METABO W 9125 Quick - майдалагыч

W 9125 Quick - майдалагыч METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз W 9125 Quick METABO PDF форматында.

📄 188 бет PDF ⬇️ Кыргызча KY 💬 AI суроосу ⚙️ Мүнөздөмөлөр 🖨️ Басып чыгаруу
Notice METABO W 9125 Quick - page 133
Колдонмо жардамчысы
ChatGPT тарабынан иштетилет
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : METABO

Модель : W 9125 Quick

Категория : майдалагыч

SKIP

Көп берилген суроолор - W 9125 Quick METABO

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз майдалагыч PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз W 9125 Quick - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. W 9125 Quick бренддин METABO.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ W 9125 Quick METABO

Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы Түрү жана сериялык номери аркылуу белгиленген бул жылмалоочу машина төмөнкүлөргө жооп берерин биз өзүбүздүн жеке жоопкерчилигибиз менен жарыялайбыз: *1), директиванын бардык жоболоруна *2) жана нормаларына *3). техникалык документтерге *4) – 4-беттен карагыла. Metabo фирмасынын түпнуска толуктоочу тетиктери менен жылмалоочу машинанын комплектиси жылмалоого, барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу станоктордо колдонууга, зымдуу щеткалар менен колдонууга жана металлды, бетонду, ташты жана ага окшогон материалдарды суу колдонбостон алмаздуу тегерек менен кесүүгө багытталган. WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 QuickInox, WEV 17-125 Quick Inox RT ошондой эле жөнөкөй жылмалоо иштерине да ылайыктуу. Татаал жана көп убакыт талап кылган жылмалоо иштеринде бурчтуу жылмалоочу машинаны сунуштайбыз. WEV.. белгиси менен белгиленген машиналар орнотуучу дө?гөлөкчөсү бар болгондуктан, зымдуу щетка менен тазалаганга абдан

Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик

Кокустук кырсыктарды болтурбоо үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек. Өзүңүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз! КӨҢҮЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо үчүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз. ЭСКЕРТҮҮ Коопсуздук жана иштетүү боюнча бардык нускамаларды окуп

Коопсуздук жана иштетүү боюнча нускамалар аткарылбаса, электр тогунан сокку алынышы, өрт чыгышы жана/же оор жаракат алынышы мүмкүн. Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап

Башкаларга электр инструментиңизди берүүдө, анын бардык бул документтери менен кошо

4.1 Жылмалоо, наждак кагазы менен

жылмалоо, зымдуу щетка менен сүрүү жана абразивдүү кесүүдөгү жалпы коопсуздук чаралары:

a) Бул электр шайманы жылмалоо, барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу станоктордо колдонуу, зымдуу щеткалар менен колдонуу жана алмаздуу тегерек менен кесүү үчүн колдонулат. Коопсуздук боюнча бардык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды, схемаларды жана шайман менен бирге берилген маалыматты аткаруу зарыл Төмнөндө келтирилген көрсөтмөлөр аткарылбаса, электр соккусуна кабылуу, өрт чыгуу жана/же оор кесепеттер чыгышы мүмкүн. WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 Quick Inox, WEV 17-125 Quick Inox RT машинасын ошондой эле жылмалоочу машина катары колдонууга

b) Бул электр шайманы сайкалдоо үчүн багытталган. Электр шайманын максатынан башка багытта колдонуу кооптуу абалга же жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. (WEV 15- 125 Quick HT, WEV 17-125 Quick Inox, WEV 17- 125 Quick Inox RT машинасына тиешелүү эмес.) c) Бул электр шайманы үчүн өндүрүүчү тарабынан атайы каралбаган жана сунушталбаган нерселерди колдонууга тыюу салынат. Андай толуктоочу тетиктер электр шайманына орнотулса да, коопсуз иштешине кепилдик бербейт. d) Иш шайманынын айлануусунун уруксат берилген жогорку чеги кеминде шаймандын заводдук тактасында көрсөтүлгөндөй болууга тийиш. Уруксат берилген ылдамдыктан тезирээк айланган деталдар талкаланып, шаймандын айланасына күбүлүп түшүшү мүмкүн. e) Иш шайманынын тышкы диаметри жана калыңдыгы алынган электр шайманынын эксплуатациялык маалыматына дал келиши керек. Ченем маалыматы туура эмес шаймандар жетишсиз майланган же толук көзөмөлдөнбөгөн болушу мүмкүн. f) Сайлуу коюлмалуу иш шаймандары жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички сайына дал келиши керек. Фналец менен ронотулган иш шаймандары үчүн коюлуучу шаймандагы көзөнөктүн диаметри кабылдоочу фланецтин диаметрина дал келиши керек. Электр шайманына бекитилбеген коюлма шаймандар бир калыпта

1. Шайкештиги тууралуу

2. Багыты боюнча колдонуу

3. Техникалык коопсуздуктун

4. Техникалык коопсуздук

боюнча өзгөчө эрежелерКЫРГЫЗЧАky

айланбайт, катуу титирейт жана башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн. g) Бузулган иш шаймандарын колдонууга тыюу салынат. Ар бир колдонуу алдында жылмалоочу тегерек сыяктуу шаймандардан кетик жана жаракаларды, колодкалардан жаракаларды, жешилгендигин же желип бүткөндүгүн, зымдуу щеткалардан жумшарган же үзүлгөн зымдардын жоктугун текшерип алуу керек. Эгер элекр шайманы же иш шайманы кулап түшсө, анын зыянга учурабагындыгын текшерүү же бузулбаган шайманды колдонуу керек. Текшерүү жүргүзүлүп, иш шайманы ишке киргизилгенден кийин, операторду жана анын жанындагыларды айланып жаткан иш шайманынан алыс кармап, шайманды бир мүнөт бою толук ылдамдыкта иштетүү зарыл. Адатта мандемдүү шаймандар ушул сыноо мөөнөтүндө бузулуп калат. h) Жеке коргоо каражаттарын милдеттүү түрдө кийүү. Колдонулган жабдууга жараша, бетти коргоочу беткап, көздү коргоо каражаттарын же коргоочу көз айнек кийүү керек. Керек учурларда чаңдан коргоочу беткап, коргоочу наушник, коргоочу мээлей же абразивдин жана материалдын майда бөлүкчөлөрү колдонуучудан алыс болушу үчүн атайы алжапкыч кийүү зарыл. Ар кандай жумуштун натыйжасында пайда болуп, ыргып жаткан сыныктардан көздү коргоо керек. Чаң беткабы же респиратор колдонуу учурунда пайда болгон чаңды чыпкалашы керек. Эгер машинаны колдонуучулар узак убакыт бою ызы- чууга дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу пайда болот.

i) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз

аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш аймагына кирген адамдардын баары жеке коргоо каражаттарын кийиши керек. Даярдама материалдын бөлүкчөлөрү же сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан да жаракат алуу мүмкүн. j) Иш шайманы көрүнбөгөн электр өткөрүү линияларына же өзүнүн кубаттоочу шнуруна тийип кете турган жумуштарды жасап жатканда, электр шайманын корголгон туткасынан гана кармоо зарыл. Инструменттин кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу инструменттин бөлүгү аркылуу электр инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуу күч берип, ал электр тогуна урундурушу

k) Тармак кабелин айлануучу иш шаймандарынан алыс кармоо керек. Шайманды башкаруу жоготулса, кубаттоо шнуру үзүлүп же оролуп калып, колуңуз менен айланып жаткан шайманды кармап алышыңыз

I) Иш шайманы толук токтомоюнча электр

шайманын эч качан өчүрүүгө болбойт. Айланып жаткан иш шайманы бир нерсеге тийип кетип, электр шайманын башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн. m) Электр шайманы оператордун ийнинде илинип турганда аны жүргүзүүгө болбойт. Айланып жаткан иш шайманына кокус тийип кетсе, оператордун кийими оролуп калып, шайман оператордун денесин тешип кетүү коркунучу жаралат. n) Электр шайманынын аба айлануучу көзөнөгүн тез-тез тазалап туруу керек. Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска чаңды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе, электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн. o) Электр шайманын күйүүчү заттардын жанында колдонууга тыюу салынат. Пайда болгон учкундар, бул заттарды күйгүзүп жибериши мүмкүн. p) Муздатуу үчүн суюк каражаттарды талап кылган иш шаймандарын колдонууга тыюу салынат. Суу же башка муздатуучу суюктуктарды колдонуу электр соккусуна урунууга алып келиши мүмкүн.

4.2 Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы

боюнча тиешелүү нускамалар Тээп кетүү - жылмалоочу тегерек, жылмалоочу жаздыкча, зымдуу щетка ж.б. сыяктуу айланып жаткан иш шайманы кыпчылып же бөгөттөлүп калганда пайда болуучу күтүүсүз реакция. Кыпчылуу же бөгөттөлүү айланып жаткан шаймандын дароо токтошуна алып келет. Натыйжада, башкарылбай калган электр шайманы бөгөттөлгөн чекиттен коюлма шаймандын айлануу багытына каршы ылдамдап айланат. Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчылып калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма материалга кирип турган чети бөгөттөлүп калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине себеп болушу мүмкүн. Андан соң, бөгөттөлгөн чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша жылмалама тегерек оператор тарапка же ага карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн. Тээп кетүү электр шайманын туура эмес же талапка ылайыксыз колдонуунун натыйжасында пайда болот. Төмөндө көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары аркылуу анын алдын алууга болот. a) Электр шайманын бекем кармоо керек жана оператор өз денеси менен колдорун тээп кетүүгө жол бербегидей абалда кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү учурундагы реакция моменттерин болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым кошумча туткасын да колдонуңуз. Оператор тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат. b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына жакын кармоого тыюу салынат. Тээп кеткенде шайман оператордун колуна тийип калышы мүмкүн. c) Өндүрүүчү бул электр шайманы үчүн атайы чыгарбаган жана сунуштабаган тетиктерди колдонбоңуз. Тетиктердин электрКЫРГЫЗЧА ky

шайманына бекем орнотулушу шаймандын коопсуз иштешине кепилдик бербейт. d) Бурчтарда, курч кырларда ж.б. жерлерде өтө кылдат болуп, иш шаймандары даярдалма материалдан секирбешин жана кыпчылып калбашын камсыздоо керек. Айланма тетиктер көпчүлүк учурда бурчтарда, курч кырларда же секирип кеткенде кыпчылып калышат. Бул башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет. e) Чынжырлуу же тиштүү араа колдонууга болбойт. Мындай шаймандар көп учурларда электр шайманын башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет.

4.3 Жылмалоо жана кесип жылмалоо

учурундагы коопсуздук техникасы боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: a) Бир гана сатып алган электр шайманы үчүн уруксат берилген жылмалоо машиналарын жана ушундай жылмалоо машиналары үчүн жасалган коргоо капкагын колдонуу керек. Электр шайманына арналбаган абразивдер жетиштүү түрдө тосулбагандыктан, кооптуу болушат. b) Чыканактуу жылмалоочу тегеректерди жылмалоочу катмары коргоочу каптамадан төмөн болгудай кылып орнотуу зарыл. Туура эмес орнотулган жылмалоочу тегерек корголгон бөлүктөн ашып калса, талаптагыдай тосулбай калат. c) Коргоочу каптама электр шайманына бекем тагылып, операторго абразивдүү шаймандын эң аз бөлүгү ачык калгыдай болуп, максималдуу коопсуздукка туураланышы керек. Коргоочу каптама операторду таштандыдан коргоого, абразивдүү материалдын жана кийимди күйгүзө турган учкундардын кокустан тийип кетишинен сактоого жардам берет. d) Жылмалоочу тегеректерди сунушталган жумуштарга гана колдонууга болот. Мисалы: кесүүчү дисктин капталы менен эч качан жылмалоого болбойт. Кесүүчү жылмалоо тегеректери материалды дисктин четинен жоготууга арналган. Бул жылмалоочу тегеректерге капталынан күч келтирилгенде алар сынып калышы мүмкүн. e) Тандалган жылмалоочу тегерекке туура өлчөмдөгү жана формадагы, бүтүн кыпчытма фланецтерди колдонуу керек. Чак келген фланецтер жылмалоочу тегеректи бекемдеп, кесүүчү жылмалоо тегерегинин сынып кетүү коркунучун азайтат. Кесүүчү тегеректер үчүн лезвиелер башка жылмалоочу тегеректердин фланецтеринен айырмаланышы

f) Күчтүүрөөк электр шаймандарында жешилген жылмалоочу тегеректерди колдонууга болбойт. Күчтүүрөөк электр шаймандарынын жылмалоочу тегеректери кичине электр шаймандарынын жогорку ылдамдыгына дайындалган эмес жана сынып калышы мүмкүн.

4.4 Кесип жылмалоодогу коопсуздук

техникасы боюнча кошумча өзгөчө нускамалар: a) Кесүүчү дисктин бөгөттөлүшүн же ашыкча контакт басымынын алдын алуу сунушталат. Өтө терең кесүү сунушталбайт. Кесүүчү дискке ашыкча күч келтирилгенде, анын чыңалуусу көбөйүп, кыпчылууга же бөгөттөлүүгө ыктуу болуп калгандыктан, тээп кетүү же абразивдүү сынуу мүмкүнчүлүгү пайда

b) Айланып жаткан кесүүчү тегеректин алдына же артына жайгаштырууга болбойт. Эгер оператор кесүүчү дискти өзүнөн даярдалма материалды көздөй жылдырса, диски айланып жаткан электр шайманы тээп кеткенде операторду көздөй жылышы мүмкүн. c) Эгер кесүүчү диск кыпчылып калса же иш токтоп калса, электр кубатын өчүрүп, диск токтогуча кармап туруш керек. Иштеп жаткан кесүүчү дөңгөлөктү эч качан чыгарууга аракет кылбаш керек. Болбосо, тээп кетиши мүмкүн. Кыпчылуунун себебин аныктап, жоюу

d) Электр шайманы даярдалма материалда турганда аны күйгүзүүгө болбойт. Кесүүнү улантуудан мурун лезвие толук ылдамдык алгыдай кылыш керек. Болбосо диск кыпчылып калып, даярдалма материалдан бошоп же тээп кетиши мүмкүн. e) Кесүүчү диск кысылып калгандыктан тээп кетүү коркунучун азайтуу үчүн пластина жана чоң даярдалма материалдарга тирөөч коюу керек. Ири даярдалма материалдар өз салмагынан улам ийилиши мүмкүн. Иштелип жаткан деталь дисктин эки жагынан тең, кесе турган аймакка жакын жерден жана учунан тирелиши керек. f) Турган дубалдарда же башка көрүнбөгөн аймактарда «чөнтөк кесүү» учурунда өзгөчө кылдат болуу зарыл. Газ жана суу түтүктөрүн, электр зымдарын же башка объекттерди кесип жатканда сууланган кесүүчү диск тээп кетиши

4.5 Жылмалоодогу коопсуздук техникасы

боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: a) Габариттик өлчөмү дал келбеген абразивдик листтерди колдонууга болбойт. Абразивдик листтин габариттери боюнча өндүрүүчүнүн нускамаларын аткаруу керек. Жылмалануучу катмардан ашып турган абразивдик листтер жаракат алууга, кыпчылууга, айрылууга же тээп кетүүгө себеп болушу мүмкүн.

4.6 WEV 15-125 Quick HT, WEV 15-125 Quick

HT, WEV 15-125 Quick Inox, WEV 17-125 Quick Inox RT үчүн гана: жылмалоо иштери үчүн коопсуздук техникасы боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: Жылмалоочу капкактын бөлүктөрү, айрыкча бекемдөөчү боонун салаӊдап калбоосун көзөмөлдөп туруӊуз. Боону четке жылдырып же кесип салыӊыз. ИштөөКЫРГЫЗЧАky

учурунда сала?дап же айланып жаткан боонун учтары манжага же даярдалып жаткан материалга оролуп калышы мүмкүн.

4.7 Зымдуу щеткалар менен иштөөдөгү

коопсуздук техникасы боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: a) Кадимки колдонууда зымдуу щетка зым үзүктөрүн жоготоруна көңүл буруу керек. Ашыкча кысуу басымынан улам зымдарга күч келтирбеш керек. Зымдын ыргыган кесиндилери жука кийимди жана / же терини көзөп өтүшү мүмкүн. b) Эгер коргоочу капкакты колдонуу сунушталса, коргоочу капкак менен зымдуу щетка бири-бирине тийбеши керек. Пластина түрүндөгү же чөйчөктүү щеткалардын контакт басымынан жана борбордон качма күчтөн улам диаметри чоңойушу мүмкүн.

4.8 Коопсуздук боюнча кошумча

көрсөтмөлөр: ЭСКЕРТҮҮ – Ар дайым коргоочу көз айнек кийүү зарыл. ЭСКЕРТҮҮ – Электрокуралды ар дайым эки колуңуз менен колдонуңуз. Ийкемдүү прокладкалар абразив менен берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды колдонуу керек. Шаймандын же аксессуардын маалыматына баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана соккудан сактоо керек! Жылмалоочу тегеректер өндүрүүчүнүн нускамаларына жараша сакталып, иштетилиши

Кесүүчү дискти жылмалоо иштери үчүн колдонбо?уз! Кесүүчү дисктин каптал тарабына күч келтирбөө керек. Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар менен. Ири даярдалма материалды талаптагыдай тиреп коюу керек. Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса, шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын көзөнөгүнө тийбеши керек. Иш шайманындагы сай шпинделдин узундугуна дал келгидей болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш шайманындагы сай шпинделдеги сайга дал келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы боюнча маалымат 4-5-бетте жана 14. Техникалык мүнөздөмөлөрү бөлүмдө көрсөтүлгөн. Туруктуу чаң тазалоо системасын колдонуу сунушталат. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максималдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек. Жылмалоочу машина агып чыкма токтон коргоочу автомат тарабынан өчүрүлгөндө, шайманды текшерип, тазалоо керек. «Тазалоо» 9. бөлүмүн караңыз. Сынган, тегерек эмес же титиреген шаймандарды колдонууга болбойт. Газ же суу түтүктөрүн, электр зымдарын жана көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан сактануу керек. Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө алдында вилканы розеткадан сууруш керек. Metabo S-automatic сактагыч муфтасы. Сактагыч муфтасы иштеп кетсе, шайманды дароо өчүрүңүз! Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт. Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт. Майда даярдалма материалды бекитип коюу керек. Мисалы, аларды тиск менен кыпчытуу

Чаңдын чыгышын азайтуу: ЭСКЕРТҮҮ - Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу станокторду колдонгондо, жылмалоодо, аралоода, көзөөдө жана башка жумуштарда пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса кемтик жана репродуктивдүү функциянын башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык заттардын айрым мисалдары: - коргошундуу боёктон чыккан коргошун, - кирпичтен, цементтен жана башка тизүү материалдарынан чыккан минералдуу чаң

- химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан мышьяк жана хром. Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч операторлор мындай жумушту канчалык көп аткарганына жараша айырмаланат. Бул химикаттардын таасирин азайтуу үчүн жакшы аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо каражаттары, мисалы, микроскоптук бөлүкчөлөрдү чыпкалоо үчүн атайын иштелип чыккан чаңдан коргоочу беткаптар менен иштөө

Бул башка материалдардын да чаңына тиешелүү, мисалы, дарактын айрым түрлөрү (дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар, асбест. Башка кеңири тараган ооруларга аллергиялык реакциялар, дем алуу органдарынын оорулары кирет. Бөлүкчөлөрдү оператордун организмине киргизбеш керек. Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин түрү боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде белгиленген нускамаларды жана улуттук эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча эрежелерди) сактоо керек. Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек. Иштин ар бир түрүнө ылайыктуу аксессуарларды колдонгула. Аны менен айлана-чөйрөгө бөлүкчөлөр азыраак чаңдалат. Чаңды кетирүү үчүн тийиштүү чаң соргучтарды колдонгула. Чаңдын зыян таасирин төмөндөткүлө:КЫРГЫЗЧА ky

- пайда болгон зыян бөлүкчөлөрдүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чаңга багыттабагыла, - аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула, - Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чаңды кайра көтөрөт. - Коргоочу кийимди атайын чаң соргуч менен тазалап же жууш керек. Үйлөбө, чаппа жана щетка менен тазалаба. 2-бетти кара. 1 Quick кыпчытма гайкасы * 2 Тирөөчү фланец 3Шпиндель 4 Шпинделди бөгөттөөчү баскыч 5 Өчүрүүчү / күйгүзүүчү сыдырма которгуч * 6Тутка 7 Электрондук сигналдык индикатор * 8 Ылдамдыкты тууралоочу дөңгөлөк * 9 Баскыч түрүндөгү өчүрүп-күйгүзгүч* 10 Күйгүзүүнү бөгөттөгүч * 11 Кошумча тутка / Титирөөнү басаңдатуучу кошумча тутка * 12 Коргоочу капот 13 Эки бекитме көзөнөктүү гайка * 14 Эки көзөнөктүү ачкыч * 15 Коргоочу капкакты бекитүү үчүн рычаг

  • комплектация жараша/ эксплуатация көлөмүнө кирбейт Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган чыңалуусу жана жыштыгы сиздин кубат жеткирүүңүздүкүнө туура келерин тактаңыз. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максималдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек.

6.1 Кошумча тутканы орнотуу

Кошумча тутка тагылган абалда гана иштөө (11) керек! Кошумча тутканы машинанын сол же оң жагына буроо.

6.2 Коргоочу каптаманы орнотуу

Коопсуздукту камсыздоо максатында, тиешелүү жылмалоочу тегерекке арналган коргоочу капкакты гана колдонуу сунушталат!

11. Аксессуарлар бөлүмүн да караңыз!

Жылмалоо үчүн коргоочу капот Одуракай жылмалоо дисктери, табак түрүндөгү жылмалоочу пластиналуу тегерек, алмаздуу кесүүчү дисктер менен иштөөгө арналган. 3-бет, C сүрөтүн караңыз. - Рычагды (15) басып, кармап туруңуз. Коргоочу капотту (12) көрсөтүлгөн абалда орнотуңуз. - Рычагды коё берип, ал токтоп калгыча коргоочу капкакты бураңыз. - Рычагды тартып, коргоочу капкакты жабык аймагы колдонуучуну карап тургудай кылып

- Бекем отургандыгын текшериңиз: рычаг оюкка кирип, коргоочу капкак тегеренбеши керек. Коргоочу капоттон кеминде 3,4 мм чыгып турган иш шаймандарын гана колдонуу керек. (Чечкенде, аракеттерди тескери иретте аткаруу керек.) Кайра жабдуу иштеринин алдында: кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуу зарыл. Станокту өчүрүп, шпинделди токтотуу

Коопсуздукту камсыздоо максатында, кесүүчү жээктин калканын колдонуу сунушталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11.

7.1 Шпинделди бөгөттөө

- Шпинделди бөгөттөө (4) баскычын басып, шпинделдин бөгөттөөчү баскычы бөгөттөлгөнү сезилмейинче (3) кол менен айлантыңыз.

7.2 Жылмалоочу дискти орнотуу

2-бет, A сүрөтүн караңыз. - Тирөөчү (2) фланецти шпинделге орнотуңуз. Фланец шпинделде айланбаса, туура орнотулду деп эсептелет. W 9-100 үчүн гана: чакан дөмпөкчө (диаметри 16 мм) өйдө тарапты карагандай кылып, тиреп туруучу фланецти эки штифттүү ачкыч менен шпинделди көздөй бура?ыз. - Жылмалоочу дискти тирөөчү (2) фланецке

Жылмалоочу тегерек тирөөчү фланецке тегиз отурушу керек.

7.3 Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/

бошотуу (комплектациясына жараша) Quick кыпчытма гайкасын (1) бекитүү: Quick кыпчытма гайкасын (1) “Metabo Quick” системасы менен жабдылган шаймандарга гана орноту?уз. Мындай шаймандарды “M-Quick” деген жазуусу бар шпинделдин токтоткучундагы (4) кызыл баскычы боюнча о?ой аныктоого болот Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы 7,1 мм ден калың болсо, Quick кыпчытма гайкасын колдонууга болбойт! Мындай учурда эки бетитме көзөнөктүү кыпчытма гайканы (13) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен (14)

7. Жылмалоочу дискти орнотууКЫРГЫЗЧАky

- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). - Quick кыпчытма гайкасын (1) шпинделге (3) 2 мүйүзчө шпинделдин 2 оюкчасына киргендей кылып орноту?уз. Сүрөттү караңыз, 2-бетте. - Quick кыпчытма гайкасын саат жебеси боюнча кол менен бекитиңиз. - Жылмалоочу тегеректи күч менен саат жебеси боюнча айлантуу аркылуу Quick кыпчытма гайкасын бекитиңиз. Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу: Quick кыпчытма гайкасы (1) орнотулганда гана шпинделди M-Quick шпиндель токтоткучунун (4) кызыл баскычынын жардамы менен токтотууга уруксат берилет! - Өчүргөндөн кийин шайман инерция боюнча кыймылдай берет. - Абразивдүү дисктин толук токтоосуна чейин M-Quick шпиндель токтоткучундагы (4) кызыл баскычын басы?ыз. Quick кыпчытма гайкасы (1) болжол менен жарым айланышка автоматтык түрдө бошо?дойт, ошондуктан аны кошумча күч же шайман колдонбостон эле бурап чыгарып алса болот.

7.4 Эки бекитме көзөнөктүү гайканы

бекитүү/бошотуу (комплектациясына

Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (13)

Эки бекитме көзөнөктүү гайканын 2 бети бири- биринен айырмаланат. Эки бекитме көзөнөктүү гайканы шпинделге төмөнкүдөй кылып бураңыз: 2-бет, B сүрөтүн караңыз. - X) Жука жылмалоочу тегеректер үчүн: Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (13) өйдө карап тургандыктан, жука жылмалоочу тегеректи бекем орнотууга болот. Y) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн: Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (13) төмөн карап тургандыктан, гайканы шпинделге бекем орнотууга болот. Z) W 9-100 үчүн гана: Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу төмөн карап, түз бети өйдө карап турат. - Шпинделди бөгөттөңүз. Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (13) саат жебеси боюнча (14) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен

Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бошотуу: - Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (13) саат жебесине каршы (14) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен бурап чечиңиз.

8.1 Айлануу ылдамдыгын жөндөө

(жабдылышына жараша) Тууралоочу дөңгөлөктө (8) сунушталган ылдамдыкты коюңуз. (Кичине сан = төмөн ылдамдык, чоң сан = жогору ылдамдык) Кесүүчү жылмалоо машинасы-, сыйрыма жылмалоочу тегерек, чөйчөк түрүндөгү жылмалоочу тегерек, алмаздуу кесүүчү жылмалоо тегереги: жогору айлануу саны Щетка: орточо айлануу саны Табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек: төмөн жана орто айлануу саны

Сайкалдоо үчүн биздин компаниянын бурчтуу сайкалдагычын колдонууну сунуштайбыз.

Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң даярдалма материалга алып келүү керек. Кокустан жүргүзүп алуудан сактануу үчүн: вилка розеткада суурулуп кеткенде же электр кубатында бузулуу орун алганда машинаны өчүрүп коюу керек. Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина колдон бошотулганда да иштей берет. Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол менен туткасынан кармап, туруктуу абалга жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу

Чаң же сүрүндү шайманга сорулуп киришине жол бербеңиз. Машинаны өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо гана шнурду сууруш керек. Сыдырма которгучтуу машина: Күйгүзүү: Сыдырма которгучту (5) алдыга жылдырыңыз. Тынымсыз иштетүү үчүн ал оюкка кирмейинче төмөн кыйшайтыш

Өчүрүү: Сыдырма которгучтун арткы учун (5) басып, коё бериңиз. Желекче түрүндөгү өчүрүп-күйгүзгүчтүү

(сактык кнопкасы менен): Күйгүзүү: күйгүзүүнү бөгөттөгүчтү (10) жебенин багыты боюнча жылдыры?ыз, андан кийин баскыч түрүндөгү өчүрүп-күйгүзгүчтү (9)

W...RT деген белгиси бар шаймандар: Кыска мөөнөткө күйгүзүү (автотоктотуу функциясы менен): Күйгүзүү: Которгуч баскычын (9) алдыга жылдырып, которгучту өйдө карай (9)

Өчүрүү: Которгуч (9) баскычын коё бериңиз. W...RT деген белгиси бар шаймандар: Тынымсыз иштөө режими (комплектацияга

Күйгүзүү: шайманды жогоруда сүрөттөлгөндөй күйгүзү?үз. Баскыч түрүндөгү өчүрүп- күйгүзгүчтү (9) бир позицияга алдыга жылдырып, өчүрүп-күйгүзгүчтү (9) ошол абалда бекитүү үчүн, баскычты коё бери?из (тынымсыз иштөө режими). Өчүрүү: баскыч түрүндөгү өчүрүп-күйгүзгүчтү (9) өйдөнү көздөй басып, кайра коё

Стандарттык жылмалоо жана наждак кагазы менен жылмалоо: Станокту орто күч менен басып, даярдалма материалдын үстүнкү бөлүгү өтө ысып кетпеши үчүн алдыга, артка жылдырыңыз. Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн 30° - 40?C бурч менен иштөө керек. Жылмалоочу тегерек менен кесүү: Жылмалоочу тегерек менен кесип жатканда ар дайым дисктин айланышына каршы (сүрөттү караңыз) иштөө керек. Болбосо, машинанын кесилген жерден көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат. Иштелип жаткан материалга ылайыкталган, орточо күч менен иштөө керек. Өтө кыйшайууга, ашыкча күч келтирүүгө жана машинаны чайкоого жол бербеңиз. Зымдуу щеткалар менен иштөө: Машинаны орточо күч менен басыңыз.

8.4 Редуктордун тулкусунун айлануусу

3-бет, D сүрөтүн караңыз. - Розеткадан вилканы сууруңуз. -Рычагдын бекитүү бурамасын (а) бурап чыгарып салы?ыз (15). Бураманы алып салып, рычагды чыгарып (желбирек элементи менен кошо), четке алып кою?уз. - Редуктордун тулкусунун 4 бурамасын (b) бурап чыгары?ыз. КӨӉҮЛ БУРУӉУЗ! Редуктордун тулкусун чечпеӊиз! - Редуктордун тулкусун чечпестен, керектүү абалга бура?ыз. - Редуктордун тулкусунун 4 бурамасын (b) сайына бурап киргизи?из! Тартып буроо учуру = 3,0 Nm +/- 0,3 Nm. - Рычагды керектүү абалда кармап турган пружинаны жылдырып, бекитүү бурамасы (a) менен тарттырып, кайрадан (15) орноту?уз (желбирек элементи менен кошо). Тартып буроо учуру = 5,0 Nm +/- 0,5 Nm. Рычагдын иштөөсүн текшери?из: ал пружинанын күч алдында болушу зарыл. Иштетип жатканда машинанын ичинде коштоочу чаң отуруп калышы мүмкүн. Бул электр шайманын муздатууну начарлатат. Ток өткөрүүчү чаң электр шайманынын коргоочу изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу коркунучун жаратышы мүмкүн. Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана арткы аба айлантуучу көзөнөктөр аркылуу чаңды тазалап же кургак аба менен үйлөтүп туруу керек. Ал үчүн электр шайманын электр булагынан ажыратып, коргоочу көз айнек жана респиратор кийүү зарыл. VTC жана TC электроникасы менен жабдылган

Электрондук сигнал индикатору (7) күйүп, айлануу жыштыгы кысым астында азаят (W…RT эмес). Шайманга келтирилген күч өтө чоң! Шайманды электрондук сигнал индикатору өчмөйүнчө, куру жүгүрүктө иштетип туру?уз. Электр шайманы иштебей жатат. Электрондук сигнал индикатору (7) (комплектациясына жараша) бүлбүлдөп жатат. Кайталап күйгүзүүнү бөгөттөөчү түзмөк иштеп кетет. Машина күйгүзүлгөндө же кубаты өчүрүлгөндөн кийин кайра берилгенде шнурдун вилкасы сайылып турса, машина жүргүзүлбөйт. Машинаны өчүрүп, кайра күйгүзүңүз. Metabo фирмасынан чыккан түпнуска тетиктерди гана колдонуу сунушталат. 6-бетти карагыла. Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мүнөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула. A Кыпчытмалуу коргоочу калпак / коргоочу

Бурчтуу жылмалоочу машиналар, алмаздуу кесүү менен иштөөгө багытталган Коргоочу каптаманын кыпчытмасы орнотулганда,

10. Мүчүлүштүктөрдү оңдоо

коргоочу капкак бөлүүчү элемент катары

B Абразивдүү кесүү үчүн коргоочу каптама Алмаздуу кесүүчү тегеректер менен таш плиталарын кесүүгө арналган. Тиешелүү сордуруучу түзмөк менен таш чаңын тазалоочу түтүгү менен. C Жалпак жылмалоо иштерине арналган, сордуруучусу бар коргоочу капкак Алмаз жалатылган, чөйчөк сымал же фибра дисктери жана туура келүүчү жылмалоочу табактары бар бетонду, стяжканы, жыгачты жана полимерлерди жылмалоого арналган. Тиешелүү ча? сордуруучу аспаптын жардамы менен таш, жыгач жана полимер ча?дарын сордуруп алууга багытталган түтүкчөсү менен. Учкундарды сордуруп алууга же металлды жылмалоого жарабайт. D Чаӊга каршы фильтр. Майда көздүү фильтр кыймылдаткычтын тулкусуна ири бөлүкчөлөрдүн кирип кетишинен сактайт. Фильтрди дайыма чечип, тазалап туруу

E Колду коргоочу элемент Тирөөчү табак, жылмалоочу табак, зымдуу щеткалар жана керамикалык плиталар үчүн алмаздуу тешкичтер менен иштөөгө багытталган. Оператордун колун коргоочу каражатты капталдагы кошумча тутканын алдына коюу

F Кошумча сап үчүн көп позициялуу скоба Саптын абалын ар түрдүү алмаштырууну камсыздайт. G Скобасы бар чечилме кошумча сап Аксессуарлардын толук жыйнактарын www.metabo.com сайтынан же каталогдон

Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлөө устаканаларында гана жүргүзүлүшү керек! Бузулган тармак кабелин түпнуска Metabo кабели менен гана алмаштыруу керек. Аны Metabo тейлөө борборунан сатып алууга болот. Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо үчүн Metabo өкүлчүлүгүнө кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар. Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жүктөп аласыздар. Пайда болгон жылмалоо чаңында зыян заттар камтылышы мүмкүн болгондуктан, аны талаптагыдай утилизациялоо керек. Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла. ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук жана электр куралдары боюнча 2012/19/ЕС Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чөйрөгө зыян келтирбегендей кылып ыргытыш керек. Деталдардын сүрөттөлүшүн 4-беттен карагыла. Техникалык прогресске байланыштуу өзгөрүүлөрдү алдын ала карагыла. Ø = иш шайманынын максималдуу

max,1 = эки бекитме көзөнөктүү гайка колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы (13)

max,2 = Quick кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы (1)

max,3 = сүрүүчү тегерек/кесүүчү тегерек: иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы M = Жүгүртмө сай l = жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн

n* = куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (максималдуу айлануу

  • = куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (туураланат)

= Номиналдуу керектелүүчү кубат

= Чыгуучу кубат m = Тармак кабелисиз салмагы Өлчөөнүн мааниси EN 60745 стандартка ылайык аныкталат. II класстагы жабдык ~ Өзгөрмө ток

  • WE... деген белгиси бар шаймандар : бийик жыштыктагы кубаттуу тоскоолдуктар айлануу жыштыгынын термелүүсүнө алып келиши мүмкүн. Тоскоолдуктар баса?даганда, термелүүлөр токтойт. Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен берилген (учурдагы стандарттарга ылайык).

Бул маанилер электр инструменттин калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмөн болушу мүмкүн. Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмөн фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын.

13. Айлана-чөйрөнү коргоо

14. Техникалык шарттарыКЫРГЫЗЧА ky

Дирилдөөнүн жалпы мааниси (триаксалдык вектордун суммасы) EN 60745 стандарттарына ылайык аныкталат:

h, SG = дирилдөө чыгышынын өлчөмү (үстүнкү катмарды жылмалоо)

h, DS = дирилдөө чыгышынын өлчөмү (табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек менен жылмалоо)

h,P = титирөөнүн мааниси (бетти жылмалоо)

= акустикалык кубаттулук

= Аныксыздык Иштөө убагында ызы чуунун деңгээли 80 дБ(А) чейин жогорулайт. Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула! EAC-Text EAC-Text Алуучу үчүн маалымат: Шайкештик сертификаты: № ЕАЭС RU C- DE.ГБ09.В.00161/20, жарактуулук мөөнөтү:

19.03.2020 - 18.03.2025-ж., "Көз карандысыз

экспертиза" жоопкерчилиги чектелген коому продукцияны сертификациялоо органы тарабынан берилген; Жайгашкан жери (юридикалык тараптын дареги) жана ишкердик жүргүзүлүүчү дарек: 115280, Россия, Москва шаары, Ленинская Слобода көчөсү, 19-үй, 2- кабат, 21ш8, 21ш9, 21ш10, 21ш11 бөлмөлөрү; Телефону: +7 (495) 722-61-68; Электрондук почтасынын дареги: info@n-exp.ru; 09.09.2014- ж. № РОСС RU.0001.11ГБ09 аккредитациялоо

Шайкештик декларациясы (RoHS): № ЕАЭС N RU Д-DE.ГБ09.В.00361/20, жарактуулук мөөнөтү: 06.03.2020 - 26.02.2025-ж., "Көз карандысыз экспертиза" жоопкерчилиги чектелген коому продукцияны сертификациялоо органы тарабынан катталган; Жайгашкан жери (юридикалык тараптын дареги) жана ишкердик жүргүзүлүүчү дарек: 115280, Россия, Москва шаары, Ленинская Слобода көчөсү, 19-үй, 2-кабат, 21ш8, 21ш9, 21ш10, 21ш11 бөлмөлөрү; Телефону: +7 (495) 722-61-68; Электрондук почтасынын дареги: info@n-exp.ru; 09.09.2014-ж. № РОСС RU.0001.11ГБ09 аккредитациялоо аттестаты. Өндүрүлгөн өлкө: Германия Өндүрүүчү: "Metabowerke GmbH", Metaboallee 1, D-72622 Nuertingen, Германия Россиядагы импорттоочу: ООО "Метабо Евразия" Россия, 127273, Москва Березовая аллея көч., 5 а, стр 7, 106-кеңсе тел.: +7 495 980 78 41 Өндүрүлгөн күнү шаймандын маалымат тактасында аа/жжжж форматында көрсөтүлгөн Буюмдун колдонуу мөөнөтү 7 жыл. Өндүрүлгөндөн кийин 5 жыл сакталса, алдын ала текшерип көрмөйүнчө, иштетүү сунушталбайтУКРАЇНСЬКАuk