Sonicare 6100 HX7403 - тиш щеткасы PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Sonicare 6100 HX7403 PHILIPS PDF форматында.
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө Sonicare 6100 HX7403 PHILIPS
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз тиш щеткасы PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Sonicare 6100 HX7403 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Sonicare 6100 HX7403 бренддин PHILIPS.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Sonicare 6100 HX7403 PHILIPS
Philips Sonicare түзмөктөрүнүн топтомуна кош келиңиз! Бул тиш щетка өңөрдү чыгарууда, тиштер агыраак болушуна жана тиш этинин сактыгын жакшыртууга жардам берет. Sonicare компаниясынын жумшак үн технологиясы менен клиникалык жактан иштелип чыккан жана далилденген өзгөчөлүктөрүнүн айкалышын колдонуу менен сиз ар дайым мыкты тазалап жатканыңызга ишенсеңиз болот.
Кошумча колдоо жана өнүмдү каттоо төмөнкү даректе жеткиликтүү:
Маанилүү коопсуздук маалыматы
Өнүмдү аның багытталған максаты менен колдонунуз. Өнүмдү, аның батарейқалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
ЭСКЕРТУУЛОР
- Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын же керек-жарактарын гана колдонунуз. Эгер кошо келсе, тупнуска USB кабели менен USB кубат камсыздоо блогун гана колдонунуз.
- Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлуктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлёө борборуна кайрылыңыз. USB кабели бузулган болсо, аны колдонбонуз.
- Кубаттагычтарды суудан алыс кармаңыз.
- Адаптерлерди, кубаттагычтарды жана жолдо алып жүрүүү кубаттагыч кутуларын тазалагандан кийин туташтыруу үчүн толук кургаганын текшериниз.
- Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсе колдоно алышат. Балдар шайманды чондордун көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек.
- Балдар өнүм менен ойнобогонун камсыз кылуу үчүн балдарды карап туруу керек.
-Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жүүгучта жүубаңыз.
- Адаптерлерди жана кубаттагычтарды ачык абада же жылытылган беттердин жанында колдонбонуз.
- Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо учун арналган.
- Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну токтотунуз. Щётканын башы 3 ай сайын же жешилуү белгилери аныкталганда алмаштырып туруңуз.
- Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
- Колдонуунун максималдуу бийиктиги 4500 метр.
- Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо, вынгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге кайрылыңыз.
- 2 ай мурун оозунузга же тиш этицизге операция жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун тиш догдурга кайрылыңыз.
- Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын өндүруүүүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз.
- Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо, аны колдонуудан мурун дарыгерициз менен кеңешиниз.
- Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк жана аны стоматологиялык клиникаларда же мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга болбойт.
БАТАРЕЯНЫН КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАРЫ
- Бул шайманда атайын билими бар адамдар чыгара ала турган батареялар колдонулат.
- Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонуңуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түргүнө карап, айырмаланышы мүмкүн.
- Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын жана керек-жарактарын гана колдонунуз.
- Шайманды жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаныз.
- Эгерде шайман адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.
- Шайманды жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбонуз.
- Шайманды же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга аракет кылбаныз, батарейканы ысып кетүүдөн же улууу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаныз, ашыкча заряддабаңыз же ордулар менен алмаштырбаныз.
- Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра иштетүү бөлүмүн караңыз.
- Philips HX6110 кируγ көрсөткүчтөру менен гана кубаттаңыз: 4.75-5.25VDC, 1.5W.
- Онумду 0 °С жана 40 °С ортосундагы температурада гана колдонуп жана сактаңыз.
- Батарейкалардын ачып салынгандан кийин кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөкке салыңыз.
Сактоо жана таранспорттоо шарттары
Температура -20°C баштап +60°C чейин (-4 °F баштап 140 °F чейин).
Philips компаниясынын бул шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга жооп берет.
Радио жабдууларынын директивасы
Ушуну менен Philips радио жабдык түрү (Bluetooth, NFC) менен камсыздалган электр тиш щеткалары 2014/53/EU Директивасынын негизги талаптарына ылайык келерин жарыялайт.
- Тиешелүү өнүмдөрдөгү Bluetooth радио жыштыгынын интерфейси 2,4 GHz-те иштейт.
- Bluetooth шайманынын максимальдык чыгуу кубаты 3 dBm.
- Тиешелүү өнүмдөрдөгү NFC радио жыштыгынын интерфейси 13,56 MHz-те иштейт.
- Шаймандын чыгарган РЖ максимальдык чыгуу кубаты 30,16 dBm. ЕБнын шайкештик декларациясынын толук тексти төмөндөгү интернет дарегинен көрсө аласыз: www.philips.com/support
Эскертме: Ар башка үлгүлөрдүн функциялары айырмаланышы мүмкүн. Айрым үлгүлөр Bluetooth же NFC менен жабдылбашы мүмкүн.
Өнүмдө төмөнкү символдор болушу мүмкүн:

Бул символ шайманды колдонуудан мурун пайдалануу боюнча нускамаларды окуп чыгуу керектигин билдирет.

text_image
XXXXXXБул символ көрсөтүлгөн кубат булагын колдонуу керектигин билдирет.
Колдонуу багыты
Sonicare электр тиш щеткалары тиштеги өңөрдөн жана тамак калдыктарынан арылууга жана тишке зыян келтирилишин азайтып, ооздун саламатын жакшыртып жана ошол деңгээлде кармоого арналган.
Philips Sonicare шайманыңыз (1-сүрөт)
1 Кармагыч
2 Күйгүзүү/өчүрүү баскычы
3 Интенсивдүүлүк индикатору
4 Режим/интенсивдүүлүк баскычы
5 Режим көрсөткүчү
6 Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
7 Батарея көрсөткүчү
8 Жарык шакекчеси
Аксессуарлар:
9 Щётка башынын капкагы
10 Смарт щётканын баш(тар)ы
11 BrushSync символу
12 USB заряддагыч (дубал адаптери кошулган жок)
13 Жолдо алып жүрүү кутучасы
Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.
Баштоо
Щётканын башын тиркөө

1 Щётканын башын кылдары кармагычтын бети кайсы тарапты карап турса, ошол жакты карай тургандай кылып тууралаңыз.

2 Щетканын башын тутканын металл сабына карай такалгыча катуу басыңыз.
Эскертме: Щётканын башы менен кармагычынын ортосунда бир аз боштуктун болушу нормалдуу көрүнүш.
Philips Sonicare тиш щёткаңызды колдонуу
Эгер Sonicare тиш щёткаңызды биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, электрдик эмес тиш щётканы колдонгондогудан көбүрөөк дирилдөөнү сезүү нормалдуу көрүнүш. Биринчи жолу колдонуп жаткан адамдар көбүнчө аны катуу басышат. Акырын гана басып, тиш щёткаңызга өз алдынча тазалоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Шайманды туура иштетүү үчүн төмөнку нускамаларды аткарыңыз.
Кыргызча
Жаңы Sonicare кубаттуу тиш щеткасына өтүүгө жардам берүү үчүн, биринчи 1-2 жумада төмөнкү жөндөөнү колдонунуз, андан кийин жогорку жөндөөлөргө өтүңүз.
Щеткалоо боюнча нускамалар

1 Кылын суулап, тиш пастасын азыраак өлчөмдө сыгып алыңыз.

text_image
45°2 Тиш щеткасынын кылдарын тиштерге кичинекей бурч менен (45 градус) жайгаштырыңыз. Кылдар тиш этинин сызығына же бир аз астына жеткидей кылып ақырын басыңыз.
Эскертме: Щетканын ортосу ар дайым тишинизге тийип турушу керек.

3 Philips Sonicare шайманын күйгүзүү үчүн күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.

text_image
45°4 Кылдарды тишке жана тиш этинин линиясына акырын коюңуз. Кылдар тиштердин ортосуна чейин жетиши үчүн, тишиңизди бир аз арткаалдыга багытталган кыймылдар менен щёткалаңыз. Мындай кыймылды щёткалоо цикли боюнча аткарыңыз.
Эскертме: Кылдары бир аз жайылышы керек. Муну менен тишиңизди кол менен иштете турган тиш щёткасындай тазалабаңыз.
Эскертме: Эгер сиз өтө катуу бассаңыз, саптагы дирилдөө өзгөруп жана щетканын жообу кызгылт көк түстө күйүп, сизге эскертилет.

5 Алдыңкы тиштин ички беттерин тазалоо учүн щётканын туткасын жарым тик кылып эңкейтип, ар бир тишке өйдө-ылдый кайчылаш кыймылдарды жасаңыз.
6 Щёткалоо циклин буткөндөн кийин, кошумча убакыттын ичинде тиштин өңү өзгөруп калган жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүруп же күйгүзүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот.
Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткаңызды бириктируүүү кашаалар коюлган (щётканын баштары бириктируүүү кашааларга колдонулганда тезирээк эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба, коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз болот (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген болсо).
BrushPacer

Ооз көндөйүнүздү жакшы щеткалоо үчү BrushPacer функциясынын жардамы менен оозду 6 бөлүккө бөлүнүз. BrushPacer щеткалоо убактысын 6 бирдей бөлүккө бөлүп, кийинки аймакка качан өтүү керек экенин көрсетөт. Бөлүкчөлөр дирилдөөнүн кыска тыныгуусу менен көрсетүлөт.
Кыргызча
Тиш щеткасы тишти тазалоо сессиясынын аягында автоматтык түрдө токтойт.
Эскертме: Кошумча убакыт White же Gum Health режимдерин колдонгондо кошулушу мүмкүн.
Режимдер
Электр тиш щеткаңызда эки режим бар: Clean жана Sensitive.
Сиз колдонгон акылдуу щетка башынын негизинде оптималдуу режим жана интенсивдүүлүк BrushSync технологиясы тарабынан автоматтык түрдө тандалат.

text_image
clean moistureРежимди кол менен өзгөртүү үчүн тиш щеткасы өчүп турганда режим/интенсивдүүлук баскычын басыңыз. Бардык щетка баштары ар бир режим менен иштейт.
Clean Сезимтал
| АртыкчылыкӨнөрдү кетируү Сезимтал тиштер жанабүйлөлөр үчүн өтөжумшак режим | ||
| Сунушталганинтенсивдүүлүкдеңгээли | Жогорку Төмөн* | |
| Жалпы тиштитазалоо убактысы | 2 мүнөт 2 мүнөт | |
| Кантип тиштитазалоо керек | Ар бир сегментти20 секунддайтазалаңыз![]() | Ар бир сегментти20 секунддайтазалаңыз![]() |
![]() | ![]() | |
Ургаалдыгы
Интенсивдүүлүк жөндөөлөр

Электр тиш шеткаңыз үч түрдүү интенсивдүүлүк жөндөөлөру менен кошо берилет.
- Интенсивдүүлүгү жогору (үч жарык)
- Орточо интенсивдүүлүк (эки жарык)
- Интенсивдүүлүгү төмен (бир жарык)
Эскертме: Мыкты натыйжаларга жетүү үчүн жогорку интенсивдүүлукту сунуштайбыз.

text_image
×3 ×2 ×1Каалаган интенсивдүүлүкту кол менен тандоо үчүн тиш щеткасы күйүп турганда режим/интенсивдүүлүк баскычын басып, параметрлер аркылуу өтүңүз. Интенсивдүүлүк параметрин тиш щеткасы күйүп турганда гана өзгөртүүгө болот.
BrushSync технологиясы щетка баштарына микрочип аркылуу туткаңыз менен байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Щетка башынын астындагы белгиси щетка башы бул технология менен жабдылганын көрсөтүп турат. BrushSync технологиясы иштетет:
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
- BrushSync режиминде жупташтыруу
Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарынын кецири тандоосун сунуштайт. Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарын карап көрүү учүн www.philips.com/toothbrush-heads сайтына өтүнүз.
Функциялар
- Басым сенсорунун жообу
- BrushPacer
- SmarTimer
- EasyStart
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
- Щётканын башы режиминде жупташтыруу
Басым сенсорунун жообу
Sonicare тиш щеткаңыз тишиңизди жана тиш этиңизди зыяндан коргоо учүн щеткаңызда колдонгон басымыңызды өлчөйт.

Эгер катуураак бассаңыз, тутканын сигналы жана титирөөсү өзгөрүп, тутканын түбүндөгү индикатордун жарығы басууну азайтканга чейин кызгылт көк болуп күйөт.
Эскертме: Басым Сенсору өнүмүңүздө иштетилген бойдон келет. Бул функцияны өчүрүүгө («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү»).
BrushPacer

BrushPacer - бул сизге оозунузду 6 бөлүккө бөлүп, тегиз тазалоого жардам берген интервал таймери.
SmarTimer
SmarTimer щёткалоо циклинин аягында тиш щёткасын автоматтык түрдө өчүруүу менен щёткалоо цикли бүткөнүн көрсөтөт.
Тиш догдурлар күнүнө кеминде 2 жолу 2 мүнөттөн кем эмес убакыт жууну сунуштайт.
Эскертме: Эгер щёткалоо циклин баштагандан кийин күйгүзүү/өчүрүү баскычын бассаңыз, тиш щёткасы тындырылат. Эгер күйгүзүү/өчүрүү баскычын 30 секунд бассаңыз, щеткалоо циклин бүтүрүү учүн таймер кайра иштетилет. 30 секунд тындырылгандан кийин SmartTimer баштапкы абалга келтирилет.
EasyStart
Бул Philips Sonicare модели EasyStart функциясы өчүруүлгөн бойдон берилет. EasyStart функциясы Philips Sonicare менен щёткалоого көнүүңүз үчүн алгачкы 14 щёткалоодо күчтү акырын жогорулатат. EasyStart функциясы бардык режимдер менен иштейт.
*Жоопкерчиликтен баш тартуу
Philips Sonicare тиш щёткасы клиникалык изилдөөлөрдө колдонулса, ал кармагычы толугу менен кубатталып, EasyStart функциясы өчүруүлгөн болуп жана ал жогорку интенсивдүүлүктө колдонулушу керек.
EasyStart 'ты иштетүү үчүн («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү»).
Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
Philips Sonicare щеткаңыз щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөө үчүн BrushSync технологиясы менен камсыз кылынган.
Эскертме: Бул функция BrushSync технологиясы менен жабдылган Philips Sonicare акылдуу щетка баштарында гана иштейт.
1 Жаңы ақылдуу щетка башын биринчи жолу туташтырганыңызда, кармагыч сизде BrushSync технологиясы менен камсыздалган Philips щетка башын аныктап, щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөй баштайт.
2 Убакыт өткөн сайын, сиз колдонгон басымдын жана щетка башын колдонгон жалпы убакыттын негизинде, тутка щетка башын алмаштыруу үчүн оптималдуу убакытты аныктоо үчүн щетка башынын эскиришине көз салат. Бул функция сизге тишиңизди эң мыкты тазалоого жана кам көрүүгө кепилдик берет.

flowchart
graph TD
A["Process Node"] --> B["Terminal Node"]
style A fill:#f9f,stroke:#333
style B fill:#ccf,stroke:#333
3 Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эстеткич жарыги сары болуп күйгөндө, аны алмаштырышыңыз керек болот.
Эскертме: Бардык акылдуу щетка баштары щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциясы күйгүзүлгөн бойдон камсыздалат. Щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү өчүрүү үчүн 'Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү' бөлүмүн караңыз.
Щётканын башы режиминде жупташтыруу
BrushSync технологиясы менен щетка баштары тутка менен байланышып, аны сунушталган режим жана интенсивдүүлук менен автоматтык түрдө жупташтыруучу микрочип менен жабдылган. BrushSync технологиясы менен жабдылган көпчүлук щетка баштары Clean режими автоматтык түрдө жупташат. Озгөчө артыкчылыктары бар щетка баштары тиешелүү режим менен жупташат (болгондо), мисалы, S2 Sensitive: Sensitive режими.
Эскертме: Эгер сунушталган параметрден режимди/интенсивдуүлүкту өзгөртүүнү тандасаңыз, щетка башы келечектеги тазалоо үчүн сиз тандаган параметрди эстеп калат.
Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү
Тиш щеткаңыздын төмөнку функцияларын күйгүзүп же өчүрсөңүз болот:
- EasyStart
-Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү - Басым сенсорунун жообу
Эскертме: Щетка башын алмаштыруу эскертүүсү Sonicare акылдуу щетка баштары менен гана шайкеш келет. Алмаштыруу жөнүндө эстеткичти жандыруу же өчүрүү үчүн акылдуу щетканын башы тиш щеткасына тиркелиши керек.
Туткадан:
1-кадам: Сапты кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда кармаңыз.

2-кадам: Күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё бербей басып турунуз:
| EasyStart Щетканынбашыналмаштыруукеректигинэскертүү | Басым сенсорунунжообу | ||
| 3 секундгачейин | 5 секундгачейин | 7 секундга чейин | |
| ↓ ↓ ↓ | |||
| 3-кадам: Ундү укканыңызда күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё бериңиз: | |||
| 1 сигнал 1 сигнал жанаандан кийин 2 сигнал | 1 сигнал, 2 сигнал жанаандан кийин 3 сигнал | ||
| ↓ ↓ ↓ | |||
| Муну менен бирге: | |||
![]() | Батареянын индикаторунун сол LED жарығы 2 жолу жашыл болуп бүлбүлдөп, барган сайын катуулаган 3 сигналды уксаңыз, функция күйгүзүлгөн болот. | ||
| ЖЕ | |||
| Эгер батареянын сол индикаторунун LED жарығы сары түсте 1 жолу бүлбүлдөп, барган сайын ақырындаган 3 сигналды уксаңыз, анда бул функция өчүрүлгөн болот. | |||
Кубаттоо жана батареянын абалы
Philips Sonicare тиш щёткасы толук кубатталып турганда ар бири 2 мүнөткө созулган 42 щёткалоо сеансын (орточо) көрсөтүүгө арналган (күнүне эки жолу колдонулганда 21 күн). 2 мүнөттук щёткалоо сеансын буткөндө,
щетканы тындырганда же кубаттап жатканда, батарея көрсөткүчү анын абалын көрсөтүп турат.
Эскертме: Биринчи жолу колдонгондон мурун батарея 24 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз.
Эскертме: Philips Sonicare тиш щеткаңызды саякат кутусуна кубаттоо 48 саатка чейин созулушу мүмкүн.
Кубатталууда
Кубаттагычта кубаттоо
1 USB кубаттоо шнурун дубалдагы адаптерге тиркеп, дубалдагы адаптерди болсо дубалдагы электрдик розеткага сайыңыз.

- Philips менен шайкеш кубаттагычтар же коопсуздук жактан бекитилген адаптер менен гана кубаттаңыз: 100 - 240V\~; 50/60Hz; 3.5W жана чыгаруу параметрлери 5VDC; 2.5W.
- UL тизмеленген же тастыкталган 1310 2-класстагы электр булагы (NAM гана)
4 Батарея индикатору жана жарык шакеги күйүп, тутка эки жолу сигнал берет жана туткадагы бардык жарыктар тутканын түбүнөн өйдө карай жаркырап күйөт.
5 Батарея индикаторунун өчүп-жанган жарыгы тиш щёткасынын кубатталып жатканын көрсетөт.
6 Туткасы кубатталып жатканда жана батарея толук кубатталганда батарея индикаторунун LED жарыктары жашыл түстө күйүп баштайт. Батарея толгондон кийин, жашыл жарык 30 секунд күйүп, андан кийин өчөт.
Батареянын абалы
Батареянын абалы (кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда кармаңыз)
Туткасы кубаттагычка же кубаттоочу саякат кутусуна коюлганда, батареянын көрсөткүчү батареянын деңгээлин көрсөтөт.
| Батареянын абалы | Бүлбүлдөгөн LED жарыктарынын саны | LED түсү |
| Төмөн 1 Жашыл түстө | бүлбүлдөйт | |
| Жарым-жартылай толук | 2 Жашыл түстө | бүлбүлдөйт |
| Толук 3 Толгуча жашыл бөлүп, | андан соң 30 секунд бою жашыл түстө күйүп, анан өчөт |
Батареянын абалы (тутка кубаттагычка/кубаттоочу саякат кутусунда туташтырылбаган кезде)
Тиш щеткасы ойго кезде, тутканын астындагы батарея индикатору батарея деңгээлин көрсөтөт.
| Батареянын абалы LED жарыктарынын саны | LED түсү | |
| Толук 3 Туруктуу жашыл | ||
| Жарым-жартылай толук | 2 Туруктуу жашыл | |
| Орто төмен 1 Туруктуу жашыл | ||
| Төмен Щёткалагандан кийин | 3 жолу сигнал берет | Кочкул сары түстө бүлбүлдөйт |
| Бош Щёткалагандан кийин | 2 жолу сигнал берет | Кочкул сары түстө бүлбүлдөйт |
| Эскертме: Колдонулбай турганда энергияны үнөмдөө үчүн батареянын жарыгы өчөт. | ||
| Эскертме: Батарея толугу менен бош болгондо, тиш щётка өчөт. Щетканы кубаттагычка жайгаштырып, кубаттаңыз. | ||
Эскертме: Батареяны ар дайым толук кубатталган бойдон кармап туруу учүн, тиш щеткаңызды колдонбогондо кубаттагычта кармасаңыз болот.
Тазалоо
Тиш щёткасынын кармагычы

1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин аймагын жана баскычтарды жылуу суу менен чайкаңыз. Туткадагы жана баскычтардын айланасындагы тиш пастасынын калдыктарын жумасына кеминде бир жолу, болбосо, ар бир колдонгондон кийин тазалап туруңуз.
Көңүл бурунуз: Металл валдын резина пломбасын курч нерселер менен түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн.
2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.
Эскертме: Ашыкча сууну чыгаруу үчүн кармагычты раковинага таптабаңыз.
3 Тутканы сүлгү же жумшак кездеме менен кургатыңыз.
Щётканын башы

1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын жана кылдарын чайкаңыз.
2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып, щётканын башынын байланышын кеминде аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап турунуз. Саякат кабын зарылчылыкка жараша тез чайкап жана кургатып турунуз. Кургак щетка башын гана колдонунуз.
Эскертме: Щетканын баш капкагы ташуу үчүн гана жана узак мөөнөттүү колдонуу үчүн арналган эмес.
Кубаттагыч
1 Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз.
2 Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен аарчиңыз.
3 Кубаттагычты сүлгү же жумшак кездеме менен кургатыңыз.
Жолдо алып жүрүү кутучасы
Жолдо алып жүрүү кутучаны тазалоо үчүн аны жылуу сууга чайкап, жөн коюп кургатыңыз.
Сактоо
Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсонуз, аны электр розеткасынан ажыратып, тазалап, түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.
алмаштыруу
Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн Philips Sonicare щётка баштарын Зай сайын алмаштырып туруңуз. Philips Sonicare шайманынын алмаштырылуучу щётка баштарын гана колдонунуз.
Улгү номери көрсөтүлгөн жер
Улгу номерин (e.g.HX740x) Philips Sonicare туткасынын тубунөн караңыз.
Мүчүлүштүктөрдү оңдоо (ROW)
Бул бөлүмдө шайманды колдонууда көп туш болгон жалпы көйгөйлөр тууралуу айтылган. Төмөнкү маалымат маселени чечүүгө жардам бербесе, көп берилүүчү суроолорду көрүү үчүн www.philips.com/support сайтына өтүп, үлгүнүн номерин жазыңыз же өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз.
| Көйгөй Мүмкүн болгонсебеп | Чечим | |
| Щётканын башынтолугу менен саптайалбай жатам.Щётканын башыменен тутканынортосунда бир азбоштук бар. | Бул боштук нормалдуужана ал щетка башынынтуура дирилдөөсү үчүнкерек. Керектүүкөлөмдөгүтермелүүлөрдү түзүүүчүн щетка башыкый мылдай алышыкерек. | |
| Көйгөй Мүмкүн болгонсебеп | Чечим | |
| Philips Sonicare тиш щеткамдын дирилдөөсү мурункуга караганда азыраак. | Щётканын башын тутканын корпусуна өтө жакын. | Щетканын башын туткасынан чыгарып, аны темир валга кайра орнотуп, кичине боштук калтырыңыз. (1-2 мм). |
| Тиш щеткасы иштебейт. | Батарея түгөнгөн. Щетканын кармагычын кубаттагычта кубаттаңыз. | |
| Мен тиш щеткамды кубаттадым, бирок ал бир аз эле иштейт. | Тиш щеткасынын туткасы кубаттагычка вертикалдуу жайгаштырылган эмес, натыйжада кубатталбайт. | Тутканы вертикалдуу түрдө кубаттагычтын түбүнө коюп, кубаттагычтын розеткага сайылганын текшериңиз. |
Кепилдик эмнени каптабайт:
- Ооз тиркемелеринде, анын ичинде щетка баштары жана саптамалар.
- Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн же тиш щётканын баштарын колдонуудан келип чыккан бузулуу.
- Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген ондоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.
- Кадимки эскируү, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшу.
Кепилдик жана колдоо көрсөтүү (ROW)
Маалымат же колдоо алгыңыз келсе, www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык кепилдик баракчасын окунуз.
Кепилдиктеги чектөөлөр
Кепилдик эмнени каптабайт:
- Ооз тиркемелеринде, анын ичинде щетка баштары жана саптамалар.
- Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн же тиш щётканын баштарын колдонуудан келип чыккан бузулуу.
- Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген ондоп-тузөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.
- Кадимки эскируү, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшу же өзгөрушу.
Кайра иштетүү

- Бул символ электрикалык шаймандар менен батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытууга болбостугун билдирет.
- Электрдик жана электрондук шаймандарды жана батарейкаларды өлкөнүздун мыйзамдарына ылайык өзунче чогултунуз.
-Өнүмдү утилизациялоодо ага алдын ала орнотулган кайра кубатталуучу батареяны квалификациясы бар адис гана чыгарышы керек. Алдын ала орнотулган батареяларды чыгаруу нускамаларын philips.com/support бөлүмүнөн табасыз. Тиш щеткаңыздын үлгү номерин киргизүү жана товарды издөө үчүн Philips колдоо көрсөтүү бетиндеги издөө тилкесин колдонунуз. Улгү номери "НХ" менен башталып (мисалы, НХ123А) жана тиш щеткаңыздын түбүндө көрсөтүлгөн. Батареяны чыгаруу боюнча нускамалар товардын колдоо көрсөтүү бетиндеги Мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана оңдоо бөлүмүндө берилген.
- Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык жардамды издеңиз.
- Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.
Вовед
10 Смарт щетка бас(тар)ын аныктау




