PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Электр тиш щеткасы

Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Электр тиш щеткасы PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 PHILIPS PDF форматында.

📄 816 бет Кыргызча KY Жүктөө 💬 AI суроосу
Notice PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - page 604
Pick your language and provide your email: we'll send you a specifically translated version.

Колдонуучулардын суроолору жөнүндө Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 PHILIPS

0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.

Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү

Электрондук почта жеке бойдон калат: бирөө сиздин суроого жооп бергенде сизди кабардар кылуу үчүн гана колдонулат.

Азырынча суроолор жок. Биринчи суроону сиз бериңиз.

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз Электр тиш щеткасы PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 бренддин PHILIPS.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 PHILIPS

Philips Sonicare түзмөктөрүнүн топтомуна кош келиңиз!

Бул тиш щетка өңөрдү чыгарууда, тиштер агыраак болушуна жана тиш этинин сактыгын жакшыртууга жардам берет. Sonicare компаниясынын жумшак үн технологиясы менен клиникалык жактан иштелип чыккан жана далилденген өзгөчөлүктөрүнүн айкалышын колдонуу менен сиз ар дайым мыкты тазалап жатканыңызга ишенсеңиз болот.

Кошумча колдоо жана өнүмдү каттоо төмөнкү даректе жеткиликтүү: www.philips.com/support

Маанилүү коопсуздук маалыматы

Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонунуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маанилүү маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

Эскертүүлөр

  • Кубаттагычтарды суудан алыс кармаңыз.
  • Тазалап, USB кубаттагыч туташтыруудан мурун кубаттагычтар толугу менен кургак экенин текшериңиз.
  • Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсө колдоно алышат. Балдар шайманды чондордун көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек.

  • Балдар шайман менен ойнобошу керек.

  • Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын же керек-жарактарын гана колдонунуз. Ћнум менен берилген кубаттагычты гана колдонунуз. Эгер кошо келсе, тупнуска USB кабели менен USB кубат камсыздоо блогун гана колдонунуз.

  • Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлүктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз. Шнуру бузулган болсо, кубаттагычты жаңысына алмаштырыңыз.

  • Кубаттагычтарды эшикте же жылытылган беттердин жанында колдонбонуз.
    -Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз.
  • Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн арналган.
  • Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну токтотунуз. Щётканын башы 3 ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда алмаштырып туруңуз.
  • Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
  • Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо, ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге кайрылыңыз.
  • 2 ай мурун оозунузга же тиш этицизге операция жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун тиш догдурга кайрылыңыз.
  • Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын өндүрүүүүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз.
  • Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо, аны колдонуудан мурун дарыгерициз менен кеңешиниз.
  • Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк жана аны стоматологиялык клиникаларда же мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга болбойт.

Батареянын коопсуздук нускамалары

- Бул шайманда атайын билими бар адамдар тарабынан гана алмаштырылуучу батарейкалар колдонулат.

  • Өнүмдү аның багытталған максаты менен колдонуңуз. Өнүмдү, аның батарейқалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түрунө карап, айырмаланышы мүмкүн.
  • Philips шайманынын түпнуска аксессуарларын жана керек-жарактарын гана колдонунуз. СВАуууу, ТСАххх, же WAАххх ажыратуучу блогун гана колдонунуз.
    -Өнүмдү жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаңыз.
  • Эгерде өнүм адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.
    -Өнүмдү жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбонуз.
  • Өнүмдү же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга аракет кылбаңыз, батарейканы ысып кетүүдөн же уулуу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаңыз, ашыкча заряддабаңыз же ордулар менен алмаштырбаңыз.
  • Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра иштетүү бөлүмүн караңыз.
  • Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык жардамды издεңиз.
  • Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.

  • Батарейкалардын ачып салынгандан кийин кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробоңуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.
    -Өнүмдү 0 °С жана 40 °С ортосундагы температурада гана колдонуп жана сактаңыз.

Сактоо жана таранспорттоо шарттары

Philips компаниясынын бул Philips шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга жооп берет.

Радио жабдууларынын директивасы

Ушуну менен Philips радио жабдык түрү (Bluetooth, NFC) менен камсыздалган электр тиш щеткалары 2014/53/EU Директивасынын негизги талаптарына ылайык келерин жарыялайт.

  • Тиешелүү өнүмдөрдөгү Bluetooth радио жыштыгынын интерфейси 2,4 GHz-те иштейт.
  • Bluetooth шайманынын максимальдык чыгуу кубаты 3 dBm.
  • Тиешелүү өнүмдөрдөгү NFC радио жыштыгынын интерфейси 13,56 MHz-те иштейт.
  • Шаймандын чыгарган РЖ максимальдык чыгуу кубаты 30,16 dBm.
    ЕБнын шайкештик декларациясынын толук тексти төмөндөгү интернет дарегинен көрсө аласыз:

Эскертме: Ар башка үлгүлөрдүн функциялары айырмаланышы мүмкүн. Айрым үлгүлөр Bluetooth же NFC менен жабдылбашы мүмкүн.

Колдонуу багыты

Sonicare DiamondClean Smart сериясынын электр тиш щеткалары тиштеги өңөрдөн жана тамак калдыктарынан арылууга жана тишке зыян келтируүүнү азайтып, ооз көндөйүүнүн саламаттыгын жакшыртып жана ошол деңгээлде кармоого арналган. Sonicare DiamondClean Smart сериясынын электр тиш щеткалары жеке колдонууга гана арналган. Балдар чоң кишилердин көзөмөлү астында колдонушу керек.

Philips Sonicare шайманыңыз (1-сүрөт)

1 Кармагыч
2 Күйгүзүү/өчүрүү баскычы
3 Интенсивдүүлүк индикатору
4 Режим/интенсивдүүлүк баскычы
5 Режим көрсөткүчү
6 Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
7 Батарея көрсөткүчү
8 Тазалоо жообунун жарыгы

Аксессуарлар:

9 Щётка башынын капкагы
10 Смарт щётканын баш(тар)ы
11 BrushSync символу
12 Кубаттоо айнеги
13 Кубаттоо негизи
14 Кубаттоочу тиреөч
15 Интегралдык USB кабели менен кубаттоочу саякат кутусу
16 USB-A дубал адаптери
17 Жолдо алып жүрүү кутучасы
Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.

Sonicare колдонмосу - Баштоо

Sonicare колдонмосу тиш щеткаңыз менен жупташып, процесске көз салуу мүмкүнчүлүгүн берет. Тиш щеткаңызды Sonicare колдонмоңуздун аккаунтуна туташтыруу менен, төмөнкүлөрдү аткара аласыз:

  • Тишинизди тазалоо процессин байканыз.
  • Ооз көндөйүнүздүн саламаттыгын жакшыртуу боюнча жеке кеңештерди жана сунуштарды алыңыз.
  • Артыкчылыктардын толук катарын колдонуп жана жаңыртууларды үзгүлтүксүз алыңыз.
    Колдонмо iPhone жана Android™ смартфондорунун кенири спектрине шайкеш келет.
    Sonicare колдонмосун пайдалануу үчүн:

1 Sonicare колдонмосун телефонуңузга жүктөп алыңыз.
2 Телефонунузда Bluetooth күйгүзүлгөнүн текшериңиз.
3 Тиш щеткаңыздын активдүү (жанып турганын) экенин тактоо үчүн аны алыңыз.
4 Колдонмону ачып, төменкү кадамдарды аткарыңыз.
5 Тиш шеткаңызды колдонмо менен жупташтырыңыз.
6 Колдонмо аркылуу аккаунт түзүңүз. Микропрограмманы жаңыртып, ақырқы жакшыртууларға жана функцияларға кируүү мүмкүндүгүн алыңыз.
7 Колдонмого туташкан тиш щеткаңыз менен дайыма тазалап туруңуз. Тиш щеткасын колдонмо менен үзгүлтүксүз шайкештиргениңизде, ооз көндөйүңүздүн саламаттыгын жакшыртууга жардам берүү үчүн жаңыртууларды аласыз.
8 Регулярдуу түрдө шайкештирип туруңуз.
9 Дайындар оптималдуу өткөрүлүп турушу үчүн телефонунузду тиш щеткаңыздын жанына жакын кармаңыз.

Кол менен мезгилдештируү үчүн: Колдонмонун функцияларынан/мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу үчүн тиш щеткаңызды эки жума сайын колдонмо менен жупташтырыңыз/туташтырыңыз.

Автоматтык түрдө мезгилдештируүү үчүн:

Колдонмону жөндөө учурунда жайгашкан жерди аныктоого уруксат берициз. Жайгашкан жерди аныктоо уруксатын берүү менен, телефонунуз тиш щеткаңыздын туташуу диапазонунда болгонун билет

жана акыркы түшүнүктөрдү жана сунуштарды берүү үчүн колдонмого щетка дайындарыңызды жаңырта алат.

Эскертме: Колдонмону пайдаланып жатканда телефонунуздун Bluetooth'у күйгүзүлгөнүн текшериңиз, ошондо тиш щеткаңыз анын маалыматын колдонмого өткөруүп жана жаңырта алат. Эгер тазалоо маалыматыңыз эмне үчүн чогултуларын билгиңиз келсе, колдонмону жөндөө процессинде жеткиликтүү болгон Sonicare Купуялык билдирүүсүн карап чыгыңыз.

Колдонмонун функциялары

Sonicare электр тиш щеткаңыз тазалоо көндүмүнүз жөнүндө маалымат берүүчү акылдуу сенсорлор менен жабдылган, анын ичинде:

  • Тиш тазалоонун күнүмдүк сеанстары
  • Ар бир тиш тазалоо сеансына сарпталган убакыт
  • Колдонулган тиш тазалоо басымы
  • Жекелештирилген кецештер жана ишке ашырылуучу сунуштар
  • Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эстеткич (анык колдонуунун негизинде)

Sonicare колдонмосу акылдуу сенсорлордон маалыматтарды чогултат жана убакыттын өтүшү менен тазалоо көндүмдөрүңүзгө көз салат.

Баштоо
PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Колдонмонун функциялары - 1

1 Щётканын башын кылдары кармагычтын бети кайсы тарапты карап турса, ошол жакты карай тургандай кылып тууралаңыз.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Колдонмонун функциялары - 2

2 Щетканын башын тутканын металл сабына карай такалгыча катуу басыңыз.

Эскертме: Щётканын башы менен кармагычынын ортосунда бир аз боштуктун болушу нормалдуу көрүнүш.

Philips Sonicare тиш щёткаңызды колдонуу

Эгрр Sonicare тиш щёткаңызды биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, электрдик эмес тиш щётканы колдонгондогудан көбүрөөк дирилдөөнү сезүү нормалдуу көрунүш. Биринчи жолу колдонуп жаткан адамдар көбүнчө аны катуу басышат. Акырын гана басып, тиш щёткаңызга өз алдынча тазалоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Шайманды туура иштетүү үчүн төмөнкү нускамаларды аткарыңыз. Жаңы Sonicare кубаттуу тиш щеткасына өтүүгө жардам берүү үчүн, биринчи 1-2 жумада төмөнкү жыштыктагы жөндөөнү колдонунуз, андан кийин жогорку жөндөөлөргө өтүңүз.

Щеткалоо боюнча нускамалар

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 1

1 Кылын суулап, тиш пастасын азыраак өлчөмдө сыгып алыңыз.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 2

text_image 45°

2 Тиш щеткасынын кылдарын тиштерге кичинекей бурч менен (45 градус) жайгаштырыңыз. Кылдар тиш этинин сызыгына же бир аз астына жеткидей кылып акырын басыңыз.

Эскертме: Щетканын ортосу ар дайым тишинизге тийип турушу керек.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 3

3 Philips Sonicare шайманын күйгүзүү үчүн күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.

4 Кылдарды тишке жана тиш этинин линиясына акырын коюнуз. Кылдар тиштердин ортосуна чейин жетиши учүн, тишиңизди бир аз арткаалдыга багытталган кый мылдар менен щёткалаңыз. Мындай кый мылды щёткалоо цикли боюнча аткарыңыз.

Эскертме: Кылдары бир аз жайылышы керек. Муну менен тишиңизди кол менен иштете турган тиш щёткасындай тазалабаңыз.

Эскертме: Эгер сиз өтө катуу бассаңыз, саптагы дирилдөө өзгөруп жана щетканын жообу кызгылт көк түстө күйүп, сизге эскертилет.

5 Алдыңкы тиштин ички беттерин тазалоо учүн щётканын туткасын жарым тик кылып эңкейтип, ар бир тишке өйдө-ылдый кайчылаш кыймылдарды жасаңыз.

6 Щёткалоо циклин буткөндөн кийин, кошумча убакыттын ичинде тиштин өңү өзгөруп калган жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүруп же күйгүзүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот.

Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткаңызды бириктируүүчү кашаалар коюлган (щётканын баштары бириктируүүчү кашааларга колдонулганда тезирээк эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба, коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз болот (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген болсо).

BrushPacer

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - BrushPacer - 1

Ооз көндөйүнүздү жакшы щеткалоо үчү BrushPacer функциясынын жардамы менен оозду 6 бөлүккө бөлүңүз. BrushPacer щеткалоо убактысын 6 бирдей бөлүккө бөлүп, кийинки аймакка качан өтүү керек экенин көрсөтөт. Бөлүкчөлөр дирилдөөнүн кыска тыныгуусу менен көрсөтүлөт. Тиш щеткасы тишти тазалоо сессиясынын аягында автоматтык түрдө токтойт.

Эскертме: Кошумча бөлүктөр White+ же Gum Health режимдерин колдонгондо кошулушу мүмкүн.

Режимдер

Электр тиш щеткаңызда 5 ке чейин түрдүү режим бар: Clean, White+, Gum Health, Deep Clean+ жана Tongue Care (айрым моделдерде гана). Сиз колдонгон акылдуу щетка башынын негизинде оптималдуу режим жана интенсивдүүүлүк BrushSync технологиясы тарабынан автоматтык түрдө тандалат. Режимди которую үчүн тутка өчүк кезде режим/интенсивдүүүлүк баскычын басыңыз.

*Эскертме: Philips Sonicare колдонмосу менен "Deep Clean+" режиминде щеткалаганда, щетка убактысы колдонмого туташканда 2 мүнөт жана колдонмого туташпай турганда 3 мүнөт болот.
Clean жана White+ Gum Health Tongue Care Deep Clean+ (айрым моделдерде гана)

АртыкчылыкӨңөрдүкетируүүӨңөрдү жанасырткытактыкетируүүӨңөрдүкетируүү жанатиш этинукалооТилдитазалоо
Сунушталганинтенсивдү-үлүкденгээлиЖогорку Жогорку Жогорку Төмөн
ЖалпытиштитазалооубактысыClean:2 мүнөтDeep Clean+:3 мүнөт*2 мүнөт жана40 секунд3 мүнөт жана20 секунд20 секунд
Clean жанаDeep Clean+White+ Gum Health Tongue Care(айрым моделдерде гана)
Кантип тишти тазалоо керекClean: Apбирсегментти20 секунддай тазалаңызPHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 1Ар бирсегментти20 секунддай тазалаңыз,PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 2Ар бирсегментти20 секунддай тазалаңыз,PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 31. Микрокылдарды нымдап, тилиңизди алдыга-арткакыймыл менен тазалаңыз.Ыңгайлуу болушунча арткажылдырып тазалаңыз.2. Оозунузду чайкап жана процедуран-ы дагы эки жолу кайталаңыз.
PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 4Deep Clean+:Apбирсегментти30 секунддай тазалаңыз*PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 5Андан кийин7 жана8-сегменттинар бирин20 секунддай тазалаңыз.PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 6Андан кийин7, 8, 9 жана10-сегмент-ин ар бирин20 секунддай тазалаңыз.PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 7
PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 8PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 9PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Режимдер - 10

Ургаалдыгы

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Ургаалдыгы - 1

Электр тиш шеткаңыз үч түрдүү интенсивдүүлүк жөндөөлөру менен кошо берилет.

  • Интенсивдүүлүгү төмөн (бир тилке)
  • орточо интенсивдүүлүк (эки тилке)
  • интенсивдүүлүгү жогору (үч тилке)
    Туткага тиркелгенде, акылдуу щетка башы сунушталган интенсивдүүлүктү автоматтык түрдө тандайт. Башка интенсивдүүлүккө которгунуз келсе, щеткалап жатканда режим/интенсивдүүлүк баскычын басып, которого аласыз.
    Туткасы өчүруүлгөндө же тындырылЫП турганда интенсивдүүүлүктү өзгөртө албайсыз.

BrushSync технологиясы щетка баштарына микрочип аркылуу туткаңыз менен байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Щетка башынын астындагы белгиси щетка башы бул технология менен жабдылганын көрсөтүп турат.

  • Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
  • BrushSync режиминде жупташтыруу
    Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарынын кецири тандоосун сунуштайт. Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарын карап көрүү үчүн

www.philips.com/toothbrush-heads сайтына өтүңүз.

Функциялар

  • Басым сенсорунун жообу
  • BrushPacer
  • SmartTimer
  • Щётканын башы режиминде жупташтыруу
  • EasyStart
  • Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү

Басым сенсорунун жообу

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Басым сенсорунун жообу - 1

Sonicare тиш щеткаңыз тишиңизди жана тиш этиңизди зындан коргоо үчүн щеткаңызда колдонгон басымыңызды өлчөйт.

Эгерде катураак бассаңыз, тутка титирөөнү өзгөртөт жана щеткалоочу жооп жарығы басууну азайтканга чейин тутканын түбүндө кызгылт көк күйөт.

Эскертме: Басым Сенсору өнүмүңүздө иштетилген бойдон келет. Бул функцияны өчүрүүгө («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү»).

BrushPacer

BrushPacer - бул сизге оозунузду 6 бөлүккө бөлүп, тегиз тазалоого жардам берген интервал таймери. («Щеткалоо боюнча нускамалар»)

SmarTimer

SmarTimer щёткалоо циклинин аягында тиш щёткасын автоматтык түрдө өчүрүү менен щёткалоо цикли бүткөнүн көрсөтөт.

Тиш догдурлар күнүнө кеминде 2 жолу 2 мүнөттөн кем эмес убакыт жууну сунуштайт.

Эскертме: Эгер щёткалоо циклин баштагандан кийин күйгүзүү/өчүрүү баскычын бассаңыз, тиш щёткасы тындырылат. 30 секунд тындырылгандан кийин SmartTimer баштапки абалга келтирилет.

Щётканын башы режиминде жупташтыруу

BrushSync технологиясы менен щетка баштары тутка менен байланышып, аны сунушталган режим жана интенсивдүүлүк менен автоматтык түрдө жупташтыруучу микрочип менен жабдылган.

BrushSync технологиясы менен жабдылган көпчүлүк щетка баштары Clean режими автоматтык түрдө жупташат. Өзгөчө артыкчылыктары бар щетка баштары тиешелүү режим менен жупташат (болгондо), мисалдарга төмөнкүлөр кирет:

  • G3 Premium Gum Care: Gum Health режими
  • W3 Premium White: White+ режими
  • TongueCare+: Tongue Care режими

Эскертме: Эгер сунушталган параметрден режимди/интенсивдүүлүктү өзгөртүүнү тандасаңыз, щетка башы келечектеги тазалоо үчүн сиз тандаган параметрди эстеп калат.

EasyStart

Бул Philips Sonicare модели EasyStart функциясы өчүрүлгөн бойдон берилет. EasyStart 'ты иштетүү үчүн («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү»). EasyStart функциясы Philips Sonicare менен щёткалоого көнүүңүз үчүн алгачкы 14 щёткалоодо күчтү акырын жогорулатат. EasyStart функциясы бардык режимдер менен иштейт.

Жоопкерчиликтен баш тартуу:

Philips Sonicare тиш щёткасы клиникалык изилдөөлөрдө колдонулса, ал кармагычы толугу менен кубатталып, EasyStart функциясы өчүруүлгөн болуп жана ал жогорку интенсивдүүлүктө Clean режими колдонулушу керек.

Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү

Philips Sonicare щеткаңыз щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөө үчүн BrushSync технологиясы менен камсыз кылынган.

Эскертме: Бул функция BrushSync технологиясы менен жабдылган Philips Sonicare акылдуу щетка баштарында гана иштейт.

1 Жаңы ақылдуу щетка башын биринчи жолу туташтырганыңызда, кармагыч сизде BrushSync технологиясы менен камсыздалган Philips щетка башын аныктап, щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөй баштайт.
2 Убакыт өткөн сайын, сиз колдонгон басымдын жана щетка башын колдонгон жалпы убакыттын негизинде, тутка щетка башын алмаштыруу үчүн оптималдуу убакытты аныктоо үчүн щетка башынын эскиришине көз салат. Бул функция сизге тишиңизди эң мыкты тазалоого жана кам көрүүгө кепилдик берет.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү - 1

3 Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эстеткич жарығы сары болуп күйгөндө, аны алмаштырышыңыз керек болот.

Бардык акылдуу щетка баштары щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциасы күйгүзүлгөн бойдон камсыздалат. Щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү өчүрүү үчүн 'Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү' бөлүмүн караңыз.

Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү

Тиш щеткаңыздын төмөнкү функцияларын күйгүзүп же өчүрсөңүз болот:

  • EasyStart
  • Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
  • Басым сенсорунун жообу

Эскертме: Кармагычта акылдуу щетка башы тагылып турганда, щетка башын алмаштыруу тууралуу эстеткичти күйгүзүп же өчүрө аласыз.

1-кадам: Тутканы сайылган кубаттоо түркүгүнө же кубаттоо айнегинин үстүнө коюңуз.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү - 1

2-кадам: Режим/интенсивдүүлүк баскычын коё бербей басып туруңуз.

EasyStart Басым

сенсорунун жообу

Щетканын башын

алмаштыруу

керектигин эскертүү

Күйгүзүү/өчүрүү баскычын 1 жолу басыңыз.

Күйгүзүү/өчүрүү баскычын 2 жолу басыңыз.

Күйгүзүү/өчүрүү баскычын 3 жолу басыңыз.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү - 2

3-кадам: Режим/интенсивдүүлук баскычын коё бериңиз.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү - 3

Батареянын индикатору 2 жолу ак болуп күйүп, 2 сигналды уксаңыз, функция күйгүзүлгөн болот.

ЖЕ

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - ЖЕ - 1

Эгер батареянын индикатору сары түстө 1 жолу күйүп, 1 сигналды уксаңыз, анда бул функция өчүрүлгөн болот.

Кубаттоо жана батареянын абалы

Philips Sonicare тиш щёткасы толук кубатталып турганда ар бири 2 мүнөткө созулган 28 щёткалоо сеансын (кеминде) көрсөтүүгө арналган (күнүнө эки жолу колдонулганда 14 күн). 2 мүнөттүк щёткалоо сеансын бүткөндө, щетканы тындырганда же кубаттап жатканда, батарея көрсөткүчү анын абалын көрсөтүп турат.

Эскертме: Биринчи жолу колдонгондон мурун батарея 24 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз.

Кубатталууда

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Кубатталууда - 1

Кубаттоочу негизде кубаттоо

1 Кубаттоочу негиздин кабелин электр розеткасына сайыңыз.
2 Кубаттоо түркүгүн же кубаттоо айнегин кубаттоочу негизде кубаттаңыз.
3 Тутканы сайылган кубаттоо түркүгүнө же кубаттоо айнегинин үстүнө коюңуз.

- Батарея деңгээлинин индикатору жана жарык шакекчеси ак болуп күйүп, кармагыч эки жолу үн чыгарат. Бул тиш щёткасынын кубатталып баштаганын көрсөтөт.

4 Кубаттагыч тиш щеткаңызды толук кубаттайт.

- Батарея индикатору ак болуп күйүп өчкөндө, сап кубатталып жатканын билдирет. Тутка толук кубатталгандан кийин, батареянын индикатору 30 секунд бою ак болуп күйүп, андан кийин өчөт.

Саякат кутусу менен кубаттоо

Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.

1 USB кабелин кубаттоочу саякат кутусунун түбүнөн алыңыз.

2 Кубатточу саякат кутусун 5 V DC кируу кубатына USB кабели менен туташтырыңыз:

  • USB адаптери камсыздалган
  • UL тизмеси бар же ANSI/UL 60950-1 боюнча тастыкталган жеке компьютердин стандарттуу USB туташтыргычы же,
  • UL тизмеси бар же ANSI/UL 60950-1 LPS боюнча тастыкталган USB чыгуу порту же,
  • UL тизмеленген же тастыкталган 1310 2-класстагы электр булагы.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Саякат кутусу менен кубаттоо - 1

3 Тутканы саякат кутусуна коюнуз. Саякат кутусу тиш щеткаңыз толук кубатталганга чейин кубаттайт.

Батареянын абалы

Батареянын абалы (кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда кармаңыз) Сапты кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда кармаңыз:

Туткасы кубаттагычка же кубаттоочу саякат кутусуна коюлганда, батареянын көрсөткүчү батареянын деңгээлин көрсөтөт.

Батареянын абалы Батарея көрсөткүчү

Кубатталууда Ак түстө күйөт
Толук 30 секунд бою ак түстө туруктуукүйүп, анан өчөт
Батареянын абалы (тутка кубаттагычка/кубаттоочу саякат кутусунда жайгаштырылбаган кезде)Сап кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда эмес:Тиш щеткасы ойго кезде, тутканын астындагы батарея индикатору батарея деңгээлин көрсөтөт.

Батареянын абалы Батарея көрсөткүчү Добушу

Толук Туруктуу ак -
Жарым-жартылай толукАк түстө күйөт -
Төмөн Кочкул сары түстө бүлбүлдөйтЩетка менен тазалагандан кийин туткадан 3 сигнал чыгат

Бош Кочкул сары түсте

булбулдөйт

Щетка менен

тазалагандан кийин

Эскертме: Колдонулбай турганда энергияны үнөмдөө үчүн батареянын жарығы өчөт.

Эскертме: Батарея толугу менен бош болгондо, тиш щётка өчөт. Щетканы кубаттагычка жайгаштырып, кубаттаңыз.

Эскертме: Батареяны ар дайым толук кубатталган бойдон кармап туруу үчүн, тиш щеткаңызды колдонбогондо кубаттагычта кармасаңыз болот.

Тазалоо

Тиш щёткасынын кармагычы

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Тиш щёткасынын кармагычы - 1

1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин аймагын жылуу суу менен чайкаңыз. Тиш пастасынын калдыктарын тазалаңыз.

Көңүл буруңуз: Металл валдын резина пломбасын курч нерселер менен түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн.

2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме менен аарчицыз.

Эскертме: Ашыкча сууну чыгаруу үчүн кармагычты раковинага таптабаңыз.

Щётканын башы

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Щётканын башы - 1

1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын жана кылдарын чайкаңыз.
2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып, щётканын башынын байланышын кеминде аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап туруңуз. Саякат кабын зарылчылыкка жараша тез чайкап туруңуз.

Кубаттагыч

1 Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз.

2 Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.

Жолдо алып жүрүү кутучасы

Жолдо алып жүрүү кутучанын ичин тазалоо үчүн аны жылуу сууга чайкап, нымдуу чүпөрөктү колдонунуз.

Кубаттагычтын саякат кутусу

1 Тазалоодон мурун саякат кутусун сууруп алыңыз.
2 Саякат кутусунун бетин сүртүү үчүн нымдуу чүпүрөктү колдонунуз.

Сактоо

Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсонуз, аны электр розеткасынан ажыратып, тазалап, түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.

алмаштыруу

Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн Philips Sonicare щётка баштарын 3 ай сайын алмаштырып туруңуз. Philips Sonicare шайманынын алмаштырылууучу щётка баштарын гана колдонунуз.

Улгү номери көрсөтүлгөн жер

Улгу номерин (НХ99XX) Philips Sonicare кармагычынын түбүнөн караңыз.

Кепилдик жана колдоо

Маалымат же колдоо алгыңыз келсе, www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык кепилдик баракчасын окунуз.

Кепилдик эмнени каптабайт:

  • Ооз тиркемелеринде, анын ичинде щетка баштары жана саптамалар.
  • Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн же тиш щётканын баштарын колдонуудан келип чыккан бузулуу.

  • Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген ондоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.

  • Кадимки эскируү, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.

Кайра иштетүү

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - Кайра иштетүү - 1

  • Бул символ электрикалык өнүмдөр менен батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытууга болбостугун билдирет.
  • Электрдик жана электрондук өнүмдөрдү жана батарейкаларды өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө чогултуңуз.

Шайманды утилизациялоодо ага алдын ала орнотулган кайра кубатталуучу батареяны квалификациясы бар адис гана чыгарышы керек. Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты толугу менен түгөнгөнүн текшерициз.

Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу

Шайманды утилизациялоодо ага алдын ала орнотулган кайра кубатталуучу батареяны квалификациясы бар адис гана чыгарышы керек. Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты толугу менен түгөнгөнүн текшерициз.

Шайманды ачаарында куралдарды колго алганыңызда жана кайра заряддалуучу батарейканы жок кылганыңызда этият болунуз. Көз, кол, манжаларыңызды жана сиз иштеп жаткан бетти коргонуз.

Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.

Батарейкалардын ачып салынгандан кийин кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды

алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.

Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу үчүн кездеме же сүлгү, балка жана учу жалпак (стандарттуу) отвёртка керек. Төмөндө көрсөтүлгөн процедураны аткарганда негизги коопсуздук чараларын сактаңыз.

1 Кайра кубатталуучу батареянын кубатын толугу менен түгөтүү үчүн, анын туткасын кубаттагычтан чыгарып, тиш щётканы күйгүзүп, ал токтогонго чейин иштете бериңиз. Тиш щётка күйбөй калганга чейин ушул кадамды кайталаңыз.
2 Щётканын башын чыгарып, утилизациялаңыз. Бүтүндөй тутканы сүлгү же кездеме менен жабыңыз.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз. - 1

3 Кармагычтын жогору жагын бир колунуз менен кармап, ал эми анын корпусун түбүнөн 0,5 дюйм жогору бөлүгүн кагыңыз. Аяккы капкагын чыгаруу учүн 4 тараптан тең балка менен катуу кагыңыз.

Эскертме: Ички бекиме туташууларды үзүү үчүн аягына бир нече жолу тийишиңиз керек болушу мүмкүн.

4 Аяккы кабын тиш щёткасынын кармагычынан чыгарыңыз. Эгер аяккы кабы корпусан оцой менен чыкпай жатса, аяккы кап бошогонго чейин 3-кадамды кайталаңыз.

PHILIPS Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917 - алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз. - 2

5 Кармагычтын жогору жагын ылдый каратып туруп, валды катуу бетке басыңыз. Эгер ички курам бөлүктөру аяккы кабы корпустан оңой менен чыкпай жатса, аяккы кап бошогонго чейин 3-кадамды кайталаңыз.

6 Отвёртканы ички компоненттердин түбүндөгү кара алкак менен батареянын ортосуна салыңыз. Кара алкактын түбүн сындыруу үчүн отвёртканы батареядан нары түртүп алыңыз.

7 Батареяны жашыл басма платага туташтырууучу металл илмекти сындыруу учүн отвёртканы батареянын тубу менен кара алкактын ортосуна салыңыз. Ушуну менен батареянын ылдыйкы учу алкактан чыгат.

8 Экинчи металл батареянын илмегин сындыруу учүн батареяны кармап, ички курамчалардан тартып алыңыз.

Көңүл буруңуз: Манжаларыңыз жаракат алып калбашы үчүн, батарея тилчелеринин учтуу кырларынан этият болунуз.

9 Батареяда калып калган кубаттан келип чыгууучу электрдик туташуунун алдын алуу үчүн батареянын тиймектерин тасма менен каптаңыз.

Эми кайра кубатталуучу батареяны кайра иштетүүгө болот, ал эми өнүмдүн калган бөлүгүн тийиштүү түрдө утилизациялоо керек.

Эскертме: Колдонуу мөөнөтү аяктаганда шайманды кадимки тиричилик таштандылары менен бирге ыргытпаңыз, аны кайра иштетүү үчүн расмий чогултууучу жайга тапшырыңыз. Муну менен сиз айлана-чөйрөнү сактоого жардам бересиз.

Вовед

Мазмун Баштыкка кирүү үчүн чыкылдатыңыз
Колдонмо жардамчысы
Anthropic тарабынан колдоого алынат
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : PHILIPS

Модель : Sonicare DiamondClean Smart 9400 HX9917

Категория : Электр тиш щеткасы