PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - тиш щеткасы

Sonicare 1100 HX3901 - тиш щеткасы PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Sonicare 1100 HX3901 PHILIPS PDF форматында.

📄 466 бет Кыргызча KY Жүктөө 💬 AI суроосу
Notice PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - page 376
Pick your language and provide your email: we'll send you a specifically translated version.

Колдонуучулардын суроолору жөнүндө Sonicare 1100 HX3901 PHILIPS

0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.

Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү

Электрондук почта жеке бойдон калат: бирөө сиздин суроого жооп бергенде сизди кабардар кылуу үчүн гана колдонулат.

Азырынча суроолор жок. Биринчи суроону сиз бериңиз.

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз тиш щеткасы PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Sonicare 1100 HX3901 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Sonicare 1100 HX3901 бренддин PHILIPS.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Sonicare 1100 HX3901 PHILIPS

Сатып алуунуз менен куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоо кызматын толугу менен пайдалануу үчүн өнүмүңүздү www.philips.com/welcome сайтында каттаңыз.

Маанилүү коопсуздук маалыматы

Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонунуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түрунө карап, айырмаланышы мүмкүн.

Эскертүүлөр

  • Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын же керек-жарактарын гана колдонунуз. Эгер кошо келсе, тупнуска USB кабели менен USB кубат камсыздоо блогун гана колдонунуз.
  • Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлуктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлёө борборуна кайрылыңыз («Кепилдик жана колдоо» караңыз).
  • Эгер USB кабели же USB кубат блогу бузулса, аны колдонбонуз.
  • Адаптерлерди жана кабелдерди суудан алыс кармаңыз.
  • Тазалагандан кийин дубал адаптерлерин жана кабелдерин кубатка туташтыруудан мурун алардын толук кургаганын текшерициз.
  • Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсе колдоно алышат. Балдар шайманды чондордун көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек.
  • Балдар өнүм менен ойнобогонун камсыз кылуу үчүн балдарды карап туруу керек.
  • Тазалоо бөлүмүндө башкасы көрсөтүлбөсө, өнүмдүн эч бир бөлүгүн идиш жуугучта тазалабаңыз.
  • Адаптерлерди жана кабелдерди ачык абада же жылытылган беттердин жанында колдонбонуз.
  • Бул шайман тиш жана тиш этин тазалоо үчүн арналган.
  • Щётканын башы 3 ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда алмаштырып туруңуз. Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну токтотунуз.

  • Тутканы, айрыкча щетка башынын туташуусун чайкаңыз. Резина мөөрдүн айланасын ақырын тазалаңыз.

  • Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
  • Колдонуунун максимальдуу бийиктиги 4500 метр.
  • Philips өнүмдөрүндө камтылган REACH заттары тууралуу маалыматты www.philips.com/REACH сайтынан тапса болот

Медициналык эскертүүлөр

  • Колдонгондон кийин катуу же көпкө чейин канаса же колдонуп жатканда ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге кайрылыңыз.
  • Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын өндүрүүүүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз.
  • Бул шайман жеке кам көрүү түзмөгү болуп саналат жана бир нече колдонуучу менен бирге колдонууга арналган эмес.

Батареянын коопсуздук нускамалары

- Бул шайманда атайын билими бар адамдар чыгара ала турган батареялар колдонулат.

- Шайманды жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаныз.

- Эгерде шайман адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.

- Шайманды жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбонуз.

- Шайманды же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга аракет кылбаныз, батарейканы ысып кетүүдөн же улууу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаныз, ашыкча заряддабаңыз же ордулары менен алмаштырбаныз.

- Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра иштетүү бөлүмүн караңыз.

- Кирүү көрсөткүчтөру (100-240 V\~; 50/60 Hz; 3,5 W) жана чыгуу көрсөткүчтөру (5 V DC; 2,5 W) болгон Philips WAA1001, WAA2001, коопсуздугу ырасталган IPX4 адаптерлери менен гана кубаттаңыз. Адаптерлердин тизмесин www.philips.com/support сайтынан караңыз.

-Өнүмдү 0 °С жана 40 °С ортосундагы температурада гана колдонуп жана сактаңыз.

Сактоо жана таранспорттоо шарттары

Температура -20 °C баштап +60 °C чейин (-4 °F баштап 140 °F чейин).

Philips компаниясынын бул шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга жооп берет.

Өнүмдө төмөнкү символдор болушу мүмкүн:

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Сактоо жана таранспорттоо шарттары - 1

Бул символ шайманды колдонуудан мурун пайдалануу боюнча нускамаларды окуп чыгуу керектигин билдирет.

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Сактоо жана таранспорттоо шарттары - 2

text_image XXXXXX

Бул символ көрсөтүлгөн кубат булагын колдонуу керектигин билдирет.

Колдонуу багыты

Бул Sonicare электр тиш щеткасы тиштеги өңөрдөн жана тамак калдыктарынан арылууга жана тишке зыян келтирилишин азайтып, ооздун саламаттыгын жакшыртып жана ошол деңгээлде кармоого арналган. Бул Sonicare электр тиш щеткасы үйдө колдонууга арналган. Балдар чоң кишилердин көзөмөлү астында колдонушу керек.

Philips Sonicare шайманыңыз (1-сүрөт)

1 Щётка башынын капкагы
2 Щётканын башы
3 Кармагыч
4 Күйгүзүү/өчүрүү баскычы
5 Батарея көрсөткүчү
6 USB заряддоо кабели (дубал адаптери кошулган жок)

Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.

Баштоо

Щётканын башын тиркөө

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Щётканын башын тиркөө - 1

1 Щётканын башын кылдары кармагычтын бети кайсы тарапты карап турса, ошол жакты карай тургандай кылып тууралаңыз.

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Щётканын башын тиркөө - 2

2 Щетканын башын тутканын металл сабына карай такалгыча катуу басыңыз.

Эскертме: Щётканын башы менен кармагычынын ортосунда бир аз боштуктун болушу нормалдуу көрүнүш.

Philips Sonicare тиш щёткаңызды колдонуу

Эгер Sonicare тиш щёткаңызды биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, электрдик эмес тиш щётканы колдонгондогудан көбүрөөк дирилдөөнү сезүү нормалдуу көрүнүш. Биринчи жолу колдонуп жаткан адамдар көбүнчө аны катуу басышат. Акырын гана басып, тиш щёткаңызга өз алдынча тазалоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Шайманды туура иштетүү үчүн төмөнку нускамаларды аткарыңыз.

Жаңы Sonicare тиш щёткасын пайдалануунузга жардам берүү үчүн EasyStart функциясы иштетилген болот. Sonicare тиш щеткасы менен тазалоого көнүүнүзгө жардам берүү үчүн бул функция щётканы алгачкы 14 жолу иштетүүнүздө кубатты акырындык менен жогорулатат.

Щеткалоо боюнча нускамалар

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 1

1 Кылын суулап, тиш пастасын азыраак өлчөмдө сыгып алыңыз.

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 2

text_image 45°

2 Тиш щёткасынын кылдарын бир аз эңкейтип (45 градус), кылдары тиш эти же анын астына жетиши учүн ақырын басыңыз.

Эскертме: Щетканын ортосу ар дайым тишинизге тийип турушу керек.

3 Philips Sonicare шайманын күйгүзүү үчүн күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 3

text_image 45°

4 Кылдарды тишке жана тиш этинин линиясына акырын коюңуз. Кылдар тиштердин ортосуна чейин жетиши учүн, тишиңизди бир аз арткаалдыга багытталган кый мылдар менен щёткалаңыз. Мындай кый мылды щёткалоо цикли боюнча аткарыңыз.

Эскертме: Кылдары бир аз жайылышы керек. Муну менен тишинизди кол менен иштете турган тиш щёткасындай тазалабаңыз.

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 4

5 Алдыңы тиштин ички беттерин тазалоо учүн щётканын кармагычын жарым тик кылып эңкейтип, ар бир тишке вертикалдуу кайчылаш кыймылдарды жасаңыз.

Эскертме: Оозунуздун ичин жакшы тазалоо учүн QuadPacer функциясынын жардамы менен оозунузду 4 бөлүккө бөлүп алыңыз ("Функциялар" бөлүмүн караңыз).

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 5

flowchart
graph TD
    A["①"] --> B["②"]
    B --> C["③"]
    C --> D["④"]
    D --> E["⑤"]
    E --> A

6 1-бөлүктөн (жогорку тиштердин тышкы бети) баштаңыз жана 30 секунд тазалагандан кийин 2-бөлүккө (жогорку тиштердин ички бети) өтүңүз. 3-бөлүктү (ылдыйкы тиштин тышкы бети) щёткалоону улантып, аны 30 секунд щёткалагандан кийин 4-бөлүккө (ылдыйкы тиштин ички бети) өтүңүз.

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 6

7 Щёткалоо циклин буткөндөн кийин, кошумча убакыттын ичинде тиштин өңү өзгөруп калган жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүруп же күйгүзүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот.

Philips Sonicare тиш щёткасын бириктируγγγ кашаалар коюлган (щётканын баштары бириктируγγγ кашааларга колдонулганда тезирээк эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба, коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз болушу керек (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген болсо). Эгер көйгөй жаралса, тиш догдурга кайрылыңыз.

Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткасы клиникалык изилдөөлөрдө колдонгондо, ал кармагычы толугу менен кубатталып, EasyStart функциясы өчүрүлгөн болуп жана аны жогорку интенсивдүүлүктө иштетиш керек.

Функциялар

  • SmarTimer
  • QuadPacer
  • EasyStart

SmarTimer

SmarTimer щёткалоо циклинин аягында тиш щёткасын автоматтык түрдө өчүруүу менен щёткалоо цикли бүткөнүн көрсөтөт.

Тиш догдурлар күнүнө кеминде 2 жолу 2 мүнөттөн кем эмес убакыт жууну сунуштайт.

Эскертме: Эгер щёткалоо циклин баштагандан кийин күйгүзүү/өчүрүү баскычын бассаңыз, тиш щёткасы тындырылат. Эгер күйгүзүү/өчүрүү баскычын 30 секунд бассаңыз, щеткалоо циклин бүтүрүү учүн таймер кайра иштетилет. 30 секунд тындырылгандан кийин SmartTimer баштапкы абалга келтирилет.

QuadPacer

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - QuadPacer - 1

flowchart
graph TD
    A["①"] --> B["②"]
    B --> C["③"]
    C --> D["④"]
    D --> E["④"]
    style A fill:#f9f,stroke:#333
    style B fill:#ccf,stroke:#333
    style C fill:#cfc,stroke:#333
    style D fill:#fcc,stroke:#333
    style E fill:#ffc,stroke:#333

QuadPacer бул ички таймер болуп эсептелет, ал оозунузду жакшы жууш учүн кыска сигнал чыгарып, тындырып турат. Бул Philips Sonicare тиш щёткасы QuadPacer функциясы иштетилген бойдон берилет.

EasyStart

Бул Philips Sonicare модели EasyStart функциясы иштетилген бойдон берилет. EasyStart функциясы Philips Sonicare менен щёткалоого көнүүңүз үчүн алгачкы 14 щёткалоо сеансында күчтү ақырын жогорулатат. EasyStart-ды күйгүзүп же өчүрүү үчүн, төмөндөгү нускамаларды аткарыңыз:

1 Кармагычтын астындагы кубаттоо портуна USB заряддоо кабелин сайыңыз.

2 Камтылган USB кабелин 5V DC кубат булагына туташтырыңыз.
3 Күйгүзүү/өчүрүү баскычын (3 секунддан кийин) бир кыска бип деген үнү угулмайынча басып кармап туруңуз.
4 Күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё бериңиз.

- Төмен-орто-жогорку чыккан үч катар обон EasyStart өзгөчөлүгү иштетилгенин билдирет. Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 2 жолу жашыл түстө жымындап, күйгүзүлгөнүн ырастайт.

- Жогору-орто-төмөн чыккан үч катар сигнал EasyStart өзгөчөлүгү өчүрүлгөнүн билдирет. Батареянын деңгээл көрсөткүчү да 1 жолу сары түсте жымындап, өчүрүлгөнүн билдирет.

Кубаттоо жана батареянын абалы

Philips Sonicare тиш щёткасы толук кубатталып турганда ар бири 2 мүнөткө созулган 28 щёткалоо сеансын (орточо) көрсөтүүгө арналган (күнүнө эки жолу колдонулганда 14 күн). 2 мүнөттүк щёткалоо сеансын бүткөндө, щетканы тындырганда же кубаттап жатканда, батарея көрсөткүчү анын абалын көрсөтүп турат.

Эскертме: Биринчи жолу колдонгондон мурун батарея 24 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз.

Кубатталууда

1 Кармагычтын астындагы кубаттоо портуна USB заряддоо кабелин сайыңыз.
2 Камтылган USB кабелин 5V DC кубат булагына туташтырыңыз.
3 Тиш щёткасынын туткасы кубатталып жатканда, туткадан эки сигнал чыгат жана батареянын индикаторундагы LED жарыгы жашыл тустө күйөт.
4 Батарея толук кубатталгандан кийин, жашыл жарык 30 секунд күйүп, андан кийин өчөт.

Батареянын абалы (кармагыч сайылып турганда)

Кармагыч сайылып турганда, кармагычтын астындагы батарея индикатору батарея деңгээлин көрсөтөт.

Батареянын абалы

LED Tγcγ

Төмөн Жашыл түстө бүлбүлдөйт

Жарым-жартылай толук Жашыл түстө бүлбүлдөйт

Толук 30 секунд бою туруктуу жашыл

түсте күйүп, анан өчөт

Батареянын абалы (кармагыч кубаттагычка жайгаштырылган эмес турганда)

Тиш щеткасы ойго кезде, тутканын астындагы батарея индикатору батарея деңгээлин көрсөтөт.

Батареянын абалы LED түсү

Толук Туруктуу жашыл
Жарым-жартылай толук Туруктуу жашыл
Орто төмөн Жашыл түстө бүлбүлдөйт
Төмөн Тазалоодон кийин ирмеген сарыжана 3 сигнал

Бош Ирмеген сары жана 5 сигналдык 2

комплект

Эскертме: Кубатталбай турганда энергияны үнөмдөө үчүн батареянын жарыгы өчөт.

Эскертме: Батарея толугу менен бош болгондо, тиш щётка өчөт. Тиш щёткасын заряддоо учүн USB заряддоо кабелине сайыңыз.

Эскертме: Батареяны ар дайым толук кубаттап туруш үчүн, тиш щёткаңызды колдонбогондо USB заряддоо кабелине сайып турсаңыз болот.

Тазалоо

Тиш щёткасынын кармагычы

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Тазалоо - 1

1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин аймагын жылуу суу менен чайкаңыз. Кармагычтагы жана баскычтардын айланасындагы тиш пастасынын калдыктарын аптасына кеминде бир жолу, болбосо, ар бир колдонгондон кийин тазалап туруңуз.

Көңүл буруңуз: Металл валдын резина пломбасын же баскычтардын айланасын курч нерселер менен түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн.

2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.

Көңүл буруңуз: Ашыкча сууну кетируүү үчүн кармагычты раковинага же столдун үстүнө таптабаңыз.

3 Тутканы сулгу же жумшак кездеме менен кургатыңыз.

Щётканын башы

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Щётканын башы - 1

1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын жана кылдарын чайкап, аба аркылуу кургаганча күтө туруңуз.

2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып, щётканын башынын байланышын кеминде аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап туруңуз.

Заряддоо кабели

1 Тазалоодон мурун заряддоо кабелин алып салыңыз.

2 Заряддоо кабелинин бетин жумшак чупурөк же сүлгү менен сүртүп, кургатып коюңуз.

Сактоо

Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсонуз, аны электр розеткасынан ажыратып, тазалап, түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.

алмаштыруу

Оптималдуу жйынтыктарга жетүү үчүн Philips Sonicare щётка баштарын З ай сайын алмаштырып туруңуз. Philips Sonicare шайманынын алмаштырылуучу щётка баштарын гана колдонунуз.

Улгү номери көрсөтүлгөн жер

Улгү номери «НХ» менен башталып (мисалы, НХ123А) жана тиш щёткаңыздын түбүндө көрсөтүлгөн.

Мүчүлүштүктөрдү оңдоо

Бул бөлүмдө шайманды колдонууда көп туш болгон жалпы көйгөйлөр тууралуу айтылган. Төмөнкү маалымат маселени чечүүгө жардам бербесе, көп берилүүчү суроолорду көрүү үчүн www.philips.com/support сайтына өтүп, үлгүнүн номерин жазыңыз же өлкөңүздөгү Кардарларды тейлёө борборуна кайрылыңыз.

Көйгөй Мүмкүн болгонсебепЧечим
Щётканын башынтолугу менен саптайалбай жатам.Щётканын башыменен тутканынортосунда бир азбоштук бар.Бул боштук нормалдуужана ал щетка башынынтуура дирилдөөсу үчүнкерек. Керектүүкөлөмдөгүтермелүүлөрдү түзүүүчүн щетка башыкый мылдай алышыкерек.
Philips Sonicare тишщеткамдындирилдөөсу мурункугакараганда азыраак.Щётканын башы тишщеткасынынкорпусуна өтө жакынже тиш щеткасынкубаттоо керек.Щетканын башынтуткасынан чыгарып,аны темир валга кайраорнотуп, кичине боштуккалтырыңыз. (1-2 мм).Заряддоодо USBзаряддоо кабелитутканын түбүндөгүзаряддоо портунатолугу мененсайылганын текшерип,кубат булагынатуташыңыз. Тишщеткасын 24 saat боюкубаттаңыз.
Мен тиш щеткамды кубаттадым, бирок ал бир аз эле иштейт.USB заряддоо кабели тиш щёткасынын туткасына толук сайылган эмес.Кубаттоодо USB заряддоо кабели тутканын түбүндөгү заряддоо портуна толугу менен сайылганын текшерип, кубат булагына туташыңыз. Тиш щеткасын 24 saat бою кубаттаңыз.

Кепилдик жана колдоо

Сураныч, www.philips.com/support барып, түзмөгүнүздү кантип каттоо, кепилдик маалыматы жана башка көп баш баккан колдоо темалары боюнча көбүрөөк маалымат алуу үчүн издөө тилкесине түзмөгүнүздүн ылдый жагында жайгашкан үлгү номерин киргизиңиз.

Товарды колдоого алуу, кубатты керектөө тууралуу толук маалыматты жана ЕБ Шайкештик декларациясын көрүү үчүн www.philips.com сайтына өтүңүз. Аспабыңызды издегенден кийин, сиз өнүмүңүздүн өзгөчөлүктөру, техникалык мүнөздөмөлөру, ошондой эле жеткиликтүү аксессуарлар тууралуу маалыматты таба аласыз.

Кепилдиктеги чектөөлөр

Кепилдик эмнени каптабайт:

  • Ооз тиркемелеринде, анын ичинде щетка баштары жана саптамалар.
  • Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн же тиш щётканын баштарын колдонуудан келип чыккан бузулуу.
  • Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген ондоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.
  • Кадимки эскируү, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.

Кайра иштетүү

PHILIPS Sonicare 1100 HX3901 - Кайра иштетүү - 1

  • Бул символ электрикалык шаймандар менен батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытууга болбостугун билдирет.
  • Электрдик жана электрондук шаймандарды жана батарейкаларды өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө чогултунуз.

Кыналган кайрадан заряддалуучу батарейканы алып чыгаруу

  • ЛИТИЙ-ИОН КАЙРА КУБАТТАЛУУЧУ ЗАТЫН КАМТЫЙТ. КАЙРА ИШТЕТИЛИШИ ЖЕ ТУУРА АРЫЛЫШЫ КЕРЕК.
  • Камтылган батареяны кайра иштетүү үчүн алып салууга болот. Электрондук буюмдарды демонтаждоо сизге ыңгайсыз болсо, жергиликтүү электрониканы кайра иштетүүчү же ондоочу дүкөндөн кесипкөй жардам сураңыз.
  • Алдын ала орнотулган батареяларды чыгаруу нускамаларын philips.com/support бөлүмүнөн табасыз. Тиш щеткаңыздын үлгү номерин киргизүү жана товарды издөө үчүн Philips колдоо көрсөтүү бетиндеги издөө тилкесин колдонунуз. Улгү номери «НХ» менен башталып (мисалы, НХ123А) жана тиш щёткаңыздын түбүндө көрсөтүлгөн Батареяны чыгаруу боюнча нускамалар товардын колдоо көрсөтүү бетиндеги Мүчүлүштуктөрдү аныктоо жана ондоо бөлүмүндө берилген.
  • Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык жардамды издениз.
  • Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.
  • Батарейкалардын ачып салынгандан кийини кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.

Вовед

Медициналык ескертулер

Толык Жасыл болып жанып түр
Жартылай толык Жасыл болып жанып түр
Колдонмо жардамчысы
Anthropic тарабынан колдоого алынат
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : PHILIPS

Модель : Sonicare 1100 HX3901

Категория : тиш щеткасы