METABO WE 24180 MVT - майдалагыч

WE 24180 MVT - майдалагыч METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз WE 24180 MVT METABO PDF форматында.

📄 204 бет PDF ⬇️ Кыргызча KY 💬 AI суроосу ⚙️ Мүнөздөмөлөр 🖨️ Басып чыгаруу
Notice METABO WE 24180 MVT - page 146
Колдонмо жардамчысы
ChatGPT тарабынан иштетилет
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : METABO

Модель : WE 24180 MVT

Категория : майдалагыч

SKIP

Көп берилген суроолор - WE 24180 MVT METABO

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз майдалагыч PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз WE 24180 MVT - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. WE 24180 MVT бренддин METABO.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ WE 24180 MVT METABO

Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы Түрү жана сериялык номери аркылуу белгиленген бул жылмалоочу машина төмөнкүлөргө жооп берерин биз өзүбүздүн жеке жоопкерчилигибиз менен жарыялайбыз: *1), директиванын бардык жоболоруна *2) жана нормаларына *3). техникалык документтерге *4) – 3-беттен карагыла. Metabo фирмасынын түпнуска толуктоочу тетиктери менен бурчтуу жылмалагычтын комплектиси жылмалоого, барабандуу жылмалоочу станоктордо, чоюлган наждактуу жылмалоодо колдонууга, зымдуу щеткалар менен колдонууга жана металлды, бетонду, ташты жана ага окшогон материалдарды суу колдонбостон алмаздуу тегерек менен кесүүгө багытталган. Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик

Кокустук кырсыктарды болтурбоо үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек. Өзүңүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз! КӨҢҮЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо үчүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз. ЭСКЕРТҮҮ – Бул электр шайманы менен кошо келген техникалык коопсуздук боюнча бардык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана спецификацияларды окуп чыгыңыз. Нускамалардын баарын окубагандан электр соккусу, өрт чыгышы жана/ же олуттуу жаракат алуу келип чыгышы мүмкүн. Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап

Башкаларга электр инструментиңизди берүүдө, анын бардык бул документтери менен кошо

4.1 Жылмалоо учурунда, жылмалоочу

наждак кагазы, зым щёткалары же бөлүүчү түйүмдөрү менен иштөөдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр: a) Бул электрокаражат жылмалоо, жылмалоочу наждак кагазы, зым щёткалары же бөлүүчү түйүмдөрү менен иштөө же тешүү үчүн колдонулат. Каражат менен чогуу алган коопсуздук техникасы, нускамалар, көрүнүштөр жана маалыматтар боюнча бардык көрсөтмөлөрдү окуп чыгыңыз. Эгер сиз төмөндө көрсөтүлгөн коопсуздук эрежелерин сактабасаңыз электр тогу менен жабыркооңуз, оор жаракат алууңуз же өрт чыгуусу мүмкүн. b) Бул электр шайманы сайкалдоо үчүн багытталган. Электр шайманын максатынан башка багытта колдонуу кооптуу абалга же жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. c) Электр шайманын атайын иштелип чыкпаган жана анын өндүрүүчүсү тарабынан иштелип чыкпаган функция үчүн колдонбоңуз. Мындай кайра түзүү иш аракеттери башкарууну колдон чыгарууга же жеңил дене жаракаттарына алып келиши

d) Ушул каражаттын өндүрүүчүсү атайын сунуштабаган жана өндүрбөгөн коюлуучу бөлүктү колдонбоңуз. Андай толуктоочу тетиктер электр шайманына орнотулса да, коопсуз иштешине кепилдик бербейт. e) Инструменттин коюлучу бөлүгүнүнүн айлануу ылдамдыгы электр каражатында көрсөтүлгөн максималдуу ылдамдыктан кем болбошу керек. Инструменттин коюлучу бөлүгү көрсөтүлгөн ылдамдыктан тез айланса сынып же ыргып кетиши мүмкүн. f) Коюлуучу бөлүктүн сырткы диаметри жана калыңдыгы сиздин электр каражатыңыздын өлчөмүнө туура келиши керек. Ченем маалыматы туура эмес шаймандар жетишсиз майланган же толук көзөмөлдөнбөгөн болушу

g) Коюлуучу бөлүктүн бекемдөөчү бөлүгү электр каражаттын бекемдөөчү шаймандардын өлчөмүнө туура келиши керек. Электро шайманга сырттан коюлуучу бөлүк туура эмес орнотулса, ал бирдей эмес айланып, өтө катуу дирилдеп башкаруунун жоголушуна алып келиши мүмкүн. h) Бузулган коюлуучу каражаттарды колдонбоңуз. Ар бир колдонуу алдында жылмалоочу тегерек сыяктуу шаймандардан кетик жана жаракаларды, колодкалардан жаракаларды, жешилгендигин же желип бүткөндүгүн, зымдуу щеткалардан жумшарган же үзүлгөн зымдардын жоктугун текшерип алуу керек. Эгер элекр шайманы же иш шайманы кулап түшсө, анын зыянга учурабагындыгын текшерүү же бузулбаган шайманды колдонуу керек. Текшерүү жүргүзүлүп, иш шайманы ишке киргизилгенден кийин, операторду жана анын жанындагыларды

1. Шайкештиги тууралуу

2. Багыты боюнча колдонуу

3. Техникалык коопсуздуктун

4. Техникалык коопсуздук

боюнча өзгөчө эрежелерКЫРГЫЗЧА ky

айланып жаткан иш шайманынан алыс кармап, шайманды бир мүнөт бою толук ылдамдыкта иштетүү зарыл. Жабыркаган коюлуучу бөлүктөр тестирлөө убагында сынып калышы мүмкүн.

i) Коргоочу жеке каражаттарын кийиңиз.

Колдонулган жабдууга жараша, бетти коргоочу беткап, көздү коргоо каражаттарын же коргоочу көз айнек кийүү керек. Керек учурларда чаңдан коргоочу беткап, коргоочу наушник, коргоочу мээлей же абразивдин жана материалдын майда бөлүкчөлөрү колдонуучудан алыс болушу үчүн атайы алжапкыч кийүү зарыл. Ар кандай жумуштун натыйжасында пайда болуп, ыргып жаткан сыныктардан көздү коргоо керек. Чаң беткабы же респиратор колдонуу учурунда пайда болгон чаңды чыпкалашы керек. Эгер машинаны колдонуучулар узак убакыт бою ызы-чууга дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу пайда болот. j) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш аймагына кирген адамдардын баары жеке коргоо каражаттарын кийиши керек. Даярдама материалдын бөлүкчөлөрү же сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан да жаракат алуу мүмкүн. k) Иш шайманы көрүнбөгөн электр өткөрүү линияларына же өзүнүн кубаттоочу шнуруна тийип кете турган жумуштарды жасап жатканда, электр шайманын корголгон туткасынан гана кармаңыз. Инструменттин кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу инструменттин бөлүгү аркылуу электр инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуу күч берип, ал электр тогуна урундурушу мүмкүн. l) Тармак кабелин айлануучу каражаттарданалыс кармаңыз. Шайманды башкаруу жоготулса, кубаттоо шнуру үзүлүп же оролуп калып, колуңуз менен айланып жаткан шайманды кармап алышыңыз мүмкүн. m) Коюлуучу бөлүк толук айланып бүткүчөктү электр шайманды эч качан койбоңуз. Айланып жаткан иш шайманы бир нерсеге тийип кетип, электр шайманын башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн. n) Электр каражаты иштеп турган учурда көтөрүп жүрбөңүз. Айланып жаткан иш шайманына кокус тийип кетсе, оператордун кийими оролуп калып, шайман оператордун денесин тешип кетүү коркунучу жаралат. o) Электр шайманынын аба айлануучу көзөнөгүн тез-тез тазалап туруңуз. Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска чаңды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе, электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн. p) Электр каражатын күйүүчү заттардын жанында колдонбоңуз. Учкундар материалдарды күйгүзүшү мүмкүн. q) Муздатуу үчүн суюк каражаттарды талап кылган коюлуучу бөлүктөрдү колдонбоңуз. Суу же башка муздатуучу суюктуктарды колдонуу электр соккусуна урунууга алып келиши мүмкүн.

4.2 Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы

боюнча тиешелүү нускамалар Жабылуу бул айланып жаткан жылмалоочу бөлүктүн жабылып калуусу, жылмалоо диски, жылмалоо табакча, зым щеткалары ж.б. сыяктуу, кысылып калуусунун натыйжасындагы күтүлбөгөн реакция болуп саналат. Бир нерсе такалып же туруп калса бөлүктүн иштөөсүнүн токтотуусуна алып келет. Натыйжада, башкарылбай калган электр шайманы бөгөттөлгөн чекиттен коюлма шаймандын айлануу багытына каршы ылдамдап айланат. Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчылып калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма материалга кирип турган чети бөгөттөлүп калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине себеп болушу мүмкүн. Андан соң, бөгөттөлгөн чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша жылмалама тегерек оператор тарапка же ага карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн. Жабылуу электр шайманды туура эмес колдонуудан улам жана/же иштөөнүн туура эмес шарттарынан улам келип чыгат. Төмөндө көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары аркылуу анын алдын алууга болот. a) Электр шайманын бекем кармоо керек жана оператор өз денеси менен колдорун тээп кетүүгө жол бербегидей абалда кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү учурундагы реакция моменттерин болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым кошумча туткасын да колдонуңуз. Оператор тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат. b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына жакын кармоого тыюу салынат. Тээп кеткенде шайман оператордун колуна тийип калышы мүмкүн. c) Шайман контролдон чыгып кеткен учурда жаракат алуудан абайлаңыз жана алыс туруңуз. Тетиктердин электр шайманына бекем орнотулушу шаймандын коопсуз иштешине кепилдик бербейт. d) Бурчтарды жана башка учтуу жерлерди жылмалоодо, кесүүдө өзгөчө сак болуңуз. Айланып жаткан бөлүк бурчтарга же башка учтуу нерселерге кармалып калып шаймандан чыгып ыргып кетиши мүмкүн. Бул башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет. e) Каражаттын сегменттелген, аралыгы 10 ммден көп болгон тиштүү лезвиесин даракты кесүү үчүн колонбоңуз. Мындай каражаттар негизинен контролдун жоголушуна алып келиши мүмкүн.КЫРГЫЗЧАky

4.3 Жылмалоо жана кесип жылмалоо

учурундагы коопсуздук техникасы боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: a) Бир гана сатып алган электр шайманы үчүн уруксат берилген жылмалоо машиналарын жана ушундай жылмалоо машиналары үчүн жасалган коргоо капкагын колдонуу керек. Электр шайманына арналбаган абразивдер жетиштүү түрдө тосулбагандыктан, кооптуу болушат. b) Чыканактуу жылмалоочу тегеректерди жылмалоочу катмары коргоочу каптаманын тегиздигинен ашпагыдай кылып орнотуу зарыл. Жылмалоочу диск туура эмес орнотулса (коргоочу капкагынын тегиздигинен чыгып турса) толук экрандана албайт. c) Коргоочу бөлүгү шайманга толугу менен туура коопсуз болуп орнотулушу керек, колдонуучуга жылмалоосу корпустун бөлүгү көрүнүп турушу керек. Коргоочу каптама операторду таштандыдан коргоого, абразивдүү материалдын жана кийимди күйгүзө турган учкундардын кокустан тийип кетишинен сактоого жардам берет. d) Жылмалоочу тегеректерди сунушталган жумуштарга гана колдонууга болот. Мисалы: жылмалоо дисктин каптал бетин эч качан жылмалабаңыз. Кесүүчү жылмалоо тегеректери материалды дисктин четинен жоготууга арналган. Бул жылмалоочу тегеректерге капталынан күч келтирилгенде алар сынып калышы мүмкүн. e) Тандалган жылмалоочу тегерекке туура өлчөмдөгү жана формадагы, бүтүн кыпчытма фланецтерди колдонуу керек. Чак келген фланецтер жылмалоочу тегеректи бекемдеп, кесүүчү жылмалоо тегерегинин сынып кетүү коркунучун азайтат. Кесүүчү тегеректер үчүн лезвиелер башка жылмалоочу тегеректердин фланецтеринен айырмаланышы

f) Күчтүүрөөк электр шаймандарында жешилген жылмалоочу тегеректерди колдонууга болбойт. Күчтүүрөөк электр шаймандарынын жылмалоочу тегеректери кичине электр шаймандарынын жогорку ылдамдыгына дайындалган эмес жана сынып калышы мүмкүн. g) Эки милдетти аткаруучу дисктерди колдонууда дайыма коргоочу чехолду да колдонуңуз. Коргоочу чехолду туура эмес колдонууда каалаган экрандаштырууну өткөрүп жиберүүсүнө жана оор жаракаттарды алып келиши мүмкүн.

4.4 Кесип жылмалоодогу коопсуздук

техникасы боюнча кошумча өзгөчө нускамалар: a) Кесүүчү дисктин бөгөттөлүшүн же ашыкча контакт басымынын алдын алуу сунушталат. Өтө терең кесүү сунушталбайт. Кесүүчү дискке ашыкча күч келтирилгенде, анын чыңалуусу көбөйүп, кыпчылууга же бөгөттөлүүгө ыктуу болуп калгандыктан, тээп кетүү же абразивдүү сынуу мүмкүнчүлүгү пайда

b) Айланып жаткан кесүүчү тегеректин алдына же артына жайгаштырууга болбойт. Эгер оператор кесүүчү дискти өзүнөн даярдалма материалды көздөй жылдырса, диски айланып жаткан электр шайманы тээп кеткенде операторду көздөй жылышы мүмкүн. c) Эгерде кесүүчү диск такалып калса же сиз иштөөсүн токтотсоңуз, диск айланып бүткүчөктү шайманды кыймылсыз колуңузда кармап туруңуз. Иштеп жаткан кесүүчү дөңгөлөктү эч качан чыгарууга аракет кылбаш керек. Болбосо, тээп кетиши мүмкүн. Кыпчылуунун себебин аныктап, жоюу

d) Электр шайманы даярдалма материалда турганда аны күйгүзүүгө болбойт. Кесүүнү улантуудан мурун лезвие толук ылдамдык алгыдай кылыш керек. Болбосо диск кыпчылып калып, даярдалма материалдан бошоп же тээп кетиши мүмкүн. e) Кесүүчү диск кысылып калгандыктан тээп кетүү коркунучун азайтуу үчүн пластина жана чоң даярдалма материалдарга тирөөч коюу керек. Ири даярдалма материалдар өз салмагынан улам ийилиши мүмкүн. Иштелип жаткан деталь дисктин эки жагына, кесүү сызыгына да, четки сызыктарга да, тең такалышы керек. f) Турган дубалдарда же башка көрүнбөгөн аймактарда тереңдетип кесүү учурунда өзгөчө кылдат болуу зарыл. Газ жана суу түтүктөрүн, электр зымдарын же башка объекттерди кесип жатканда сууланган кесүүчү диск тээп кетиши мүмкүн. g) Ийри кесүү жасабаңыз. Кесүүчү дискти тынымсыз жана өтө көп колдонуудан анын иштөөсү начарлап, туура эмес иштеп, жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

4.5 Жылмалоодогу коопсуздук техникасы

боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: a) Жылмалоочу листтердин өлчөмүн туура колдонуңуз жана өндүрүүчү көрсөткөндөй туура тандоо керек. Жылмалоочу лезвие жылмалоочу коргоочу пластинадан чыгып турса коллдонуучуга зыян алып келиши жана башка нерселерге , иштөөсүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.

4.6 Зымдуу щеткалар менен иштөөдөгү

коопсуздук техникасы боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр: a) Кадимки колдонууда зымдуу щетка зым үзүктөрүн жоготоруна көңүл буруу керек. Ашыкча кысуу басымынан улам зымдарга күч келтирбеш керек. Зымдын ыргыган кесиндилери жука кийимди жана / же терини көзөп өтүшү мүмкүн. b) Эгер коргоочу капкакты колдонуу сунушталса, коргоочу капкак менен зымдуу щетка бири-бирине тийбеши керек. Пластина түрүндөгү же чөйчөктүү щеткалардын контактКЫРГЫЗЧА ky

басымынан жана борбордон качма күчтөн улам диаметри чоңойушу мүмкүн.

4.7 Коопсуздук боюнча кошумча

көрсөтмөлөр: ЭСКЕРТҮҮ – Ар дайым коргоочу көз айнек кийүү зарыл. Коргоочу кулак тыгындарын колдонуңуз. ЭСКЕРТҮҮ – Электрокуралды ар дайым эки колуңуз менен колдонуңуз. Жылмалоонун корогоочу чехолун башка кызматтар үчүн колдонбоңуз. Кесүүчү дисктерди колдонууда коопсуздук үчүн тиешелүү коргоочу бөлүктөрүн колдонуңуз. Сегменттелген кесүүчү тиштери 10 ммден чоң болгон тиштерди колдонбоңуз. Сегменттерди кесүү үчүн тескери бурчтагы тиштер гана колдонулушу керек. Байланышкан кесүүчү дисктерди алар күчөгөн убакта гана колдонуңуз. Ийкемдүү прокладкалар абразив менен берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды колдонуу керек. Шаймандын же аксессуардын маалыматына баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана соккудан сактоо керек! Коюлуучу бөлүктөр сөзсүз түрдө өндүрүүчү сунуштаган көрсөтмө боюнча сактоо жана текшерүүдөн өтүп туруу керек. Кесүүчү дисктерди эч качан кара жылмалоо үчүн же кабырчактарды алуу үчүн колдонбоңуз! Кесүүчү дисктин каптал тарабына күч келтирбөө

Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар менен. Ири даярдалма материалды талаптагыдай тиреп коюу керек. Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса, шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын көзөнөгүнө тийбеши керек. Иш шайманындагы сай шпинделдин узундугуна дал келгидей болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш шайманындагы сай шпинделдеги сайга дал келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы боюнча маалыматты 3-беттен жана 14. Техникалык маалымат бөлүмүнөн караңыз. Туура келген стационардык тузүлүштү колдонуу сунушталат. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максималдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек. Жылмалоочу машина агып чыкма токтон коргоочу автомат тарабынан өчүрүлгөндө, шайманды текшерип, тазалоо керек. «Тазалоо» 9. бөлүмүн караңыз. Сынган, тегерек эмес же титиреген шаймандарды колдонууга болбойт. Газ же суу түтүктөрүн, электр зымдарын жана көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан сактануу керек. Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө алдында вилканы розеткадан сууруш керек. Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт. Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт. Шаймандын деталдары же коргоочу каражаттары жок болсо же бузулган болсо, аны күйгүзбөңүз. Жай жүргүзүүчү баскычтуу машиналар (типтүү тактасында "WE..." деп жазылган): Эгер жүргүзгөндө машина максималдуу айлануу жыштыгына тез көтөрүлсө, демек электрондук блокто ката бар. Электрондук блоктун функцияларына тийиштүү техникалык коопсуздук боюнча башка көрсөтмөлөр жок. Электр шайманын дароо оңдоого өткөрүңүз (12. бөлүмүн караңыз). Майда даярдалма материалды бекитип коюу керек. Мисалы, аларды тиск менен кыпчытуу

Фланц дисктерин эки түрдүү (кесүүчү жылмалоочу жана жылмалоочу) колдонсо, коргоочу капкактарын А жана С типтерине гана колдонууга болот. Бул бөлүмдү караңыз: 11. Коргоочу чехолун туура колдонуу: Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүнө жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсү мүмкүн. Туура эмес колдонуунун мисалдары: - А тибиндеги коргоочу бөлүктү колдонууда жылмалоочу же кесилүүчү нерселер, бири- бирине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ал болсо өз учурунда башкаруунун жоголушуна алып

- В тибиндеги коргоочу бөлүктү кесүүчү диск менен чогуу колдонууда от учкундары чыгуусу жана диск сынса анын сыныктары чачырашы

- А, В, С тибиндеги коргоочу бөлүктү кирпич жана бетонду кесүүдө колдонууда өтө көп чаң чыгышы жана күчтүү кайра кайтуу күчү чыгышы мүмкүн. - А, В, С тибиндеги коргоочу бөлүктү, уруксат берилген калыңдыктан калың тазалоочу щетка менен колдонууда ал коргоочу бөлүк менен тийишип, зымдардын жарылуусуна алып келиши мүмкүн. Дайыма шайманга туура келүүчү коргоочу чехолду колдонуңуз. Бул бөлүмдү караңыз: 11. Чаңдын чыгышын азайтуу: ЭСКЕРТҮҮ - Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу станокторду колдонгондо, жылмалоодо, аралоода, көзөөдө жана башка жумуштарда пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса кемтик жана репродуктивдүү функциянын башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык заттардын айрым мисалдары: - коргошундуу боёктон чыккан коргошун,КЫРГЫЗЧАky

- кирпичтен, цементтен жана башка тизүү материалдарынан чыккан минералдуу чаң

- химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан мышьяк жана хром. Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч операторлор мындай жумушту канчалык көп аткарганына жараша айырмаланат. Бул химикаттардын таасирин азайтуу үчүн жакшы аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо каражаттары, мисалы, микроскоптук бөлүкчөлөрдү чыпкалоо үчүн атайын иштелип чыккан чаңдан коргоочу беткаптар менен иштөө

Бул башка материалдардын да чаңына тиешелүү, мисалы, дарактын айрым түрлөрү (дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар, асбест. Башка кеңири тараган ооруларга аллергиялык реакциялар, дем алуу органдарынын оорулары кирет. Бөлүкчөлөрдү оператордун организмине киргизбеш керек. Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин түрү боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде белгиленген нускамаларды жана улуттук эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча эрежелерди) сактоо керек. Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек. Иштин ар бир түрүнө ылайыктуу аксессуарларды колдонгула. Аны менен айлана-чөйрөгө бөлүкчөлөр азыраак чаңдалат. Чаңды кетирүү үчүн тийиштүү чаң соргучтарды колдонгула. Чаңдын зыян таасирин төмөндөткүлө: - пайда болгон зыян бөлүкчөлөрдүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чаңга багыттабагыла, - аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула, - Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чаңды кайра көтөрөт. - Коргоочу кийимди атайын чаң соргуч менен тазалап же жууш керек. Үйлөбө, чаппа жана щетка менен тазалаба. 2-бетти кара. 1 Quick кыпчытма гайкасы * 2 Тирөөчү фланец * 3Шпиндель 4W...

...: Автобалансирдин тирөөчү фланеци (чечилбейт) * 5 Шпинделди бөгөттөөчү баскыч 6 Электрондук сигналдык индикатор * 7Тутка 8 Бөгөттөө (узак убакытка күйгүзүү үчүн керек болсо, кокустан күйгүзүп алуудан бөгөттөө)

9 (Өчүрүүчү / күйгүзүүчү) которуучу баскыч 10 Баскыч (негизги тутканы тууралоо үчүн) 11 Негизги тутка 12 Кошумча тутка / Титирөөнү басаңдатуучу кошумча тутка 13 Коргоочу капот 14 Кыпчытма гайка * 15 Эки көзөнөктүү ачкыч * 16 Сыдырма (коргоочу каптаманы шаймансыз тууралоо үчүн) 17 Винт (сыдырманы кысуу күчүн тууралоо

  • комплектация жараша/ эксплуатация көлөмүнө кирбейт Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган чыңалуусу жана жыштыгы сиздин кубат жеткирүүңүздүкүнө туура келерин тактаңыз. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максималдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек. Кесилиши кеминде 1,5 мм

болгон узартуучу кабелди колдонуңуз. Узартуучу кабелдер шаймандын керектөөчү кубатына дал келиши керек (Техникалык маалымат бөлүмүн караңыз). Кабель барабанын колдонгондо кабелди толугу менен барабандан чечүү керек.

6.1 Кошумча тутканы орнотуу

Кошумча тутка тагылган абалда гана иштөө (12) керек! Кошумча тутканы сол жактагы, ортодогу же оң жактагы (муктаждыкка жараша) сайлуу көзөнөкө аягына чейин кол менен бураңыз.

6.2 Коргоочу каптаманы орнотуу

Иштеп баштаганга чейин: коргоочу каптаманы

Коопсуздукту сактоо максатында каражатка туура келүүчү атайын чыгарылган коргоочу чехолду колдонуңуз! Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүнө жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсү мүмкүн. 11. Аксессуарлар бөлүмүн да караңыз! 2-бет, F сүрөтүн караңыз. - Сыдырманы (16) ачыңыз. Коргоочу каптаманы (13) көрсөтүлгөн абалда орнотуңуз. - Коргоочу капкакты жабык аймагы колдонуучуну карап тургудай кылып буруңуз. - Сыдырманы жабыңыз. - Керек болгон учурда, (сыдырма ачылып турганда) винтти бекитүү аркылуу (17) сыдырманын кыпчытуу күчүн көбөйтүңүз. Коргоочу капоттон кеминде 3,4 мм чыгып турган иш шаймандарын гана колдонуу керек.

6. Ишке киргизүүКЫРГЫЗЧА ky

Негизги тутка тагылган абалда гана иштөө (11) керек. 2-бет, C сүрөтүн караңыз. - Баскычты (10) басыңыз. - Эми негизги тутканы (11) эки тарапка тең 90° буруп, бекитсе болот. - Бекем отургандыгын текшериңиз: негизги тутка (11) бекитилип, бурулбашы керек.

6.4 Электр тармагына туташтыруу

Тармактык штепсель розеткалары инерциялык эриме сактагычтар же линиялык коргоочу автоматтар менен корголушу керек. Типтүү табагында "WE..." деп жазылган

(жүргүзүүчү токту автоматтык түрдө чектегичи камтылган (жайдан жүргүзүү функциясы)). Тармактык штепсель розеткалары инерциялык эриме сактагычтар же линиялык коргоочу автоматтар менен корголушу керек. Кайра жабдуу иштеринин алдында: кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуу зарыл. Станокту өчүрүп, шпинделди токтотуу

Коопсуздукту камсыздоо максатында, кесүүчү жээктин калканын колдонуу сунушталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11.

7.1 Шпинделди бөгөттөө

Шпинделди бөгөттөө баскычын (5) шпиндель кыймылсыз турганда гана басууга болот! - Шпинделди бөгөттөө (5) баскычын басып, шпинделдин бөгөттөөчү баскычы бөгөттөлгөнү сезилмейинче (3) кол менен айлантыңыз.

7.2 Жылмалоочу дискти орнотуу

2-бет, D сүрөтүн караңыз. W 2..., WE 2... деп белгиленген машиналар: - Тирөөчү (2) фланецти шпинделге орнотуңуз. Фланец шпинделде айланбаса, туура орнотулду деп эсептелет. - Абразивдүү тегеректи D сүрөтүндө көрсөтүлгөндөй, тирөөчү (2) фланецке

Жылмалоочу тегерек тирөөчү фланецке тегиз отурушу керек. W...A 2... деп белгиленген машиналар: Автобалансирдин тирөөчү фланеци (4) шпинделге катуу бекитилет. Башка бурчтуу жылмалоочу машиналардан айырмаланып, кошумча тирөөчү фланец талап кылынбайт. Автобалансирдин тирөөчү фланецинин (4), абразивдүү тегеректин жана (1) Quick тирөөчү гайкасынын (14) же тирөөчү гайканын бети таза болушу керек. Керек учурда аларды тазалоо зарыл. - Абразивдүү тегеректи автобалансирдин тирөөчү (4) фланецине орнотуңуз. Абразивдүү тегерек автобалансирдин тирөөчү фланецине тегиз отурушу керек.

7.3 Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/

бошотуу (комплектациясына жараша) Quick кыпчытма гайкасын (1) бекитүү: Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы 8 мм ден калың болсо, Quick кыпчытма гайкасын колдонууга болбойт! Андан соң кыпчытма гайканы (14) эки көзөнөккө ачкыч менен (15) бекитүү керек Бир гана мандемсиз Quick кыпчытма гайкасын колдонуңуз: жебе менен сырткы шакекченин оюгу гана көрүнүшү керек (2-б., сүр.

- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). - Quick кыпчытма гайкасын (1) шпинделге (3) орнотуңуз. Сүрөттү караңыз, 2-бетте. - Quick кыпчытма гайкасын саат жебеси боюнча кол менен бекитиңиз. - Жылмалоочу тегеректи күч менен саат жебеси боюнча айлантуу аркылуу Quick кыпчытма гайкасын бекитиңиз. W...B... деп белгиленген машиналарда акыркы 180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек. Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу: - Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). - Quick кыпчытма гайканы (1) саат жебесине каршы бурап чечиңиз.

7.4 Кыпчытма гайканы бекитүү/бошотуу

(комплектациясына жараша) Кыпчытма гайканы (14) бекитүү: Кыпчытма гайканын 2 бети бири-биринен айырмаланат. Контргайканы шпинделге төмөнкүдөй кылып бураңыз: 2-бет, E сүрөтүн караңыз. - A) Жука жылмалоочу тегеректер үчүн: Кыпчытма гайканын хомуту (14) өйдө карап тургандыктан, жука жылмалоочу тегеректи бекем орнотууга болот. B) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн: Кыпчытма гайканын хомуту (14) төмөн карап тургандыктан, кыпчытма гайканы шпинделге бекем орнотууга болот. - Шпинделди бөгөттөңүз. Кыпчытма гайканы (14) саат жебеси боюнча (15) ачкыч менен эки көзөнөккө бекитиңиз. W...B... деп белгиленген машиналарда акыркы 180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек. Кыпчытма гайканы бошотуңуз: - Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). Кыпчытма гайканы (14) саат жебесине каршы

7. Жылмалоочу дискти орнотууКЫРГЫЗЧАky

(15) ачкыч менен бурап эки көзөнөктөн

Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң даярдалма материалга алып келүү керек. Кокустан жүргүзүп алуудан сактануу үчүн: вилка розеткада суурулуп кеткенде же электр кубатында бузулуу орун алганда машинаны өчүрүп коюу керек. Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина колдон бошотулганда да иштей берет. Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол менен туткасынан кармап, туруктуу абалга жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу

Чаң же сүрүндү шайманга сорулуп киришине жол бербеңиз. Машинаны өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо гана шнурду сууруш керек. 2-бет, A сүрөтүн караңыз. Моменталдуу күйгүзүү:

Бөгөттөгүчтү (8) жебенин багытында жылдырып, которгуч баскычын (9)

Которгуч (9) баскычын коё бериңиз. Тынымсыз иштетүү (жабдылышына

Бөгөттөгүчтү (8) жебенин багытында жылдырып, которгуч баскычын (9) басып, кармап туруңуз. Эми машина күйгүзүлдү. Эми которгуч баскычын бөгөттөө үчүн (8) бөгөттөгүчтү дагы бир жолу жебе боюнча (9) жылдырыңыз (тынымсыз иштетүү

W...B деп белгиленген машиналар: Кыска мөөнөткө күйгүзүү (автотоктотуу функциясы менен): 2-бет, B сүрөтүн караңыз. Күйгүзүү: Которгуч баскычын (9) алдыга жылдырып, которгучту өйдө карай (9)

Станокту орто күч менен басып, даярдалма материалдын үстүнкү бөлүгү өтө ысып кетпеши үчүн алдыга, артка жылдырыңыз. Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн 30° - 40?C бурч менен иштөө керек. Жылмалоочу тегерек менен кесүү: Жылмалоочу тегерек менен кесип жатканда ар дайым дисктин айланышына каршы (сүрөттү караңыз) иштөө керек. Болбосо, машинанын кесилген жерден көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат. Иштелип жаткан материалга ылайыкталган, орточо күч менен иштөө керек. Өтө кыйшайууга, ашыкча күч келтирүүгө жана машинаны чайкоого жол бербеңиз. Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу станоктор: Станокту орто күч менен басып, даярдалма материалдын үстүнкү бөлүгү өтө ысып кетпеши үчүн алдыга, артка жылдырыңыз. Зымдуу щеткалар менен иштөө: Машинаны орточо күч менен басыңыз. Иштетип жатканда машинанын ичинде коштоочу чаң отуруп калышы мүмкүн. Бул электр шайманын муздатууну начарлатат. Ток өткөрүүчү чаң электр шайманынын коргоочу изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу коркунучун жаратышы мүмкүн. Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана арткы аба айлантуучу көзөнөктөр аркылуу чаңды тазалап же кургак аба менен үйлөтүп туруу керек. Коргоочу көз айнектерди кийип жана чаңдан коргоочу туура келген беткапты кийип шайманды ток булагын берүүчү чекиттен ажыратыңыз. Үйлөтүү учурунда жетиштүү сордуруучу аба камсыздалышы керек. Тутканы (10) тууралоочу баскыч: Зарыл болсо, баскычтын кирин тазалаңыз же кургап аба менен үлөтүңүз (басылган абалында, негизги тутканын 3 абалында тең). Ал үчүн электр шайманын электр булагынан ажыратып, коргоочу көз айнек жана респиратор кийүү

Типтүү табагында "WE..." деп жазылган

- Ашыкча жүктөн коргоо: электрондук сигнал индикатору (6) күйүп, күч келгенде айлануу жыштыгы КАДИМКИДЕЙ азайат. Кыймылдаткычтагы ашыкча температура! Шайман муздагыча жана электрондук сигнал индикатору өчкүчө, аны куру жүрүштө

- Ашыкча жүктөн коргоо: электрондук сигнал индикатору (6) күйүп, күч келгенде айлануу жыштыгы КИЧИНЕ азайат. Электр шайманына ашыкча күч келген. Электрондук сигнал индикатору өчкүчө, төмөн күч менен иштей бериңиз. - Электрондук авариялык өчүрүү: Электрондук сигнал индикатору (6) күйүп, машина өзүнөн-өзү ӨЧҮП калат. Эгер учурдагы өсүү ылдамдыгы өтө жогору болсо (мисалы, күтүүсүздөн токтоп же тээп кеткенде)

машина өчүрүлөт. Өчүрүү баскычын басып, жабдыкты өчүрүү (9). Мындан кийин аны кайра күйгүзүп, кадимки режимде иштей бериш керек. Кийинкиде блокко түшүрбөөгө аракеттенгиле. Бул бөлүмдү караңыз: 4.2. - Кайталап жүргүзүүдөн коргоо: электрондук сигнал индикатору (6) БҮЛБҮЛДӨЙТ жана электр шайманы иштебей калат. Кайталап күйгүзүүнү бөгөттөөчү түзмөк иштеп кетет. Машина күйгүзүлгөндө же кубаты өчүрүлгөндөн кийин кайра берилгенде шнурдун вилкасы сайылып турса, машина жүргүзүлбөйт. Машинаны өчүрүп, кайра күйгүзүңүз. - Күйгүзгөндө электр шайманы жогорку айлануу жыштыгына өтө тез жетет, б.а. жүргүзүү тогунун автоматтык чектегичи (жайдан күйгүзүү функциясы) иштебей калат. Электрондук блокто ката бар; электрондук блоктун функцияларына тийиштүү техникалык коопсуздук боюнча башка көрсөтмөлөр жок. Электр шайманын дароо оңдоого өткөрүңүз (12. бөлүмүн караңыз). W 22-180 MVT, W 22-230 MVT, W 24-180 MVT, W 24-230 MVT, W 26-180 MVT, W 26-230 MVT: - Күйгүзүү процесстеринде чыңалуу кыска мөөнөткө түшүп калат. Тармактын параметрлери ыңгайсыз болсо, башка аспаптар бузулуп калышы мүмкүн. Тармактын толук тоскоолдугу 0,2 Омго жетпесе, бузулуу дээрлик орун албайт. Metabo фирмасынан чыккан түпнуска тетиктерди гана колдонуу сунушталат. Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мүнөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула. Аксессуарларды бекем орнотуңуз. Электр шайманын кармагычта иштетип жатканда: электр шайманын бекем орнотуңуз. Башкарууну жоготуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. 4-бетти карагыла. Жумушчу элементке туура келүүчү коюлуучу бөлүктү жана көрсөтүлгөн коргоочу чехолду колдонуңуз 5-бетти карагыла. (Сүрөттөр мисал боло алат). Иш тапшырмасы: 1 = Үстүңкү бети менен жылмалоо 2 = Бөлүүчү түйүмдөр 3 = Тешиктерди кесүү 4 = Зым щеткалары 5 = Наждак кагазынын жылмалоосу Коюлуучу бөлүктөр:

1.1 = Кара жылмалоочу диск

1.2 = Жылмалоочу идиш (керамикалык)

2.1 = Кесүүчү диск “Металл”

2.4 = Эки милдетти аткаруучу диск (аралаш

жылмалоочу жана кесүүчү жылмалоочу

4.2 = Идиш үчүн щетка

5.1 = пластиналык жылмалоочу табакча

5.2 = Жылмалоочу листтер үчүн жылмалоочу

Жазылган коргоочу чехол:

Бөлүүчү коргоочу бөлүк В тиби = жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк С тиби = жылмалоо жана (аралаш) бөлүүчү жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк D тиби = идишти жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк F тиби = соруп алуучу электр тогун өчүрүүчү коргоочу бөлүк Башка аксессуарлар: (www.metabo.com караңыз) A Металл кесүү үчүн тирөөч B Кыпчытма гайка (14) C Quick тирөөчү гайка (1) Аксессуарлардын толук ассортиментин www.metabo.com сайтынан же башкы каталогдон караңыз. Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлөө устаканаларында гана жүргүзүлүшү керек! Бузулган тармак кабелин түпнуска Metabo кабели менен гана алмаштыруу керек. Аны Metabo тейлөө борборунан сатып алууга болот. W...B... деп белгиленген машиналарда щеткалар топтомун алмаштырып жатканда, тормоз каптатмаларын да алмаштыруу керек. Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо үчүн Metabo өкүлчүлүгүнө кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар. Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жүктөп аласыздар. Пайда болгон жылмалоо чаңында зыян заттар камтылышы мүмкүн болгондуктан, аны талаптагыдай утилизациялоо керек. Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла. ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук жана электр куралдары боюнча 2012/19/EC Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чөйрөгө зыян келтирбегендей кылып ыргытыш керек.

13. Айлана-чөйрөнү коргооКЫРГЫЗЧАky

Деталдардын сүрөттөлүшүн 3-беттен карагыла. Техникалык прогресске байланыштуу өзгөрүүлөрдү алдын ала карагыла.

max =иш шайманынын уруксат берилген максималдуу диаметри

max,1 =n кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы (14)

max,2 =Quick кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы (1)

max,3 =сүрүүчү тегерек/кесүүчү тегерек: иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калыңдыгы

max,4 =табакча щёткаларынын максималдуу

M =Жүгүртмө сай l =жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички

=куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (максималдуу айлануу жыштыгы)

=Номиналдуу керектелүүчү кубат

=Чыгуучу кубат m =Тармак кабелисиз салмагы Өлчөөнүн мааниси EN 60745 стандартка ылайык аныкталат. II класстагы жабдык ~ Өзгөрмө ток Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен берилген (учурдагы стандарттарга ылайык).

Бул маанилер электр инструменттин калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмөн болушу мүмкүн. Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмөн фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын. Аянты чоң беттерди, жука листтерди же бир аз дирилдеп турган нерселерди жылмалаганда үндүн көрсөтүлгөндөн дагы көп чыгышына (15 дБ га чейин) себеп болушу мүмкүн. Мындай нерселер үндүн ашыкча чыгуусунан тиешелүү чаралар менен корголуусу керек. Мисалы, чоң ийилчээк демпфирлене турган килемчелер. Ошондой эле ызы-чуу таасиринин коркунучун баалоо жана угуунун ылайыктуу коргоону тандоодо үндүн жогорулашы каралышы керек. Дирилдөөнүн жалпы өлчөмү (үч багыттын вектордук суммасы) EN 60745 ылайык аныкталган:

h, SG =дирилдөөнүн эмиссиялык көрсөткүчү (үстүнкү катмарды жылмалоо)

h, DS =Чайкалуунун эмиссиялык көрсөткүчү (табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек менен жылмалоо)

h,SG/DS = каталык коэффициенти (дирилдөө) Ызы чуунун деңгээли

= акустикалык кубаттулук

= Аныксыздык Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула! EAC-Text Алуучу үчүн маалымат: Шайкештик тастыктамасы: Шайкештик тастыктамасы: № ТС RU C- DE.БЛ08.В.00909, жарактуу мөөнөтү

26.10.2017-ж. баштап 25.10.2022-ж. чейин,

«ИВАНОВО-СЕРТИФИКАТ» ООО «Ивановский Фонд Сертификации» өнүмдү тастыктоо органы тарабынан берилген; Дареги(юр. жана факт боюнча): 153032, Россия Федерациясы, Иванов обл., Иваново ш., Станкостроителей көч., 1; тел. (4932)77-34-67; факс (4932)77-34-67; E-mail: ivfs@mail.ru; Аккредитация аттестаты № RA.RU.11БЛ08, 24.03.16-ж., Федералдык аккредитация кызматы тарабынан берилген Өндүрүлгөн өлкө: Германия Өндүрүүчү: "Metabowerke GmbH", Metaboallee 1, D-72622 Nuertingen, Германия Россиядагы импорттоочу: ООО "Метабо Евразия" Россия, 127273, Москва Березовая аллея көч., 5 а, стр 7, 106-кеңсе тел.: +7 495 980 78 41 Өндүрүлгөн күнү шаймандын энтамгасында көрсөтүлгөн 10 орундуу сериялык номеринде шифрленген. 1-сан жылын билдирет, мисалы, «4» саны буюмдун 2014-жылы өндүрүлгөнүн билдирет. 2 жана 3-сандары өндүрүлгөн жылдагы айды билдирет, мисалы, «05» - май Буюмдун колдонуу мөөнөтү 7 жыл. Өндүрүлгөндөн кийин 5 жыл сакталса, алдын ала текшербестен ишке киргизүү сунушталбайт (даярдалган күнүн этикеткадан караңыз).

14. Техникалык шарттарыУКРАЇНСЬКА uk