METABO W 9115 - майдалагыч

W 9115 - майдалагыч METABO - Акысыз колдонуучу колдонмосу

Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз W 9115 METABO PDF форматында.

📄 196 бет Кыргызча KY 💬 AI суроосу ⚙️ Мүнөздөмөлөр
Notice METABO W 9115 - page 139
SKIP

Көп берилген суроолор - W 9115 METABO

Колдонуучулардын суроолору жөнүндө W 9115 METABO

0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.

Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү

L'email reste privé : il sert seulement à vous prévenir si quelqu'un répond à votre question.

Азырынча суроолор жок. Биринчи суроону сиз бериңиз.

Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз майдалагыч PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз W 9115 - METABO жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. W 9115 бренддин METABO.

КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ W 9115 METABO

ky Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы 139

Эрдайым макс. жылыстау тогы 30 мА курайтын FI автоматты ажыраткышын О) алдын ала косыңыз.

6.1 Косымша туткышты орнату

METABO W 9115 - Косымша туткышты орнату - 1

10. Акаулыктарды жою

Пайдалануу боюнча нускаманын нукурасы

1. Шайкештиги тууралуу декларация

Туру жана сериялык номери аркылуу белгиленген бул жылмалоочу машина төменкүлөргө жооп берерин биз өзубүздүн жеке жоопкерчилигибиз менен жарыялайбыз: *1), директиванын бардык жоболоруна *2) жана нормаларына *3). техникалык документтерге *4) – 4-беттен карагыла.

2. Багыты боюнча колдонуу

Metabo фирмасынын түпнуска толуктоочу тетиктери менен жылмалоочу машинанын комплектиси жылмалоого, барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу станоктордо колдонууга, зымдуу щеткалар менен колдонууга жана металлды, бетонду, ташты жана ага окшогон материалдарды суу колдонбостон алмаздуу тегерек менен кесүүгө багытталган.

WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 QuickInox, WEV 17-125 Quick Inox RT ошондой эле жөнөкөй жылмалоо иштерине да ылайыктуу. Татаал жана көп убакыт талап кылган жылмалоо иштеринде бурчтуу жылмалоочу машинаны сунуштайбыз.

WEV.. белгиси менен белгиленген машиналар орнотуучу дэ?гөлөкчөсу бар болгондуктан, зымдуу щетка менен тазалаганга абдан ы?гайлуу.

Туура эмес колдонууну жыйынтыгында келип чыккан зыян үчүн колдонуучу өзү жоопкерчилик тартат.

Кокустук кырсыктарды болтурбоо учүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана тиркелген техникалык коопсуздук боюнча нускамаларды сактоо керек.

3. Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери

METABO W 9115 - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 1

Өзүнүздүн сактыгыңыз үчүн жана электр инструментиңиздин сактыгы үчүн деп белги коюлган жерлерге көңүл буруңуз!

METABO W 9115 - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 2

КОНУЛ БУРГУЛА! - Жаракат алуу коркунучун болтурбоо учүн пайдалануу боюнча нускаманы окуңуз.

METABO W 9115 - Техникалык коопсуздуктун жалпы эрежелери - 3

ЭСКЕРТУУ – Бул электр шайманы менен кошо келген техникалык коопсуздук боюнча бардык көрсетмөлөрдү, нускамаларды жана спецификацияларды окуп чыгыңыз. Нускамалардын баарын окубагандан электр соккусу, өрт чыгышы жана/ же олуттуу жаракат алуу келип чыгышы мүмкүн.

Андан ары колдонуу учүн бардык алдын ала берилгендерди жана нускамаларды сактап койгула.

Башкаларга электр инструментиңизди берүүдө, анын бардык бул документтери менен кошо бериңиз.

4. Техникалык коопсуздук боюнча өзгөчө эрежелер

4.1 Жылмалоо учурунда, жылмалоочу наждак кагазы, зым щёткалары, жылтыратуу же бөлүүчү түйүмдөрү менен иштеөдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр:

a) Бул электрокаражат жылмалоо, жылмалоочу наждак кагазы, зым щёткалары же бөлүүчү түйүмдөру менен иштөө же тешүү үчүн колдонулат. Каражат менен чогуу алган коопсуздук техникасы, нускамалар, көрүнүштөр жана маалыматтар боюнча бардык көрсетмөлөрдү окуп чыгыңыз. Эгер сиз темөндө көрсетүлген коопсуздук эрежелерин сактабасаңыз электр тогу менен жабыркоонуз, оор жаракат алууңуз же өрт чыгуусу мүмкүн. WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 Quick Inox, WEV 17-125 Quick Inox RT кошумча жылтыраткыч иретинде колдонулат.
b) Бул электр шайманы сайкалдоо үчүн багытталган. Электр шайманын максатынан башка багытта колдонуу кооптуу абалга же жаракат алууга себеп болушу мүмкүн. (WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 Quick Inox, WEV 17-125 Quick Inox RT га тиешелүү эмес.)
с) Электр шайманын атайын иштелип чыкпаган жана анын өндүрүүүүсу тарабынан иштелип чыкпаган функция үчүн колдонбонуз. Мындай кайра түзүү иш аракеттери башкарууну колдон чыгарууга же жецил дене жаракаттарына алып келиши мүмкүн.
d) Ушул каражаттын өндүрүүчүсу атайын сунуштабаган жана өндүрбегөн коюлууучу бөлукту колдонбонуз. Андай толуктоочу тетиктер электр шайманына орнотулса да, коопсуз иштешине кепилдик бербейт.
e) Инструменттин коюлучу бөлүгүнүнүн айлануу ылдамдыгы электр каражатында көрсөтүлгөн максимальдуу ылдамдыктан кем болбошу керек. Инструменттин коюлучу бөлүгү көрсөтүлгөн ылдамдыктан тез айланса сынып же ыргып кетиши мүмкүн.
f) Коюлуучу бөлүктүн сырткы диаметри жана калындыгы сиздин электр каражатыңыздын өлчөмүнө туура келиши керек. Ченем маалыматы туура эмес шаймандар жетишсиз майланган же толук көзөмөлдөнбегөн болушу мүмкүн.
g) Коюлуучу бөлуктүн бекемдөөчү бөлугү электр каражаттын бекемдөөчү шаймандардын өлчөмүнө туура келиши керек. Электро шайманга сырттан коюлуучу бөлук туура эмес орнотулса, ал бирдей эмес

КЫРГЫЗЧАку

айланып, өтө катуу дирилдеп башкаруунун жоголушуна алып келиши мүмкүн.

h) Бузулган коюлуучу каражаттарды колдонбонуз. Ар бир колдонуу алдында жылмалоочу тегерек сыяктуу шаймандардан кетик жана жаракаларды, колодкалардан жаракаларды, жешилгендигин же желип бүткөндүгүн, зымдуу щеткалардан жумшарган же үзүлгөн зымдардын жоктугун текшерип алуу керек. Эгер электр шайманы же иш шайманы кулап түшсө, анын зыянга учурабагындыгын текшерүү же бузулбаган шайманды колдонуу керек. Текшерүү жүргүзүлүп, иш шайманы ишке киргизилгенден киййн, операторду жана анын жанындагыларды айланып жаткан иш шайманынан алыс кармап, шайманды бир мүнөт бою толук ылдамдыкта иштетүү зарыл. Жабыркаган коюлуучу бөлүктөр тестирлөө убагында сынып калышы мүмкүн.
i) Коргоочу жеке каражаттарын кийиниз. Колдонулган жабдууга жараша, бетти коргоочу беткап, көзду коргоо каражаттарын же коргоочу көз айнек кийүү керек. Керек учурларда чандан коргоочу беткап, коргоочу наушник, коргоочу мээлей же абразивдин жана материалдын майда бөлукчөлөру колдонуучудан алыс болушу үчүн атайы алжапкыч кийүү зарыл. Ар кандай жумуштун натыйжасында пайда болуп, ыргып жаткан сыныктардан көзду коргоо керек. Чаң беткабы же респиратор колдонуу учурунда пайда болгон чаңды чыпкалашы керек. Эгер машинаны колдонуучулар узак убакыт бою ызы-чууга дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу пайда болот.
j) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш аймагына кирген адамдардын баары жеке коргоо каражаттарын кийиши керек. Даярдама материалдын бөлүкчелөру же сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан да жаракат алуу мүмкүн.
k) Иш шайманы көрунбегөн электр өткөруүлинияларына же өзүнүн кубаттоочу шнурунатийип кете турган жумуштарды жасапжатканда, электр шайманын корголгонтуткасынан гана кармаңыз. Инструменттинкесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучуинструменттин бөлүгү арқылуу электринструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуукүч берип, ал электр тогуна урундурушу мүмкүн.
I) Тармак кабелин айлануучу каражаттарданалыс кармаңыз. Шайманды башкаруу жоготулса, кубаттоо шнуру үзүлүп же оролуп калып, колунуз менен айланып жаткан шайманды кармап алышыңыз мүмкүн.
m) Коюлуучу бөлүк толук айланып бүткүчөктү электр шайманды эч качан койбонуз. Айланып жаткан иш шайманы бир нерсеге тийип кетип, электр шайманын башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн.
n) Электр каражаты иштеп турган учурда көтөруп жүрбөңүз. Айланып жаткан иш

шайманына кокус тийип кетсе, оператордун кийими оролуп калып, шайман оператордун денесин тешип кетүү коркунучу жаралат.

о) Электр шайманынын аба айлануучу көзөнөгүн тез-тез тазалап туруңуз. Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска чанды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе, электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн.
р) Электр каражатын күйүүчү заттардын жанында колдонбонуз. Учкундар материалдарды күйгүзүшу мүмкүн.
q) Муздатуу учүн суюк каражаттарды талап кылган коюлуучу бөлуктөрдү колдонбонуз. Суу же башка муздатуучу суюктуктарды колдонуу электр соккусуна урунууга алып келиши мүмкүн.

4.2 Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы боюнча тиешелүү нускамалар

Жабылуу бул айланып жаткан жылмалоочу бөлуктүн жабылып калуусу, жылмалоо диски, жылмалоо табакча, зым щеткалары ж.б. сыяктуу, кысылып калуусунун натыйжасындагы күтүлбөгөн реакция болуп каналат. Бир нерсе такалып же туруп калса бөлуктүн иштөөсүнүн токтотуусуна алып келет. Натыйжада, башкарылбай калган электр шайманы бөгөттөлгөн чекиттен коюлма шаймандын айлануу багытына каршы ылдамдап айланат.

Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчылып калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма материалга кирип турган чети бөгөттөлүп калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине себеп болушу мүмкүн. Андан соң, бөгөттөлгөн чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша жылмалама тегерек оператор тарапка же ага карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн.

Жабылуу электр шайманды туура эмес колдонуудан улам жана/же иштеөнүн туура эмес шарттарынан улам келип чыгат. Темөндө көрсөтүлген коопсуздук чаралары аркылуу анын алдын алууга болот.

а) Электр шайманын бекем кармоо керек жана оператор өз денеси менен колдорун тээп кетүүгө жол бербегидей абалда кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү учурундагы реакция моменттерин болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым кошумча туткасын да колдонунуз. Оператор тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат.
b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына жакын кармоого тыюу салынат. Тээп кеткенде шайман оператордун колуна тийип калышы мүмкүн.
с) Шайман контролдон чыгып кеткен учурда жаракат алуудан абайлаңыз жана алыс турунуз. Тетиктердин электр шайманына бекем орнотулушу шаймандын коопсуз иштешине кепилдик бербейт.
d) Бурчтарды жана башка учтуу жерлерди жылмалоодо, кесүүдө өзгөче сак болунуз.

Айланып жаткан бөлүк бурчтарга же башка учтуу нерселерге кармалып калып шаймандан чыгып ыргып кетиши мүмкүн. Бул башкарууну жоготууга же тээп кетишине алып келет.

e) Каражаттын сегменттелген, аралыгы 10 ммден көп болгон тиштүү лезвиесин даракты кесүү үчүн колонбонуз. Мындай каражаттар негизинен контролдун жоголушуна алып келиши мүмкүн.

4.3 Жылмалоо жана кесип жылмалоо учурундагы коопсуздук техникасы боюнча өзгечө көрсетмөлөр:

а) Бир гана сатып алган электр шайманы учүн уруксат берилген жылмалоо машиналарын жана ушундай жылмалоо машиналары учүн жасалган коргоо капкагын колдонуу керек. Электр шайманына арналбаган абразивдер жетиштүү түрдө тосулбагандыктан, кооптуу болушат.
b) Чыканактуу жылмалоочу тегеректерди жылмалоочу катмары коргоочу каптаманын тегиздигинен ашпагыдай кылып орнотуу зарыл. Жылмалоочу диск туура эмес орнотулса (коргоочу капкагынын тегиздигинен чыгып турса) толук экрандана албайт.

с) Коргоочу бөлүгү шайманга толугу менен туура коопсуз болуп орнотулушу керек, колдонуучуга жылмалоосу корпустун бөлүгү көрүнүп турушу керек. Коргоочу каптама операторду таштандыдан коргоого, абразивдүү материалдын жана кийимди күйгүзө турган учкундардын кокустан тийип кетишинен сактоого жардам берет.

d) Жылмалоочу тегеректерди сунушталган жумуштарга гана колдонууга болот. Мисалы: жылмалоо дисктин капитал бетин эч качан жылмалабаңыз. Кесүүчү жылмалоо тегеректери материалды дисктин четинен жоготууга арналган. Бул жылмалоочу тегеректерге капиталынан күч келтирилгенде алар сынып калышы мүмкүн.

e) Тандалган жылмалоочу тегерекке туура өлчөмдөгү жана формадагы, бүтүн кыпчытма фланецтерди колдонуу керек. Чак келген фланецтер жылмалоочу тегеректи бекемдеп, кесүүчү жылмалоо тегерегинин сынып кетүү коркунучун азайтат. Кесүүчү тегеректер үүүн лезвиелер башка жылмалоочу тегеректердин фланецтеринен айырмаланышы мүмкүн.

f) Күчтүүрөөк электр шаймандарында жешилген жылмалоочу тегеректерди колдонууга болбойт. Күчтүүрөөк электр шаймандарынын жылмалоочу тегеректери кичине электр шаймандарынын жогорку вылдамдыгына дайындалган эмес жана сынып калышы мүмкүн.

g) Эки милдетти аткаруучу дисктерди колдонууда дайыма коргоочу чехолду да колдонунуз. Коргоочу чехолду туура эмес колдонууда каалаган экрандаштырууну өткерүп жиберүүсүнө жана оор жаракаттарды алып келиши мүмкүн.

4.4 Кесип жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча кошумча езгече нускамалар:

a) Кесүүчү дисктин бөгөттөлүшүн же ашыкча контакт басымынын алдын алуу сунушталат. Ћте терең кесүү сунушталбайт. Кесүүчү дискке ашыкча күч келтирилгенде, анын чыңалуусу көбөйүп, кыпчылууга же бөгөттөлүүгө ыктуу болуп калгандыктан, тээп кетүү же абразивдүү сынуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
b) Айланып жаткан кесүүчү тегеректин алдына же артына жайгаштырууга болбойт. Эгер оператор кесүүчү дискти өзүнөн даярдалма материалды көздөй жылдырса, диски айланып жаткан электр шайманы тээп кеткенде операторду көздөй жылышы мүмкүн.
с) Эгерде кесүүчү диск такалып калса же сиз иштеөсүн токтотсонуз, диск айланып бүткүчөктү шайманды кыймылсыз колунузда кармап туруңуз. Иштеп жаткан кесүүчү дөңгөлөктү эч качан чыгарууга аракет кылбаш керек. Болбосо, тээп кетиши мүмкүн. Кыпчылуунун себебин аныктап, жоюу зарыл.
d) Электр шайманы даярдалма материалда турганда аны күйгүзүүгө болбойт. Кесүүнү улантуудан мурун лезвие толук ылдамдык алгыдай кылыш керек. Болбосо диск кыпчылып калып, даярдалма материалдан бошоп же тээп кетиши мүмкүн.
e) Кесүүчү диск кысыллып калгандыктан тээп кетүү коркунучун азайтуу үчүн пластина жана чоң даярдалма материалдарга тирөөч коюу керек. Ири даярдалма материалдар өз салмагынан улам ийилиши мүмкүн. Иштелип жаткан деталь дисктин эки жагына, кесүү сызыгына да, четки сызыктарга да, тең такалышы керек.
f) Турган дубалдарда же башка көрунбөгөн аймактарда терендетип кесүү учурунда өзгөче кылдат болуу зарыл. Газ жана суу тутүктөрүн, электр зымдарын же башка объекттерди кесип жатканда сууланган кесүүчү диск тээп кетиши мүмкүн.
g) Ййри кесүү жасабаңыз. Кесүүчү дискти тынымсыз жана өтө көп колдонуудан анын иштеөсү начарлап, туура эмес иштеп, жаракат алууга себеп болушу мүмкүн.

4.5 Жылмалоодогу коопсуздук техникасы боюнча өзгөче көрсетмөлөр:

a) Жылмалоочу листтердин өлчөмүн туура колдонунуз жана өндүрүүчү көрсөткөндөй туура тандоо керек. Жылмалоочу лезвие жылмалоочу коргоочу пластинадан чыгып турса коллдонуучуга зыян алып келиши жана башка нерселерге , иштөөсүнүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.

4.6 Жалгыз WEV 15-125 Quick HT, WEV 17-125 Quick Inox, WEV 17-125 Quick Inox RT

КЫРГЫЗЧАку

учүн: Жылтыратуудагы атайын коопсуздук эрежелери:

а) Жылтыратуу капкагында бош жер калбоосу керек. Айрыкча кармап туруучу шнурлар бар жерде. Боону четке жылдырып же кесип сальңыз. Иштөө учурунда сала?дан же айланып жаткан боонун учтары манжага же даярдалып жаткан материалга оролуп калышы мүмкүн.

4.7 Зымдуу щеткалар менен иштеөдөгү коопсуздук техникасы боюнча өзгөче көрсөтмөлөр:

a) Кадимки колдонууда зымдуу щетка зым үзүктөрүн жоготоруна көңүл буруу керек. Ашыкча кысуу басымынан улам зымдарга күч келтирбеш керек. Зымдын ыргыган кесиндилери жука кийимди жана / же терини көзөп өтүшү мүмкүн.
b) Эгер коргоочу капкакты колдонуу сунушталса, коргоочу капкак менен зымдуу щетка бири-бирине тийбеши керек. Пластина түрундөгү же чөйчөктүү щеткалардын контакт басымынан жана борбордон качма күчтөн улам диаметри чоңойушу мүмкүн.

4.8 Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр:

METABO W 9115 - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 1

ЭСКЕРТУУ – Ар дайым коргоочу көз айнек кийүү зарыл.

METABO W 9115 - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 2

Коргоочу кулак тыгындарын колдонунуз.

METABO W 9115 - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 3

ЭСКЕРТУУ – Электрокуралды ар дайым эки колунуз менен колдонунуз.

METABO W 9115 - Коопсуздук боюнча кошумча көрсетмөлөр: - 4

Жылмалоонун корогоочу чехолун башка кызматтар үүн колдонбонуз. Кесүүчү дисктерди колдонууда коопсуздук үүн елүү коргоочу бөлуктөрүн колдонунуз.

Сегменттелген кесүүчү тиштери 10 ммден чоң болгон тиштерди колдонбоңуз. Сегменттерди кесүү учүн тескери бурчтагы тиштер гана колдонулушу керек.

Байланышкан кесүүчү дисктерди алар күчөгөн убакта гана колдонунуз.

Ийкемдүү прокладкалар абразив менен берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды колдонуу керек.

Шаймандын же аксессуардын маалыматына баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана соккудан сактоо керек!

Коюлуучу бөлүктер сөзсүз түрдө өндүрүүчү сунуштаган көрсөтме боюнча сактоо жана текшерүүдөн өтүп туруу керек.

Кесүүчү дисктерди эч качан кара жылмалоо учүн же кабырчактарды алуу үчүн колдонбонуз! Кесүүчү дисктин капитал тарабына күч келтирбөө керек.

Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар

менен. Ири даярдалма материалды талаптагыдай тиреп коюу керек.

Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса, шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын көзөнөгүне тийбеши керек. Иш шайманындагы сай шпинделдин узундугуна дал келгидей болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш шайманындагы сай шпинделдеги сайта дал келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы боюнча маалымат 4-5-бетте жана 14. Техникалык мүнөздөмөлөру бөлүмдө көрсөтүлгөн.

Туура келген стационардык тузүлүшту колдонуу сунушталат. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максимальдуу иштетүү тогу менен ар дайым өчүрүү керек. Жылмалоочу машина агып чыкма токтон коргоочу автомат тарабынан өчүрулгөндө, шайманды текшерип, тазалоо керек. «Тазалоо» 9. бөлүмүн караңыз.

Сынган, тегерек эмес же титиреген шаймандарды колдонууга болбойт.

Газ же суу түтүктөрүн, электр зымдарын жана көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан сактануу керек.

Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө алдында вилканы розеткадан сууруш керек.

Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.

Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.

Майда даярдалма материалды бекитип коюу керек. Мисалы, аларды тиск менен кыпчытуу керек.

Фланц дисктерин эки түрдүү (кесүүчү жылмалоочу жана жылмалоочу) колдонсо, коргоочу капкактарын А жана С типтерине гана колдонууга болот.

Бул бөлүмдү караңыз: 11.

Коргоочу чехолун туура колдонуу:

Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүне жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсү мүмкүн. Туура эмес колдонуунун мисалдары:

  • А тибиндеги коргоочу бөлүкту колдонууда жылмалоочу же кесилүүчү нерселер, бири- бирине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ал болсо өз учурунда башкаруунун жоголушуна алып келет.
  • В тибиндеги коргоочу бөлүктү кесүүчү диск менен чогуу колдонууда от учкундары чыгуусужана диск сынса анын сыныктары чачырашы мүмкүн.
  • А, В, С тибиндеги коргоочу бөлукту кирпич жана бетонду кесүүдө колдонууда өтө көп чаң чыгышы жана күчтүү кайра кайтуу күчү чыгышы мүмкүн.
  • А, В, С тибиндеги коргоочу бөлүктү, уруксат берилген калындыктан калың тазалоочу

щетка менен колдонууда ал коргоочу белук менен тийишип, зымдардын жарылуусуна алып келиши мүмкүн.

Дайыма шайманга туура келүүчү коргоочу чехолду колдонунуз. Бул бөлүмдү караңыз: 11.

ЭСКЕРТУУ - Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсу менен жылмалоочу

станокторду колдонгондо, жылмалоодо, аралоода, кезөөдө жана башка жумуштарда пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса кемтик жана репродуктивдүү функциянын башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык заттардын айрым мисалдары:

  • коргошундуу боёктон чыккан коргошун,
  • кирпичтен, цементтен жана башка тизүү материалдарынан чыккан минералдуу чаң жана
  • химиялык дарылоодон өткөн жыгачтан чыккан мышьяк жана хром.

Бул кыйынчылыктардан келип чыкчу коркунуч операторлор мындай жумушту канчалык көп аткарганына жараша айырмаланат. Бул химикаттардын таасирин азайтуу үчүн жакшы аба айланган бөлмөдө, бекитилген жеке коргоо каражаттары, мисалы, микроскоптук бөлукчөлөрдү чыпкалоо үчүн атайын иштелип чыккан чандан коргоочу беткаптар менен иштөө керек.

Бул башка материалдардын да чацына тиешелүү, мисалы, дарактын айрым түрлөру (дуб же бук дарагынын чаңы), металлдар, асбест. Башка кеңири тараган ооруларга аллергиялык реакциялар, дем алуу органдарынын оорулары кирет. Бөлүкчөлөрдү оператордун организмине киргизбеш керек.

Колдонулган материалдар, жумушчулар, иштин түру боюнча жана иш жүргүзүлгөн жерде белгиленген нускамаларды жана улуттук эрежелерди (мисалы, техникалык коопсуздук жана эмгек гигиенасы, утилизация боюнча эрежелерди) сактоо керек.

Бөлүкчөлөр айлана боюнча тарабашы үчүн аларды пайда болгон жеринен чогултуу керек.

Иштин ар бир түрунө ылайыктуу аксессуарларды колдонгула. Аны менен айлана-чейреге белукчелер азыраак чандалат.

Чанды кетируу учун тийиштуу чаң соргучтарды колдонгула.

Чандын зыян таасирин төмөндөткулө:

  • пайда болгон зыян белукчөлөрдүн нугун жана жабдыктардын чачылуучу газдарын өзүңөргө, жаныңардагы адамдарга же туруп калган чаңга багыттабагыла,
  • аба соргучту жана/же аба тазалагычтарды колдонгула,
  • Иш орундары жакшы салкындалган, жайдын ичиндеги абаны аба соргуч менен тазалоо керек. Шыпыруу же аба менен үйлөө чанды кайра көтөрөт.
  • Коргоочу кийимди атайын чан соргуч менен тазалап же жууш керек. Уйлебе, чаппа жана щетка менен тазалаба.

5. Кыскача билдируу

2-бетти кара.

1 Quick выпчытма гайкасы *
2 Тирөөчү фланец
3 Шпиндель
4 Шпинделди бөгөттөөчү баскыч
5 Θчүрүүүү / күйгүзүүүү сыдырма которую*
6 Тутка
7 Электрондук сигналдык индикатор *
8 Ылдамдыкты тууралоочу деңгөлөк *
9 Баскыч түрүндөгү өчүруп-қүйгүзгүч*
0 Күйгүзүүнү бөгөттөгүү*
1 Кошумча тутка / Титирөөнү басандатуучу кошумча тутка *
2 Коргоочу капот
3 Эки бекитме көзөнөктүү гайка *
4 Эки кезөнектүү ачкыч *
5 Коргоочу капкакты бекитүү үчүн рычаг

* комплектация жараша/ эксплуатация көлөмүнө кирбейт

6. Ишке киргизүү

METABO W 9115 - Ишке киргизүү - 1

Айрысын саярдан мурда энбелгиде жазылган негизги тармактын бааланган

чыналуусу жана жыштыгы сиздин кубат жеткируүүнүздүкүне туура келерин тактаңыз.

METABO W 9115 - Ишке киргизүү - 2

Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ) 30 мА максималдуу иштетүү тогу менен ар дайым

өчүрүү керек.

6.1 Кошумча тутканы орнотуу

METABO W 9115 - Кошумча тутканы орнотуу - 1

Кошумча тутка тагылган абалда гана иштөө (11) керек! Кошумча тутканы

машинанын сол же он жагына буроо.

6.2 Коргоочу каптаманы орнотуу

METABO W 9115 - Коргоочу каптаманы орнотуу - 1

Коопсуздукту сактоо максатында каражатка туура келүүчү атайын

чыгарылган коргоочу чехолду колдонунуз! Туура эмес коргоочу чехол шайманды башкаруудан чыгып кетүүсүнө жана ар кандай жаракаттарга алып келүүсу мүмкүн. 11. Аксессуарлар бөлүмүн да караңыз!

3-бет, С сүрөтүн караңыз.

  • Рычагды (15) басып, кармап турунуз. Коргоочу капотту (12) көрсөтүлгөн абалда орнотунуз.
  • Рычагды коё берип, ал токтоп калгыча коргоочу капкакты бураныз.
  • Рычагды тартып, коргоочу капкакты жабык аймагы колдонуучуну карап тургудай кылып буруңуз.
  • Бекем отургандыгын текшериниз: рычаг оюкка кирип, коргоочу капкак тегеренбеши керек.

METABO W 9115 - Коргоочу каптаманы орнотуу - 2

Коргоочу капоттон кеминде 3,4 мм чыгып турган иш шаймандарын гана колдонуу керек.

КЫРГЫЗЧАky

(Чечкенде, аракеттерди тескери иретте аткаруу керек.)

7. Жылмалоочу дискти орнотуу

METABO W 9115 - Жылмалоочу дискти орнотуу - 1

Кайра жабдуу иштеринин алдында: кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуу зарыл. Станокту өчүруп, шпинделди токтотуу керек.

METABO W 9115 - Жылмалоочу дискти орнотуу - 2

Коопсуздукту камсыздоо максатында, кесүүчү жээктин калканын колдонуу сунушталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11. караңыз).

7.1 Шпинделди бөгөттөө

- Шпинделди бөгөттөө (4) баскычын басып, шпинделдин бөгөттөөчү баскычы бөгөттелгенү сезилмейинче (3) кол менен айлантыңыз.

7.2 Жылмалоочу дискти орнотуу

2-бет, А сүрөтүн караңыз.

  • Тирөөчү (2) фланецти шпинделге орнотунуз. Фланец шпинделде айланбаса, туура орнотулду деп эсептелет.
    W 9-100 учүн гана: чакан дөмпөкчө (диаметри 16 мм) өйдө тарапты карагандай кылып, тиреп туруучу фланецти эки штифттүү ачкыч менен шпинделди көздөй бура?ыз.
  • Жылмалоочу дискти тирөөчү (2) фланецке орнотунуз.
    Жылмалоочу тегерек тирөөчү фланецке тегиз отурушу керек.

7.3 Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша)

METABO W 9115 - Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша) - 1

Quick кыпчытма гайкасын (1) "Metabo Quick" системасы менен жабдылган шаймандарга гана орноту?уз. Мындай шаймандарды "M-Quick" деген жазуусу бар шпинделдин токтоткучундагы (4) кызыл баскычы боюнча о?ой аныктоого болот

METABO W 9115 - Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/ бошотуу (комплектациясына жараша) - 2

Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы 7,1 мм ден калың болсо, Quick кыпчытма гайкасын колдонууга болбойт! Мындай учурда эки бетитме көзөнектүү кыпчытма гайканы (13) эки көзөнекке салынма ачкыч менен (14) колдонунуз

  • Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
  • Quick кыпчытма гайкасын (1) шпинделге (3) 2 мүйүзче шпинделдин 2 оюкчасына киргендей кылып орноту?уз. Сүретту караңыз, 2-бетте.
  • Quick выпчытма гайкасын saat жебеси боюнча кол менен бекитициз.
  • Жылмалоочу тегеректи күч менен saat жебеси боюнча айлантуу аркылуу Quick кыпчытма гайкасын бекитиңиз.

Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу:

METABO W 9115 - Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу: - 1

Quick кыпчытма гайкасы (1) орнотулганда гана шпинделди M-Quick шпиндель

токтоткучунун (4) кызыл баскычынын жардамы менен токтотууга уруксат берилет!

-Өчүргөндөн кийин шайман инерция боюнча кыймылдай берет.
- Абразивдүү дисктин толук токтоосуна чейин М-Quick шпиндель токтоткучундагы (4) кызыл баскычын басы?ыз. Quick кыпчытма гайкасы (1) продолжен менен жарым айланышка автоматтык түрдө бошо?дойт, ошондуктан аны кошумча күч же шайман колдонбостон эле бурап чыгарып алса болот.

7.4 Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бекитүү/бошотуу (комплектациясына жараша)

METABO W 9115 - Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бекитүү/бошотуу (комплектациясына жараша) - 1

Эки тешиги бар гайканы колдонууда шпинделди фиксациялоочу баскычты (4) шпиндель кыймылсыз абалында гана басуу керек.

Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (13) бекитүү:

Эки бекитме кезөнектүү гайканын 2 бети бири-биринен айырмаланат. Эки бекитме кезөнектүү гайканы шпинделге темөнкүдей кылып бураңыз:

2-бет, В сүрөтүн караңыз.

  • X) Жука жылмалоочу тегеректер учүн:
    Эки бекитме көзөнектүү гайканын томпогу (13) өйдө карап тургандыктан, жука жылмалоочу тегеректи бекем орнотууга болот.
    Y) Калың жылмалоочу тегеректер учүн:
    Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу (13) төмен карап тургандыктан, гайканы шпинделге бекем орнотууга болот.
    Z) W 9-100 учүн гана:
    Эки бекитме көзөнөктүү гайканын томпогу төмөн карап, түз бети өйдө карап турат.
  • Шпинделди бөгөттөңүз. Эки бекитме көзөнектүү гайканы (13) saat жебеси боюнча (14) эки көзөнөкке салынма ачкыч менен бекитиңиз.

Эки бекитме көзөнөктүү гайканы бошотуу:

  • Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
    Эки бекитме көзөнөктүү гайканы (13) saat жебесине каршы (14) эки көзөнөккө салынма ачкыч менен бурап чечиңиз.

8. Колдонуу

8.1 Айлануу ылдамдыгын жөндөө (жабдылышына жараша)

Тууралоочу дөңгөлөктө (8) сунушталган ылдамдыкты коюңуз. (Кичине сан = төмен ылдамдык, чоң сан = жогору ылдамдык)

Кесүүчү жылмалоо машинасы-, сыйрыма жылмалоочу тегерек, чөйчөк түрүндөгү жылмалоочу тегерек, алмаздуу кесүүчү жылмалоо тегереги: жогору айлануу саны Щетка: орточо айлануу саны

Табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек: төмөн жана орто айлануу саны

Көрсөтмө: Сайкалдоо үчүн биздин компаниянын бурчтуу сайкалдагычын колдонууну сунуштайбыз.

8.2 Күйгүзүү/Өчүрүү

METABO W 9115 - Күйгүзүү/Өчүрүү - 1

Машинаны ар дайым эки колдоп кармоо керек.

METABO W 9115 - Күйгүзүү/Өчүрүү - 2

Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң даярдалма материалга алып келүү керек.

METABO W 9115 - Күйгүзүү/Өчүрүү - 3

Кокустан жүргүзүүн алуудан сактануу үчүн: вилка розеткада суурулуп кеткенде же тр кубатында бузулуу орун алганда инаны өчүруүп коюу керек.

METABO W 9115 - Күйгүзүү/Өчүрүү - 4

Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина колдон бошотулганда да иштей берет.

Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол менен туткасынан кармап, туруктуу абалга жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу керек.

METABO W 9115 - Күйгүзүү/Өчүрүү - 5

Чаң же сүрундү шайманга сорулуп киришине жол бербеңиз. Машинаны гөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо шнурду сууруш керек.

Куйгузүү: Сыдырма которую (5) алдыга жылдырыңыз. Тынымсыз иштетүү үчүн ал оюкка кирмейинче төмен кыйшайтыш керек.

Өчүрүү: Сыдырма которгучтун арткы учун (5) басып, коё бериңиз.

Желекче түрүндөгү өчүруүп-күйгүзгүчтүү шаймандар

(сактык кнопкасы менен):

METABO W 9115 - Желекче түрүндөгү өчүруүп-күйгүзгүчтүү шаймандар - 1

text_image 10 9 0 0 1

Куйгузүү: куйгузүүнү бөгөттөгүчтү (10) жебенин багыты боюнча жылдыры?ыз, андан кийин баскыч түрүндөгү өчүруүп-куйгузгүчтү (9) басы?ыз.

W...RT деген белгиси бар шаймандар: Кыска моөнөткө күйгүзүү (автотоктотуу функциясы менен):

METABO W 9115 - Желекче түрүндөгү өчүруүп-күйгүзгүчтүү шаймандар - 2

text_image ① 9 ②

Куйгузүү: Которгуч баскычын (9) алдыга жылдырып, которуюте ейде карай (9) басыңыз.

W...RT деген белгиси бар шаймандар: Тынымсыз иштөө режими (комплектацияга жараша)

METABO W 9115 - W...RT деген белгиси бар шаймандар: Тынымсыз иштөө режими (комплектацияга жараша) - 1

text_image 9 ① ⑩

Куйгузүү: шайманды жогоруда сүреттөлгөндөй күйгузү?уз. Баскыч түрундөгү өчүруп- күйгузгүчтү (9) бир позицияга алдыга жылдырып, өчүруп-күйгузгүчтү (9) ошол абалда бекитүү учүн, баскычты коё бери?из (тынымсыз иштөө режими).

Өчүрүү: баскый түрундөгү өчүруп-күйгүзгүчтү (9) өйдену көздөй басып, кайра коё бери?из.

8.3 Иш нускамалары

Стандарттык жылмалоо жана наждак кагазы менен жылмалоо:

Станокту орто куч менен басып, даярдалма материалдын устунку бөлүгү ете ысып кетпеши учун алдыга, артка жылдырыңыз.

Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн 30° - 40?С бурч менен иштөө керек.

Жылмалоочу тегерек менен кесүү:

METABO W 9115 - Жылмалоочу тегерек менен кесүү: - 1

Жылмалоочу тегерек менен кесип жатканда ар дайым дисктин айланышына каршы (суретту караңыз) иштеө керек. Болбосо, машинанын кесилген жерден

көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат. Иштелип жаткан материалга ылайыкталган, орточо күч менен иштөө керек. Ћте кыйшайууга, ашыкча күч келтируүгө жана машинаны чайкоого жол бербөңиз.

Зымдуу щеткалар менен иштөө:

Машинаны орточо куч менен басыңыз.

8.4 Редуктордун тулкусунун айлануусу

3-бет, D сүрөтүн караңыз.

  • Розеткадан вилканы сууруңуз.
  • Рычагдын бекитүү бурамасын (а) бурап чыгарып салы?ыз (15). Бураманы алып салып, рычагды чыгарып (желбирек элементи менен кошо), четке алып кою?уз.
  • Редуктордун тулкусунн 4 бурамасын (b) бурап чыгары?ыз. КӨНУЛ БУРУНУЗ! Редуктордун тулкусун чечпениз!
  • Редуктордун тулкусун чечпестен, керектүү абалга бура?ыз.
  • Редуктордун тулкусунун 4 бурамасын (b) сайына бурап киргизи?из! Тартып буроо учуру = 3,0 Nm +/- 0,3 Nm.
  • Рычагды керектүү абалда кармап турган пружинаны жылдырып, бекитүү бурамасы (а) менен тарттырып, кайрадан (15) орноту?уз (желбирек элементи менен кошо). Тартып буроо учуру = 5,0 Nm +/- 0,5 Nm. Рычагдын иштөөсүн текшери?из: ал пружинанын күч алдында болушу зарыл.

КЫРГЫЗЧАky

9. Тазалоо

Иштетип жатканда машинанын ичинде коштоочу чаң отуруп калышы мүмкүн. Бул электр шайманын муздатууну начарлатат. Ток өткөрүүчү чаң электр шайманынын коргоочу изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу коркунучун жаратышы мүмкүн.

Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана арткы аба айлантуучу көзөнөктөр аркылуу чанды тазалап же кургак аба менен үйлөтүүп туруу керек. Коргоочу көз айнектерди кийип жана чандан коргоочу туура келген беткапты кийип шайманды ток булагын берүүчү чекиттен ажыратыңыз. Уйлөтүүү учурунда жетиштүүү сордуруучу аба камсыздалышы керек.

10. Мүчүлүштүктөрдү ондоо

VTC жана ТС электроникасы менен жабдылган шаймандар:

METABO W 9115 - Мүчүлүштүктөрдү ондоо - 1

Электрондук сигнал индикатору (7) күйүп, айлануу жыштыгы крысым астында азаят (W...RT эмес). Шайманга келтирилген күч өтө чоң! Шайманды электрондук сигнал индикатору өчмөйүнче, куру жүгүрукте иштетип туру?уз.

METABO W 9115 - Мүчүлүштүктөрдү ондоо - 2

Электр шайманы иштебей жатат. Электрондук сигнал индикатору (7) (комплектациясына жараша)

булбулдөп жатат. Кайталап күйгузүүнү бөгөттөөчү түзмөк иштеп кетет. Машина күйгузүлгөндө же кубаты өчүрулгөндөн кийин кайра берилгенде шнурдун вилкасы сайылып турса, машина жүргүзүлбөйт. Машинаны өчүруүп, кайра күйгузүүңүз.

11. Аксессуарлар

Metabo фирмасынан чыккан тупнуска тетиктерди гана колдонуу сунушталат. 7-бетти карагыла.

Ушул баракчада келтирилген талаптарга жана мунөздөмөлөргө тийиштүү аксессуарларды гана колдонгула.

METABO W 9115 - Аксессуарлар - 1

Жумушчу элементке туура келүүчу коюлуучу бөлукту жана көрсетулген рочу чехолду колдонунуз 7-бетти агыла. (Суреттер мисал боло алат).

Иш тапшырмасы:

1 = Устүнкү бети менен жылмалоо

2 = Бөлүүчү түйүмдөр

3 = Тешиктерди кесүү

4 = 3ым щеткалары

5 = Наждак кагазынын жылмалоосу

6 = Жылтыратуу

Коюлуучу белуктөр:

1.2 = Жылмалоочу идиш (керамикалык)

2.1 = Кесүүчү диск "Металл"

2.2 = Кесүүчү диск "Кирпич/Бетон"

2.3 = Кесүүчү алмаз диски "кирпич/Бетон"

2.4 = Эки милдетти аткаруучу диск (аралаш жылмалоочу жана кесүүчү жылмалоочу диск)

3.1 = Алмаз бургулоосу

4.1 = Тегерек щетка

4.2 = Идиш үчүн щетка

5.1 = пластиналык жылмалоочу табакча

5.2 = Жылмалоочу листтер үчүн жылмалоочу табакча

6.1 = Жылтыратуу үчүн аксессуарлар

Жазылган коргоочу чехол:

А тиби = Бөлүүчү коргоочу бөлүк/ коргоочу бөлүктү күйгүзүү, коргоочу капкакты бөлүү үчүн колдонулган кыпчыгыч

В тиби = жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк

С тиби = жылмалоо жана (аралаш) бөлүүчү жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк

D тиби = идишти жылмалоо үчүн коргоочу бөлүк

Е тиби = үстүнку бетин жылмалоочу соруп алуучу коргоочу бөлук

F тиби = соруп алуучу электр тогун өчүрүүүү коргоочу бөлүк

Башка аксессуарлар:

(www.metabo.com караңыз)

Майда көздуү фильтр кыймылдаткычтын тулкусуна ири бөлүкчөлөрдүн кирип кетишинен сактайт. Фильтрди дайыма чечип, тазалап туруу керек.

В Кошумча сап үчүн көп позициялуу скоба

Саптын абалын ар түрдүү алмаштырууну камсыздайт.

С Скобасы бар чечилме кошумча сап

Аксессуарлардын толук жыйнактарын www.metabo.com сайтынан же каталогдон карагыла.

12. Ремонт

METABO W 9115 - Ремонт - 1

Электринструментти ремонттоо атайлашылган тейлөө устаканаларында жүргүзүлүшү керек!

Бузулган тармак кабелин тупнуска Metabo кабели менен гана алмаштыруу керек. Аны Metabo тейлее борборунан сатып алууга болот.

Metabo фирмасынын электр жабдыктарын ремонттоо учун Metabo өкүлчүлүгүнө кайрылыңыз. Даректерди www.metabo.com сайтынан табасыздар.

Камдыктардын тизмесин www.metabo.com сайтынан жуктөп аласыздар.

13. Айлана-чөйрөнү коргоо

Пайда болгон жылмалоо чаңында зыян заттар камтылышы мүмкүн болгондуктан, аны талаптагыдай утилизациялоо керек.

Экологиялык кайра пайдалану жана иштен чыккан жабдыктарды, тангактарды жана аксессуарларды кайра иштетүү боюнча улуттук эрежелерди сактагыла.

Таңгактоочу материалдар муниципалдык эрежелерге ылайык алардын маркировкасына ылайык жок кылынууга тийиш. Кошумча маалыматты www.metabo.com тейлее жаатынан таба аласыз.

METABO W 9115 - Айлана-чөйрөнү коргоо - 1

ЕБ өлкөлөрү үчүн гана: Эч качан электр куралдарын үйдөгү таштанды кутусуна таштабагыла! Колдонулган электрондук жана электр куралдары боюнча 2012/19/ЕС Европа Эрежелери боюнча жана улуттук мыйзамдарга ылайык, колдонулган электр куралдарын өзүнчө чогултуп, айлана-чөйрегө зыян келтирбегендей қылып ыргытыш керек.

14. Техникалык шарттары

Деталдардын сүрөттөлүшүн 4-беттен карагыла. Техникалык прогресске байланыштуу өзгөруүлөрдү алдын ала карагыла.

∅ = иш шайманынын максималдуу диаметри

t_max,1 = эки бекитме көзөнөктүү гайка колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат бериалген максималдуу калынддығы (13)

t_max,2 = Quick кыпчытма гайкасы колдонулганда кыпчытманын чегиндеги иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калынддығы (1)

t_max,3 = сүрүүчү төгерек/кесүүчү төгерек: иш шайманынын уруксат берилген максималдуу калындыгы

t_max,4 = табакча щёткаларынын максималдуу калынддыгы

M = Жүгүртмө сай

I = жылмалоочу шпинделдүү бөрктүн ички сайы

n_V^*= куру жүрүштөгү айлануу ылдамдыгы (туураланат)

P_1 = Номиналдуу керектелүүчү кубат

P_2 = Чыгүүчү кубат

m = Тармак кабелисиз салмагы

Өлчөөнүн мааниси EN 62841 стандартка ылайык аныкталат.

□ II класстагы жабдык

\~ Өзгөрмө ток

* WE... деген белгиси бар шаймандар : бийик жыштыктагы кубаттуу тоскоолдуктар айлануу жыштыгынын термелүүсүне алып келиши мүмкүн. Тоскоолдуктар баса?даганда, термелүүлөр токтойт.

Берилгендер киргизүүлөрдүн эсеби менен берилген (учурдагы стандарттарга ылайык).

Калдыктар

Бул маанилер электр инструменттин калдыктарын баалайт жана ар кандай электр инструменттерди салыштырып берет. Иш режимдерине жараша, электр инструментти же патрондун абалдары, учурдагы милдетүү ишинен жогору же төмөн болушу мүмкүн.

Милдеттүү иштин тыныгууларын жана төмен фазасын баалоо үчүн карагыла. Берилген бааларга ылайык колдонуучу үчүн тийиштүү коопсуздук чараларын белгилегиле, мисалы, уюштуруу чараларын.

METABO W 9115 - Техникалык шарттары - 1

Аянты чоң беттерди, жука листтерди же бир аз дирилдеп турган нерселерди малаганда үндүн көрсетүлгөндөн дагы көп ышына (15 дБ га чейин) себеп болушу күн. Мындай нерселер үндүн ашыкча үсунан тиешелүү чаралар менен өлуусу керек. Мисалы, чоң ийилчээк пфирлене турган килемчелер. Ошондой эле чуу таасиринин коркунучун баалоо жана нун ылайыктуу коргоону тандоодо үндүн рулашы каралышы керек.

Дирилдеєнун жалпы мааниси (триаксалдык вектордун суммасы) EN 62841 стандарттарына ылайык аныкталат:

a_h, SG = дирилдөө чыгышынын өлчөму (үстүнкү катмарды жылмалоо)

a_h, DS = дирилдөө чыгышынын өлчөму (табак түрүндөгү жылмалоочу тегерек менен жылмалоо)

a_h,P = титиреонун мааниси (бетти жылмалоо)

K_h,SG/DS/P = жа?ылыштык коэффициенти (титирео)

Ызы чуунун деңгээли:

L_pA = акустикалык басым

L_WA = акустикалык кубаттулук

K_pA, K_WA = Аныксыздык

Иштөө убагында ызы чуунун деңгээли 80 дБ(А) чейин жогорулайт.

Коргоочу кулак бекиткичтерди колдонгула!

Мазмун Cliquez un titre pour y accéder
Колдонмо жардамчысы
Powered by Anthropic
Билдирүүңүз күтүлүүдө
Продукт жөнүндө маалымат

Бренд : METABO

Модель : W 9115

Категория : майдалагыч