W84BE72X - W84BE 72 X 2 - муздаткыч WHIRLPOOL - Notice d'utilisation et mode d'emploi gratuit

Retrouvez gratuitement la notice de l'appareil W84BE72X - W84BE 72 X 2 WHIRLPOOL au format PDF.

Page 4
Мазмун Cliquez un titre pour aller à la page
Assistant notice
Powered by ChatGPT
En attente de votre message
Informations produit

Marque : WHIRLPOOL

Modèle : W84BE72X - W84BE 72 X 2

Catégorie : муздаткыч

Téléchargez la notice de votre муздаткыч au format PDF gratuitement ! Retrouvez votre notice W84BE72X - W84BE 72 X 2 - WHIRLPOOL et reprennez votre appareil électronique en main. Sur cette page sont publiés tous les documents nécessaires à l'utilisation de votre appareil W84BE72X - W84BE 72 X 2 de la marque WHIRLPOOL.

MODE D'EMPLOI W84BE72X - W84BE 72 X 2 WHIRLPOOL

КЫРГЫЗЧА Колдонуу нускамалары Бет 4 NEDERLANDS Gebruiksaanwijzing Pagina 21 PORTUGUÊS Manual de utilização Página 38 РУCCКИЙ Инcтpyкции по экcплyaтaции Cтpaницa 55 TÜRKÇE Kullanım Talimatları Sayfa 72 UZBEK Foydalanish bo’yicha ko’rsatmalar Bet 89 4 صفحة تعليمات االستعمال عربي

КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАРЫ Окуу жана кѳⱨүл буруу маани

Шайманды колдонордон мурда бул коопсуздук нускамаларын окуңуз. Аларды келээрки керек болгонго чейин сактап коюңуз. Бардык убакытта сактоо үчүн бул нускамалар менен шаймандын ѳзү маанилүү коопсуздук эскертүүлѳрдү камсыз кылат. Шайман туура эмес колдонгон же туура эмес жѳнгѳ салынган болсо, ѳндүрүүчү бул коопсуздук нускамаларын колдонуу жѳндѳмсүздүгү боюнча жоопкерчиликти четке кагат. Өтө жаш балдар (0-3 жаштагы) шаймандан алыс болушу зарыл. Жаш балдар (3-8 жаштагы) кѳзѳмѳл астында болбогон учурда, шаймандан алыс болушу керек. 8 жаштагы жана бул жаштан ѳйдѳ балдар жана физикалык, сезгич же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген же тажрыйбасы жана билими жетишпеген адамдар бул шайманды кѳзѳмѳл астында же коопсуздук нускамалар берилгенде гана колдоно алышат жана коркунуч келерин түшүнүшү керек. Балдар шайман менен ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок балдар тарабынан тазалоо же колдонуу боюнча тейлѳѳ жүргүзүлбѳшү керек. 3–8 жаштагы балдарга муздатуучу шаймандардын ичине азыктүлүктөрдү салууга жана алууга тыюу салынат.

жумуш чөйрөлөрдүн ичинде кызматкерлерге арналган ашкана аймактарында; чарба үйлөрүндө; кардарлар аркылуу мейманкаларда, мотельдерде жана башка турак жай чөйрөлөрүндө. Бул шайман, профессионалдык колдонууга эмес. Шайманды сыртта колдонбоңуз. Шаймандын ичинде колдонулган лампа атайын үйдѳ колдонулуучу шаймандаргы даярдалган жана жалпысынан үйдүн ичинде бѳлмѳгѳ жарык берүүгѳ жарактуу эмес (EC нускамасы 244/2009). Климаттык класс боюнча техникалык маалыматтар тактасында ылайык шайман тѳмѳнкү деңгээлдеги температурадагы жерлерде колдонууга даярдалган. Белгиленген деӊгээлден ашкан температурада кѳп убакытка чейин калып калса, шайман туура эмес иштеши мүмкүн. Климаттык класстын айланадагы температуралары: SN: 10 °C баштап 32 °C чейин; ST: 16 °C баштап 38 °C чейин; N: 16 °C баштап 32 °C чейин T: 16 °C баштап 43 °C чейин

УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ ЭСКЕРТҮҮ: Шайман тышкы өчүрүү тутумдар, таймер же ѳзүнчѳ пульт тутум сыяктуулар менен башкарууга жасалган эмес. Шайман үйдүн ичинде жана ушул сыяктуу тѳмѳнкүлѳргѳ колдонууга жасалган: дүкөндөрдүн, кеңселердин жана башка KY - 4

Бул шайман үзгүлтүксүз диаграмма функциясын камтыбайт. Хладагенттин айлампа контуру R600a (HC) камтыйт. Курамында изобутан бар шаймандар (R600a): изобутан айлана чѳйрѳгѳ зыян келтирбеген табигый газ болуп саналат, бирок тез ѳрт алуучу зат. Ошондуктан, хладагенттин контурунун түтүкчѳлѳрүнѳ зыян

келтирилбегендигин аныктоо зарыл, хладагенттин контурун бошотуп жатканда. ЭСКЕРТҮҮ : Хладагенттин контурунун түтүкчѳлѳрүнѳ зыян келтирбеңиз. ЭСКЕРТҮҮ : Желдетүү тешигин, шайман тосмосун же орнотулган тутумду толтурбай кармоо керек. ЭСКЕРТҮҮ : Ѳндүрүүчү тарабынан сунушталган заттардан башка механикалык, электрдик же химиялык заттарды тоӊдуруу процессин ылдамдатуу үчүн колдонбоӊуз. ЭСКЕРТҮҮ : Ѳндүрүүчү тарабынан уруксат берилбеген электрдик аппаратарды шаймандын бѳлүмдѳрүн ичине салбаӊыз же колдонбоӊуз. ЭСКЕРТҮҮ : түздөн-түз суу берүүгө кошулбаган муз иштеп чыгаргычтар жана/же суу диспенсерлер ичүүчү суу менен гана толтурулушу керек. ЭСКЕРТҮҮ : Автоматтык муз иштеп чыгаргыч жана/же суу диспенсерлер ичүүчү суу жеткирүүчү суу жеткирүүгѳ гана кошулушу керек, 0,17 жана 0,81 MPa (1,7 жана 8,1 бар) ортосундагы негизги суу басымы менен. Шаймандын ичине же жанына аэрозоль банкалары сыяктуу жарылуучу же бензин же башка тез ѳрт алуучу материалдарды койбоңуз. Муз таӊгактарынын (кээ бир моделдерде) курамдарын (уулуу эмес) жутпаӊыз. Суукка алдыруу себебинен муз кубиктерин же муз набаттарын тоӊдургучтан алып чыгары менен жегенге болбойт. Жеткиликтүү желдеткичтин капкагынын ичиндеги аба фильтрин колдонууга жасалган продукциялар

үчүн фильтрлер ар дайым муздаткыч иштей турган абалда болушу керек. Суюктугу бар айнек контейнерлерди тоӊдургуч бѳлүмгѳ койбоӊуз, сынып калышы мүмкүн. Желдеткичти (мүмкүн болсо) тамакаш продукциялары менен тоспоӊуз. Азык-түлүктү муздаткычка койгондон кийин анын эшиктери, өзгөчө тоңдургучтун эшиги жабылганын текшериңиз. Сынган кутулар тезирээк алмаштырылышы керек. Муздаткыч бѳлүмүн жаӊы тамакаш сактоо жана тоӊдургуч бѳлүмүн тоӊдурулган тамак-аш сактоо, жаӊы тамак-ашты тоӊдуруу жана муз кубиктерин жасоо үчүн колдонуӊуз. Муздаткыч же тоӊдургуч бѳлүмдѳрүнүн ички беттери менен түздѳн-түз байланышта болгон жерде оролбогон тамак-ашты коюудан качыӊыз. Шайман атайын бѳлүмдѳр менен камсыз кылыныш керек (жаӊы тамак-аш бѳлүмү, ноль деңгээлдеги куту,...). Өнүмдүн атайын китепчесинде башкача көрсөтүлбөсө, шаймандын туура иштеши үчүн аларды алып салууга болот. С-пентан кѳбүк бѳлүүдѳгү газ жаратуучу катары колдонулат жана тез ѳрт алуучу газ болуп саналат. Шаймандын ар бир бөлүмүндө температура ар кандай болгондугуна байланыштуу белгилүү бир азыктарды коюуга мүмкүн болгон шаймандын бөлүмдөрү төмөнкүлөр: - Муздаткычтын бөлүмү: 1) Муздаткычтын жогорку бөлүмүндөгү& эшик – мээлүүн температура бөлүмү: Тропикалык

жемиштер, консервалар, ичимдиктер, жумурткалар, соустар, туздалган бадыраңдар, май, джемдерди сактоо үчүн сунушталат 2) Муздаткычтын ортоңку бөлүмү – муздак бөлүм - муздак бөлүм: Быштак, сүт азыктары, эт азыктары жана йогурт сакталуучу бөлүм 3) Муздаткычтын ортоңку бөлүмү – эң муздак бөлүм: Муздак азык-түлүктү, таттууларды, эт жана балыкты, каймакты, үйдө бышырылган тамак-ашты, пуддинг ж.б. сактаңыз 4) Жемиштер& жашылчалар суурмасы муздыткычтын төмөнкү бөлүмүндө жайгашкан: Жашылчажемиштерди коюңуз (тропикалык жемиштер эмес) 5) Тоңдургуч: Эт менен балыкты гана сактаңыз - Тоңдургуч бөлүмү: 4 жылдыздуу бөлүм (****) – азыктарды тоңдурууга ылайыктуу, анткени андагы температура бир калыпта бөлүштүрүлөт. Сатылып алынган тоңдурулган азыктардын таңгагында сактоо мөнөтү аяктоочу күн көрсөтүлүп турат. Мындай мөөнөт сакталуучу азыктын түрүнө жараша аныкталат, андыктан ага маани берилиши керек. Жаңы алынган азыктар төмөнкү мөөнөткө сакталышы керек: 1-3 ай — сыр, деңиз азыктары, балмуздак, сан/ чучуктардын түрлөрү, сүт, жаңы ичимдиктер; 4 ай — эт азыктары (уй эти, кой эти, чочко эти); 6 ай — май же маргарин, тоок эти (тоок, күрп); 8- 12 ай — жемиштер (цитрус жемиштеринен башка), куурулган эт (уй эти,чочко эти, кой эти), жашылчалар. 2 жылдыздуу бөлүмдө сакталуучу азыктардын таңгактарында көрсөтүлгөн сактоо мөөнөтүнө маани берилиши керек Тамаш-аштын бузулуусунун алдын

алуу үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз: – Шаймандын эшигин узак убакытка ачып туруу бөлүмдөрдөгү температуранын жогорулашына алып келет. – Адатта азык-түлүк тийип турган үстүнкү беттерди жана дренаж тутумдарын тазалап туруңуз. – Суу сакталуучу резервуарлар колдонулбаса, аларды 48 сааттан кийин тазалаңыз; суу менен камсыздоо тутумдарына туташып турган суу 5 күндөн бери турса, аны жууп салыңыз. – Эт жана балык азыктарынын суюктугу башка азык-түлүккө тамчылабашы үчүн аларды ылайыктуу контейнерлерде сактаңыз. – Эки жылдыздуу бөлүмдөр тоңдурулбаган азыктар үчүн ылайыктуу, мисалы, балмуздакты же муз кубиктерин сактоо же жасоо. – Жаңы азык-түлүктү бир, эки же үч жылдыздуу бөлүмдөрдө тоңдурбаңыз. – Эгер муздатуучу шайман узак убакытка колдонулбаса, аны өчүрүп, музду ээритип, жууп, кургатып жана көгөрүп кетпеши үчүн эшигин ачып коюңуз. ОРНОТУУ Шайман эки же кѳп адамдар тарабынан кѳтѳрүлүшү жана орнотулушу зарыл - жаракат коркунучу. Таңгактан чыгарууга жана орнотуу үчүн, коргоочу кол каптарын колдонуңузl - кесип кетүү коркунучу бар. Орнотуу, суу менен камсыздоону кошуу менен (эгер болсо), электрикалык туташууларды, жана оңдоолор, тажрыйбалуу техник тарабынан өткөрүлүшү керек. Колдонуучунун нускамасында көрсөтүлгөн болбосо, шаймандын

бир да бөлүгүн оңдобоңуз жана алмаштырбаңыз. Балдарды, орнотулган жерден алыс кармаңыз. Шайманды таңгактан чыгаргандан кийин, ал жеткирүү убагында сынып калбаганын текшериңиз. Эгер көйгөйлөр болсо, дилер менен же эң жакын жэериңизде жайгашкан Сатып алуудан кийинки кызматка байланышыңыз. Орнотулгандан кийин, таңгактоону жок кылуу (пластик, стирол пенопластынын бөлүктөрү, ж.б.) балдардан алыс кармалышы керек - муунуу коркунучу бар. Орнотуу иштерин жүргүзгѳнгѳ чейин шайман электр тогунан ажыратылышы зарыл - токкто урунуу коркунучу бар. Орнотуу иштеринин жүрүшүндѳ шайман электр кабелине зыян келтирилбегендигин ырастаңыз - токко урунуу коркунучу бар. Шайманды, орнотуу аяуктаганда гана иштетиңиз. Шайманды жылдырганда полдорго (м. паркетке) зыян келтирип албаӊыз. Шайманды жерге орнотуӊуз же анын салмагын толугу менен кѳтѳрүүгѳ тирѳѳч жасаӊыз жана анын кѳлѳмүнѳ жана колдонууга тийиштүү орун даярдаӊыз. Шайман жылуулуктун булагына жакын эместигин текшериңиз, анын төрт бутун талап кылынгандай кылып жөндөө менен полго тегиз жана туруктуу коюлганын текшерип, шаймандын спирттик денгээл ченөөчү аспапты колдонуу менен тиешелүү түрдө жайгаштырылганын текшериңиз. Хладагенттин контурунун натыйжалуугун толугу менен ырастоо үчүн шайманды электр тогуна кошконго чейин жок дегенде эки саат күтүӊүз. ЭСКЕРТҮҮ : Шайманды жайгаштырып жатсанда,

шаймандын шнуру бузулуп же ага зыян келтирилбеши керек. ЭСКЕРТҮҮ : жабдуунун туруктуулугунун бузулушунун кесепетинен келип чыгуучу күтүлбөгөн кырдаалды болтурбоо үчүн, орнотуу жери же оңдоо өндүрүүколдонмосуна ылайык жүргүзүлүшү зарыл. Муздаткычты анын арткы дубалына (конденсатордун катушкасына) газ плитанын темир шлангасын, темир газ же суу түтүктөрдү, же электр зымдарды тийгизиш жайгаштырбаш керек. Тийиштүү желдетүүнү камсыз кылуу үчүн шаймандын эки жагында жана үстүндѳ орун калтырыӊыз. Ысык беттерге жеткиликти болтурбоо үчүн шаймандын арт жагындагы жана шаймандын артындагы дубалдын аралыгы 50 мм болушу зарыл. Бул аралыкты кыскартуу өнүмдүн энергия сарптоосун жогорулатат. Өнүмдү токко туташтыруудан мурда, орнотуу учурунда кабелди сууруп коюну унутпаңыз. ЭЛЕКТРИКАЛЫК ЭСКЕРТҮҮЛӨР Эгер шаймандын штепсель вилкасы жеткиликтүү болсо электр тогунан сууруп алуу, же улуттук коопсуздук стандарттарына ылайык айры тешиктин үстүндө орнотулган жеткиликтүү көп полярдык которгучту колдонуу менен ажыратуу зарыл жана шайман жердетилиши керек. Узарткыч кабелин, тармак чыгаруу вилкаларын же адаптерлерди колдонбоӊуз. Электрдик түзүүчүлѳр орнотулгандан кийин колдонуучуларга жеткиликтүү болбошу зарыл. Шайманды, сиз суу болсоңуз же жылаң аяк болсоңуз колдонбоңуз. Эгерде кубаттуулук

УЙДӨ КОЛДОНУЛГАН ШАЙМАНДАРДЫ ЖОК КЫЛУУ

шнуруна же вилкасына зыян келтирилсе, тийиштүү иштебесе, же жабдууга зыян келтирилсе же түшүп кетсе, шайманды иштетпеңиз. Эгерде электр кабель бузулган болсо, зыян келтирүүнү алдын алууга аны өндүрүүчү, анын тейлөө агент же квалификациясы бар адамдар тарабынан алмаштырылышы керек - токко уруну коркунучу бар. ЭСКЕРТҮҮ : Бир нече алып жүрө турган розеткаларды же алып журө турган кубат камсыздоочуларды шаймандын артына жайгаштырбаңыз.

Бул шайман кайрадан пайдаланууга жарамдуу материалдардан жасалган. Аны жергиликтүү таштанды чыгаруу эрежелерине ылайык чыгаруу керек. Электрдик турмуш-тиричилик техникаларын колдонуу, калыбына келтирүү жана кайра иштетүү боюнча кеӊири маалымат алуу үчүн тийиштүү жергиликтүү бийликке, турмуш-тиричилик техникаларын ѳндүрүү жана таштандылары чыгаруу кызматына же шайман сатып алган дүкѳнгѳ кайрылыӊыз. Бул шайман 2012/19/EU Еврокомиссиянын коопсуздук эрежелеринин кѳрсѳтмѳсүнѳ жана Электрикалык жана электрондук жабдууларды утилизациялоо (WEEE) директивасына ылайык белгиленген. Өңумдү туура жок кылуу менен колдонуучу айлана-чөйрөгө терс таасирин жана адамдардын ден соолугун сактоого салым кошот. Өнүмдөгү же

ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ: Тейлөө иш- аракеттерин аткаруудан мурун, шаймандын өчүрүлгөнүн жана электр туташуусунан ажыратылганын тактаңыз; Буу менен тазалоочу шаймандарын эч качан колдонбоңуз - токко урунуу коркунучу бар. Терезе бүркүгүчтѳр, тазалоочу курамдар, тез ѳрт алуучу суюктуктар, тазалоочу момдорду, концентрацияланган тазалоо каражаттар, агарткычтар же пластик бѳлүктѳрдѳгү, ички жана эшик гильзарындагы же катмарларындагы мунай курамында бар. жуугуч каражаттар сыяктуу жылмалагыч же катуу тазалоо каражаттарын кодонбоӊуз. ТАӉГАКТАЛГАН МАТЕРИАЛДАРДЫ ЖАЙГАШТЫРУУ

Таӊгакталган материалдар 100%га кайра иштетүүлүүчү болуп саналат жана кайра иштетүү символу менен белгиленет . Ошондуктан таңгактын ар бир бѳлүгү жоопкерчилик менен жана таштанды чыгарууну жѳнгѳ салуучу жергиликтүү коопсуздук эрежелерине толук ылайык чыгарылышы керек.

коштомо документтеги символу, ал турмуштиричилик калдыгы катары каралбастан, электр жана электрондук шаймандарды кайра иштетүү үчүн ылайыктуу жыйноо борборуна өткөрүлүшү керек экенин көрсөтөт.

ЭНЕРГИЯНЫ ҮНѲМДѲѲ БОЮНЧА КЕҢЕШТЕР Шайманды кургак, жакшы желдетилген, ысык булактардын алыс жайгашкан (мисалы, радиатор, плита ж.б.) жана күн нуру түз тийбеген жерге орнотуӊуз. Керек болсо, обочолооч плиталарын колдонуӊуз. Тийиштүү желдетүүнү камсыз кылуу үчүн тѳмѳнкү орнотуу эрежелерин сактаӊыз. Өнүмдүн артына жетишсиз желдетүү энергиянын сарпташын жогорулатат жана муздатуунун натыйжалуулугун тѳмѳндѳтѳт. Эшикти тез-тезден ачып жабуу Кубаттулук керектөөнү жогорулатышы мүмкүн. Шаймандын ички температурасы жана Энергиянын сарптоосу ошондой эле сырткы температурадан жана шаймандын жайгашкан жерине көз каранды болушу мүмкүн. Темпуратураны тууралоодо бул факторлор эске алынышы керек. Эшикти мүмкүн болушунча аз ачыңыз. Тоӊдурулган тамак-аш эригенде, аларды муздаткычка салыӊыз. Тоӊдурулган азыктардын тѳмѳн температурасы муздаткычтагы тамак-ашты муздатат. Шайманга салаардан мурда жылуу тамак- аш жана суусундуктарды муздатыш керек. Текчелердин муздаткычтагы алган орундары энергияны колдонуу натыйжалуулукка эч кандай таасир тийгизбейт. Тамак- аш аба айлануусун камсыз кыла тургандай болуп текчелерге коюулушу керек (тамак-аш бири-бирине тийбеши жана тамак- аштын жана арткы дубалдын аралыгы сакталышы керек). Тоӊдурулган тамак-аш сактоонун сыйдыргычтыгын кутуларды жана эгер бар болсо, Тоӊдургуч текчесин токтотууну алып салуу. Компрессордон келген үндөрдөн коркпоңуз. Алар нормалдуу, иштеп жатканын көрсөткөн үндөр.

АР ТҮРЛҮҮ ФУНКЦИЯЛАР ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Жаңы муундагы муздатуу технологиясы тууралуу маалымат Жаңы муундагы муздатуу технгологиясындагы муздаткычтар, статикалык муздаткычтарга салыштырмалуу башка иштөө системасында болот. Эшикти улам ачып жана азыктардагы нымдуулуктан улам, башка муздаткычтардын тоңдуруу бөлүкчөсүндө муз өсүшү мүмкүн. Мындай муздаткычтарды туруктуу түрдө эритүү талап кылынат; муздаткыч маал маалы менен өчүрүлүп, тоңдурулган азык ылайыктуу контейнерге салынып жана тоңдуруу бөлүмүндөгү музду алуу керек болот. Жаңы муундагы муздатуу технологияларындагы муздаткычтарда кургак муздак аба муздаткычтын жана тоңдургучтун ичине желдеткич аркылуу текши бөлүштүрүлөт. Муздак аба азыктарыңызды текши муздатып, нымдуулуктун пайда болушунун алдын алат. Муздаткыч бөлүгүндө, муздаткыч бөлүмүнүн жогору жагында жайгашкан аба жетдеткичи аркылуу үйлөнүп турган аба, аба чыгаруучу тешиктен чыгып, муздатылып турат. Ошол эле убакта, чыгуучу тешиктерден чыккан муздак аба, муздатуу бөлүкчөсүнө текши бөлүштүрүлөт. Тоңдургуч менен муздаткыч бөлүмдөрүндө аба айланбаганынан улам, бир бөлүмдөгү жыт экинчисине аралашпайт. Натыйжада, жаңы муундагы муздатуу технологиядагы муздаткычыңыз колдонууңузду жеңилдетип, чоң көлөмдөгү азыктарыңызды жаңы бойдон сактоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Дисплей жана башкаруу панели Башкаруу панелин колдонуу 1. Супер тоңдуруу индикатору. 2. Тоңдургучту орнотуу маанисинин экраны. 3. Супер муздатуу индикатору. 1 2

4. Муздаткычты орнотуу маанисинин экраны. 5. Сигнал символу. 6. Үнөмдөө режиминин символу. 7. Отпуск режиминин символу. 8. Балдардан кулпулоо режиминин символу.

9. Бул муздаткычтын маанисин коюу режимин иштетип жана каалаган убакта супер муздак режиминин иштетилүүсүн көрсөтөт. Тоңдургуч -16, -18, -20, -22, -24°C супер тоңдуруу температураларына коюла алат. 10. Бул муздаткычтын маанисин коюу режимин иштетип жана каалаган убакта супер муздак режиминин иштетилүүсүн көрсөтөт. Муздаткыч 8, 6, 5, 4, 2 °C супер муздак температураларына коюла алат. 11. Бул (үнөмдөө, отпуск…) режимдеринин каалаган убакта иштетилишин көрсөтөт.

Муздаткычыңызды иштетүү Super freeze (Супер тоңдуруу) режими Кантип колдонсо болот? • Тоңдургучту орнотуу баскычын Супер тоңдуруу символу экранда пайда болгуча басыңыз. Үн сигналы бип деген үндү чыгарат. Режим орнотулган болот. Бул режим убагында: • Муздаткычтын температурасы жана супер муздак режими жөндөлөт. Бул жагдайда супер тоңдуруу режими улантылат. • Үнөмдөө жана Отпуск режимин тандай албайсыз. • Супер тоңдуруу режими тандоо убагында аткарылгандай тартипте кайра токтотула алат. Super cool (супер муздату) режими Кантип колдонсо болот? • Муздаткычты орнотуу баскычын Супер муздатуу символу экранда пайда болгуча басыңыз. Үн сигналы бип деген үндү чыгарат. Режим орнотулган болот. Бул режим убагында: • Тоңдургучтун температурасы жана супер тоңдуруу режими жөндөлөт. Бул жагдайда супер муздатуу режими улантылат. • Үнөмдөө жана Отпуск режимин тандай албайсыз. • Супер тоңдуруу режими тандоо убагында аткарылгандай тартипте кайра токтотула алат. Economy (Үнөмдөө) режими Кантип колдонсо болот? • Эко символу пайда болгуча “режим баскычын” басыңыз. • 1 секунда бою бир да баскыч басылбаса. Режим орнотулат. Эко символу 3 жолу күйүп өчөт. Режим орнотулганда, үн сигналы бип деген үндү чыгарат. • Тоңдургуч жана муздаткыч температура сегменттери “E” дегенди көрсөтөт. • Үнөмдөө символу жана E режим аяктаганга чейин күйөт. Бул режим убагында: • Тоңдургучту жөндөсө болот. Үнөмдөө режими жокко чыгарылганда, тандалган орнотуу маанилери улантылат. • Муздаткычты жөндөсө болот. Үнөмдөө режими жокко чыгарылганда, тандалган орнотуу маанилери улантылат. • Супер муздатуу жана супер тоңдуруу режимдерин тандаса болот. Үнөмдөө режими автоматтык түрдө жокко чыгарылып, тандалган режим иштетилет. • Үнөмдөө режими жокко чыгарылгандан кийин отпуск режимин тандаса болот. Андан соң тандалган режим иштетилет. • Жокко чыгаруу үчүн, режим баскычын гана бир басып койсоңуз болот. Holliday (Отпуск режими) Кантип колдонсо болот? • Отпуск символу пайда болгуча “режим баскычын” басыңыз • 1 секунда бою бир да баскыч басылбаса. Режим орнотулат. Отпуск символу 3 жолу күйүп өчөт. Режим орнотулганда, үн сигналы бип деген үндү чыгарат. • Муздагыраак температура сегменти “--” көрсөтөт. • Отпуск символу жана “--” режим аяктагыча күйүп турат. Бул режим убагында: • Тоңдургучту жөндөсө болот. Отпуск режими жокко чыгарылганда, тандалган орнотуу маанилери улантылат. • Муздаткычты жөндөсө болот. Отпуск режими жокко чыгарылганда, тандалган орнотуу маанилери улантылат. • Супер муздатуу жана супер тоңдуруу режимдерин тандаса болот. Отпуск режими автоматтык түрдө жокко чыгарылып, тандалган режим иштетилет. • Отпуск режими жокко чыгарылгандан кийин үнөмдөө режимин тандаса болот. Андан соң тандалган режим иштетилет. • Жокко чыгаруу үчүн, режим баскычын гана бир басып койсоңуз болот.

Drink cool (муздатып ичүү режими) Кантип колдонсо болот? • Бул режим ичимдиктерди жөндөлгөн убакытта муздатуу үчүн колдонулат. Бул режим убагында: • Тондургуч баскычын 5 секунда бою басыңыз. • Тоңдургучта орнотулган маанинин экранында атайын анимация иштетилип, • муздаткыч орнотулган экранда 05 күйүп өчөт. • Муздаткыч баскычын убакытты жөндөө үчүн (05 - 10 - 15 - 20 - 25 - 30 мүнөт) басыңыз. • Убакытты тандаганыңызда, номерлер экранда 3 жолу күйүп өчүп, үн бип деп чыгат. • 2 секунданын ичинде бир да баскыч басылбаса, убакыт орнотулат. • Артка саноо убакыты жөндөлгөн убакыттан тарта мүнөт сайын санайт. • Калган убакыт экранда көрсөтүлүп турат. • Бул режимди жокко чыгаруу үчүн, тоңдургучту орнотуу баскычын 3 секунда бою басыңыз. Child lock (Балдарга бөгөт коюу) функциясы Кантип колдонсо болот? • Балдар баскычтарды баскылап ойнобошу үчүн жана сиз орноткон жөндөөлөрдү өзгөртпөшү үчүн, балдарга бөгөт коюу шайманда жеткиликтүү. Child lock (Балдарга бөгөт коюуну) иштетүү • Тоңдургуч жана муздаткыч баскычтарын бир убакта 5 секунда бою басыңыз. Бул режим убагында: • Тоңдургуч жана муздаткыч баскычтарын бир убакта 5 секунда бою басыңыз. Эскертүү: Эгер электр кубаты жок болуп же муздаткыч розеткага сайылбай турса, балдарга бөгөт коюу режими да өчүрүлөт. Screen saver (экранды сактоо) режими Кантип колдонсо болот? • Бул режим, режимди күйгүзүү баскычын 5 секунда бою бассаңыз иштетилет. • Эгер режим иштетилген убакта, бир да баскыч 5 секунданын ичинде басылбаса, көзөмөлдөө панелинин жарыгы өчөт. • Эгер сиз көзөмөлдөө панелинин жарыгы өчүк кезде каалаган баскычты бассаңыз, учурдагы орнотуулар экранда пайда болуп, андан соң сиз каалагандай жөндөөлөрдү аткара аласыз. Эгер сиз экранды сактоо режимин жокко чыгарып же каалаган баскычты 5 секунданын ичинде да баспасаңыз, көзөмөлдөө панели кайра өчүп калат. • Экранды сактоо режимин жокко чыгаруу үчүн, режим баскычын кайра 5 секунда бою басыңыз. • Экран сактоо режими активдүү кезде, сиз балдар кулпусун да иштете аласыз. • Эгер балдардан бөгөттөө режими иштетилген убакта, бир да баскыч 5 секунданын ичинде басылбаса, көзөмөлдөө панелинин жарыгы өчөт. Каалаган баскычты басып, орнотуулардын же режимдердин акыркы абалдарын көрө аласыз. Көзөмөлдөө панелинин жарыгы күйүк кезде, балдардан бөгөттөөнү бул режимдин нускамасында көрсөтүлгөндөй өчүрүп коё аласыз. Эшиктин ачык калганын билдирген сигнал функциясы Эгер муздаткыч же тоңдургуч эшиги 2 мүнөттөн узагыраак ачык бойдон калса, шайман ‘бип’ унун чыгарат. Муздаткычтын температура орнотуулары • Муздаткычты орнотуу индикаторунун башталгыч температурасы +4 °C. • Муздаткыч баскычын бир жолу басыңыз. • Бул баскычты биринчи жолу басканыңызда, акыркы маани муздаткычтын орнотуу индикаторунда пайда болот. • Бул баскычты качан бассаңыз, төмөнүрөөк температура орнотулат. (+8°C, +6°C, +5°C, +4°C, +2°C, супермуздак) • Муздагыраак орнотуу баскычын супер муздак символу пайда болгуча басканыңызда жана каалаган баскычты 1 секунда бою баспасаңыз, Супер муздак сүрөтчөсү күйөт. • Эгер сиз басканды уланта берсеңиз, ал +8°C баштап кайра иштетилет. • Отпуск режими, Супер тоңдуруу режими, Супер муздатуу режими же Үнөмдөө режимине чейин тандалган температура мааниси, режим өчкөндө же жокко чыгарылганда окшош бойдон кала берет. Шайман ошол температурада иштөөнү уланта берет.

Тоңдургуч температурасын орнотуу • Тоңдургучту орнотуу индикаторунун башталгыч температурасы -18°C. • Тоңдургуч баскычын бир жолу басыңыз. • Бул баскычты бир бассаңыз, акыркы орнотулган маани экранда күйүп өчөт. • Бул баскычты качан бассаңыз да, төмөнүрөөк температура (-16°C, -18°C, -20°C, -22°C, -24°C супертоңдуруу) орнотулат. • Тоңдурууну орнотуу баскычын супер тоңдуруу символу пайда болгуча басканыңызда жана каалаган баскычты 1 секунда бою баспасаңыз, Супер муздак сүрөтчөсү күйөт. • Эгер сиз басканды уланта берсеңиз, ал -16°C баштап кайра иштетилет. • Отпуск режими, Супер тоңдуруу режими, Супер муздатуу режими же Үнөмдөө режимине чейин тандалган температура мааниси, режим өчкөндө же жокко чыгарылганда окшош бойдон кала берет. Шайман ошол температурада иштөөнү уланта берет. Температуранын жөндөөлөрү тууралуу эскертүүлөр • Температура жөндөөлөрү эшиктин ачылышынын жыштыгына жана муздаткычтын ичинде сакталган азыктын көлөмүнө карай аткарылышы керек. • Бул муздаткыч бардык айлана чөйрөдөгү температурада иштөөгө арналган. Айлана чөйрөнүн температурасы -5 oC көрсөткүчүнөн муздагыраак болсо, азыктарды муздаткыч бөлүгүндө сактоо сунушталбайт, себеби анда сакталган ащзыктардын температурасы айлана чөйрөдөгү менен бирдей болот. Натыйжада, алар тоңуп калат. Сиз азыктарыңызды муздаткч болүгүндө -5 oC температурага чейин сактай аласыз. Инженерлер тарабынан атайын эсептелген алгоритмдин жардамы менен, азыктар айлана чөйрөнүн температурасы -5 oC төмөн кезде тоңдургуч бөлүмүндө сактала алат. • Муздаткычыңыз толугу менен муздатылышы үчүн, өчүрүлбөстөн розеткага сайылып, айлана чөйрөдөгү температурага карай 24 саат бою иштетилиши керек. Муздаткычыңыздын эшигин кайра ачпаңыз жана ошол мөөнөттө анын ичине өтө көп азыкты салбаңыз. • Эгерде шайман өчүрүлүп же розеткага сайылбаган болсо, компрессорго зыян келтирбеш үчүн аны кайра күйгүзүп же кайра сайганга чейин 5 мүнөт күтө турушуңуз керек. • Муздаткычыңыз, маалымат энбелгисинде Климаттык Тышкы абанын көрсөтүлгөн климаттык класска карай айланадагы классы температурасынын. (°C) тем пература интервалдарындагы стандартта SN: 10 дан 32 °C чейин иштөөгө арналган. Муздатуу натыйжалуулугун сактоо үчүн, муздаткычыңызды көрсөтүлгөн температура ST: 16 дан 38 °C чейин диапазондорунан тышкаркы көрсөткүчтөрдө N: 16 дан 32 °C чейин иштетүүңүздү сунуштабайбыз. • Бул шайман 10°C - 43°C температурасындагы T: 16 дан 43 °C чейин диапазондо колдонулууга арналат.

Аксессуарлар Twist Ice (Айрым моделдерде) • Муз жасоочу лотокту чыгарыңыз • Сызыкка чейин сууну толтуруңуз. • Муз жасоочу лотокту ордуна жайгаштырыңыз • Муз кубиктери жасалганда, рычагды тартып, муз чарчыларын муз салган кутуга түшүрүңүз. Эскертүү: • Музду жасоо үчүн муз сактаган кутуга сууну толтурбаңыз. Болбосо кутуга зыян келтирилиши мүмкүн. • Муздаткыч иштеп жатканда муз жасагычты кыймылдатуу кыйыныраак болушу мүмкүн. Мындай жагдайда аны айнек текчелерин алып чыгарып, тазалоо керек. Муз лотогун алып чыгаруу • Тоңдургучтун айнек текчелерин алып чыгарыңыз • Муз жасагыч лотогун текчеден оңго жана солго тартып, алып чыгарыңыз. Сиз тоңдщургуч бөлүмүндө жеткиликтүү көлөмдү бошотуу үчүн, муз жасагычты алып чыгарсаңыз болот.

Муз лотогу (Айрым моделдерде) • Муз лотогуна суу куюп, тоңдургуч бөлүмүнө салыңыз. • Суу толугу менен тоңуп калганда, рычагды төмөндө көрсөтүлгөндөй тартып, музду чыгарсаңыз болот. Салкындатуу текчеси (Айрым моделдерде) Азыктарды тоңдургуч же муздаткыч бөлүмүндө сактагандан көрө салкындатуу бөлүмүндө сактасаңыз, ал азыктын жаңы бойдон калып, жаңылыгын жана анын даамын бузбайт. Салкындаткыч текчеси кир болуп калганда, аны алып чыгарып, суу менен чайкаңыз. (Суу 0°C температурада тоңуп калат, бирок туз же шекер камтылган азыктар бул температурадан төмөн деңгээлде тоңот) Салкындаткыч бөлүмү чийки балык, жеңил консерваланган азыктарды, күрүчтү, ж.б.... сактоо үчүн колдонулат. Тоңдургуңуз келген азыктарды же муз лотокторун салкындаткыч текчесине салбаңыз. Салкындаткыч текчесин алып салуу • Салкындаткыч текчесин өзүңүзгө карай жүгүрткүчтөр менен алдыга тартыңыз. • Салкындаткыч текчесин жүгүрткүчтөн өйдө көтөрүп, алып чыгарыңыз. Humidity Control (Нымдуулукту көзөмөлдөө) Нымдуулукту көзөмөлдөө жабык абалда кезде, ал жаңы мөмө-жемиштер менен жашылчалардын узагыраак мөөнөткө жаңы бойдон калуусуна мүмкүнчүлүк берет. Эгер контейнер толуп калса, анын маңдайында жайгашкан жаңы тергичти ачыңыз. Бул контейнердин ичиндеги абанын жана нымдуулук диапазонунун көзөмөлдөнүшүнө мүмкүнчүлүк берип, анын ичиндеги азыктардын сактоо мөөнөтүнүн өсүшүнө жол ачат. Эгер сиз айнек текченин бууланып калганын көрсөңүз, Нымдуулкту көзөмөлдөө ачык абалда калышы керек. Жөндөлүүчү эшик текчеси (Айрым моделдерде) Жөндөлүүчү эшик текчеси менен ар башка бийиктикте беш сактоо аймагын өзүңүзгө карата орното аласыз. Жөндөлүүчү эшик текчесинин абалын өзгөртүңүз; Текченин алдын өйдө көтөрүңүз (1) жана аны жөндөлүүчү эшик текчесине өйдө же ылдый (2) эки колуңуз менен жылдырыңыз (1-сүр.) Эшик текчесин алып чыгарганга чейин, анын эшик текчесинин абалында жайгашканын ырастаңыз.

Active Oxygen (Активдүү кычкылтек (Айрым моделдерде) Active Oxygen негативдүү иондорду чачып, жагымсыз жыт менен абадагы чаңды нейтралдаштырып, азыктардын жаңы бойдон калуусуна жол ачат. Муздаткычтагы абадан бул бөлүкчөлөрдү алып салуу менен Active Active Oxygen (Активдүү кычкылтек) Oxygen абанын сапатын жакшыртып, жыттарды азайтат. • Бул функция тандамал. Бул өнүмүңүздө болбошу мүмкүн. • Иондоштургуч түзмөгүңүздүн жайгашкан жери өнүмгө карай айырмаланышы мүмкүн. Active Fresh Filter (Активдүү жаңы чыпка (Айрым моделдерде) Active Fresh Filter (Активдүү жаңы чыпка) технологиясы этилен газын (жаңы азыктардан табигый жол менен чыгарылган биопродукт) жана жагымсыз жыттын контейнерден чыгарылуусуна жардам берет. Бул учурда азыктар узагыраак мөөнөткө сакталат. • Active Fresh Filter (Активдүү жаңы чыпка) жылына бир жолу тазаланып турушу керек. Чыпканы духовкада 2 саат бою 65°C температурада кармоо керек. Active Fresh Filter Активдүү жаңы чыпка) • Чыпканы тазалоо үчүн, чыпка кутусунун арткы кабын жебе (A) көрсөтүлгөн багытта тартып, чыгарыңыз. • Чыпканы суу же кандайдыр бир жуучу каражат менен жуубаш керек. Аксессуарлар тууралуу визуалдык жана текст сүрөттөмөлөрү шайманыңыздын моделине жараша айырмаланышы мүмкүн.

Азык-түлүктү мудаздаткычтын эң муздак бөлүмүнө коюу Азык-түлүктү муздаткычтын туура бөлүмүнө койсоңуз, ал жакшыраак сакталат. Эң муздак бөлүм контейнердин үстүндө жайгашкан. Андагы муздак температураны сактоо үчүн текче белгиде көрсөтүлгөн деңгээлге ылайык жана сүрөттө көрсөтүлгөндөй жайгаштырылганын текшериңиз.

Температура көрсөткүчү(Айрым үлгүлөрдө) Ыңгайлуулугуңуз үчүн муздаткычтын эң муздак бөлүмү температура көрсөткүчү менен жабдылган. Эң муздак бөлүмдүн температурасы туура коюлганын оңой текшерип турууга болот: көрсөткүч "OK" деп турса, демек бөлүмдүн ичиндеги температура туура коюлду.

"OK" деген жазуу кара түстө болгондуктан, аны көрүү үчүн көрсөткүч жакшы жарыктандырылышы керек. Эгер "OK" деген белги жок болсо, бөлүмдүн ичиндеги температура жогору: термостаттагы температураны тууралап, аны 12 сааттан кийин кайра текшериңиз. ЭСКЕРТҮҮ: Азык-түлүктү койгондон кийин муздаткычтын эшиги улам ачылса, (же бир аз убакыт ачылып турса) температура көрсөткүчүндө "OK" деген белги көрүнбөшү мүмкүн. Эгер муздаткычтын бууланып чыгуучу бөлүмүндө (анын төмөн жагында) адаттан тышкары муз кристаллдары пайда болсо (өтө көп азык-түлүк коюлса, бөлмөдөгү температура жогору болсо, эшик дембедем ачылса), компрессор демейки деңгээлине кайтып келмейинче, температураны жөндөшүңүз керек. Эң муздак бөлүмдүн жогорку чеги чаптаманын төмөнкү жагы менен белгиленген (жебенин башы). Эң муздак бөлүмдүн жогорку текчеси жебенин башы менен бир деңгээлде болушу керек. Эң муздак бөлүм ушул деңгээлден ылдый жайгашкан.

Бул текчелер көп колдонулуп, улам чыгарылып тургандыктан улам, алар ар дайым чаптамаларда көрсөтүлгөн чекте жайгашканын текшерип туруңуз. Ушул учурда гана температуранын деңгээли туура сакталат. Азык-түлүктүн бардык түрлөрү белгилүү бир температурада сакталышы керек, андыктан аларды туура жайгаштыруу маанилүү. Бөлүмдөр Жогорку текчелер Эң муздак бөлүм Контейнер Эшиктеги текчелер

Азык-түлүк Бышкан тамак-аш, таттуулар жана тез желүүчү тамак-аштын түрлөрү Эт, тоок эти, балык азыктарынын эң көп сактоо мөөнөтү: 1– 2 күн. Жаңы жемиштер, бышкан чочко эти. Жаңы жашылчалар жана жемиштер. Эшиктин астынкы текчелеринде бөтөлкөлөрдү, ал эми үстүнкү текчелерине йогурт, каймак ж.б. сыяктуу аз өлчөмдөгү күнүмдүк азык-түлүктөрдү сактоо зарыл. Май, быштак жана жумуртка үчүн өзүнчө текчелер дайындалган.

ШАЙМАНДЫН ИЧИНЕ АЗЫКТАРДЫ БӨЛҮШТҮРҮҮ

Кадимки шарттарда иштеши үчүн, муздаткычыңыздын термостаттын температурасын “2-4” көрсөткүчүнө койсоңуз жетиштүү болот.

• Андан улам муздун жогорулашын болтурбоо үчүн, муздаткычка капкагы жабылбаган суюктуктарды салбаңыз. • Жылуу тамакты эч качан муздаткычка салбаңыз. Жылуу тамак бөлмө температурасында муздатылып, муздаткыч бөлүкчөсүндө кадимкидей аба айланылышын сактоо керек. • 1-2 күндүн ичинде керектеле турган эт менен тазаланган балыкты (таңгактарга салып же пакеттерге салып), муздаткыч бөлүмүнүн төмөнкү бөлүгүнө салыңыз. • Жашылча-жемиштерди контейнерге таңгактабай эле салып койсоңуз болот.

Маанилүү эскертүү: • Бышырылган азыктардын баарын муздаткычка салып жатканда үстүн жабыңыз. Алар муздаганда гана муздаткычка салыңыз, болбосо муздаткычтын ичиндеги температура/нымдуулук жогорулап, муздаткычтын иштөөсү татаалыраак болушу мүмкүн. Азыктар менен ичимдиктердин үстүн жапсаңыз, алардын даамы менен жыты бузулбайт. • Картошка, пияз жана сарымсак муздаткычта сакталбашы керек. • Азык, муздаткыч бөлүмүндө жайгашкан температура сенсоруна тийбегенин текшериңиз. Муздаткыч болүмүндө Температура сенсорунун оптималдык температураны сактоо үчүн, азык аймагы сенсорго тийбей турушу керек.

• Муздаткычыңыздын терең тоңдуруу бөлүмүн тоңдурулган азыкты узак мөөнөткө сактап жана муз тоңдуруу үчүн колдонулат. • Жаңы жана ысык тамактарды муздаткыч эшигинин текчелерине тоңдуруу үчун салбаңыз. Эшик текчелерин азыкты тоңдурулген азыктарды сактоо үчүн колдонуңуз. • Жаңы жана жылуу азыктарды тоңдурулган азыктардын жанына салбаңыз, себеби ал тоңгон азыкты эритип коюшу мүмкүн. • Тез тоңдуруу текчесин үйдө бышырылган азыктарды (жана башка тез тоңдурулушу керек болгон азыктарды) тезирээк тоңдуруу үчүн колдонуңуз, себеби анын тоңдуруу күчү абдан бийик. • Жаңы азыктарды тоңдуруп жатканда, (мис. эт, балык жана фарштарды) аларды бир жолкуга жеткидей порцияларга бөлүңүз. Жаңы азыктарлды тоңдуруп жатканда, 24 сааттын ичинде тоңдурула турган жаңы азыктын көлөмү (кг менен) шаймандын энбелгисинде көрсөтүлгөн. • Максималдык тоңдуруу натыйжалуулугуна жетүү үчүн шаймандын оптималдык өндүрүмдүүлүгүнө, термостат бурагычын эң муздак орнотууга жаңы азыкты тоңдургучка салганга 24 саат алдын ала орнотуңуз. • Жаңы азыкты тоңдургучка, термостат бурагычын эн муздак диапазонго 24 саат бою койгонуңуз жалпысынан жетиштүү болот. 24 сааттан кийин, эгер керек болсо, термостат бурагычын азайтып койсоңуз болот. • Көңүл буруңуз. Кубатты үнөмдөө үчүн, эгер сиз аз көлөмдөгү азыктарды тоңдурсаңыз, термостат бурагычын эң төмөн диапазонго орнотпой эле койсоңуз болот. • Тоңдурулган азыктарды сактоо үчүн, тоңдурулган азыктар таңгагындагы нускамаларды ар дайым кылдаттык менен жолдоо керек. Эгерде эч кандай маалымат берилбесе, азык сатып алынган күндөн тарта 3 айдан узак сакталбашы керек. • Тоңдурулган азыктарды сатып алып жатканда, алар тиешелүү температурада тоңдурулуп жана таңгактоосу бузулуп калбаганын текшериңиз. • Тондурулган азыкты атайын ага арналган контейнерле алып жүрүү шарт. Алардын сапатын сактап, тоңдуруу бөлүмүнө болушунча эрте салуу талап кылынат.

• Эгер тоңдурулган азыктын таңгагы нымдалып же анын ичи кызыктай тоңуп калган болсо, ал туура эмес шарттарда сакталып жана анын ичиндегилер бузулган болушу мүмкүн. • Тоңдурулган азыктардын сактоо мөөнөтү бөлмө температурасына, термостат орнотуусуна. эшик канчалык ачылып жэабылат, азыктын түрү жана продуктту дүкөндөн үйүңүзгө алып келген убакыттын талап кылынганына жараша айырмаланат. Таңгакта жазылган нускамаларды ар дайым жолдоп, максималдык сактоо мөөнөтүнөн көп сактабаңыз. Айрым моделдерде: тоңдуруу бөлүкчөсүнө азыктарды салып жатканда, атайын сызыктарынан жогору салбаганга аракет кылыңыз, болбосо эшик туура эмес жабылышы мүмкүн. Эгер тоңдургуч бөлүмү туура жабылбай калса, тоңдургуч бөлүмүндө муз пайда болушу мүмкүн. Көйгөйдүн пайда болуусунун алдын алуу үчүн, музду тазалап салып, эшик туура жабылганын текшериңиз. Ошондой эле, тоңдургуч жана/же муздаткыч бөлүмүн жакшы жаппай калсаңыз, ал кубаттын керектелишинн жогорулатышы мүмкүн. Эгер тоңдургуч эшигиндеги эң төмөнкү текче алып салынып жана азыктар абанын кирүүчү тешигин бөгөттөп калган болсо, бул муздаткычтын эффективдүүлүгүн азайтат. Ошондуктан, тоңдургуч бөлүгүнө азыктарды салып жатканда абайлап, аба чыгуучу тешиктерди жаппаңыз.

ТАЗАЛОО ЖАНА КАМ КӨРҮҮ • Муздаткычты тазалап баштаганга чейин розуткадан сууруңуз. • Муздаткычыңызды анын ичине суу куюп жуубаңыз. • Ички жана тышкы тараптарын жылуу жана самындуу сууда жумшак чүпөрөк же губка менен сүрүңүз. • Бөлүкчөлөрдү бир бирден алып чыгарып, самындуу сууда жууңуз. Идиш жууган машинада жуубаңыз. • Тазалап жатканда, суюлткуч, бензин же кычкылдык сыяктуу дүрт этүүчу, күйүүчү заттарды колдонбоңуз.Азыктарыңыздын муздатуу бөлүмүндө сактооңуз боюнча айрым сунуштоолор төмөндө көрсөтүлдү. Тоңдургуч бөлүмү

Муздаткычыңызды тазалап жатканда анын розеткадан Диод тилке лампалары суурулганын текшериңиз. LED Жарыгын алмаштыруу Эгер муздаткычыңыздагы жарык LED жарыгы болсо, жардам борборуна кайрылыңыз, себеби аны ыйгарым укуктуу кызматкер гана алмаштыра алат.

(a), (b), (c): Муздаткыч бөлүмүндөгү Диод тилке лампалары

Эскертүү: Диод жарыгынын бөлүкчөлөрү жана саны моделге жараша айырмаланып турушу мүмкүн. (a)

ТАШУУ ЖАНА БАШКА ЖЕРГЕ КӨЧҮРҮҮ • Түпнуска таңгакты жана көбүктү кайра башка жерге ташуу үчүн сактап койсоңуз болот (кааласаңыз). • Муздаткычыңызды калың таңгак, байлагычтар же күчтүү кабелдер менен катуу байлап, кайра башка черге ташуу үчүн таңгактагы ташуу нускамаларын жолдошуңуз керек. • Алып чыгарыла турган бөлүкчөлөрдү алып салып (текчелерди, аксессуарларды, жашылча кутуларын, ж.б.) же аларды муздаткычтын ичине таңгактар менен катуу байлап ташып жүргөндө же көчүргөндө алар сынып калбаганын ырастаңыз. Муздаткычыңызды ар дайым тик кармаңыз. Эшиктин ордун алмаштыруу •

Эгер кармагычтар эшиктин маңдайкы жагында орнотулган болсо, муздаткыч эшигинин ачуу багытын өзгөртүү мүмкүн эмес.

Эч кандай кармагычы болбогон моделдерде эшиктин ачуу багытын өзгөртүү болот.

Эгер муздаткычыңыздын эшикти ачуу багыты өзгөртүлө алса, сиз аны аткаруу үчүн эң жакын арада жайгашкан Ыйгарым укуктуу кызматка кайрылышыңыз керек.

САТУУДАН КИЙИНКИ ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТЫНА КАЙРЫЛГАНГА ЧЕЙИН Эскертүүлөрдү текшериңиз; Муздаткыч жана тоңдургуч бөлүмүндөгү температуралар ылайыксыз деңгээлдерде болгон учурда же көйгөй шайманда пайда болсо, муздаткычыңыз сизге эскертүү берет. Эскертүү коддору Тоңдургуч жана Муздаткыч индикаторлорунда көрсөтүлөт. КАТА ТҮРҮ

SR SR – тоңдургучка орнотулган маани экранында орнотулган маани күйүп өчөт

SR – муздаткычта орнотулган маани экранында орнотулган маани күйүп өчөт

“Бузулуу боюнча эскертүү”

Айрым бөлүкчө(лөр) жакшы иштебей жатата же муздатуу процессинде бир жерден ката кетти

Кызматты жардамга болушунча эрте чакырыңыз.

Тоңдургуч бөлүм. Талап кылынгандай муздак эмес

Бул эскертүү узак мөөнөттөгү кубат өчүк кезде көрүнөт

1. Эриген азыктарды кайрадан тоңдурбай туруп, эн кыска мөөнөттө колдонуңуз. 2. Тоңдургучту муздагыраак мааниге коюуп же бөлүм кадимкидей температурага кайтканча супер тоңдуруу баскычын басыңыз. 3. Бул ката жоюлмайынча жаңы азыктарды бөлүмгө салбаңыз.

“Муздаткыч бөлүмү. Талап кылгандай муздак эмес”

Муздатуу бөлүмүндөгү эң мыкты температура +4 oC. Эгер сиз бул эскертүүнү көрсөңүз, азыктарыңыз бузулуп калышы мүмкүн.

1. Муздаткычты муздагыраак мааниге коюуп же бөлүм кадимкидей температурага кайтканча супер муздатуу баскычын басыңыз. 2. Бул ката жоюлмайынча эшигин кайра кайрадан ача бербеңиз.

SR – муздаткыч менен тоңдургучта орнотулган маани экранында орнотулган маанилер күйүп өчөт

“Талап кылынгандай муздак эмес эскертүүсү”

Бул “талап кылынгандай муздак эмес” катасынын эки бөлүмгө тең айкалыштырылышы.

Сиз бул катаны, шайманды биринчи жолу иштетип баштаганда көрөсүз. Бөлүмдөр кадимки температурага жеткенде, ал өчөт

SR – муздаткычта орнотулган маани экранында орнотулган маани күйүп өчөт

Муздаткыч бөлүмү өтө муздак

Бөлүмдөгү температура өтө төмөн болгондуктан, азыктар тоңо баштайт

1. “Супер муздатуу режими” күйүп турганын текшериңиз 2. Муздаткыч маанилерин азайтыңыз

“Вольтаж талап кылынгандан төмөн эскертүүсү"

Кубат камсыздоосу 170 В төмөнкү деңгээлге тушүп калса, шайман күтүү позициясына өтөт.

Бул ката же бузулуу эмес. Бул компрессорго зыян келтирилишин болтурбайт. Бул эскертүү, вольтаж талап кылынган деңгээлге жеткенде, өчүп калат

Эгер муздаткычыңыз иштебей жатса эмне кылуу керек: Текшериңиз: • Муздаткычыңыз розеткага сайылып, күйгүзүлүп турат, • Предохранитель жайында жана электр кубаты өчүп калган жок, • Термостат орнотуусу “1” көрсөткүчүндө, • Розетка иштебей жатат. Муну текшерүү үчүн, муздаткычыңызды иштеп жаткан кубат булагына туташтырыңыз. Эгер муздаткычыңыз жакшы муздатпай жатса эмне кылуу керек: Текшериңиз: • Шайманыңызга өтө көп азык салдыңызбы, • Эшиги жакшы эле жабылып турабы, • Конденсатордо чаң жокпу, • Шаймандын арткы жана капталкы жактарында абанын айланышы үчун жетиштүү орун барбы. Эгер муздаткычыңыз өтө катуу иштеп жатса: Кадимкидей үндөр Кытыраган (музду сындыргандай) үн: • Автоматтык түрдө эритип жатканда пайда болот. • Шайман муздатылып же жылытылып жатканда (шаймандын материалынын бөлүштүрулүшүндө). Кыска кытыратуу: Бул термостат күйүп/өчкөндө угулат. Компрессордун үнү : • Кадимкидей мотор үнү: Бул үн, компрессор кадимки режимде иштеп жатканын билдирип, ал иштетилгенде, • Компрессор кыска убакта катуураак үн чыгарышы мүмкүн. Көбүк чыккандай үн менен коштошкон чачыраган үн: Бул үн, муздаткыч агентинин тутумдагы түтүкчөлөргө куюлуп жаткандагы үн. Суу агып жаткан үн: Эритүү убагында суунун агып келген контейнерге агып түшкөнүн көрсөткөн үн. Бул үн эритип жатканда угулушу мүмкүн. Абанын уруп жаткан үнү (Кадимки желдеткичтин үнү): Бул үн муздаткыч системасынындагы аба циркуляциясынын кадимки иштеп жаткан убагында угулушу мүмкүн. Эгер муздаткычтын ичинде нымдуулук пайда болсо; • Бардык азыктар жакшы таңгакталды беле? Муздаткычка салганга чейин бардык контейнерлер кургатылды беле? • Муздаткычтын эшиктери кайра ачылып жабылдыбы? Эшик ачылып жабылганда бөлмөнүн нымдуулугу анын ичине кирет. Эшикти кайра ача берсе, айрыкча бөлмөнүн нымдуулугу жогору болсо, нымдуулук тез жогорулайт.

Автоматтык түрдо эриткенден кийин арткы дубалда суу тамчыларынын пайда болушу адаттагыдай көрүнүш. (Статикалык моделдерде)

Эгер эшиктер ачылып анан жакшы жабылбай калса; • Азык таңгактары эшиктин жабылышына тоскоол жаратып жатабы? • Эшик бөлүкчөлөрү, текчелери жана тарткычтары туура жайгашканбы? • Эшиктин прокладкалары сынып же айрылып калганбы? • Муздаткычыңыз туруктуу түздүктө турабы? Эгер муздаткычтын эшигинин кырлары жылуулукка жакын болсо; Өзгөчө жайкысын (ысык аба), байланышкан түздүктөр компрессордун иштеп жаткан убагында жылуураак болуп калышы мүмкүн. Бул кадимки көрүнүш. МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР: • Эгер шайманыңыз өчүрүлүп же сайылган эмес болсо, компрессорго зыян келтирилбеши үчүн аны сайганга чейин же кайрадан иштеткенге чейин эң аз 5 мүнөт күтө туруңуз. • Эгер шайман көп убакыт бою колдонулган эмес болсо (мисалы отпуск убагында) муздаткычты эритип, аны тазалап, андан соң жагымсыз жыт пайда болбошу үчүн эшигин ачык калтырыңыз. • Эгер жогорудагы нускамаларды жолдосоңуз деле көйгөй чечилбесе, жакын арада жайгашкан ыйгарым укуктуу кызматына кайрылыңыз. • Сиз сатып алган шайман үйдө колдонуу үчүн гана арналып, ал үйдө жана көрсөтүлгөн максаттарда гана колдонула алат. Бул коммерциялык же жалпы колдонуу үчүн ылайыксыз. Эгер колдонуучу шайманды бул өзгөчөлүктөргө дал келбеген ыкмада колдонсо, анда өндүрүүчү жана сатуучу кепилдик мөөнөтүндө кандайдыр бир бузулуу же оңдоо үчүн жоопкерчиликтен баш тартат. • Өндүрүштүк департаменти тарабынан шайманыңыздын жарыяланган жарактуу мөөнөтү 10 жыл (шаймандын иштөө болүкчөлөрүнүн туура иштешине талап кылынган мөөнөт).

Кубатты үнөмдөө кеңештери

1. Шайманды муздак, жакшы желдетилген бөлмөдө, бирок күндүн түз тийген нурларынан жана ысык булактарынан (батарея, плита...ж.б. ) алыс орнотулушу керек. Башка жагдайда, изоляциялоочу тактаны колдонуңуз. 2. Жылуу тамак жана ичимдиктерди муздаткыч же тоңдургуч бөлүмүнө салаардан мурда, аларды муздатыш керек. 3. Тоӊдурулган тамак-аш эригенде, аларды муздаткыч бөлүмүнө салыӊыз. Тоңдурулган азыктын төмөн температурасы муздатуу бөлүмүн муздатууга жардам берип, ошол эле убакта ал талап кылынган кубатты азайтып, озу да эрий берет. Ошондуктан, ал кубат талаптарын азайтат. 4. Ичимдиктерди жана суусундуктарды шайманга салганда, алардын үстү жабылганын текшериңиз. Тескери жагдайда, шаймандын ичиндеги нымдуулук жогорулап,. аларды муздатуу үчүн кеткен убакыт узартылышы мүмкүн. Ошондой эле ичимдиктерди жана суюктуктардын үстүн жабуу алардын жыты менен даамын жакшы сактайт. 5. Шайманга тамак жана ичимдиктерди салганыңызда, анын эшигин болушунча тез ачып, жапканга аракет кылыңыз. 6. Шаймандагы ар башка температура талаптарындагы бардык бөлүктөрдүн капкактарын жабык кармаңыз (контейнер, салкындаткыч,...ж.б. ). 7. Эшиктин прокладкасы таза жана ийкемдүү болгонун текшериниз. Эгер прокладкалар айрылып калса, аны алмаштыруу керек.

Бул шаймандын бөлүкчөлөру тууралуу гана жалпы маалымат. Бөлүкчөлөр моделге жараша айырмаланышы мүмкүн. A. МУЗДАТКЫЧ БӨЛҮМҮ B. ТОҢДУРГУЧ БӨЛҮМҮ 1. 2. 3. 4. 5. 6. 7. 8.

Тоңдургуч эшигинин текчелери Тоңдургуч текчелери Муз жасагыч * Муз жасагыч кутусу* Тоңдургуч бөлүмүнүн текчелери Бөтөлкө текчеси/ Шарап текчеси * Иондоштургуч * Салкындаткыч текчеси *

9. 10. 11. 12. 13. 14. 15.

Контейнердин үстүндөгү айнек текче Контейнер Түздөтүүчү буттар Бөтөлкө текчеси Жөндөлүүчү эшик текчеси * Эшиктин текчелери Жумуртка салгыч * Айрым моделдерде