METABO WE 17-150 Quick RT - шлифовкалоочу машина

WE 17-150 Quick RT - шлифовкалоочу машина METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз WE 17-150 Quick RT METABO PDF форматында.

📄 188 бет Кыргызча KY Жүктөө 💬 AI суроосу
Notice METABO WE 17-150 Quick RT - page 133
Pick your language and provide your email: we'll send you a specifically translated version.

Колдонуучулардын суроолору жөнүндө WE 17-150 Quick RT METABO

0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.

Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү

Электрондук почта жеке бойдон калат: бирөө сиздин суроого жооп бергенде сизди кабардар кылуу үчүн гана колдонулат.

Азырынча суроолор жок. Биринчи суроону сиз бериңиз.

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз шлифовкалоочу машина PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз WE 17-150 Quick RT - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. WE 17-150 Quick RT бренддин METABO.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ WE 17-150 Quick RT METABO

ку Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы 133

10. Акаулыктарды жою

Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы

1. Шайкештиги тууралуу декларация

Туру жана сериялык номери аркылуу белгиленген бул жылмалоочу машина төменкүлөргө жооп берерин биз өзүбүздүн жеке жоопкерчилигибиз менен жарыялайбыз: *1), директиванын бардык жоболоруна *2) жана нормаларына *3). техникалык документтерге *4) – 4-беттен карагыла.

2. Багыты боюнча колдонуу

Metabo фирмасынын тупнуска толуктоочу тетиктери менен жылмалоочу машинанын комплектиси жылмалоого, барабандуу, чюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу станоктордо колдонууга, зымдуу щеткалар менен колдонууга жана металлды, бетонду, ташты жана ага окшогон материалдарды суу колдонбостон алмаздуу тегерек менен кесүүгө багытталган.

WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 QuickInox, WEV 17-125 Quick Inox RT ошондой эле жөнөкөй жылмалоо иштерине да ылайыктуу. Татаал жана көп убакыт талап кылган жылмалоо иштеринде бурчтуу жылмалоочу машинаны сунуштайбыз.

WEV.. белгиси менен белгиленген машиналар орнотуучу дө?гөлекчесү бар болгондуктан, зымдуу щетка менен тазалаганга абданы?гайлуу.

Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик тартат.

Кокустук кырсыктарды болтурбоо учүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек.

3. Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери

METABO WE 17-150 Quick RT - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 1

Өзүнүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз!

METABO WE 17-150 Quick RT - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 2

КОНУЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо учүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз.

METABO WE 17-150 Quick RT - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 3

ЭСКЕРТУУ Коопсуздук жана иштетүү боюнча бардык нускамаларды окуп

ЧЫГЫНЫЗ. Коопсуздук жана иштетуу боюнча нускамалар аткарылбаса, электр тогунан сокку алынышы, өрт чыгышы жана/же оор жаракат алынышы мумкун.

Андан ары колдонуу учүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап койгула.

Башкаларга электр инструментиңизди берүүдө, анын бардык бул документтери менен кошо берициз.

4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөчө эрежелер

4.1 Жылмалоо, наждак кагазы менен жылмалоо, зымдуу щетка менен сүрүү жана абразивдүү кесүүдөгү жалпы коопсуздук чаралары:

Колдонуу

a) Бул электр шайманы жылмалоо, барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу станоктордо колдонуу, зымдуу щеткалар менен колдонуу жана алмаздуу тегерек менен кесүү үчүн колдонулат. Коопсуздук боюнча бардык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды, схемаларды жана шайман менен бирге берилген маалыматты аткаруу зарыл Төмнөндө келтирилген көрсөтмөлөр аткарылбаса, электр соккусуна кабылуу, өрт чыгуу жана/же оор кесепеттер чыгышы мүмкүн. WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 Quick Inox, WEV 17-125 Quick Inox RT машинасын ошондой эле жылмалоочу машина катары колдонууга болот.
b) Бул электр шайманы сайкалдоо учүн багытталган. Электр шайманын максатынан башка багытта колдонуу кооптуу абалга же жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. (WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 Quick Inox, WEV 17-125 Quick Inox RT машинасына тиешелүү эмес.)
с) Бул электр шайманы үчүн өндүрүүчү тарабынан атайы каралбаган жана сунушталбаган нерселерди колдонууга тыю салынат. Андай толуктоочу тетиктер электр шайманына орнотулса да, коопсуз иштешине кепилдик бербейт.
d) Иш шайманынын айлануусунун уруксат берилген жогорку чеги кеминде шаймандын заводдук тактасында көрсетүлгөндөй болууга тийиш. Уруксат берилген ылдамдыктан тезирээк айланган деталдар талкаланып, шаймандын айланасына күбүлүп түшүшү мүмкүн.
е) Иш шайманынын тышкы диаметри жана калындыгы алынган электр шайманынын эксплуатациялык маалыматына дал келиши керек. Ченем маалыматы туура эмес шаймандар жетишсиз майланган же толук көзөмөлдөнбөгөн болушу мүмкүн.
f) Сайлуу коюлмалуу иш шаймандары жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички сайына дал келиши керек. Фналец менен ронотулган иш шаймандары үчүн коюлуучу шаймандагы көзөнөктүн диаметри кабылдоочу фланецтин диаметрина дал келиши керек. Электр шайманына бекитилбеген коюлма шаймандар бир калыпта

КЫРГЫЗЧАky

айланбайт, катуу титирейт жана башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн.

9) Бузулган иш шаймандарын колдонууга тыюу салынат. Ар бир колдонуу алдында жылмалоочу тегерек сыяктуу шаймандардан кетик жана жаракаларды, колодкалардан жаракаларды, жешилгендигин же желип буткөндүгүн, зымдуу щеткалардан жумшарган же үзүлгөн зымдардын жоктугун текшерип алуу керек. Эгер электр шайманы же иш шайманы кулап түшсе, анын зыянга учурабагындыгын текшерүү же бузулбаган шайманды колдонуу керек. Текшерүү жүргүзүлүп, иш шайманы ишке киргизилгенден кийин, операторду жана анын жанындагыларды айланып жаткан иш шайманынан алыс кармап, шайманды бир мүнөт бою толук ылдамдыкта иштетүү зарыл. Адатта мандемдүү шаймандар ушул сыноо мөөнөтүндө бузулуп калат.
h) Жеке коргоо каражаттарын милдеттүү түрдө кийүү. Колдонулган жабдууга жараша, бетти коргоочу беткап, көзду коргоо каражаттарын же коргоочу көз айнек кийүү керек. Керек учурларда чандан коргоочу беткап, коргоочу наушник, коргоочу мээлей же абразивдин жана материалдын майда бөлукчөлөрү колдонуучудан алыс болушу учүн атайы алжапкыч кийүү зарыл. Ар кандай жумуштун натыйжасында пайда болуп, ыргып жаткан сыныктардан көзду коргоо керек. Чаң беткабы же респиратор колдонуу учурунда пайда болгон чанды чыпкалашы керек. Эгер машинаны колдонуучулар узак убакыт бою вызычууга дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу пайда болот.
i) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш аймагына кирген адамдардын баары жеке коргоо каражаттарын кийиши керек. Даярдама материалдын бөлукчелөру же сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан да жаракат алуу мүмкүн.
j) Иш шайманы көрунбөгөн электр өткөрүү линияларына же өзүнүн кубаттоочу шнуруна тийип кете турган жумуштарды жасап жатканда, электр шайманын корголгон туткасынан гана кармоо зарыл. Инструменттин кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу инструменттин бөлүгү арқылуу электр инструменттин ачык металл бөлуктөрүнө катуу күч берип, ал электр тогуна урундрушу мүмкүн.
k) Тармак кабелин айлануучу иш шаймандарынан алыс кармоо керек. Шайманды башкаруу жоготулса, кубаттоо шнуру үзүлүп же оролуп калып, колунуз менен айланып жаткан шайманды кармап алышыңыз мүмкүн.
1) Иш шайманы толук токтомоюнча электр шайманын эч качан өчүрүүгө болбойт. Айланып жаткан иш шайманы бир нерсеге тийип кетип, электр шайманын башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн.

m) Электр шайманы оператордун ийнинде илинип турганда аны жүргүзүүгө болбойт. Айланып жаткан иш шайманына кокус тийип кетсе, оператордун кийими оролуп калып, шайман оператордун денесин тешип кетүү коркунучу жаралат.
п) Электр шайманынын аба айлануучу көзөнөгүн тез-тез тазалап туруу керек. Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска чанды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе, электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн.
о) Электр шайманын күйүүчү заттардын жанында колдонууга тыю салынат. Пайда болгон учкундар, бул заттарды күйгүзүп жибериши мүмкүн.
р) Муздатуу учун суюк каражаттарды талап кылган иш шаймандарын колдонууга тыюу салынат. Суу же башка муздатуучу суюктуктарды колдонуу электр соккусуна урунууга алып келиши мүмкүн.

4.2 Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы боюнча тиешелүү нускамалар

Тээп кетүү - жылмалоочу тегерек, жылмалоочу жаздыкча, зымдуу щетка ж.б. сыяктуу айланып жаткан иш шайманы кыпчылып же бөгөттөлүүн калганда пайда болуучу күтүүсүз реакция. Кыпчылуу же бөгөттөлүүн айланып жаткан шаймандын дароо токтошуна алып келет. Натыйжада, башкарылбай калган электр шайманы бөгөттөлгөн чекиттен коюлма шаймандын айлануу багытына каршы ылдамдап айланат.

Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчыллып калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма материалга кирип турган чети бөгөттөлүп калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине себеп болушу мүмкүн. Андан соң, бөгөттөлгөн чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша жылмалама тегерек оператор тарапка же ага карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн.

Тээп кетүү электр шайманын туура эмес же талапка ылайыксыз колдонуунун натыйжасында пайда болот. Темөндө көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары аркылуу анын алдын алууга болот.

а) Электр шайманын бекем кармоо керек жана оператор өз денеси менен колдорун тээп кетүүгө жол бербегидей абалда кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү учурундагы реакция моменттерин болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым кошумча туткасын да колдонунуз. Оператор тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат.
b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына жакын кармоого тыюу салынат. Тээп кеткенде шайман оператордун колуна тийип калышы мүмкүн.
с) Өндүрүүүү бул электр шайманы үчүн атайы чыгарбаган жана сунуштабаган тетиктерди колдонбонуз. Тетиктердин электр

шайманына бекем орнотулушу шаймандын коопсуз иштешине кепилдик бербейт.

d) Бурчтарда, курч кырларда ж.б. жерлерде өтө кылдат болуп, иш шаймандары даярдалма материалдан секирбешин жана кыпчылып калбашын камсыздоо керек.
Айланма тетиктер көпчүлүк учурда бурчтарда, курч кырларда же секирип кеткенде кыпчылып калышат. Бул башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет.
e) Чынжырлуу же тиштүү араа колдонууга болбойт. Мындай шаймандар көп учурларда электр шайманын башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет.

4.3 Жылмалоо жана кесип жылмалоо учурундагы коопсуздук техникасы боюнча езгече көрсетмөлөр:

a) Бир гана сатып алган электр шайманы учүн уруксат берилген жылмалоо машиналарын жана ушундай жылмалоо машиналары учүн жасалган коргоо капкагын колдонуу керек. Электр шайманына арналбаган абразивдер жетиштүү түрдө тосулбагандыктан, кооптуу болушат.
b) Чыканактуу жылмалоочу тегеректерди жылмалоочу катмары коргоочу каптамадан темен болгудай кылып орнотуу зарыл.
Туура эмес орнотулган жылмалоочу тегерек корголгон бөлуктөн ашып калса, талаптагыдай тосулбай калат.

с) Коргоочу каптама электр шайманына бекем тагылып, операторго абразивдүү шаймандын эң аз бөлүгү ачык калгыдай болуп, максималдуу коопсуздукка туураланышы керек. Коргоочу каптама операторду таштандыдан коргоого, абразивдүү материалдын жана кийимди күйгүзө турган учкундардын кокустан тийип кетишинен сактоого жардам берет.

d) Жылмалоочу тегеректерди сунушталган жумуштарга гана колдонууга болот. Мисалы: кесүүчү дисктин капиталы менен эч качан жылмалоого болбойт. Кесүүчү жылмалоо тегеректери материалды дисктин четинен жоготууга арналган. Бул жылмалоочу тегеректерге капиталынан куч келтирилгенде алар сынып калышы мумкүн.

e) Тандалган жылмалоочу тегерекке туура өлчөмдөгү жана формадагы, бүтүн кыпчытма фланецтерди колдонуу керек. Чак келген фланецтер жылмалоочу тегеректи бекемдеп, кесүүчү жылмалоо тегерегинин сынып кетүү коркунучун азайтат. Кесүүчү тегеректер үчүн лезвиелер башка жылмалоочу тегеректердин фланецтеринен айырмаланышы мүмкүн.

f) Күчтүүрөөк электр шаймандарында жешилген жылмалоочу тегеректерди колдонууга болбойт. Күчтүүрөөк электр шаймандарынын жылмалоочу тегеректери кичине электр шаймандарынын жогорку вылдамдыгына дайындалган эмес жана сынып калышы мүмкүн.

4.4 Кесип жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча кошумча езгече нускамалар:

а) Кесүүчү дисктин бөгөттөлүшүн же ашыкча контакт басымынын алдын алуу сунушталат. Ћте терең кесүү сунушталбайт.
Кесүүчү дискке ашыкча күч келтирилгенде, анын чыңалуусу көбөйүп, кыпчылууга же бөгөттөлүүгө ыктуу болуп калгандыктан, тээп кетүү же абразивдүү сынуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

b) Айланып жаткан кесүүчү тегеректин алдына же артына жайгаштырууга болбойт.

Эгер оператор кесүүчү дискти өзүнөн даярдалма материалды көздөй жылдырса, диски айланып жаткан электр шайманы тээп кеткенде операторду көздөй жылышы мүмкүн.

с) Эгер кесүүчү диск кыпчылЫП калса же иш токтоп калса, электр кубатын өчүруп, диск токтогуча кармап туруш керек. Иштеп жаткан кесүүчү дөңгөлөктү эч качан чыгарууга аракет кылбаш керек. Болбосо, тээп кетиши мүмкүн. Кыпчылуунун себебин аныктап, жоюу зарыл.

d) Электр шайманы даярдалма материалда турганда аны күйгүзүүгө болбойт. Кесүүнү улантуудан мурун лезвие толук ылдамдык алгыдай кылыш керек. Болбосо диск кыпчылып калып, даярдалма материалдан бошоп же тээп кетиши мүмкүн.

e) Кесүүчү диск кысыллып калгандыктан тээп кетүү коркунучун азайтуу үүүн пластина жана чоң даярдалма материалдарга тирөөч коюу керек. Ири даярдалма материалдар өз салмагынан улам ийилиши мүмкүн. Иштелип жаткан деталь дисктин эки жагынан тең, кесе турган аймакка жакын жерден жана учунан тирелиши керек.

f) Турган дубалдарда же башка көрунбегөн аймактарда «чөнтөк кесүү» учурунда өзгөче кылдат болуу зарыл. Газ жана суу түтүктерүн, электр зымдарын же башка объекттерди кесип жатканда сууланган кесүүчү диск тээп кетиши мүмкүн.

4.5 Жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча өзгөчө көрсетмөлөр:

a) Габариттик өлчөму дал келбеген абразивдик листтерди колдонууга болбойт. Абразивдик листтин габариттери боюнча өндүрүүчүнүн нускамаларын аткаруу керек.
Жылмалануучу катмардан ашып турган абразивдик листтер жаракат алууга, кыпчылууга, айрылууга же тээп кетүүгө себеп болушу мүмкүн.

4.6 WEV 15-125 Quick HT, WEV 15-125 Quick HT, WEV 15-125 Quick Inox, WEV 17-125 Quick Inox RT учун гана: жылмалоо иштери учун коопсуздук техникасы боюнча өзгечө көрсетмелөр:

Жылмалоочу капкактын бөлуктөру, айрыкча бекемдөөчү боонун саландап калбоосун көзөмөлдөп туруңуз. Боону четке жылдырып же кесип салыңыз. Иштөө

КЫРГЫЗЧАky

учурунда сала?дап же айланып жаткан боонун учтары манжага же даярдалып жаткан материалга оролуп калышы мүмкүн.

4.7 Зымдуу щеткалар менен иштөөдөгү коопсуздук техникасы боюнча өзгөче көрсөтмөлөр:

а) Кадимки колдонууда зымдуу щетка зым үзүктөрүн жоготоруна көңүл буруу керек. Ашыкча кысуу басымынан улам зымдарга күч келтирбеш керек. Зымдын ыргыган кесиндилери жука кийимди жана / же терини көзөп өтүшү мүмкүн.
b) Эгер коргоочу капкакты колдонуу сунушталса, коргоочу капкак менен зымдуу щетка бири-бирине тийбеши керек. Пластина түрундөгү же чөйчектүү щеткалардын контакт басымынан жана борбордон качма күчтөн улам диаметри чоңойушу мүмкүн.

4.8 Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр:

METABO WE 17-150 Quick RT - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 1

ЭСКЕРТУУ – Ар дайым коргоочу көз айнек кийүү зарыл.

METABO WE 17-150 Quick RT - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 2

ЭСКЕРТУУ – Электрокуралды ар дайым эки колунуз менен колдонунуз.

Ийкемдүү прокладкалар абразив менен берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды колдонуу керек.

Шаймандын же аксессуардын маалыматына баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана соккудан сактоо керек!

Жылмалоочу тегеректер өндүрүүчүнүн нускамаларына жараша сакталып, иштетилиши керек.

Кесүүчү дискти жылмалоо иштери үүүн колдонбо?уз! Кесүүчү дисктин капитал тарабына күч келтирбөө керек.

Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар менен. Ири даярдалма материалды талаптагыдай тиреп коюу керек.

Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса, шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын көзөнөгүне тийбеши керек. Иш шайманындагы sail шпинделдин узундугуна дал келгидей болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш шайманындагы sail шпинделдеги сайта дал келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы боюнча маалымат 4-5-бетте жана 14. Техникалык мүнөздөмөлөрү бөлүмдө көрсөтүлгөн.

Туруктуу чаң тазалоо системасын колдонуу сунушталат. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максимальдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек. Жылмалоочу машина агып чыкма токтон коргоочу автомат тарабынан өчүруүлгөндө, шайманды текшерип, тазалоо керек. «Тазалоо» 9. бөлүмүн караңыз.

Сынган, тегерек эмес же титиреген шаймандарды колдонууга болбойт.

Газ же суу түтүктөрүн, электр зымдарын жана көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан сактануу керек.

Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө алдында вилканы розеткадан сууруш керек.

Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.

Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы бузулган машинаны иштетууге болбойт.

Майда даярдалма материалды бекитип коюу керек. Мисалы, аларды тиск менен кыпчытуу керек.

ЭСКЕРТУУ - Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу

станокторду колдонгондо, жылмалоодо, аралоода, көзөөдө жана башка жумуштарда пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса кемтик жана репродуктивдүү функциянын башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык заттардын айрым мисалдары:

- коргошундуу боёктон чыккан коргошун, - кирпичтен, цементтен жана башка тизүү материалдарынан чыккан минералдуу чаң жана - химиялык дарылоодон откөн жыгачтан чык мышьяк жана хром.

Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч операторлор мындай жумушту канчалык көп аткарганына жараша айырмаланат. Бул химикаттардын таасирин азайтуу учүн жакшы аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо каражаттары, мисалы, микроскоптук бөлукчелөрдү чыпкалоо учүн атайын иштелип чыккан чаңдан коргоочу беткаптар менен иштөө керек.

Бул башка материалдардын да чацына тиешелүү, мисалы, дарактын айрым түрлөру (дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар, асбест. Башка кеңири тараган ооруларга аллергиялык реакциялар, дем алуу органдарынын оорулары кирет. Бөлукчөлөрдү оператордун организмине киргизбеш керек.

Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин түру боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде белгиленген нускамаларды жана улуттук эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча эрежелерди) сактоо керек.

Белукчелөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.

Иштин ар бир түрунө ылайыктуу аксессуарларды колдонгула. Аны менен айлана-чөйреге белукчөлөр азыраак чандалат.

Чанды кетируүү үчүн тийиштүү чаң соргучтарды колдонгула.

Чандын зыян таасирин төмөндөткулө:

  • пайда болгон зыян бөлукчөлердүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чаңга багыттабагыла,
  • аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула,
  • Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чанды кайра көтөрөт.
  • Коргоочу кийимди атайын чаң соргуч менен тазалап же жууш керек. Уйлебе, чаппа жана щетка менен тазалаба.

5. Кыскача билдируу

2-бетти кара.

1 Quick выпчытма гайкасы *
2 Тирөөчү фланец
3 Ш пиндель
4 Шпинделди бөгөттөөчү баскыч
5 Θчүрүүүү / күйгүзүүүү сыдырма которую*
6 Т у т к а
7 Электрондук сигналдык индикатор *
8 Білдамдыкты тууралоочу дөңгөлөк *
9 Баскыч түрүндөгү өчүруүп-қүйгүзгүч*
10 Күйгүзүүнү бөгөттөгүч *
11 Кошумча тутка / Титирөөнү басандатуучу кошумча тутка *
12 Коргоочу капот
13 Эки бекитме көзөнөктүү гайка *
14 Эки кезөнөктүү ачкыч *
15 Коргоочу капкакты бекитүү үчүн рычаг

* комплектация жараша/ эксплуатация көлөмүнө кирбейт

6. Ишке киргизүү

METABO WE 17-150 Quick RT - Ишке киргизүү - 1

Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган

чыңалуусу жана жыштығы сиздин кубат жеткирүүнүздүкүне туура келерин тактаңыз.

METABO WE 17-150 Quick RT - Ишке киргизүү - 2

Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максималдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек.

6.1 Кошумча тутканы орнотуу

METABO WE 17-150 Quick RT - Кошумча тутканы орнотуу - 1

Кошумча тутка тагылган абалда гана иштөө (11) керек! Кошумча тутканы машинанын сол же он жагына буроо.

6.2 Коргоочу каптаманы орнотуу

METABO WE 17-150 Quick RT - Коргоочу каптаманы орнотуу - 1

Коопсуздукту камсыздоо максатында, тиешелүү жылмалоочу тегерекке арналган коргоочу капкакты гана колдонуу сунушталат!

Жылмалоо учүн коргоочу капот

Одуракай жылмалоо дисктери, табак түрундөгү жылмалоочу пластиналуу тегерек, алмаздуу кесүүчү дисктер менен иштөөгө арналган.

3-бет, С сүрөтүн караңыз.

  • Рычагды (15) басып, кармап турунуз. Коргоочу капотту (12) көрсетүлгөн абалда орнотунуз.
  • Рычагды коё берип, ал токтоп калгыча коргоочу капкакты бураныз.
  • Рычагды тартып, коргоочу капкакты жабык аймагы колдонуучуну карап тургудай кылып буруңуз.
  • Бекем отургандыгын текшерициз: рычаг оюкка кирип, коргоочу капкак тегеренбеши керек.

METABO WE 17-150 Quick RT - Жылмалоо учүн коргоочу капот - 1

Коргоочу капоттон кеминде 3,4 мм чыгып турган иш шаймандарын гана колдонуу керек.

(Чечкенде, аракеттерди

тескери иретте аткаруу керек.)

7. Жылмалоочу дискти орнотуу

METABO WE 17-150 Quick RT - Жылмалоочу дискти орнотуу - 1

Кайра жабдуу иштеринин алдында:

кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуу

зарыл. Станокту өчүрүп, шпинделди токтотуу керек.

METABO WE 17-150 Quick RT - Жылмалоочу дискти орнотуу - 2

Коопсуздукту камсыздоо максатында, кесүүчү жээктин калканын колдонуу

сунушталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11. караңыз).

7.1 Шпинделди бөгөттөө

- Шпинделди бөгөттөө (4) баскычын басып, шпинделдин бөгөттөөчү баскычы бөгөттөлгөнү сезилмейинче (3) кол менен айлантыңыз.

7.2 Жылмалоочу дискти орнотуу

2-бет, А сүрөтүн караңыз.

  • Тирөөчү (2) фланецти шпинделге орнотунуз. Фланец шпинделде айланбаса, туура орнотулду деп эсептелет.
    W 9-100 учүн гана: чакан дөмпекче (диаметри 16 мм) өйдө тарапты карагандай кылып, тиреп туруучу фланецти эки штифттүү ачкыч менен шпинделди көздей бура?ыз.
  • Жылмалоочу дискти тирөөчү (2) фланецке орнотунуз.
    Жылмалоочу тегерек тирвечу фланецке тегиз отурушу керек.

7.3 Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша)

METABO WE 17-150 Quick RT - Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша) - 1

Quick" системасы менен жабдылган

шаймандарга гана орноту?уз. Мындай шаймандарды "M-Quick" деген жазуусу бар шпинделдин токтоткучундагы (4) кызыл баскычы боюнча о?ой аныктоого болот

METABO WE 17-150 Quick RT - Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша) - 2

Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы

7,1 мм ден калың болсо, Quick кыпчытма

гайкасын колдонууга болбойт! Мындай учурда эки бетитме көзөнөктүү кыпчытма гайканы (13) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен (14) колдонунуз

КЫРГЫЗЧАky

  • Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
  • Quick кыпчытма гайкасын (1) шпинделге (3) 2 мүйузче шпинделдин 2 оюкчасына киргендей кылып орноту?уз. Сүретту караңыз, 2-бетте.
  • Quick выпчытма гайкасын saat жебеси боюнча кол менен бекитиңиз.
  • Жылмалоочу тегеректи күч менен saat жебеси боюнча айлантуу аркылуу Quick кыпчытма гайкасын бекитиниз.

Quick выпчытма гайкасын (1) бошотуу:

METABO WE 17-150 Quick RT - Quick выпчытма гайкасын (1) бошотуу: - 1

Quick кыпчытма гайкасы (1) орнотулганда гана шпинделди M-Quick шпиндель

токтоткучунун (4) кызыл баскычынын жардамы менен токтотууга уруксат берилет!

  • Эчүргөндөн кийин шайман инерция боюнча кыймылдай берет.
  • Абразивдүү дисктин толук токтоосуна чейин М-Quick шпиндель токтоткучундагы (4) кызыл баскычын басы?ыз. Quick кыпчытма гайкасы (1) болжол менен жарым айланышка автоматтык түрдө бошо?дойт, ошондуктан аны кошумча күч же шайман колдонбостон эле бурап чыгарып алса болот.

7.4 Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бекитүү/бошотуу (комплектациясына жараша)

Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (13) бекитүү:

Эки бекитме көзөнөктүү гайканын 2 бети бири- биринен айырмаланат. Эки бекитме көзөнөктүү гайканы шпинделге төмөнкүдей крылып бураңыз:

2-бет, В сүрөтүн караңыз.

- X) Жука жылмалоочу тегеректер учүн: Эки бекитме көзөнектүү гайканын томпогу (13) өйде карап тургандыктан, жука жылмалоочу тегеректи бекем орнотууга болот.

Y) Калың жылмалоочу тегеректер учүн:

Эки бекитме көзөнектүү гайканын томпогу (13) төмен карап тургандыктан, гайканы шпинделге бекем орнотууга болот.

Z) W 9-100 yчүн гана:

Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу төмөн карап, түз бети өйдө карап турат.

- Шпинделди бөгөттөңүз. Эки бекитме көзөнектүү гайканы (13) saat жебеси боюнча (14) эки көзөнөкке салынма ачкыч менен бекитиңиз.

Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бошотуу:

  • Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
    Эки бекитме көзөнектүү гайканы (13) saat жебесине каршы (14) эки көзөнөкке салынма ачкыч менен бурап чечиңиз.

8. Колдонуу

8.1 Айлану улдамдыгын жөндөө (жабдылышына жараша)

Тууралоочу дөңгөлөктө (8) сунушталган ылдамдыкты коюңуз. (Кичине сан = төмен ылдамдык, чоң сан = жогору ылдамдык)

Кесүүчү жылмалоо машинасы-, сыйрыма жылмалоочу тегерек, чөйчөк түрүндөгү

жылмалоочу тегерек, алмаздуу кесүүчү жылмалоо тегереги: жогору айлануу саны Щетка: орточо айлануу саны Табак түрундөгү жылмалоочу тегерек: төмен жана орто айлануу саны Көрсөтме: Сайкалдоо учүн биздин компаниянын бурчтуу сайкалдагычын колдонууну сунуштайбыз.

8.2 Күйгүзүү/Өчүрүү

METABO WE 17-150 Quick RT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 1

Машинаны ар дайым эки колдоп кармоо керек.

METABO WE 17-150 Quick RT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 2

Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң даярдалма материалга алып келүү керек.

METABO WE 17-150 Quick RT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 3

Кокустан жүргүзүүн алуудан сактануу үчүн: вилка розеткада суурулуп кеткенде же гр кубатында бузулуу орун алганда инаны өчүруүп коюу керек.

METABO WE 17-150 Quick RT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 4

Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина колдон бошотулганда да иштей берет.

Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол менен туткасынан кармап, туруктуу абалга жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу керек.

METABO WE 17-150 Quick RT - Күйгүзүү/Өчүрүү - 5

Чаң же сүрундү шайманга сорулуп киришине жол бербөниз. Машинаны

өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо гана шнурду сууруш керек.

Куйгузүү: Сыдырма которуюту (5) алдыга жылдырыңыз. Тынымсыз иштетүү учүн ал оюкка кирмейинче төмен кыйшайтыш керек.

Өчүрүү: Сыдырма которгучтун арткы учун (5) басып, коё бериңиз.

Желекче түрүндөгү өчүруүп-күйгүзгүчтүү шаймандар (сактык кнопкасы менен):

METABO WE 17-150 Quick RT - Желекче түрүндөгү өчүруүп-күйгүзгүчтүү шаймандар (сактык кнопкасы менен): - 1

text_image 9109 10 1 0 ①

Куйгузүү: күйгузүүнү бөгөттөгүчтү (10) жебенин багыты боюнча жылдыры?ыз, андан кийин баскыч түрүндөгү өчүруүп-күйгузгүчтү (9) басы?ыз.

W...RT деген белгиси бар шаймандар: Кыска моенеткө күйгүзүү (автотоктотуу функциясы менен):

METABO WE 17-150 Quick RT - Желекче түрүндөгү өчүруүп-күйгүзгүчтүү шаймандар (сактык кнопкасы менен): - 2

text_image ① 9 ⑩

Куйгүзүү: Которгуч баскычын (9) алдыга жылдырып, которуюту өйде карай (9) басыңыз.

W...RT деген белгиси бар шаймандар: Тынымсыз иштөө режими (комплектацияга жараша)

METABO WE 17-150 Quick RT - Желекче түрүндөгү өчүруүп-күйгүзгүчтүү шаймандар (сактык кнопкасы менен): - 3

text_image 9 ① ②

Куйгузүү: шайманды жогоруда сүрөттөлгөндөй күйгузү?үз. Баскыч түрундөгү өчүруп- күйгузгүчтү (9) бир позицияга алдыга жылдырып, өчүруп-күйгузгүчтү (9) ошол абалда бекитүү үчүн, баскычты коё бери?из (тынымсыз иштөө режими).

Өчүрүү: баскыч түрундөгү өчүруп-күйгүзгүчтү (9) өйдөнү көздөй басып, кайра коё бери?из.

8.3 Иш нускамалары

Стандарттык жылмалоо жана наждак кагазы менен жылмалоо:

Станокту орто куч менен басып, даярдалма материалдын устунку бөлүгү їте ысып кетпеши учун алдыга, артка жылдырыңыз.

Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн 30° - 40?С бурч менен иштөө керек.

Жылмалоочу тегерек менен кесүү:

METABO WE 17-150 Quick RT - Иш нускамалары - 1

Жылмалоочу тегерек менен кесип жатканда ар дайым дисктин айланышына каршы (суретту караңыз) иштөө керек. Болбосо, машинанын кесилген жерден

көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат. Иштелип жаткан материалга ылайыкталган, орточо күч менен иштөө керек. Ћте кыйшайууга, ашыкча күч келтируүге жана машинаны чайкоого жол бербеңиз.

Зымдуу щеткалар менен иштөө:

Машинаны орточо куч менен басыңыз.

8.4 Редуктордун тулкусунун айлануусу

3-бет, D сүрөтүн караңыз.

- Розеткадан вилканы сууруңуз.

- Рычагдын бекитуу бурамасын (а) чыгарып салы?ыз (15). Бураманы алып салып, рычагды чыгарып (желбирек элементи менен кошо), четке алып кою?уз.

  • Редуктордун тулкусунн 4 бурамасын (b) бурап чыгары?ыз. КӨНУЛ БУРУНУЗ! Редуктордун тулкусун чечпениз!
  • Редуктордун тулкусун чечпестен, керектүү абалга бура?ыз.
  • Редуктордун тулкусунун 4 бурамасын (b) сайына бурап киргизи?из! Тартып буроо учуру = 3,0 Nm +/- 0,3 Nm.
  • Рычагды керектүү абалда кармап турган пружинаны жылдырып, бекитүү бурамасы (а) менен тарттырып, кайрадан (15) орноту?уз (желбирек элементи менен кошо). Тартып буроо учуру = 5,0 Nm +/- 0,5 Nm. Рычагдын иштөөсүн текшери?из: ал пружинанын күч алдында болушу зарыл.

9. Тазалоо

Иштетип жатканда машинанын ичинде коштоочу чаң отуруп калышы мүмкүн. Бул электр шайманын муздатууну начарлатат. Ток өткөрүүчү чаң электр шайманынын коргоочу изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу коркунучун жаратышы мүмкүн.

Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана арткы аба айлантуучу кезөнөктөр аркылуу чанды тазалап же кургак аба менен үйлөтүп туруу керек. Ал үчүн электр шайманын электр булагынан ажыратып, коргоочу кез айнек жана респиратор кийүү зарыл.

10. Мүчүлүштүктердү ондоо

VTC жана ТС электроникасы менен жабдылган шаймандар:

METABO WE 17-150 Quick RT - Мүчүлүштүктердү ондоо - 1

Электрондук сигнал индикатору (7) күйүп, айлануу жыштыгы крысым астында азаят (W...RT эмес). Шайманга

келтирилген күч өтө чоң! Шайманды электрондук сигнал индикатору өчмөйүнче, куру жүгүрукте иштетип туру?уз.

METABO WE 17-150 Quick RT - Мүчүлүштүктердү ондоо - 2

Электр шайманы иштебей жатат. Электрондук сигнал индикатору (7) (комплектациясына жараша)

булбулдөп жатат. Кайталап күйгүзүүнү бөгөттөөчү түзмөк иштеп кетет. Машина күйгүзүлгөндө же кубаты өчүрулгөндөн кийин кайра берилгенде шнурдун вилкасы сайылып турса, машина жүргүзүлбөйт. Машинаны өчүруп, кайра күйгүзүңүз.

11. Аксессуарлар

Metabo фирмасынан чыккан тупнуска тетиктерди гана колдонуу сунушталат. 6-бетти карагыла.

Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мүнөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула.

А Кыпчытмалуу коргоочу каппак / коргоочу бурян каптама

Бурчтуу жылмалоочу машиналар, алмаздуу кесуу менен иштеөгө багытталган Коргоочу каптаманын кыпчытмасы орнотулганда,

КЫРГЫЗЧАky

коргоочу капкак бөлүүчү элемент катары иштейт.

В Абразивдүү кесүү үчүн коргоочу каптама

Алмаздуу кесүүчү тегеректер менен таш плиталарын кесүүгө арналган. Тиешелүү сордуруучу түзмөк менен таш чаңын тазалоочу түтүгү менен.

С Жалпак жылмалоо иштерине арналган, сордуруучусу бар коргоочу капкак

Алмаз жалатылган, чөйчек сымал же фибра дисктери жана туура келүүчү жылмалоочу табактары бар бетонду, стяжканы, жыгачты жана полимерлерди жылмалоого арналган. Тиешелүү ча? сордуруучу аспаптын жардамы менен таш, жыгач жана полимер ча?дарын сордуруп алууга багытталган түтүкчесү менен. Учкундарды сордуруп алууга же металлды жылмалоого жарабайт.

Майда көздуү фильтр кыймылдаткычтын тулкусуна ири бөлүкчөлөрдүн кирип кетишинен сактайт. Фильтрди дайыма чечип, тазалап туруу керек.

Тирөөчү табак, жылмалоочу табак, зымдүү щеткалар жана керамикалык плиталар үчүн алмаздуу тешкичтер менен иштөөгө багытталган.

Оператордун колун коргоочу каражатты капталдагы кошумча тутканын алдына коюу керек.

F Кошумча сап үчүн көп позициялуу скоба

Саптын абалын ар түрдүү алмаштырууну камсыздайт.

G Скобасы бар чечилме кошумча сап

Аксессуарлардын толук жыйнактарын www.metabo.com сайтынан же каталогдон карагыла.

12. Ремонт

METABO WE 17-150 Quick RT - Ремонт - 1

Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлөө устаканаларында гана жүргүзүлүшү керек!

Бузулган тармак кабелин тупнуска Metabo кабели менен гана алмаштыруу керек. Аны Metabo тейлее борборунан сатып алууга болот.

Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо учун Metabo өкүлчүлүгүне кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар.

Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жуктөп аласыздар.

13. Айлана-чөйрөнү коргоо

Пайда болгон жылмалоо чаңында зыян заттар камтылышы мүмкүн болгондуктан, аны талаптагыдай утилизациялоо керек.

Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, таңгактарды жана

аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла.

METABO WE 17-150 Quick RT - Айлана-чөйрөнү коргоо - 1

ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук жана электр куралдары боюнча 2012/19/EC Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнче чогултуп, айлана-чөйреге зыян келтирбегендей қылып ыргытыш керек.

14. Техникалык шарттары

Деталдардын сүрөттөлушүн 4-беттен карагыла. Техникалык прогресске байланыштуу өзгөруүлөрдү алдын ала карагыла.

∅ = иш шайманынын максималдуу диаметри

t_max,1 = эки бекитме көзөнөктүү гайка колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калынддығы (13)

t_max,2 = Quick кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калынддығы (1)

t_max,3 = сүрүүүү төгерек/кесүүүү төгерек: иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калындыгы

M = Жүгүртмө сай

I = жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички сайы

n^* = куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (максималдуу айлануу жыштыгы)

n_V^*= куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (туураланат)

P_1 = Номиналдуу керектелүүчү кубат

P_2 = Чыгучу кубат

m = Тармак кабелисиз салмагы

Өлчөөнүн мааниси EN 60745 стандартка ылайык аныкталат.

□ II класстагы жабдык

\~ Өзгөрмө ток

* WE... деген белгиси бар шаймандар : бийик жыштыктагы кубаттуу тоскоолдуктар айлануу жыштыгынын термелүүсүне алып келиши мүмкүн. Тоскоолдуктар баса?даганда, термелүүлөр токтойт.

Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен berилген (учурдагы стандарттарга ылайык).

METABO WE 17-150 Quick RT - Техникалык шарттары - 1

Калдыктар

Бул маанилер электр инструменттин калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмөн болушу мүмкүн. Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмөн фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын.

Дирилдеєнун жалпы мааниси (триаксалдык вектордун суммасы) EN 60745 стандарттарына ылайык аныкталат:

a_h, SG = дирилдөө чыгышынын өлчөму (үстүнкү катмарды жылмалоо)

a_h, DS = дирилдөө чыгышынын өлчөму (табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек менен жылмалоо)

a_h,P = титиреонун мааниси (бетти жылмалоо)

K_h,SG/DS/P = жа?ылыштык коэффициенти (титирее)

Ызы чуунун деңгээли:

L_pA = акустикалык басым

L_WA = акустикалык кубаттулук

K_pA, K_WA = Аныксыздык

Иштөө убагында ызы чуунун деңгээли 80 дБ(А) чейин жогорулайт.

METABO WE 17-150 Quick RT - Калдыктар - 1

Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула!

Өндүруүлгөн күнү шаймандын маалымат тактасында аа/жжжж форматында көрсөтүлгөн Буюмдун колдонуу меөнөтү 7 жыл.

Өндүруүлгөндөн кийин 5 жыл сакталса, алдын ала текшерип көрмөйүнче, иштетүү сунушталбайт

EAC

Алуучу үчүн маалымат:

Шайкештик сертификаты: № ЕАЭС RU С-DE.ГБ09.В.00161/20, жарактуулук мөөнөтү: 19.03.2020 - 18.03.2025-ж., "Көз карандысыз экспертиза" жоопкерчилиги чектелген коому продукцияны сертификациялоо органы тарабынан берилген; Жайгашкан жери (юридикалык тараптын дареги) жана ишкердик жүргүзүлүүчү дарек: 115280, Россия, Москва шаары, Ленинская Слобода көчесү, 19-үй, 2-кабат, 21ш8, 21ш9, 21ш10, 21ш11 бөлмөлөрү; Телефону: +7 (495) 722-61-68; Электрондук почтасынын дареги: info@n-exp.ru; 09.09.2014-ж. № РОСС RU.0001.11ГБ09 аккредитациялоо аттестаты.

Шайкештик декларациясы (RoHS): № ЕАЭС N RU Д-DE.ГБ09.В.00361/20, жарактуулук мөөнөтү: 06.03.2020 - 26.02.2025-ж., "Көз карандысыз экспертиза" жоопкерчилиги чектелген коому продукцияны сертификациялоо органы тарабынан катталган; Жайгашкан жери (юридикалык тараптын дареги) жана ишкердик жүргүзүлүүүу дарек: 115280, Россия, Москва шаары, Ленинская Слобода көчөсу, 19-үй, 2-кабат, 21ш8, 21ш9, 21ш10, 21ш11 бөлмөлөрү; Телефону: +7 (495) 722-61-68; Электрондук почтасынын дареги: info@n-exp.ru; 09.09.2014-ж. № РОСС RU.0001.11ГБ09 аккредитациялоо аттестаты.

Өндүруүлгөн өлкө: Германия

Өндүрүүүү: "Metabowerke GmbH", Metaboallee 1, D-72622 Nuertingen, Германия

Россиядагы импорттоочу:

Мазмун Баштыкка кирүү үчүн чыкылдатыңыз
Колдонмо жардамчысы
Anthropic тарабынан колдоого алынат
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : METABO

Модель : WE 17-150 Quick RT

Категория : шлифовкалоочу машина