RDPD 96407 JD EU - жуугуч машина Hotpoint Ariston - Акысыз колдонуучу колдонмосу
Түзмөктүн колдонмосун акысыз табыңыз RDPD 96407 JD EU Hotpoint Ariston PDF форматында.
| Өнүмдүн түрү | Кирип-жуу жана кургатуучу машина |
| Бренд | Hotpoint Ariston |
| Модель | RDPD 96407 JD EU |
| Өлчөмдөрү (У x Б x Т) | 59,5 см x 85 см x 54 см |
| Жуу сыйымдуулугу | 1 кг дан 9 кг га чейин |
| Кургатуу сыйымдуулугу | 1 кг дан 6 кг га чейин |
| Максималдуу айлануу ылдамдыгы | 1400 айлануу минутасына |
| Барабандын көлөмү | 58 литр |
| Суу басымы | 0,05 ден 1 МПа (0,5 тен 10 бар) |
| Электр менен камсыздоо чыңалуусу | 220-240 В ~ 50 Гц (мүнөздөмө тактасын караңыз) |
| Жуу программалары | Пахта, Синтетика, Жүн, Өтө назик, Такка каршы, Тез 30', жана башкалар |
| Негизги функциялары | Түз инжекция (Power/EcoEnergy), Буу менен тазалоо, Авто тазалоо, Көп чайкоо |
| Жүктү тең салмактоо системасы | Ооба, автоматтык кайра бөлүштүрүү менен |
| Коопсуздук | Баскычтарды кулпулоо, эшикти кулпулоо, кокустук ачылышынан коргоо |
| Тейлоо жана тазалоо | Автоматтык тазалоо программасы, автоматтык тазалоо менен насос, алынуучу жуугуч салгыч |
| Өчүрүү режиминде керектөө | 0,5 Вт |
| Күтүү режиминде керектөө | 8 Вт |
| Техникалык колдоо | Укуктуу Техникалык Колдоо Борбору (кепилдик сертификатка кайрылыңыз) |
Көп берилген суроолор - RDPD 96407 JD EU Hotpoint Ariston
Колдонуучулардын суроолору жөнүндө RDPD 96407 JD EU Hotpoint Ariston
0 суроо бул түзмөк жөнүндө. Билгениңизге жооп бериңиз же өз сурооңузду бериңиз.
Бул түзмөк жөнүндө жаңы суроо берүү
Түзмөгүңүз үчүн нускамаларды жүктөп алыңыз жуугуч машина PDF форматында акысыз! Колдонмоңузду табыңыз RDPD 96407 JD EU - Hotpoint Ariston жана электрондук түзмөгүңүздү кайра колуңузга алыңыз. Бул баракта түзмөгүңүздү пайдаланууга керектүү бардык документтер жарыяланган. RDPD 96407 JD EU бренддин Hotpoint Ariston.
КОЛДОНУУЧУ КОЛДОНМОСУ RDPD 96407 JD EU Hotpoint Ariston
Сактандырулар мен кеңестер, 41
Жалпы қауіпсіздік
Коқыска тастау
Акаулыктарды жою, 47
Кызмет көрсету, 48
Hotpoint
ARISTON
Пайдалануу боюнча нускама
Кир жуугуч машина
! Бул символ Сизге бул техникалык колдонмону пайдалануу зарылчылығы жөнүн эскертет.


Кыргыз
Мазмуну
Орнотуу, 62-63
Таңгагын чечүү жана тегиздөө
Суу түтүк жана электр тармагына туташтыруу
Жуунун биринчи циклы
Техникалык маалыматтар
Техникалык тейлөө жана кам көрүү, 64
Сууну жана электр тогун өчүрүү
Кир жуугуч машинага кам көрүү
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүчкө кам көрүү
Люкка жана барабанга кам көрүү
Соркыскычка кам көрүү
Суу түтүк ийкем түтүгүн текшерүү
RDPD 96407 J
Сактык жана сунуштар, 65
Коопсуздукка карата жалпы талаптар
Утилизациялоо
Сактоо жана ташуу шарттары
Кир жуугуч машинаны сүрөттөө, 66-67
Башкаруу панели
Дисплей
Жуу циклин же кургатуу циклин кантип иштетиш керек, 68
Программалар жана кошумча функциялар, 69
Программалардын таблицасы
Кир жуунун кошумча функциялары
Жуугуч заттар жана кирдин түрлөру, 70
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүч
Кирди даярдоо
Атайын программалар
Кирди тең салмактоо тутуму
Бузуктар жана аларды жоюу методдору, 71
| Энергия натыйжалуулугу класстарынын шайкештиги | |
| Продуктакөрсетүлген энергиянатыйжалуулугунун классы женүндө маалымат | Россия мыйзамдарына ылайык энергиянатыйжалуулугунун классы |
| А А | |
| A+ A-10% (*) | |
| A++ A-20% (*) | |
| A+++ A-30% (*) | |
| A+++-10% A-40% (*) | |
| A+++-20% A-50% (*) | |
| (*) энергия натыйжалуулуктун көрсеткүчтөрүнүн пайыздарынын бул өлчему Россия Федерациясынын ченемдик документтери менен аныкталган, “А” классына караганда мыкты. | |
Hotpoint
ARISTON

! Бул колдонмону сактап коюнуз. Ал жабдууну сатуу, берүү же жаңы батирге көчүү учурунда, жабдуунун жаңы ээси анын иштөөсүнүн жана тейлөөнүн эрежелери менен тааныша алуусу үчүн, кир жуугуч машина менен бирге комплектте болушу керек.
! Колдонмону жакшылап окунуз: анда кир жуугуч машинаны орнотуу жана коопсуз пайдалануу боюнча маанилуу маалыматтар камтылган.
Таңгагын чечүү жана тегиздөө
Таңгагын чечүү
- Кир жуугуч машинанын таңгагын чечиңиз.
- Жабдуу ташуу убагында бузулбаганын текшерициз. Бузлууларды аныктаганда – машинаны иштетпециз – дароо жеткирүүчү менен байланышыңыз.

-
Кир жуугуч машинанын төрт ташуу бурамаларын жана арткы жагында жайгашкан төшөмдөру менен резина тыгындарын алыңыз (сүрөтту кара.).
-
Тешиктерди сунушталуучу пластик тыгын менен жабыңыз.
- Бардык деталдарын сактаңыз: алар кир жуугуч машинаны киййнки жолу ташууда Сизге керек болот.
! Балдардын таңгактоо материалдары менен ойноосуна жол бербеңиз.
! Таңгак жана анын айрым элементтери тамак менен байланыштыруу үчүн арналган эмес.
Тегиздөө
- Кир жуугуч машинаны тегиз жана бекем полго ал дубалга, эмерекке жана башка предметтерге тийбегендей орнотунуз.

- Машинаны орунга ор- ноткондон кийин алдыңкы буттарын айлантуу аркы- луу анын туруктуу абалын жөндөңүз (сүреттү кара.). Бул учүн алгач контграйка- ны бошотунуз, жөнге салу- уну аяктагандан кийин кон- тгайканы бураңыз.
Машинаны орунга орнот- кондон кийин деңгээл бо-
юнча корпустун жогорку капкагынын горизонталдуулугун текшериңиз, горизонталдын жантаюусу 2° көп болбошу керек.
Жабдууну туура тегиздөө машина иштеп жаткан убак- тагы чурулдоодон, вибрациядан жана жылуудан алыс болууга жардам берет.
Эгерде кир жуугуч машина килем төшөлгөн полдо турса, анын негизи килемден жогору турганын текшериңиз. Болбосо желдетүү кыйындайт же таптакыр мүмкүн болбой калат.
Суу түтүк жана электр тармагына туташтыруу
Суу куюучу ийкем түтүгүн туташтыруу

Суу куюучу ийкем түтүгүн туташтыруу
- А төшөмүн суу куюучу ийкем түтүгүнүн учуна коюңуз жана аны 3/4 дюйм сай тешиги менен муздак суу түтүгүнүн чыгуусуна бурап бекитиңиз (сүрөтту кара.). Туташтыруу алдында суу түтүк кранын ачыңыз жана кир сууну ағызыңыз.

-
Суу куюучу ийкем түтүгүн кир жуугуч машинанын оң жагындагы арткы жогорку бөлүгүндө жайгашкан суу кабылдагычка бурап, кир жуугуч машинага туташтырыңыз (сүреттү кара.).
-
Ийкем тутук оролуп калбаганын жана кысылбаганын текшериниз.
! Суунун басымы Техникалык мүнөздөмөлөрдүн таблицасында көрсетүлгөн маанилердин чегинде болушу керек (63-бетти кара).
! Эгерде суу түтук ийкем түтүгүнүн узундугу жетишсиз болсо, Авторлоштурулган тейлее борборуна кайрылыңыз.
! Эч качан пайдалануудан чыккан ийкем түтукту пайдаланбаныз.
Суу төгүүчү ийкем түтүктү туташтыруу

Суу төгүүчү ийкем түтүктү ийбей туруп, полдон 65-100 см бийиктикте жайгашкан суу төгүүчү кубур түтүуккө каарта же дубалдагы суу төккүчкө туташтырыңыз,

багыттагычынын (техникалык тейлее борборунда сатып алсаңыз болот) бекиткичи менен жуунма раковинасынын же ваннанын капиталына жайгашытырыңыз (схеманы кара). Суу төгүүчү ийкем түтүктүн
бош учу сууга салынбашы керек.
! Узартылган ийкем түтүктү колдонуу сунушталбайт. Узартуу зарыл болгондо анын диаметри түп нуска ийкем түтүктүкүндөй болушу керек жана жана анын узундугу 150 смдан ашпашы керек.
Электр тармагына туташтыруу Буюмду розеткага туташтыруу алдында төмөндөгүлөрдү текшерүү керек:
• тармактык розетка жердетилип жана нормативдерге
ылайык келиши керек;
• тармактык розетка Техникалык дайындар таблицасында керсөтулген, кир жуугуч машинанын максимальдуу кубаттуулугуна эсептелиши керек (капталдагы таблицаны кара.)
- электр азыктандыруунун чыналуусу Техникалык дайындар таблицасында көрсөтулгөн, маанилерге шайкеш келиши керек (капталдагы таблицаны кара.)
• тармактык розетка кир жуугуч машинанын штепселдик айрысы менен сыйышуусу керек. Болбосо тармактык розетканы же штепселдик айрыны алмаштыруу керек.
! Кир жуугуч машинаны бастырманын алдына болсо дагы, кечеге орнотууга болбойт, анткени аны жаандын жана чагылгандын таасирине кабылтуу коркунучтуу болуп саналат.
! Кир жуугуч машина тармактык розеткага жетүү мүмкүндүгү бош болгондой жайгашуусу керек.
! Узарткычтарды жана учтуктөрдү пайдаланбаныз.
! Буюмдун тармактык кабели бүгүлбөшу же кысылбашы керек.
! Тармактык кабелди алмаштырууну ыйгарым укуктуу техниктер гана ишке ашыра алышат.
Көңүл бурунуз! Өндүрүүчү компания жогоруда сүрөттөлгөн эрежелерди сактабоо учурунда өзүнөн бардык жоопкерчиликти алат.
Жуунун биринчи циклы
Орнотууну аяктагандан кийин, пайдалануунун алдында кир жуучу порошок менен, бирок кир кийим жок, "АВТОТАЗАЛОО" программасы боюнча кир жуунун бир циклын жүргүзүү керек ("Кир жуугуч машинага кам көрүүнү" кара).
| Техникалык маалыматтар | |
| Модели RDPD 96407 J | |
| Өндүрүүчү өлкө Італия | |
| Габариттикөлчөмдөр | туурасы 59,5 см.бийиктиги 85 см.терендиги 54 см. |
| Сыйымдуулугу | Кир жуу циклы үчүн 1ден 9 кг чейин кирКургатуу циклы үчүн 1ден 6 кг чейин кир |
| Электразыктандыруунунчиыналуусунунноминалдыкмааниси жечыналуунундиапазону | 220-240 V ~ |
| максималдуукубаттуулук | 1850 W |
| Электр тогунунтүрунүн шарттуубелгиси же езгөрметоктун номиналдуужыштыгы | 50 Hz |
| Электр тогунаурунуудан коргооклассы | I коргоо классы |
| Суу түтүктуташуусу | максималдуу басым 1 МПа (10 бар)минималдуу басым 0,05 МПа (0,5 бар)барабандын сыйымдуулгу 58 литр |
| Сыгуунунылдамдыгы | Мунетүне 1400 айланууга чейин |
| EN 50229Директивасынаылайык башкаруупрограммасы | Кир жүү: 8 программа; температура60°C; жүктөм 9 кг кир.Кургатуу: эки жүктөөге тең, 8 жуупрограммасын тандап, кургатуудеңгээлин “Экстра” режимине коюңуз.Биринчи кургатуу цикли, номиналдыкжүктөө менен аткарылышы керек. |
| [IMAGE] | Бул буюм Европа Коомдоштугунунтемендөгү Директиваларына шайкешкелет:- EMC 2014/30/EU (Электр магниттикшайкештик);- LVD 2014/35/EU (Төменку чыналуу)- 2012/19/EU - (WEEE) |
| Нымдан коргоого ээ болбогон, темөнку вольттуу жабдуудантышкары, коргоочу кабык менен камсыздaluуучу, катуубөлукчөлөрдүн жана нымдын түшүүсүнөн коргоо деңгээли:IPX4 | |
| Бул техниканыөндүрүүү датасынтемендөгүдөйтүрдө, штрих-код астындажайгашкан серияномериненалууга болот (S/NXXXXXXXXX) | - S/N 1-саны жылдын ақырқы санынатуура келет,- S/N 2 жана 3-саны – ирет номерибоюнча жылдын айына.- S/N 4 жана 5-сандары – күн. |
| Энергияны керектөеклассы | A |
Техникалык тейлөө жана кам көрүү
KGZ
Сууну жана электр тогун өчүрүү
• Ар бир жолу кир жуугандан кийин суу түтүк кранын жабыңыз. Мындай жол менен машинанын суу түтүк тутутумун эскириши кыскарат жана агып калуу тобокелдиги азаят.
- Кир жуугуч машинаны тазалоо жана техникалык тейлее процессинде штепселдик айрыны тармактык розеткадан суурунуз.
Кир жуугуч машинага кам көрүү
- Кир жуугуч машинанын тышкы жана резина бөлүктөрун тазалоо үчүн самын менен жылуу сууга нымдалган чупуректу пайдаланыңыз. Эриткичтерди же абразивдик тазалоочу каражаттарды пайдаланбаңыз.
- Кир жуугуч машина ички деталдарын "АВТОТАЗАЛОО" программасы менен себилденген, аны барабанда эч кандай кир жок аткаруу керек. Кир жуугуч машинаны тазалоо учүн жуугуч затты (абдан кирдеген кийим учүн сунушталгандын 10% көлөмүндө) же атайын кошулмаларды жуу программасында көмөкчү катары пайдаланууга болот. Машинаны тазалоо программасын ар бир 40 кир жуу циклынан кийин аткаруу сунушталат.
Программаны иштетуу учүн бир убактабаскычтарын 5 сек. басыңыз (схеманы кара). Программа автоматтык түрдө иштейт жана болжол менен 70 мүнеткө созулат. Циклды токтотуу учүн ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
Жуугуч каражаттарды бөлүштүргүчкө кам көрүү

Бөлүштүргүчтү эки тарабынан басып жана сыртка тартып, чыгарыңыз (схеманы кара). Бөлүштүргүчтү жылуу суу менен жуунуз. Бул операция үзгултуксүз аткарылышы керек.
Люкка жана барабанга кам көрүү
- Кир жуугуч машинаны пайдалангандан кийин барабанда жагымсыз жыттардын пайда болуусунан алыс болуу үчүн люкту жарым ачык калтыруу керек.
Соркыскычка кам көрүү
Кир жуугуч машина техникалык тейлёөге муктаж болбогон, өзүн өзү тазалоочу соркыскыч менен жабдылган. Ошентсе дагы майда предметтер тыйын, топчу) төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан, соркыскычты сактоочу каптоочко түшүп кетиши мүмкүн.
! Кир жуу циклы аяктаганын текшериниз жана штепселдик айрыны тармактык розеткадан суурунуз.
Каптоочко жетүү үчүн:

- кир жуугуч машинанын алдыңкы панелин бурагычтын жардамы менен алыңыз (схеманы кара);

-
капкакты saat жебесине каршы бурап, аны ачыңыз (схеманы кара):бир аз суунун агышы нормалдуу керүнүш болуп саналат;
-
каптоочтун ичин жакшылап тазалаңыз;
- капкакты ордуна бураңыз;
- алдыңы панелди машинага бекитүү алдында илмектери тийиштүү илгичтерге киргенин текшерип, аны ордуна орнотунуз.
Суу түтүк ийкем түтүгүн текшерүү
Жылына бир жолудан көп эмес суу берүү ийкем түтүгүн текшериңиз. Ийкем түтүктүн жараңкаларын же айрылууларын аныктаганда аны алмаштырыңыз: кир жуу процессинде суу түтүгүндегү катуу басым ийкем түтүктүн капилет ажырап калуусуна алып келиши мүмкүн.
! Эч качан таңгагы жок ийкем түтүктөрдү пайдаланбаныз.
! Кир жуугуч машина коопсуздук боюнча эл аралык нормативдерге ылайык долбоорлонгон жана даярдалган. Сиздин коопсуздугунуз максатында түзүлгөн ушул эскертүүлөрдү көңүл коюп окуу керек.
Коопсуздукка карата жалпы талаптар
- Бул шайман үйде колдонууга гана арналган.
- Бул шайманды 8 жаштағы жана андан улуу балдар, ошондой эле дене-боюндагы, сенсордук же менталдык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кишилер же тажрыйбасы же билими жетишпегендер шайманды коопсуз колдонуу тууралуу көзөмөл же үйрөтүү менен жана анын коркунучтарын билгенде урунса болот. Балдар бул шайман менен ойнобосун, Балдар көземөлсүз аны тазалап же тейлебеши керек.
– Жуулбаган буюмарды тонгочук кургаткычта кургатпаңыз.
– Тамак жасаган май, алкоголь, бензин, керосин, так кетиргич, скипидар, мом жана мом кетиргичтер сьяктуу заттар менен булганган буюмдарды тонгочук кургаткычта кургатардан мурда ысык сууда детергенттин кошумча елчему менен жууш керек.
– кёбуктүү резина (латекс көбүгү), чайынма топусу, суу өткөрбөгөн текстиль, резина менен ичителген нерселер жана кийим же кёбуктүү резина менен толтурулган ичтүү жаздыктарды тоңгочук кургаткычта кургатпаш керек.
– Кездеме жумшарткыч же ошол сыяктуу өнүмдөр кездеме жумшарткычтын нускамасында көрсетулгөндөй колдонулушу керек.
– Буюмдар зынга учурабагашын камсыз кылган температурада чыгарылышын мумкүн кылуу үчүн тонкочук кургаткыч циклинин ақырқы бөлүгү ысытуусуз болот (суутуу цикли). ЭСКЕРТУУ: Ысык тарап кетиши үчүн буюмдар бат алып чығылып, жайылбаса, эч качан тонгочук кургаткычты кургатуу цикли аяктай электе токтотпонуз.
- Жылаңайлак жүрсөңүз же колунуз же бутунуз суу болсо, эч качан шайманга тийбениз.
- Шайманды электр ажырымынан сууруп жатканда эч качан кубет жеткируу кабелинен тартпаңыз. Айрыны кармал тартыңыз.
- Шайман иштеп жатканда детергент диспенсеринин суурмасын ачпаңыз.
- Агынды суу етө жогорку температураларга жетиши мүмкүн болгондуктан, ага тийбеңиз.
• Тегерек эшикти эч качан күчкө салбаныз. Бул кокустан ачылып кетүүгө жол бербегенге арналган коопсуздук кулпу механизмине доо келтириши мүмкүн.
- Шайман бузулуп калса, эч бир учурда аны өзүм ондойм деп анын ички механизмдерине тийбеңиз.
- Шайман иштеп жатканда балдарды ага жетпегендей алыс кармаңыз.
- Жуу цикли учурунда эшик абдан ысык болушу мүмкүн.
- Шайманды жылдырыш керек болсо, эки же ўч киши чогулуп, аны большунча этияттал кетөргүле. Аны эч качан жалгыз жасайм деп аракет кылбаныз, себеби шайман ете оор.
- Жуулчу кирди жуугуч-кургаткычтын ичине салардан мурда тегеренме көндөй бош экенин текшериңиз.
- Кургатуу фазасында эшик кыйла ысууга дуушар болот.
- Шайманды көбуктуү резина же ошол сыяктуу эластомерлерди кургатканга колдонбонуз.
- Кургатуу циклдер учурунда суу краны ачык экенин текшериниз.
• 3 жашка чыга элект балдарды же шаймандан алыс кармап, же көз алдынан чыгарбаш керек.
- Чентектөрден жарык кылгыч жана ширенке сыяктуу нерселердин баарын чыгарыңыз.
Утилизациялоо
- Таңгактоо материалдарын жок кылуу: таңгактоо материалдарын кайталап пайдалануу максатында жергиликтүү нормативдерди сактаңыз.
- Электрондук жана электр приборлорду утилизациялоого тиешелүү 2012/19/eU Европа Директивасына ылайык, электр приборлорду кадимки шаар таштандысы менен чогуу ыргытылбашы керек. Иштебей калган приборлор аларды утилизациялоону жана алардын курамдык материалдарынын рекуперациясын оптималдаштыруу учүн, ошондой эле курчап турган чөйренүн жана ден соолуктун коопсуздугу учүн өзүнчө топтолушу керек. Бардык приборлордо боло турган "чийилген таштанды челегинин" символу аларды өзүнчө утилизациялоо жөнүндө эскерткич катары кызмат кылат.
Тиричилик электр приборлорун туура утилизациялоо жөнудө кеңри маалымат алуу үчүн пайдалануучулар атайын мамлекеттик уюмга же дүкөнге кайрыла алышат.
Сактоо жана ташуу шарттары
• Таңгакталған кир жуугуч машинаны табигый желдетүүсү бар жабык жайларда 80%дан көп эмес салыштырмалуу нымдуулукта сактоо керек. Эгерде машина узак убакыт пайдаланылбаса жана жылытылбаган жайда сактала турган болсо, машинаны суудан толук ечүруү керек. Машинаны ташуу алдында кир жуугуч машинанын багынын бузулушуна жол бербөө учүн, тыгыны менен транспорттук бурамаларды орнотуу керек. Машинаны жабык машинанын бардык түру менен, аны бекем бекитип жумушчу абалында (вертикалдуу) ташуу керек. Кир жуугуч машинаны жуктөө-түшүрүү иштеринде урунууга кабылтууга ТЫЮУ САЛЫНАТ.
Кир жуугуч машинаны сүрөттөө
KGZ

Жуугуч заттар учүн чөнөкчөлөр: жуугуч заттарды жана кошулмаларды жүктөө учүн ("Жуугуч заттар жана кир кийимдин түрлөру" кара.).
Нускамалар: жуугуч каражаттардын дозаторунун ичинде бардык программалар учун нускамалар, ошондой эле дозатордун айрым ченекчелерун пайдалануу боюнча графикалык нускамалар бар.
ON/OFF баскычы ⚫ машинаны куйгузүү же өчүрүү үчүн бул баскычты тез басыңыз. Сейрек жашыл тус менен бүлбулдеген, ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ индикатору машина күйгузүлгенүн тушундүрет. Кир жуу процессинде кир жуугуч машинаны өчүрүү үчүн баскычты болжол менен 3 секунд басып кармап туруу керек. Кыска же капысынан басып алуу машинаны өчүрүүгө алып келбейт. Машинаны кир жуу процессинде өчүрүү үчурунда учурдагы цикл токтотулат.
ПРОГРАММАЛАРДЫ ТАНДОО баскычы: керектүү программаны тандоо үчүн кызмат кылат ("Программалардын таблицасын" кара).
КОШУМЧА ФУНКЦИЯЛАР баскычы: кошумча функцияларды тандоо учун кызмат кылат. Дисплейде тийиштүү индикатор куйет.
АВТО-ТАЗАЛОО баскычы: машинанын ички белуктерүн тазалоону ишке ашыруу үчүн басыңыз ("Кир жуугуч машинага кам көрүүну" кара.)
АЛДЫН АЛА АРАЛАШТЫРУУ баскычы: АЛДЫН АЛА АРАЛАШТЫРУУ функциясын тандоону шарттайт.
МУЛЬТИ-ЧАЙКОО баскычы файкоонун керектуу режимин тандоо учун басуу керек.
СЫГУУ баскычы 🌐 сыгуунун ылдамдыгын кыскартуу же толук жокко чыгаруу учүн бул баскычты басыңыз – мааниси дисплейде керсетулет.
ТЕМПЕРАТУРА баскычы температуранын маанисин азайтуу учун бул баскычты басыңыз: мааниси дисплейге чыгарылат.
КУРГАТУУ баскычы-Скургатуунун узактыгын кыскартуу же жокко чыгаруу учун басыңыз; тандалган режим жана кургатуунун узактыгы дисплейде көрсөтулет.
КУРГАТУУ ГАНА баскычы: кургатуу циклин гана иштетүү үчүн басыңыз.
БАСКЫЧТАРДЫ ТОСМОЛООН-башкаруу
консолун тосмолоону күйгүзүү учүн баскычты болжол менен 2 секунд аралыгында басып кармал турунуз. Дисплейде "KEY LOCK ON" (БАСКЫЧТАРДЫ ТОСМОЛОО КУЙГУЗУЛДУ) жазуусунун чагылдырыллышы башкаруу панели тосмолонгонун тушундүрет (ON/OFF баскычынан тышкары). Мындай жол менен программа капыстан, езгече үйде балдар болгондо өзгөртулүшу мүмкүн эмес. Башкаруу консолун тосмолоону өчүрүү учүн баскычты болжол менен 2 секунд аралыгында басып кармал турунуз.
ИШТЕТУУНУН КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУ баскычы

: тандалган программаны иштетүүнү кармоо убактысын программалоо учун бул баскычты басыңыз. Кармоо убактысы дисплейде көрсетүлет.
ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ индикатор менен баскыч: жашыл индикатор сейрек булбулдегөнде, кир жуу циклын иштетүү учүн баскычты басыңыз. Циклды иштеткенден кийин индикатор булбулдөбөй калат. Кир жууну токтотуу учүн кайрадан бул баскычты басыңыз; индикатор кызгыл сары түс менен күйөт. Эгерде символу күйбөсө, машинанын люгун ачууга болот. Кир жууну ал токтотулган учурдан тартып улантуу учүн, кайрадан бул баскычты басыңыз.
Кутуу режими
Бул кир жуугуч машина электр энергиясын үнөмдөө боюнча жаңы нормативдердин талаптарына жооп берет, машина 30 мүнөт тургандан кийин күйө турган, автоматтык түрдө өчүү тутуму (энергияны сактоо режими) менен себилденген. ON/OFF баскычын бир жолу басыңыз жана машина кайра күйгөнче күте турунуз. Өчук абалда сарптоо: 0,5 Вт Калтырып койгондо сарптоо: 8 Вт

Дисплей машинаны программалоо учүн кызмат кылат жана пайдалануучуга көптөгөн маалыматтарды берет.
А аймагында булар пайда болот: суретчё жана программа тандалган, жуу жана кургатуу баскычтары жана цикп аяктаганча калган убакыт.
В тарабында интенсивдүүлуктүн эки деңгээли, тийиштүү АЛДЫН АЛА АРАЛАШТЫРУУ опциялары көрунет.
С тарабында жеткиликтүү функцияларга ылайык келүүчү жарык индикаторлору жайгашкан.
D сабында эгерде КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛГАН ИШТЕТУУ тапшырылса, тандалган программаны иштетуге чейинки убакыт көрсетулёт.
Е сабында машина тандалган программага жараша аткара ала турган, сыгуу ылдамдыгынын максимальдуу мааниси көрсетулет. Эгерде программа центрифуганы активдештируүнү карабаса, панелде күңүрт түс менен “- -“ символу чагылдырылат.
F сабында тандалган программага жараша тандоого боло турган температуранын максимальдуу мааниси керсетулёт; эгерде тандалган программа температураны тескөөну карабаса, панелде күңүрт түс менен “- -” символу чагылдырылат.
Куйгөн символ люкту тосмолоону түшүндүрет. Люкту ачуунун алдында бузулуулардан алыс болуу учүн, символ өчкөнге чейин күте туруу керек. ЭСКЕРТУУ: Эгерде КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛГАН ИШТЕТУУ функциясы күйгузүлсе, люкту ачууга болбойт. Бул учүн машинаны ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен тыныгуу режимине которую керек.
! Машинаны биринчи жолу күйгүзүүдө тилди тандоо талап кылынат жана дисплей автоматтык түрдө тилди тандоо менюсунун бетин көрсетөт.
Керектуу тилди тандоо учун X жана Y баскычтарын басыңыз, тандоону ырастоо учун Z баскычын басыңыз. Эгерде тилди алмаштыруу талап кылынса, машинаны өчүруңүз, G, H, I баскычтарын бир убакта басыңыз үн сигналына чейин куте туруңуз, тилди тандоо менюсу ачылат.
! Эгерде сиз алдын ала белгилёв боюнча жогорку деңгээлде орнотулган дисплейдин жарыктандыруу интенсивдүүлүгүн езгөртуүнү кааласаңыз, машинаны ечүруңүз, бир убакта G, L, M баскычтарын үн сигналына чейин басыңыз. Ачыктыктын каалаган деңгээлин тандоо үчүн X жана Y баскычтарын басыңыз, тандоону ырастоо үчүн Z баскычын басыңыз.
! Эгерде кир жуу циклы же тапшырылган КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРЫЛГАН ИШТЕТУУ убагында дисплей тарабынан 1 мунёт аралыгында эч кандай аракеттер аткарылбаса, "ЭКРАН САКТАГЫЧЫ" функциясы активдеште. Дисплейдин мурдагы терезесине кайтуу учүн каалаган баскычты басуу жетиштүү.
Жуу циклин же кургатуу циклин кантип иштетиш керек
KGZ
- МАШИНАНЫ КУЙГУЗУУ ТАРТИБИ , фаскычын басыныз; ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ индикатору сейрек жашыл тус менен булбулдейт.
- КИРДИ ЖУКТЭО. Машинанын люгун ачыңыз. Кийинки беттеги программалардын таблицаасында көрсетулген, максималдуу уруксат берилген салмактан ашырбай, барабанга кир кийимди жуктөңуз.
- ЖУУГУЧ ЗАТТАРДЫ ДОЗАЛОО. Дозаторду чыгарыңыз жана "Жуугуч заттар жана кирдин турлерү" белумундө сүреттелгөндөй, жуугуч каражатты атайын ченекчелерге салыңыз.
- ЛЮКТУ ЖАБЫНЫЗ.
- ПРОГРАММАНЫ ТАНДОО. Керектуу программаны тандо о үчүн ПРО ГРАМ М'А ЛА РДЫ ТАН ДО О баскычтарынын бирин басыңыз. Программанын аталышы дисплейде пайда болот. Программа менен бирге эзгертулушу мүмкүн болгон, температура жана сыгуу ылдамдығы көрсетулет. Дисплейде бул циклдын узактығы көрсетулет.
- КИР ЖУУ ЦИКЛЫН ПЕРСОНАЛДАШТЫРУУ. Тийиштүү баскычтарды басыңыз:
емператураны жана/же сыгуу ылдамдыгын өзгөртүү тартиби. Машина автоматтык түрде тандалган программа үчүн каралган максимальдуу температураны жана сыгуу ылдамдыгын белгилейт, бул маанилер көбөйтүлүшу мүмкүн эмесібаскычынын жардамы менен температураны муздак сууда жууганга чейин ақырындых менен азайтууга болот (Дисплейде “--” символу күйөт) баскычынын жардамы менен сыгуу ылдамдыгын аңы жокко чыгарууга чейин ақырындых менен азайтууга болот (Дисплейде “--” символу күйөт). Бул баскычтарга дагы бир жолу басууда максимальдуу уруксат берилген маанилер кайтып келет.
! Артыкчылык: 5-программаны тандоодо температура 40° чейин көбөйтүлүшу мүмкүн.
! Артыкчылык: 7-программаны тандоодо температура 90° чейин көбөйтүлүшу мүмкүн.
! Артыкчылык: 9-программаны тандоодо температура 60° чейин көбөйтүлүшү мүмкүн.
Иштетүүнү кармоону программалоо.
Гандалган программаны иштетүүну кармоону программалоо учүн кармоонун керектүү маанисин алганга чейин тийиштүү баскычты басыңыз. Иштетүүну кармоону токтотуу учүн баскычты дисплейде “-- h” жазуусу пайда болгонго чейин басыңыз.
Кургатуу циклин койуу.
Каалаган кургатуу циклин КУРГАТУУ топчусун бир же бир нече жолу басуу менен койсо болот. Эки тандоо мумкун:
А - Кийим кургатылгандан кийин ал канчалык ным болгонуна негизделген:
Утук: жуугандан кийин утуктеөге муктаж кийимге ылайыктуу. калган нымдуулук бырыштарды жумшартып, кетируүгө оной кылат.
Илгич: толук кургатууга муктаж эмес кийимге жарайт.
Шкаф: үтүктөбөй элё шкафка салса боло турган буюмдарга ылайыктуу.
Экстра: спонж же махер халат сыяктуу толук кургатууну талап кылган кийимге ылайыктуу.
В - Убакыт аралыгына негизделген: 30 - 180 мүнет ортосу.
Кургатуу баскычын кошпoo үчүн тиешелүү топчуну дисплейде OFF чыкканча басыныз.
Жууп-кургатчу кириниз жол берилген максимальдуу жуктен кыйла көп болсо, жуу циклин аткарып туруп, ал аяктаганда кийимдерди топ-топ кылып бөлүп, айрымдарын кайра көндөйге салыңыз. Бул жерде
"Кургатуу гана" цикли учүн берилген нускамаларды аткарыңыз. Жуктун акырына чейин бул процедураны кайталаныз. Ар бир кургатуу циклинин аягына ар дайым суутуу убактысы кошулат.
Кургатуу гана
Кургатууну гана аткаруу учун -баскычын басыныз. Кийимдин түруне вылайык келген керектүү программаны тандап -баскычын басууда кр жуу жокко чыгарылат жана тандалган программа менен каралган максималдуу денгээлде кургатуу активдешет. -баскычынын жардамы менен убакыт боюнча же нымдуулук деңгээли
боюнча кургатууну өзгөртүүге же тапшырууга болот (1-2-3-4 жана 14-программалар менен шайкеш келбейт).
Кантип чайкоо режимин тапшырууга болот.
Кошумча ул.уфункция сезгич тери учун чайкоонун керектуу режимин тандоону шарттайт. Баскычты биринчи жолу басууда "Extra +1" (Кошумча чайкоо +1) режими тапшырылат, ал жуугуч заттын калдыктарын кетируу учун, чайкоонун стандарттуу циклынан тышкары кошумча чайкоону тандоону шарттайт. Баскычты басууга жараша чайкоонун стандарттуу циклынан тышкары чайкоонун кошумча режимин тандоону шарттаган, "Extra +2" (Кошумча чайкоо+2) режими тапшырылат, бул сезгич тери учун сунушталат. Баскычты учунчу жолу басууда стандарттуу циклдын чайкоосуна кошумча 3 чайкоону тандоону шарттаган, "Extra +3" (Кошумча чайкоо+ 3), режими тапшырылат. Эгерде бул кошумча функция 40°C температурасы менен программаларда активдешсе, ал мышыктын жана иттин жуну жана чан сьяктуу негизги аллергендерди кетирууну шарттайт, 40°Cстан жогору температурадагы программаларда аллергенден коргоонун мыкты деңгээлине жетишилет. "Normal rinse" (Жөнекөй чайкоо) режимине кайтуу учун баскычты кайра басыныз. Эгерде бул тескеену тапшыруу же езгөртүү мүмкүн эмес болсо, дисплейде "No Selection" (ТАНДАЛГАН ЭМЕС) же "No Change" (ЭЗГОРРУУСУЗ) чагылдырылат.
Циклдын параметрлерин өзгөртүү.
• Функцияны куйгузүү үчүн баскычты басыңыз; Дисплейде тийиштүү жарык индикатору куйөт.
- Функцияны өчүрүү үчүн баскычты кайра басыңыз; Дисплейде тийиштүү жарык индикатору өчет.
! Эгерде тандалган функция тапшырылган программа менен шайкеш келбесе, күнурт түс менен тийиштуү жарык индикатору булбүлдейт, мындан тышкары мындай шайкеш келбестик жөнүндө үн сигналы (3 сигнал) эскертет, ал эми дисплейде "No Selection" (ТАНДАЛГАН ЭМЕС) жазуусу пайда болот.
! Эгерде тандалган функций башка, мурда тапшырылган кошумча функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса, дисплейде "No Selection" (ТАНДАЛГАН ЭМЕС) жазуусу пайда болот, функцияны активдештируу мумкун болбойт.
! Кошумча функциялар машинанын сунушталган жуктөмун жана/же циклдын узактыгын езгөрте алат.
-
ПРОГРАММАНЫ ИШТЕТУУ. ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз: Тийиштүү индикатор жашыл түс менен күйет жана люк тосмолоодон чыгарылат (ЛЮК ТОСМОЛОНДУ 📁 символу күйет). Циклды аткаруу процессинде программаны езгертүү учүн машинаны ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ баскычынын жардамы менен тыныгуу режимине которуюуз (ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ баскычы кызгыл сары түс менен сейрек булбулдейт). Андан кийин жаны циклды тандаңыз жана кайрадан ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. Эгерде циклды иштеткенден кийин люкту ачуу талап кылынса, ИШТЕТУУ/ ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз. ЛЮК ТОСМОЛОНДУ 📁 индикатору ечкенден кийин люкту ачууга болот. Программаны ал токтотулган учурдан тартып улантуу учун кайрадан ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ баскычын басыңыз.
-
ПРОГРАММАНЫ АЯКТОО. Дисплейде «ЦИКЛДЫН АЯГЫ» билди руусу менен көрсетулет. Л ЮК ТОСМОЛОНДУ 🚫 символу өчүрулгенден кийин, люкту ачууга болот. Люкту ачиызы, кирди алыңыз жана машинаны өчүрунуз.
! Иштетилген циклды токтотуу талап кылынса, баскычын бир нече секунд басып кармап турунуз. Цикл токтойт жана машина өчет.
Кир жуугуч машина «Direct Injection» алдын ала аралаштыруу жаны технологиясы менен жабдылган, ал кир жуунун биринчи мунетүнен тартып сууну жуугуч каражат менен аралаштырат, аны активдүү мусска айландырат жана анын тазалоочу касиеттерин көз ирмемде активдештирет. Активдүү мусс кир жуугуч машинанын барабанына берилет жана теменку температурада синип калган кирлерди кетируүу менен, кездеменин буласына натыйжалуу кирет, мында кездемени жана анын түсүн сактайт. "Power" (НАТЫЙЖАЛУУЛУК) режими кир жуунун жакшы жыйынтыгына жетүү учүн, "Eco Energy" (ЭНЕРГИЯНЫ УНЁМДЁЭ) режими электр энергиясын керектеену темендетүү учүн жарайт.
Программалардын таблицасы
| Жуу циклдери | Жуу циклинин сүрөттөлүшү | Макс. темп.(°C) | Макс.ылдамдык(айлануу/мүн) | Кургатуу | Детергенттер | Макс. жук (кг) | Циклдин | |
| Жуу | Кездемежумшарткыч | |||||||
| ANTI CREASE | Жуу циклинин узактын дисплейден текшерсе болот. | |||||||
| 1 | Күнүмдүк аралаш Жуу-Кургатуу | 40° 800 | ● | ● ● | 3 | |||
| 2 | Көйнөк-футболка | 40° 1000 | ● | ● ● | 2 | |||
| 3 | Утүктөө алдында | - | - | - | - | - | 1,5 | |
| 4 | Буу менен сергитүү | - | - | - | - | - | 2 | |
| DAILY CLEAN | ||||||||
| 5 | Такка каршы Турбо 45' | 20°(Макс. 40°C) | 1200 | ● | ● ● | 4 | ||
| 6 | Такка каршы Кубат 20°C | 20° 1400 | ● | ● ● | 9 | |||
| 7 | Пахта: жеңил кирдеген туруктуу жана назик өндүү кийим. | 40°(Макс. 90°C) | 1400 | ● | ● ● | 9 | ||
| 8 | Эко Пахта (1-2): катуу кирдеген ак жана туруктуу өндүү кийим. | 60° 1400 | ● | ● ● | 9 | |||
| 9 | Синтетика (3): жеңил кирдеген туруктуу өндүү кийим. | 40°(Макс. 60°C) | 1000 | ● | ● ● | 4,5 | ||
| SPECIALS | ||||||||
| 10 | Мульти Өң | 40° 1400 | ● | ● ● | 9 | |||
| 11 | Ультра Назик | 30° | -- | ● | ● ● | 1 | ||
| 12 | Жүн: жүн, кашемир ж.у.с. үчүн | 40° 800 | ● | ● ● | 2 | |||
| 13 | Спорт | 40° 600 | ● | ● ● | 4 | |||
| 14 | Бат 30' (**): жеңил кирдеген кийимди бат сергитүү үчүн (жүн, жибек жана колго жууну талап кылган кийимдерге жарабайт). | 30° 800 | ● | ● ● | 3,5 | |||
| Жарым-жартылай программалар | ||||||||
| Чайкоо | - | 1400 | ● | - | ● | 9 | ||
| Тегеренүү + Түртүү | - | 1400 | ● | - | - | 9 | ||
| Түртүү гана * | - | -- | - | - | - | 9 | ||
* Программа тандап, 📋 тегеренуу циклин алып салсаңыз, шайман сууну гана агызат.
** Кургатуу цикли да программага коюлса, шайман максимальдуу тегеренуы вылдамдығы жана 1кг кир жүгү менен 45' узактыктагы "жүү+кургатуу" программасын койот.
Дисплейде же бул буклетте керсәтулген цикл узундугу – болжолдуу гана жана стандарттуу иштөө шарттарын эске алып саналган. Иш жузунdegу узактык суу температурасы жана басымы, колдонулазен детергент вччёму, салынган кирдин вччёму жана тиби, жуктун тең салмактанышы жана тандагалан кайсы болбосун жжу тандоолору сыяктуу факторлорго жараша айырмаланат.
1) Жуу циклин EN 50229 регламентине ылайык текшерициз: 60°C температурасы менен 8-жуу циклин коюнуз.
2) Пахта учун узун жуу цикли: 40°C температурада 8-программаны коп, "Power" (НАТЫЙЖАЛУУЛУК) абалындагы DIRECT INJECTION/ТУЗ КУЙУУ топчусун басыңыз.
3) Синтетика үчүн узун жуу цикли: 40°C температура менен 9-жуу циклин коюнуз.
Кир жуу функциялары
! Эгерде тандалган функция тапшырылган программа менен шайкеш келбесе, күнүрт түс менен тийиштүү жарык индикатору булбүлдейт, мындан тышкары мындай шайкеш келбестик жөнунде үн сигналы (3 сигнал) эскертет, ал эми дисплейде "No Selection" (ТАНДАЛГАН ЭМЕС) жазуусу пайда болот.
! Эгерде тандалган функция башка, мурда тапшырылган кошумча функция менен шайкеш келбей турган болуп саналса, дисплейде "No Selection" (ТАНДАЛГАН ЭМЕС) жазуусу пайда болот, функцияны активдештируу мумкун болбойт.

Буу Гигиенасы
Бул тандоо ошол эле учурда иштетип булалардан кандай болбосун бактерияларды кетируүү учүн жуу цикли учурунда буу чыгаруу менен жуунун өндүрүмдүүүлүгүн жакшыртат. Жуулчу кирди тоголок көндөйге салып, шайкеш программаны тандаңыз да, тандоону ылгаңыз
! Кир жуугуч иштеп жатканда пайда болгон буу тегерек эшик мунарыктап калышына алып келиши мүмкүн.
Жуугуч заттар жана кирдин түрлөру
KGZ
Жуугандын жакшы натыйжа бериши детергенттин туура дозасына да көз каранды: детергентти өтө көп кошуу сөзсүз жакшыраак жууганга алып келбейт, ал эмес шайманыңыздын ичинде кебээр топтолушуна алып келиши мүмкүн жана жаратылыштын булганышына салым кошот.
! Ак пахта кийим, алдын ала чылоо жана 60°C-ден ашык температурада жуу үчүн күлмайда детергент колдонунуз.! Детергенттин таңгагында берилген нускамаларды аткарыңыз.
! Колго жуу детергенттерин колдонбонуз, себеби алар ашыкча көбүрөт.

Детергент диспенсеринин суурмасын ачып, детергент же жууганга кошулманы выдыйкыдай салыңыз.
1-бөлүм: Жуу цикли учүн детергент (кулмайда же суюк) Суюк детергент
колдонулса, туура дозалоо учун (таңгактагы) алып салма пластик А ченегичин колдонуу сунушталат. Кулмайда детергентин колдонсонуз, ченегичти В кезөнөгүнө коюнуз.
2-бөлүм: Кошулмалар (кездеме жумшарткычтар ж.у.с.) Кездеме жумшарткыч тордон ашпашы керек.
Жуулчу кирди даярдоо
• Жуулчу кирди буларга карай бөлүнүз:
- кездеме тиби/энбелгидеги символ
- өндөр: гүлдүү кийимдерди актардан ажыратыңыз.
- Кийимдердин чөнтөктөрүнүн баарын бошотуп, топчуларын текшериңиз.
- Жуулчу кирдин кургак кезиндеги салмагына тиешелүү тизмедеги нарктардан ашырбаңыз: "Жуу циклдер жадыбалын" караңыз.
Жуучу кирициздин салмагы канча?
1 шейшел 400 - 500 г
1 жаздык тыш 150-200 г
1 дасторкон 400-500 г
1 махер халат 900-1200 г
1 сүлгү 150-250 г
Атайын жуу циклдери
Күнүмдүк аралаш Жүү-Кургатуу: аралаш (пахта жана синтетика) кийимдерди жууп-кургатканга 1-программаны колдонунуз. Бул циклди 3 кгга чейинки жүктү жууп-кургатканга колдонсо болот: суюк детергент колдонууну сунуштайбыз. Бул программада бууну колдонуу кийимдерде бырыштардын пайда болушун азайтканга ылайыкталып, аларды утүктөөнү жецилдетет. Кейнөк-футболка: максимальдуу кам көрүүнү камсыз ылууү учүн ар кандай кездеме жана өндөрдөгү кейнөк-футболкаларды жууп-кургатканга 2-программаны колдонунуз. Бул циклди 2 кгга чейинки жүктөрдү жууп-кургатканга колдонсо болот. Оптималдуу натыйжаларга жетиш учүн суюк детергент колдонунуз жана жака-жеңдерди жана тактарды алдын ала иштетиңиз. Бул программада бууну колдонуу кийимдерде бырыштардын пайда болушун азайтканга ылайыкталып, аларды утүктөөнү жецилдетет.
Утуктөө алдында: бул программаны үтуктөөнүн алдында колдонунуз; максимальдуу жук 1,5 кг. Бул программада бууну колдонуу кийимдерде бырыштардын пайда болушун азайтканга ылайыкталып, аларды үтуктөөнү жецилдетет. Буу менен сергитүү: тоголонмо көндөйдүн ичине буу багыттоо менен кийимдерди сергитип, жагымсыз жыттарды кетируү жана булаларды бошотуу үчүн. Цикл аяктаганда кийим ным болот.
Такка каршы Турбо 45': бул цикл ал эмес 20°C менен да болгону 45 мунетте мыкты так кетируу жендемун камсыз крылат. Бул циклдин температурасын 40°C-ге чейин кебейтсе болот.
Такка каршы Кубат 20°C: бул программа төмөнку температураларда алдын ала иштетүүнү талап кылбастан мыкты так кетируүү жөндөмүн камсыз кылып, кездемелерди жана өндөрдү ошо бойдон калтырат.
Мульти Өң: гүлдүү пахта кийимдерди жуу үчүн. Бул программа ал эмес кайра-кайра жуугандан кийин да өндөр ошо бойдон калышына ылайыкталган.
Ультра Назик: жылтырак-жултурактары бар абдан назик кийимдерди жууганга 11-программаны колдонунуз. Назик буюмдарды жууганга кийимдерди антарып, майда бөлуктөрүн атайын баштыкка салууну сунуштайбыз. Мыкты натыйжа учүн назик кийимдерге суюк детергент колдонунуз.
Өзгөче убакытка негизделген кургатуу функциясын тандаганда кургатуу цикли жецил иштетүү жана суу берүүнүн тиешелүү температура көзөмөлүнүн аркасында жетишилген айрыкча назик жуу циклининаягында аткарылат.
Сунушталган узактыктар:
1 кг синтетика кийим --> 165 мүн
1 кг синтетика жана пахта кийим --> 180 мүн
1 кг пахта кийим --> 180 мүн
Канчалык кургак болору жук жана кездеменин курамына жараша болот.
Жүн - Woolmark (жүн) Кийимге кам көрүү - Жашыл:
бул шаймандын жунду жуу цикли Woolmark компаниясы тарабынан "колго жуу" эндүү жүн кийими жууганга жарайт деп таанылган, ан учүн буюмдарды кийим эниндеги жана ушул жуугуч-кургаткычтын өндүруүчүсу чыгарган нускамаларга ылайык жууш
керек. (M1318)

Спорт: жецил кирдеген спорт кийимдерин (чуркоо кийимдерин, шорт, сулгу ж.у.с.) жууганга; мыкты натыйжа ўчүн "Жуу циклдер жадыбалын" көрсетүлгөн максимальдуу жүктөн ашпоону сунуштайбыз. Суюк детергент колдонуп, жарымынан жуктөгөнге жарактуу өлчөм кошууну сунуштайбыз.
Жукту тең салмактоо системи
Ашыкча дирилдөөгө жол бербөө жана жукту бир ыктай таратуу учүн ар бир айлануу циклинин алдында тоголок көндөй жуу айлануу циклиндегиден бир аз ашкан вылдамдыкта бир топко айланат. Бир нече аракеттен кийин жук туура тең салмактанбаса, шайман азайтылган тегеренүү вылдамдыгында тегеренет. Жук ашыкча эле тең салмаксыз болсо, жуугуч-кургаткыч тегеренбей, таратуу процессин аткарат. Жук жакшыраак таратылышын жана тең салмактуулукту колдоо учүн жукте кичине жана чоң кийимдер аралаш болушун сунуштайбыз.
Эгерде сиздин кир жуугуч машина иштебесе, сервистик тейлее борборуна кайрылуудан мурда (Сервистик тейлее кара.), темендегу тизмеде берилген сунуштарды сактоо менен, бузуктарды жоюуга болoorун текшериниз.
| Бузуктар: | Мүмкүн болуучу себептери / Жоюу методдору: |
| Кир жуугуч машина күйбөйт | • Штепселдик айры электр розеткасы менен кошулган эмес же түшүп калат жана байланышты камсыздабайт.• Уйде электр жок. |
| Кир жуу циклы иштебейт | • Машинаны люгу бекем жабылган эмес.• КУЙГУЗУУ/ӨЧУРУУ баскычы басылган эмес.• ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ баскычы басылган эмес.• Суу түтүк краны жабык.• Циклды иштетүүнү кармоо программаланган. |
| Жуугуч-кургаткыч суу албай жatat(дисплейге “NO WATER, Turn tap on/СУУ ЖОК, Кранды күйгүзүнүз”деп чыгат). | • Суу түтүк ийкем түтүгү кранга туташтырылган эмес.• Ийкем түтүк бүгүлүп калган.• Суу түтүк краны жабык.• Уйде суу жок.• Жетишсиз суу түтүк басымы.• ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ баскычы басылган эмес. |
| Машина тынымсыз сууну куятжана төгөт | • Суу төгүүчү ийкем түтүк полдон 65-100 см бийиктикте жайгашкан эмес(“Орнотууну” кара).• Суу төгүүчү ийкем түтүктүн учу сууга салынган (“Орнотууну” кара).• Дубалдағы суу төгүүчү тешик аба чыгаруу үчүн вантуз менен жабдылган эмес. Эгерде жогоруда саналган текшерүүлөрден кийин бузук жоюлбаса, суу түтүк кранын жабып, кир жуугуч машинаны өчүруп жана Сервистик Тейлөө Борборуна кайрылуу керек. Эгерде сиздин батир имараттын акырқы кабатында жайгашса, сифон көрүнүшү байкалышы мүмкүн, ошондуктан кир жуугуч машина сууну үзгүлтүксүз төгүүнү жана куюуну жүргүзөт. Бул аномалияны жоюу үчүн сатыкта сифон көрүнүшүне каршы атайын клапандар бар. |
| Кир жуугуч машина сууну төкпөйтжана кирди сыкпайт | • Тандалган программа сууну төгүүнү карабайт: айрым программалар үчүн кол менен төгүүнү күйгүзүү керек.• Суу төгүүчү ийкем түтүк иийилип клаган (“Орнотууну” кара).• Суу төгүүчү кубур түтүк толуп калган. |
| Кир жуугуч машина сыгуупроцессинди катуу титирейт | • Кир жуугуч машинаны орнотуу учурунда барабан туура эмес тосмолонгон (“Орнотууну” кара).• Кир жуугуч машина түз орнотулган эмес (“Орнотууну” кара).• Машина дубалдын жана эмеректин ортосунда крысылган (“Орнотууну” кара). |
| Кир жуугуч машинадан суунунагышы | • Суу түтүк ийкем түтүгү начар буралган (“Орнотууну” кара).• Жуугуч каражаттардын дозатору булганган (аны тазалоо тартибин “Техникалык тейлөө жана кам көрүү” параграфынан кара).• Суу төгүүчү ийкем түтүк начал беритилген (“Орнотууну” кара). |
| Кошумча функциялардыниндикатору жана “ИШТЕТУУ/ТЫНЫГУУ” индикаторубүлбулдейт, дисплейде аномалиякоду көрсөтүлөт (рисалы: F-01, F-..) | • Машинаны өчүрунүз жана штепселдик айрыны тармактык розеткадан суурунуз, 1 мүнөт күтө турунуз жана кайрадан машинаны күйгүзүнүз. Эгерде бузук жоюлбаса, Сервистик Тейлөө Борборуна кайрылыңыз. |
| Кир жуу процессинде өтө көпкөбүк пайда болот. | • Жуугуч каражат кир жуугуч машинада жуу үчүн жарабайт (таңгакта “кир жуугуч машинада жуу үчүн”, “кол менен жана машинада жуу үчүн” же башка көрсөтүлүшу керек).• Дозаторго ашыкча өлчөмдө жуугуч каражат салынган. |
| Кир жуугуч машина кургатпайт. | • Штепселдик айры электр розеткасын менен кошулган эмес же түшүп калып жана байланышты камсыздабайт• Уйде электр өчүрулгөн• Машинанын люгу жакшы жабылган эмес• Циклды иштетүүнү кийинкие ге калтыруу программаланган.• КУРГАТУУ жөндөгүчү OFF. абалында турат. |
Биз өз сатып алуучуларыбыз жөнүндө кам көрөбүз жана сервистик тейлөөнү сапаттуу кылууга аракет кылабыз. Сиздин техника менен мамилеңиз жөнөкөй жана жагымдуу болушу учүн, биз продукттарды туруктуу өркүндөтөбүз.
Техникага кам көрүү
Пайдалануу мөөнөтүн узартыңыз жана техниканын бузулуу мүмкүндүгүн төмөндөтүңүз.
Сиздин тиричилик техникага жөнөкөй, натыйжалуу жана оцой кам көрүү учүн Indesit Professional компаниясынан техникага кам көрүү учүн кесипкөй каражаттарды пайдаланыңыз.
Indesit Professional продукттары сапат, экология жана пайдалануунун коопсуздугу жаатында жогорку европейык стандарттарды сактоо менен Италияда өндүрулүгөн жана техниканы өндүруүчүнүн көп жылдык тажрыйбасын эске алуу менен түзүлгөн. Кеңри маалыматты www.hotpoint-ariston.com сайтындагы "Сервис" бөлүмүнөн билиңиз жана Сиздин шаардагы дукөндөрдөн сураңыз.
Авторлоштурулган тейлее борборлору
Биздин керектеөчүлөргө жакын болуу үчүн, биз кеңири тейлөө тармагын түздүк, анын өзгөчөлүгү тейлөө мастерлеринин жогорку даярдығы, кесипкөйлүгү жана чынчылдығы болуп саналат. Бүгүнқу күндө Россиянын жана КМШ аймагында 350ге жакын тейлөө борборлору бар.
Алардын байланыштарын Сиз сервистик сертификаттан жана www.hotpoint-ariston.com сайтындагы "Сервис" белумунен таба аласыз.
Эгерде сиз сервистик борборго кайрылышыңыз керек болсо:
Көңүл бурунуз! Ондоодо түп нуска камдык бөлүктөрүн пайдаланууну талап кылыңыз.
Сервис борборуна кайрылуунун алдында:
- Сиз бузукту ез алдыңызча кетире албай турганыңызды текшериңиз ("Бузуктар жана аларды жоюунун методдорун" кара.).
- Машинанын ондугун текшерүү учүн программаны кайра иштетиңиз.
• Болбосо кепилдик талонунда көрсөтүлгөн телефон боюнча Авторлоштурулган Сервис борборуна кайрылыңыз.
! Эч качан авторлоштурулбаган сервис борборлоруна кайрылбаныз.
Сервис Кызматына кайрылганда билдиру керек:
• бузуктун түрү;
- кепилдик документинин номери (сервис китепчеси, сервис сертификаты ж.б.);
- кир жуугуч машинанын арткы панелинде жайгашкан, маалымат тактачасында көрсетүлгөн машинанын модели (Мод.) жана сервистик номери (S/N).
Башка пайдалуу маалыматтарды жана жаңылыктарды Сиз www.hotpoint-ariston.com сайтындагы "Сервис" белумүнөн таба аласыз.