Sonicare 4100 Series HX3689 - тиш щеткасы PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Sonicare 4100 Series HX3689 PHILIPS PDF форматында.
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө Sonicare 4100 Series HX3689 PHILIPS
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз тиш щеткасы PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Sonicare 4100 Series HX3689 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Sonicare 4100 Series HX3689 бренддин PHILIPS.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Sonicare 4100 Series HX3689 PHILIPS
Сатып алуунуз менен куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоо кызматын толугу менен пайдалануу үчүн өнүмүнүздү www.philips.com/welcome сайтында каттаңыз.
Маанилүү коопсуздук маалыматы
Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонуңуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маанилүү маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
Эскертүүлөр
- Philips WAA1001, WAA2001, UL же коопсуздугу ырасталган, киргизүү мүнөздөмөлөрү (100–240 V\~; 50/60 Hz; 3,5 W) жана чыгаруу мүнөздөмөлөрү (5 V DC; 2,5 W) болгон эквиваленттүү адаптерлер менен гана кубаттаңыз. Адаптерлердин тизмесин www.philips.com/support сайтынан караңыз.
- Кубаттагычты суудан алыс кармаңыз.
- USB кубаттагычты туташтыруудан мурун кармагыч толугу менен кургак экенин текшериңиз.
- Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсө колдоно алышат. Балдар шайманды чөндордүн көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек.
- Балдар өнүм менен ойнобогонун камсыз кылуу үчүн балдарды карап туруу керек.
-
Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын же керек-жарактарын гана колдонунуз. UL (2-класс) же эквиваленттүү бекитилген 5 V DC адаптери (IPX4 же андан жогору) менен бирге гана USB кубаттагычты колдонунуз.
-
Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлуктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз («Кепилдик жана колдоо»).
- Энүмдү эшикте же жылытылган беттердин жанында кубаттабаңыз.
-Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз. - Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн арналган.
- Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо, выңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге кайрылыңыз.
- 2 ай мурун оозунузга же тиш этицизге операция жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун тиш догдурга кайрылыңыз.
- Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын өндүрүүүүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз.
- Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо, аны колдонуудан мурун дарыгерициз менен кеңешициз.
- Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк жана аны стоматологиялык клиникаларда же мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга болбойт.
- Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну токтотунуз. Щётканын башы 3 ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда алмаштырып турунуз.
-
Эгер тиш пастаңызда перекись, тамаш-аш содасы же бикарбонат (көбүнчө тиш агартуучу тиш пасталарында) бар болсо, ар бир колдонгондон кийин щётканын башын самын же суу менен жакшылап жууңуз. Бул пластиктин жарылуу мүмкүнчүлүгүн алдын алат.
-
Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
- Онумду 32 °F / 0 °C жана 104 °F / 40 °C ортосундагы температурада гана заряддап, колдонуп жана сактаңыз.
-Өнүмдү жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаңыз. - Эгерде өнүм адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсу өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.
-Өнүмдү жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбонуз. - Өнүмдү же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга аракет кылбаңыз, батарейканы ысып кетүүдөн же уулуу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаңыз, ашыкча заряддабаңыз же ордулар менен алмаштырбаңыз.
- Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык жардамды издеңиз.
Philips компаниясынын бул Philips шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга жооп берет.
Радио жабдууларынын директивасы
Ушуну менен Philips радио жыштык интерфейси менен жабдылган (Bluetooth® же BrushSync) электриш щеткалары 2014/53/EU Директивасына ылайык келерин жарыялайт.
- Bluetooth радио жыштыгы: 2.4 ГГц
-
Bluetooth радио жыштыгынын максималдуу кубаты: 3 дБм
-
NFC радио жыштыгы: 13.56 МГц
- NFC радио жыштыгынын максималдуу кубаты: 30.16 дБм
ЕБнин шайкештик декларациясынын толук тексти
төмөндөгү интернет дарегинен көрсө аласыз:
3000 жана 4000 сериясындагы тиш щёткалары тишке курт түшүүнү азайтуу жана саламаттыгын чыңдоо үчүн ага жабышкан нерселерди жана тамак-аш калдыктарын чыгарууга арналган. 3000 жана 4000 сериясындагы тиш щёткалары үйдө колдонууга арналган. Балдар чоң кишилердин көзөмөлү астында колдонушу керек.
Сиздин Philips Sonicare тиш щёткаңыз
1 Гигиеналык саякат капкағы
2 Щётканын башы
3 Кармагыч
4 Күйгүзүү/өчүрүү баскычы
5 Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
6 Батареянын деңгээлин көрсеткүч
7 USB заряддагыч (дубал адаптери кошулган жок)
8 Жолдо алып жүрүү үчүн кутуча (Айрым моделдерде гана)
Эскертме: Щетканын баштары айырмаланышы мүмкүн.
Баштоо
Щётканын башын тиркөө

1 Щётканын башын кылдары кармагычтын бети кайсы тарапты карап турса, ошол жакты карай тургандай кылып тууралаңыз.
2 Щётканын башын ал токтогонго чейин металл валга жакшы басыңыз.
Эскертме: Щётканын башы менен кармагычынын ортосунда бир аз боштуктун болушу нормалдуу көрунүш. Бул щётканын башына туура дирилдөө мүмкүнчүлүгүн берет.
Philip Sonicare тиш щёткасын кубаттоо
1 USB кубаттоо шнурун электр розеткасына туташкан дубал адаптерине сайыңыз.
2 Кармагычты кубаттагычтын устүне коюңуз.
- Батарея деңгээлинин индикаторунун жарығы күйүп, кармагыч эки жолу үн чыгарат. Бул тиш щёткасынын кубатталып жатканын көрсетөт.
Эскертме: Батарея 24 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз.
Philips Sonicare тиш щёткаңызды колдонуу
Эгр Sonicare тиш щёткаңызды биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, электрдик эмес тиш щётканы колдонгондогудан көбүрөөк дирилдөөнү сезүү нормалдуу көрүнүш. Биринчи жолу колдонуп жаткан адамдар көбүнчө аны катуу басышат. Акырын гана басып, тиш щёткаңызга өз алдынча тазалоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Шайманды туура иштетүү учүн төмөнкү нускамаларды аткарыңыз. Жаңы Sonicare тиш щёткасын пайдалануунузга жардам берүү учүн EasyStart функциясы күйгүзүлгөн болот. Philips Sonicare тиш щёткасы менен тазалоого
көнүүңүзгө жардам берүү үчүн бул функция щётканы алгачкы 14 жолу иштетүүңүздө кубатты акырын жогорулatat.
Щеткалоо боюнча нускамалар

text_image
45°1 Кылын суулап, тиш пастасын азыраак өлчөмдө сыгып алыңыз.
2 Тиш щёткасынын кылдарын бир аз эңкейтип (45 градус), кылдары тиш эти же анын астына жетиши учүн, акырын басыңыз.
Эскертме: Щетканын ортосу ар дайым тишинизге тийип турушу керек.
3 Philips Sonicare шайманын күйгүзүү үчүн күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.
4 Кылдарды тишке жана тиш этинин линиясына акырын коюңуз. Кылдар тиштердин ортосуна чейин жетиши үчүн, тишиңизди бир аз арткаалдыга багытталган кый мылдар менен щёткалаңыз. Мындай кый мылды щёткалоо цикли боюнча аткарыңыз.
Эскертме: Кылдары бир аз жайылышы керек. Муну менен тишицизди кол менен иштете турган тиш щёткасындай тазалабаңыз.

5 Алдыңкы тиштин ички беттерин тазалоо учүн щётканын кармагычын жарым тик кылып эңкейтип, ар бир тишке вертикалдуу кайчылаш кыймылдарды жасаңыз.
Эскертме: Оозунуздун ичин жакшы тазалоо учүн QuadPacer функциясынын жардамы менен оозунузду 4 бөлүккө бөлүп алыңыз ("Функциялар" бөлүмүн караңыз).

flowchart
graph TD
A["①"] --> B["②"]
B --> C["③"]
C --> D["④"]
D --> E["End"]
6 1-бөлуктөн (жогорку тиштердин тышкы бети) баштаңыз жана 30 секунд тазалагандан кийин 2-бөлуккө (жогорку тиштердин ички бети) өтүнүз. 3-бөлукту (ылдыйкы тиштин тышкы бети) щёткалоону улантып, аны 30 секунд щёткалагандан кийин 4-бөлуккө (ылдыйкы тиштин ички бети) өтүнүз.

7 Щёткалоо циклин буткөндөн кийин, кошумча убакыттын ичинде тиштин өңү өзгөруп калган жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүруүп же күйгүзүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот. Philips Sonicare тиш щёткаңызды бириктируүүү кашаалар коюлган (щётканын баштары бириктируүүү кашааларга колдонулганда тезирээк эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба, коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз болушу керек (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген болсо). Эгер көйгөй жаралса, тиш догдурга кайрылыңыз.
Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткасы клиникалык изилдөөлөрдө колдонулса, кармагыч таза режимде, толугу менен кубатталып, EasyStart функциясы өчүрүлгөн болушу керек.
Кубаттоо жана батареянын абалы
1 USB кубаттоо шнурун дубалдагы адаптерге тиркеп, дубалдагы адаптерди болсо дубалдагы электрдик розеткага сайыңыз.
2 Кармагычты кубаттагычтын устүне коюңуз.
Эскертме: Кармагыч кубаттагычка туура коюлуп, кубатталып жатканын ырастоо учүн 2 кыска сигнал чыгарат.
Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткасы ар бири 2 мүнөткө созулган 28 щёткалоо сеансын (кеминде) көрсөтүүгө арналган (күнүнө эки жолу колдонулганда 14 күн). 2 мүнөттүк щёткалоо сеансын бүткөндө, кармагычты тындырганда же кубаттап жатканда, батареянын деңгээлин көрсөткүч анын абалын көрсөтүп турат.
Батареянын абалы (кармагыч кубаттагычка коюлбай турганда)
Батареянын абалы Батарея көрсөткүчү
Толук Туруктуу жашыл (30 секунддан
кийин өчөт)
Кубатталууда Жашыл түстө бүлбүлдөйт
Батареянын абалы (Кармагыч кубаттагычка коюлбай турганда)
Батареянын абалы Батарея көрсеткүчү Добушу
| Толук Туруктуу жашыл - | ||
| Жарым-жартылай толук | Жашыл түстө бүлбүлдөйт | - |
| Төмөн Кызгылт сары түстө бүлбүлдөйт | 3 жолу үн чыгат | |
| Бош Кызгылт сары түстө бүлбүлдөйт | 5 сигнал менен 2 топтом | |
| Эскертме: Колдонулбай турганда энергияны үнөмдөө үчүн батареянын жарығы өчөт. | ||
| Эскертме: Батарея толугу менен бош болгондо, Philips Sonicare тиш щёткасы өчөт. Кубаттоо үчүн Philips Sonicare тиш щёткасын кубаттагычка коюңуз. | ||
| Эскертме: Батарея 24 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз. | ||
Функциялар
- Режимдер (4000 сериясы учүн)
- EasyStart
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
- Басым сенсору
- QuadPacer
- SmarTimer
Режимдер (4000 сериясы үчүн)
Электр тиш щеткаңыз сизге сезич жана таза режимдин бирин тандоого мүмкүнчүлук берет.
Эскертме: Тиш щетканы биринчи жолу колдоно баштаганыңызда, баштапкы жөндөө сезгич режимде болот.
Режимдерди өзгөртүү үчүн:
- Тиш щетканы күйгүзүү үчүн кубатты күйгүзүү/өчүрүү баскычын бир жолу басыңыз.
- Режимди өзгөртүү үчүн аралыгы 2 секунд ичинде экинчи жолу басыңыз.
- Тындыруу үчүн аралыгы 2 секунд ичинде үчүнчү жолу басыңыз.
Убагы 2 секунд бою щетка менен тазалоодон кийин, кубат баскычын дагы бир жолу бассаңыз, тиш щетка тындырылат.
EasyStart
Бул Philips Sonicare модели иштетилген EasyStart функциясы менен камсыз кылынат. EasyStart функциясы алгачкы 14 жолу щетка менен тазалоо убагында кубатты акырындык менен жогорулатып, сизди Philips Sonicare щеткасы менен тазалоого көнүүнүздү камсыздайт.
EasyStart'ты өчүрүү үчүн 'Функцияларды иштетүү жана өчүрүү' бөлүмүн караңыз.
Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
Philips Sonicare щеткаңыз щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөө үчүн BrushSync технологиясы менен камсыз кылынган.
Эскертүү: Бул функция BrushSync технологиясы менен жабдылган Philips Sonicare акылдуу щетка баштарында гана иштейт.
1 Жаңы ақылдуу щетка башын биринчи жолу туташтырганыңызда, кармагыч сизде BrushSync технологиясы менен камсыздалган Philips щетка башын аныктап, щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөй баштайт.

2 Убакыт өткөн сайын, сиз кылган басымга жана колдонулган убакытка карай кармагыч, щетка башынын эскиргенин көзөмөлдөп, аны алмаштырууга ылайыктуу убакытты аныктайт. Бул функция сизге тишинизди эң мыкты тазалоого жана кам көрүүгө кепилдик берет.
3 Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эскертүү жарыгы сары болуп күйгөндө, аны алмаштырышыңыз керек болот.
Щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү өчүрүү үчүн 'Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү' бөлүмүн караңыз.
Басым сенсору
Philips Sonicare щеткаңыз тиш тазалап жатканда басымдын өлчөмүн ченеген өркүндөтүлгөн сенсор менен жабдылган. Эгерде өтө катуу басым жазасаңыз, тиш щетка дароо сизге басымды азайтуу керек болгону тууралуу кайтарым жоопту берет. Бул кайтарым жооп титирөөнүн, демек тазалоодогу сезим менен үндүн өзгөрүүсү аркылуу берилет. Буга кошумча, щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнүн жарығы сары болуп, бүлбүлдөйт.
Басым сенсорун өчүрүү үчүн 'Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү' бөлүмүн караңыз.
QuadPacer

flowchart
graph TD
A["①"] --> B["②"]
B --> C["③"]
C --> D["④"]
D --> E["⑤"]
E --> F["⑥"]
QuadPacer бул ички таймер болуп эсептелет, ал оозунузду жакшы жууш үчүн кыска сигнал чыгарып, тындырып турат. Бул Philips Sonicare тиш щёткасы QuadPacer функциясы иштетилген бойдон берилет.
SmarTimer
SmarTimer щёткалоо циклинин аягында тиш щёткасын автоматтык түрдө өчүрүү менен щёткалоо цикли буткөнүн көрсөтөт.
Тиш догдурлар күнүнө кеминде 2 жолу 2 мүнөттөн кем эмес убакыт жууну сунуштайт.
Эскертме: Эгер щёткалоо циклин баштагандан кийин күйгүзүү/өчүрүү бскычын бассаңыз, тиш щёткасы тындырылат. 15 секунд тындырылгандан кийин SmarTimer баштапкы абалга келтирилет.
Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү
Тиш щеткаңыздын төмөнкү функцияларын күйгүзүп же өчүрсөңүз болот:
- EasyStart
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
- Басым сенсору
Бул функцияларды күйгүзүп же өчүрүү үчүн, төмөндөгү нускамаларды аткарыңыз:
EasyStart
1 Кармагычты сайылган заряддагычтын устуне коюңуз.
2 Кармагыч заряддагычтын устуне коюлганда, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басып, кармап туруңуз.
3 Күйгүзүү/өчүрүү баскычын басылган бойдон бир
кыска бип деген үн (3 секунддан кийин)
угулмайынча кармап туруңуз.
4 Күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё береңиз.
- Төмөн-орто-жогору чыккан үч катар дабыш EasyStart функциясынын күйгүзүлгөнүн билдирет. Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 2 жолу жашыл түстө жымындап, күйгүзүлгөнүн ырастайт.
- Жогору-орто-төмөн чыккан үч катар дабыш EasyStart функциясынын өчүрүлгөнүн билдирет. Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 1 жолу сары түстө жымыңдап, өчүрүлгөнүн билдирет.
Эскертүү: Клиникалык натыйжалуулукка жетүү үчүн, EasyStart'ты өчүрүү керек.
Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
Эскертүү: Кармагычта акылдуу щетка башы тагылып турганда, щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү күйгүзүп же өчүрө аласыз.
Эскертүү: Жаңы акылдуу щетка баштары щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциясы күйгүзүлгөн бойдон камсыздалат.
1 Кармагычты сайылган заряддагычтын устуне
коюңуз.
2 Кармагыч заряддагычтын устүнө коюлганда, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басып, кармап туруңуз.
3 Күйгүзүү/өчүрүү баскычын басылган бойдон 2 кыска бип деген үндүн катары (5 секунддан кийин) угулмайынча кармап туруңуз.
4 Күйгүзүү/өчүруү баскычын коё береңиз.
- Төмөн-орто-жогорку чыккан үч катар дабыш щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциясы күйгүзүлгөнүн билдирет. Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 2 жолу жашыл түсте жымындап, күйгүзүлгөнүн ырастайт.
- Жогору-орто-төмөн чыккан үч катар дабыш щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциясынын өчүрүлгөнүн билдирет. Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 1 жолу сары түстө жымындап, өчүрүлгөнүн билдирет.
Басым сенсору
1 Кармагычты сайылган заряддагычтын устуне
коюңуз.
2 Кармагыч заряддагычтын устүнө коюлганда, күйгүзүү/өчүрүү баскычын басып, кармап туруңуз.
3 Күйгүзүү/өчүрүү баскычын басылган бойдон 3
кыска бип деген үндүн катары (7 секунддан кийин)
угулмайынча кармап туруңуз.
4 Күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё береңиз.
- Төмен-орто-жогорку чыккан үч катар дабыш басым сенсорунун функциясынын күйгүзүлгөнүн билдирет. Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 2 жолу жашыл түстө жымындап, күйгүзүлгөнүн ырастайт.
- Жогору-орто-төмөн чыккан үч катар дабыш басым сенсорунун функциясы өчүрүлгөнүн билдирет. Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 1 жолу сары тустө жымыңдап, өчүрүлгөнүн билдирет.
Куйгүзүү/өчүрүү баскычын үч жолу катары кыска бип деген үндөн кийин басып тура берсеңиз, куйгүзүү/өчүрүү катары кайталанат.
Тазалоо
Philips Sonicare тиш щёткасын тиш пастасынын жана башка нерселердин калдыктарынан ар дайым тазалап турушунуз керек. Philips Sonicare тиш щёткасын тазалабасаңыз, өнүмдүн гигиенасы сакталбай, ага доо кетиши мүмкүн.
Эскертүү: Өнүмдү же анын шаймандарын курч нерселер, химиялык каражаттар менен тазалабаңыз, же болбосо, идиш жуугучка, микротолкундуу мешке же кайнап жаткан сууга салбаңыз
Тиш щёткасынын кармагычы

1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин аймагын жылуу суу менен чайкаңыз. Тиш пастасынын калдыктарын тазалаңыз.
Көңүл буруңуз: Металл валдын резина пломбасын курч нерселер менен түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн.
2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.
Эскертме: Ашыкча сууну чыгаруу үчүн кармагычты раковинага таптабаңыз.
Щётканын башы

1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын жана кылдарын чайкаңыз.
2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып, щётканын башынын байланышын кеминде аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап туруңуз. Саякат кабын зарылчылыкка жараша тез чайкап туруңуз.
Кубаттагыч
1 Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз.
2 Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.
Жолдо алып жүрүү кутучасы
Жолдо алып жүрүү кутучанын ичин тазалоо үүүн аны жылуу сууга чайкап, нымдуу чүперөктү колдонунуз.
Сактоо
Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсонуз, аны ажыратып, тазалап ("Тазалоо" бөлүмүн караңыз), түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.
Алмаштыруу
Щётканын башы
Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн Philips Sonicare щётка баштарын 3 ай сайын алмаштырып туруңуз. Philips Sonicare шайманынын алмаштырылуучу щётка баштарын гана колдонунуз.
Улгү номери көрсөтүлгөн жер
Улгу номерин (НХ36XX) Philips Sonicare кармагычынын тубүнөн караңыз.
Кепилдик жана колдоо
Маалымат же колдоо алгыңыз келсе, www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык кепилдик баракчасын окунуз.
Кепилдиктеги чектөөлөр
Эл аралык кепилдик шарттарына төмөнкүлөр кирбейт:
- Щётканын баштары.
- Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн колдонуудан келип чыккан бузулуу.
- Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген ондоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.
- Кадимки эскируү, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.
Кайра иштетүү

- Бул символ электрикалык өнүмдөр менен батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытууга болбостугун билдирет.
- Электрдик жана электрондук өнүмдөрду жана батарейкаларды өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө чогултуңуз.
Кыналган кайрадан заряддалуучу батарейканы алып чыгаруу
Шайманды утилизациялоодо ага алдын ала орнотулган кайра кубатталуучу батареяны квалификациясы бар адис гана чыгарышы керек. Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты толугу менен түгөнгөнүн текшериңиз.
Шайманды ачаарында куралдарды колго алганыңызда жана кайра заряддалуучу батарейканы жок кылганыңызда этият болунуз. Көз, кол, манжаларыңызды жана сиз иштеп жаткан бетти коргонуз.
Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.
Батарейкалардын ачып салынгандан кийини кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.
Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу
Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты толугу менен түгөнгөнүн текшерициз.

Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу үчүн кездеме же сүлгү, балка жана учу жалпак (стандарттуу) отвёртка керек.
1 Кайра кубатталуучу батареянын кубатын толугу менен түгөтүү үчүн, анын кармагычын кубаттагычтан чыгарып, Philips Sonicare шайманын күйгүзүп, ал токтогонго чейин иштете бериңиз. Philips Sonicare күйбөй калганга чейин ушул кадамды кайталаңыз.
2 Щётканын башын чыгарып, утилизациялаңыз. Бүтүндөй кармагычты сулгу же кездеме менен жабыңыз.
3 Кармагычтын жогору жагын бир колунуз менен кармап, ал эми анын корпусун түбүнөн 0,5 дюйм жогору бөлүгүн кагыңыз. Аяккы капкагын чыгаруу учүн 4 тараптан тең балка менен катуу кагыңыз.
Эскертме: Ички бекиме туташууларды үзүү үчүн аягына бир нече жолу тийишиңиз керек болушу мүмкүн.
4 Аяккы кабын тиш щёткасынын кармагычынан чыгарыңыз. Эгер аяккы кабы корпустан оной менен чыпкай жатса, аяккы кап бошогонго чейин 3-кадамды кайталаңыз.
5 Кармагычтын жогору жагын ылдый каратып туруп, валды катуу бетке басыңыз. Эгер аяккы кабы корпустан оной менен чыкпай жатса, аяккы кап бошогонго чейин 3-кадамды кайталаңыз.

6 Отвёртканы ички компоненттердин тубундөгү ак алкак менен батареянын ортосуна салыңыз. Ак алкактын тубүн сындыруу үчүн отвёртканы батареядан сууруп алыңыз.

7 Батареяны жашыл басма платага туташтыруучу металл капты сындыруу учүн отвёртканы батареянын тубу менен ак алкактын ортосуна салыңыз. Ущуну менен батареянын ылдыйкы учу алкактан чыгат.

8 Экинчи металл батареянын тилчесин сындыруу учун батареяны кармап, ички курамчалардан тартып алыңыз.
Көңүл буруңуз: Манжаларыңыз жаракат алып калбашы үчүн, батарея тилчелеринин учтуу кырларынан этият болунуз.
9 Батареяда калып калган кубаттан келип чыгуучу электрдик чукул туташуунун алдын алуу үчүн батареянын тиймектерин тасма менен жабыңыз. Эми кайра кубатталуучу батареяны кайра иштетүүгө болот, ал эми өнүмдүн калган бөлүгүн тийиштүү түрдө утилизациялоо керек.
Вовед
Толык Жасыл болып жанады (30
Зарядтау Жасыл болып жыпылыктап түр