BS 18 Quick Set - бургу METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз BS 18 Quick Set METABO PDF форматында.
| Продуктун түрү | Зымсыз бургулоочу-бурагыч |
| Бренд | Metabo |
| Модели | BS 18 Quick Set |
| Батареянын чыңалуусу | 18 V |
| Батареянын түрү | Li-Ion |
| Болот бургулоо жөндөмдүүлүгү | 10 mm |
| Жыгач бургулоо жөндөмдүүлүгү | 30 mm |
| Патрон | Ачкычсыз, 1.5-13 mm |
| Бош жүрүү ылдамдыгы (1-ылдамдык) | 0-500 айн/мин |
| Бош жүрүү ылдамдыгы (2-ылдамдык) | 0-1800 айн/мин |
| Максималдуу момент | 50 Нм |
| Салмагы (батарея менен) | 1.6 кг |
| Өлчөмдөрү (Узундук x Туурасы x Бийиктиги) | 230 x 80 x 280 мм |
| Негизги функциялары | Бургулоо, бурап киргизүү |
| Ылдамдык өзгөрткүч | Ооба, электрондук |
| Шпинделди бекитүү | Ооба |
| Техникалык тейлөө жана тазалоо | Нымдуу чүпүрөк менен тазалоо, агрессивдүү эриткичтерди колдонбоңуз |
| Коопсуздук | Электрондук ылдамдык өзгөрткүч, шпинделди бекитүү |
| Запас бөлүктөрү жана оңдоо мүмкүнчүлүгү | Metabo ыйгарым укуктуу сатуучуларынан жеткиликтүү |
| Кепилдик | 2 жыл (онлайн каттоодон кийин 3 жыл) |
Көп берилген суроолор - BS 18 Quick Set METABO
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө BS 18 Quick Set METABO
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз бургу PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз BS 18 Quick Set - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. BS 18 Quick Set бренддин METABO.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ BS 18 Quick Set METABO
ky Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы 76
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу декларация
Аккумулятордук шуруп бурагычтардын жана перфораторлордун типтериндеги жана сериялык номерлериндеги *1) белгиленген маалыматтар, белгиленген директиванын жоболоруна *2) жана стандарттарына *3) ылайык келерин жоопкерчилик менен билдиребиз. *4) Техникалык файлды – 3-беттен карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Шуруп бурагычтар жана перфораторлор металлды, жыгачты, пластикти жана ушу сыяктуу материалдарды кошумча аракетсиз эле бургуласа болот, ошондой эле өлчөгүч тарабынан карматуучу нерселерди жана кесүүлөрдү буроого жана бурап чыгарууга жарайт.
Перфораторлор кирпичтеги жана таштын арасындагы коюлуштарды ургулап бургуласа болот.
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн талап кылуучу өзү жоопкерчилик тартат.
Кокустук кырсыктарды болтурбоо учүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек.
3. Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери

Өзүнүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз!

КОНУЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо учүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз.

ЭСКЕРТУУ – Бул электр шайманы менен кошо келген техникалык коопсуздук боюнча бардык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана спецификацияларды окуп чыгыңыз. Нускамалардын баарын окубагандан электр соккусу, өрт чыгышы жана/ же олуттуу жаракат алуу келип чыгышы мумкун.
Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап койгула.
Башкаларга электр инструментиңизди берүүдө, анын бардык бул документтери менен кошо бериңиз.
4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөчө эрежелер
4.1 Бардык иштер боюнча коопсуздук эрежелери
a) Коргоочу кулак тыгындарын колдонунуз. Ызы чуу дүлөйлүккө алып келет.
6) Эгер электр аспабы менен бирге берилсе, кошумча тутканы колдонунуз. Башкарууну жоготуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
в) Бургулоочу шайман же бурамалар жашырылган электр чубалгыларына тийиши мүмкүн болгон жумуштарды аткарып жатканда, шайманды изоляцияланган туткасынын беттеринен кармаңыз. Инструменттин кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу инструменттин бөлүгү аркылуу электр инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуу күч берип, ал электр тогуна урундурушу мүмкүн.
Иштей турган жерде түйүндөр өтпей тургандыгын тактап алгыла электр-, суу-, газ түйүндөру (Мисалы, металл издөөчүнүн жардамы менен).
4.2 Узун сверлону пайдалануунун коопсуздук техникасы боюнча көрсөтмөсү:
а) Тез ылдамдыкта айланганы менен, кандай болбосун, эч иштебеңиз, ага караганда максимальдуу тешүүгө жол берилгени менен иштеңиз. Жогору ылдамдыкта иштелүүчү материалга тийбей эркин айланып жатканда, сверло оцой ийилип, жаракатка алып келиши мүмкүн.
б) Тешүү процессин дайыма айлануунун төмен ылдамдыгы менен баштаңыз жана сверло иштелүүчү тетик менен байланышта болгон учурда дагы. Жогору ылдамдыкта иштелүүчү материалга тийбей эркин айланып жатканда, сверло оңой ийилип, жаракатка алып келиши мүмкүн.
в) Дрельди єте катуу баспаңыз жана сверлонун багытын көздөй гана басыңыз.
Сверло ийилип кетип, сынып же көзөмөл жоготууга жана жаракатка себеп болот.
4.3 Техникалык коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр

КӨНУЛ БУРУНУЗ Күйүп турган лампаны карабаңыз.

Жакшы иштебеген Li-Ion аккумулятору бат күйүп кетүүчү суюктуктун агып кетишине алып келет!

Аккумулятордон суюктук агып кеткенде жана адамдын териси менен контакт болгондо, жабыркаган теринин жерин
тезинен суу менен абдан жуу керек.
Аккумулятордун суюктугу көзгө кирген учурда,
көзду таза суу менен абдан жууп жана тезинен медициналык жардамга кайрылгыла!

Аккумуляторго суу тийгизбегиле!
Жакшы иштебеген же деформацияланган батареяны колдонууга тыюу салынат!

Аккумулятордук батареяны жылуулукка жана отко жакындатпагыла!
Батареяны ачууга тыюу салынат!
Аккумулятордун контакттарын кармабагыла, зымдардын биригишине жол бербегиле!
Иштебеген инструменттин батареясын алып салгыла.
Ар кандай түздөөлөрдүн жана техникалык тейлөөлөрдүн алдында батареяны алып салгыла.
Батареяны ордуна салуунун алдында, электр инструмент өчүк экендигин тактагыла.
Тегеренүүчү бөлүгүн кармоого тыюу салынат!
Күкүмдөрдү жана ушу сыяктууларды тазалоодо инструмент өчүрүлгөн абалда гана болсун.
Сыйгалануудан же айлануудан сактоочу бөлуктү орноткула (мисалы, бекиткичтерди бекитүүнүн жардамы менен).
Жарыкдиоддук лампа (10): оптикалык орноткуч аркылуу жарыкдиоддук нурларды түз карабагыла.
Перфоратор менен иштөөдө пайда бөлгөн бөлукчөлөрдө рак, аллергиялык реакцияларды, респиратордук ооруларды туубаса деффекттерди жана репродуктивдик функцияларды бузууну алып келүүчү заттар болушу мүмкүн. Мындай заттардын кээ бир мисалдары: коргошун (коргошун кошулган боектордо), минералдык чаң (кирпичте, бетондо ж.б.) жыгачты иштеп чыгарууга кошулууучу заттар (хромат, жыгач үчүн антисептиктер), жыгачтын кээ бир түрлөру (мисалы, эмен жана кагаздын чаңы), металл, асбест.
Коркунучтун жогорулугу талап кылуучу же башка жанындагы адамдар канчалык көп кабыл болгонуна жараша болот.
Бөлүкчөлөрдү организмге киргизбегиле. Мындай заттардын таасирин темөндөтүү учүн жумушчу орунду аба алмаштыргыч менен камсыздап, микроскопикалык бөлүкчөлөрдү өткербөй турган респираторлор сыяктуу тийиштүү коргоочу жабдыктарды кийүү керек.
Материалдар, жумушчулар менен иштөө боюнча, иштин түру жана анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча белгиленген эрежелерди сактагыла (мисалы, техникалык коопсуздук, утилизация боюнча эрежелер).
Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.
Иштин ар бир түрунө ылайыктуу аксессуарларды колдонгула. Аны менен айлана-чөйрөгө бөлүкчөлөр азыраак чандалат.
Чанды кетируу учун тийиштуу чаç соргучтарды колдонгула.
Чандын зыян таасирин төмендөткулө:
- пайда болгон зыян бөлукчөлөрдүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чаңга багыттабагыла,
- аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула,
- Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чанды кайра кетерет.
- Коргоочу кийимди атайын чан соргуч менен тазалап же жууш керек. Уйлебе, чаппа жана щетка менен тазалаба.
Литий-ион аккумуляторлорун транспорт менен ташуу:
Ион литий кошулган аккумуляторлору коркунуч жуктөру тууралуу мыйзамдарынын талаптарына туура келет (UN 3480 жана UN 3481). Литий-иондук аккумуляторлорду жөнөтүүдө алар үчүн учурдагы транспорт аркылуу ташуу боюнча эрежелерин тактап алгыла. Жуктөрдү ташуу менен иштеген ортодогу фирмалардан зарыл маалыматтарды алсаңар болот. Тастыкталган таңгакты Metabowerke GmbH немис компаниясынан алсаңар болот.
Батареяны анын корпусу бузулбаган жана суюктук акпай турганда гана жөнөтүңүз. Жөнөтүүнүн алдында жабдыктан батареяны алып салуу керек. Ток чыкбашы учүн ачык контакттарды коргоо керек (мисалы, изолента менен).
5. Кыскача билдируу
2-бетти кара.
1 Бургу кармагычы / бургу кармагычынын жеңи*
2 Тууралоочу жен (жулкулдоону көзөмөлдөө, жулкулдоонун максимуму) *
3 Баптоолор
Тегеретип киргизүү/тегеретип чыгаруу,
бургулап тешүү, бургулоо
4 Баптоолор
(тегеренууу убагын чектөө) *
5 Иштин режимдерин кайра күйгүзүүчү 1./2.
режими
6 Ременди тигүүчү илме
7 онго/солго тегеренууучунн күйүзүп өчүргүчү (айлануунн багытын, күйүзүп өчүргүчтү блоктоону баптайт)
8 ΘΥΥΡΓΥΥ
9 Тутка
10 Жарыкдиоддук жарык берүүчү
11 Батареяны таңгактан ачуу
12 Батарея таңгагы *
13 Сыйымдуулук жана сигнал көрсөткүчү *
КЫРГЫЗСЧАКУ
14 Сыйымдуулук көрсөткүчү топчусу * топтолушуна жараша
6. Колдонуу
6.1 Шаймандын мультифункциялуу көз салуу системи
Жабдыктын өзүнүн өчүшү өзүн-өзү коргоо режими активдештирилгенин көрсөтөт. Алдын-ала билдируүүчү сигнал берилет (узак үн сигналы). Сигнал 30 секунддан кийин же өчүрүү баскычын баскандан кийин токтойт (8).
Мындай коргоо функциясынын болушуна карабастан, кандайдыр бир убак колдонуудан кийин чыналышы мүмкүн анын жыйынтығы инструменттин бузулушуна алып келет.
Аларды жок кылуу себептери жана ыкмалары:
-
Аккумулятордун заряды түгөндү (тутум батареянын толук заряддан өчүп калышынан сактайт). Бир жарыкдиод дисплей (13) жарк этип жатса, демек, батарея дээрлик бош. Зарыл болсо, топчусун (14) басып, жарыкдиод дисплейлеринин дүрмөтүн (13) текшериниз. Эгер аккумулятордун заряды өчүп бара жатса, аны кайра зарядка коюу керек!
-
Узак убакка чыналып иштеши температуранын өчүшүне алып келет.
Эскертүү: Бош иштеген режимде жабдык тезирээк муздайт.
- Токтун абдан жогорку иштешинде (мисалы, узак блоктолгон учурда болот) машина өчүрулёт. Өчүрүү баскычын басып, жабдыкты өчүрүү (8). Андан ары мурунку режимде эле иштөө. Кийинкиде блокко түшүрбөөгө аракеттенгиле.
6.2 Аккумулятор
Колдонуунун алдында аккумуляторду заряддоо зарыл.
Электртогунан өчүрүүдө батареяны кайра зарядка койгула.
Аккумуляторду кубаттоо боюнча нускаманы Metabo кубаттоочу түзмөгүнүн пайдалануу эрежелеринен караңыз.
Батарейкада кубаттуулугу жана сигнал билдирүүсү бар (13) (жабдууларга жараша):
10 ° С чейин 30 ° С тегерегинде сактоочу оптималдуу температура.
Сыйымдуулугу жана сигнал көрсетүүсү болгон (13) Li-Ion батареялары үчүн (жабдууга жараша):
- Топчуну (14) басканда, жарык диод дүрметтөөнүн абалын көрсетөт. - Бир жарыкдиод күйүп-жанып жатса, батарея дээрлик бош жана кайра дүрметтөөгө муктаж.
Батареяны чыгаруу жана киргизүү
Чыгаруу: Батареяны бошотуу топчусун (11) басып, батареяны (12) алдыга тартыңыз.
Киргизуу: Батареяны (12) ордуна чык эткенче ары жылдырыңыз.
6.3 Буроонун багытын койуу, Ташуу үчүн бекитүү (Жануудан коргоо) коюлсун
Буроонун багытын тандагычты (7) мотор тынчып турганда гана жандырыңыз!
Күйгүзүп өчүрүү реверсти орнотуу (айлануу багыты, блоктоо) (7).
2-бетти карагыла:
R = саатын жебеси боюнча каратуу
L = саатын жебесине каршы каратуу
0 = ортонку абалга келтируу: блоктоо (күйгүзүп өчүрүү) орнотулган
6.4 Иштин режимин тандоо
-
Режим (айлануунун төмен ылдамдыгы жогорку тегеренүүчү убагы, көбүнчө тегеретүү үчүн)
-
Режим (тегерүүнүн жогорку ылдамдығы, көбүнче бургулоо үчүн)
6.5 Тегеренүү убагын, тегеретүүнү, бургулап тешүүнү, бургулоону чектөөчүнү орнотуу
«BS...» белгиси менен жабдык:
1...20 = Тегеренүүүү убагынорнотуу (втулканы кайруу жолу менен чектөө) (2) позициянын ортодогу аралыктары болушу мүмкүн. = Бургулоону женди (2) бурап баптаңыз (максималдуу жулкуу, жулкууну чектөөсүз) Кыймылдаткыч ысыбашы үчүн шпинделди блокко койбогула.
«SB...» белгиси менен жабдык...:
» = Бурамаларды женди (3) буроо менен тууралаңыз жана Орнотуу Тегернүүчү убагын втулканы кайруу жолу менен (тегеренүү убагын чектөө менен) (4) позициянын ортодогу аралыктары болушу мумкүн.
= Бурамаларды женди (3) буроо менен бургулалаңыз (макс. Жулкуу, Жулкууну чектөөсу жок) Кыймылдаткыч ысыбашы учүн шпинделди блокко койбогула.
= Бурамаларды женди (3) буроо менен күчтөп бургулаңыз (макс. Жулкуу, Жулкууну чектөесү жок) Кыймылдаткыч ысыбашы учүн шпинделди блокко койбогула.
6.6 Патронду алмаштыруу
Патронду бошотуу:
Саатын жебеси боюнча (1) кысуучу /бошотуучу винтти кайруу.
Патронду кысуу:
Патронду ачып жана инструменттин ичине болушунча теренирээк жайгаштыруу. Патронду саатын жебеси (1) менен аягына чейин буроо. Аяк жагы жумшак болсо, бургулоо убагында бир аздан кийин крысып койгула.
6.7 Электр инструментти күйгүзүп, өчүруп, ылдамдуулугун орноткула.
Инструментти куйгузүү үчүн (8) иштетүү баскычын баскыла. Иштетүү баскычын басып, ылдамдыгын өзгөртсө болот.
6.8 Quick бат алмаштыруу системи бар Бургу кармагычы (BS 18 Quick, BS 14.4 Quick учун)
Чыгаруу: 2-бет, А сүрөтүн караңыз. Кулпулоочу шакекти алдыга түртүп (a), бургу кармагычын алдыга тартыңыз (b).
Орнотуу: Патронду бекитүүчү гильзасын алдыга коюп, бургулоонун шпинделине патронду аягына чейин жылдыргыла.
6.9 Бургу кармагычы (BS 14.4, BS 18, SB 18 үүүн)
2-беттеги Б сүрөтүн карагыла.
Бекитип турган бураманы бошотунуз. Сак болунуз, сол жактан кетет!
Кармагычка аллен ачкычын киргизип, бошотуш учун желим балка менен акырындан соккулап, андан соң бурап чыгарыңыз.
Кармагычты тагып жатканда ошол эле тартипти тескерисинен аткарыңыз.
7. Аксессуарлар
Бир гана тупнуска Metabo же CAS (Cordless Alliance System) аккумулятор батареяларын жана кошумча жабдыктарын колдонунуз.
4-бетти карагыла.
Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мунөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула.
А Бат бошотуучу бургу кармагыч.
В Турдүү сыйымдуулуктагы батареялар. Электр куралыңызга туура келген чыңалуудагы батареяларды гана колдонунуз.
С Бурагычтын бурчу
D Заряд берүүчү жабдык
Е Тез крысып кармоочу Quick саптагычы
F Саптоолордун тизмеги
Аксессуарлардын толук жыйнактарын www.metabo.com сайтынан же каталогдон карагыла.
8. Ремонт

Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлөө устаканаларында жүргүзүлүшу керек!
Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо учун Metabo өкүлчүлүгүне кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар.
Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жуктөп аласыздар.
9. Айлана-чөйрөнү коргоо
Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла.
Таңгактоочу материалдар муниципалдык эрежелерге ылайык алардын маркировкасына ылайык жок кылынууга тийиш. Кошумча маалыматты www.metabo.com тейлее жаатынан таба аласыз.
Аккумулятордук батареяларды тиричилик калдыктары менен бирге кайра пайдаланууга болбойт! Бузулган же колдонулган батареяларды Metabo фирмасына кайрып бергиле!
Батареяларды сууга ыргытпагыла.

Айлана-чөйрөнү коргогула жана электр инструменттерди жана батареяларды тиричилик калдыктар менен бирге
ыргытпагыла. Жергиликтүү эрежелерди сактагыла өзүнчө жыйноолорду колдонуудан чыккан жабдыктарды, тангактарды жана аксессуарларды кайра пайдалунууда.
Утилизациянын алдында электр инструменттеги батареянын зарядын аягына чейин бутургуле. Ток чыкбашы учүн ачык контакттарды коргоо керек (мисалы, изолента менен).
10. Техникалык шарттары
Деталдардын сүрөттөлүшүн 3-беттен карагыла.
Техникалык прогресске байланыштуу өзгөрүүлөрдү алдын ала карагыла.
U = аккумулятордун күчү n = бош жүрүштөрдүн айланышынын саны
Винттерди тегеретип бекитүү:
M_A = жумшак буроо (жыгач)
M_B = катуу буроо (металл)
M_C^- = тууRALаса болгон жулкуу (жулкуу көзөмөлү менен)
Бургулагычтын максималдуу диаметри:
D_макс.1=болот үчүн
D_макс.2=жумшак жыгач үчүн
D_макс. 3=коюлгандар үчүн
s = уруулардын макс. саны m = салмагы (батарея менен)
КЫРГЫЗСЧАКУ
G = жүрүүүү кескич
Өлчөөнүн мааниси EN 62841 стандартка ылайык аныкталат.
Пайдалануу учурунда чөйрөсүндө уруксат берилген температура:
-20 °C - 50 °C (температура 0 °C төмен болсо, чектелген кубаттуулукта иштейт). Сактоо учурунда чөйрөсүндө уруксат берилген температура: 0 °C - 30 °C.
--- Тике агын
Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен берилген (учурдагы стандарттарга ылайык).

Калдыктар
Бул маанилер электр инструменттин калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмөн болушу мүмкүн. Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмөн фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын.
Дирилдеөнүн жалпы елчему (уч багыттын вектордук суммасы) EN 62841 ылайык аныкталган:
a_h, ID = Дирилдөө чыгышынын өлчөму (болотту түртүп бургулоо)
a_h, D = Дирилдөө чыгышынын өлчөму (Металлды бургулоо)
A_c, s = Дирилдөөнүн эмиссиясынын мааниси (күч колдонуусуз тегеретүү)
K_n, = Аныксыздык (дирилдөө)
Ызы чуунун деңгээли:
L_pA = акустикалык басым
L_WA = акустикалык кубаттулук
K_pA, K_WA= Аныксыздык (дирилдөө)
Иштетип жатканда ал ызы-чуу 80 дБ(А) ашык болушу мүмкүн.

Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула!
Шайкештик тастыктамасы: № ЕАЭС N RU Д-DE.PA02.B.51688/21, жарактуулук мөөнөтү 12.11.2021-жылдан 10.11.2026-жылга чейин, ЖЧК "Метабо Евразия" катталган, Россия, 127273, Москва, Березовая аллея к., 5 а-ү., 7 кур., 106-кеңсе, тел.: +7 495 980 78 41
Чыгарган өлкө: Кытай, Венгрия
Өндүрүүчү: "Metabowerke GmbH", Metaboallee 1, D-72622 Nuertingen, Германия
Россиядагы импорттоочу:
Өндүруүлгөн күнү шаймандын маалымат тактасында аа/жжжж форматында көрсетүлгөн
Буюмдун колдонуу мөөнөтү 7 жыл.
Өндүрүлгөндөн кийин 5 жыл сакталса, алдын ала текшерип көрмөйүнчө, иштетүү сунушталбайт
EAC
Шайкештик тастыктамасы: № ЕАЭС RU C-DE.HA80.B.00828/21, жарактуулук мөөнөтү 10.09.2021-жылдан 09.09.2026-жылга чейин, өндүрумду тастыктоо боюнча орган ЖЧК «Сертификат-тест» тарабынан берилген; Дареги (юр. жана факт.): 115419, Россия Федерациясы, Москва ш., 2-чи Рощинский проезди, 8-ү., 4-кур., 10-бөлмө; тел. +74952320944; E-mail: sertifikatest@gmail.com; 17.10.18-ж. № RA.RU.10HA80 аккредитация аттестаты
ky Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы 49
Аккумуляторды жылжымалы тірекке (2) толыктай, тірелгенше жылжытыңыз.
8.2 Ескерту индикатор (4) жыпылыктайды

Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу декларация
Биз, баарына жооптуу болуу менен: Бул жерде тиби жана сериялык номуру *1) менен аныкталган бул дүрмөттөгүчтөр бардык тиешелүү регламенттердин *2) жана стандарттардын *3) талаптарына жооп берет деп билдиребиз. *4) Техникалык файлды – 3- беттен карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Заряд берүүчү каражат оригиналдуу Metabo жана CAS (Cordless Alliance System) аккумулятор батареяларын кубаттоого ылайыктуу.
Бул курал физикалык, сенсордук же менталдык кемтиктери бар же тажрыйбасы жана/же билими жетишсиз эл тарабынан, алардын коопсуздугу үчүн жооптуу киши карап турбаса же алар куралды кандай колдонуу керектиги боюнча нускама албаса, колдонууга арналган эмес.
ASC 290 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 36 В, 1,3 А/с – 10 А/с, 3 - 10 уячалар). Аппарат USB-C интерфейси бар (смартфондор, MP3-плеерлер, планшеттер ж.б. сыяктуу) электр түзүлүштөрүн кубаттоого ылайыктуу – маалымат алмашуусу жок.
ASC 145 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 36 В, 1,3 А/с – 10 А/с, 3-10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.
ASC 55 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 36 В, 1,3 А/с – 10 А/с, 3-10 уяча) дүрметтөгөнгө арналган.
ASC 55 түзмөгү NiCd батареяларын (12 В, 1,7 А/с, 10 уяча) дүрмөттөгөнгө арналган.
SC 36, SC 30 түзмөгү Li-ion батареяларын (12 В - 18 В, 1,3 А/с – 10 А/с, 3-10 уяча) дүрметтөгөнге арналган.

Кайра дүрметтөгөнгө жарабаган батареяларды эч качан дүрметтөгөнгө аракет кылбаныз. Жарылып кетиши мүмкүн!
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн талап кылуучу өзү жоопкерчилик тартат.
Кырсыктарга жол бербөөнүн жалпы кабыл алынган эрежелери жана ага кошумча коопсуздук нускамаларын аткарыш керек.
3. Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери

КӨНУЛ БУРГУЛА – Иштетүү нускамаларын
окусаңыз, жаракат алуу тобокели азаят.
ЭСКЕРТУУ Коопсуздук жана иштетүү боюнча бардык нускамаларды окуп чыгыңыз. Коопсуздук жана иштетүү боюнча нускамалар аткарылбаса, электр тогунан сокку алынышы, өрт чыгышы жана/же оор жаракат алынышы мүмкүн.
Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап койгула.

Дүрмөттөгүчтү колдонордон мурда ичиндеги коопсуздук маалыматын жана Иштетүү нускамаларынын баарын кунт коюп окуп чыгып, жакшылап билип алыңыз. Ичиндеги документтердин баарын кийин караганга калтырып, дүрмөттөгүчтү алар менен кошо гана өткөруүп бериңиз.
4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөчө эрежелер

Өзүңүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз!

Сак болунуз – электр чыңалуусу бийик!

Жакшы иштебеген Li-Ion аккумулятору бат күйүп кетүүчү суюктуктун агып ине алып келет!
КЫРГЫЗСЧАКУ
Аккумулятордон суюктук агып кеткенде жана адамдын териси менен контакт болгондо, жабыркаган теринин жерин тезинен суу менен абдан жуу керек. Аккумулятордун суюктугу көзгө кирген учурда, көзду таза суу менен абдан жууп жана тезинен медициналык жардамга кайрылгыла!
Толук дүрметтөлгөн батареяны кайра дүрметтөбөңүз!

Имараттын ичинде гана пайдалануу керек.

Дүрмөттөгүчтү ным болуудан сактаңыз.
Эч качан балдарды шайман менен ойнотпонуз.
Балдар бул жабдуу менен ойнобошу үчүн аларды жакшы караш керек.
Балдарды дүрмөттөгүчтөн жана иш аймагынан алыс кармаңыз!
Батарея дүрмөттөгүчүнүздү балдар жетпеген жерде кармаңыз!
Батарея түтөп же жалын чыгып кетсе, батарея дүрмөттөгүчүн дароо айрыдан сууруп алыңыз!
Батарея дүрмөттөгүчүнүн желдетүүчү тешиктерине эч нерсе киргизбеңиз – электр соккусу же кыска чаташуу болушу мүмкүн!
Мандеми бар батареяларды колдонбонуз.
Оор металл чаңы каптаган аймактарда аккумулятор батареясын AIR COOLED деген кубаттоочу жабдыктар менен кубаттабаңыз.
ASC 290: Бир гана чыныгы Metabo азыктандыруу кабелин колдонунуз.
5. Кыскача билдируу
2-бетти кара. Иллюстрациялар бардык жабдыктар учун үлгү катары берилген.
3 Иштетүү көрсөткүчү
4 Эскертүү көрсөткүчү
5 Заряддын абалынын көрсөткүчү*
6 USB капкагы*
7 USB-C порту*
8 LED дисплей (USB-C порту менен иштейт)
* моделден кез каранды
6. Ишке киргизүү

Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган чиңалуусу жана жыштыгы сиздин кубат жеткируүүнүздүкүнө туура келерин
тактаңыз.
Тике агын жараткан мындай шаймандар калдык агын шаймандарына таасир тийгизиши мүмкүн. Чыгаруу агыны макс. 30 мА болгон F тибиндеги же андан да өйдө колдонунуз.

Дүрмөттөгүчтү ишке киргизерден мурда аба кирген көзөнөктөру бош экенин тактаңыз. Башка нерселерге аралык 5 смден аз болбосун.
6.1 Θз алдынча текшерүү
Негизги агын жеткируу зымын киргизициз.
Коркунучту көрсөткүч (4) жана Иштетүү көрсөткүчү (3) ортосунда болж. 1 секунд менен жанат, ичине курулган үйлөткүч болж. 5 секунд жанат.
7. Колдонуу
7.1 Батареяны дүрметтөө
Батарея таңгагын толугу менен өз ордуна токтоп калмайынча жылдырып (2) отуруңуз.

Иштетүү көрсөткүчү (3) күйүп-өчөт.
Эскертуу: Li-Ion батареяларынын толгонун текшериш үчүн алгач батарея таңгагын дүрметтөгүчтөн чыгарып, андан сон батареядагы топчуну басыңыз.
7.2 Дүрмөттү кармоо
Дүрметтөлүп бүткөн соң батарея дүрметтөөч автоматтык түрдө сактоо абалына которуюлат.
Батареяны батарея дүрметтөөчте калтырса, ал дайыма колдонууга даяр болот.
100%
Иштетүү көрсөткүчү (3) дароо жанат.
7.3 ASC 290 гана: USB түзмөгүн зарядкасы

USB стандартына туура келген USB
түзмөктөрүн гана туташтырыңыз. Шайкеш
келбеген түзмөктөр менен колдонуу бузулууга, зыянга же жаракатка алып келиши мүмкүн.
(6)Капкакты ачып, USB-C (7) портуна ылайыктуу кабели бар USB түзмөгүн салыңыз. Аппарат кубатталып жатат.
Аккумулятор ток албай калганда USB-C портуна (7) чыңалуу ток берилет, ошондо (LED дисплей (8) күйөт).
Батарея блоку жана USB түзмөгү бир эле учурда туташтырылган болсо, USB кубаттоо процесси батарейканын кубаттоо процесси аяктагандан кийин автоматтык түрдө башталат.
8. Бузулуу
8.1 Эскертүү көрсөткүчү (4) дароо жанат.


Батарея дүрмөттөлген эмес. Температура өтө бийик/өтө ылдый. Батареянын температурасы 0 °C менен 50 °C ортосунда болсо, дүрмөттөө автоматтык түрдө башталат.
ASC 290: Эскертүү көрсеткүчү (4) ттынымсыз күйүп турат жана кубаттоо абалын көрсетүүчү (5) индикатор жаркырап турат: Кубаттагыч ысып кеткен же аккумулятор өте муздак же ысык. Аккумулятор төмөндөтүлгөн кубаттоо ылдамдығы менен кубатталууда.
8.2 Эскертүү көрсөткүчү (4) күйүп-жанат.


- Батареянын мандеми бар. Батареяны дароо дүрметтөөчтөн чыгарыңыз.
- Батарея өз ордуна (2) туура жылдырылып коюлган эмес. Бул бөлүмдү караңыз: 7.1.
- ASC 290: Эскертүү көрсеткүчү (4) күйүп, Заряддын абалынын көрсеткүчү (5) өчүк: Батарея таңгагы дүрметтөчтүнбөй жатат, дүрметтөч ете ысык.
9. Ремонт
Дүрмөттөөчтү ондоо иштерине ишбилги электриктер гана тартылышы керек.
Бул куралдын негизги тармакка туташтыруучу кабели зыян тартса, элге жана мүлкке коркунуч туудурбаш учүн аны өндүрүүчү, Кардарларды колдоо кызматы же так ошондой ишбилги киши алмаштырышы керек.
Сиздин Metabo дүрметтөөчтөруңүз ондоого муктаж болсо, жергиликтүү Metabo өкүлдөруне
кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар.
10. Айлана-чөйрөнү коргоо
Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла.
Таңгактоочу материалдар муниципалдык эрежелерге ылайык алардын маркировкасына ылайык жок кылынууга тийиш. Кошумча маалыматты www.metabo.com тейлее жаатынан таба аласыз.

ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук электр куралдары боюнча 2012/19/EC
Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чөйрөге зыян келтирбегендей қылып ыргытыш керек.
11. Техникалык шарттары
3-бетти карагыла.
U = Батареялар үчүн чыңалуу арымдары
C = Батареянын сыйымдуулугу
I_C = Дүрмөттөөчү агын
t = Дурметтее убактысы ^1)
USB = USB-C портунун чыналуу жана максималдуу кубаттоо агымы
1) Мисал катары тандалган батарея топтомдорун заряддоо убакыттары. Батареяда калган орунга жана температурага жараша, чынығы дүмөттөө убактысы көрсөтүлгөндөн айырмаланышы мүмкүн.
Кубаттоо учурунда чөйрөсүндө сунушталган температура: 0 °C - 40 °C.
Техникалык прогресске байланыштуу өзгөрүүлөрдү алдын ала карагыла.
□ II класстагы коргоо менен камсыздалган жабдык
\~ Озгерме агын