Sonicare ProtectiveClean 4300 - Электр тиш щеткасы PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Sonicare ProtectiveClean 4300 PHILIPS PDF форматында.
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө Sonicare ProtectiveClean 4300 PHILIPS
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз Электр тиш щеткасы PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Sonicare ProtectiveClean 4300 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Sonicare ProtectiveClean 4300 бренддин PHILIPS.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Sonicare ProtectiveClean 4300 PHILIPS
Philips Sonicare түзмөктөрүнүн топтомуна кош келиңиз!
Бул тиш щетка өңөрдү чыгарууда, тиштер агыраак болушуна жана тиш этинин сактыгын жакшыртууга жардам берет. Sonicare компаниясынын жумшак үн технологиясы менен клиникалык жактан иштелип чыккан жана далилденген өзгөчөлүктөрүнүн айкалышын колдонуу менен сиз ар дайым мыкты тазалап жатканыңызга ишенсеңиз болот.
Кошумча колдоо жана өнүмдү каттоо төмөнкү даректе жеткиликтүү: www.philips.com/support
Маанилүү коопсуздук маалыматы
Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонунуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маанилүү маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
Эскертүүлөр
- Кубаттагычтарды жана/же УФ дезинфекциялагычтарды суудан алыс кармаңыз.
- Тазалап, дубалдагы розеткага туташтыруудан мурун кубаттагыч жана/же антисептик толугу менен кургаганын текшериңиз.
-
Шайманды балдар жана физикалык, сенсордук жана акыл-эс жагынан чектелген же тажрыйбасы, ошондой эле билими жок адамдар бирөөнүн көз алдында же түзмөктү коопсуз жол менен пайдалануу тууралуу нускамалар менен жана боло турган коркунучтарды түшүнсө колдоно алышат. Балдар шайманды чондордун көзөмөлүсүз тазалап же тейлебеши керек.
-
Балдар шайман менен ойнобошу керек.
-
Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын же керек-жарактарын гана колдонунуз. Онум менен берилген кубаттагычты гана колдонунуз. Эгер кошо келсе, тупнуска USB кабели менен USB кубат камсыздоо блогун гана колдонунуз.
-
Шайманда колдонуучу тейлей турган бөлүктөр жок. Шайманга доо кеткен болсо, аны колдонууну токтотуп, өлкөңүздөгү Кардарларды тейлөө борборуна кайрылыңыз. Зымы бар аппараттар гана: Шнуру бузулган болсо, дезинфекциялагычы бар кубаттагычты жаңысына алмаштырыңыз.
- Кубаттагычты жана/же санитайзерди эшикте же жылытылган беттердин жанында колдонбонуз.
-Өнүмдүн бир да бөлүгүн идиш жуугучта жуубаңыз. - Шайман тиш, тиш эти жана тилди тазалоо үчүн арналган.
- Санитайзерди ар дайым балдардан алыс жерде сактаңыз.
- Эшиги ачылый турганда УК лампасы күйө берсе, санитайзерди колдонууну токтотунуз. УК нуру адамдын көзүнө жана терисине зыяндуу болушу мүмкүн.
- Санитайзерди коргоочу экраны менен гана иштетиңиз.
- УФ дезинфекциялагычтын ысык болгон УФ жарык лампасына тийбеңиз.
- Кылдары эзилип же бүгүлүп калган щёткаснын башын колдонууну токтотунуз. Щётканын башы 3 ай сайын же жешилүү белгилери аныкталганда алмаштырып туруңуз.
- Эфир майлары же кокос майын камтыган өнүмдөргө түздөн-түз тийгизбеңиз. Майга тийгенде кылдары түшүп калышы мүмкүн.
- Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо, ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге кайрылыңыз.
- 2 ай мурун оозунузга же тиш этицизге операция жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун тиш догдурга кайрылыңыз.
-
Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды колдонуудан мурун анын өндүрүүүүсүнө же дарыгерге кайрылыңыз.
-
Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо, аны колдонуудан мурун дарыгерициз менен кеңешиниз.
- Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк жана аны стоматологиялык клиникаларда же мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга болбойт.
Батареянын коопсуздук нускамалары
- Бул шайманда атайын билими бар адамдар тарабынан гана алмаштырылуучу батарейкалар колдонулат.
- Өнүмдү анын багытталган максаты менен колдонунуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар өнүмдөрдүн түргүнө карап, айырмаланышы мүмкүн.
- Philips шайманынын тупнуска аксессуарларын жана керек-жарактарын гана колдонунуз. ТСВxxxx, НХ6100, НХ6110, НХ6160 же WAАxxxx ажыратылуучу блогун гана колдонунуз.
-Өнүмдү жана батарейкаларды оттон алыс кармап, жана түз тийген күндүн нуруна жана температурасы жогору ысыкта калтырбаңыз. -
Эгерде өнүм адаттан тышкары ысып кетсе, же жыт чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо убагы мурдакыдай болбой, узарып калса, колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке кайрылыңыз.
-Өнүмдү жана анын батарейкаларын микротолкундуу мештердин ичине же эпкин менен иштеген бышыргыч бетке койбонуз.
-Өнүмдү же батарейканы ачууга, өңүн өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга аракет кылбаңыз, батарейканы ысып кетүүдөн же уулуу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска туташтырбаңыз, ашыкча заряддабаңыз же ордулар менен алмаштырбаңыз. -
Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра иштетүү бөлүмүн караңыз.
- Эгерде батарейкалар бузулса же акса, териге же көзгө тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Мындай учурда, сууга дароо чайкап, медициналык жардамды издениз.
- Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.
- Батарейкалардын ачып салынгандан кийин
кокустан кыска туташуусунан этият болууга,
батарейка терминалдары метал нерселерге
(мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө
аракет кылыңыз. Батарейкаларды алюминий
фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын
жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды
ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.
-Өнүмдү 0 °С жана 40 °С ортосундагы температурада гана колдонуп жана сактаңыз.
Сактоо жана таранспорттоо шарттары
Philips компаниясынын бул Philips шайманы электрмагниттик талаалардын таасири боюнча бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга жооп берет.
Радио жабдууларынын директивасы
Ушуну менен Philips радио жабдык түрү (Bluetooth, NFC) менен камсыздалган электр тиш щеткалары 2014/53/EU Директивасынын негизги талаптарына ылайык келерин жарыялайт.
- Тиешелүү өнүмдөрдөгү Bluetooth радио жыштыгынын интерфейси 2,4 GHz-те иштейт.
- Bluetooth шайманынын максимальдык чыгуу кубаты 3 dBm.
- Тиешелүү өнүмдөрдөгү NFC радио жыштыгынын интерфейси 13,56 MHz-те иштейт.
- Шаймандын чыгарган РЖ максимальдык чыгуу кубаты 30,16 dBm.
ЕБнын шайкештик декларациясынын толук тексти төмөндөгү интернет дарегинен көрсө аласыз:
Эскертме: Ар башка үлгүлөрдүн функциялары айырмаланышы мүмкүн. Айрым үлгүлөр Bluetooth же NFC менен жабдылбашы мүмкүн.
Өнүмдө төмөнкү символдор болушу мүмкүн: Оператордун Колдонмосун окуп чыгыңыз.

Ажыроочу Кубат блогунун бөлүгү: "ххххх" колдонула турган кубаттагычтын үлгү номерин көрсөтөт.
(TCBxxxx, HX6100, HX6110, HX6160 же WAAxxxx)
Колдонуу багыты
ProtectiveClean электр тиш щеткалары тиштеги өңөрдөн жана тамак калдыктарынан арылууга жана тишке зыян келтирилишин азайтып, ооздун саламатын жакшыртып жана ошол деңгээлде кармоого арналган. ProtectiveClean электр тиш щеткалары жеке колдонууга арналган. Балдар чоң кишилердин көзөмөлү астында колдонушу керек.
Philips Sonicare шайманыңыз (1-сүрөт)
1 Кармагыч
2 Күйгүзүү/өчүрүү баскычы
3 Щетканын башын алмаштыруу керектигин
эскертүү
4 Батарея көрсөткүчү
5 Щётка башынын капкагы
Аксессуарлар:
6 Смарт щётканын баш(тар)ы
7 Кубаттоо негизи
8 Жолдо алып жүрүү кутучасы
9 УФ дезинфекциялагыч жана кубаттагыч
Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.
Баштоо

1 Щётканын башын кылдары кармагычтын бети кайсы тарапты карап турса, ошол жакты карай тургандай кылып тууралаңыз.
2 Щетканын башын тутканын металл сабына карай такалгыча катуу басыңыз.
Эскертме: Щётканын башы менен кармагычынын ортосунда бир аз боштуктун болушу нормалдуу көрүнүш.
Philips Sonicare тиш щёткаңызды колдонуу
Эгрр Sonicare тиш щёткаңызды биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, электрдик эмес тиш щётканы колдонгондогудан көбүрөөк дирилдөөнү сезүү нормалдуу көрүнүш. Биринчи жолу колдонуп жаткан адамдар көбүнчө аны катуу басышат. Акырын гана басып, тиш щёткаңызга өз алдынча тазалоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Шайманды туура иштетүү учүн төмөнку нускамаларды аткарыңыз.
Интенсивдүүлүгү жок үлгүлөр үчүн
Жаңы Sonicare тиш щёткасын пайдалануунузга жардам берүү үчүн EasyStart функциясы иштетилген болот. Philips Sonicare тиш щёткасы менен тазалоого көнүүнүзгө жардам берүү үчүн бул функция щётканы алгачкы 14 жолу иштетүүнүздө кубатты акырын жогорулатат.
Интенсивдүүлүгү бар үлгүлөр үчүн
Жаңы Sonicare кубаттуу тиш щеткасына өтүүгө жардам берүү үчүн, биринчи 1-2 жумада төмөнкү жөндөөнү колдонунуз, андан кийин жогорку жөндөөлөргө өтүңүз.
Щеткалоо боюнча нускамалар

1 Кылын суулап, тиш пастасын азыраак өлчөмдө сыгып алыңыз.
2 Тиш щеткасынын кылдарын тиштерге бир аз эңкейтип (45 градуска), кылдарды тиш этине жеткидей кылып же тиш этинен бир аз ылдый сүруүп өтүңүз.
Эскертме: Щетканын ортосу ар дайым тишинизге тийип турушу керек.
3 Philips Sonicare шайманын күйгүзүү үчүн күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.
4 Кылдарды тишке жана тиш этинин линиясына акырын коюңуз. Кылдар тиштердин ортосуна чейин жетиши үчүн, тишиңизди бир аз арткаалдыга багытталган кый мылдар менен щёткалаңыз. Мындай кый мылды щёткалоо цикли боюнча аткарыңыз.
Эскертме: Кылдары бир аз жайылышы керек. Муну менен тишиңизди кол менен иштете турган тиш щёткасындай тазалабаңыз.
Эскертме: Саптагы дирилдөөнүн өзгөрүшу жана щеткалоо жообунун жарығы сары түстө күйүп, катуу басканыңызда эскертет.

5 Алдыңкы тиштин ички беттерин тазалоо үчүн щётканын туткасын жарым тик кылып эңкейтип, арбир тишке өйдө-ылдый кайчылаш кыймылдарды жасаңыз.
6 Щёткалоо циклин буткөндөн кийин, кошумча убакыттын ичинде тиштин өңү өзгөруп калган жерлерин жана чайноочу беттерин щёткаласаңыз болот. Тиш щёткасын кааласаңыз өчүруп же күйгүзүп, тилиңизди да щёткаласаңыз болот.
Эскертме: Philips Sonicare тиш щёткаңызды бириктируүүү кашаалар коюлган (щётканын баштары бириктируүүү кашааларга колдонулганда тезирээк эскирет) жана калыбына келтирилген (пломба, коронка, винир коюлган) тиштерге колдонуу коопсуз болот (эгер алар туура коюлуп же доо кетпеген болсо).
QuadPacer

flowchart
graph TD
A["①"] --> B["②"]
B --> C["③"]
C --> D["④"]
D --> A
style A fill:#f9f,stroke:#333
style B fill:#ccf,stroke:#333
style C fill:#cfc,stroke:#333
style D fill:#fcc,stroke:#333
Ооз көндөйүнүздү жакшы щеткалоо учүн QuadPacer функциясынын жардамы менен оозду 4 бөлүккө бөлүңүз. QuadPacer щеткалоо убактысын 4 бирдей бөлүккө бөлүп, кийинки аймакка качан өтүү керек экенин көрсөтөт. Бөлүкчөлөр дирилдөөнүн кыска тыныгуусу менен көрсөтүлөт. Тиш щеткасы тишти тазалоо сессиясынын аягында автоматтык түрдө токтойт.
Режимдер
Электр тиш щеткаңызда Тазалоо режими бар.
Clean
Артыкчылык Өзгөче күнүмдүк тазалоо үчүн
Сунушталган интенсивдүүлүк деңгээли (айрым моделдерде гана)
Жогорку
Жалпы тишти тазалоо убактысы 2 мүнөт
Интенсивдүүлүктөр (айрым үлгүлөрдө гана)
Электр тиш шеткаңыз 2 түрдүү интенсивдүүлүк жөндөөлөру менен кошо берилет:
- Темөн
-Жогорку
Эскертме: Тиш щетканы биринчи жолу колдоно баштаганыңызда, баштапкы интенсивдүүлүк бул төмөн интенсивдүүлүк болот.
Интенсивдүүлүк деңгээлдерин өзгөртүү үчүн:
- Тиш щетканы күйгүзүү үчүн кубатты күйгүзүү/өчүрүү баскычын бир жолу басыңыз.
- Интенсивдүүлүкту өзгөртүү үчүн аралыгы 2 секунд ичинде экинчи жолу басыңыз.
- Тындыруу үчүн аралыгы 2 секунд ичинде үчүнчү жолу басыңыз.
- Убагы 2 секунд бою щетка менен тазалоодон кийин, кубатты күйгүзүү/өчүрүү баскычын дагы бир жолу бассаңыз да, тиш щетка тындырылат.
BrushSync технологиясы щетка баштарына микрочип аркылуу туткаңыз менен байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Щетка башынын астындагы белгиси щетка башы бул технология менен жабдылганын көрсетүп турат.
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү Philips Sonicare BrushSync технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка баштарынын кецири тандоосун сунуштайт. Philips Sonicare BrushSync
технологиясы менен жабдылган акылдуу щетка
баштарын карап көрүү үчүн
www.philips.com/toothbrush-heads сайтына өтүңүз.
Функциялар
- Басым сенсорунун жообу
- Quadpacer
- SmarTimer
- EasyStart
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
Басым сенсорунун жообу

Sonicare тиш щеткаңыз тишиңизди жана тиш этиңизди зындан коргоо үчүн щеткаңызда колдонгон басымыңызды өлчөйт.
Эгер сиз ашыкча басымды колдонсонуз, тутка дирилдөөнү өзгөртөт жана щетка башын алмаштыруунун эстеткич сүрөтчөсу басымды азайтканга чейин сары түстө күйөт.
Эскертме: Басым Сенсору өнүмүңүздө иштетилген бойдон келет. Бул функцияны өчүрүүгө («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү»).
Quadpacer
QuadPacer - бул сизге оозунузду 4 бөлүккө бөлүп, тегиз тазалоого жардам берген интервал таймери. («Щеткалоо боюнча нускамалар»)
SmarTimer
SmarTimer щёткалоо циклинин аягында тиш щёткасын автоматтык түрдө өчүрүү менен щёткалоо цикли бүткөнүн көрсөтөт.
Тиш догдурлар күнүнө кеминде 2 жолу 2 мүнөттөн кем эмес убакыт жууну сунуштайт.
Эскертме: Эгер щёткалоо циклин баштагандан кийин күйгүзүү/өчүрүү баскычын бассаңыз, тиш щёткасы тындырылат. 30 секунд тындырылгандан кийин SmartTimer баштапки абалга келтирилет.
EasyStart
Бул Philips Sonicare үлгүсү иштетилген EasyStart функциясы менен келет (интенсивдүүлүк параметрлери жок үлгүлөр гана, интенсивдүүлүк параметрлери бар үлгүлөр функцияны иштете алат). EasyStart функциясы Philips Sonicare менен щёткалоого көнүүңүз үчүн алгачкы 14 щёткалоодо күчтү ақырын жогорулатат.
Жоопкерчиликтен баш тартуу:
Philips Sonicare тиш щёткасы клиникалык изилдөөлөрдө колдонулса, ал кармагычы толугу менен кубатталып, EasyStart функциясы өчүруүлгөн болуп жана ал жогорку интенсивдүүлүктө Clean режими колдонулушу керек.
EasyStart өчүрүү же иштетүү («Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү»).
Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
Philips Sonicare щеткаңыз щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөө үчүн BrushSync технологиясы менен камсыз кылынган.
Эскертме: Бул функция BrushSync технологиясы менен жабдылган Philips Sonicare акылдуу щетка баштарында гана иштейт.
1 Жаңы ақылдуу щетка башын биринчи жолу туташтырганыңызда, кармагыч сизде BrushSync технологиясы менен камсыздалган Philips щетка башын аныктап, щетка башынын эскируүүсүн көзөмөлдөй баштайт.
2 Убакыт өткөн сайын, сиз колдонгон басымдын жана щетка башын колдонгон жалпы убакыттын негизинде, тутка щетка башын алмаштыруу үчүн оптималдуу убакытты аныктоо үчүн щетка башынын эскиришине көз салат. Бул функция сизге тишиңизди эң мыкты тазалоого жана кам көрүүгө кепилдик берет.

3 Щетканын башын алмаштыруу тууралуу эстеткич жарыгы сары болуп күйгөндө, аны алмаштырышыңыз керек болот.
Бардык акылдуу щетка баштары щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүү функциасы күйгүзүлгөн бойдон камсыздалат. Щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү өчүрүү үчүн 'Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү' бөлүмүн караңыз.
Функцияларды күйгүзүү же өчүрүү
Тиш щеткаңыздын төмөнкү функцияларын күйгүзүп же өчүрсөңүз болот:
- EasyStart
- Щетканын башын алмаштыруу керектигин эскертүү
- Басым сенсорунун жообу
Эскертме: Кармагычта акылдуу щетка башы тагылып турганда, щетка башын алмаштыруу тууралуу эскертүүнү күйгүзүп же өчүрө аласыз.
1-кадам: Кармагычты сайылган кубаттагычтын устүнө коюңуз.

| EasyStart Щетканын | Басым сенсорунун |
| башын | жообу |
| алмаштыруу | |
| керектигин | |
| эскертүү |
| 3 секундгачейин | 5 секундгачейин | 7 секундга чейин |

З-кадам: Ундү укканыңызда күйгүзүү/өчүрүү баскычын коё бериңиз:
андан кийин 3 сигнал



Эгерде сиз батарейканын индикаторун жана щетка башын алмаштыруу эстеткичинин жарыгынын жашыл түсте 2 жолу жымындап күйүп турганын көрсөңүз жана төмөнкүдөн жогоркуга чейин 3 үндү уксаңыз, анда бул функция иштетилгенин билдирет.
ЖЕ


Эгерде сиз батарейканын индикаторун жана щетка башын алмаштыруу эстеткичинин жарыгынын сары түстө 1 жолу жымындап күйүп турганын көрсөңүз жана төмөнкүдөн жогоркуга чейин 3 үндү уксаңыз, анда бул функция өчүрүлгөнүн билдирет.
УФ дезинфекциялагыч
Эскертме: Камтылган жабдуулар сатып алынган үлгүгө карай айырмаланышы мүмкүн.
Ар бир колдонуудан кийин УК санитайзер менен тиш сабыңызды тазалай аласыз.
Дезинфекциялагычты сууруп, колдонууну токтотуп жана Керектөөчү тейлөөсүнө чалыңыз, эгер:
- УФ жарык лампасы эшик ачык кезде да күйүк бойдон калса.
- Дезинфекциялагычтын терезеси сынык же жок болсо.
- Дезинфекциялагыч иштеп жатканда, андан түтүн же күйүк жыты чыкса.
Эскертме: УК нуру адамдын көзүнө жана терисине зыяндуу болушу мүмкүн. Бул аппарат ар дайым балдардан алыс жерде сакталышы керек.

1 Щеткалангандан кийин щётканын сабын чайкап, ашыкча сууну силкип салыңыз.
Эскертүү: Щётканын башынын капкагы щетка башында эмес экенин текшерип, щетка башын дезинфекциялагычта тазалаңыз.
2 Манжаңызды санитайзердин эшигинин оюгуна салып, эшикти тартып ачыңыз.
3 Щётканын сабын санитайзердеги 2 штифттин бирине кылдары жарык лампасына карап тургандай кылып коюнуз.
Эскертме: Санитайзерде Philips Sonicare чык этме щётка саптарын гана тазалаңыз.
Эскертме: Дезинфекциялагычта Philips Sonicare for Kids щётка саптарын тазалабаңыз.
4 Санитайзер тийиштүү чыңалуудагы розеткага туташтырылганын текшериңиз.
5 УК тазалоо мерчимин тандоо учүн эшикти жаап, жашыл күйгүзүү/өчүрүү баскычын басыңыз.
Эскертме: Эгер эшиги катуу жабылган болгондо гана дезинфекциялагычты күйгүзө аласыз.
Эскертме: Дезинфекциялоо учурунда эшикти ачсаңыз, дезинфекциялоо токтоп калат.
Эскертме: Дезинфекциялоо цикли болжолу менен 10 мүнөткө созулуп, андан соң автоматтык түрдө өчүп калат.
Терезеден жарык чыгып жатса, санитайзер иштеп жаткан болот.
Кубаттоо жана батареянын абалы
Philips Sonicare тиш щёткасы толук кубатталып турганда ар бири 2 мүнөткө созулган 28 щёткалоо сеансын (кеминде) көрсөтүүгө арналган (күнүнө эки
жолу колдонулганда 14 күн). 2 мүнөттүк щёткалоо сеансын бүткөндө, щетканы тындырганда же кубаттап жатканда, батарея көрсөткүчү анын абалын көрсөтүп турат.
Эскертме: Биринчи жолу колдонгондон мурун батарея 24 саатта толугу менен кубатталышы мүмкүн, бирок ал толук кубатталганга чейин Philips Sonicare тиш щёткасын колдоно аласыз.
Кубатталууда

Кубаттагычта же УФ дезинфекциялагычта кубаттоо
1 Кубаттагычты же дезинфекциялагычты электр розеткасына сайыңыз.
2 Щетканын кармагычын кубаттагычка же дезинфекциялагычка жайгаштырыңыз.
- Сап туура коюлганын ырастоо учүн саптан 2 кыска сигнал чыгат.
- Батарея индикаторунун өчүп-жанган жарыгы тиш щёткасынын кубатталып жатканын көрсөтөт.
- Сап кубаттагычта толук кубатталгандан кийин батареянын индикатору 30 секунд жашыл болуп күйүп, андан кийин өчөт.
Батареянын абалы
Батареянын абалы (кубаттагычка туташтырылган сап)
Туткасы кубаттагычка коюлганда, батареянын көрсөткүчү батареянын деңгээлин көрсөтөт.
Батареянын абалы (кубаттагычка туташкан бойдон/кубаттоочу саякат кутусунда кармаңыз)
Туткасы кубаттагычка же кубаттоочу саякат кутусуна коюлганда, батареянын көрсөткүчү батареянын деңгээлин көрсөтөт.
Батареянын абалы Батарея көрсөткүчү
Кубатталууда Жашыл түстө бүлбүлдөйт
Толук 30 секунд бою туруктуу жашыл
түстө күйүп, анан өчөт
Батареянын абалы (кармагыч кубаттагычка жайгаштырылбай турганда)
Тиш щеткасы ойго кезде, тутканын астындагы батарея индикатору батарея деңгээлин көрсөтөт.
Батареянын абалы Батарея көрсөткүчү Добушу
| Толук Туруктуу жашыл - | ||
| Жарым-жартылай толук | Жашыл түстө бүлбүлдөйт | - |
| Төмөн Кочкул сары түстө | булбүлдөйт | Щетка менен тазалагандан кийин туткадан 3 сигнал чыгат |
| Бош Кочкул сары түстө | булбүлдөйт | Щетка менен тазалагандан кийин туткадан 5тен 2 топтом сигнал чыгат |
| Эскертме: Колдонулбай турганда энергияны үнөмдөө үчүн батареянын жарығы өчөт. | ||
| Эскертме: Батарея толугу менен бош болгондо, тиш щётка өчөт. Щетканы кубаттагычка жайгаштырып, кубаттаңыз. | ||
| Эскертме: Батареяны ар дайым толук кубатталган бойдон кармап туруу үчүн, тиш щеткаңызды колдонбогондо кубаттагычта кармасаңыз болот. | ||
| Батареянын абалы (тутка кубаттагычка/кубаттоочу саякат кутусунда жайгаштырылбаган кезде) | ||
| Тиш щеткасы ойго кезде, тутканын астындагы батарея индикатору батарея деңгээлин көрсөтөт. | ||
| Батареянын абалы Батарея көрсөткүчү Добушу | ||
Толук Туруктуу жашыл -
Батареянын абалы Батарея көрсөткүчү Добушу
| Жарым-жартылай толук | Жашыл түстө бүлбүлдөйт | - |
| Төмөн Кочкул сары түстө бүлбүлдөйт | Щетка менен тазалагандан кийин туткадан 3 сигнал чыгат | |
| Бош Кочкул сары түстө бүлбүлдөйт | Щетка менен тазалагандан кийин туткадан 5тен 2 топтом сигнал чыгат | |
Эскертме: Колдонулбай турганда энергияны үнөмдөө үчүн батареянын жарығы өчөт.
Эскертме: Батарея толугу менен бош болгондо, тиш щётка өчөт. Кубаттоо үчүн тиш щётканы кубаттагычка же кубаттоочу саякат кутусуна салыңыз.
Эскертме: Батареяны ар дайым толук кубатталган бойдон кармап туруу үчүн, тиш щеткаңызды колдонбогондо кубаттагычта кармасаңыз болот.
Тазалоо
Тиш щёткасынын кармагычы

1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин аймагын жылуу суу менен чайкаңыз. Тиш пастасынын калдыктарын тазалаңыз.
Көңүл буруңуз: Металл валдын резина пломбасын курч нерселер менен түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн.
2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме менен аарчицыз.
Эскертме: Ашыкча сууну чыгаруу үчүн кармагычты раковинага таптабаңыз.
Щётканын башы

1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын жана кылдарын чайкаңыз.
2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып, щётканын башынын байланышын кеминде аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап туруңуз. Саякат кабын зарылчылыкка жараша тез чайкап туруңуз.
Кубаттагыч
1 Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз.
2 Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен аарчыңыз.
Жолдо алып жүрүү кутучасы
Жолдо алып жүрүү кутучанын ичин тазалоо үчүн аны жылуу сууга чайкап, нымдуу чүпөрөктү колдонунуз.
Эскертүү: Санитайзерди сууга салып же аны крандын астында чайкабаңыз.
Эскертүү: УК жарык лампасы ысык болсо, санитайзерди тазалабаңыз.
Оптималдуу натыйжага жетүү үчүн санитайзерди апта сайын тазалап туруу сунушталат.

1 Санитайзерди ажыратыңыз.
2 Тамчы топтогучту сыртка тартыңыз. Тамчы топтогучту чайкап, аны нымдуу кездеме менен тазалаңыз.
3 Ички беттеринин баарын нымдуу кездеме менен тазалаңыз.
4 УК жарык лампасынын алдындагы коргоочу экранды алып салыңыз.
Экранды чыгаруу учүн чык этмелердин жанындагы
учтарын кармап, акырын басып, коргоочу экранды
тартып чыгарыңыз.
5 УК жарык лампасын чыгарыңыз.
Жарык лампасын чыгаруу учүн аны кармап, металл илмектеринен тартыңыз.

6 Коргоочу экранын жана УК жарык лампасын нымдуу кездеме менен тазалаңыз.
7 УК жарык лампасын кайрадан киргизициз.
Жарык лампасын кайрадан киргизүү үчүн жарык лампасынын түбүн металл илмекке тууралап, лампаны илмекке түртүңүз.
8 Коргоочу экранын кайрадан киргизициз.
Экранды кайрадан киргизүү үчүн экрандагы штифттерди УК жарык лампасынын жанындагы чагылдырма беттеги оюкчаларга тууралаңыз. Экранды санитайзердеги оюкчаларга түз түртүңүз.
9 Тамчы чогулткучту УК санитайзерине кайрадан коюңуз.
10 Тазалап, электр тармагына туташтыруудан мурун санитайзер толугу менен кургаганын текшерициз.
Сактоо
Эгер өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган болсоңуз, аны электр розеткасынан ажыратып, тазалап, түз тийген күн нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде сактаңыз.
алмаштыруу
Оптималдуу жыйынтыктарга жетүү үчүн Philips Sonicare щётка баштарын 3 ай сайын алмаштырып туруңуз. Philips Sonicare шайманынын алмаштырылууучу щётка баштарын гана колдонунуз.
Улгү номери көрсөтүлгөн жер
Улгү номерин (НХ64XX, НХ68XX) Philips Sonicare кармагычынын түбүнөн караңыз.
Кепилдик жана колдоо
Маалымат же колдоо алгыңыз келсе, www.philips.com/support сайтына өтүп же эл аралык кепилдик баракчасын окунуз.
Кепилдиктеги чектөөлөр
Кепилдик эмнени каптабайт:
- Ооз тиркемелеринде, анын ичинде щетка баштары жана саптамалар.
- Уруксат берилбеген алмаштыруу бөлүктөрүн же тиш щётканын баштарын колдонуудан келип чыккан бузулуу.
- Туура эмес колдонуу, нускамаларды бузуу, олдоксондук, өзгөртүүлөр же уруксат берилбеген ондоп-түзөөлөрдөн келип чыккан бузулуу.
- Кадимки эскируу, анын ичинде майда сынык, чийик, дат басуулар, өңүнүн өчүшү же өзгөрүшү.
- УК жарык лампасы.
Кайра иштетүү

- Бул символ электрикалык өнүмдөр менен батарейкалар кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытууга болбостугун билдирет.
- Электрдик жана электрондук өнүмдөрдү жана батарейкаларды өлкөңүздүн мыйзамдарына ылайык өзүнчө чогултуңуз.
- Санитайзердин УК жарык лампасында сымап бар. Колдонуудан чыккандан кийин УК жарык лампасын кадимки тиричилик таштандысы катары ыргытпаңыз. Аны кайра иштетүү максатында чогултууучу расмий чекитке тапшырыңыз.
Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу
Шайманды утилизациялоодо ага алдын ала орнотулган кайра кубатталуучу батареяны квалификациясы бар адис гана чыгарышы керек.
Батареяны чыгаруудан мурун батареянын кубаты толугу менен түгөнгөнүн текшериңиз.
Шайманды ачаарында куралдарды колго алганыңызда жана кайра заряддалуучу батарейканы жок кылганыңызда этият болунуз. Көз, кол, манжаларыңызды жана сиз иштеп жаткан бетти коргонуз.
Батарейкаларды колго алганыңызда, колунуз, өнүм жана батарейкалар кургак болушуна ынаныңыз.
Батарейкалардын ачып салынгандан кийин кокустан кыска туташуусунан этият болууга, батарейка терминалдары метал нерселерге (мисалы, тыйын, шпилька, шакектер) тийгизбөөгө аракет кылыңыз. Батарейкаларды алюминий фольгасына оробонуз. Батарейка терминалдарын жабышкаак тасмага ороп же батарейкаларды ыргытуу алдында пластикалык мүшөккө салыңыз.
Кайра кубатталуучу батареяны чыгаруу үчүн кездеме же сүлгү, балка жана учу жалпак (стандарттуу) отвёртка керек. Төмөндө көрсөтүлгөн процедураны аткарганда негизги коопсуздук чараларын сактаңыз.
1 Кайра кубатталуучу батареянын кубатын толугу менен түгөтүү үчүн, анын туткасын кубаттагычтан чыгарып, тиш щётканы күйгүзүп, ал токтогонго чейин иштете бериңиз. Тиш щётка күйбөй калганга чейин ушул кадамды кайталаңыз.
2 Щётканын башын чыгарып, утилизациялаңыз. Бүтүндөй тутканы сүлгү же кездеме менен жабыңыз.
3 Кармагычтын жогору жагын бир колунуз менен кармап, ал эми анын корпусун түбүнөн 0,5 дюйм жогору бөлүгүн кагыңыз. Аяккы капкагын чыгаруу учүн 4 тараптан тең балка менен катуу кагыңыз.
Эскертме: Ички бекиме туташууларды үзүү үчүн аягына бир нече жолу тийишиңиз керек болушу мүмкүн.

4 Аяккы кабын тиш щёткасынын кармагычынан чыгарыңыз. Эгер аяккы кабы корпустан оцой менен чыкпай жатса, аяккы кап бошогонго чейин 3-кадамды кайталаңыз.

5 Кармагычтын жогору жагын ылдый каратып туруп, валды катуу бетке басыңыз. Эгер ички курам бөлүктөрү аяккы кабы корпустан оной менен чыкпай жатса, аяккы кап бошогонго чейин 3-кадамды кайталаңыз.

6 Отвёртканы ички компоненттердин түбүндөгү кара алкак менен батареянын ортосуна салыңыз. Кара алкактын түбүн сындыруу үчүн отвёртканы батареядан нары түртүп алыңыз.
7 Батареяны жашыл басма платага туташтырууучу металл илмекти сындыруу учүн отвёртканы батареянын түбү менен кара алкактын ортосуна салыңыз. Ушуну менен батареянын ылдыйқы учу алкактан чыгат.

8 Экинчи металл батареянын илмегин сындыруу учүн батареяны кармап, ички курамчалардан тартып алыңыз.
Көңүл буруңуз: Манжаларыңыз жаракат алып калбашы үчүн, батарея тилчелеринин учтуу кырларынан этият болунуз.

9 Батареяда калып калган кубаттан келип чыгууучу электрдик туташуунун алдын алуу үчүн батареянын тиймектерин тасма менен каптаңыз. Эми кайра кубатталуучу батареяны кайра иштетүүгө болот, ал эми өнүмдүн калган бөлүгүн тийиштүү түрдө утилизациялоо керек.
Эскертме: Колдонуу мөөнөтү аяктаганда шайманды кадимки тиричилик таштандылары менен бирге ыргытпаңыз, аны кайра иштетүү үчүн расмий чогултууучу жайга тапшырыңыз. Муну менен сиз айлана-чөйрөнү сактоого жардам бересиз.
Вовед
Толык 30 секунд жасыл болып жанып, өшеді
Толык Жасыл болып жанып тур