Saeco Xelsis Deluxe SM8785 - Кофе машинасы PHILIPS - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз Saeco Xelsis Deluxe SM8785 PHILIPS PDF форматында.
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз Кофе машинасы PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз Saeco Xelsis Deluxe SM8785 - PHILIPS жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. Saeco Xelsis Deluxe SM8785 бренддин PHILIPS.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ Saeco Xelsis Deluxe SM8785 PHILIPS
A3 Чөйчөктөр үчүн такта A4 Башкаруу панели A5 Кабелдик розетка A6 Электр которгуч A7 Тамчылардын астына табак A8 Тамчылардын табагын бошотуу сабы A9 HygieSteam контейнер A10 HygieSteam сүт түтүгүн кармагычы менен
A11 Бийиктиги жөндөлүүчү кофе жана сүт куючу чорго A12 Ички капучинатор A13 Сайгычы менен кубат кабели A14 Тартуу деңгээлин коюучу томпок (көбүрөөк билүү үчүн, www.saeco.com/care сайтына баш багыңыз) A15 Кофе дандары үчүн контейнер A16 Тейлөө эшиги A17 Кофе куйгучу A18 Кофе калдыктардын тартмасы A19 Бышыруу тобу (көбүрөөк билүү үчүн, www.saeco.com/care сайтына баш багыңыз) A20 Тартылган кофе үчүн контейнер A21 Суу идиши A22 Суу челегинин капкагы A23 «Тамчылардын астына табак толду»
A24 Тамчылардын астына табактын капкагы Кошумча жабдуулар A25 Сүт контейнери A26 Сүт түтүгү A27 Тазалоочу щётка A28 Майлоочу түтүк A29 AquaClean чыпкасы A30 Өлчөөчү кашык A31 Суунун катуулугун текшерүү тилкеси640
Башкаруу панели Бул эспрессо машиненин эки нускасы бар. Алардын башкаруу панелдеринин көрүнүшү айырмаланса да, бардык сүрөтчөлөрдүн иштегени бирдей. Бардык сүрөтчөлөрдү карап чыгуу үчүн В жана C сүрөттөргө кайрылыңыз. Төмөндө сүрөттөмөлөрдү таба аласыз. B1 Өчүрүү сүрөтчөсү C1 Күйгүзүү/өчүрүү сүрөтчөсү B2/C2 Суусундуктар B3/C3 Суусундуктардын менюсу B4/C4 Жеке профилдер B5/C5 Дандар B6/C6 Машина орнотуулары B7/C7 Абал менюсу B8/C8 Дүкөн B9/C9 Баштоо/токтотуу сүрөтчөсү
Saeco толугу менен автоматтык кофе машинасын сатып алганыңыз менен куттуктайбыз! Saeco сунуш кылган онлайн колдоодон толук пайда алуу үчүн, башкаруу панелин колдонуп, кыналган Wi-Fi тармагына туташуу аркылуу машинаңызды каттасаңыз болот же www.saeco.com/MyCoffeeMachine сайтына өтүп, өнүмүңүздү ошол жерден каттаңыз. Кофемашинаны биринчи колдонуудан мурун бул нускама менен көңүл коюп таанышыңыз жана аны сактап коюңуз. Saeco толук автоматтык кофе машинаңыз кофе жасоо тажрыйбаңызды жакшыртуу үчүн Wi-Fi тармагыңызга туташууга мүмкүндүк берет. Машинаңызды Wi-Fi тармагыңызга туташтыруу менен, төмөнкүлөрдү аткара аласыз:
машинаны үйрөнүү боюнча жекелештирген сунуштоолорду алуу
колдонуучу катары тажрыйбаңызды өстүрүү үчүн программалык жабдуунун улам жаңыртууларына
эгер өлкөңүздө бар болсо, дүкөн иш-милдетине жарамдуулугунан пайдаланыңыз
эгер андай тандоо өлкөңүздө байкалса, кошумча жабдууларды толуктоо үчүн машинаңызды Amazon аккаунтуңузга шилтелесе болот
эгер өлкөңүздө байкалса, үн менен башкарууну колдонуу үчүн Alexa’ны камтыган үй түзмөгүңүзгө
Эскертме: Бул машина кофе салынып, сыналган. Ал кылдаттык менен тазаланган болсо да, анын ичинде кофе калдыктары калышы мүмкүн. Бирок, машина таптакыр жаңы болгонуна кепилдик
Алдыңызда Xelsis SUPREMA (SM8885, SM8889 гана) машинаңыз болсо, аны күйгүзүңүз Машинаны анын аркасындагы электр которгучун басып, күйгүзүңүз. Башкаруу панелинин ортосуна колуңузду тийгизгенде, экранда «күйгүзүү» сүрөтчөсү пайда болот. «Күйгүзүү» сүрөтчөсүн басып, башкаруу панелиндеги көрсөтмөлөрдү кадам боюнча аткарыңыз. Машинаны бирини орнотконуңузда туташтырып, жаңыртып алыңыз жана колго жаңыртуулар үчүн улам текшериңиз.641
Алыдыңызда Xelsis DELUXE (SM8780, SM8782, SM8785 гана) машинаңыз болсо, аны күйгүзүңүз Машинаны анын аркасындагы электр которгучун басып, күйгүзүңүз. «Күйгүзүү» сүрөтчөсүн басып, башкаруу панелиндеги көрсөтмөлөрдү кадам боюнча аткарыңыз. Машинаны бирини орнотконуңузда туташтырып, жаңыртып алыңыз жана колго жаңыртуулар үчүн улам текшериңиз. Wi-Fi тармагына туташуу Кофе машинаңызды жыштыгы 2,4 ГГц 802.11 b/g/n үй Wi-Fi тармагына туташтырыңыз. Кофе машинаңызды Wi-Fi үй тармагына туташтыруусу сизге өстүрүлгөн колдонуучу тажрыйбасын
Кофе машина жана Wi-Fi маршрутизатор бири-бирин көргөн аралыгында экенин текшериңиз. Кофе машинаңызды Wi-Fi тармагына туташтыруу үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыңыз. 1 Орнотуулар сүрөтчөсүн басып, Wi-Fi сүрөтчөсүн табуу үчүн солдон оңго сүртүңүз. 2 Wi-Fi сүрөтчөсүн таптаңыз. 3 Кофе машинаңызды Wi-Fi тармагына туташтыруу үчүн экранда көрсөтүлгөн кадамдарды
Эми сиз туташтырылган бойдон тажрыйбаңызды баштай аласыз. Машина үн башкаруусу аркылуу күйгүзүлүп жана өчүрүлгөндө жана ошондой эле ал бир аз убакыт бою иштебей туруп, өчкөндө автоматтык түрдө чайкоо циклин аткарат. Машинанын айлана-чөйрөсү коопсуз экендигин текшериңиз. Атайын иш-милдеттер
BeanMaestro менен сизге кофе түрүн жана дандарды бышыруу деңгээлин тандоого мүмкүн болот. Андан кийин ал жасоо орнотууларын автоматтуу түрдө сиздин кофе дандарынын маңызын чыгарууга, ылайыкташтырат.642
HygieSteam иш-милдети сүт системасын автоматтуу түрдө тазалап, микроорганизмдерди жок кылат: аны капучино же башка сүт кошулган суусундуктардан кийин колдонуңуз. Биздин далайга чыдаган тартуучу четтен чыккан катуулук жана тактыкты камсыздоого 100% керамикадан жасалган. Ал сиздин даамыңыз боюнча 12 кадам ичинен туура деңгээлине жөндөлөнөт. Тейлөө Алеттактасы сизди пайдалуу сереп менен камсыздайт жана сууңуздун деңгээли же AquaClean азайып бараткандыгы сыяктуу нерселердин абалы жөнүндө билдирет. Суусундуктарды даярдоо Жалпы кадамдар Суусундукту даярдоо үчүн, бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо керек. 1 Суу идишин чорго аркылуу суу менен толтуруңуз жана дандар үчүн контейнерди данга толтуруңуз. 2 Бир же эки чөйчөктү бийиктиги жөндөлүүчү куючу чоргонун астына коюңуз. Сиз колдонуп жаткан чөйчөктүн же стакандын өлчөмүнө жараша бийиктикти тууралоо үчүн куючу чоргону өйдө же ылдый жылдырыңыз. 3 «Суусундуктар» менюсуна кирүү үчүн Суусундуктар сүрөтчөсүн басыңыз. Аны таптоо менен суусундугуңузду тандоо үчүн солдон оңго сүртүңүз.
Эерде эки чөйчөк кофе бышыргыңыз келсе, «2x» сүрөтчөсүн басыңыз. Машина тандап алынган тартуунун эки циклин автоматтык түрдө аткарат. «2x» сүрөтчөсү бардык суусундуктар үчүн байкалбайт. 4 Суусундукту тандагандан кийин, жөндөөлүүчү тилкелерин өйдө жана ылдый сүртүү аркылуу орнотууларды өз артык көрүүңүз боюнча тууралай аласыз. 5 Тандалган суусундукту кайнатып баштоо үчүн баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн басыңыз. Катуу отко бышырылган же татымал аралашкан кофе дандарын колдонбоңуз. Тартууну орноткон томпокту акырындап бура баштаңыз, жана кофенин 5 чөйчөгүн кайнатып бышыргандан кийин сиз айырмасын билип каласыз.643
Суусундуктун параметрлери боюнча колдоо Суусундуктун өзгөчө параметри жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн, жөндөлөнүүчү тилкени басып, 3 секунддай кармап туруңуз. Сүт кошулган суусундуктарды даярдоо Сүт кошулган суусундуктарды жасоо үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды аткарышыңыз керек. 1 Суу идишин чорго аркылуу суу менен толтуруңуз жана дандар үчүн контейнерди данга толтуруңуз. Кеңеш: Капучинаторго толук туташтырылган ийкемдүү сүт түтүгү менен кофе куючу түтүктү, суу идишине оңой күч жеткидей кылууга, эң бийик турагына жылдырыңыз. 2 Сүткө арналган контейнердин капкагын бурап ачып, жана анын ичин сүт менен толтуруңуз. Ылайыктуу натыйжаларды алуу үчүн дайыма муздаткычтан алынган сүттү колдонуңуз. 3 Ийкемдүү сүт түтүгүн капучинаторго туташтырыңыз. 4 Металл сүт түтүгүн контейнерге салыңыз. 5 Суусундуктар сүрөтчөсүн таптап, айландырып, ылгооңузга жараша сүт кошулган суусундук сүрөтчөсүн тандаңыз. 6 Жөндөлүүчү тилкелерин өйдө жана ылдый сүртүү менен орнотууларды артык көргөндөй тууралай
7 Тандалган суусундукту кайнатып баштоо үчүн каалаган убакта баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн
Өзгөчө суусундуктар үчүн машина адегенде сүттү, анан кофени куят. Башка суусундуктардын катары үчүн тескерисинче, машина адегенде кофени, анан сүттү куят.
Машина алдын ала белгиленген көлөмдөгү сүттү бергичекте, берүүсүн токтотуу үчүн баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн (SM8780, SM8782, SM8785 гана) же токтотуу (SM8885, SM8889 гана) сүрөтчөсүн басыңыз.
Машина ишин аяктаганга чейин даяр суусундукту (сүт менен кофе) куюуну токтотууга баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн (SM8780, SM8782, SM8785 гана) же токтотуу (SM8885, SM8889 гана) сүрөтчөсүн басыңыз. Сүттү куйгандан кийин, дароо «HygieSteam Shot» аткарылат. Машина аны тез чайкаш үчүн ички сүт тутуму аркылуу бууну атып чыгарат. Сүт түтүгүнүн металл бөлүгү ысып кетиши мүмкүн. Күйүк алуу коркунучунан качууга, ысыгы тараганга чейин ага тийбеңиз.644
Кеңеш: Сиз сүт кошулган суусундуктарды даярдоо үчүн кадимки сүт пакетин да колдонсоңуз болот. Металл сүт түтүгүн түз сүт пакетине салыңыз. Майдалаган кофеден суусундук даярдоо Алдын ала тартылган кофеден кофе бышыруу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо керек. 1 Алдын ала тартылган кофе бөлүгүнүн капкагын ачып, анын ичине ченелген бир кашын тартылган кофеден салыңыз. Андан кийин капкакты жабыңыз. 2 Суусундуктар сүрөтчөсүн таптап, солдон оңго сүртүп суусундугуңузду тандаңыз. 3 Алдын ала тартылган кофе сүрөтчөсүн таптаңыз. 4 Жөндөлүүчү тилкелерин өйдө жана ылдый сүртүү менен орнотууларды артык көргөндөй тууралай
5 Тандалган суусундукту кайнатып баштоо үчүн баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн басыңыз. Эгер алдын ала тартылган кофени тандасаңыз, кофенин күчүн тууралай албайсыз же бир эле учурда бирден ашык суусундукту даярдай албайсыз. Ысык сууну куюу 1 Ички капучинатор машинага туура бекитилгенин текшериңиз (1-сүрөт). 2 Чөйчөктү чоргонун астына коюңуз. 3 «Ысык Суу» баскычын бысыңыз (2-сүрөт). 4 Ысык суунун көлөмүн же температурасын артык көргөндөй тууралоо үчүн жөндөлөнүүчү тилкелерди өйдө жана ылдый жылдырыңыз (3-сүрөт). 5 Баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн басыңыз. 6 Машина ишин аяктагыча, ысык сууну куюуну токтотуу үчүн баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн кайрадан (SM8780, SM8782, SM8785 гана) же токтотуу (SM8885, SM8889 гана) сүрөтчөсүн кайрадан
Жекелештирүү Машина суусундуктун жөндөөлөрүн артык көргөндөй тууралоого жана туураланган суусундукту жеке профилде сактоого мүмкүндүк берет. Сиз өзүңүздүн жеке сүрөтчөңүздү жана жеке профилиңиздин атын ылгай аласыз. BeanMaestro иш-милдети менен дандарыңыздын маңызын чыгара аласыз BeanMaestro менен сизге кофе түрүн жана дандарды бышыруу деңгээлин тандоого мүмкүн болот. Андан кийин ал жасоо орнотууларын автоматтуу түрдө сиздин кофе дандарынын маңызын чыгарууга, ылайыкташтырат. 1 Негизги менюдеги Дандар сүрөтчөсүн таптаңыз (4-сүрөт).645
2 BeanMaestro иш-милдетин таптаңыз (5-сүрөт). 3 Дандарынын түрүн тандаңыз. Сиз Арабика жана Робуста аралашмалар ортосунан ылгай аласыз. 4 Дандарыңыздын бышыруу деңгээлин тандаңыз. 5 Бышыруу орнотуулар автоматтуу түрдө ылайыкташтырылат. 6 Эмки кофеңиздин ырахатын алыңыз. CoffeeMaestro менен ишти тездетүү Машинаңыз CoffeeMaestro иш-милдети менен бардык орнотууларды бирден жөндөөнүн ордуна даам профилдерин тандоого мүмкүндүк берет. Сизге Delicato, Intenso жана Forte ичинен ылгаса болот. CoffeeMaestro даам профилин тандоого: 1 Сиздин ылгооңуз боюнча суусундук сүрөтчөсүн таптаңыз (6-сүрөт). 2 CoffeeMaestro сүрөтчөсүн бир нече жолу кайталап таптаңыз (7-сүрөт).
Суусундуктун негизги орнотуулары эми жарашып жөндөлөндү. 3 Суусундукту кайнатып баштоо үчүн баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн басыңыз. CoffeeEqualizer Touch+ иш-милдети менен суусундугуңузду жекелештириңиз. Суусундукту тандагандан кийин CoffeeEqualizer Touch
иш-милдети автоматтык түрдө жанга кирип, ичимдиктин орнотууларын тууралоого мүмкүндүк берет. Жардам функциясын жанга киргизүү жана кошумча маалымат алуу үчүн дисплейдеги ар бир нерсени көпкө басып туруңуз. CoffeeEqualizer Touch
иш-милдети менен төмөнкү орнотууларды тууралай аласыз: 1 Жыпар жыттын күчтүлүүгү 2 Кофенин көлөмү 3 Сүттүн көлөмү 4 Суунун көлөмү 5 Суусундуктун температурасы 6 Көбүктүн көлөмү 7 Кофе даамы 8 Сиз ошондой эле 1 же 2 чөйчөк кофе даярдай аласыз 9 Биринчи кофе же сүттү куюу ирети Эскертме: Бул сиз ылгаган суусундуктун кайсы орнотууларын жөндөлөнгөнүңүздөн болот. Сүйүктүү суусундуктарыңызды профилде сактаңыз Машина суусундуктун жөндөөлөрүн артык көргөндөй тууралоого жана туураланган суусундукту жеке профилде сактоого мүмкүндүк берет. Сиз профилди тандап, профилдерди колдонуп аш даярдоо ыкмасын сактай аласыз. Профиль сүрөтчөсүн колдонуп, профиль жасоого жана суусундукту кошууга болот. 1 Негизги менюдагы профилдин сүрөтчөсүн таптаңыз (8-сүрөт). 2 Плюс сүрөтчөсүн таптаңыз (9-сүрөт). 3 Атыңызды киргизип, сүйүктүү сүрөтчөңүздү тандаңыз. 4 Суусундукту кошууга убак келди. Сиздин ылгооңуз боюнча суусундук сүрөтчөсүн таптаңыз. 5 CoffeeEqualizer Touch
же CoffeeMaestro иш-милдети аркылуу суусундукту жекелештириңиз. 6 Аны жеке профилиңизге сактоо үчүн «Профилге сактоо» сүрөтчөсүн басыңыз (10-сүрөт). Кошумча атым (ExtraShot) Машинаңыз сизге кофе жана сүт суусундуктарыңызга Ristretto’нун ашыкча атымын кошуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт, мисалы, ичкен кофеңизди күчтүүрөөк болууну кааласаңыз. 1 Чөйчөктү чоргонун астына коюңуз. 2 Суусундук тандоого бир тийме суусундук сүрөтчөлөрүнүн бирин басыңыз (6-сүрөт). 3 Эң жогорку деңгээликтеги күчтүүлүктү коюуга жөндөлүүчү тилкени өйдө жылдырып, ExtraShot иш- милдетти тандаңыз (11-сүрөт). 4 Анан баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн (SM8780, SM8782, SM8785 гана) же баштоо (SM8885, SM8889 гана) сүрөтчөсүн суусундукту бышырууну баштоого басыңыз.646
5 Машина ишин аяктагыча, суусундукту куюуну токтотуу үчүн баштоо/токтотуу сүрөтчөсүн кайрадан (SM8780, SM8782, SM8785 гана) же токтотуу (SM8885, SM8889 гана) сүрөтчөсүн кайрадан
ExtraShot иш-милдетин тандаган учурда, бир убакытта бир гана кофе даярдоого болот. Ашыкча атым иш-милдети бардык суусундуктар үчүн байкалбайт. Кофемашинанын параметрлерин жөндөө Машинанын орнотууларын көбүн Орнотуулар сүрөтчөсүн басып, экрандагы кадамдары менен болуп, туураласа болот. Онлайн режиминде колдоо алуу үчүн (көп берилчү суроолор, тасмалар жана башка нерселер) китепченин мукабасындагы QR кодду скандап же www.saeco.com/care сайтына баш багыңыз. Суунун катуулугун коюу Машинанын ылайыктуу иштөө ыгы жана жашоо мөөнөтүн узартуу үчүн суунун катуулук орнотуусун жайыңыздагы катуулук деңгээлине коюуну сунуштайбыз. Мындай чара машинаңызды улам кебээрден тазалап турууну артыкбаш кылат. Суунун катуулугунун айласыз орнотуусу 4кө коюулат: катуу суу. Жайыңыздагы суунун катуулугун аныктоо үчүн кутудагы суунун катуулугу боюнча сынак тилкесин колдонуңуз. 1 Суунун катуулугу боюнча сынак тилкесин суу түтүктөн аккан сууга салып, же болбосо чоргонун астына секунд кармаңыз (12-сүрөт). 2 1 мүнөт күтүңүз. Сынак тилкесинде кызыл түскө өзгөргөн чарчылардын саны суунун катуулугун көрсөтөт (13-сүрөт). Машинаны суунун туура катуулугуна коюңуз: 1 Орнотуулар сүрөтчөсүн басып, «Суу катуулугун» тандоого солдон оңго айлантыңыз. 2 Суу катуулугунун деңгээлин тандаңыз. Дисплейде тандалган кызыл чарчылардын саны сынак тилкесиндеги кызыл чарчылардын санына дал келиши керек (14-сүрөт). 3 Суунун катуулугун туура койгондон кийин, аны ырастоого ырастоо сүрөтчөсүн басыңыз. Тартуу орнотуусун тууралоо Кофенин күчтүүлүгүн кофе контейнеринин ичиндеги тартууну коюу томпогу менен өзгөртө аласыз. Тартууну канчалык төмөн койсоңор, кофе дандары майда тартылып, кофе ошончолук күчтүү болот. Сизге арасынан ылгоого болгон 12 түрдүү тартуу орнотуулары бар. Кофемашинаны алдын ала тууралоо кофе данынан мыкты суусундукту алууну камсыздайт. Ошондуктан биз 100-150 чыны кофе даярдамайынча (болжол менен 1 ай колдонуу) кофе майдалагычты жөндөөнү сунуштайбыз. Даамдардын ортосунан айырмасын толук баамдоо үчүн 2-3 суусундукту даярдашыңыз керек. Кофе тартуусун койгон томпогун, тартуучунун бузулуусун алдын алыш үчүн, бир убакта бир кадамдан ашык бурбаңыз. 1 Негизги менюдеги Дандар сүрөтчөсүн таптаңыз. 2 «Тартуучу» баскычын басыңыз. 3 Кантип жасай аласыз тууралуу видео көрүңүз. Заводдук орнотууларын калыбына келтирүү Машина заводдук орнотууларына каалаган убакта калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.647
1 Орнотуулар сүрөтчөсүн басыңыз. 2 «Заводдук орнотууларды» тандоо үчүн солдон оңго айлантыңыз. Ырастоо сүрөтчөсүн басып
Орнотуулар эми калыбына келтирилди. Төмөнкү заводдук орнотуулар айласыз калыбына келтирилет: суунун катуулугу, күтүү убактысы, дисплей жарыктыгы, добуш, алдыңкы шамдал, профилдер, суу идиштин жарыгы, ченем/бирдиктер, үй экранынын орнотуулары, BeanMaestro артык көрүүлөрү, Wi-Fi ишеним берүүлөрү, программаны жаңыртуу артык көрүүлөрү, Saeco ишеним берүүлөрү, Amazon ишеним берүүлөрү. AquaClean сууну тазалоо үчүн чыпка Машинаңызда AquaClean ишке киргизилген. Сизге AquaClean cуу чыпкасын суу идишине кофеңиздин даамы бузбаш үчүн койсо болот. Мунусу машинаңыздагы акиташтуу кебээрди көбөйтпөй кебээрден арылуу муктаждыгын азайтат. Сизге AquaClean суу чыпкагын жергиликтүү же онлайн чекене сатуучудан же болбосо жактырылган тейлөө борборлорунан сатып алса болот. AquaClean чыпкасынын абалын көрсөткүч AquaClean чыпкагынын абалын дайыма «Абал» менюсунда пайыз катары дайыма көрүнөө болот.
Эгер AquaClean чыпкасынын статусу 10% же андан аз болсо, машинаны күйгүзгөн сайын экранда кабар 2 секунддай көрүнөт. Бул кабарда жаңы чыпка сатып алуу сунушталат.
Эгер чыпканын статусу 0% болсо, машинаны күйгүзгөн сайын машина AquaClean чыпкасын алмаштырууну суранат. AquaClean суу чыпкасын жанга киргизүү (5 мүнөт). Машина суу идишине чыпка коюлганын автоматтык түрдө ачып табалбайт. Андыктан орнотулган ар бир жаңы AquaClean суу чыпкасын «Абал» менюсунан жанга киргизүү керек. Чыпканы жанга киргизүү тууралуу кабарды көрсөтпөгөн машина менен, адегенде машинаны кебээрден тазалап, дале AquaClean суу чыпкасын жанга киргизсе болот. AquaClean суу чыпкасын колдонуудан мурун машинаңыз толугу менен кебээрден тазаланган болушу керек. AquaClean суу чыпкасын жанга киргизүүдөн мурун, аны төмөндө сүрөттөлгөндөй сууга чылап, даярдаш керек. Антпесеңиз, машинанын ичине суу эмес, аба кирип, ызылдаган дабыш чыгып, жана машинаны кофе бышырышына тоскоол болушу мүмкүн. 1 «Абал» сүрөтчөсүн таптап, солдон оңго айлантып «AquaClean» тандаңыз. 2 Жанга киргизүү экраны пайда болгондо, ырастоо сүрөтчөсүн кайрадан басыңыз. Экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. AquaClean суу чыпкасын алмаштыруу (5 мүнөт). Чыпкадан 95 литр суу өткөндөн кийин чыпка иштебей калат. Чыпканы алмаштыруу убагы AquaClean статусунун индикатору 0% чейин түшкөндө келет. Эгерде AquaClean суу чыпкасын убагында алмаштырбасаңыз, кебээрден тазалангандан машина менен чыпканы дале болсо алмаштыра аласыз. AquaClean статус индикатору 0% түшкөндө же машина AquaClean чыпкасын алмаштырууну эстеткенде: 1 AquaClean суу чыпкасын чыгарыңыз. 2 жаңы чыпканы орнотуп, аны «AquaClean суу чыпкасын жанга киргизүү (5 мүнөт)» бөлүмүндө сүрөттөлгөндөй жанга киргизиңиз.648
Машинада алмаштыруу керек экенин көрсөтпөсө да, AquaClean суу чыпкасын кеминде 3 ай сайын алмаштырып туруңуз. Кайнатуу тобун алып салуу жана орнотуу Экрандагы «Абал» менюсуна барып, «Бышыруу тобун тазалоо» тандаңыз же бышыруу тобун кандайча кылып алып чыгарууга, ордуна коюуга жана тазалоого болсун тууралуу www.saeco.com/care жактагы өзгөчөлөткөн видео көрсөтмөлөрү үчүн баш багыңыз. Машинадан бышыруу тобун чыгарып салуу 1 Тейлөө эшигин ачыңыз (15-сүрөт). 2 Кофе калдыктары үчүн тартманы алып чыгарыңыз (16-сүрөт). 3 PUSH баскычын (17-сүрөт) басып, аны машинадан чыгаруу үчүн бышыруу тобунун кармагычынан тартыңыз (18-сүрөт). Бышыруу тобун кайрадан ордуна коюу Бышыруу тобун кайра машинанын ичине киргизүүдөн мурда, ал туура абалда экенин текшериңиз. 1 Бышыруу тобунун бир жагындагы сары цилиндринин жебеси кара жебе жана N менен тегизделгенин текшериңиз (19-сүрөт).
Алар тегизделбеген болсо, калтекти ал бышыруу тобунун негизи менен тийгизилгенге чейин, ылдый түшүрүңүз (20-сүрөт). 2 Бышыруу топтомунун башка жактагы сары кулпулоочу илмек туура туракка келтирилгенин текшериңиз.
Илмекти туура туракка келтирүүгө, аны эң эле бийик туракка чейин жеткигизип, өйдө көтөрүңүз (21-сүрөт). 3 Машинанын ичине бышыруу топту кайрадан эки жактагы (22-сүрөт) тең багыттоочу нуктар боюнча чык деген үн чыкмайынча, жылдырыңыз (23-сүрөт). PUSH баскычын баспаңыз. 4 Кофе калдыктарынын тартмасын ордуна коюп, тейлөө эшигин жабыңыз. Тазалоо жана тейлөө Машинаңыз сизге тазалоо жана тейлөө жүргүзүүнү аткаруу керектигин эске салат. Улам тазалоо жана тейлөөдө машинаңыз мыкты абалда сакталып, көпкө чейин бир калыпта аккан даамдуу кофе менен камсыз кылат. Машинанын чечилме бөлүктөрүнүн баарын качан жана кантип тазалоо тууралуу өзгөчөлөткөн сүрөттөөнү алуу үчүн төмөндөгү жадыбалды караңыз. Дагы өзгөчөлөткөн маалыматты жана видео көрсөтмөлөрдү www.saeco.com/care сайтынан табасыз. C сүрөтүндө идиш жуугуч машинеде кайсы бөлүктөрүн жууганга болору көрсөтүлгөн. Пункт Качан тазалоо керек Башкаруу панелинен кантип тапса
АБАЛ->ТАЗАЛОО->AQUACLEAN. AquaClean чыпкасын жанга киргизүү үчүн төмөнкү кадамдарды жасаңыз.649
Пункт Качан тазалоо керек Башкаруу панелинен кантип тапса
Эмне кылуу керек Машина суу идишине чыпка коюлганын автоматтык түрдө ачып табалбайт. Андыктан «Абал» менюсуна орнотулган ар бир жаңы AquaClean чыпкасын жанга киргизүү керек. AquaClean чыпкасын колдонуудан мурун машинаңыз толугу менен кебээрден тазаланган болушу
AquaClean чыпкасын кеминде 3 ай сайын алмаштырып туруңуз, машина алмаштыруу керек экенин билдире элек болсо да. Бышыруу тобу Апта сайын АБАЛ -> ИШТӨӨ ЫГЫ ->БЫШЫРУУ ТОБУН ТАЗАЛОО. Бышыруу тобун алып чыгаруу жана тазалоо үчүн кадамдар менен болуңуз. Бышыруу тобун кайра машинанын ичине киргизүүдөн мурда, ал туура абалда экенин текшериңиз. Бышыруу тобунун бир жагындагы сары цилиндринин жебеси кара жебе жана N менен тегизделүүгө тийиш (19-сүрөт). Ай сайын АБАЛ -> ИШТӨӨ ЫГЫ ->КОФЕ МАЙЫН ЧЫГАРУУ. Кофе майынын калдыктарын бышыруу тобунан автоматтык түрдө алып салуу үчүн өзүн-өзү тазалоо процессинин кадамдары менен болуңуз. Сүт тутуму/ички капучинатор Ар бир колдонгон күндөн
АБАЛ -> HYGIESTEAM. Сүт тутумун тазалоо үчүн өзүн-өзү тазалоо процессинин кадамдары менен болуңуз. Металл сүт түтүкчөсүн сүт түтүгүнүн кармагычына салуу алдында, сыртын нымдуу чүпүрөк менен
Апта сайын Ички капучинаторду алып салыңыз жана бөлүккө ажыратыңыз. Бардык бөлүктөрүн аккан суунун астында идиштерди жуучу суюктук менен жууңуз. Ай сайын АБАЛ -> HYGIESTEAM -> СҮТТҮ ТЕРЕҢ ТАЗАЛОО. Сүт тутумун тазалоо үчүн өзүн-өзү тазалоо процессинин кадамдары менен
Сүт контейнери Апта сайын Сүт контейнерин (24-сүрөт) бөлүккө ажыратып, сүт түтүгүнүн учу менен тоголокту түртүңүз (25-сүрөт). Сүт контейнеринин бардык бөлүгүн аккан суунун астында же идиш жуугуч машинада жууңуз. HygieSteam контейнери (сүт
Апта сайын же машина сизге
HygieSteam контейнерин машинадан (26-сүрөт) чыгарыңыз жана HygieSteam капкагын алып салыңыз (27-сүрөт). HygieSteam контейнерин жана капкакты аккан суунун астында же идиш жуугуч машинада жууңуз.650
Пункт Качан тазалоо керек Башкаруу панелинен кантип тапса
Алдын ала тартылган кофе бөлүгү тыгылбасын деп, апта сайын текшерип туруңуз Машинаны розеткадан сууруп, бышыруу тобун чыгарыңыз. Алдын ала тартылган кофе бөлүгүнүн капкагын ачып, ага кашыктын сабын киргизиңиз. Тыгылып калган тартылган кофе ылдыйга түшкөнгө чейин сапты өйдө жана төмөн жылдырыңыз (28-сүрөт). Баруу www.saeco.com/care өзгөчөлөткөн көрсөтмөлөрдү алуу үчүн. Тартылган кофе үчүн контейнер Машина ишарат берген кезде тартылган кофе үчүн контейнерди бошотуңуз. Апта сайын жууп туруңуз Машина күйгүзүлгөндө, тартылган кофе үчүн контейнерди алып салыңыз. Аны аккан суунун астында идиштерди жуучу суюктук менен чайкаңыз. Тамчылардын астына табак Тамчылардын астына табакты күн сайын, же болбосо тамчылар табагынан «тамчылардын астына табак толду» деген кызыл индикатор чыкканда бошотуңуз (29-сүрөт). Тамчылардын астына табакты апта сайын тазалап туруңуз Тамчылардын астына табакты (30-сүрөт) чыгарыңыз жана аны тазалоочу суюктук менен аккан суунун астында чайкаңыз. Бышыруу тобун
Ар 2 ай сайын Бышыруу тобун кошо таңгакталган май менен майлаңыз ('Кайнатуучу топту майлоо' караңыз). Баруу www.saeco.com/care өзгөчөлөткөн көрсөтмөлөрдү алуу үчүн. Суу идиши Апта сайын Суу идишин аккан суунун астында чайкаңыз.
алдыңкы жагы Апта сайын Жышуу касиети жок чүпүрөк менен
АБАЛ -> КЕБЭЭРДЕН ТАЗАЛОО. Машинаны кебээрден тазалоо үчүн төмөнкү кадамдар менен болуңуз. Кебээрди тазалоо керек болгондо, машина сизден аны тазалоону сурайт, баштоо үчүн OK сүрөтчөсүн басып, кадамдарды аткарыңыз. Кайнатуучу топту тазалоо Улам бышыруу тобун тазалоосу ички чынжырларына кофе калдыктарын тыгылуусун алдын алат. Экрандагы «Абал» менюсуна барып, «Бышыруу тобун тазалоо» тандаңыз же бышыруу тобун кандайча кылып алып чыгарууга, ордуна коюуга жана тазалоого болсун тууралуу www.saeco.com/care жактагы колдоо көрсөткөн видео көрсөтмөлөрү үчүн баш багыңыз. Кайнатуучу топту агын суу алдында тазалоо 1 «Абал» сүрөтчөсүн таптаңыз жана «Бышыруу тобун тазалоо» тандоого айлантыңыз. 2 Ырастоо сүрөтчөсүн басуу менен ырастап, экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.651
Кофе майларын тазалоо үчүн каражаттарды пайдаланып кайнатуучу топту
Philips кофе майынан тазалоо таблеткалары менен гана тазалаңыз. 1 «Абал» сүрөтчөсүн таптаңыз жана «Бышыруу тобун тазалоо» тандоого айлантыңыз. 2 Ырастоо сүрөтчөсүн басуу менен ырастап, экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. Кайнатуучу топту майлоо Машинаңыздын иштөө ыгын жакшыртууга кыймылдаган бөлүктөр дале болсо жумшак кыймылдаганын камсыз кылууга ар бир 2 ай ичинде бышыруу тобун майлоону сунуштайт элек. 1 Бышыруу тобунун бышкегине (боз бөлүк) майды арбын эмес сүйкөңүз (31-сүрөт). 2 Бышыруу тобунун таманындагы толгомду (боз бөлүк) бойлото арбын эмес май сүйкөңүз (32-сүрөт). 3 Эки жактагы багыттоочу нуктарына арбын эмес майдан сүйкөңүз (33-сүрөт). Ички капучинатор үчүн тазалоо программалары Машиналар качан ички капучинаторго тазалоо убагы келгенин айтат. Машинада ички капучинаторду тазалоого үч программасы бар:
«HygieSteam Shot»: сүт кошулган суусундукту даярдоодо машина автоматтуу түрдө ички капучинатор боюнча аны тез тазалоого бууну атып чыгат.
«HygieSteam»: машина ички сүт системасын буу менен толук тазалап чыгат. HygieSteam контейнери туура чогултулуп (34-сүрөт) жана машинага туура тиркелгенин текшериңиз (35-сүрөт). Суу түтүгүн суу түтүгүнүн кармагычынын (36-сүрөт) ичине салып, экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
«Deep Milk Clean»: Ички сүт системасын толук тазалоо үчүн Philips сүт чынжырын тазалагычы менен «Deep Milk Clean» тартибин аткарыңыз. Ички капучинаторду аккан сууга тазалоо 1 Ички капучинатордун эшигин ачыңыз (37-сүрөт). 2 Ички капучинаторду аны ылдый тартып, чыгарыңыз (38-сүрөт). 3 Ички капучинаторду үстүңкү бөлүгүнөн таман бөлүгүн тартып, экиге ажыратыңыз (39-сүрөт). 4 Бардык бөлүктөрүн (40-сүрөт) ажыратып жана аларды аккан суунун астында жууңуз. 5 Ички капучинаторду кайрадан чогултуңуз. 6 Ички капучинаторду кайрадан ордуна коюуга, аны тик турган абалга коюңуз да, жана тешиктери машинадагы эки түтүгү менен тегизделгенин камсыз кылыңыз. Анан ички капучинаторду ал ордуна бекитилгенине чейин өйдө жылдырыңыз (1-сүрөт). 7 Эшикти жабыңыз. Өзгөчөлөткөн видео көрсөтмөлөрү үчүн www.saeco.com/care сайтына баш багыңыз. Кебээрден тазалоо тартиби Philips кебээрден тазалагычын гана колдонгонуңуз туура. Эч убакта күкүрт кычкылына, туз кычылына, сульфамин же уксус кычкылына негизделген кебээрден тазалыгычты колдонбоңуз, анткени мындайда машинаңыздагы суу чынжырына доо кетиш мүмкүн болуу менен ал ойдогудай акиташтуу кебээрди эрите албайт. Philips кебээрден тазалагычты колдонбоосу кепилдигиңизди жоюшу мүмкүн. Шайманды кебээрден ажыратып жарытпаганыңыз да кепилдигиңизди жоюушу мүмкүн. Сизге Philips кебээрден тазалагычы жергиликтүү же онлайн чекене сатуучудан же болбосо жактырылган тейлөө борборлорунан сатып алса болот.652
1 Качан машина сизден аны кебээрден ажыратуусун сураганда, баштоого ырастоо сүрөтчөсүн таптаңыз. Машина тарабынан ишараты жокто кебээрден арылууну баштоого «Абал» сүрөтчөсүн таптап жана «Кебээрден тазалоо» тандаңыз. 2 Тамчылардын астына табакты, тартылган кофе үчүн контейнерди жана HygieSteam контейнерин (26-сүрөт) алып салып, аларды бошотуп, кайрадан ордуна коюңуз. 3 Суу идишин чыгарып, аны бошотуңуз. Андан соң AquaClean чыпкасын чыгарыңыз. 4 Суу идишине кебээрден тазалоочу Philips каражатынын баарын куюп, андан кийин аны суу менен CALC CLEAN деңгээлине чейин куюңуз (41-сүрөт). Андан кийин суу идишин кайрадан машинага ордуна коюңуз. 5 Чоң контейнерди (1,5 л) кофе куючу чоргонун астына коюңуз. 6 HygieSteam контейнери туура чогултулуп (34-сүрөт) жана машинага туура тиркелгенин текшериңиз (35-сүрөт). Сүт түтүгүн сүт түтүгүнүн кармагычына салыңыз. 7 Кебээрден арылуу тартибин баштоого экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. Кебээрден тазалоо тартиби болжол менен 30 мүнөткө кетет, кебээрден тазалоо циклинен жана чайкоо циклинен
8 Качан кебээрден тазалоо цикли аяктаганда, сизге суу идишин жана суу чынжырын чайкап чыгууга туура келет. Экрандагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. 9 Суу идишине жаңы AquaClean суу чыпкасын салып жана аны жанга киргизиңиз ('AquaClean суу чыпкасын жанга киргизүү (5 мүнөт).' караңыз). Кеңеш: AquaClean чыпкасын пайдалануу кебээрден тазалоо циклдеринин ортосундагы аралыкты узартууга жардам берет! Кебээрден тазалоо процесси үзгүлтүккө учураса эмне кылуу керек Кебээрден тазалоо тартибинен башкаруу панелиндеги күйгүзүү/өчүрүү сүрөтчөсүн басуу менен чыга аласыз. Эгерде кебээрден ажыратуу тартиби аягына чыга электе токтотулса, кебээрден ажыратуу суюктук аз-аздап суу идишинде же суу чынжырында калышы ыктымал. Мындай учурда төмөнкүлөрдү
1 Суу резервуарын чыгарып, сууну төгүңүз. 2 Суу идишине таза сууну CALC CLEAN деңгээлинин белгисине чейин куюп, машинаны кайрадан күйгүзүңүз. Машина ысып, автоматтык түрдө чайкоо циклин аткарат. 3 Кандайдыр бир суусундукту бышыруудан мурун, кол менен чайкоо циклин аткарыңыз. Кол менен чайкоо циклин аткаруу үчүн алгач суу идишинен ысык сууну жарымына чейин куюп, андан кийин тартылган кофени кошпостон, алдын ала тартылган кофеден 2 чөйчөк бышырыңыз. Эскертме: Кебээрден тазалоо тартиби аякталбаса, машина кебээрден тазалоо тартибин мүмкүн болушунча тезирээк аткарууну талап кылат. Ката коддору Төмөндө сиз өз алдынча чече ала турган көйгөйлөрдү көрсөткөн ката коддорунун тизмесин табасыз. Видео көрсөтмөлөр www.saeco.com/care сайтында байкалат. Эгерде дагы башка ката коду чыкса, өлкөңүздөгү Керектөөчүнө Кам көрүү Борборуна кайрылыңыз. Байланыш өзгөчөлүктөрүн алуу үчүн кепилдик баракчасын караңыз.653
Көйгөй Мүмкүн болгон чечим 01 Кофе куйгуч толуп
Машинаны өчүрүп, розеткадан сууруп коюуңуз. Бышыруу тобун чыгарыңыз. Андан соң алдын ала тартылган кофе бөлүгүнүн капкагын ачып, ага кашыктын сабын киргизиңиз. Тыгылып калган тартылган кофе ылдыйга түшкөнгө чейин сапты өйдө жана төмөн жылдырыңыз (28-сүрөт). Баш багуу www.saeco.com/care өзгөчөлөткөн көрсөтмөлөрдү алуу үчүн. 03 Бышыруу тобунун ичи кир же жакшы майланган эмес. Машинени өчүрүңүз. Бышыруу тобун таза суу менен чайкап, андан соң аны майлаңыз ('Кайнатуучу топту майлоо' караңыз). «Кайнатуу тобун тазалоо» бөлүмүн караңыз же www.saeco.com/care өзгөчөлөткөн көрсөтмөлөрдү алуу үчүн. Андан кийин машинени кайрадан күйгүзүңүз. 04 Бышыруу тобу ордуна туура эмес коюлган. Машинени өчүрүңүз. Бышыруу тобун чыгарып, кайрадан киргизиңиз. Бышыруу тобун киргизгенге чейин ал туура абалда экенин текшериңиз. «Бышыруу тобуна каралашуу» бөлүмүн караңыз же бул жакка баш багыңыз www.saeco.com/care өзгөчөлөткөн көрсөтмөлөрдү алуу үчүн. Андан кийин машинени кайрадан күйгүзүңүз. 05 Суу чынжырына аба туруп калды. Машинаны өчүрүп, күйгүзүү менен кайрадан иштетиңиз. Эгерде натыйжасы чыкса, 2–3 чөйчөк ысык суу куюңуз. Көп убакыттан бери аны кылбай жүрсөңүз, машинаны кебээрден
AquaClean суу чыпкасы орнотулганга чейин туура эмес даярдалган же болбосо ал тыгылып
AquaClean чыпкасын чыгарып, кофе бышырууга дагы аракет кылыңыз. Эгер андан натыйжа чыкса, AquaClean чыпкасын кайра ордуна коюудан мурун анын туура даярдалганын текшериңиз ('AquaClean суу чыпкасын жанга киргизүү (5 мүнөт).' караңыз). AquaClean чыпкасын кайрадан суу идишине коюңуз. Эгер андан натыйжа чыкпаса, чыпка тыгылып калган болушу мүмкүн, ал алмаштырылууга муктаж. 11 Машина бөлмөнүн температурасына чейин жылыш керек Машинага транспорт/эшик температурасынан бөлмө температурасына көнүш үчүн бир аз убакыт бериңиз. Машинени 30 мүнөткө өчүрүп, кайрадан күйгүзүңүз. Эгер андан натыйжа чыкпаса, өлкөңүздөгү Керектөөчүгө Кам көрүү борборуна кайрылыңыз. Байланыш өзгөчөлүктөрүн алуу үчүн кепилдик баракчасын караңыз. 14 Машина өтө ысып
Машинени өчүрүп, кайрадан 30 минуттан кийин күйгүзүңүз. 19 Машине дубалдагы розеткага туура туташтырылган жок. Күч кабелинин кичинекей сайгычы машинанын артындагы розеткага туура туташтырылганын текшериңиз. Шаймандарга буйрутма берүү Машинаны тазалоо жана кебээрден арылтуу үчүн Philips тейлөө өнүмдөрүн гана колдонуңуз. Бул өнүмдөрдү Amazon Smart Reorders’ти ишке киргизип, жергиликтүү же онлайн чекене сатуучудан же болбосо жактырылган тейлөө борборлордон сатып алса болот.654
Amazon Smart Reorders’ти колдонууга мүмкүнчүлүк алууга, сизге адегенде бул кызматты Amazon’до жанга киргизүү керек. Андан кийин машинаңыздын экранындагы кадамдарды Amazon аккаунтуңузду сиздин Saeco аккаунтуна туташтырууга аткарыңыз. Бул кадамдарды аткаргандан кийин сизге Amazon Smart Reorder кызматын колдонсо болот. Машинаңыздын башкаруу панелиндеги «Дүкөн» менюсунда жергиликтүү чекене соодагерлеринде Philips тейлөө өнүмдөрдүн жана кошумча жабдуулардын байкалгандыгын көрө аласыз. Интернеттен арткан бөлүктөрдүн толук тизмесин табуу үчүн машинаңыздын модель номерин киргизиңиз. Модель номерин тейлөө эшигинин ичинен таба аласыз. Тейлөө өнүмдөрү жана түр номерлери:
Бышыруу тобундагы бөлүктөрдү майлоо үчүн HD5061 каражаты
CA6707 тейлөө топтому Программалык жабдуунун жаңыртуулары Жекелигиңизди сактоо жана кофе машинаңыздын туура иш-милдетин аткаруусу үчүн жаңыртуулардын мааниси чоң. Сиз машинаңыздын жаңыртуусун колго кылгыңыз келгенин же анын автоматтуу түрдө жасала турганын койсоңуз болот. Автоматтуу түрдөгү жаңыртууларын тандасаңыз, машинаңыз түнү боюнча программалык жабдуусун кабыл ала тургандай кылып, түнүнкүсүн да сайылып турганын жана Wi-Fi ишке киргизилгенин камсыз кылыңыз. Программалык жабдуунун жаңыртуулары, машинага жана болочоку коопсуздук маселени алдын алуу үчүн жаңы өзгөчөлүктөр байкалып калганда, жасалат. Милдеттүү тепчиме жаңыртуулары кофе машина күтүү режиминде турганда автоматуу түрдө башталат. Тепчиме жаңыртуу убагында кофе машинаны колдонууга болбойт. Мүчүлүштүктөрдү оңдоо Бул бөлүмдө машинаны колдонууда көп туш болгон жалпы көйгөйлөр тууралуу айтылган. Колдоо көрсөтүү видеолору жана көп берилүүчү суроолордун толук тизмеси ушул www.saeco.com/care сайтта жайгашкан. Эгерде көйгөйдү чече албасаңыз, өлкөңүздөгү Керектөөчүгө Кам көрүү борборуна кайрылыңыз. Байланыш өзгөчөлүктөрүн алуу үчүн кепилдик баракчасын караңыз. Көйгөй Себеп Чечим
машинамдын ичинде кофе калдыктары бар. Бул машина кофе салынып,
Ал кылдаттык менен тазаланган болсо да, анын ичинде кофе калдыктары калышы мүмкүн. Бирок, машина таптакыр жаңы. Машина DEMO
Күтүү режиминин сүрөтчөсүн 8 секунддан ашык бастыңыз. Машинанын артындагы электр которгучу менен аны өчүрүп, кайрадан күйгүзүңүз.655
Көйгөй Себеп Чечим Тамчылардын астына табак тез толот / тамчылардын астына табагында дайыма бир аз суу болот. Бул нормалдуу көрүнүш. Машина суу менен ички чынжырды жана башкаруу тобун чайкайт. Бир аз суу ички тутум аркылуу түздөн-түз тамчылардын астына табагына агып кетет. Тамчылардын астына табакты күнүгө же болбосо табактын капкагынан «тамчылардын астына табак толду» деген кызыл индикатор чыкканда бошотуңуз (29-сүрөт). Кеңеш: чөйчөктү куюу чоргонун астына коюп, андан чыккан чайкалган сууну чогултуңуз. «Тартылган кофе контейнери бош» сүрөтчөсү күйгөн бойдон турат. Машина розеткадан суурулуп турганда тартылган кофе контейнерин бошоттуңуз же аны өтө тез кайра ордуна
Тартылган кофе үчүн контейнерди акыркы жолу бошотконуңузда, машина эсептегичти баштапкы абалга келтирген жок. Тартылган кофе үчүн контейнерин кайра ордуна койгонуңуздан кийин дайыма болжол менен 5 секунд күтө туруңуз. Мындайда, кофе шайбаларынын эсептегичи нөлгө коюлат жана кофе шайбаларынын саны туура эсептелет. Тартылган кофе контейнери өтө толуп, дисплейде «тартылган кофенин контейнерин бошотуу» сүрөтчөсү көрүнгөн жок. Тамчылардын астына табакты, тартылган кофе контейнерин бошотпой туруп алып
Тамчылардын астына табакты алып салганда, тартылган кофе контейнеринде бир канча шайбалар бар болсо дагы аны бошотуңуз. Бул кофе шайбаларынын эсептегичи нөлгө коюлушун жана кофе шайбаларынын туура саналышын камсыздайт. Бышыруу тобун алып сала албай жатам. Бышыруу тобунун турган абалы туура эмес. Машинаны төмөнкү жол менен баштапкы абалга келтириңиз: тейлөө эшигин жабыңыз. Машинаны өчүрүп жана кайрадан күйгүзгөндө машинанын колдонууга даяр кезине чейин күтүңүз. Бышыруу тобун алып салууга кайра аракет кылып көрүңүз. Кадам боюнча көрсөтмөлөрү үчүн «Бышыруу тобун чыгаруу жана коюу» бөлүмүн караңыз. Бышыруу тобун коё албай жатам. Бышыруу тобунун турган абалы туура эмес. Машинаны төмөнкү жол менен баштапкы абалга келтириңиз: тейлөө эшигин жабыңыз. Бышыруу тобун чыгарган бойдон калтырыңыз. Машинаны өчүрүп, розеткадан сууруп коюуңуз. 30 секунд күтүп, андан кийин машинаны кайра сайып, күйгүзгөндөн кийин машина колдонууга даяр кезине келгенге чейин күтүңүз. Андан кийин бышыруу тобун туура абалга коюп, аны кайра машинага коюңуз. Кадам боюнча көрсөтмөлөрү үчүн «Бышыруу тобун чыгаруу жана коюу» бөлүмүн караңыз.656
Көйгөй Себеп Чечим Супсак кофе. Бышыруу тобунун ичи кир же майлоого муктаж. Бышыруу тобун чыгарып, аны аккан суунун астында чайкап, кургатыңыз. Андан кийин кыймылдаган бөлүктөрүн майлаңыз ('Кайнатуучу топту майлоо'
Машина өзүн-өзү тууралоо тартибин аткарып жатат. Бул тартип машинаны биринчи жолу колдонгонуңузда, кофе дандарынын башка түрүнө өткөндө же көп убакытка колдонулбай калганда автоматтык түрдө башталат. Машина өзүн өзү жөндөө тартибин аягына чыгарышы үчүн адегенде 5 чөйчөк кофе кайнатыңыз. Кофе тартуучу өтө одуракай орнотууга коюлган. Кофе тартуучуну майдараак (төмөнкү) орнотууга коюңуз. Айырмасын толук баамдоо үчүн 2–3 чөйчөк суусундук
Кофе жакшы ысый элек. Температура өтө төмөнгө
Температураны максималдуу орнотууга коюңуз (42-сүрөт). Муздак чөйчөк суусундуктун температурасын төмөндөтөт. Чөйчөктөрдү ысык суу менен чайкап, алдын ала ысытыңыз. Сүт кошуу суусундуктун температурасын төмөндөтөт. Сүт муздак же ысык болгонуна карабай, баары бир сүттү кошкондо кофенин температурасы төмөндөйт. Чөйчөктөрдү ысык суу менен чайкап, алдын ала ысытыңыз. Кофе чыкпайт же кофе акырындык менен
AquaClean суу чыпкасы орнотууга туура даярдалган
AquaClean чыпкасын алып салып, бир аз ысык суу куюңуз. Эгер мындан натыйжа чыкпаса, AquaClean чыпкасы туура орнотулган эмес. AquaClean чыпкасын кайра орнотуп, жанга киргизиңиз жана «AquaClean суу чыпкасы» бөлүмүндөгү бардык кадамдарды аткарыңыз. Узак убакыт колдонулбагандан кийин, AquaClean суу чыпкасын кайра колдонууга даярдап, 2-3 стакан ысык сууну куюшуңуз керек. AquaClean суу чыпкасы
Кофе тартуучу өтө майда орнотууга коюлган. Кофе тартуучуну одуракайыраак (жогорураак) орнотууга коюңуз. Бул кофенин даамына таасир этээрин эске алыңыз.657
Көйгөй Себеп Чечим Бышыруу тобунун ичи кир. Бышыруу тобун чыгарып, аны аккан суунун астында чайкаңыз ('Кайнатуучу топту агын суу алдында тазалоо'
Кофе куючу чоргонун ичи кир. Кофе куючу чоргону жана анын тешиктерин түтүк тазалагыч же ийне менен тазалаңыз. Алдын ала тартылган кофе бөлүгү тыгылып калды Машинаны өчүрүп, бышыруу тобун чыгарыңыз. Алдын ала тартылган кофе бөлүгүнүн капкагын ачып, ага кашыктын сабын киргизиңиз. Тыгылып калган тартылган кофе ылдыйга түшкөнгө чейин сапты өйдө жана төмөн жылдырыңыз (28-сүрөт). Машинанын чынжыры акиташтуу кебээрине камалып
Машинедеги кебээрди Philips кебээрден тазалагычы менен тазалаңыз ('Кебээрден тазалоо тартиби' караңыз). Машина ишарат кылганда дайыма кебээрден тазалаңыз. Сүт көбүктөнбөй жатат. Ички капучинатордун ичи кир же туура эмес коюлган. Ички капучинаторду тазалап, аны туура коюп орнотконуңузга көзүңүз жетсин ('Ички капучинаторду аккан сууга тазалоо' караңыз). Колдонулган сүттүн түрү көбүртүүгө ылайыктуу эмес. Сүттүн ар кандай түрлөрү ар кандай көлөмдөгү көбүктү жана көбүктү ар кандай сапаты менен чыгарат. Сүт чачырап жатат. Колдонулган сүт жетишээрлик муздак эмес. Муздаткычтан түз алынган сүттү колдонуп жатканыңызга ишениңиз. ' Ийкемдүү сүт түтүгү туура эмес туташтырылган. Кофе куючу түтүктүн (37-сүрөт) эшигин ачып, ийкемдүү сүт түтүгү капучинаторго толук туташтырылганын текшериңиз (43-сүрөт). Капучинатор менен сүт түтүгү ысык болушу мүмкүн экендигин эске алыңыз. Капучинатор менен түтүктөргө тийүү алдында алардын муздашын күтүңүз.658
Көйгөй Себеп Чечим Капучинатор жана сүт түтүктөрү
Ички капучинаторду алып салыңыз жана бөлүккө ажыратыңыз ('Ички капучинаторду аккан сууга тазалоо' караңыз). Бардык бөлүктөрүн аккан суунун астында чайкаңыз. Толук тазалоо үчүн Philips сүт чынжырынын тазалагычын колдонуңуз жана «Абал» жана «Hygiesteam» менюсу аркылуу Deep Milk Clean тартибин аткарыңыз. Эгерде бөлүктөр идиш жуугуч машинада тазаланган болсо, алар тамак-аштын же жуучу каражаттардын калдыктары менен тыгылып калган болушу мүмкүн экенин эске алыңыз. Алардын тыгылып калбагандыгын көзгө текшерүү да сунушталат. HygieSteam программасын күнүгө аткарууну сунуштайбыз: 1) Башкаруу панелиндеги «Абал» баскычын басыңыз. 2) «HygieSteam» тандаңыз. 3) Дисплейдеги бардык кадамдарды
Сүт түтүгү тыгылып калган. Ар дайым сүт контейнерин сүт түтүктөрсүз муздаткычта сактаңыз. Калып калган сүт сүт түтүкчөлөрүнүн ичине чогулуп, түтүкчөлөр аркылуу сүт агышын камап коюшу мүмкүн. Сактоо алдында сүт түтүктөрүн чайкап алыңыз. Машина агып жаткан
Машина суу менен ички чынжырды жана башкаруу тобун чайкайт. Бул суу ички тутум аркылуу түздөн-түз тамчылардын астына табакка агып кетет. Бул нормалдуу
Тамчылардын астына табакты күн сайын, же болбосо табактын капкагында «тамчылардын астына табак толду» деген индикатор чыкканда бошотуңуз (29-сүрөт). Кеңеш: Чайкай турган сууну чогултуш үчүн жана тамчылардын астына табактагы суунун көлөмүн азайтуу үчүн чөйчөктү куючу чоргонун астына коюңуз. Тамчылардын астына табак өтө толуп, жана кырынан суу ага баштаганда, машина агып жаткандай көрүнөт. Тамчылардын астына табакты күн сайын, же болбосо табактын капкагында «тамчылардын астына табак толду» деген индикатор чыкканда бошотуңуз (29-сүрөт). Суу идиши аягына чейин коюлбагандыктан, ошондуктан бир аз суу агып, машинага аба кирип жатат. Суу идиши туура абалда турганын текшериңиз: аны чыгарып, мүмкүн болушунча машинага кайра аягына чейин коюңуз. Бышыруу тобунун ичи кир/тыгылган. Бышыруу тобун чайкаңыз.659
Көйгөй Себеп Чечим Машина түз бетке коюлган
Тамчылардын астына табактын кырынан суу агып кетпеши үчүн жана «тамчылардын астына табак» индикатору туура иштеши үчүн машинаны түз бетке койуңуз. AquaClean суу чыпкасын жанга киргизе албай жатам жана машина кебээрди тазалоону сурап жатат. Экран AquaClean эскертүүсүн көрсөткөндөн кийин чыпка убагында орнотулбаган же алмаштырылган эмес. Бул машинаңыз кебээрден толук таза эмес дегенди билдирет. Адегенде машинаңызды кебээрден тазалап, андан кийин AquaClean суу чыпкасын орнотуңуз. Жаңы суу чыпкасы туура келген жок. AquaClean суу чыпкасынан башка чыпка орнотууга аракет кылып жатасыз. Машинаңызга бир гана AquaClean суу чыпкасы туура келет. AquaClean суу чыпкасындагы резина шакек ордунда эмес. AquaClean суу чыпкасындагы резина шакекти ордуна салыңыз. Машина катуу ызылдаган үн чыгарып
Колдонуу учурунда машинеңиздин үн чыгарып иштегени кадимкидей көрүнүш. Эгерде машина башкача үн чыгара баштаса, бышыруу тобун тазалап, аны майлаңыз ('Кайнатуучу топту майлоо'
AquaClean суу чыпкасы орнотууга туура даярдалган эмес, эми болсо машинага аба кирип жатат. AquaClean суу чыпкасын суу идишинен чыгарып, кайра ордуна коюудан мурун аны туура колдонууга даярдаңыз. Кадам боюнча көрсөтмөлөрдү көрүү үчүн «AquaClean суу чыпкасы» бөлүмүн
Суу идиши аягына чейин салынган эмес, эми машинага аба кирип жатат. Суу идиши туура абалда турганын текшериңиз: аны чыгарып, мүмкүн болушунча машинага аягына чейин түртүп салыңыз. Мен машинаны Wi-Fi’га биринчи жолу туташтырууга аракет кылганда, машина Wi-Fi тармагына туташкан
Wi-Fi тармагыңыздын аты жана сырсөзү туура эмес. Wi-Fi тармагыңыздын атын жана сырсөзүн текшериңиз. Кофе машина менен Wi-Fi маршрутизатор бири-бирин көргөн аралыкта эмес. Кофе машина менен Wi-Fi маршрутизатор бири-бирин көргөн аралыкта экенин текшериңиз же Wi-Fi кайталагычты колдонуңуз. Машина үйдөгү Wi-Fi тармагын таба албай
Wi-Fi маршрутизатору туура иштебей жатат. Wi-Fi маршрутизатору туура иштеп жатканын жана интернетке туташып турганын текшериңиз.660
Көйгөй Себеп Чечим Машина маршрутизатордун аралыгында эмес. Машина маршрутизатордун аралыгында экенин текшериңиз. Ошондой эле Wi-Fi сигнал кайталоочусун колдоно аласыз. Кофе машинаңыз туташууга аракет кылып жаткан маршрутизатор 5 ГГц жыштыгы кош-тилкеге карайт, жана кофе машинаңыз 2,4 ГГц тармагына туташуу аракетинде эмес. 5GHz тармагы колдоого алынбайт. Маршрутизатордун 5 ГГц жыштыктагы тилкесин убактылуу өчүрүп, кофе машинаңызды ошол эле маршрутизатордун (2,4 ГГц) башка тилкесине кошоктотууга аракет кылып көрүңүз. Ийгиликтүү кошоктолгондон кийин 5 ГГц жыштыктагы тилкесин кайра күйгүзүңүз Мен азырынча Alexa жана Amazon Smart Reorders колдоно
Amazon’ду Saeco аккаунтуңузга али туташа элексиз. Сураныч, Alexa добуштук башкаруусун жана Amazon Smart Reorders колдоно алуу үчүн Amazon аккаунтуңузду Saeco эсеп жазуусуна туташтыруу үчүн машинанын башкаруу панелиндеги көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. Эскертме: Бул өзгөчөлүктөрдү колдонуу үчүн сизде Alexa жаратмасы же Alexa түзмөгү болушу керек жана Amazon’догу Smart Reorders кызматын ишке киргизүүгө туура келет. Машинанын Wi-Fi туташуу мүнөзү мурда иштечү, бирок эми иштебей калды. Wi-Fi тармагыңыздын аты жана/же сырсөзү өзгөртүлгөн. «Wi-Fi’га туташуу» бөлүмүндөгү көрсөтмөлөрдү аткарыңыз жана туташуу үчүн жаңы Wi-Fi аталыштагы тармакты тандаңыз. Wi-Fi тармагыңыздын сырсөзү өзгөртүлгөн. «Wi-Fi’га туташуу» бөлүмүндөгү көрсөтмөлөрдү аткарыңыз жана жаңы Wi-Fi сырсөзүн киргизиңиз. Wi-Fi маршрутизаторуңуз жакшы иштебей жатат. Маршрутизаторду текшерип, анын иштеп жаткандыгына көзүңүз жетсин. Wi-Fi туташуу мүнөзү электромагниттик же башка тоскоолдуктардан улам үзүлүшү
Шайманды тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн болгон башка электрондук түзүлүштөрдөн алыс
Жогоруда айтылган чечимдердин биринен да натыйжасы чыкпады. Wi-Fi байланышын кайрадан текшерүүгө, машинанын артындагы электр которгучу менен аны өчүрүп, кайрадан күйгүзүңүз. Техникалык мүнөздөмөлөр Өндүрүүчү өнүмдүн техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу укугун сактайт. Бардык алдын ала коюлган сандар болжолдуу болуп эсептелет. Сүрөттөмө Маани661
Өлчөм (ж x б x т) 287 x 396 x 487 мм Салмагы 11–12,4 кг Кубат кабелинин узундугу 1200 мм Суу идиши 1,7 литр, алып салынат Кофе дандар үчүн контейнердин сыйымдуулугу 450 гр Тартылган кофе контейнеринин сыйымдуулугу 15 шайба Сүт контейнеринин сыйымдуулугу 600 мл Бийиктиги жөндөлөнүүчү түтүктүн бийиктиги 75–148 мм Номиналдуу чыңалуу - Кубат баалоосу - Кубат
Тейлөө эшигинин ичиндеги колдомолор табакчаны караңыз Wi-Fi жыштык тилкеси 2,4 ГГц 802.11 b/g/n Дал келүү декларациясы Муну менен, DAP B.V. толук автоматтык эспрессо SM8780, SM8782, SM8785, SM8885 жана SM8889 машиналары 2014/53/EU Директивасына көнгөнүн жарыялайт. ЕБнын дал келүү декларациясынын толук текстин төмөндөгү интернет дарегинен көрө аласыз: https://www.saeco.com. Толук автоматтык эспрессо SM8780, SM8782, SM8785, SM8885 жана SM8889 машиналары Wi-Fi модулу менен жабдылган, 2,4ГГц 802.11 b/g/n (каналдар 1...13). Максималдуу өткөрүү күчү <100мВт(20дБм). Wi-Fi Машина тармакташуу жабдуу катары (EU) No 801/2013 эрежелерине туура келет жана 2,4 ГГц 802.11 b/g/n тармакка түбөлүк туташтырылып иштөөгө арналган. Автоматтык эспрессо машинасы Өндүрүүчү: «ДАП Б.В.», Нидерланд, Драхтен, 9206АД, Туссендиепен 4 а Россия аймагына жана Бажы биримдигине импорттоочу: ЖЧК «ФИЛИПС-үй үчүн техника», Россия Федерациясы, 123022 Москва ш., Сергей Макеев көч., 13-үй, 5-кабат, ХVII жай, 31-бөлмө, телефон номери +7 495 961-1111 SM8889, SM8885, SM8780, SM8782, SM8785: 230 V; 50 Hz; 1500 W I класстагы жабдык Үй тиричилигине керектөө үчүн Италияда жасалган Сактоо шарты, иштетүү Температура 0°C - +50°C Тийиштүү нымдуулугу 20% - 95%662
Атмосфералык басым 85 - 109kPa Пластик эмес таңгактоочу материалдар кагаздан же картондон турат. Пластикалык таңгактоочу материалдар, эгерде башкасы белгиленбесе, LDPEден турат.Македонски
Notice-Facile