METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - шлифовкалоочу машина

WEPBA 24-230 MVT Quick - шлифовкалоочу машина METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз WEPBA 24-230 MVT Quick METABO PDF форматында.

📄 184 бет Кыргызча KY Жүктөө 💬 AI суроосу
Notice METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - page 131
Pick your language and provide your email: we'll send you a specifically translated version.

Колдонуучулардын суроолору жөнүндө WEPBA 24-230 MVT Quick METABO

0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.

Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү

Электрондук почта жеке бойдон калат: бирөө сиздин суроого жооп бергенде сизди кабардар кылуу үчүн гана колдонулат.

Азырынча суроолор жок. Биринчи суроону сиз бериңиз.

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз шлифовкалоочу машина PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз WEPBA 24-230 MVT Quick - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. WEPBA 24-230 MVT Quick бренддин METABO.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ WEPBA 24-230 MVT Quick METABO

ку Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы 131

10. Акаулыктарды жою

Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы

1. Шайкештиги тууралуу декларация

Туру жана сериялык номери аркылуу белгиленген бул жылмалоочу машина төменкүлөргө жооп берерин биз өзүбүздүн жеке жоопкерчилигибиз менен жарыялайбыз: *1), директиванын бардык жоболоруна *2) жана нормаларына *3). техникалык документтерге *4) – 3-беттен карагыла.

2. Багыты боюнча колдонуу

Metabo фирмасынын тупнуска толуктоочу тетиктери менен бурчтуу жылмалагычтын комплектиси жылмалоого, барабандуу жылмалоочу станоктордо, чоюлган наждактуу жылмалоодо колдонууга, зымдуу щеткалар менен колдонууга жана металлды, бетонду, ташты жана ага окшогон материалдарды суу колдонбостон алмаздуу тегерек менен кесүүгө багытталган.

Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик тартат.

Кокустук кырсыктарды болтурбоо учүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек.

3. Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 1

Өзүнүздүн сактыгыңыз учүн жана электр инструментиңиздин сактыгы учүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз!

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 2

КОНУЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо учүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 3

ЭСКЕРТУУ Коопсуздук жана иштетүү боюнча бардык нускамаларды окуп

ЧЫГЫНЫЗ. Коопсуздук жана иштетуу боюнча нускамалар аткарылбаса, электр тогунан сокку алынышы, ерт чыгышы жана/же оор жаракат алынышы мумкун.

Андан ары колдонуу үчүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап койгула.

Башкаларга электр инструментицизди берүүдө, анын бардык бул документтери менен кошо бериңиз.

4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөчө эрежелер

4.1 Жылмалоо, наждак кагазы менен жылмалоо, зымдуу щетка менен сүрүү

жана абразивдүү кесүүдөгү жалпы коопсуздук чаралары:

Колдонуу

a) Бул электр шайманы жылмалоо, барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу станоктордо колдонуу, зымдуу щеткалар менен колдонуу жана алмаздуу тегерек менен кесүү үчүн колдонулат. Коопсуздук боюнча бардык көрсетмөлөрдү, нускамаларды, схемаларды жана шайман менен бирге берилген маалыматты аткаруу зарыл Төмнөндө келтирилген көрсетмөлөр аткарылбаса, электр соккусуна кабылуу, өрт чыгуу жана/же оор кесепеттер чыгышы мүмкүн.

b) Бул электр шайманы сайкалдоо учүн багытталган. Электр шайманын максатынан башка багытта колдонуу кооптуу абалга же жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

с) Бул электр шайманы учүн өндүрүүчү тарабынан атайы каралбаган жана сунушталбаган нерселерди колдонууга тыюу салынат. Андай толуктоочу тетиктер электр шайманына орнотулса да, коопсуз иштешине кепилдик бербейт.

d) Иш шайманынын айлануусунун уруксат берилген жогорку чеги кеминде шаймандын заводдук тактасында көрсетүлгөндөй болууга тийиш. Уруксат берилген ылдамдыктан тезирээк айланган деталдар талкаланып, шаймандын айланасына күбүлүп түшүшү мүмкүн.

e) Иш шайманынын тышкы диаметри жана калындыгы алынган электр шайманынын эксплуатациялык маалыматына дал келиши керек. Ченем маалыматы туура эмес шаймандар жетишсиз майланган же толук көзөмөлдөнбөгөн болушу мүмкүн.

f) Сайлуу коюлмалуу иш шаймандары жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички сайына дал келиши керек. Фналец менен ронотулган иш шаймандары үчүн коюлуучу шаймандагы көзөнөктүн диаметри кабылдоочу фланецтин диаметрина дал келиши керек. Электр шайманына бекитилбеген коюлма шаймандар бир калыпта айланбайт, катуу титирейт жана башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн.

9) Бузулган иш шаймандарын колдонууга тыюу салынат. Ар бир колдонуу алдында жылмалоочу тегерек сыяктуу шаймандардан кетик жана жаракаларды, колодкалардан жаракаларды, жешилгендигин же желип буткөндүгүн, зымдуу щеткалардан жумшарган же үзүлгөн зымдардын жоктугун текшерип алуу керек. Эгер электр шайманы же иш шайманы кулап түшсө, анын зыянга учурабагындыгын текшерүү же бузулбаган шайманды колдонуу керек. Текшерүү жүргүзүлүп, иш шайманы ишке киргизилгенден кийин, операторду жана анын жанындагыларды

КЫРГЫЗЧАky

айланып жаткан иш шайманынан алыс кармап, шайманды бир мүнет бою толук ылдамдыкта иштетүү зарыл. Адатта мандемдүү шаймандар ушул сыноо мөөнөтүндө бузулуп калат.

h) Жеке коргоо каражаттарын милдеттүү түрдө кийүү. Колдонулган жабдууга жараша, бетти коргоочу беткап, көздуу коргоо каражаттарын же коргоочу көз айнек кийүү керек. Керек учурларда чандан коргоочу беткап, коргоочу наушник, коргоочу мээлей же абразивдин жана материалдын майда бөлүкчөлөрү колдонуучудан алыс болушу учүн атайы алжапкыч кийүү зарыл. Ар кандай жумуштун натыйжасында пайда болуп, ыргып жаткан сыныктардан көздуу коргоо керек. Чаң беткабы же респиратор колдонуу учурунда пайда болгон чанды чыпкалашы керек. Эгер машинаны колдонуучулар узак убакыт бою вызычууга дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу пайда болот.
i) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш аймагына кирген адамдардын баары жеке коргоо каражаттарын кийиши керек. Даярдама материалдын бөлүкчөлөру же сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан да жаракат алуу мүмкүн.
j) Иш шайманы көрунбөгөн электр өткөрүү линияларына же өзүнүн кубаттоочу шнуруна тийип кете турган жумуштарды жасап жатканда, электр шайманын корголгон туткасынан гана кармоо зарыл. Чыңалуудагы электр линияларына тийгенде, шаймандын металл бөлуктөрү чыңалып, электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн.
k) Тармак кабелин айлануучу иш шаймандарынан алыс кармоо керек. Шайманды башкаруу жоготулса, кубаттоо шнуру үзүлүп же оролуп калып, колунуз менен айланып жаткан шайманды кармап алышыңыз мүмкүн.
I) Иш шайманы толук токтомоюнча электр шайманын эч качан өчүрүүге болбойт. Айланып жаткан иш шайманы бир нерсеге тийип кетип, электр шайманын башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн.
m) Электр шайманы оператордун ийнинде илинип турганда аны жүргүзүүге болбойт. Айланып жаткан иш шайманына кокус тийип кетсе, оператордун кийими оролуп калып, шайман оператордун денесин тешип кетүү коркунучу жаралат.
п) Электр шайманынын аба айлануучу көзөнөгүн тез-тез тазалап туруу керек. Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска чаңды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе, электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн.
о) Электр шайманын күйүүчү заттардын жанында колдонууга тыюу салынат. Пайда болгон учкундар, бул заттарды күйгүзүп жибериши мүмкүн.
р) Муздатуу учун суюк каражаттарды талап кылган иш шаймандарын колдонууга тыюу

салынат. Суу же башка муздатуучу суюктуктарды колдонуу электр соккусуна урунууга алып келиши мүмкүн.

4.2 Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы боюнча тиешелүү нускамалар

Тээп кетүү - жылмалоочу тегерек, жылмалоочу жаздыкча, зымдуу щетка ж.б. сыяктуу айланып жаткан иш шайманы кыпчылып же бөгөттөлүү калганда пайда болуучу күтүүсүз реакция. Кыпчылуу же бөгөттөлүү айланып жаткан шаймандын дароо токтошуна алып келет. Натыйжада, башкарылбай калган электр шайманы бөгөттөлгөн чекиттен коюлма шаймандын айлануу багытына каршы ылдамдап айланат.

Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчылып калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма материалга кирип турган чети бөгөттөлүп калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине себеп болушу мүмкүн. Андан сон, бөгөттөлгөн чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша жылмалама тегерек оператор тарапка же ага карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн.

Тээп кетүү электр шайманын туура эмес же талапка ылайыксыз колдонуунун натыйжасында пайда болот. Төмөндө көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары аркылуу анын алдын алууга болот.

а) Электр шайманын бекем кармоо керек жана оператор өз денеси менен колдорун тээп кетүүгө жол бербегидей абалда кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү учурундагы реакция моменттерин болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым кошумча туткасын да колдонунуз. Оператор тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат.
b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына жакын кармоого тыюу салынат. Тээп кеткенде шайман оператордун колуна тийип калышы мүмкүн.
с) Эндүрүүчү бул электр шайманы үчүн атайы чыгарбаган жана сунуштабаган тетиктерди колдонбонуз. Тетиктердин электр шайманына бекем орнотулушу шаймандын коопсуз иштешине кепилдик бербейт.
d) Бурчтарда, курч кырларда ж.б. жерлерде өтө кылдат болуп, иш шаймандары даярдалма материалдан секирбешин жана кыпчылып калбашын камсыздоо керек. Айланма тетиктер көпчүлүк учурда бурчтарда, курч кырларда же секирип кеткенде кыпчылып калышат. Бул башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет.
e) Чынжырлуу же тиштүү араа колдонууга болбойт. Мындай шаймандар көп учурларда электр шайманын башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет.

4.3 Жылмалоо жана кесип жылмалоо учурундагы коопсуздук техникасы боюнча езгече көрсөтмөлөр:

а) Бир гана сатып алган электр шайманы учүн уруксат берилген жылмалоо машиналарын жана ушундай жылмалоо машиналары учүн жасалган коргоо капкагын колдонуу керек. Электр шайманына арналбаган абразивдер жетиштүү түрдө тосулбагандыктан, кооптуу болушат.
b) Чыканактуу жылмалоочу тегеректерди жылмалоочу катмары коргоочу каптамадан темен болгудай кылып орнотуу зарыл.

Туура эмес орнотулган жылмалоочу тегерек корголгон белуктөн ашып калса, талаптагыдай тосулбай калат.

с) Коргоочу каптама электр шайманына бекем тагылып, операторго абразивдүү шаймандын эң аз бөлүгү ачык калгыдай болуп, максималдуу коопсуздукка туураланышы керек. Коргоочу каптама операторду таштандыдан коргоого, абразивдүү материалдын жана кийимди күйгүзө турган учкундардын кокустан тийип кетишинен сактоого жардам берет.
d) Жылмалоочу тегеректерди сунушталган жумуштарга гана колдонууга болот. Мисалы: кесүүчү дисктин капиталы менен эч качан жылмалоого болбойт. Кесүүчү жылмалоо тегеректери материалды дисктин четинен жоготууга арналган. Бул жылмалоочу тегеректерге капиталынан күч келтирилгенде алар сынып калышы мүмкүн.
e) Тандалган жылмалоочу тегерекке туура өлчөмдөгү жана формадагы, бүтүн кыпчытма фланецтерди колдонуу керек. Чак келген фланецтер жылмалоочу тегеректи бекемдеп, кесүүчү жылмалоо тегерегинин сынып кетүү коркунучун азайтат. Кесүүчү тегеректер үчүн лезвиелер башка жылмалоочу тегеректердин фланецтеринен айырмаланышы мүмкүн.
f) Күчтүүрөөк электр шаймандарында жешилген жылмалоочу тегеректерди колдонууга болбойт. Күчтүүрөөк электр шаймандарынын жылмалоочу тегеректери кичине электр шаймандарынын жогорку вылдамдыгына дайындалган эмес жана сынып калышы мүмкүн.

4.4 Кесип жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча кошумча өзгөче нускамалар:

a) Кесүүчү дисктин бөгөттөлүшүн же ашыкча контакт басымынын алдын алуу сунушталат. Оте терең кесүү сунушталбайт. Кесүүчү дискке ашыкча күч келтирилгенде, анын чыңалуусу көбөйүп, кыпчылууга же бөгөттөлүүге ыктуу болуп калгандыктан, тээп кетүү же абразивдүү сынуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
b) Айланып жаткан кесүүчү тегеректин алдына же артына жайгаштырууга болбойт. Эгер оператор кесүүчү дискти өзүнөн даярдалма материалды көздөй жылдырса,

диски айланып жаткан электр шайманы тээп кеткенде операторду көздөй жылышы мүмкүн.

с) Эгер кесүүчү диск кыпчылЫП калса же иш токтоп калса, электр кубатын өчүруп, диск токтогуча кармап туруш керек. Иштеп жаткан кесүүчү дөңгөлөктү эч качан чыгарууга аракет кылбаш керек. Болбосо, тээп кетиши мүмкүн. Кыпчылуунун себебин аныктап, жоюу зарыл.
d) Электр шайманы даярдалма материалда турганда аны күйгүзүүгө болбойт. Кесүүнү улантуудан мурун лезвие толук ылдамдык алгыдай кылыш керек. Болбосо диск кыпчылып калып, даярдалма материалдан бошоп же тээп кетиши мүмкүн.
e) Кесүүчү диск кысыллып калгандыктан тээп кетүү коркунучун азайтуу үүүн пластина жана чоң даярдалма материалдарга тирөөч коюу керек. Ири даярдалма материалдар өз салмагынан улам иийилиши мүмкүн. Иштелип жаткан деталь дисктин эки жагынан тең, кесе турган аймакка жакын жерден жана учунан тирелиши керек.
f) Турган дубалдарда же башка көрунбегөн аймактарда терендетип кесүү учурунда өзгөче кылдат болуу зарыл. Газ жана суу түтүктөрүн, электр зымдарын же башка объекттерди кесип жатканда сууланган кесүүчү диск тээп кетиши мүмкүн.

4.5 Жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча өзгөче көрсетмөлөр:

a) Габариттик өлчөму дал келбеген абразивдик листтерди колдонууга болбойт. Абразивдик листтин габариттери боюнча өндүрүүчүнүн нускамаларын аткаруу керек. Жылмалануучу катмардан ашып турган абразивдик листтер жаракат алууга, кыпчылууга, айрылууга же тээп кетүүгө себеп болушу мүмкүн.

4.6 Зымдуу щеткалар менен иштеөдөгү коопсуздук техникасы боюнча өзгөче керсөтмөлөр:

а) Кадимки колдонууда зымдуу щетка зым узуктөрүн жоготоруна көңүл буруу керек. Ашыкча кысуу басымынан улам зымдарга күч келтирбеш керек. Зымдын ыргыган кесиндилери жука кийимди жана / же терини көзөп өтүшу мүмкүн.
b) Эгер коргоочу капкакты колдонуу сунушталса, коргоочу капкак менен зымдуу щетка бири-бирине тийбеши керек. Пластина түрундөгү же чөйчөктүү щеткалардын контакт басымынан жана борбордон качма күчтөн улам диаметри чоңойушу мүмкүн.

4.7 Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр:

ЭСКЕРТУУ – Ар дайым коргоочу көз айнек кийүү зарыл.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 1

КЫРГЫЗЧАky

Ийкемдүү прокладкалар абразив менен берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды колдонуу керек.

Шаймандын же аксессуардын маалыматына баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана соккудан сактоо керек!

Жылмалоочу тегеректер өндүрүүчүнүн нускамаларына жараша сакталып, иштетилиши керек.

Кесүүчү тегеректерди терең жылмалоо үчүн эч качан колдонууга болбойт! Кесүүчү тегеректерге капиталынан күч келтируүгө болбойт.

Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар менен. Ири даярдалма материалды талаптагыдай тиреп коюу керек.

Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса, шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын көзөнөгүнө тийбеши керек. Иш шайманындагы sail шпинделдин узундугуна дал келгидей болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш шайманындагы sail шпинделдеги сайта дал келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы боюнча маалыматты 3-беттен жана 14. Техникалык маалымат бөлүмүнөн караңыз.

Туруктуу чаң тазалоо системасын колдонуу сунушталат. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максимальдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек. Жылмалоочу машина агып чыкма токтон коргоочу автомат тарабынан өчүрулгөндө, шайманды текшерип, тазалоо керек. «Тазалоо» 9. бөлүмүн караңыз.

Сынган, тегерек эмес же титиреген шаймандарды колдонууга болбойт.

Газ же суу түтүктерүн, электр зымдарын жана көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан сактануу керек.

Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө алдында вилканы розеткадан сууруш керек.

Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.

Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.

Шаймандын деталдары же коргоочу каражаттары жок болсо же бузулган болсо, аны куйгузбөңүз.

Жай жүргүзүүүү баскычтуу машиналар (типтүү тактасында "WE..." деп жазылган): Эгер жүргүзгөндө машина максималдуу айлануу жыштыгына тез көтөрүлсө, демек электрондук блокто ката бар. Электрондук блоктун функцияларына тийиштүү техникалык коопсуздук боюнча башка көрсетмөлөр жок. Электр шайманын дароо ондоого өткөрүŋүз (12. бөлүмүн караңыз).

Майда даярдалма материалды бекитип коюу керек. Мисалы, аларды тиск менен кыпчытуу керек.

Перфоратор менен иштөөдө пайда бөлгөн бөлукчөлөрдө рак, аллергиялык

реакцияларды, респиратордук ооруларды туубаса деффекттерди жана репродуктивдик функцияларды бузууну алып келүүчү заттар болушу мүмкүн. Мындай заттардын кээ бир мисалдары: коргошун (коргошун кошулган боектордо), минералдык чаң (кирпичте, бетондо ж.б.) жыгачты иштеп чыгарууга кошулууучу заттар (хромат, жыгач үчүн антисептиктер), жыгачтын кээ бир түрлерү (рисалы, эмен жана кагаздын чаңы), металл, асбест.

Коркунучтун жогорулугу талап кылуучу же башка жанындагы адамдар канчалык көп кабыл болгонуна жараша болот.

Бөлүкчөлөрдү организмге киргизбегиле. Мындай заттардын таасирин темөндөтүү үчүн жумушчу орунду аба алмаштыргыч менен камсыздап, микроскопикалык бөлүкчөлөрдү өткербөй турган респираторлор сыяктуу тийиштүү коргоочу жабдыктарды кийүү керек.

Материалдар, жумушчулар менен иштөө боюнча, иштин түру жана анын жайгашкан жерин аныктоо боюнча белгиленген эрежелерди сактагыла (мисалы, техникалык коопсуздук, утилизация боюнча эрежелер).

Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.

Өзгөче жумуштарды аткаруу үчүн ылайыктуу каражаттарды (11. бөлүмүн караңыз) колдонунуз. Бул айлана-чөйрөгө көзмөлдөнбегөн өлчөмдөгү бөлүндүлөр жайылышынан сактайт.

Чанды кетируу учун тийиштүү чаң соргучтарды колдонгула.

Чандын зыян таасирин темөндөткуле:

- пайда болгон зыян бөлүкчөлөрдүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чаңга багыттабагыла,

- аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула,

- Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чанды кайра көтөрөт.

- Коргоочу кийимди атайын чаң соргуч менен тазалап же жууш керек. Уйлебе, чаппа жана щетка менен тазалаба.

5. Кыскача билдируу

2-бетти кара.

1 Quick выпчытма гайкасы *
2 Тирөөчү фланец *
3 Ш пиндель
4 W .A...: Автобалансирдин тирөөчү фланеци (чечилбейт) *
5 Шпинделди бөгөттөөчү баскыч
6 Электрондук сигналдык индикатор *
7 Бөгөттөө (узак убакытка күйгүзүү үчүн керек болсо, кокустан күйгүзүп алуудан бөгөттөө) *

8 (Өчүрүүүү / күйгүзүүүү) которуучу баскыч
9 Баскыч (негизги тутканы тууралоо үчүн)
10 Негизги тутка
11 Кошумча тутка / Титиреену басандатуучу кошумча тутка
12 Коргоочу капот
13 Кыпчытма гайка *
14 Эки кезөнөктүү ачкыч *
15 Сыдырма (коргоочу каптаманы шаймансыз тууралоо үчүн)
16 Винт (сыдырманы кысуу күчүн тууралоо үчүн)

* комплектация жараша/ эксплуатация көлемүнө кирбейт

6. Ишке киргизүү

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Ишке киргизүү - 1

Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган злуусу жана жыштыгы сиздин кубат ируүүңүздүкүне туура келерин тактаңыз.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Ишке киргизүү - 2

Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максимальдуу иштетүү тогу менен ар дайымүү керек.

Кесилиши кеминде 1,5 мм² болгон узартуучу кабелди колдонунуз. Узартуучу кабелдер шаймандын керектөөчү кубатына дал келиши керек (Техникалык маалымат бөлүмүн караңыз). Кабель барабанын колдонгондо кабелди толугу менен барабандан чечүү керек.

6.1 Кошумча тутканы орнотуу

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Кошумча тутканы орнотуу - 1

Кошумча тутка тагылган абалда гана иштөө (11) керек! Кошумча тутканы сол агы, ортодогу же он жактагы (муктаждыкка ша) сайлуу кезенеке аягына чейин колен бураңыз.

6.2 Коргоочу каптаманы орнотуу

(абразивдүү тегеректер менён иштөө үчүн)

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Коргоочу каптаманы орнотуу - 1

Иштеп баштаганга чейин: коргоочу каптаманы орнотунуз.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Коргоочу каптаманы орнотуу - 2

Сүрүүчү тегеректер (12) менен иштөө үчүн коопсуздукту сактоо максатында коргоочу аманы колдонунуз.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Коргоочу каптаманы орнотуу - 3

Коопсуздукту камсызддоо максатында, кесүүчү тегерек менен иштөө үүүн кесүүчү ректин атайын коргоочу каптамасын онуу сунушталат (Аксессуарлар бөлүмүн араңыз).

2-бет, F сүрөтүн караңыз.

  • Сыдырманы (15) ачыңыз. Коргоочу каптаманы (12) көрсетүлгөн абалда орнотунуз.
  • Коргоочу капкакты жабык аймагы колдонуучуну карап тургудай кылып бурунуз.
  • Сыдырманы жабыңыз.
  • Керек болгон учурда, (сыдырма ачылып турганда) винтти бекитүү аркылуу (16) сыдырманын кыпчытуу күчүн көбөйтүнүз.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Коргоочу каптаманы орнотуу - 4

Коргоочу капоттон кеминде 3,4 мм чыгып турган иш шаймандарын гана колдонуу керек.

6.3 Негизги бурулма тутка

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Негизги бурулма тутка - 1

Негизги тутка тагылган абалда гана иштөө (10) керек.

2-бет, С сүрөтүн караңыз.

  • Баскычты (9) басыңыз.
  • Эми негизги тутканы (10) эки тарапка тең 90° буруп, бекитсе болот.
  • Бекем отургандыгын текшерициз: негизги тутка (10) бекитилип, бурулбашы керек.

6.4 Электр тармагына туташтыруу

Тармактык штепсель розеткалары инерциялык эриме сактагычтар же линиялык коргоочу автоматтар менен корголушу керек.

Типтуу табагында "WE..." деп жазылган машиналар:

(жүргүзүүүү токту автоматтык түрдө чектегичи камтылган (жайдан жүргүзүү функциясы)).

Тармактык штепсель розеткалары инерциялык эриме сактагычтар же линиялык коргоочу автоматтар менен корголушу керек.

7. Жылмалоочу дискти орнотуу

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Жылмалоочу дискти орнотуу - 1

Кайра жабдуу иштеринин алдында: кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуул. Станокту өчүруп, шпинделди токтотуук.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Жылмалоочу дискти орнотуу - 2

Коопсуздукту камсыздоо максатында, кесүүчү жээктин калканын колдонуу шталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11. ныз).

7.1 Шпинделди бөгөттөө

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Шпинделди бөгөттөө - 1

Шпинделди бөгөттөө баскычын (5) шпиндель кыймылсыз турганда гана уга болот!

- Шпинделди бөгөттөө (5) баскычын басып, шпинделдин бөгөттөөчү баскычы бөгөттелгөнү сезилмейинче (3) кол менен айлантыңыз.

7.2 Жылмалоочу дискти орнотуу

2-бет, D сүрөтүн караңыз.

W 2..., WE 2... деп белгиленген машиналар:

  • Тиреечу (2) фланецти шпинделге орнотунуз. Фланец шпинделде айланбаса, туура орнотулду деп эсептелет.
  • Абразивдүү тегеректи D сүрөтүндө көрсөтүлгөндөй, тирөөчү (2) фланецке орнотуңуз. Жылмалоочу тегерек тирөөчү фланецке тегиз отурушу керек.

W...A 2... деп белгиленген машиналар:

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - W...A 2... деп белгиленген машиналар: - 1

Автобалансирдин тиреёчу фланеци (4) шпинделге катуу бекитилет. Башка бурчтуу

КЫРГЫЗЧАky

жылмалоочу машиналардан айырмаланып, кошумча тиреечу фланец талап кылынбайт.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - КЫРГЫЗЧАky - 1

Автобалансирдин тирөөчү фланецинин (4), абразивдүү тегеректин жана (1) Quick

тирөөчү гайкасынын (13) же тирөөчү гайканын бети таза болушу керек. Керек учурда аларды тазалоо зарыл.

- Абразивдүү тегеректи автобалансирдин тирөөчү (4) фланецине орнотуңуз. Абразивдүү тегерек автобалансирдин тирөөчү фланецине тегиз отурушу керек.

7.3 Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша)

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша) - 1

гайкасын колдонууга болбойт! Андан соң кыпчытма гайканы (13) эки кезенекке ачкыч менен (14) бекитүү керек

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша) - 2

Бир гана мандемсиз Quick кыпчытма гайкасын колдонунуз: жебе менен сыртки

шакекченин оюгу гана көрүнүшү керек (2-б., сүр. караңыз).

  • Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
  • Quick кыпчытма гайкасын (1) шпинделге (3) орнотунуз. Сүрөтту караңыз, 2-бетте.
  • Quick выпчытма гайкасын saat жебеси боюнча кол менен бекитициз.
  • Жылмалоочу тегеректи күч менен saat жебеси боюнча айлантуу аркылуу Quick выпчытма гайкасын бекитиңиз.

W...В... деп белгиленген машиналарда акыркы 180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек.

Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу:

  • Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
  • Quick выпчытма гайканы (1) saat жебесине каршы бурап чечиңиз.

7.4 Кыпчытма гайканы бекитүү/бошотуу (комплектациясына жараша)

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Кыпчытма гайканы бекитүү/бошотуу (комплектациясына жараша) - 1

Кыпчытма гайканын 2 бети бири-биринен айырмаланат. Контграйканы шпинделге төменкудөй кылып бураңыз:

2-бет, Е сүрөтүн караңыз.

  • А) Жука жылмалоочу тегеректер учүн:
    Кыпчытма гайканын хомуту (13) ейде карап тургандыктан, жука жылмалоочу тегеректи бекем орнотууга болот.
    В) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн: Кыпчытма гайканын хомуту (13) төмен карап тургандыктан, кыпчытма гайканы шпинделге бекем орнотууга болот.

- Шпинделди бөгөттөңүз. Кыпчытма гайканы (13) саат жебеси боюнча (14) ачкыч менен эки көзөнөкке бекитиңиз.

W...В... деп белгиленген машиналарда акыркы 180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек.

Кыпчытма гайканы бошотунуз:

- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз). Кыпчытма гайканы (13) саат жебесине каршы (14) ачкыч менен бурап эки көзөнектөн чечиңиз.

8. Колдонуу

8.1 Күйгүзүү/Өчүрүү

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Күйгүзүү/Өчүрүү - 1

Машинаны ар дайым эки колдоп кармоо керек.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Күйгүзүү/Өчүрүү - 2

Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң даярдалма материалга алып келүү керек.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Күйгүзүү/Өчүрүү - 3

Кокустан жүргүзүүп алуудан сактануу үчүн: вилка розеткада суурулуп кеткенде же гр кубатында бузулуу орун алганда инаны өчүруүп коюу керек.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Күйгүзүү/Өчүрүү - 4

Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина колдон бошотулганда да иштей берет.

Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол менен туткасынан кармап, туруктуу абалга жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу керек.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Күйгүзүү/Өчүрүү - 5

Чаң же сүрундү шайманга сорулуп киришине жол бербөниз. Машинаны

өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо гана шнурду сууруш керек.

2-бет, А сүрөтүн караңыз.

Моменталдуу күйгүзүү:

Куйгузуу: Бегеттегучту (7) жебенин багытында жылдырып, которую баскычын (8) басыңыз.

Тынымсыз иштетүү (жабдылышына жараша):

Куйгузүү: Бөгөттөгүчтү (7) жебенин багытында жылдырып, которую баскычын (8) басып, кармап туруңуз. Эми машина күйгузүлдү. Эми которую баскычын бөгөттөө үүүн (7) бөгөттөгүчтү дагы бир жолу жебе боюнча (8) жылдырыңыз (тынымсыз иштетүү режими)

Өчүрүү: Которгуч баскычын (8) басып, кайра коё бериңиз.

W...В деп белгиленген машиналар:

Кыска мөөнөткө күйгүзүү (автотоктотуу функциясы менен):

2-бет, В сүрөтүн караңыз.

Куйгүзүү: Которгуч баскычын (8) алдыга жылдырып, которуюту өйде карай (8) басыңыз.

Станокту орто күч менен басып, даярдалма материалдын устүнку бөлүгү етө ысып кетпеши учүн алдыга, артка жылдырыңыз.

Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн 30° - 40?С бурч менен иштөө керек.

Жылмалоочу тегерек менен кесүү:

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Жылмалоочу тегерек менен кесүү: - 1

Жылмалоочу тегерек менен кесип жатканда ар дайым дисктин айланышына каршы (суретту караңыз) иштөө керек. Болбосо, машинанын кесилген жерден

көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат. Иштелип жаткан материалга ылайыкталган, орточо күч менен иштөө керек. Ћте кыйшайууга, ашыкча күч келтируүүге жана машинаны чайкоого жол бербөңиз.

Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу станоктор:

Станокту орто күч менен басып, даярдалма материалдын устунку бөлүгү етө ысып кетпеши учүн алдыга, артка жылдырыңыз.

Зымдуу щеткалар менен иштөө:

Машинаны орточо куч менен басыңыз.

9. Тазалоо

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Тазалоо - 1

Кыймылдаткычты тазалоо:

Иштетип жатканда машинанын

ичинде коштоочу чаң отуруп калышы мүмкүн. Бул электр шайманын муздатууну начарлатат. Ток өткерүүчү чаң электр шайманынын коргоочу изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу коркунучун жаратышы мүмкүн.

Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана арткы аба айлантуучу көзөнөктөр аркылуу чанды тазалап же кургак аба менен үйлөтүп туруу керек. Ал үчүн электр шайманын электр булагынан ажыратып, коргоочу көз айнек жана респиратор кийүү зарыл.

Тутканы (9) тууралоочу баскыч: Зарыл болсо, баскычтын кирин тазалаңыз же кургап аба менен үлетүңүз (басылган абалында, негизги тутканын 3 абалында тең). Ал үчүн электр шайманын электр булагынан ажыратып, коргоочу көз айнек жана респиратор кийүү зарыл.

10. Мүчүлүштүктөрдү оңдоо

Типтуу табагында "WE..." деп жазылган машиналар:

  • Ашыкча жуктен коргоо: электрондук сигнал индикатору (6) куйуп, куч.келгенде айлануу жыштыгы КАДИМКИДЕЙ азайат. Кыймылдаткычтагы ашыкча температура! Шайман муздагыча жана электрондук сигнал индикатору өчкүче, аны куру жүруште иштетиңиз.
  • Ашыкча жуктен коргоо: электрондук сигнал индикатору (6) күйуп, күч келгенде айлануу жыштыгы КИЧИНЕ азайат. Электр шайманына ашыкча күч келген. Электрондук сигнал индикатору өчкүче, төмөн күч менен иштей бериңиз.
  • Электрондук авариялык өчүрүү: Электрондук сигнал индикатору (6) күйүп, машина өзүнөн-өзү ӨЧУП калат. Эгер

учурдагы өсүү ылдамдыгы өтө жогору болсо (мисалы, күтүүсүздөн токтоп же тээп кеткенде) машина өчүрулёт. Өчүрүү баскычын басып, жабдыкты өчүрүү (8). Мындан кийин аны кайра күйгузүп, кадимки режимде иштей бериш керек. Кийинкиде блокко түшүрбөөге аракеттенгиле. Бул бөлумду караңыз: 4.2.

- Кайталап жүргүзүүдөн коргоо: электрондук сигнал индикатору (6) БУЛБУЛДӨЙТ жана электр шайманы иштебей калат. Кайталап күйгүзүүнү бөгөттөөчү түзмөк иштеп кетет. Машина күйгүзүлгөндө же кубаты өчүрулгөндөн кийин кайра берилгенде шнурдун вилкасы сайылып турса, машина жүргүзүлбөйт. Машинаны өчүруүп, кайра күйгүзүнүз.

- Куйгүзгөндө электр шайманы жогорку айлануу жыштыгына өтө тез жетет, б.а. жүргүзүү тогунун автоматтык чектегичи (жайдан күйгүзүү функциясы) иштебей калат. Электрондук блокто ката бар; электрондук блоктун функцияларына тийиштүү техникалык коопсуздук боюнча башка көрсөтмөлөр жок. Электр шайманын дароо ондоого өткөрүнүз (12. бөлүмүн караңыз).

- Куйгузүү процесстеринде чыңалуу кыска мөөнөткө түшүп калат. Тармактын параметрлери ынгайсыз болсо, башка аспаптар бузулуп калышы мүмкүн. Тармактын толук тоскоолдугу 0,2 Омго жетпесе, бузлууу дээрлик орун албайт.

11. Аксессуарлар

Metabo фирмасынан чыккан тупнуска тетиктерди гана колдонуу сунушталат.

Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мунөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула.

Аксессуарларды бекем орнотунуз. Электр шайманын кармагычта иштетип жатканда: электр шайманын бекем орнотунуз. Башкарууну жоготуу жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

4-бетти карагыла.

А Сүрүүүү тегерек (коргоочу каптама орнотулган абалда гана колдонунуз)
В Табак түрундөгү жылмалоочу тегерек (коргоочу каптама орнотулган абалда гана колдонунуз)
С Кесүүчү тегерек үчүн коргоочу каптама.
D Кесүүчү тегерек (кесүүчү тегерек үүүн коргоочу каптама орнотулган абалда гана колдонунуз)
Е Алмаздуу кесүүчү тегеректер (кесүүчү тегерек учүн коргоочу каптама орнотулган абалда гана колдонунуз)
F Чейчөк түрүндөгү жылмалоочу тегеректин коргоочу каптамасы (шайманга орнотуп, болт менен бекитиңиз (f). Жылмалоочу чөйчөктү 7. бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй кылып бекитиңиз. Зарыл болсо, ийилген эки штифтүү ачкычты колдонунуз. Коргоочу каптаманы жылмалоочу табак эң көп

КЫРГЫЗЧАky

дегенде 3 мм чыгып тургудай кылып кулактуу винттер менен орнотунуз.)

G Жылмалоочу табактар (жылмалоочу табактар менен иштөө үчүн коопсуздукту сактоо максатында атайын жылмалоочу чашкага арналган коргоочу каптаманы колдонунуз)
Н Ийилген эки штифттүү ачкыч (жылмалоочу табак менен иштеп жатканда (13) кыпчытма гайканы бекитүү/бошотуу үүүн)

I Багыттамалуу кесүүчү тегерек үүүн коргоочу каптама (шайманга орнотуп, болт менен бекитиңиз.) (Тиешелүү сордуруучу түзмөк менен таш плитасын кесүүдөн пайда болгон таш чаңын тазалоочу түтүгү менен.)

J Korгоочу скоба (капталдагы кошумча тутканын алдына орнотуу учүн.)

К Узартуучу элемент (тиреечу табактар менен иштөө учүн. Шпиндель менен тиреечу табактын ортосундагы аралыкты болжол менен 35 мм чоңойтот)

L Абразивдүү була тегеректери үчүн тирөөчү табак (тирөөчү табак үчүн берилген кыпчытуучу гайка менен гана орнотунуз.) (Коргоочу скоба орнотулган абалда ган колдонунуз.)

М Абразивдүү була тегеректери (коргоочу скоба орнотулган абалда ган колдонунуз.)

N Болоттон жасалган зымдуу щетка (коргоочу скоба орнотулган абалда ган колдонунуз.)

О Металл кесүү үчүн тирөөч

Р Кыпчытма гайка (13)

Q Quick тирөөчү гайка (1)

Аксессуарлардын толук ассортиментин www.metabo.com сайтынан же башкы каталогдон караңыз.

12. Ремонт

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Ремонт - 1

Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлөө устаканаларында жүргүзүлүшү керек!

Бузулган тармак кабелин тупнуска Metabo кабели менен гана алмаштыруу керек. Аны Metabo тейлее борборунан сатып алууга болот.

W...В... деп белгиленген машиналарда щеткалар топтомун алмаштырып жатканда, тормоз каптатмаларын да алмаштыруу керек.

Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо учун Metabo екулчүлүгүне кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар.

Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жуктөп аласыздар.

13. Айлана-чөйрөнү коргоо

Пайда болгон жылмалоо чаңында зыян заттар камтылышы мүмкүн болгондуктан, аны талаптагыдай утилизациялоо керек.

Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана

аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Айлана-чөйрөнү коргоо - 1

ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук жана электр куралдары боюнча 2012/19/EC Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чөйрегө зыян келтирбегендей қылып ыргытыш керек.

14. Техникалык шарттары

Деталдардын сүрөттөлушүн 3-беттен карагыла. Техникалык прогресске байланыштуу өзгөруүлөрдү алдын ала карагыла.

D_max =иш шайманынын уруксат берилген максималдуу диаметри
t_max,1 =n кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калындыгы (13)

t_max,2 =Quick кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат бериалген максималдуу калындыгы (1)

t_max,3 =сүрүүчү тегерек/кесүүчү тегерек: иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калындыгы

M =Жүгүртмө сай

I = жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички сайы

n =куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (максималдуу айлануу жыштыгы)

P_1 =Номиналдуу керектелүүчү кубат P_2 =Чыгууучу кубат

m=Тармак кабелисиз салмагы

Өлчөөнүн мааниси EN 60745 стандартка ылайык аныкталат.

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Техникалык шарттары - 1

II класстагы жабдык

Θзгермө ток

Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен berилген (учурдагы стандарттарга ылайык).

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Техникалык шарттары - 2

Калдыктар

Бул маанилер электр инструменттин калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмөн болушу мүмкүн. Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмөн фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын.

Дирилдеөнун жалпы өлчөму (уч багыттын вектордук суммасы) EN 60745 ылайык аныкталган:

a_h, SG = дирилдөөнүн эмиссиялык көрсеткүчү (үстүнкү катмарды жылмалоо)
a_h, DS =Чайкалуунун эмиссиялык көрсеткүчү (табак түрундөгү жылмалоочу тегерек менен жылмалоо)

K_h,SG/DS = каталык коэффициенти (дирилдөө)

Ызы чуунун деңгээли:

L_pA = акустикалык басым

L_WA = акустикалык кубаттулук

K_pA, K_WA = Аныксыздык

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Техникалык шарттары - 3

Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула!

METABO WEPBA 24-230 MVT Quick - Техникалык шарттары - 4

Алуучу үчүн маалымат:

Шайкештик тастыктамасы:

DE.БЛ08.В.00909, жарактуу мөөнөтү

26.10.2017-ж. баштап 25.10.2022-ж. чейин,

Фонд Сертификации» өнумду тастыктоо органы тарабынан берилген; Дареги(юр. жана факт

боюнча): 153032, Россия Федерациясы, Иванов

аккредитация кызматы тарабынан берилген

Өндүруүлгөн өлкө: Германия

Өндүрүүчү: "Metabowerke GmbH", Metaboallee 1,

D-72622 Nuertingen, Германия

Россиядагы импорттоочу:

Өндүрулгөн күнү шаймандын энтамгасында

көрсөтүлгөн 10 орундуу сериялык номеринде

«4» саны буюмдун 2014-жылы өндүрулгөнүн

билдирет. 2 жана 3-сандары өндүрулгөн

жылдагы айды билдирет, мисалы, «05» - май

Буюмдун колдонуу мөөнөтү 7 жыл.

Өндүрулгөндөн кийин 5 жыл сакталса, алдын

ала текшербестен ишке киргизүү сунушталбайт

(даярдалган күнүн этикеткадан караңыз).

Мазмун Баштыкка кирүү үчүн чыкылдатыңыз
Колдонмо жардамчысы
Anthropic тарабынан колдоого алынат
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : METABO

Модель : WEPBA 24-230 MVT Quick

Категория : шлифовкалоочу машина