PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Электр тиш щеткасы

Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Электр тиш щеткасы PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 PHILIPS PDF форматында.

📄 940 бет Кыргызча KY Жүктөө 💬 AI суроосу
Notice PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - page 699
Pick your language and provide your email: we'll send you a specifically translated version.

Колдонуучулардын суроолору жөнүндө Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 PHILIPS

0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.

Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү

Электрондук почта жеке бойдон калат: бирөө сиздин суроого жооп бергенде сизди кабардар кылуу үчүн гана колдонулат.

Азырынча суроолор жок. Биринчи суроону сиз бериңиз.

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз Электр тиш щеткасы PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 бренддин PHILIPS.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 PHILIPS

Philips Sonicare түзмөктөрүнүн топтомуна кош келиңиз! Бул тиш щетка өңөрдү чыгарууда, тиштер агыраак болушуна жана тиш этинин сактыгын жакшыртууга жардам берет. Sonicare компаниясынын жумшак үн технологиясы менен клиникалык жактан иштелип чыккан жана далилденген өзгөчөлүктөрүнүн айкалышын колдонуу менен сиз ар дайым мыкты тазалап жатканыңызга ишенсеңиз болот. Кошумча колдоо жана өнүмдү каттоо төмөнкү даректе жеткиликтүү: www.philips.com/support

Маанилүү коопсуздук маалыматы

Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонунуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маанилүү маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

Эскертүүлөр

  • Кубаттагычтарды жана/же УФ дезинфекциялагычтарды суудан алыс кармаңыз.
  • Тазалап, дубалдагы розеткага туташтыруудан мурун кубаттагыч жана/же антисептик толугу менен кургаганын текшериңиз.
  • Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсө колдоно алышат. Балдар шайманды чондордун көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек.
  • Балдар шайман менен ойнобошу керек.
  • Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын же керек-жарактарын гана колдонунуз. Энум менен берилген кубаттагычты гана колдонунуз. Эгер кошо келсе, тупнуска USB кабели менен USB кубат камсыздоо блогун гана колдонунуз.

- Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлүктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз. Зымы бар аппараттар гана: Шнуру бузулган болсо, дезинфекциялагычы бар кубаттагычты жаңысына алмаштырыңыз.

- Кубаттагычты жана/же санитайзерди эшикте же жылытылган беттердин жанында колдонбонуз.

-Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз.

- Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн арналган.

- Эшиги ачылый турганда УК лампасы күйө берсе, санитайзерди колдонууну токтотунуз. УК нуру адамдын көзүнө жана терисине зыяндуу болушу мүмкүн.

- УФ дезинфекциялагычтын ысык болгон УФ жарык лампасына тийбеңиз.

- Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну токтотунуз. Щётканын башы 3 ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда алмаштырып туруңуз.

- Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.

- Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо, ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге кайрылыңыз.

- 2 ай мурун оозунузга же тиш этицизге операция жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун тиш догдурга кайрылыңыз.

- Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын өндүрүүүүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз.

  • Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо, аны колдонуудан мурун дарыгерициз менен кеңешиниз.
  • Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк жана аны стоматологиялык клиникаларда же мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга болбойт.

Батареянын коопсуздук нускамалары

- Бул шайманда атайын билими бар адамдар тарабынан гана алмаштырылуучу батарейкалар колдонулат.

- Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонунуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түрунө карап, айырмаланышы мүмкүн.

- Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын жана керек-жарактарын гана колдонунуз. ТСВxxxx, НХ6100, НХ6110, НХ6160 же WAАxxxx ажыратылуучу блогун гана колдонунуз.

- Онумду жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаңыз.

- Эгерде өнүм адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.

-Өнүмдү жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбонуз.

- Өнүмдү же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга аракет кылбаңыз, батарейканы ысып кетүүдөн же улууу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаңыз, ашыкча заряддабаңыз же ордулар менен алмаштырбаңыз.

  • Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра иштетүү бөлүмүн караңыз.
  • Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык жардамды издениз.
  • Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.
  • Батарейкалардын ачып салынгандан кийин кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробоңуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.
    -Өнүмдү 0 °С жана 40 °С ортосундагы температурада гана колдонуп жана сактаңыз.

Сактоо жана таранспорттоо шарттары

Philips компаниясынын бул Philips шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга жооп берет.

Радио жабдууларынын директивасы

Ушуну менен Philips радио жабдык түрү (Bluetooth, NFC) менен камсыздалган электр тиш щеткалары 2014/53/EU Директивасынын негизги талаптарына ылайык келерин жарыялайт.

  • Тиешелүү өнүмдөрдөгү Bluetooth радио жыштыгынын интерфейси 2,4 GHz-те иштейт.
  • Bluetooth шайманынын максимальдык чыгуу кубаты 3 dBm.
  • Тиешелүү өнүмдөрдөгү NFC радио жыштыгынын интерфейси 13,56 MHz-те иштейт.

- Шаймандын чыгарган РЖ максимальдык чыгуу кубаты 30,16 dBm.

ЕБнын шайкештик декларациясынын толук тексти төмөндөгү интернет дарегинен көрсө аласыз:

Эскертме: Ар башка үлгүлөрдүн функциялары айырмаланышы мүмкүн. Айрым үлгүлөр Bluetooth же NFC менен жабдылбашы мүмкүн.

Өнүмдө төмөнкү символдор болушу мүмкүн: Оператордун Колдонмосун окуп чыгыңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Радио жабдууларынын директивасы - 1

Ажыроочу Кубат блогунун бөлүгү: "ххххх" колдонула турган кубаттагычтын үлгү номерин көрсетөт.

(TCBxxxx, HX6100, HX6110, HX6160 же WAAxxxx)

Колдонуу багыты

Sonicare ExpertClean электр тиш щеткалары тиштеги өңөрдөн жана тамак калдыктарынан арылууга жана тишке зыян келтирилишин азайтып, ооздун саламатын жакшыртып жана ошол деңгээлде кармоого арналган. Sonicare ExpertClean сериясынын электр тиш щеткалары жеке колдонууга арналган. Балдар чоң кишилердин көзөмөлү астында колдонушу керек.

Philips Sonicare шайманыңыз (1-сүрөт)

1 Кармагыч
2 Күйгүзүү/өчүрүү баскычы
3 Интенсивдүүлүк индикатору
4 Режим/интенсивдүүлүк баскычы
5 Режим көрсөткүчү

6 Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
7 Батарея көрсөткүчү

Аксессуарлар:

8 Щётка башынын капкагы
9 Смарт щётканын баш(тар)ы

10 BrushSync символу
11 Кубаттоочу тиреөч
12 Жолдо алып жүрүү кутучасы
13 Кубаттагычтын саякат кутусу
14 USB-A дубал адаптери
15 USB-A кабели
16 УФ дезинфекциялагыч жана кубаттагыч

Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.

Sonicare колдонмосу - Баштоо

Sonicare колдонмосу тиш щеткаңыз менен жупташып, процесске көз салуу мүмкүнчүлүгүн берет. Тиш щеткаңызды Sonicare колдонмоңуздун аккаунтуна туташтыруу менен, төмөнкүлөрдү аткара аласыз:

  • Тишинизди тазалоо процессин байканыз
  • Ооз көндөйүнүздүн саламаттыгын жакшыртуу боюнча жеке кецештерди жана сунуштарды алыңыз
  • Артыкчылыктардын толук катарын колдонуп жана жаңыртууларды үзгүлтүксүз алыңыз

Колдонмо мобилдик түзмөктөрдүн кецири спектрине шайкеш келет.

Sonicare колдонмосун пайдалануу үчүн:

1 Sonicare колдонмосун телефонунузга жуктеп алыңыз.
2 Түзмөгүңүздө Bluetooth күйгүзүлгөнүн текшериңиз.
3 Тиш щеткаңыздын активдүү (жанып турганын) экенин тактоо үчүн аны алыңыз.
4 Колдонмону ачып, төменкү кадамдарды аткарыңыз.
5 Тиш шеткаңызды колдонмо менен жупташтырыңыз.

6 Колдонмо аркылуу аккаунт түзүңүз.
Микропрограмманы жаңыртып, ақырқы жақшыртууларға жана функцияларға кируүү мүмкүндүгүн алыңыз.
7 Колдонмого туташкан тиш щеткаңыз менен дайыма тазалап туруңуз. Тиш щеткасын колдонмо менен үзгүлтүксүз шайкештиргениңизде, ооз көндөйүңүздүн саламаттыгын жакшыртууга жардам берүү үчүн жаңыртууларды аласыз.
8 Регулярдуу түрдө шайкештирип туруңуз.
9 Дайындар оптималдуу өткөрүлүп турушу үчүн телефонунузду тиш щеткаңыздын жанына жакын кармаңыз.

Кол менен мезгилдештируү учүн: Колдонмонун функцияларынан/мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу учүн тиш щеткаңызды эки жума сайын колдонмо менен жупташтырыңыз/туташтырыңыз.

Автоматтык түрдө мезгилдештируүү үчүн:

Колдонмону жөндөө учурунда жайгашкан жерди аныктоого уруксат бериңиз. Жайгашкан жерди аныктоо уруксатын берүү менен, телефонунуз тиш щеткаңыздын туташуу диапазонунда болгонун билет жана ақырқы түшүнүктөрдү жана сунуштарды берүү үчүн колдонмого щетка дайындарыңызды жаңырта алат.

Эскертме: Колдонмону пайдаланып жатканда телефонунуздун Bluetooth'у күйгүзүлгөнүн текшериңиз, ошондо тиш щеткаңыз анын маалыматын колдонмого өткөруүп жана жаңырта алат. Эгер тазалоо маалыматыңыз эмне үчүн чогултуларын билгиңиз келсе, колдонмону жөндөө процессинде жеткиликтүү болгон Sonicare Купуялык билдирүүсүн карап чыгыңыз.

Колдонмонун функциялары

Sonicare электр тиш щеткаңыз тазалоо көндүмүнүз жөнүндө маалымат берүүчү акылдуу сенсорлор менен жабдылган, анын ичинде:

  • Тиш тазалоонун күнүмдүк сеанстары
  • Ар бир тиш тазалоо сеансына сарпталган убакыт
  • Колдонулган тиш тазалоо басымы

  • Жекелештирилген кецештер жана ишке ашырылуучу сунуштар

  • Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эстеткич (анык колдонуунун негизинде)
    Sonicare колдонмосу акылдуу сенсорлордон маалыматтарды чогултат жана убакыттын өтүшү менен тазалоо көндүмдөрүңүзгө көз салат.

Баштоо

Щётканын башын тиркөө

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щётканын башын тиркөө - 1

1 Щётканын башын кылдары кармагычтын бети кайсы тарапты карап турса, ошол жакты карай тургандай кылып тууралаңыз.
2 Щетканын башын тутканын металл сабына карай такалгыча катуу басыңыз.

Эскертме: Щётканын башы менен кармагычынын ортосунда бир аз боштуктун болушу нормалдуу көрүнүш.

Philips Sonicare тиш щёткаңызды колдонуу

Эгер Sonicare тиш щёткаңызды биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, электрдик эмес тиш щётканы колдонгондогудан көбүрөөк дирилдөөнү сезүү нормалдуу көрүнүш. Биринчи жолу колдонуп жаткан адамдар көбүнчө аны катуу басышат. Акырын гана басып, тиш щёткаңызга өз алдынча тазалоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Шайманды туура иштетүү үчүн төмөнкү нускамаларды аткарыңыз. Жаңы Sonicare кубаттуу тиш щеткасына өтүүгө жардам берүү үчүн, биринчи 1-2 жумада төмөнкү жөндөөнү колдонунуз, андан кийин жогорку жөндөөлөргө өтүнүз.

Щеткалоо боюнча нускамалар

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 1

1 Кылын суулап, тиш пастасын азыраак өлчөмдө сыгып алыңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 2

text_image 45°

2 Тиш щеткасынын кылдарын тиштерге кичинекей бурч менен (45 градус) жайгаштырыңыз. Кылдар тиш этинин сызыгына же бир аз астына жеткидей кылып акырын басыңыз.

Эскертме: Щетканын ортосу ар дайым тишицизге тийип турушу керек.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 3

3 Philips Sonicare шайманын күйгүзүү үчүн күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 4

4 Кылдарды тишке жана тиш этинин линиясына акырын коюнуз. Кылдар тиштердин ортосуна чейин жетиши учүн, тишиңизди бир аз арткаалдыга багытталган кый мылдар менен щёткалаңыз. Мындай кый мылды щёткалоо цикли боюнча аткарыңыз.

Эскертме: Кылдары бир аз жайылышы керек. Муну менен тишицизди кол менен иштете турган тиш щёткасындай тазалабаңыз.

Эскертме: Саптагы дирилдөөнүн өзгөрүшү жана щеткалоо жообунун жарығы сары түстө күйүп, катуу басканыңызда эскертет.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 5

5 Алдыңкы тиштин ички беттерин тазалоо үчүн щётканын туткасын жарым тик кылып эңкейтип, арбир тишке өйдө-ылдый кайчылаш кыймылдарды жасаңыз.

6 Щёткалоо циклин буткөндөн кийин, кошумча убакыттын ичинде тиштин өңү өзгөруп калган жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүруп же күйгүзүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот.

Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткаңызды бириктируүүчү кашаалар коюлган (щётканын баштары бириктируүүчү кашааларга колдонулганда тезирээк эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба, коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз болот (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген болсо).

BrushPacer
PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 6

Ооз көндөйүнүздү жакшы щеткалоо үчү BrushPacer функциясынын жардамы менен оозду 6 бөлүккө бөлүңүз. BrushPacer щеткалоо убактысын 6 бирдей бөлүккө бөлүп, кийинки аймакка качан өтүү керек экенин көрсөтөт. Бөлүкчөлөр дирилдөөнүн кыска тыныгуусу менен көрсөтүлөт. Тиш щеткасы тишти тазалоо сессиясынын аягында автоматтык түрдө токтойт.

Эскертме: Кошумча убакыт White+ же Gum Health режимдерин колдонгондо кошулушу мүмкүн.

Режимдер
PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 7

Электр тиш щеткаңызда 4 ке чейин түрдүү режим бар: Clean, Deep Clean+, Gum Health жана White+ (айрым моделдерде гана).

Сиз колдонгон акылдуу щетка башынын негизинде оптималдуу режим жана интенсивдүүлүк BrushSync технологиясы тарабынан автоматтык түрдө тандалат. Режимди кол менен өзгөртүү үчүн тиш щеткасы өчүп турганда режим/интенсивдүүлүк баскычын басыңыз. Бардык щетка баштары ар бир режим менен иштейт.

Clean жана Deep Clean+
Gum Health White+

АртыкчылыкӨңөрдү кетируүүӨңөрдү кетируүүжана тиш этинукалооӨңөрдү жанасырткы тактыкетируүү
Сунушталганинтенсивдүүүлү-к деңгээлиЖогорку Жогорку Жогорку
Жалпы тиштитазалооубактысыClean: 2 мүнөтDeep Clean+:3 мүнөт*3 мүнөт жана20 секунд2 мүнөт жана40 секунд
Кантип тиштитазалоо керекClean: Ар бирсегментти20 секунддайтазалаңыз.Ар бирсегментти20 секунддайтазалаңыз,Ар бирсегментти20 секунддайтазалаңыз,
PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 8PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 9PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 10
PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 11PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 12PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 13
Deep clean+: Арбир сегментти30 секунддайтазалаңыз.*Андан кийин7,8,9 жана10-сегменттинар бирин20 секунддайтазалаңыз.Андан кийин 7жана8-сегменттин арбирин20 секунддайтазалаңыз.
PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 14PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 15PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 16
PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 17PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 18PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щеткалоо боюнча нускамалар - 19

*Эскертме: Philips Sonicare колдонмосу менен "Deep Clean+" режиминде щеткалаганда, щетка убактысы колдонмого туташканда 2 мүнөт жана колдонмого туташпай турганда 3 мүнөт болот

Ургаалдыгы

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Ургаалдыгы - 1

Электр тиш шеткаңыз үч түрдүү интенсивдүүлүк жөндөөлөру менен кошо берилет.

  • Интенсивдүүлүгү төмөн (бир тилке)
  • орточо интенсивдүүлүк (эки тилке)
  • интенсивдүүлүгү жогору (үч тилке)
    Сапка тиркелип турганда, акылдуу щетка башы сунушталган интенсивдүүлүктү автоматтык түрдө тандайт/ Эгерде сиз башка интенсивдүүлүккө которууну кааласаңыз, щеткалоо учурунда режим/интенсивдүүлүк баскычын басуу менен өзгөртө аласыз. Туткасы өчүрүлгөндө же тындырыллып турганда интенсивдүүлүктү өзгөртө албайсыз.

BrushSync технологиясы щетка баштарына микрочип аркылуу туткаңыз менен байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Щетка башынын астындагы белгиси щетка башы бул технология менен жабдылганын көрсөтүп турат.

  • Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
  • BrushSync режиминде жупташтыруу Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарынын кеңри тандоосун сунуштайт. Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарын карап көрүү үчүн www.philips.com/toothbrush-heads сайтына өтүңүз.

Функциялар

  • Басым сенсорунун жообу
  • BrushPacer
  • SmarTimer
  • EasyStart

  • Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү

  • Щётканын башы режиминде жупташтыруу

Басым сенсорунун жообу

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Басым сенсорунун жообу - 1

Sonicare тиш щеткаңыз тишиңизди жана тиш этиңизди зындан коргоо үчүн щеткаңызда колдонгон басымыңызды өлчөйт.

Эгер сиз ашыкча басымды колдонсонуз, тутка дирилдөөнү өзгөртөт жана щетка башын алмаштыруунун эстеткич жарығы сапта басымды азайтканга чейин сары түстө күйөт.

Эскертме: Басым Сенсору өнүмүңүздө иштетилген бойдон келет. Бул функцияны өчүрүүгө («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү»).

BrushPacer

BrushPacer - бул сизге оозунузду 6 бөлүккө бөлүп, тегиз тазалоого жардам берген интервал таймери.

SmarTimer

SmarTimer щёткалоо циклинин аягында тиш щёткасын автоматтык түрдө өчүрүү менен щёткалоо цикли бүткөнүн көрсөтөт.

Тиш догдурлар күнүнө кеминде 2 жолу 2 мүнөттөн кем эмес убакыт жууну сунуштайт.

Эскертме: Эгер щёткалоо циклин баштагандан кийин күйгүзүү/өчүрүү баскычын бассаңыз, тиш щёткасы тындырылат. 30 секунд тындырылгандан кийин SmartTimer баштапки абалга келтирилет.

EasyStart

Бул Philips Sonicare модели EasyStart функциясы өчүрүлгөн бойдон берилет. EasyStart функциясы Philips Sonicare менен щёткалоого көнүүңүз үчүн алгачкы 14 щёткалоодо күчтү акырын жогорулатат. EasyStart функциясы бардык режимдер менен иштейт.

Жоопкерчиликтен баш тартуу: Philips Sonicare тиш щёткасы клиникалык изилдөөлөрдө колдонулса, ал кармагычы толугу менен кубатталып, EasyStart функциясы өчүруүлгөн

болуп жана ал жогорку интенсивдүүлүктө колдонулушу керек.

EasyStart 'ты иштетүү үчүн («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү»).

Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү

Philips Sonicare щеткаңыз щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөө үчүн BrushSync технологиясы менен камсыз кылынган.

Эскертме: Бул функция BrushSync технологиясы менен жабдылган Philips Sonicare акылдуу щетка баштарында гана иштейт.

1 Жаңы ақылдуу щетка башын биринчи жолу туташтырганыңызда, кармагыч сизде BrushSync технологиясы менен камсыздалган Philips щетка башын аныктап, щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөй баштайт.
2 Убакыт өткөн сайын, сиз колдонгон басымдын жана щетка башын колдонгон жалпы убакыттын негизинде, тутка щетка башын алмаштыруу үчүн оптималдуу убакытты аныктоо үчүн щетка башынын эскиришине көз салат. Бул функция сизге тишиңизди эң мыкты тазалоого жана кам көрүүгө кепилдик берет.
3 Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эстеткич жарығы сары болуп күйгөндө, аны алмаштырышыңыз керек болот.

Эскертме: Бардык акылдуу щетка баштары щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциясы күйгүзүлгөн бойдон камсыздалат. Щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү өчүрүү үчүн 'Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү' бөлүмүн караңыз.

Щётканын башы режиминде жупташтыруу

BrushSync технологиясы менен щетка баштары тутка менен байланышып, аны сунушталган режим жана интенсивдүүлүк менен автоматтык түрдө жупташтыруучу микрочип менен жабдылган.

BrushSync технологиясы менен жабдылган көпчүлүк щетка баштары Clean режими автоматтык түрдө

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щётканын башы режиминде жупташтыруу - 1

жупташат. Өзгөчө артыкчылыктары бар щетка баштары тиешелүү режим менен жупташат (болгондо), мисалдарга төмөнкүлөр кирет:

- G3 Premium Gum Care: Gum Health режими

- W3 Premium White же W(c)

DiamondClean(компакттуу): White+ режими

Эскертме: Эгер сунушталган параметрден режимди/интенсивдүүлүктү өзгөртүүнү тандасаңыз, щетка башы келечектеги тазалоо үчүн сиз тандаган параметрди эстеп калат.

Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү

Тиш щеткаңыздын төмөнкү функцияларын күйгүзүп же өчүрсөңүз болот:

  • EasyStart
  • Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
  • Басым сенсорунун жообу

Эскертме: Кармагычта акылдуу щетка башы тагылып турганда, щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү күйгүзүп же өчүрө аласыз.

Туткадан:

1-кадам: Сапты кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда кармаңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Туткадан: - 1

EasyStart ЩетканынБасым сенсорунун
башынжообу
алмаштыруу
керектигин
эскертүү
3 секундгачейин5 секундгачейин7 секундга чейин

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Туткадан: - 2

З-кадам: Ундү укканыңызда күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё бериңиз:

1 сигнал 1 сигнал жана андан кийин 2 сигнал 1 сигнал, 2 сигнал жана андан кийин 3 сигнал

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Туткадан: - 3

Муну менен бирге:

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Туткадан: - 4

Батареянын индикаторунун сол LED жарыгы 2 жолу жашыл болуп бүлбүлдөп, барган сайын катуулаган 3 сигналды уксаңыз, функция күйгүзүлгөн болот.

ЖЕ

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - ЖЕ - 1

Эгер батареянын сол индикаторунун LED жарыгы сары түстө 1 жолу бүлбүлдөп, барган сайын акырындаган 3 сигналды уксаңыз, анда бул функция өчүрүлгөн болот.

УФ дезинфекциялагыч

Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.

Ар бир колдонуудан кийин УК санитайзер менен тиш сабыңызды тазалай аласыз.

Дезинфекциялагычты сууруп, колдонууну токтотуп жана Керектөөчү тейлөөсүнө чалыңыз, эгер:

  • УФ жарык лампасы эшик ачык кезде да күйүк бойдон калса.
  • Дезинфекциялагычтын терезеси сынык же жок болсо.
  • Дезинфекциялагыч иштеп жатканда, андан түтүн же күйүк жыты чыкса.

Эскертме: УК нуру адамдын көзүнө жана терисине зыяндуу болушу мүмкүн. Бул аппарат ар дайым балдардан алыс жерде сакталышы керек.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - УФ дезинфекциялагыч - 1

1 Щеткалангандан кийин щётканын сабын чайкап, ашыкча сууну силкип салыңыз.

Эскертүү: Щётканын башынын капкагы щетка башында эмес экенин текшерип, щетка башын дезинфекциялагычта тазалаңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - УФ дезинфекциялагыч - 2

3 Щётканын сабын санитайзердеги 2 штифттин бирине кылдары жарык лампасына карап тургандай кылып коюңуз.

Эскертме: Санитайзерде Philips Sonicare чык этме щётка саптарын гана тазалаңыз.

Эскертме: дезинфекциялагычта Philips Sonicare for Kids щётка саптарын тазалабаңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - УФ дезинфекциялагыч - 3

4 Санитайзер тийиштүү чыңалуудагы розеткага туташтырылганын текшериңиз.

5 УК тазалоо мерчимин тандоо учүн эшикти жаап, жашыл күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.

Эскертме: эгер эшиги катуу жабылган болгондо гана дезинфекциялагычты күйгүзө аласыз.

Эскертме: дезинфекциялоо учурунда эшикти ачсаңыз, дезинфекциялоо токтоп калат.

Эскертме: дезинфекциялоо цикли болжолу менен 10 мүнөткө созулуп, андан соң автоматтык түрдө өчүп калат.

Терезеден жарык чыгып жатса, санитайзер иштеп жаткан болот.

Кубаттоо жана батареянын абалы

Philips Sonicare тиш щёткасы толук кубатталып турганда ар бири 2 мүнөткө созулган 28 щёткалоо сеансын (кеминде) көрсөтүүгө арналган (күнүнө эки

жолу колдонулганда 14 күн). 2 мүнөттүк щёткалоо сеансын бүткөндө, щетканы тындырганда же кубаттап жатканда, батарея көрсөткүчү анын абалын көрсөтүп турат.

Эскертме: Биринчи жолу колдонгондон мурун батарея 24 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз.

Кубатталууда

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Кубатталууда - 1

Кубаттагычта же УФ дезинфекциялагычта кубаттоо

1 Кубаттагычты же дезинфекциялагычты электр розеткасына сайыңыз.
2 Щетканын кармагычын кубаттагычка же дезинфекциялагычка жайгаштырыңыз.
- Сап туура коюлганын ырастоо учүн саптан 2 кыска сигнал чыгат.
- Батарея индикаторунун өчүп-жанган жарыгы тиш щёткасынын кубатталып жатканын көрсөтөт.
- Сап кубаттагычта толук кубатталгандан кийин батареянын индикатору 30 секунд жашыл болуп күйүп, андан кийин өчөт.

Саякат кутусу менен кубаттоо

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Саякат кутусу менен кубаттоо - 1

Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.

1 USB кабелди кубаттоочу саякат кутусуна сайыңыз.
2 Туташтырылган USB кабелди 5 V DC кируу кубатына туташтырыңыз:

- USB адаптери камсыздалган.

- UL тизмеси бар же ANSI/UL 60950-1 боюнча тастыкталган жеке компьютердин стандарттуу USB туташтыргычы.

- UL тизмеси бар же ANSI/UL 60950-1 LPS боюнча тастыкталган USB чыгуу порту.

- UL тизмеленген же тастыкталган 1310 2-класстагы электр булагы.

Маанилүү: Дубал адаптери аппараттын түбүндө белгиленген электрдик көрсөткүчтөр менен

шайкеш жана коопсуз кошумча төмөнкү чыңалуу булагы болушу керек.

3 Тутканы кубаттоочу саякат кутусуна салыңыз.

  • Сап туура коюлганын ырастоо үчүн саптан 2 кыска сигнал чыгат.
  • Батарея индикаторунун өчүп-жанган жарыгы тиш щёткасынын кубатталып жатканын көрсөтөт.
    4 Саякат кутусу тиш щеткаңыз толук кубатталганга чейин кубаттайт.
  • Тутка толук кубатталгандан кийин, батареянын индикатору 30 секунд бою жашыл болуп күйүп, андан кийин өчөт.

Эскертме: Кубаттоочу куту менен тутканы кубаттоо, кубаттагычка караганда көбүрөөк убакыт талап кыллынышы мүмкүн.

Батареянын абалы

Батареянын абалы (кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда кармаңыз)

Туткасы кубаттагычка же кубаттоочу саякат кутусуна коюлганда, батареянын көрсөткүчү батареянын деңгээлин көрсөтөт.

Батареянын абалы Бүлбүлдөгөн LED жарыктарынын саны
LED Tγcγ

Төмөн 1 Жашыл түстөбулбүлдөйт
Жарым-жартылай толук2 Жашыл түстөбулбүлдөйт
Толук 3 Толгуча жашыл бөлүп,андан соң 30 секунд бою жашыл түстө күйүп, анан өчөт

Батареянын абалы (тутка кубаттагычка/кубаттоочу саякат кутусунда туташтырылбаган кезде)

Тиш щеткасы ойго кезде, тутканын астындагы батарея индикатору батарея деңгээлин көрсөтөт.

Батареянын абалы LED жарыктарынын LED түсү саны

Толук 3 Туруктуу жашыл
Жарым-жартылай толук2 Туруктуу жашыл
Төмөн 1 Туруктуу жашыл
Бош 1 жолу үн менен Кочкул сары түсте бүлбүлдөйт
Эскертме: Колдонулбай турганда энергияны үнөмдөө үчүн батареянын жарығы өчөт.
Эскертме: Батарея толугу менен бош болгондо, тиш щётка өчөт. Щетканы кубаттагычка жайгаштырып, кубаттаңыз.
Эскертме: Батареяны ар дайым толук кубатталган бойдон кармап туруу үчүн, тиш щеткаңызды колдонбогондо кубаттагычта кармасаңыз болот.

Тазалоо

Тиш щёткасынын кармагычы

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Тиш щёткасынын кармагычы - 1

1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин аймагын жылуу суу менен чайкаңыз. Тиш пастасынын калдыктарын тазалаңыз.

Көңүл буруңуз: Металл валдын резина пломбасын курч нерселер менен түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн.

2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме менен аарчицыз.

Эскертме: Ашыкча сууну чыгаруу үчүн кармагычты раковинага таптабаңыз.

Щётканын башы

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Щётканын башы - 1

1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын жана кылдарын чайкаңыз.
2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып, щётканын башынын байланышын кеминде аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап туруңуз. Саякат кабын зарылчылыкка жараша тез чайкап туруңуз.

Кубаттагыч

1 Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз.
2 Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.

Жолдо алып жүрүү кутучасы

Жолдо алып жүрүү кутучанын ичин тазалоо үчүн аны жылуу сууга чайкап, нымдуу чүпөрөктү колдонунуз.

Кубаттагычтын саякат кутусу

1 Тазалоодон мурун саякат кутусун сууруп алыңыз.
2 Саякат кутусунун бетин сүртүү үчүн нымдуу чүпүрөктү колдонунуз.

УФ Дезинфекциялагыч

Эскертүү: Санитайзерди сууга салып же аны крандын астында чайкабаңыз.

Эскертүү: УК жарык лампасы ысык болсо, санитайзерди тазалабаңыз.

Оптималдуу натыйжага жетүү үчүн санитайзерди апта сайын тазалап туруу сунушталат.

1 Санитайзерди ажыратыңыз.
2 Тамчы топтогучту сыртка тартыңыз. Тамчы топтогучту чайкап, аны нымдуу кездеме менен тазалаңыз.
3 Ички беттеринин баарын нымдуу кездеме менен тазалаңыз.
4 УК жарык лампасынын алдындагы коргоочу экранды алып салыңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - УФ Дезинфекциялагыч - 1

Экранды чыгаруу учүн чык этмелердин жанындагы учтарын кармап, акырын басып, коргоочу экранды тартып чыгарыңыз.

5 УК жарык лампасын чыгарыңыз.

Жарык лампасын чыгаруу учүн аны кармап, металл илмектеринен тартыңыз.

6 Коргоочу экранын жана УК жарык лампасын нымдуу кездеме менен тазалаңыз.

7 УК жарык лампасын кайрадан киргизициз.

Жарык лампасын кайрадан киргизүү үчүн жарык лампасынын түбүн металл илмекке тууралап, лампаны илмекке түртүңүз.

8 Коргоочу экранын кайрадан киргизициз.

Экранды кайрадан киргизүү үчүн экрандагы штифттерди УК жарык лампасынын жанындагы чагылдырма беттеги оюкчаларга тууралаңыз. Экранды санитайзердеги оюкчаларга түз түртүңүз.

10 Тазалап, электр тармагына туташтыруудан мурун санитайзер толугу менен кургаганын текшерициз.

Сактоо

Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсонуз, аны электр розеткасынан ажыратып, тазалап, түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.

алмаштыруу

Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн Philips Sonicare щётка баштарын 3 ай сайын алмаштырып туруңуз. Philips Sonicare шайманынын алмаштырылууучу щётка баштарын гана колдонуңуз.

Улгү номери көрсөтүлгөн жер

Улгу номерин (НХ9600) Philips Sonicare кармагычынын тубунен караңыз

Кепилдик жана колдоо

Маалымат же колдоо алгыңыз келсе,

www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык

кепилдик баракчасын окуңуз.

Кепилдиктеги чектөөлөр

Кепилдик эмнени каптабайт:

  • Ооз тиркемелеринде, анын ичинде щетка баштары жана саптамалар.
  • Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн же тиш щётканын баштарын колдонуудан келип чыккан бузулуу.
  • Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген ондоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.
  • Кадимки эскируу, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.
  • УК жарык лампасы.

Кайра иштетүү

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Кайра иштетүү - 1

  • Бул символ электрикалык өнүмдөр менен батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытууга болбостугун билдирет.
  • Электрдик жана электрондук өнүмдөрдү жана батарейкаларды өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө чогултуңуз.
  • Санитайзердин УК жарык лампасында сымап бар. Колдонуудан чыккандан кийин УК жарык лампасын кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытпаңыз. Аны кайра иштетүү максатында чогултууучу расмий чекитке тапшырыңыз.

Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу

Шайманды утилизациялоодо ага алдын ала орнотулган кайра кубатталуучу батареяны квалификациясы барадис гана чыгарышы керек.

Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты толугу менен түгөнгөнүн текшериңиз.

Шайманды ачаарында куралдарды колго алганыңызда жана кайра заряддалуучу

батарейканы жок кылганыңызда這ият болунуз. Көз, кол, манжаларыңызды жана сиз иштеп жаткан бетти коргонуз.

Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.

Батарейкалардын ачып салынгандан кийин кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.

Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу үчүн кездеме же сүлгү, балка жана учу жалпак (стандарттуу) отвёртка керек. Төмөндө көрсөтүлгөн процедураны аткарганда негизги коопсуздук чараларын сактаңыз.

1 Кайра кубатталуучу батареянын кубатын толугу менен түгөтүү үчүн, анын туткасын кубаттагычтан чыгарып, тиш щётканы күйгүзүп, ал токтогонго чейин иштете бериңиз. Тиш щётка күйбөй калганга чейин ушул кадамды кайталаңыз.
2 Щётканын башын чыгарып, утилизациялаңыз. Бүтүндөй тутканы сүлгү же кездеме менен жабыңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу - 1

3 Кармагычтын жогору жагын бир колунуз менен кармап, ал эми анын корпусун түбүнөн 0,5 дюйм жогору бөлүгүн кагыңыз. Аяккы капкагын чыгаруу учүн 4 тараптан тең балка менен катуу кагыңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу - 2

Эскертме: Ички бекиме туташууларды үзүү үчүн аягына бир нече жолу тийишиңиз керек болушу мүмкүн.

4 Аяккы кабын тиш щёткасынын кармагычынан чыгарыңыз. Эгер аяккы кабы корпустан оцой менен чыкпай жатса, аяккы кап бошогонго чейин 3-кадамды кайталаңыз.

5 Кармагычтын жогору жагын ылдый каратып туруп, валды катуу бетке басыңыз. Эгер ички курам бөлүктөру аяккы кабы корпустан оной менен чыкпай жатса, аяккы кап бошогонго чейин 3-кадамды кайталаңыз.

6 Отвёртканы ички компоненттердин түбүндөгү кара алкак менен батареянын ортосуна салыңыз. Кара алкактын түбүн сындыруу үчүн отвёртканы батареядан нары түртүп алыңыз.
7 Батареяны жашыл басма платага туташтырууучу металл илмекти сындыруу учүн отвёртканы батареянын түбү менен кара алкактын ортосуна салыңыз. Ушуну менен батареянын ылдыйқы учу алкактан чыгат.
8 Экинчи металл батареянын илмегин сындыруу учүн батареяны кармап, ички курамчалардан тартып алыңыз.

Көңүл буруңуз: Манжаларыңыз жаракат алып калбашы үчүн, батарея тилчелеринин учтуу кырларынан этият болунуз.

9 Батареяда калып калган кубаттан келип чыгууучу электрдик туташуунун алдын алуу үчүн батареянын тиймектерин тасма менен каптаңыз.

PHILIPS Sonicare ExpertClean 7300 HX9641 - Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу - 3

Эми кайра кубатталуучу батареяны кайра иштетүүгө болот, ал эми өнүмдүн калган бөлүгүн тийиштүү түрдө утилизациялоо керек.

Эскертме: Колдонуу мөөнөтү аяктаганда шайманды кадимки тиричилик таштандылары менен бирге ыргытпаңыз, аны кайра иштетүү үчүн расмий чогултууучу жайга тапшырыңыз. Муну менен сиз айлана-чөйрөнү сактоого жардам бересиз.

Вовед

9 Смарт щетка бас(тар)ын аныктау

Толык 3 Жасыл болып жаныптүр
Жартылай толык 2 Жасыл болып жаныптүр
Төмен 1 Жасыл болып жаныптүр
Мазмун Баштыкка кирүү үчүн чыкылдатыңыз
Колдонмо жардамчысы
Anthropic тарабынан колдоого алынат
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : PHILIPS

Модель : Sonicare ExpertClean 7300 HX9641

Категория : Электр тиш щеткасы