WEPBA 17-125 Quick RT - шлифовкалоочу машина METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз WEPBA 17-125 Quick RT METABO PDF форматында.
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө WEPBA 17-125 Quick RT METABO
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз шлифовкалоочу машина PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз WEPBA 17-125 Quick RT - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. WEPBA 17-125 Quick RT бренддин METABO.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ WEPBA 17-125 Quick RT METABO
ky Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы 148
10. Акаулыктарды жою
VTC, TC, VC электроникасы бар аспаптар:

Косымша керек-жарактар: (www.metabo.com веб-сайтын да караныз)
Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы
1. Шайкештиги тууралуу декларация
Туру жана сериялык номери аркылуу белгиленген бул жылмалоочу машина төменкүлөргө жооп берерин биз өзүбүздүн жеке жоопкерчилигибиз менен жарыялайбыз: *1), директиванын бардык жоболоруна *2) жана нормаларына *3). техникалык документтерге *4) – 4-беттен карагыла.
2. Багыты боюнча колдонуу
Metabo фирмасынын тупнуска толуктоочу тетиктери менен жылмалоочу машинанын комплектиси жылмалоого, барабандуу, чюлган наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу станоктордо колдонууга, зымдуу щеткалар менен колдонууга жана металлды, бетонду, ташты жана ага окшогон материалдарды суу колдонбостон алмаздуу тегерек менен кесүүгө багытталган.
WEVA 15-125 Quick, WEVA 15-150 Quick ошондой эле жөнөкөй жылмалоо иштерине да ылайыктуу. Татаал жана көп убакыт талап кылган жылмалоо иштеринде бурчтуу жылмалоочу машинаны сунуштайбыз.
WEV... белгиси менен белгиленген машиналар орнотуучу дө?гөлөкчөсү бар болгондуктан, зымдуу щетка менен тазалаганга абданы?гайлуу.
Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик тартат.
Кокустук кырсыктарды болтурбоо учүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек.
3. Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери

Өзүнүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз!

КОНУЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо учүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз.

ЭСКЕРТУУ – Бул электр шайманы менен кошо келген техникалык коопсуздук боюнча бардык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды жана спецификацияларды окуп чыгыңыз. Нускамалардын баарын окубагандан электр соккусу, өрт чыгышы жана/ же олуттуу жаракат алуу келип чыгышы мүмкүн.
Андан ары колдонуу учүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап койгула.
Башкаларга электр инструментицизди берүүдө,
анын бардык бул документтери менен кошо берициз.
4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөче эрежелер
4.1 Жылмалоо учурунда, жылмалоочу наждак кагазы, зым щёткалары, жылтыратуу же бөлүүчү түйүмдөрү менен иштөөдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр:
a) Бул электрокаражат жылмалоо, жылмалоочу наждак кагазы, зым щёткалары же бөлүүчү түйүмдөру менен иштөө же тешүү үчүн колдонулат. Каражат менен чогуу алган коопсуздук техникасы, нускамалар, көрүнүштөр жана маалыматтар боюнча бардык көрсөтмөлөрдү окуп чыгыңыз. Эгер сиз темөндө көрсөтүлген коопсуздук эрежелерин сактабасаңыз электр тогу менен жабыркооңуз, оор жаракат алууңуз же өрт чыгуусу мүмкүн. WEVA 15-125 Quick, WEVA 15-150 Quick кошумча жылтыраткыч иретинде колдонулат.
b) Бул электр шайманы сайкалдоо учүн багытталган. Электр шайманын максатынан башка багытта колдонуу кооптуу абалга же жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. (WEVA 15-125 Quick, WEVA 15-150 Quick га тиешелүү эмес.)
с) Электр шайманын атайын иштелип чыкпаган жана анын өндүрүүүүсу тарабынан иштелип чыкпаган функция үчүн колдонбонуз. Мындай кайра түзүү иш аракеттери башкарууну колдон чыгарууга же жецил дене жаракаттарына алып келиши мүмкүн.
d) Ушул каражаттын өндүрүүчүсу атайын сунуштабаган жана өндүрбегөн коюлууучу бөлукту колдонбонуз. Андай толуктоочу тетиктер электр шайманына орнотулса да, коопсуз иштешине кепилдик бербейт.
e) Инструменттин коюлучу бөлүгүнүнүн айлануу ылдамдыгы электр каражатында көрсөтүлгөн максимальдуу ылдамдыктан кем болбошу керек. Инструменттин коюлучу бөлүгү көрсөтүлгөн ылдамдыктан тез айланса сынып же ыргып кетиши мүмкүн.
f) Коюлуучу бөлүктүн сырткы диаметри жана калындыгы сиздин электр каражатыңыздын өлчөмүне туура келиши керек. Ченем маалыматы туура эмес шаймандар жетишсиз майланган же толук көзөмөлдөнбегөн болушу мүмкүн.
g) Коюлуучу бөлуктүн бекемдөөчү бөлугү электр каражаттын бекемдөөчү шаймандардын өлчөмүнө туура келиши керек. Электро шайманга сырттан коюлуучу бөлук туура эмес орнотулса, ал бирдей эмес
айланып, өтө катуу дирилдеп башкаруунун жоголушуна алып келиши мүмкүн.
h) Бузулган коюлуучу каражаттарды колдонбонуз. Ар бир колдонуу алдында жылмалоочу тегерек сьяктуу шаймандардан кетик жана жаракаларды, колодкалардан жаракаларды, жешилгендигин же желип бүткөндүгүн, зымдуу щеткалардан жумшарган же үзүлгөн зымдардын жоктугун текшерип алуу керек. Эгер электр шайманы же иш шайманы кулап түшсө, анын зыянга учурабагындыгын текшерүү же бузулбаган шайманды колдонуу керек. Текшерүү жүргүзүлүп, иш шайманы ишке киргизилгенден кийин, операторду жана анын жанындагыларды айланып жаткан иш шайманынан алыс кармап, шайманды бир мүнөт бою толук ылдамдыкта иштетүү зарыл. Жабыркаган коюлуучу бөлүктөр тестирлөө убагында сынып калышы мүмкүн.
i) Коргоочу жеке каражаттарын кийиниз. Колдонулган жабдууга жараша, бетти коргоочу беткап, көздуу коргоо каражаттарын же коргоочу көз айнек кийүү керек. Керек учурларда чандан коргоочу беткап, коргоочу наушник, коргоочу мээлей же абразивдин жана материалдын майда бөлүкчөлөру колдонуучудан алыс болушу үүүн атайы алжапкыч кийүү зарыл. Ар кандай жумуштун натыйжасында пайда болуп, ыргып жаткан сыныктардан көздуу коргоо керек. Чаң беткабы же респиратор колдонуу учурунда пайда болгон чанды чыпкалашы керек. Эгер машинаны колдонуучулар узак убакыт бою ызы-чууга дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу пайда болот.
j) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш аймагына кирген адамдардын баары жеке коргоо каражаттарын кийиши керек.
Даярдама материалдын бөлүкчөлөру же сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан да жаракат алуу мүмкүн.
к) Иш шайманы көрунбегөн электр өткөрүү линияларына же өзүнүн кубаттоочу шнуруна тийип кете турган жумуштарды жасап жатканда, электр шайманын корголгон туткасынан гана кармаңыз. Инструменттин кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу инструменттин бөлүгү арқылуу электр инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуу күч берип, ал электр тогуна урундурушу мүмкүн.
I) Тармак кабелин айлануучу
каражаттарданалыс кармаңыз. Шайманды
башкаруу жоготулса, кубаттоо шнуру үзүлүп же
оролуп калып, колунуз менен айланып жаткан
шайманды кармап алышыңыз мүмкүн.
m) Коюлуучу бөлүк толук айланып бүткүчөктү электр шайманды эч качан койбонуз. Айланып жаткан иш шайманы бир нерсеге тийип кетип, электр шайманын башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн.
n) Электр каражаты иштеп турган учурда көтөруп жүрбөңүз. Айланып жаткан иш
шайманына кокус тийип кетсе, оператордун кийими оролуп калып, шайман оператордун денесин тешип кетүү коркунучу жаралат.
о) Электр шайманынын аба айлануучу көзөнөгүн тез-тез тазалап турунуз.
Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска чаңды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе, электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн.
р) Электр каражатын күйүүчү заттардын жанында колдонбонуз. Учкундар материалдарды күйгүзүшү мүмкүн.
q) Муздатуу үчүн суюк каражаттарды талап кылган коюлуучу бөлүктөрдү колдонбонуз. Суу же башка муздатуучу суюктуктарды колдонуу электр соккусуна урунууга алып келиши мүмкүн.
4.2 Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы боюнча тиешелүү нускамалар
Жабылуу бул айланып жаткан жылмалоочу бөлүктүн жабылып калуусу, жылмалоо диски, жылмалоо табакча, зым щеткалары ж.б. сыяктуу, кысылып калуусунун натыйжасындагы күтүлбөгөн реакция болуп каналат. Бир нерсе такалып же туруп калса бөлүктүн иштөөсүнүн токтотуусуна алып келет. Натыйжада, башкарылбай калган электр шайманы бөгөттелгөн чекиттен коюлма шаймандын айлануу багытына каршы вилдамдап айланат.
Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчыллып калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма материалга кирип турган чети бөгөттөлүп калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине себеп болушу мүмкүн. Андан соң, бөгөттөлгөн чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша жылмалама тегерек оператор тарапка же ага карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн.
Жабылуу электр шайманды туура эмес колдонуудан улам жана/же иштеөнүн туура эмес шарттарынан улам келип чыгат. Темөндө көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары аркылуу анын алдын алууга болот.
а) Электр шайманын бекем кармоо керек жана оператор өз денеси менен колдорун тээп кетүүгө жол бербегидей абалда кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү учурундагы реакция моменттерин болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым кошумча туткасын да колдонунуз. Оператор тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат.
b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына жакын кармоого тыюу сальнат. Тээп кеткенде шайман оператордун колуна тийип калышы мүмкүн.
с) Шайман контролдон чыгып кеткен учурда жаракат алуудан абайлаңыз жана алыс турунуз. Тетиктердин электр шайманына бекем орнотулушу шаймандын коопсуз иштешине кепилдик бербейт.
d) Бурчтарды жана башка учтуу жерлерди жылмалоодо, кесүүдө өзгөче сак болунуз.
КЫРГЫЗЧАку
Айланып жаткан белук бурчтарга же башка учтуу нерселерге кармалып калып шаймандан чыгып ыргып кетиши мүмкүн. Бул башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет.
е) Каражаттын сегменттелген, аралыгы 10 ммден көп болгон тиштүү лезвиесин даракты кесүү үчүн колонбонуз. Мындай каражаттар негизинен контролдун жоголушуна алып келиши мүмкүн.
4.3 Жылмалоо жана кесип жылмалоо учурундагы коопсуздук техникасы боюнча өзгечө көрсөтмөлөр:
а) Бир гана сатып алган электр шайманы учүн уруксат берилген жылмалоо машиналарын жана ушундай жылмалоо машиналары учүн жасалган коргоо капкагын колдонуу керек. Электр шайманына арналбаган абразивдер жетиштүү түрдө тосулбагандыктан, кооптуу болушат.
b) Чыканактуу жылмалоочу тегеректерди жылмалоочу катмары коргоочу каптаманын тегиздигинен ашпагыдай кылып орнотуу зарыл. Жылмалоочу диск туура эмес орнотулса (коргоочу капкагынын тегиздигинен чыгып турса) толук экрандана албайт.
с) Коргоочу бөлүгү шайманга толугу менен туура коопсуз болуп орнотулушу керек, колдонуучуга жылмалоосу корпустун бөлүгү көрүнүп турушу керек. Коргоочу каптама операторду таштандыдан коргоого, абразивдүү материалдын жана кийимди күйгүзө турган учкундардын кокустан тийип кетишинен сактоого жардам берет.
d) Жылмалоочу тегеректерди сунушталган жумуштарга гана колдонууга болот. Мисалы: жылмалоо дисктин капитал бетин эч качан жылмалабаңыз. Кесүүчү жылмалоо тегеректери материалды дисктин четинен жоготууга арналган. Бул жылмалоочу тегеректерге капталынан күч келтирилгенде алар сынып калышы мүмкүн.
e) Тандалган жылмалоочу тегерекке туура
өлчөмдөгү жана формадагы, бүтүн
кыпчытма фланецтерди колдонуу керек. Чак
келген фланецтер жылмалоочу тегеректи
бекемдеп, кесүүчү жылмалоо тегерегинин
сынып кетүү коркунучун азайтат. Кесүүчү
тегеректер үүүн лезвиелер башка жылмалоочу
тегеректердин фланецтеринен айырмаланышы
мүмкүн.
f) Күчтүүрөөк электр шаймандарында жешилген жылмалоочу тегеректерди колдонууга болбойт. Күчтүүрөөк электр шаймандарынын жылмалоочу тегеректери кичине электр шаймандарынын жогорку вылдамдыгына дайындалган эмес жана сынып калышы мүмкүн.
g) Эки милдетти аткаруучу дисктерди колдонууда дайыма коргоочу чехолду да колдонунуз. Коргоочу чехолду туура эмес колдонууда каалаган экрандаштырууну өткерүп жиберүүсүнө жана оор жаракаттарды алып келиши мүмкүн.
4.4 Кесип жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча кошумча езгече нускамалар:
а) Кесүүчү дисктин бөгөттөлүшүн же ашыкча контакт басымынын алдын алуу сунушталат. Ћте терең кесүү сунушталбайт.
Кесүүчү дискке ашыкча күч келтирилгенде, анын чыңалуусу көбөйүп, кыпчылууга же бөгөттөлүүгө ыктуу болуп калгандыктан, тээп кетүү же абразивдүү сынуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
b) Айланып жаткан кесүүчу тегеректин алдына же артына жайгаштырууга болбойт. Эгер оператор кесүүчү дискти өзүнөн даярдалма материалды көздөй жылдырса, диски айланып жаткан электр шайманы тээп кеткенде операторду көздөй жылышы мүмкүн.
с) Эгерде кесүүчү диск такалып калса же сиз иштеөсүн токтотсонуз, диск айланып бүткүчөктү шайманды кыймылсыз колунузда кармап туруңуз. Иштеп жаткан кесүүчү дөңгөлөктү эч качан чыгарууга аракет кылбаш керек. Болбосо, тээп кетиши мүмкүн. Кыпчылуунун себебин аныктап, жоюу зарыл.
d) Электр шайманы даярдалма материалда турганда аны күйгүзүүгө болбойт. Кесүүнү улантуудан мурун лезвие толук ылдамдык алгыдай кылыш керек. Болбосо диск кыпчылып калып, даярдалма материалдан бошоп же тээп кетиши мүмкүн.
e) Кесүүчү диск кысыллып калгандыктан тээп кетүү коркунучун азайтуу үчүн пластина жана чоң даярдалма материалдарга тирөөч коюу керек. Ири даярдалма материалдар өз салмагынан улам ийилиши мүмкүн. Иштелип жаткан деталь дисктин эки жагына, кесүү сызыгына да, четки сызыктарга да, тең такалышы керек.
f) Турган дубалдарда же башка көрунбөгөн аймактарда терендетип кесүү учурунда өзгөче кылдат болуу зарыл. Газ жана суу түтүктөрүн, электр зымдарын же башка объекттерди кесип жатканда сууланган кесүүчү диск тээп кетиши мүмкүн.
g) Ййри кесүү жасабаңыз. Кесүүчү дискти тынымсыз жана өте кеп колдонуудан анын иштөөсү начарлап, туура эмес иштеп, жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.
4.5 Жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча өзгөче көрсетмөлөр:
a) Жылмалоочу листтердин өлчөмүн туура колдонунуз жана өндүрүүчү көрсөткөндөй туура тандоо керек. Жылмалоочу лезвие жылмалоочу коргоочу пластинадан чыгып турса коллдонуучуга зыян алып келиши жана башка нерселерге , иштөөсүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.
4.6 Жалгыз WEVA 15-125 Quick, WEVA 15-150 Quick учүн: Жылтыратуудагы атайын коопсуздук эрежелери:
а) Жылтыратуу капкагында бош жер калбоосу керек. Айрыкча кармап туруучу шнурлар бар жерде. Боону четке жылдырып же кесип сальңыз. Иштөө учурунда сала?дап же айланып жаткан боонун учтары манжага же даярдалып жаткан материалга оролуп калышы мүмкүн.
4.7 Зымдуу щеткалар менен иштоөдөгү коопсуздук техникасы боюнча өзгөче көрсетмөлөр:
а) Кадимки колдонууда зымдуу щетка зым узуктөрүн жоготоруна көңүл буруу керек. Ашыкча кысуу басымынан улам зымдарга күч келтирбеш керек. Зымдын ыргыган кесиндилери жука кийимди жана / же терини көзөп өтүшү мүмкүн.
b) Эгер коргоочу капкакты колдонуу сунушталса, коргоочу капкак менен зымдуу щетка бири-бирине тийбеши керек. Пластина түрүндөгү же чөйчөктүү щеткалардын контакт басымынан жана борбордон качма кучтөн улам диаметри чоңойушу мүмкүн.
4.8 Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмелөр:

ЭСКЕРТУУ – Ар дайым коргоочу көз айнек кийүү зарыл.

Коргоочу кулак тыгындарын колдонунуз.

ЭСКЕРТУУ – Электрокуралды ар дайым эки колунуз менен колдонунуз.

Жылмалоонун корогоочу чехолун башка кызматтар үчүн колдонбоңуз. Кесүүчү дисктерди колдонууда коопсуздук үчүн
тиешелүү коргоочу бөлүктөрүн колдонунуз.
Сегменттелген кесүүчү тиштери 10 ммден чоң болгон тиштерди колдонбоңуз. Сегменттерди кесүү үчүн тескери бурчтагы тиштер гана колдонулушу керек.
Байланышкан кесүүчү дисктерди алар күчөгөн убакта гана колдонунуз.
Ийкемдүү прокладкалар абразив менен берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды колдонуу керек.
Шаймандын же аксессуардын маалыматына баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана соккудан сактоо керек!
Коюлуучу бөлүктер сөзсүз түрдө өндүрүүүчү сунуштаган көрсөтмө боюнча сактоо жана текшерүүдөн өтүп туруу керек.
Кесүүчү дисктерди эч качан кара жылмалоо учүн же кабырчактарды алуу учүн колдонбонуз! Кесүүчү дисктин капитал тарабына күч келтирбөө керек.
Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар менен. Ири даярдалма материалды талаптагыдай тиреп коюу керек.
Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса, шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын көзөнөгүнө тийбеши керек. Иш шайманындагы sail шпинделдин узундугуна дал келгидей болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш шайманындагы sail шпинделдеги сайта дал келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы боюнча маалыматты 4-беттен жана 14. Техникалык маалымат бөлүмүнөн караңыз.
Туура келген стационардык тузүлүштү колдонуу сунушталат. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максимальдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек. Жылмалоочу машина агып чыкма токтон коргоочу автомат тарабынан өчүрулгөнде, шайманды текшерип, тазалоо керек. «Тазалоо» 9. бөлүмүн караңыз.
Сынган, тегерек эмес же титиреген шаймандарды колдонууга болбойт.
Газ же суу тутуктөрүн, электр зымдарын жана көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан сактануу керек.
Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө алдында вилканы розеткадан сууруш керек.
Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.
Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.
Майда даярдалма материалды бекитип коюу керек. Мисалы, аларды тиск менен выпчытуу керек.
Фланц дисктерин эки түрдүү (кесүүчү жылмалоочу жана жылмалоочу) колдонсо, коргоочу капкактарын А жана С типтерине гана колдонууга болот.
Бул бөлүмдү караңыз: 11.
Коргоочу чехолун туура колдонуу:
Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүне жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсү мүмкүн. Туура эмес колдонуунун мисалдары:
- А тибиндеги коргоочу бөлүктү колдонууда жылмалоочу же кесилүүчү нерселер, бири- бирине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ал болсо өз учурунда башкаруунун жоголушуна алып келет.
- В тибиндеги коргоочу бөлукту кесүүчү диск менен чогуу колдонууда от учкундары чыгуусу жана диск сынса анын сыныктары чачырашы мүмкүн.
- А, В, С тибиндеги коргоочу бөлуктү кирпич жана бетонду кесүүдө колдонууда өтө көп чаң чыгышы жана күчтүү кайра кайтуу күчү чыгышы мүмкүн.
КЫРГЫЗЧАку
- A, B, C тибиндеги коргоочу бөлуктү, уруксат берилген калындыктан калың тазалоочу щетка менен колдонууда ал коргоочу бөлук менен тийишип, зымдардын жарылуусуна алып келиши мүмкүн.
Дайыма шайманга туура келүүчү коргоочу чехолду колдонунуз. Бул бөлүмдү караңыз: 11.
ЭСКЕРТУУ - Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу станокторду колдонгондо, жылмалоодо, аралоода, кезөөдө жана башка жумуштарда пайда болгон айрым чаң түрлерүндө рак, тубаса кемтик жана репродуктивдүү функциянын башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык заттардын айрым мисалдары:
- коргошундуу боёктон чыккан коргошун,
- кирпичтен, цементтен жана башка тизуу материалдарынан чыккан минералдуу чаң жана
- химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан мышьяк жана хром.
Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч операторлор мындай жумушту канчалык көп аткарганына жараша айырмаланат. Бул химикаттардын таасирин азайтуу учүн жакшы аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо каражаттары, мисалы, микроскоптук бөлукчөлөрдү чыпкалоо учүн атайын иштелип чыккан чаңдан коргоочу беткаптар менен иштөө керек.
Бул башка материалдардын да чацына тиешелүү, мисалы, дарактын айрым түрлөру (дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар, асбест. Башка кеңири тараган ооруларга аллергиялык реакциялар, дем алуу органдарынын оорулары кирет. Бөлүкчөлөрдү оператордун организмине киргизбеш керек.
Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин туру боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде белгиленген нускамаларды жана улуттук эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча эрежелерди) сактоо керек.
Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.
Иштин ар бир түрунө ылайыктуу аксессуарларды колдонгула. Аны менен айлана-чөйрөге бөлүкчөлөр азыраак чандалат.
Чанды кетируу учун тийиштуу чаң соргучтарды колдонгула.
Чандын зыян таасирин төмөндөткулө:
- пайда болгон зыян бөлукчөлөрдүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чаңга багыттабагыла,
- аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула,
- Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чанды кайра кетөрөт.
- Коргоочу кийимди атайын чаç соргуч менен тазалап же жууш керек. Уйлебе, чаппа жана щетка менен тазалаба.
5. Кыскача билдируу
2-бетти кара.
1 Quick выпчытма гайкасы *
2 Шпиндель
4 Шпинделди бөгөттөөчү баскыч
5 Θчүрүүүү / күйгүзүүүү сыдырма которую*
6 Тутка
7 Электрондук сигналдык индикатор *
8 Білдамдыкты тууралоочу деңгөлөк *
9 Басма которую*
10 Бекиткич проушина (бузулуулардан коргоо үчүн)*
11 Желекче түрундөгү өчүруп-күйгүзгүч*
12 Кошумча тутка / Титирөөнү басандатуучу кошумча тутка *
13 Коргоочу капот
14 Тиреёчу фланец
15 Эки бекитме кезенектүү гайка *
16 Эки кезөнөктүү ачкыч *
17 Коргоочу капкакты бекитүү үчүн рычаг
* комплектация жараша/ эксплуатация көлөмүнө кирбейт
6. Ишке киргизүү

Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган
чыналуусу жана жыштыгы сиздин кубат жеткируүүнүздүкүнө туура келерин тактаңыз.

Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максимальдуу иштетүү тогу менен ар дайымүү керек.
6.1 Кошумча тутканы орнотуу

Кошумча тутка тагылган абалда гана иштөө (12) керек! Кошумча тутканы
машинанын сол же он жагына буроо.
6.2 Коргоочу каптаманы орнотуу

Коопсуздукту сактоо максатында каражатка туура келүүчү атайын
чыгарылган коргоочу чехолду колдонунуз! Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүнө жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсу мүмкүн. 11. Аксессуарлар бөлүмүн да караңыз!
3-бет, D сүрөтүн караңыз.
- Рычагды (17) басып, кармап турунуз. Коргоочу капотту (13) көрсөтүлгөн абалда орнотунуз.
- Рычагды коё берип, ал токтоп калгыча коргоочу капкакты бураныз.
- Рычагды тартып, коргоочу капкакты жабык аймагы колдонуучуну карап тургудай кылып буруңуз.
- Бекем отургандыгын текшерициз: рычаг оюкка кирип, коргоочу капкак тегеренбеши керек.

Коргоочу капоттон кеминде 3,4 мм чыгып турган иш шаймандарын гана колдонуу керек.
(Чечкенде, аракеттерди
тескери иретте аткаруу керек.)
7. Жылмалоочу дискти орнотуу

Кайра жабдуу иштеринин алдында: кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуу пл. Станокту өчүруп, шпинделди токтотуу к.

Коопсуздукту камсыздоо максатында, кесүүчу жээктин калканын колдонуу шталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11. ныз).
7.1 Шпинделди бөгөттөө
- Шпинделди бөгөттөө (4) баскычын басып, шпинделдин бөгөттөөчү баскычы бөгөттелгөнү сезилмейинче (2) кол менен айлантыңыз.
7.2 Жылмалоочу дискти орнотуу
WA..., WBA..., WE...A...:
2-бет, А сүрөтүн караңыз.

Автобалансирдин тиреечу фланеци (3) шпинделге катуу бекитилет. Башка бурчтуу малоочу машиналардан айырмаланып, имча тиреечу фланец талап кылынбайт.

Автобалансирдин тиреечу фланецинин (3), абразивдуу дисктин жана «Quick» вытма гайкасынын (1) таяnych беттери таза шу керек. Керек учурда аларды тазалоо ил.
- Абразивдүү тегеректи автобалансирдин тирөөчү (3) фланецине орнотунуз. Абразивдүү тегерек автобалансирдин тирөөчү фланецине тегиз отурушу керек.
WPB..., WEVB 1...:
2-бет, В сүрөтүн караңыз.
- Тиреечу (14) фланецти шпинделге орнотунуз. Эгерде фланец шпинделде айланбаса, ал туура орнотулган болот.
- Жылмалоочу дискти тирөөчу (14) фланецке орнотунуз. Жылмалоочу тегерек тирөөчу фланецке тегиз отурушу керек.
7.3 Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша)

Quick кыпчытма гайкасын (1) "Metabo Quick" системасы менен жабдылган
шаймандарга гана орноту?уз. Мындай шаймандарды "M-Quick" деген жазуусу бар шпинделдин токтоткучундагы (4) кызыл баскычы боюнча о?ой аныктоого болот

Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы 7,1 мм ден калын болсо, Quick кыпчытма асын колдонууга болбойт! Мындай учурда бетитме кезөнектүү кыпчытма гайканы (15) кезөнекке салынма ачкыч менен (16) донуңуз
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
- Quick кыпчытма гайкасын (1) шпинделге (2) 2 мүйузче шпинделдин 2 оюкчасына киргендей кылып орноту?уз. Сүретту караңыз, 2-бетте.
- Quick кыпчытма гайкасын саат жебеси боюнча кол менен бекитиңиз.
- Жылмалоочу тегеректи күч менен saat жебеси боюнча айлантуу аркылуу Quick кыпчытма гайкасын бекитиңиз.
Quick выпчытма гайкасын (1) бошотуу:

Quick кыпчытма гайкасы (1) орнотулганда гана шпинделди M-Quick шпиндель
токтоткучунун (4) кызыл баскычынын жардамы менен токтотууга уруксат берилет!
- Эчүргөндөн кийин шайман инерция боюнча кыймылдай берет.
- Абразивдүү дисктин толук токтоосуна чейин М-Quick шпиндель токтоткучундагы (4) кызыл баскычын басы?ыз. Quick выпчытма гайкасы (1) болжол менен жарым айланышка автоматтык түрдө бошо?дойт, ошондуктан аны кошумча күч же шайман колдонбостон эле бурап чыгарып алса болот.
7.4 Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бекитүү/бошотуу (комплектациясына жараша)

Эки тешиги бар гайканы колдонууда шпинделди фиксациялоочу баскычты (4) ндель кый мылсыз абалында гана басуук.
Эки бекитме кезөнектүү гайканын 2 бети бири-биринен айырмаланат. Эки бекитме кезөнектүү гайканы шпинделге темөнкүдей кылып бураңыз:
2-бет, С сүрөтүн караңыз.
- X) Жука жылмалоочу тегеректер учүн:
Эки бекитме көзөнектүү гайканын томпогу (15)
өйде карап тургандыктан, жука жылмалоочу
тегеректи бекем орнотууга болот.
У) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн: Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (15) темөн карап тургандыктан, гайканы шпинделге бекем орнотууга болот. - Шпинделди бөгөттөңүз. Эки бекитме көзөнектүү гайканы (15) саат жебеси боюнча (16) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен бекитиңиз.
Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бошотуу:
- Шпинделди бөгөттенүз (7.1 бөлүмүн караңыз). Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (15) saat жебесине каршы (16) эки көзөнөкке салынма ачкыч менен бурап чечиңиз.
8. Колдонуу
8.1 Айлану уылдамдыгын жөндөө (жабдылышына жараша)
Тууралоочу дөңгөлөктө (8) сунушталган ылдамдыкты коюңуз. (Кичине сан = төмен ылдамдык, чоң сан = жогору ылдамдык)
Кесүүү жылмалоо машинасы-, сыйрыма жылмалоочу тегерек, чейчөк түрүндөгү жылмалоочу тегерек, алмаздуү кесүүүү жылмалоо тегереги: жогору айлануу саны Щетка: орточо айлануу саны
Табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек: төмөн жана орто айлануу саны
Керсөтмө: Сайкалдоо үчүн биздин компаниянын бурчтуу сайкалдагычын колдонууну сунуштайбыз.
8.2 Күйгүзүү/Өчүрүү
Машинаны ар дайым эки колдоп кармоо керек.
Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң даярдалма материалга алып келүү керек.
Кокустан жүргүзүп алуудан сактануу үчүн: вилка розеткада суурулуп кеткенде же электр кубатында бузулуу орун алганда машинаны өчүруүп коюу керек.
A..., WBA..., WEA..., WEVA..., WEBA..., W...RT: шайман тынымсыз иштөө режиминде колдон чыгып кетсе да иштөөсүн уланта берет. Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол менен туткасынан кармап, туруктуу абалга жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу керек.
Чаң же сүрундү шайманга сорулуп киришине жол бербеңиз. Машинаны өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо гана шнурду сууруш керек.
Куйгузүү: Сыдырма которуюту (5) алдыга жылдырыңыз. Тынымсыз иштетүү учүн ал оюкка кирмейинче төмен кыйшайтыш керек.
Өчүрүү: Сыдырма которгучтун арткы учун (5) басып, коё бериңиз.
Желекче түрундөгү өчүрүп-күйгүзгүчтүү шаймандар (сактык кнопкасы менен):

Куйгузүү: желекче түрундөгү өчүруп- куйгузгүчтү (11) жебенин багыты боюнча
жылдырып, андан кийин желекче түрундөгү өчүрүп-күйгүзгүчтү (11) басы?ыз.
Өчүрүү: желекче түрундөгү өчүруп-күйгүзгүчтү (11) коё бери?из.
W...RT деген белгиси бар шаймандар: Кыска моөнеткө күйгүзүү (автотоктотуу функциясы менен):

text_image
① 9 ⑩Куйгүзүү: Которгуч баскычын (9) алдыга жылдырып, которуюте өйде карай (9) басыңыз.
W...RT деген белгиси бар шаймандар: Тынымсыз иштөө режими (комплектацияга жараша)

text_image
9 ① ②Куйгузүү: шайманды жогоруда сүреттөлгөндөй күйгузү?үз. Баскыч түрүндөгү өчүруп- күйгузгүчтү (9) бир позицияга алдыга жылдырып, өчүруп-күйгузгүчтү (9) ошол абалда бекитүү үчүн, баскычты коё бери?из (тынымсыз иштөө режими).
Өчүрүү: баскыч түрундөгү өчүруп-күйгүзгүчтү (9) өйдөнү көздөй басып, кайра коё бери?из.
8.3 Иш нускамалары
Стандарттык жылмалоо жана наждак кагазы менен жылмалоо:
Станокту орто күч менен басып, даярдалма материалдын устунку бөлүгү етө ысып кетпеши учүн алдыга, артка жылдырыңыз.
Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн 30° - 40?С бурч менен иштөө керек.
Жылмалоочу тегерек менен кесүү:

Жылмалоочу тегерек менен кесип жатканда ар дайым дисктин айланышына каршы (суретту караңыз) иштөө керек. Болбосо, машинанын кесилген жерден
көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат. Иштелип жаткан материалга ылайыкталган, орточо күч менен иштөө керек. Ћте кыйшайууга, ашыкча күч келтируүге жана машинаны чайкоого жол бербөниз.
Зымдуу щеткалар менен иштөө:
Машинаны орточо куч менен басыңыз.
8.4 Аспаптын коопсуздук куруна байланышуу (жабдууга көз каранды)

Бийиктикте колдонуу учун атайын коопсуздук эрежелери боюнча
көрсөтмөлөр. Коопсуздук жана иштетүү боюнча бардык нускамаларды окуп чыгыңыз.
Коопсуздук жана иштетүү боюнча нускамалар аткарылбаса оор жаракат алынышы мүмкүн.
- Адистешкен персоналдын колдонуусу учүн гана. Колдонуучулар аспапты колдонуу боюнча жана анын коопсуздук эрежелерин жакшы билуусу керек.
- Бийиктикте колдонууда, аспап дайыма коопсуздук кур менен бекитилип турганын көзөмөлдөңүз. Metabo маркасына туура келген гана коопсуздук курун колдонунуз (максималдуу узундук 2 м (6,5 фут) жеткиликтүү амортизациясы менен). Аспаптын коопсуздук куру үчүн максимальдуу уруксат берилген кулоо бийиктики 2 м ден (6,5 фут) ашпоосу керек. Аспаптын конкреттүү түруне жана жок дегенде колдоно турчу бардык аксессуарларын кошкондо салмагына туура келген, аксессуарларын кошкондо гана коопсуздук курларды колдонунуз.
- Аспаптын коопсуздук курун колдонуу боюнча көрсөтмөлөрду окуп, таанышып чыгыңыз!
- Ар бир колдонуу алдында сөзсүз түрдө аспапты (айрыкча бекиткич проушинди) жана коопсуздук курун зыянга учурабашын жана кынтыксыз иштөөсүн кылдат текшериңиз (кездемени тигиши менен кошо). Эгерде аспап же анын коопсуздук куру көрсетүлгөндөй жакшы иштебесе же бузулса, аларды колдонбонуз.
- Аспаптын коопсуздук курун денеге бекитпециз. Аспаптын коопсуздук курун анын кулоо кучуне туруштук бере алгандай жерге бекем бекитициз.
- Жаракат алуу, кесүү же оролуп калуу коркунучу. Коопсуздук курду кыймылдап жаткан бөлуктөрүнүн механизмдеринин же иштеп жаткан машиналардын жанында колдонбоңуз.
- Коопсуздук курдун байлагычын башка аспапка алмаштырбаныз жана керсетмөде керсетулуп тургандан башка максатта колдонбонуз.
- Аспапты карабиндин жардамы менен жалаң гана коопсуздук куруна бекитиңиз. Аспапты коопсуздук куруна илмек же түйүмдүн жардамы менен бекитпеңиз. Бекитүү үчүн жиптерди же шнурларды колдонбонуз. Эки жактуу жабылуу системасы бар карабинди гана колдонунуз. Чаптырылып калуучу жецил корголгон карабиндерди колдонбонуз.
- Аспап кулаганда оператордон ары жыла тургандай кылып коопсуздук курун орнотунуз. Кулап кеткен аспаптар коопсуздук курунда ары-бери кыймылдап калышы операторго зыян келтириши же тең салмактуулуктун жоголушуна алып келиши мүмкүн.
- Коопсуздук курга бирден ашык аспапты эч качан бекитпециз.
- Коопсуздук курун аспапка бекитүү үчүн, атайын арналган бекитүү чекиттерин колдонунуз (бекитүү проушини (10)). Бекитүү
чекитин чыгаруу үчүн ЭЧ КАЧАН аспапты өзгөртпөңуз.
- Коргоочу түзүлүштөр, өчүргүчтөр же бекиткичтер иштебей кала тургандай кылып коопсуздук курун аспапка бекитпециз.
- Аспаптын коопсуздук курун башка коюлуучу аспаптардан алыс кармаңыз.
- Коопсуздук курун от жана жалындан сактаңыз.
- Коопсуздук курун учтуу нерселерден, лезвиелерден ж.б. сактаңыз. Машинаны же коопсуздук курун басып албаныз.
- Коопсуздук курларын же болбосо бекиткич түзүлүштөрдү анын туткасынын таасирин жогорулатуу учүн колдонбоңуз.
- Иштебей калган учурда ошол аймакты бош калтырыңыз. Авария болгон аймакта эч ким коркунуч туудурбашы керек.
- Кулагандан кийин тросту алмаштырыңыз жана машинаны жабыркаган жерлерге текшериңиз. Ар бир кулагандан кийин машинада квалификациялуу адистен жабыркоолордун бар экендигин текшерүүнү жана зарыл болсо аны калыбына келтируүүнү сурагыла.
- Кулап бара жаткан машинаны кармап калууга аракет кылбаныз. Бул нерсе жаракаттарды алып келиши мүмкүн.
8.5 Редуктордун тулкусунун айлануусу
3-бет, Е сүрөтүн караңыз.
- Розеткадан вилканы сууруңуз.
- Рычагдын бекитүү бурамасын (а) бурап чыгарып салы?ыз (17). Бураманы алып салып, рычагды чыгарып (желбирек элементи менен кошо), четке алып кою?уз.
- Редуктордун тулкусун 4 бурамасын (b) бурап чыгары?ыз. КӨНУЛ БУРУНУЗ! Редуктордун тулкусун чечпениз!
- Редуктордун тулкусун чечпестен, керектүү абалга бура?ыз.
- Редуктордун тулкусунун 4 бурамасын (b) сайына бурап киргизи?из! Тартып буроо учуру = 3,0 Nm +/- 0,3 Nm.
- Рычагды керектүү абалда кармап турган пружинаны жылдырып, бекитүү бурамасы (а) менен тарттырып, кайрадан (17) орноту?уз (желбирек элементи менен кошо). Тартып буроо учуру = 5,0 Nm +/- 0,5 Nm. Рычагдын иштеөсүн текшери?из: ал пружинанын күч алдында болушу зарыл.
9. Тазалоо
Иштетип жатканда машинанын ичинде коштоочу чаң отуруп калышы мүмкүн. Бул электр шайманын муздатууну начарлатат. Ток өткерүүчү чаң электр шайманынын коргоочу изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу коркунучун жаратышы мүмкүн.
Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана арткы аба айлантуучу көзөнөктөр аркылуу чанды тазалап же кургак аба менен үйлөтүүп туруу керек. Коргоочу кез айнектерди кийип жана чандан коргоочу туура келген беткапты кийип шайманды ток булагын берүүчү чекиттен ажыратыңыз. Уйлөтүүү учурунда жетиштүү сордуруучу аба камсыздалышы керек.
10. Мүчүлүштүктөрдү ондоо
VTC-, TC-, VC-Elektronik электроникасы менен жабдылган шаймандар:

Электрондук сигнал индикатору (7) күйүп, айлануу жыштыгы крысым астында азаят (W...RT эмес). Шайманга келтирилген күч өтө чоң! Шайманды электрондук сигнал индикатору өчмөйүнче, куру жүгүрукте иштетип туру?уз.

Электр шайманы иштебей жатат. Электрондук сигнал индикатору (7) (комплектациясына жараша)
булбулдөп жатат. Кайталап күйгузүүнү бөгөттөөчү түзмөк иштеп кетет. Машина күйгузүлгөндө же кубаты өчүрулгөндөн кийин кайра берилгенде шнурдун вилкасы сайылып турса, машина жүргүзүлбөйт. Машинаны өчүруүп, кайра күйгузүңүз.
11. Аксессуарлар
Metabo фирмасынан чыккан тупнуска тетиктерди гана колдонуу сунушталат. 6-бетти карагыла.
Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мунөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула.

Жумушчу элементке туура келүүчу коюлуучу бөлукту жана көрсетүлген рочу чехолду колдонунуз 6-бетти гыла. (Сүрөттөр мисал боло алат).
Иш тапшырмасы:
1 = Устунку бети менен жылмалоо
2 = Бөлүүүү түйүмдөр
3 = Тешиктерди кесүү
4 = 3ым щеткалары
5 = Наждак кагазынын жылмалоосу
6 = Жылтыратуу
Коюлуучу белуктөр:
1.1 = Кара жылмалоочу диск
1.2 = Жылмалоочу идиш (керамикалык)
1.3 = Жылмалоочу алмаз идиши "Кирпич/Бетон"
2.1 = Кесүүчү диск "Металл"
2.2 = Кесүүчү диск "Кирпич/Бетон"
2.3 = Кесүүчү алмаз диски "кирпич/Бетон"
2.4 = Эки милдетти аткаруучу диск (аралаш жылмалоочу жана кесүүчү жылмалоочу диск)
3.1 = Алмаз бургулоосу
4.1 = Тегерек щетка
4.2 = Идиш учүн щетка
5.1 = пластиналык жылмалоочу табакча
5.2 = Жылмалоочу листтер үчүн жылмалоочу
табакча
6.1 = Жылтыратуу үчүн аксессуарлар
Жазылган коргоочу чехол:
А тиби = Бөлүүчү коргоочу бөлүк/ коргоочу
бөлүктү күйгүзүү, коргоочу капкакты
бөлүү үчүн колдонулган кыпчыгыч
В тиби = жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк
С тиби = жылмалоо жана (аралаш) бөлүүчү
жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк
D тиби = идишти жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк
Е тиби = устүнку бетин жылмалоочу соруп алуучу коргоочу бөлүк
F тиби = соруп алуучу электр тогун өчүрүүүү коргоочу бөлүк
Башка аксессуарлар:
(www.metabo.com караныз)
Майда көздуү фильтр кыймылдаткычтын тулкусуна ири бөлүкчөлердүн кирип кетишинен сактайт. Фильтрди дайыма чечип, тазалап туруу керек.
В Кошумча сап үчүн көп позициялуу скоба
Саптын абалын ар түрдүү алмаштырууну камсыздайт.
С Скобасы бар чечилме кошумча сап
Аксессуарлардын толук жыйнактарын www.metabo.com сайтынан же каталогдон карагыла.
12. Ремонт

Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлее устаканаларында жүргүзүлүшү керек!
Бузулган тармак кабелин тупнуска Metabo кабели менен гана алмаштыруу керек. Аны Metabo тейлее борборунан сатып алууга болот.
Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо учун Metabo өкүлчүлүгүне кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар.
Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жуктөп аласыздар.
13. Айлана-чөйрөнү коргоо
Пайда болгон жылмалоо чаңында зыян заттар камтылышы мүмкүн болгондуктан, аны талаптагыдай утилизациялоо керек.
Тангактоочу материалдар муниципалдык эрежелерге ылайык алардын маркировкасына ылайык жок кылынууга тийиш. Кошумча маалыматты www.metabo.com тейлее жаатынан таба аласыз.
Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, тангактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла.

ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук жана электр куралдары боюнча 2012/19/EC Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чөйрөгө зыян келтирбегендей қылып ыргытыш керек.
14. Техникалык шарттары
Деталдардын сүрөттөлүшүн 4-беттен карагыла. Техникалык прогресске байланыштуу өзгөруүлөрдү алдын ала карагыла.
∅ = иш шайманынын максималдуу диаметри
t_max,1 = эки бекитме кезөнөктуү гайка колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калынддығы (15)
t_max,2 = Quick кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калынддығы (1)
t_max,3 = сүрүүчү тегерек/кесүүчү тегерек: иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калынддығы
t_max,4 = табакча щёткаларынын максималдуу калынддыгы
M = Жүгүртмө сай
I = жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички сайы
n_V^*= куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (туураланат)
P_1 = Номиналдуу керектелүүчү кубат
P_2 = Чыгуучу кубат
m = Тармак кабелисиз салмагы
Өлчөөнүн мааниси EN 62841 стандартка ылайык аныкталат.
□ II класстагы жабдык
\~ Θзгөрмө ток
* WE... деген белгиси бар шаймандар : бийик жыштыктагы кубаттуу тоскоолдуктар айлануу жыштыглын термелүүсүне алып келиши мүмкүн. Тоскоолдуктар баса?даганда, термелүүлөр токтойт.
Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен берилген (учурдагы стандарттарга ылайык).
Калдыктар
Бул маанилер электр инструменттин калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмен болушу мүмкүн. Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмен фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын.
Aянты чоң беттерди, жука листтерди же бир аз дирилдеп турган нерселерди жылмалаганда үндүн көрсетүлгөндөн дагы көп чыгышына (15 дБ га чейин) себеп болушу мүмкүн. Мындай нерселер үндүн ашыкча чыгуусунан тиешелүү чаралар менен корголуусу керек. Мисалы, чоң ийилчээк демпфирлене турган килемчелер. Ошондой эле
ызы-чуу таасиринин коркунучун баалоо жана угуунун ылайыктуу коргоону тандоодо үндүн жогорулашы каралышы керек.
Дирилдөөнун жалпы мааниси (триаксалдык вектордун суммасы) EN 62841 стандарттарына ылайык аныкталат:
a_h, SG = дирилдөө чыгышынын өлчөму (үстүнкү катмарды жылмалоо)
a_h, DS = дирилдөө чыгышынын өлчөму (табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек менен жылмалоо)
a_h,P = титиреонун мааниси (бетти жылмалоо)
K_h,SG/DS/P = жа?ылыштык коэффициенти (титирео)
Ызы чуунун деңгээли:
L_pA = акустикалык басым
L_WA = акустикалык кубаттулук
K_pA, K_WA = Аныксыздык
Иштөө убагында ызы чуунун деңгээли 80 дБ(А) чейин жогорулайт.
Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула!