Sonicare 6800 Series HX3792 - тиш щеткасы PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Sonicare 6800 Series HX3792 PHILIPS PDF форматында.
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө Sonicare 6800 Series HX3792 PHILIPS
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз тиш щеткасы PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Sonicare 6800 Series HX3792 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Sonicare 6800 Series HX3792 бренддин PHILIPS.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Sonicare 6800 Series HX3792 PHILIPS
Сатып алуунуз менен куттуктайбыз жана Philips'ке кош келиңиз! Philips сунуштаган колдоо кызматын толугу менен пайдалануу үчүн өнүмүнүздү www.philips.com/welcome сайтында каттаңыз.
Маанилүү коопсуздук маалыматы
Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонуңуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түргүне карап, айырмаланышы мүмкүн.
Эскертүүлөр
- Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын же керек-жарактарын гана колдонунуз. Эгер кошо келсе, тупнуска USB кабели менен USB кубат камсыздоо блогун гана колдонунуз.
- Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлуктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыцыз («Кепилдик жана колдоо» караңыз).
- Эгер USB кабели же USB кубат блогу бузулса, аны колдонбонуз.
- Кубаттагычты суудан алыс кармаңыз.
- Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсө колдоно алышат. Балдар шайманды чондордун көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек.
- Балдар өнүм менен ойнобогонун камсыз кылуу үчүн балдарды карап туруу керек.
- Адаптерлерди жана кубаттагычтарды ачык абада же жылтылган беттердин жанында колдонбонуз.
-Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз.
- Тазалап, туташтыруудан мурун кубаттагыч толугу менен кургаганын текшерициз.
- Тутканы, айрыкча щетка башынын туташуусун чайкаңыз. Резина мөөрдүн айланасын ақырын тазалаңыз.
- Щётканын башы 3 ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда алмаштырып туруңуз. Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну токтотунуз.
- Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн арналган.
- Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
- Колдонуунун максимальдуу бийиктиги 4500 метр.
- Philips өнүмдөрүндө камтылган REACH заттары тууралуу маалыматты www.philips.com/REACH сайтынан тапса болот
Медициналык эскертүүлөр
- Бул шайман жеке кам көрүү түзмөгү болуп саналат жана бир нече колдонуучу менен бирге колдонууга арналган эмес.
- Колдонгондон кийин катуу же көпкө чейин канаса же колдонуп жатканда ынгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге кайрылыңыз.
- Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын өндүрүүүүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз.
Батареянын коопсуздук нускамалары
- Бул шайманда атайын билими бар адамдар чыгара ала турган батареялар колдонулат.
- Шайманды жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаныз.
- Эгерде шайман адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсу өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.
- Шайманды жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбонуз.
- Шайманды же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга аракет кылбаңыз, батарейканы ысып кетүүдөн же улууу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаңыз, ашыкча заряддабаңыз же ордулары менен алмаштырбаңыз.
- Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра иштетүү бөлүмүн караңыз.
- Кируу көрсөткүчтөру (100-240 V\~; 50/60 Hz; 3,5 W) жана чыгуу көрсөткүчтөру (5 V DC; 2,5 W) болгон Philips WAA1001, WAA2001, коопсуздугу ырасталган IPX4 адаптерлери менен гана кубаттаңыз. Адаптерлердин тизмесин www.philips.com/support сайтынан караңыз.
-Өнүмдү 0 °С жана 40 °С ортосундагы температурада гана колдонуп жана сактаңыз.
- Кубатты керектөө: - Өчүк режими: Колдонулбайт - Күтүү режими: < 0,1 W (автоматтык түрдө 1 мүнөттүн ичинде жетет)
Сактоо жана таранспорттоо шарттары
Температура -10 °C баштап +60 °C чейин (14 °F баштап 140 °F чейин).
Philips компаниясынын бул Philips шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга жооп берет.
Радио жабдууларынын директивасы
Ушуну менен Philips радио жабдык түру (Bluetooth, NFC) менен камсыздалган электр тиш щеткалары 2014/53/EU Директивасынын негизги талаптарына ылайык келерин жарыялайт.
- Тиешелүү өнүмдөрдөгү Bluetooth радио жыштыгынын интерфейси 2,4 GHz-те иштейт.
- Bluetooth шайманынын максимальдык чыгуу кубаты 3 dBm.
- Тиешелүү өнүмдөрдөгү NFC радио жыштыгынын интерфейси 13,56 MHz-те иштейт.
- Шаймандын чыгарган РЖ максимальдык чыгуу кубаты 30,16 dBm.
ЕБнын шайкештик декларациясынын толук тексти төмөндөгү интернет дарегинен көрсө аласыз:
Эскертме: Ар башка үлгүлөрдүн функциялары айырмаланышы мүмкүн. Айрым үлгүлөр Bluetooth же NFC менен жабдылбашы мүмкүн.
Өнүмдө төмөнкү символдор болушу мүмкүн: Бул символ шайманды колдонуудан мурун пайдалануу боюнча нускамаларды окуп чыгуу керектигин билдирет.

Бул символ көрсөтүлгөн кубат булагын колдонуу керектигин билдирет.
Колдонуу багыты
Бул Sonicare электр тиш щеткасы тиштеги өнөрдөн жана тамак калдыктарынан арылууга жана тишке зыян келтирилишин азайтып, ооздун саламаттыгын жакшыртып жана ошол деңгээлде кармоого
арналган. Бул Sonicare электр тиш щеткасы үйде колдонууга арналган. Балдар чоң кишилердин көзөмөлү астында колдонушу керек.
Philips Sonicare шайманыңыз (1-сүрөт)
1 Щётка башынын капкагы
2 Акылдуу щетканын башы
3 BrushSync символу
4 Кармагыч
5 Акылдуу дисплей
6 Кубат/режим баскычы
7 Басымдын сенсордук индикатору
8 USB заряддагыч (дубал адаптери кошулган жок)
Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгугө карай айырмаланышы мүмкүн.
Баштоо
Щётканын башын тиркөө

1 Щётканын башын кылдары кармагычтын бети кайсы тарапты карап турса, ошол жакты карай тургандай кылып тууралаңыз.
2 Щётканын башын ал токтогонго чейин металл валга жакшы басыңыз.
Эскертме: Щётканын башы менен кармагычынын ортосунда бир аз боштуктун болушу нормалдуу көрүнүш. Бул щётканын башына туура дирилдөө мүмкүнчүлүгүн берет.
Philips Sonicare тиш щёткаңызды колдонуу
Эгрр Sonicare тиш щёткаңызды биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, электрдик эмес тиш щётканы колдонгондогудан көбүрөөк дирилдөөнү сезүү нормалдуу көрунүш. Биринчи жолу колдонуп жаткан адамдар көбүнчө аны катуу басышат. Акырын гана басып, тиш щёткаңызга өз алдынча тазалоо
мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Шайманды туура иштетүү үчүн төмөнкү нускамаларды аткарыңыз.
Жаңы Sonicare тиш щёткасын пайдалануунузга жардам берүү үчүн EasyStart функциясы иштетилген болот. Sonicare тиш щеткасы менен тазалоого көнүүнүзгө жардам берүү үчүн бул функция щётканы алгачкы 14 жолу иштетүүнүздө кубатты акырындык менен жогорулatat.
Щеткалоо боюнча нускамалар

1 Кылын суулап, тиш пастасын азыраак өлчөмдө сыгып алыңыз.

2 Philips Sonicare шайманын күйгүзүү үчүн кубат баскычын басыңыз. Андан кийин тазалоо режимин тандаңыз.
Эскертме: Бардык режимдердин алгачкы 3 секунду жумшак дирилдөө менен башталат. Бул тиш пастасын чачыратпай, сиз каалаган тазалоо режимин тандоо учүн режимдерди которуюшурууга мүмкүндүк берет.

text_image
45°3 Тиш щёткасынын кылдарын бир аз эңкейтип (45 градус), кылдары тиш эти же анын астына жетиши учүн ақырын басыңыз.
Эскертме: Щетканын ортосу ар дайым тишинизге тийип турушу керек.

text_image
45°4 Кылдарды тишке жана тиш этинин линиясына акырын коюңуз. Кылдар тиштердин ортосуна чейин жетиши үчүн, тишиңизди бир аз арткаалдыга багытталган кый мылдар менен щёткалаңыз. Мындай кый мылды щёткалоо цикли боюнча аткарыңыз.
Эскертме: Кылдары бир аз жайылышы керек. Муну менен тишиңизди кол менен иштете турган тиш щёткасындай тазалабаңыз.

5 Алдыңкы тиштин ички беттерин тазалоо учүн щётканын кармагычын жарым тик кылып эңкейтип, ар бир тишке вертикалдуу кайчылаш кыймылдарды жасаңыз.
6 1-бөлуктөн (жогорку тиштердин тышкы бети) баштаңыз жана 30 секунд тазалагандан кийин 2-бөлуккө (жогорку тиштердин ички бети) өтүнүз. 3-бөлукту (ылдыйкы тиштин тышкы бети) щёткалоону улантып, аны 30 секунд щёткалагандан кийин 4-бөлуккө (ылдыйкы тиштин ички бети) өтүнүз.
Эскертме: Deep Clean, Gum Pro же White режимдерин колдонгондо кошумча убакыт кошулушу мүмкүн.
7 Щёткалоо циклин буткөндөн кийин, кошумча убакыттын ичинде тиштин өңү өзгөруп калган жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүруп же күйгүзүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот. Philips Sonicare тиш щёткасын бириктирүүчү кашаалар коюлган (щётканын баштары бириктирүүчү кашааларга колдонулганда тезирээк эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба, коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз болушу керек (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген болсо). Эгер көйгөй жаралса, тиш догдурга кайрылыңыз.
Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткасы клиникалык изилдөөлөрдө колдонулса, кармагычы менен Таза режимде, толугу менен кубатталып, EasyStart функциясы өчүруүлүп колдонулушу керек.
Режимдер
Электр тиш щеткаңызда беш түрдүү режим бар: Clean, Deep Clean, Gum Pro, Sensitive жана White.

Сиз колдонгон акылдуу щетка башынын негизинде BrushSync технологиясы автоматтык түрдө оптималдуу режимди тандайт.
Режимди кол менен өзгөртүү үчүн тиш щеткасы күйүп турганда кубат баскычын басыңыз. Бардык Philips
| Режим сүрөтү | ![]() | ![]() | ![]() | ![]() | ![]() |
| Артыкчылык | Өңөрдү кетируүү | Тиш өңөрлөру-н кетируүү | Өңөрдү кетируүү жана тиш этин укалоо | Сезимтал тиштер жана бүйлөлөр үчүн өтө жумшак режим | Өңөрдү жана сырткы такты кетируүү |
| Жалпы тишти тазалоо убактысы | 2 мүнөт 3 мүнөт 3 мүнөт 2 мүнөт 2 мүнөт | жана 30 секунд | |||
Режим Clean Deep
| Clean | |||||
| Кантип тишти тазалоо керек | Ар бир сегментти 30 секунд-дай тазалаңыз | Ар бир сегментти 45 секунд-дай тазалаңыз | Ар бир сегментти 30 секунд-дай тазалаңыз, | Ар бир сегментти 30 секунд-дай тазалаңыз | Ар бир сегментти 30 секунд-дай тазалаңыз, |
| 1234 | 1234 | 1234 | 1234 | 1234 | |
| андан кийин ар бир сегментте-ги тиш эти сызыгын 15 секунддан тазалаңыз. | андан кийин устүнкү жана астыңкы мандайкы тиштерди-н ар бирин 15 секунддан тазалаңыз. | ||||
Clean
BrushSync технологиясы щетка баштарына микрочип аркылуу туткаңыз менен байланышууга мүмкүнчүлук берет. Щетка башынын астындагы Белгиси щетка башы бул технология менен жабдылганын көрсетүп турат.
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
- Щётканын башы режиминде жупташтыруу Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарынын кецири тандоосун сунуштайт. Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарын карап көрүү үчүн
www.philips.com/toothbrush-heads сайтына өтүңүз.
Функциялар
- Басым сенсору
- SmarTimer
- Тазалоо отчеттору
- QuadPacer
- EasyStart
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
- Щётканын башы режиминде жупташтыруу
Басым сенсору

Philips Sonicare щеткаңыз тиш тазалап жатканда басымдын өлчөмүн ченеген өркүндөтүлгөн сенсор менен жабдылган. Эгерде өтө катуу бассаңыз, тиш щеткасы дароо сизге басымды тууралоо керектиги тууралуу кайтарым жоопту берет. Тазалоо учурунда катуу бассаңыз, дирилдөөнүн өзгөргөнүн сезесиз жана тутканын түбү кызгылт сары түстө күйөт.
Тазалоо отчеттору

Philips Sonicare тазалоо аракеттерициз боюнча дайыма отчет берип турат.
Тазалагандан кийин дисплейде тазалоо убактысы менен отчет көрсөтүлөт.
- 2 мүнөт же андан көбүрөөк тазалоо убактысы

- 2 мүнөттөн азыраак тазалоо убактысы

- Тазалоо учурунда дисплей учурдагы тазалоо режимин жана тазалоо убактысын көрсетөт
SmarTimer
SmarTimer щёткалоо циклинин аягында тиш щёткасын автоматтык түрдө өчүрүү менен щёткалоо цикли бүткөнүн көрсетөт.
Тиш догдурлар күнүнө кеминде 2 жолу 2 мүнөттөн кем эмес убакыт жууну сунуштайт.
Эскертме: Эгер щёткалоо циклин баштагандан кийин кубат баскычын бассаңыз, тиш щёткасы тындырылат. 15 секунд тындырылгандан кийин SmarTimer баштапкы абалга келтирилет.
QuadPacer

flowchart
graph TD
A["①"] --> B["②"]
B --> C["③"]
C --> D["④"]
D --> E["⑤"]
E --> A
QuadPacer бул ички таймер болуп эсептелет, ал оозунузду жакшы жууш үчүн кыска сигнал чыгарып, тындырып турат. Бул Philips Sonicare тиш щёткасы QuadPacer функциясы иштетилген бойдон берилет.
Эскертме: Deep Clean, Gum Pro же White режимдерин колдонгондо кошумча убакыт кошулушу мүмкүн.
EasyStart
Бул Philips Sonicare модели EasyStart функциясы иштетилген бойдон берилет. EasyStart функциясы Philips Sonicare менен щёткалоого көнүүнүз учүн алгачкы 14 щёткалоодо күчту акырын жогорулатат.
Philips Sonicare тиш щёткасы клиникалык изилдөөлөрдө колдонулса, ал кармагычы толугу менен кубатталып, EasyStart функциясы өчүруүлгөн болуп жана ал жогорку интенсивдүүлүктө колдонулушу керек.
EasyStart'tы өчүрүүгө («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү» караңыз).
Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскерт丫丫
Philips Sonicare щетканыз щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөө үчүн BrushSync технологиясы менен камсыз кылынган. Бул функция сизге тишиңизди эң мыкты тазалоого жана кам көрүүгө кепилдик берет.
Эскертме: Бул функция BrushSync технологиясы менен жабдылган Philips Sonicare акылдуу щетка баштарында гана иштейт.

1 Жаңы ақылдуу щетка башын биринчи жолун кадаганда, кармагыч сизде BrushSync технологиясы менен камсыздалган Philips щетка башы бар экенин аныктап, дисплейде щетка башынын символу көрүнөт.

2 Убакыт өткөн сайын, сиз колдонгон басымдын жана щетка башынын кандайча колдонулганынын негизинде, тутка щетка башын алмаштыруу үчүн оптималдуу убакытты аныктоо үчүн щетка башынын эскиришине көз салат. Щётка башынын иштөө мөөнөтү аяктаганда, дисплейде щетка башын алмаштыруу тууралуу эстеткич белгиси көрсөтүлүп, щетка башын мүмкүн болушунча тезирээк алмаштыруу керек экендигин көрсөтөт.
Эскертме: Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн Philips Sonicare щётка баштарын 3 ай сайын алмаштырып турунуз. Philips Sonicare шайманынын алмаштырылуучу щётка баштарын гана колдонунуз.
Щётканын башы режиминде жупташтыруу
BrushSync технологиясы менен щетка баштары тутка менен байланышып, аны сунушталган режим жана интенсивдүүлүк менен автоматтык түрдө жупташтыруучу микрочип менен жабдылган. BrushSync технологиясы менен жабдылган көпчүлүк щетка баштары Clean режими автоматтык түрдө жупташат. Озгөче артыкчылыктары бар щетка баштары тиешелүү режим менен жупташат (болгондо), мисалдарга төмөнкулөр кирет: G3 Premium Gum Care: Gum Pro режими S2 Sensitive: Сезимтал режим
W Optimal White: White режими
Эскертме: Эгер сунушталган параметрден режимди өзгөртүүнү тандасаңыз, щетка башы келечектеги тазалоо сеанстары үчүн сиз тандаган параметрди эстеп калат.
Кубаттоо жана батареянын абалы
Philip Sonicare тиш щёткасын кубаттоо

1 USB кубаттагычты дубалдагы адаптерге тиркеп, дубалдагы адаптерди болсо электрдик розеткага сайыңыз.
2 Кармагычты сайылган кубаттагычтын устуно коюңуз.
- Дисплейде чагылгандын символу менен батареянын сүрөтчөсу көрсөтүлөт жана эки сигналды угасыз. Басым сенсорунун индикатору да 5 секунд бою ак түстө күйөт.
Эскертме: Батарея 16 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз.
Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткасы ар бири 2 мүнөткө созулган 28 щёткалоо сеансын (кеминде) көрсөтүүгө арналган (күнүнө эки жолу колдонулганда 14 күн).
Батареянын абалы
LCD экраны ар бир тазалоо сеансынан кийин, тутканы кубаттагычка койгондо жана алып салганда батареянын деңгээлин көрсетөт. Кубаттап жатканда батареянын деңгээлин текшерүү үчүн кубат баскычын басыңыз.
Батареянын сүрөтчөсу батареянын ар кандай деңгээлдеринде түсүн өзгөртөт: батареянын деңгээли 40 % төмөн болсо, ал сары түстө күйөт; ал эми батареянын аздығы эки кыска сигнал менен коштолгон жаркылдаган кызыл сүрөтчө менен көрсөтүлөт.
Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү
Тиш щеткаңыздын төмөнкү функцияларын күйгүзүп же өчүрсөңүз болот:
- EasyStart
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
Бул функцияларды күйгүзүп же өчүрүү үчүн, төмөндөгү нускамаларды аткарыңыз:
EasyStart


1 Кармагычты сайылган кубаттагычтын устуне
коюңуз.
2 Кубат баскычын бир кыска сигнал угулмайынча (3 секунддан кийин) басып турунуз.
3 Кубат баскычын коё берициз.
- Акырын-орто-катуу чыккан үч катар сигнал EasyStart функциясы иштетилгенин билдирет. Дисплейдеги сүрөтчө EasyStart иштетилгенин көрсөтөт.
- Катуу-орто-акырын чыккан уч катар сигнал EasyStart функциясы өчүрулгөнүн билдирет. Дисплейдеги сүрөтчө EasyStart өчүрулгөнүн көрсөтөт.
Эскертме: Клиникалык натыйжалуулукка жетүү үчүн, EasyStart'ты өчүрүү керек.
Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү

Эскертме: Кармагычта акылдуу щетка башы тагылып турганда, щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү күйгүзүүп же өчүрө аласыз.
1 Кармагычты сайылган кубаттагычтын устуне
коюңуз.
2 Кармагыч кубаттагычта турганда кубат баскычын басып туруңуз.
3 Кубат баскычын эки кыска сигнал угулмайынча (6 секунддан кийин) басып туруңуз.
4 Кубат баскычын коё берициз.
- Акырын-орто-катуу чыккан үч катар сигнал щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциясы иштетилгенин билдирет. Дисплейдеги сүрөтчө щетка башын алмаштыруу тууралуу эстеткичтин иштетилгенин көрсөтөт.
- Катуу-орто-акырын чыккан үч катар сигнал щетка башын алмаштыруу тууралуу эстеткич функциясынын өчүрүлгөнүн билдирет. Дисплейдеги сүрөтчө щетка башын алмаштыруу тууралуу эстеткичтин өчүрүлгөнүн көрсөтөт.

Тазалоо
Philips Sonicare тиш щёткасын тиш пастасынын жана башка нерселердин калдыктарынан ар дайым тазалап турушунуз керек. Philips Sonicare тиш щёткасын тазалабасаңыз, өнүмдүн гигиенасы сакталбай, ага доо кетиши мүмкүн.
Эскертүү: Өнүмдү же анын шаймандарын курч нерселер, химиялык каражаттар менен тазалабаңыз же идиш жуугучка, микротолкундуу мешке же кайнап жаткан сууга салбаңыз
Тиш щёткасынын кармагычы

1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин аймагын жылуу суу менен чайкаңыз. Кармагычтагы жана баскычтардын айланасындагы тиш пастасынын калдыктарын аптасына кеминде бир жолу, болбосо, ар бир колдонгондон кийин тазалап туруңуз.
Көңүл буруңуз: Металл валдын резина пломбасын же баскычтардын айланасын курч нерселер менен түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн.
2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.
Көңүл бурунуз: Ашыкча сууну кетируүү үчүн кармагычты раковинага же столдун үстүнө таптабаңыз.
3 Тутканы сулгу же жумшак кездеме менен кургатыңыз.
Щётканын башы

1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын жана кылдарын чайкап, аба аркылуу кургаганча күтө туруңуз.
2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып, щётканын башынын байланышын кеминде аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап турунуз.
Кубаттагыч
1 Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз.
2 Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.
Сактоо
Эгерде сиз өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсонуз, аны электр розеткасынан сууруп, тазалаңыз («Тазалоо» бөлүмүн караңыз). Аны түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.
Батареянын кубаты толугу менен отуруп калбашы учүн тиш щеткасын дайыма кубаттап туруңуз. Толугу
менен отуруп калган батарея кайра кубатталбай калышы мүмкүн.
Улгү номери көрсөтүлгөн жер
(e.g. HX123A) үлгү номерин Philips Sonicare тиш щеткасынын кармагычынын тубүнөн караңыз.
Мүчүлүштүктөрдү оңдоо (ROW)
Бул бөлүмдө шайманды колдонууда көп туш болгон жалпы көйгөйлөр тууралуу айтылган. Төмөнкү маалымат маселени чечүүгө жардам бербесе, көп берилүүчү суроолорду көрүү үчүн www.philips.com/support сайтына өтүп, үлгүнүн номерин жазыңыз же өлкөнүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз.
Көйгөй Мүмкүн болгон себеп Чечим
| Щётканын башынтолугу менен саптайалбай жатам.Щётканын башыменен тутканынортосунда бир азбоштук бар. | Бул боштук нормалдуужана ал щетка башынынтуура дирилдөөсү үчүнкерек. Керектүүкөлөмдөгүтермелүүлөрдү түзүүүчүн щетка башыкый мылдай алышыкерек. | |
| Philips Sonicare тишщеткамдындирилдөөсү мурункугакараганда азыраак. | Щётканын башы тишщеткасынынкорпусуна өтө жакынже тиш щеткасынкубаттоо керек. | Щетканын башынтуткасынан чыгарып,аны темир валга кайраорнотуп, кичине боштуккалтырыңыз. (1-2 мм).Кубаттоодо тишщеткасын кубаттагычкакоюудан мурункубаттагыч кубатбулагына сайылып,тегиз жерге коюлганынтекшериңиз. Тишщеткасын 24 saat боюкубаттаңыз. |
Көйгөй Мүмкүн болгон себеп
| Мен тиш щеткамды кубаттадым, бирок ал бир аз эле иштейт. | Кубаттоо аракетинде тиш щеткасынын негизи кубаттагычка тегиз жайгаштырылган эмес. | Тиш щеткасын кубаттагычка коюудан мурун кубаттагыч кубатбулагына сайылып, тегиз жерге коюлганын текшериңиз. Тиш щеткасын 24 saat бою кубаттаңыз. |
Кепилдик жана колдоо
Маалымат же колдоо алгыңыз келсе,
www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык кепилдик баракчасын окунуз.
Кепилдиктеги чектөөлөр
Эл аралык кепилдик шарттарына төмөнкүлөр кирбейт:
- Щётканын баштары.
- Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн колдонуудан келип чыккан бузулуу.
- Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген ондоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.
- Кадимки эскируүү, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.
Кайра иштетүү

- Бул символ электрикалык шаймандар менен батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытууга болбостугун билдирет.
- Электрдик жана электрондук шаймандарды жана батарейкаларды өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө чогултунуз.
Кыналган кайрадан заряддалуучу батарейканы алып чыгаруу
Шайманды ачаарында куралдарды колго алганыңызда жана кайра заряддалуучу батарейканы жок кылганыңызда этият болунуз.
Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, шайман жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.
Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык жардамды издеңиз.
Батарейкалардын ачып салынгандан кийини кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.
Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты толугу менен түгөнгөнүн текшериңиз.
Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу үчүн учу жалпак-(стандарттуу) отвёртка керек.

1 Кайра кубатталуучу батареянын кубатын толугу менен түгөтүү үчүн, анын кармагычын кубаттагычтан чыгарып, Philips Sonicare шайманын күйгүзүп, ал токтогонго чейин иштете бериңиз. Philips Sonicare күйбөй калганга чейин ушул кадамды кайталаңыз.
2 Кармагычтын түбүндөгү пленканы алып салып, андан кийин буроону бошотунуз.
3 Аяклы кабын тиш щёткасынын кармагычынан чыгарыңыз.
4 Кармагычтын жогору жагын ылдый каратып туруп, валды катуу бетке басыңыз.
5 Отвёртканы ички компоненттердин тубундөгү ак алкак менен батареянын ортосуна салыңыз. Ак алкактын тубүн сындыруу үчүн отвёртканы батареядан сууруп алыңыз.
6 Батареяны жашыл басма платага туташтыруучу металл капты сындыруу учүн отвёртканы батареянын тубу менен ак алкактын ортосуна салыңыз. Ущуну менен батареянын ылдыйкы учу алкактан чыгат.

7 Экинчи металл батареянын тилчесин сындыруу учун батареяны кармап, ички курамчалардан тартып алыңыз.
Көңүл буруңуз: Манжаларыңыз жаракат алып калбашы үчүн, батарея тилчелеринин учтуу кырларынан этият болунуз.
8 Батареяда калып калган кубаттан келип чыгуучу электрдик туташуунун алдын алуу үчүн батареянын тиймектерин тасма менен каптаңыз. Эми кайра кубатталуучу батареяны кайра иштетүүгө болот, ал эми өнүмдүн калган бөлүгүн тийиштүү түрдө утилизациялоо керек.




