ASC 145 - Батарея заряддагыч METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз ASC 145 METABO PDF форматында.
| Продукттун түрү | Батарея заряддагыч |
| Бренд | Metabo |
| Модели | ASC 145 |
| Шайкеш келүүчү батареялар | Li-Ion 12V-36V, 1.3Ah-10Ah, 3-10 клетка |
| Энергия менен камсыздоо | Тармактан (белги тактасындагы чыңалуу/жыштыкты текшериңиз) |
| Сунушталган заряддоо температурасы | 0°C ден 40°C ге чейин |
| Негизги функциялар | Автоматтык заряддоо, тейлөө режими, ишке кирүүдө өзүн текшерүү |
| Жарык индикаторлору | Башкаруу индикатору (жашыл): заряддалып жатканда жыпылыктайт, тейлөө режиминде туруктуу; Эскертүү индикатору (кызыл): бузулуу |
| Коргоолор | Ысып кетүүдөн, кыска туташуудан, тескери полярдуулуктан, бузулган батареядан коргоо |
| Желдетүү | Интегралдык желдеткич (кубат күйгүзүлгөндө 5 секунд иштейт) |
| Колдонуу | Ички гана |
| Коргоо классы | II (кош изоляция) |
| Минималдуу коопсуздук аралыгы | Заряддагычтын айланасында 5 см |
| Тейлөө | Кургак чүпүрөк менен тазалоо; желдетүү тешиктерин ачык кармоо |
| Оңдоолор | Адиске гана; Metaboнын тейлөө кызматына кайрылыңыз |
| Запас бөлүктөр | Metaboнын оригиналдуу кубат зымы |
| Айлана-чөйрө | Үй таштандылары менен ыргытпаңыз; кайра иштетүү пунктуна тапшырыңыз |
Көп берилген суроолор - ASC 145 METABO
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө ASC 145 METABO
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз Батарея заряддагыч PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз ASC 145 - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. ASC 145 бренддин METABO.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ ASC 145 METABO
ку Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы 55
Аккумуляторды жылжымалы тірекке (2) толыктай, тірелгенше жылжытыңыз.

8.2 Ескерту индикатор (4) жыпылыктайды

Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу декларация
Биз, баарына жооптуу болуу менен: Бул жерде тиби жана сериялык номуру *1) менен аныкталган бул дүрмөттөгүчтөр бардык тиешелүү регламенттердин *2) жана стандарттардын *3) талаптарына жооп берет деп билдиребиз. *4) Техникалык файлды – 3- беттен карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Заряд берүүчү каражат оригиналдуу Metabo жана CAS (Cordless Alliance System) аккумулятор батареяларын кубаттоого ылайыктуу.
Бул курал физикалык, сенсордук же менталдык кемтиктери бар же тажрыйбасы жана/же билими жетишсиз эл тарабынан, алардын коопсуздугу үчүн жооптуу киши карап турбаса же алар куралды кандай колдонуу керектиги боюнча нускама албаса, колдонууга арналган эмес.
ASC 290 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 36 В, 1,3 А/с – 10 А/с, 3 - 10 уячалар). Аппарат USB-C интерфейси бар (смартфондор, MP3-плеерлер, планшеттер ж.б. сыяктуу) электр түзүлүштөрүн кубаттоого ылайыктуу – маалымат алмашуусу жок.
ASC 145 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 36 В, 1,3 А/с – 10 А/с,
3-10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.
ASC 55 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 36 В, 1,3 А/с – 10 А/с,
3-10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.
ASC 55 түзмөгү NiCd батареяларын (12 В, 1,7 А/с, 10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.
SC 30 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 18 В, 1,3 А/с – 10 А/с,
3-10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.

Кайра дүрметтөгөнгө жарабаган батареяларды эч качан дүрметтөгөнгө аракет кылбаныз. Жарылып кетиши ΜΥΜΚΥΗ!
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн талап кылуучу өзү жоопкерчилик тартат.
Кырсыктарга жол бербөөнүн жалпы кабыл алынган эрежелери жана ага кошумча коопсуздук нускамаларын аткарыш керек.
3. Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери

КӨНУЛ БУРГУЛА – Иштетүү нускамаларын
окусаңыз, жаракат алуу тобокели азаят.
ЭСКЕРТУУ Коопсуздук жана иштетүү боюнча бардык нускамаларды окуп чыгыңыз. Коопсуздук жана иштетүү боюнча нускамалар аткарылбаса, электр тогунан сокку алынышы, өрт чыгышы жана/же оор жаракат алынышы мүмкүн.
Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап койгула.

Дүрмөттөгүчтү колдонордон мурда ичиндеги коопсуздук маалыматын жана Иштетүү нускамаларынын баарын кунт коюп окуп чыгып, жакшылап билип алыңыз. Ичиндеги документтердин баарын кийин караганга калтырып, дүрмөттөгүчтү алар менен кошо гана өткөруүп бериңиз.
4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөчө эрежелер

Өзүңүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз!

Сак болунуз – электр чыңалуусу бийик!

Жакшы иштебеген Li-Ion аккумулятору бат күйүп кетүүчү суюктуктун агып
кетишине алып келет!
КЫРГЫЗСЧАКУ
Аккумулятордон суюктук агып кеткенде жана адамдын териси менен контакт болгондо, жабыркаган теринин жерин тезинен суу менен абдан жуу керек. Аккумулятордун суюктугу көзгө кирген учурда, көзду таза суу менен абдан жууп жана тезинен медициналык жардамга кайрылгыла!
Толук дүрметтөлгөн батареяны кайра дүрметтөбөңүз!

Имараттын ичинде гана пайдалануу керек.

Дүрмөттөгүчтү ным болуудан сактаңыз.
Эч качан балдарды шайман менен ойнотпонуз.
Балдар бул жабдуу менен ойнобошу үчүн аларды жакшы караш керек.
Балдарды дүрмөттөгүчтөн жана иш аймагынан алыс кармаңыз!
Батарея дүрмөттөгүчүнүздү балдар жетпеген жерде кармаңыз!
Батарея түтөп же жалын чыгып кетсе, батарея дүрмөттөгүчүн дароо айрыдан сууруп алыңыз!
Батарея дүрмөттөгүчүнүн желдетүүчү тешиктерине эч нерсе киргизбеңиз – электр соккусу же кыска чаташуу болушу мүмкүн!
Мандеми бар батареяларды колдонбонуз.
Оор металл чаңы каптаган аймактарда аккумулятор батареясын AIR COOLED деген кубаттоочу жабдыктар менен кубаттабаңыз.
ASC 290: Бир гана чыныгы Metabo азыктандыруу кабелин колдонунуз.
5. Кыскача билдируу
2-бетти кара. Иллюстрациялар бардык жабдыктар учун үлгү катары берилген.
3 Иштетүү көрсөткүчү
4 Эскертүү көрсөткүчү
5 Заряддын абалынын көрсөткүчү*
6 USB капкагы*
7 USB-C порту*
8 LED дисплей (USB-C порту менен иштейт)
* моделден кез каранды
6. Ишке киргизүү

Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган чиңалуусу жана жыштыгы сиздин кубат жеткируүүнүздүкүнө туура келерин
тактаңыз.
Тике агын жараткан мындай шаймандар калдык агын шаймандарына таасир тийгизиши мүмкүн. Чыгаруу агыны макс. 30 мА болгон F тибиндеги же андан да өйдө колдонунуз.

Дүрметтөгүчтү ишке киргизерден мурда аба кирген көзөнөктөру бош экенин тактаңыз. Башка нерселерге аралык 5 смден аз болбосун.
6.1 Θз алдынча текшерүү
Негизги агын жеткируу зымын киргизиңиз.
Коркунучту көрсөткүч (4) жана Иштетүү көрсөткүчү (3) ортосунда болж. 1 секунд менен жанат, ичине курулган үйлөткүч болж. 5 секунд жанат.
7. Колдонуу
7.1 Батареяны дүрметтөө
Батарея таңгагын толугу менен өз ордуна токтоп калмайынча жылдырып (2) отуруңуз.

Иштетүү көрсөткүчү (3) күйүп-өчөт.
Эскертуу: Li-Ion батареяларынын толгонун текшериш үчүн алгач батарея таңгагын дүрметтөгүчтөн чыгарып, андан сон батареядагы топчуну басыңыз.
7.2 Дүрметтү кармoo
Дүрметтөлүп бүткөн соң батарея дүрметтөөч автоматтык түрдө сактоо абалына которуюлат.
Батареяны батарея дүрметтөөчте калтырса, ал дайыма колдонууга даяр болот.
100%
Иштетүү көрсөткүчү (3) дароо жанат.
7.3 ASC 290 гана: USB түзмөгүн зарядкасы

USB стандартына туура келген USB
түзмөктөрүн гана туташтырыңыз. Шайкеш келбеген түзмөктөр менен колдонуу бузулууга, зыянга же жаракатка алып келиши мүмкүн.
(6)Капкакты ачып, USB-C (7) портуна ылайыктуу кабели бар USB түзмөгүн салыңыз. Аппарат кубатталып жатат.
Аккумулятор ток албай калганда USB-C портуна (7) чыңалуу ток берилет, ошондо (LED дисплей (8) күйөт).
Батарея блоку жана USB түзмөгү бир эле учурда туташтырылган болсо, USB кубаттоо процесси батарейканын кубаттоо процесси аяктагандан кийин автоматтык түрдө башталат.
8. Бузулуу
8.1 Эскертүү көрсөткүчү (4) дароо жанат.


Батарея дүрмөттөлген эмес. Температура өтө бийик/өтө ылдый. Батареянын температурасы 0 °C менен 50 °C ортосунда болсо, дүрмөттөө автоматтык түрдө башталат.
ASC 290: Эскертүү көрсеткүчү (4) тынымсыз күйөт жана Заряддын абалынын көрсеткүчү (5) күйүп турат: дүрметтөч ысык, батарейка таңгагы азайып кубатталып дүрметтөчтунуда.
8.2 Эскертүү көрсөткүчү (4) күйүп-жанат.



- Батареянын мандеми бар. Батареяны дароо дүрметтөөчтөн чыгарыңыз.
- Батарея өз ордуна (2) туура жылдырылып коюлган эмес. Бул бөлүмдү караңыз: 7.1.
- ASC 290: Эскертүү көрсеткүчү (4) күйүп, Заряддын абалынын көрсеткүчү (5) өчүк: Батарея таңгагы дүрметтөчтүнбөй жатат, дүрметтөч ете ысык.
9. Ремонт
Дурметтөөчту ондоо иштерине ишбилги электриктер гана тартылышы керек.
Бул куралдын негизги тармакка туташтыруучу кабели зыян тартса, элге жана мүлкке коркунуч туудурбаш үчүн аны өндүрүүчү, Кардарларды колдоо кызматы же так ошондой ишбилги киши алмаштырышы керек.
Сиздин Metabo дүрметтеөчтөруңүз ондоого муктаж болсо, жергиликтүү Metabo екүлдөрүне кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар.
10. Айлана-чөйрөнү коргоо
Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла.
Таңгактоочу материалдар муниципалдык эрежелерге ылайык алардын маркировкасына ылайык жок кылынууга тийиш. Кошумча маалыматты www.metabo.com тейлее жаатынан таба аласыз.

ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук
жана электр куралдары боюнча 2012/19/ЕС Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чейрегө зыян келтирбегендей қылып ыргытыш керек.
11. Техникалык шарттары
3-бетти карагыла.
U = Батареялар үчүн чыңалуу арымдары
C = Батареянын сыйымдуулугу
I_C = Дурметтеочу агын t = Дурметтео убактысы 1)
USB = USB-C портунун чыналуу жана максималдуу кубаттоо агымы
1) Мисал катары тандалган батарея топтомдорун заряддоо убакыттары. Батареяда калган орунга жана температурага жараша, чыныгы думөттөө убактысы көрсөтүлгөндөн айырмаланышы мүмкүн.
Кубаттоо учурунда чөйрөсүндө сунушталган температура: 0 °C - 40 °C.
Техникалык прогресске байланыштуу өзгөрүүлөрдү алдын ала карагыла.
□ II класстагы коргоо менен камсыздалган жабдык
\~ Θзгөрмө агын
EAC
Алуучу үчүн маалымат:
Шайкештик тастыктамасы: № ЕАЭС RU C-DE.ГБ09.В.00131/20, жарактуулук мөөнөтү: 10.02.2020 - 09.02.2025- ж., "Кез карандысыз экспертиза" жоопкерчилиги чектелген коому продукцияны сертификациялоо органы тарабынан берилген; Жайгашкан жери (юридикалык тараптын дареги) жана ишкердик жүргүзүлүүчү дарек: 115280, Россия, Москва шаары, Ленинская Слобода көчөсү, 19-үй, 2-кабат, 21ш8, 21ш9, 21ш10, 21ш11 бөлмөлөрү; Телефону: +7 (495) 722-61-68; Электрондук почтасынын дареги: info@n-exp.ru; 09.09.2014-ж. № РОСС RU.0001.11ГБ09 аккредитациялоо аттестаты.
КЫРГЫЗСЧАку
Шайкештик декларациясы: № ЕАЭС N RU Д-DE.ГБ09.В.00348/20, жарактуулук мөөнөтү: 04.03.2020 - 26.02.2025-ж., "Көз карандысыз экспертиза" жоопкерчилиги чектелген коому продукцияны сертификациялоо органы тарабынан катталган; Жайгашкан жери (юридикалык тараптын дареги) жана ишкердик жүргүзүлүүчү дарек: 115280, Россия, Москва шаары, Ленинская Слобода көчөсу, 19-үй, 2-кабат, 21ш8, 21ш9, 21ш10, 21ш11 бөлмөлөрү; Телефону: +7 (495) 722-61-68; Электрондук почтасынын дареги: info@n-exp.ru; 09.09.2014-ж. № РОСС RU.0001.11ГБ09 аккредитациялоо аттестаты.
Даярдаган өлкө: Кытай, Вьетнам Өндүрүүчү: "Metabowerke GmbH", Metaboallee 1, D-72622 Nuertingen, Германия
Россиядагы импорттоочу:
Өндүруүлгөн күнү кубаттоочу түзмөктө көрсөтүлгөн.
Буюмдун колдонуу мөөнөтү 7 жыл.
Өндүрүлгөндөн кийин 5 жыл сакталса, алдын ала текшербестен ишке киргизүү сунушталбайт (даярдалган күнүн этикеткадан караңыз).
ASC 290:
Даярдаган өлкө: Кытай, Вьетнам
Өндүрүүүү: "Metabowerke GmbH", Metaboallee 1, D-72622 Nuertingen, Германия
Россиядагы импорттоочу:
Өндүруүлгөн күнү кубаттоочу түзмөктө көрсөтүлгөн.
Буюмдун колдонуу мөөнөтү 7 жыл.
Өндүрүлгенден кийин 5 жыл сакталса, алдын ала текшербестен ишке киргизүү сунушталбайт (даярдалган күнүн этикеткадан караңыз).